Айыз алдындагы синдром

Ал эмне?

ПМС (Premenstrual syndrome), пременструалдык синдром же айыз алдындагы синдром — аялдарда этек кир башталганга чейин 5-11 күн мурун пайда болуп, ал башталганда аяктаган физиологиялык жана психологиялык симптомдор менен мүнѳздѳлгѳн абал.

Илимий кѳз караш менен алганда, ПМС — бул врач тарабынан коюлган  медициналык диагноз. Диагнозду коюш үчүн ал айыз алдындагы симптомдордун күчүн, санын жана тибин карап чыгат.

Изилдѳѳчүлѳр ПМСнун 150дѳн ашуун симптомун сыпатташат, бирок аялдардын айтуусу боюнча алардын саны кыйла аз. Кеӊири белгилүү болгондору тѳмѳнкүлѳр:

Физикалык симптомдор: сүт бездеринин сезгичтигинин жогорулашы, баш оору, ич кѳбүү, шишүү, оорулар, акне.

Жүрүм-турумдук симптомдор: уйкунун бузулушу, табиттин ѳзгѳрүшү, ойду топтоонун начарлашы, кызыгуунун жоголуусу, социалдык түнттүк.

Маанай симптомдору: кыжырдануу, маанайдын бат-бат ѳзгѳрүүсү, тынсыздануу, чыӊалуу, депрессия, ѳзүн башкара албагандай сезим.

ПМСнун симптомдорунун кайсылары кѳбүрѳѳк байкалгандыгы боюнча илимпоздордун пикирлери бири-бирине дал келбейт. Бул болсо эл аралык илимий коомчулуктун алардын классификациясы боюнча азырынча бир пикирге келе электигине байланыштуу. Ошондуктан, методологиясы менен диагностикалык критерийлерине жараша түрдүү изилдѳѳлѳр түрдүү натыйжаларды берүүдѳ.

АКШдагы сурамжылоолордун жыйынтыктарына ылайык, репродуктивдик курактагы аялдардын 90%га чейинкилеринде айыз алдындагы синдромдун жок дегенде бир симптому сѳзсүз болот. Аялдардагы симптомдор күчү, узактыгы жана жыштыгы боюнча айырмаланат.

Жѳн эле симптомдор эмес, синдромдун ѳзүнүн болуусуна байланыштуу маалыматтарга келе турган болсок, буларга маданий ѳзгѳчѳлүктѳр олуттуу таасир этиши мүмкүн. Мисалы, изилдѳѳлѳргѳ ылайык, Францияда айыз алдындагы синдромго аялдардын 12%ы, ал эми Иранда – 98%ы дуушар болот. Ошону менен бирге жалпы ѳлкѳлѳр боюнча орточо кѳрсѳткүч 47,8%ды түзгѳн.

Эгер жагымсыз симптомдор күнүмдүк жашоого тоскоолдук жараткан деӊгээлде оорлошсо, анда бул ПМС болбой калат. Бул абал - ААДБ (ПМДР) — айыз алдындагы дисфориялык бузулуу абалы деп аталат жана атайы дарыланууну талап кылат.

Изилдѳѳчүлѳрдүн баалоосуна ылайык, буга аялдардын 3-8%ы кабылышы мүмкүн. Кѳп учурда бул абалды башка бузулуулар менен, маселен, биполярдык бузулуу менен алмаштырып алышат. Мындан тышкары, айрым эмгектер ААДБга кабылган аялдарда суициддик ойлордун коркунучу жогору боло турганын да кѳрсѳтүүдѳ.

ПМС келип чыгуусунун себеби эмнеде?  

Дароо жооп берели — биз билбейбиз. Башка эч ким деле так билбейт. Окумуштуулар айыз алдындагы синдромдун механизми кандай экени жана негизи эле эмне үчүн мындай боло тургандыгына байланыштуу бир жактуу жооп бере алышпайт.

Кээ бир теорияларда айыз алдындагы синдром нормалдуу гормондук ѳзгѳрүүлѳргѳ жана нейромедиаторлордун иштѳѳсүнүн бузулушуна карата сезимталдыктын жогорулугунан улам келип чыгары болжолдонот.

