Депрессиябы же бузук маанайбы

Депрессиянын келип чыгуу себеби эмнеде? Моноаминдик теория.

Кѳбүнчѳ депрессия деп, андан башкача абалдарды да аташат. Жаман кабар, ата-эне же достору менен араздашуу, мектепте начар баа алып калуу – ушул себептерден улам киши бир-эки күн башын жерге салып, депрессияга кабылганын айтат. Ал эми чындап депрессияга кабылган адам бир жумада да, бир айда да, ал тургай андан узак убакытта да ѳзүн жанчылгандай сезген абалдан оӊой чыгып кете албайт.  

Окумуштуулар депрессиянын келип чыгыш себебине байланыштуу бир нече теория иштеп чыгышкан. Бул илдет бир гана психологиялык кѳйгѳйлѳрдѳн улам пайда болбойт. Депрессиянын биологиялык себептери – организмдин иштѳѳсүндѳ конкреттүү бузулуулар да болот. Мисалы, кишинин организми физикалык оорудагыдай эле моралдык ооруну дагы сезүү үчүн ошол эле химиялык заттарды колдонот.

Эӊ популярдуусу – депрессиянын «моноаминдик» теориясы. Ага ылайык, депрессия нейромедиаторлордун алмашуу механизминдеги бузулуудан улам келип чыгат. Нейромедиаторлор – нейрондордун ортосунда сигналдын ѳтүүсүнѳ жооп берген химиялык заттар. Мээнин клеткалары нейромедиаторлордон инструкция алып, нерв системасын иштетет. Аталган инструкция нерв клеткаларына атайы байланыш чекиттери – синапстар аркылуу жетет. Депрессия абалындагы кишиде нейрондор жиберген инструкциялардын бир бѳлүгү эч жакка кетпейт же болбосо туура эмес аткарылат, натыйжада мээде башаламандык жаралат.

Нейромедиаторлор – норадреналин, серотонин, дофамин, жана башкалар – синапстарга мээнин туура иштѳѳсү үчүн зарыл болгон ѳлчѳмдѳ барбайт. Конкреттүү бир кишиде жекече бузулуулар топтому бар, ошондуктан түрдүү адамдар ар кандай депрессия тибине кабылышат. Мисалы, серотонин жетишсиздиги кѳп чочулоого, тынчсызданууга жана социалдык фобияларга жол ачса, дофаминдин жетишсиздиги эч кандай мотивациясы жок апатиялуу пессимистке айлантат.

Нейромедиаторлордун ортосундагы байланыш абдан эле татаал, ошондуктан депрессиянын келип чыгуусуна кайсынысы күнѳѳлүү экенин түшүнүү оӊой эмес. Антидепрессанттардын кѳпчүлүк бѳлүгү серотонин концентрациясын кѳбѳйтүүгѳ багытталган, андыктан эӊ башкы кѳйгѳй дал ошол серотониндин жетишсиздиги менен байланыштуу деп эсептелет. 

Депрессиянын келип чыгуу себеби эмнеде? Нейропластикалуулук теориясы

Моноаминдик теориядан бѳлѳк, андан заманбап – нейропластикалуулукка тийиштүү теория бар. «Нейропластикалуулук» мээдеги нейрондордун ортосундагы байланыш туруктуу эмес, ал эми ѳзгѳрүүлѳр – үзгүлтүксүз процесс: жаӊы тажрыйбанын таасири менен байланыштар үзүлүп, жаӊылары пайда болот дегенди түшүндүрѳт.   

Туруктуу стресс абалы нейропластикалуулукка терс таасирин тийгизет. Маалымат ѳткѳрүүчү нейрондордун урчуктары кичирейип, саны азая баштайт. Мындай ѳзгѳрүүлѳрдүн натыйжасында эстутум начарлайт, когнитивдик жѳндѳмдүүлүктѳр менен маанай бузулат. Антидепрессанттар серотонинди кѳбѳйтѳт, бирок нейропластикалуулукту калыбына келтирбейт, жѳн гана ортомчулук функциясын аткарат. Серотонин кайтарылган рецепторлордун активдешүүсүнѳн реакциялардын чынжыры башталат да, BDNF белогунун синтезине алып келет.

BDNF белогунун таасири менен нейрондордун урчуктары ѳсүп,  нейропластикалуулук калыбына келет. Бирок, бул мээге нейропластикалуулукту кайтаруунун кыйыр жолу болгондуктан, теория эмне үчүн кээде антидепрессанттар менен дарылоо ѳтѳ жакшы эмес же таптакыр жардам бере албаганын түшүндүрүп берет.

