Клиникалык психолог Любовь Черкасова кодулоонун катышуучуларынын (курмандыктын, буллинин, байкоочунун) негизги ролдорун анализдеп, конкреттүү жагдайларда эмне кылуу керек экендигин айтып берет.
Биринчи шарт: сен үчүн кодулоо катары эсептелген мамилени туура жана так туюндуруу зарыл. Мисалы, «Вася танапис учурунда мени тамашага салды» же «Петя рюкзагымды айрып салды». Ыкыластуу болуп, жагдайды сыпаттоодо ошол учурдагы сезимдериӊди ага аралаштырбоого аракет кыл.
Эсиӊде болсун! Эгер буюмдарыӊа зыян келтирилген же физикалык зомбулукка (ар кандай формада – бут тосуп чалынтуудан баштап, ур-токмокко алууга чейин) кабылган болсоӊ, сѳзсүз чоӊдорго айт. Кошпой да, кемитпей да, болгонун болгондой айтып бергенге аракет кыл. Эгер ата-энеӊ же жакындарыӊ кандайдыр бир себептерден улам буга реакция кылбаса, класс жетекчиӊе билдир, ал дагы кѳӊүл бурбаса – мектептин психологуна, завучтарга, директорго кайрыл.
Физикалык да, материалдык да зыян келтирилген учурда кабылган абалыӊдын кесепеттерин сѳзсүз сүрѳткѳ тартып ал. Бул жерде мектепте кодулоо кѳрсѳтүлгѳн учурда ѳзүӊ жана жакындарыӊ үчүн керек болгон ырааттуу кадамдар жѳнүндѳ толук маалымат бар.
Экинчи шарт: шылдыӊдоолорго же кодулоого карата ѳзүӊдүн реакцияӊды байкаштыр. Реакцияӊ нейтралдуу болууга тийиш, тактап айтканда болуп жаткандарга рационалдуу мамилеӊди чагылдырышы керек. Себеби агрессор сенден кескин эмоционалдык реакцияны күтѳт.
Уруш баштоо, акаратка акарат менен жооп берүү, даттанам деп коркутуу, ошондой эле эч нерсе болбогондой түр кѳрсѳтүү (реакциянын таптакыр жок болушу агрессорду кезектеги кол салууга түртѳт) сунушталбайт.
Агрессордун айткан сѳздѳрү анын жеке ою экенин, жана мектептен тышкаркыларды кошкондо, кѳптѳгѳн адамдар башкача ойлошу мүмкүн экендигин түшүнүү зарыл. Мына ушундай мамиледен кодулоого карата «Балким чындап эле ушундай, каалагандай ойло», «Ооба, кемчиликтерим бар, андан эмне болуптур», «Ушинтип сүйлѳгѳндү жакшы кѳрѳрүӊдү билем, сүйлѳй бер», «Кааласаӊ ошентип ойло» сыяктуу жооптор жаралат.
Үчүнчү шарт: тегерегиӊ жѳнүндѳ ойлон. Ѳзүӊдүн классыӊан жакшы досторду таба албасаӊ, параллель класстын окуучулары, ѳзүӊѳн улуулар же кичүүлѳр менен ымала түзгѳнгѳ аракет кыл (спорттук секцияга, театр студиясына, кѳркѳм ѳнѳр мектебине баргандардын, ыктыярчы уюмдардын мүчѳлѳрүнүн катарынан болушу мүмкүн). Мурда биз жазган социалдык капитал теориясында айтылгандай, мамиле чѳйрѳсүн кеӊейтүү кодулоого карата алсыздыкты азайтып, ѳзүнѳ карата ишенимди жогорулатат.
Тѳртүнчү шарт: сен жѳнүндѳ ким эмне деп ойлогонуна карабастан, ѳзүӊѳ-ѳзүӊ жеке баалуулугуӊду эстетип турушуӊ керек. Жеке баалуулук сезимин чыӊдоо үчүн бир психологиялык техниканы колдонуп кѳрсѳ болот.
А4 форматындагы кагазга тегерек чийип, аны пирогдун тилимдери сыяктуу секторлорго бѳлѳсүӊ. Секторлор — сенин маанилүү жана баалуу сапаттарыӊ. Бул жерге жок дегенде 10 сапатыӊды жазып, баракты тез-тезден карап коюп тур. Ар бир күндүн аягында ошол күнү ѳзүӊѳ ыраазы болушуӊа себеп болгон жок дегенде үч пунктту белгилеп чык.