Ошону менен бирге эле, ПМС симптомдорунун бир бѳлүгү депрессия үчүн типтүү болбосо да, айыз алдындагы синдрому оор ѳткѳн айрым аялдарда ачык байкалбаган депрессия болот деп эсептешет.

Корутундулап чыга турган болсок, айыз алдындагы синдромго таасир этүүчү факторлордун тизмеси тѳмѳнкүдѳй болот:

  • Биринчи фактор – гормондордун циклдик ѳзгѳрүүсү. Айыз алдындагы синдромдун белгилери менен симптомдору гормондук туруксуздук учурунда ѳзгѳрүп турат жана кош бойлуулук менен менопаузада жок болот. 
  • Экинчи фактор – мээдеги химиялык ѳзгѳрүүлѳр. ПМС симптомдору серотониндин туруксуздугун шартташы мүмкүн. Серотонин – бул биздин маанайыбыздын жаралышында негизги ролду аткарган нейромедиатор. Анын жетишсиздиги айыз алдындагы депрессияны, чарчоону, тамакка карата табиттин кѳбѳйүүсүн жана уйкуда кѳйгѳйлѳрдү пайда кылат.
  • Үчүнчү фактор - депрессия. Бул толук тизме эмес. Илимпоздор башкаларга караганда дал ушул факторлор тууралуу кѳбүрѳѳк маалымат бере алышат.

Ошондой эле, окумуштуулар аялдын ПМС жана ААДБга жакындыгын кѳрсѳтүп турган тобокел факторлорун дагы  аныктап чыгышкан. Алар:

  • психиатриялык ооруга кабылган болсо
  • генетикалык жакындык: үй-бүлѳсүндѳ айыз алдындагы дисфориялык бузулуу кѳрүнүштѳрү бар болсо
  • зыяндуу адаттар (мисалы, бир нерсеге кѳз карандылык)
  • турмушундагы стресстүү окуялар
  • 25 жаштан 35 жашка чейинки мезгил

Баарынан кызыктуусу – ПМС симптому бир гана бойго жеткен аялдарда болбойт. Айыз алдындагы синдром 13 жаштан 18 жашка чейинки ѳспүрүм кыздарда да боло турганын  изилдѳѳлѳр кѳрсѳтүп турат.

Менде ПМС симптомунун бар же жок экенин кантип билсем болот?  

«ПМС» диагнозу бейтаптын даттануулары менен физикалык симптомдордун: ич кѳбүү, эмчектердин оорушу, шишүү сыяктуу белгилердин негизинде коюлат. Адатта ПМС диагностикалоо үчүн врачтар аялдан күн сайын симптомдорду жазып туруусун ѳтүнүшѳт.

Айыз алдындагы симптомдорду билүү аялга жагымсыз сезимдер менен абалдарды жеӊилдетүүгѳ, же аларды күчѳткѳн факторлорду аныктоого жана алдын алууга жардам берет.

Тѳмѳндѳ ѳзүнүн организмине кантип байкоо жүргүзүү керек экенин айтып берген чакан нускама берилген:

  • күн сайын ѳзүнүн абалы тууралуу маалымат жазып туруу
  • циклден циклге чейинки абалдардагы вариацияларды түшүнүү үчүн бир нече этек кир циклине байкоо жүргүзүү
  • бир фаза экинчисинен кандайча айырмалана турганын салыштыруу жана түшүнүү максатында циклдин ар бир этабындагы маалыматтарды кѳзѳмѳлдѳп туруу
  • жакшы да, негативдүү да симптомдорду жазып туруу
  • жашоо контексти: стресс, оору, диета жана башкалар (цикл — ААСна таасир этүүчү жагдайлардын  бири гана) жѳнүндѳ маалымат кошуу.

Катары менен бир нече цикл бою симптомдорго байкоо жүргүзгѳн соӊ, алынган маалыматтарды анализдеп чыгууга болот.

Циклдин тигил же бул фазасы качан баштала турганын так билүү керек. Бул үчүн этек кир келип баштаган күндѳн тарта 14 күн артты кѳздѳй саналат. Овуляциядан баштап айыз башталган күнгѳ чейинки бул мезгил аралыгы болжолдуу лютеиндик фазага дал келет. Мында циклди кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн атайын ойлоп табылган ар түрдүү мобилдик тиркемелер жардам бере алат.

Мыйзам ченемдүүлүктѳрдү издештирип кѳрүү абзел: айыз алдындагы мезгилдин ичинде дайыма кандайдыр бир симптомдор пайда болобу? Же мындай симптомдор бүтүндѳй цикл боюнча бѳлүштүрүлгѳнбү? Аял киши этек киринин жакындап калганынын белгиси катары эсептеп жүргѳн маанайдын тез-тезден ѳзгѳрүп турушу чынында бүтүндѳй цикл боюнча болуп калышы ыктымал.

Андан кийин симптомдордун оордугун байкаштыруу зарыл: бул симптомдор менин жашоомо таасир эте тургандай күчтүүбү?

Бул суроолордун жооптору аялга жеке организми тууралуу кѳбүрѳѳк билүүгѳ жана конкреттүү бир аял үчүн эмне маанилүү жана эмне керек экенин түшүнүүгѳ жардам берет.

Ѳзүӊдѳ циклдин тигил же бул фазасы качан башталарын так билгенге аракет кыл. Этек кир башталган күндѳн тартып 14 күн артка карай эсепте. Овуляциядан баштап айыз башталган күнгѳ чейинки бул мезгил аралыгы болжолдуу лютеиндик фазага дал келет. Мында циклди кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн атайын ойлоп табылган ар түрдүү мобилдик тиркемелер жардам бере алат.

Мыйзам ченемдүүлүктѳрдү издештирип кѳр: айыз алдындагы мезгилдин ичинде дайыма кандайдыр бир симптомдор пайда болобу? Же мындай симптомдор бүтүндѳй цикл боюнча бѳлүштүрүлгѳнбү? Сен мурда этек кирдин жакындап калганынын белгиси катары эсептеп жүргѳн маанайдын тез-тезден ѳзгѳрүп турушу чынында бүтүндѳй цикл бою уланып турганын билгенде таӊ калышыӊ мүмкүн.

Симптомдордун оордугун байкаштырып кѳр: бул симптомдор сенин жашооӊо таасирин тийгизе тургандай күчтүүбү?

Индивидуалдуу симптомдорду кѳзѳмѳлдѳп туруу айызы келген бардык эле аялдардын жалпы жүрүм-туруму менен абалы тууралуу эмес, жеке уникалдуу организмиӊ тууралуу кѳбүрѳѳк билүүгѳ жардам берет.

ПМС симптомдору менен кантип күрѳшүүгѳ болот?

Фото: Elina Fairytale, Pexels

Айыз алдындагы симптомдорго каршы ар түрдүү жолдор менен күрѳшүүгѳ болот жана адистердин жаӊы натыйжалуу каражаттарды табуу аракеттери уланууда. 

ПМС симптомдорун жеӊилдетүүчү дары-дармектер эки багытта таасир этишет: нерв системасынын иштѳѳсүнѳ таасирин тийгизет, же болбосо овуляциянын алдын алуу менен айыз циклин ѳзгѳртѳт.

Биринчи топко кээ бир антидепрессанттар: флуоксетин, сертралин, пароксетин, эсциталопрам жана венлафаксин кирет. Алар ПМС симптомдорун жеӊилдетип, бүтүндѳй айыз циклинде да, лютеиндин фазада да колдонсо болот.

Экинчи принцип боюнча дроспиренон камтыган оралдык контрацептивдер, гормондук терапия (эстраген жана прогестаген) жана гонадотропин рилизинг-гормондун агонисттери иштейт.