Укмуштуудай ийгиликтерди деле издебе, жѳн гана ѳзүӊ үчүн даярдаган эртеӊ мененки тамак үчүн, досуӊа колдоо кѳрсѳткѳнүӊ үчүн, сабакта жакшы жооп бергениӊ үчүн же болбосо ѳзүӊѳ эс алууга мүмкүнчүлүк бергениӊ үчүн ыраазычылык билдир.
Шылдыӊдоолор же кордоолор чегинен ашып кетсе, жана ушул себептен улам мектепке барууну каалабай жатсаӊ, анда сѳзсүз башкалардан жардам сура! Буллингден ѳз алдынча кутулуу дээрлик мүмкүн эмес.
Мында күнѳѳсүн сезүү тууралуу кеп болуп жатат. Эгер сенин башкаларды кодулап, тынчын алганыӊ анык болсо, анда чындап эле күнѳѳӊ бар деп эсептелет. Аны менен иштѳѳ үчүн логотерапия концепциясы (муну маӊыздык психотерапия деп да аташат) тѳмѳнкү аракеттерди сунуштайт.
Эгер сен башка бирѳѳгѳ зыян келтирсеӊ, күнѳѳӊдү мойнуӊа алып, кечирим сура. Муну элдин кѳзүнчѳ аткаруунун зарылчылыгы жок. Бетме-бет кезигип, кечирим сурасаӊ, бир топ жеӊилдей түшѳсүӊ. Аны менен бет маӊдай жолугууга батына албасаӊ, кат жаз – мындан да оӊ майнап чыгат. Унчукпай койгондон кѳрѳ, кат аркылуу кечирим сураган жакшы.
Катта азыркы учурдагы сезимдериӊди – чындап эле ѳкүнүп жатканыӊды билдир. Бул окуядан ѳзүӊ үчүн кандай жыйынтык чыгарганыӊды да жазганды унутпа. Мисалы (универсалдуу жооп эмес, жѳн гана иллюстрация): «Вася, бир минута убактыӊ болсо сени менен сүйлѳшѳйүн дегем. Сени тамашага салып, шылдыӊга алганымды эстесем, ѳзүмдү аябай жаман сезип кетем. Азыр баарын ѳзгѳртүү үчүн колуман келген күч-аракетимди жумшар элем. Тилекке каршы, мүмкүн эмес. Суранам, мени кечирип койчу. Муну кылбашым керек болчу».
Эгер мүмкүнчүлүк бар болсо, кечирим сурагандан тышкары кор кылган кишиӊе жакшылык кылсаӊ да болот. Бардык эле нерсе жарай берет. Бирок кѳрсѳткѳӊ кордугуӊдун масштабына жараша жакшылык кылганыӊ туура болот. Ошондой эле жасагандарыӊды элге, айрыкча анын ѳзүнѳ билгизбей эле койгонуӊ оӊ. Муну билүүсү андай деле маанилүү эмес. Жакшылыкты эч качан таӊуулоого болбойт. Ал кишиге чындап эле эмне керек экенин аныктоого аракет кылып, ошону берген жакшы. Эгер сен зыян келтирген адам кандайдыр бир себептерге байланыштуу жеткиликтүү болбой калса, анда жакшылыгыӊды муктаж болгон башка бирѳѳнѳ жумша.
Күнѳѳнү жекече сезүүгѳ келсек, бул жерде сени агрессивдүү жүрүм-турумга түрткѳн жагдайды, себептерди изилдеп чыгышыӊ керек. Кылгандарыӊ үчүн ѳзүӊдү айыптай бербе, буга да бир нерсе түрткү болсо керек. Балким, сен дайыма кимдир-бирѳѳнүн чабуулдарына дуушар болгондугуӊ үчүн ѳзүӊ да бирѳѳгѳ кодулоо аракеттерин кѳрсѳткѳндүрсүӊ. Мындай абалда ѳзүӊдүн жеке чектериӊди коргоп калуунун камын кѳрүүгѳ тийишсиӊ.
Мисалы, эгер сен азыр деле кодулоо лидерликти орнотуунун жана кадыр-баркка ээ болуунун ыкмасы катары кабыл алынган коомдун ичинде жүрсѳӊ, жана мындай жолду туура эмес деп тапсаӊ, анда чѳйрѳӊдү ѳзгѳртүү тууралуу ойлонуп кѳр. Качандыр бир убакта жетүү үчүн кодулоону колдонгон максаттарга азыр кандай жол менен жетип жатканыӊды ойлонуштур. Ѳзүӊѳ ишенүүнүн башка бир булагын тапкан болсоӊ, мындан ары ошол булакка таянууга тийишсиӊ.