Жогорудагы татаал сѳз айкашы гипофиз тарабынан иштелип чыккан жана жыныс системасын жѳнгѳ салуу менен башка гормондордун иштелип чыгуусуна таасирин тийгизген гормондордун биринин синтетикалык аналогун (ГнРГ) түшүндүрѳт. 

Бул дары-дармектерди колдонгон учурда эстрадиол менен прогестагендин деӊгээли менопаузадагыдай кѳрсѳткүчтѳргѳ чейин түшѳт, жана айыз циклинин жагымсыз тараптары бир аз жеӊилдейт. Бирок ГнРГ узак мезгил бою колдонулганда сѳѳк, жыныс жана жүрѳк-кан тамыр системасында кѳйгѳйлѳрдүн келип чыгышына жол ачат. Ошондуктан аны эстроген жана  прогестин менен бирге ичүү сунушталат.

ПМС тереӊ изилдене элек бузулуу болгондуктан, эффективдүү, илимий текшерүүдѳн ѳткѳн жана энелик бездерди алып салууга окшогон радикалдуу эмес каражаттардын тизмеси чакан эле. Ошону менен бирге эле изилдѳѳлѳр синдромдун симптомдорун бир гана таблеткалар жеӊилдетпей турганын дагы кѳрсѳтүүдѳ.

Айрым эмгектерде ААСда регулярдуу физикалык кѳнүгүүлѳр, маселен, йога жана аэробика пайдалуу экени айтылат: булар депрессия менен чарчоону басаӊдатууга жардам берет, тапты жакшыртат, ПМС жана этек кир учурундагы ооруну жеӊилдетет.

ПМС менен жабыркаган аялдарга когнитивдик жүрүм-турум терапиясы (психотерапиянын бир түрү), айрыкча жуптук терапия жакшы жардам берет. Таасири боюнча психотерапиялык курсту антидепрессанттарды пайдалануу менен салыштырууга болот, жана узак убакыт бою жүргүзүлгѳн учурда андан да жакшы, бирок натыйжага анчалык тез жетүү мүмкүн эмес.

Психотерапиянын жүрүшүндѳ аял ПМСун патология эмес, организмдин нормалдуу иштешинин натыйжасы катары кабыл алып, денесинде эмнелер болуп жатканын жакшыраак түшүнѳт  жана синдромдун симптомдору азыраак билине баштайт.  Муну менен катар эле, изилдѳѳчүлѳр ѳз алдынча иштѳѳ дагы жакшы натыйжа бере турганын белгилешет. Бул жерде аял ПМС үчүн «күнѳѳлүү эмес» экенин жана анда симптомдору байкалган учурда ал жаман болуп калбай турганын түшүнүү абдан маанилүү.

Курбуӊда/эжеӊде/сүйлѳшкѳн кызыӊда ПМС болсо эмне кылуу керек?

2011-жылы Sex Roles журналы австралиялык изилдѳѳчү айымдар башка авторлордун эмгектерин анализдеп чыгып, аялдардын ичинде айыз алдындагы синдром учурунда ѳздѳрүн кандай сезишкени, бул мезгилде ѳнѳктѳштѳрү аларга кандай мамиле кылгандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүзүшкѳн эмгекти жарыялаган.

Сурамжылоого тартылган аялдардын кѳбү ПМС жѳнүндѳ ѳздѳрү кыжырданган абалга түшкѳн, ѳтѳ сезимтал болгон жана башкаларды жактырбаган мезгил катары айтып беришкен. Алар ѳздѳрүн «чыргоо», «ачуусу чукул», «орой», «чыдамсыз», «ыйлаак», «кѳӊүлү калган» деп сыпаттаган.

Муну менен бирге, жогорудагы эмоциялардын себеби ар дайым тегерегиндеги кишилер, алардын алдындагы жоопкерчилик сезими, алардын кыймыл-аракеттери жана талаптары менен байланышканы маалым болгон. Эреже катары, кыжырдануу, ачуулануунун объектиси ѳнѳктѳштѳрү болгон.

Адатта кѳӊүл бурулбаган майда-чүйдѳ нерселер же ѳнѳктѳштүн маанисиз кемчиликтери чыр-чатактын себебине айланган: «Күйѳѳм коллекционер. Адатта анын коллекциясына эч кандай деле каршылыгым жок, бирок этек кир башталардан бир-эки күн мурун аларды алып, ыргытып жибергим келет. Эмне үчүн экенин түшүнбѳйм, бирок ушул күндѳрү аларды кѳрсѳм эле кыжырым кайнайт».

Сурамжылоого катышкан аялдардын баарында теӊ айыз алдындагы мезгилде ачуулануу сезими ѳзүн күнѳѳлѳѳ жана ѳзүн ѳзү сындоо сезимдери менен коштолгон. Себеби, алардын ою боюнча, негизсиз жинденүүдѳ бир гана ПМС күнѳѳлүү эмес. Изилдѳѳчүлѳр  гетеросексуалдуу аялдарда стресстин деӊгээли жогорураак болуу менен бирге эле, ПМС симптомдоруна туруштук берүүсү кыйыныраак болгонун аныктап чыгышкан. Бул болсо, аларга ѳнѳктѳштѳрү туура колдоо кѳрсѳтѳ албагандыгына байланыштуу болушу мүмкүн.

Иш-чарага тартылган аялдардын кѳбү алардын ѳнѳктѳштѳрүнүн ПМС мезгилинде маанайдын бат-баттан ѳзгѳрүп туруусу реалдуу нерсе экенин аӊдап, аялдарды жаман кѳрбѳй, аларды түшүнүүсүн каалаганын билдиришкен. Кѳпчүлүк аялдар ѳздѳрүнүн ѳнѳктѳштѳрү кѳйгѳй маанайга таасир этүүчү объективдүү факторлордо эмес, ѳзүн-ѳзү ишендирүүдѳ - «Мунун баары ѳзүӊдүн башыӊда» деп эсептегенин айтышкан.

Кээ бирлери болсо, ѳнѳктѳштѳрү «Бүгүн мен ким менен сүйлѳшүп жатам, шизо Элейн мененби, сексуалдуу Элейн мененби же чыргоо Элейн мененби?» деп, жагымсыз реакциялардын баарын ПМС менен байланыштырып, аларды уккусу келбегенин айтышкан. Авторлордун пикири боюнча, мындай мамиле аркылуу эркектер же кѳзѳмѳлгѳ алуу, же болбосо кѳз жумуп коюуну талап кылган коркунучтуу аял — айыз алдындагы жинди аял жѳнүндѳ негативдүү маданий элестерди жаратышат.

Негативдүү мисалдардан тышкары, аялдар ѳнѳктѳшү ПМС симптомдору менен күрѳшүүгѳ жардам берген учурларды да айтып беришкен: «Күйѳѳм жѳн гана мени кучактады, ошондо себепсиз жинденгенимди түшүндүм». Бул мезгилде аялга аны кучагына алуу, же болбосо ал үчүн жагымдуу болгон башка физикалык жана физикалык эмес түрдѳгү кѳӊүл буруулар аркылуу жардам берүүгѳ болот. Айрым аялдар үчүн ѳздѳрүнѳ кѳӊүл бурулушу абдан маанилүү, ал эми кээ бирлери жалгыз калууну каалашат.

Этек кир алдындагы ѳзгѳрүүлѳр жѳнүндѳ сүйлѳшүү ѳнѳктѳшкѳ аялды түшүнүп, ага ортоктош болууга жардам берет. Мындан тышкары,  ѳнѳктѳштүн аялга ПМС симптомдорун жеӊилдетүүгѳ жардам берген учурларды кѳрсѳткѳн башка изилдѳѳлѳр да бар. Жакын адамдын негативдүү мамилеси жана ортоктош болбоосу аялдын абалын андан да оорлотот.

ПМС жѳнүндѳ мифтер

Миф 1: ПМС аялдардын баарына бирдей терс таасир тийгизет. Аялдардын баары эле жагымсыз симптомдор менен коштолгон айыз алдындагы синдромго кабыла бербейт. Эгер аял кѳптѳгѳн ар кандай симптомдордун бирин сезип жатса — бул анда ПМС бар дегенди түшүндүрбѳйт.

Аялдын жашоосуна олуттуу терс таасирин тийгизбеген этек кир алдындагы жеӊил жана орточо интенсивдүүлүктѳгү симптомдор, медициналык кѳз караш боюнча, ПМС деп эсептелбейт.

Мындан тышкары, бардык эле аялдарда этек кир жагымсыз абалдар жана кѳрүнүштѳрдүн коштоосунда баштала бербейт. Кээ бирлери айызы келгенге чейин когнитивдик, психологиялык жана жүрүм-турумдук ѳзгѳрүүлѳргѳ туш болушат жана муну позитивдүү деп эсептешет. Кимдир-бирѳѳ энергия менен активдүүлүктүн кѳбѳйүшүн сезсе, башкаларында креативдүүлүк деӊгээли менен ѳзүнѳ карата ишеними жогорулайт. Айрымдарынын болсо сексуалдык каалоосу күчѳйт, табиятка жакындык жана башка аялдарга карата тилектештик мамилеси сезилет.

Миф 2: Аялдын этек кири жакындап калганда келип чыккан бардык негативдүү эмоциялар гормондордогу ѳзгѳрүүлѳр менен байланыштуу. Маанайга айыз циклинин фазасына караганда жалпы психикалык жана физикалык саламаттык кѳбүрѳѳк таасир тийгизет.

Мындан тышкары, адатта ПМС менен байланыштырган симптомдордун кѳпчүлүгү (баш оору, далынын оорушу, чарчоо, кыжырдануу, ыйлаактык, тынчсыздануу) стресстин физикалык белгилери менен дал келет. Кээ бир изилдѳѳлѳр ѳздѳрүндѳгү айыз алдындагы синдромдун белгилерин сыпаттаган аялдардын кѳп учурда жумушуна, мамиледеги чыӊалууларга жана башка турмуштук жагдайларга байланыштуу стресске кабылганын кѳрсѳтүүдѳ. 

Аялдын жашоосундагы стресс жана травмалуу окуялар айыз циклинин ѳзгѳрүшүнѳ таасирин тийгизгендей эле, этек кир алдындагы синдромдун симптомдоруна да таасир эте турганын эске алуу зарыл. Ошондой эле кишидеги бардык сезимдер менен эмоцияларды айыз циклине байланышкан гормондук ѳзгѳрүүгѳ шылтап, маанисиз калтырууга болбойт.

Миф 3: ПМС деген нерсе жок, бул социалдык конструкт жана жѳн гана ѳзүн ѳзү ишендирүү.  Чынында эле, илимпоздор ПМС тууралуу түшүнүктүн аялдардын акылсыздыгы жана ашкере эмоционалдуулугу жѳнүндѳгү туура эмес ойлорду бекемдеп турганынан кооптонгон эмгектер да бар. Мындай изилдѳѳлѳрдүн проблемасы - алардын үлгү тобунун чакан болгондугунда  жана ААСнун бир гана белгисин — мисалы, маанайдын ѳзгѳрүп турушун карап чыкканында.

Беделдүү медициналык уюмдар менен коомдор ААСун реалдуу кубулуш деп эсептешет. Мисалы, Америка акушерлери менен гинекологдорунун ассоциациясы (ACOG) ААСун аял социалдык, академиялык чѳйрѳдѳ же жумушта тоскоолдук жараткан жок дегенде бир аффективдик жана бир соматикалык симптомду башынан ѳткѳргѳн абал катары аныктайт. 

Мындан тышкары, окумуштуулар үчүн айыз алдындагы синдромдун так патофизиологиясы толук түшүнүктүү болбосо да, анын пайда болушунда борбордук нерв системасынын катышы бар экенин белгилешет. Айрым изилдѳѳлѳр ПМС учурунда баш мээнин таламусу менен кыртышынын ортосундагы функциялык байланыштын ѳзгѳрүшүн далилдейт.

Булак: Двор Медиа