«Кырдан таштап боюмду, ылдый кѳздѳй учуп барам…». Депрессиянын белгилери кандай болот?

Тынчтык дагы, мен дагы… Чоочун, алсыз, жалгызбыз.

Анан дагы … Таяныч жок, акыл-эсим бүлгүндѳ,

Кырдан таштап боюмду, ылдый кѳздѳй учуп барам,

Чындыктын түбүнѳ деп, катуу сокку айынан,

Аӊ-сезимди жарык сымал ѳчүрѳм.

Поэтесса Эмили Дикинсон, ушундай саптар менен депрессия абалындагы кишинин эмоцияларын чагылдырууга аракет кылган. Диагноз коюу үчүн психотерапевттер менен психиатрлар бейтабынын даттанууларын угуп чыгып,  аларды Оорулардын эл аралык классификациясы (МКБ-10) боюнча бузулуулардын белгилери менен салыштырышат. Биз депрессиянын негизги алты белгиси жѳнүндѳ айтып берели. Бул толук тизме эмес жана мындагы симптомдор ар түрдүүчѳ айкалышышы мүмкүн.

Депрессиянын симптомдору

Ангедония

Депрессиянын негизги жана эӊ таанымал болгон белгиси – жашоодон, ал тургай эӊ сүйүктүү иш-аракеттеринен ырахат алуу жѳндѳмдүүлүгүнүн жоголушу. Бул абал «ангедония» деп аталат. Негизи, кишилердин баарында теӊ эч нерсе кубандырбай калган маанайы чѳккѳн учурлар кѳп эле болот. Ошондуктан күнүмдүк турмушта депрессияны хандра сыяктуу абал менен алмаштырышат. Бирок депрессияда бардыгы ѳтѳ начар жана олуттуу.

Бир мисал келтирели. Майда-чүйдѳлѳргѳ кѳӊүл бурбаганда, жалпы жонунан ѳзүнүн жашоосу ѳзүнѳ жаккан бир студент бар дейли: университетке бара жатып, жагымдуу жел, бак-дарактардын жалбырактарынын арасынан түшкѳн күн нурлары менен ырахаттанат. Күн сайын кѳптѳгѳн кишилерди аралап, кооз имараттардын, жакшы кѳргѳн эстеликтеринин жанынан ѳтѳт. Китептерге тигилип, кызыктууларын жан-алы калбай окуп чыгат, бирѳѳлѳр менен урушат, кайра элдешет, балмуздак жейт.

Фото автора Inzmam Khan: Pexels

Эми элестетип кѳргүлѳ, бир жолу автобустун ичинен бутун басып кетишкен. Жагымсыз сезимдер, бут кийимин кирдеткени аз келгенсип, кечирим сураганга жарабаганын эстеген сайын жиндене бериши мүмкүн. Мындай ойлордун айынан туура эмес подъездге кирип кетиши ыктымал. Бирок белгилүү бир убакыт ѳткѳн соӊ жагымсыз окуя тууралуу унутуп калат. Себеби аны үйдѳ жакындары жана сүйүктүү сериалы күтүп жатат, кечинде болсо гуляш жейт…

Ал баланын бутун депрессия басып кеткен болсо, анда дароо автобуска да, окуусуна да кызыгуусу жоголуп, окуусун азапка салган кыйынчылык катары эсептеп калмак. Ѳзүн кубандырган нерселерди: күндү, кѳчѳлѳрдү, китептерди байкамак эмес. Гуляш деле жегиси келбей калат болчу. 

Нейробиолог Роберт Сапольски депрессия тууралуу мындай деп жазган: «Адамдар ар кандай, ал тургай эӊ оор жана укмуштуудай жаман кырдаалдардан дагы кубаныч таба алышат. Ошондуктан симптому -ырахат алуу жѳндѳмсүздүгү болгон оорудан да жаманын элестетүү кыйын».

Энергия жоготуу жана чарчоо, психомотордук тормоздолуу

– Түшкү тамактануу үчүн тамакты алып, табакка салып, аны кесип туруп оозго салып, чайнап, анан жутуп коюш керек деп ойлочумун. Бул крест жолуна окшош эле. Башыӊан ѳткѳргѳн нерселердин баары маанисиз экенин билесиӊ. Кѳп кишилер билдирүүлѳрдү угушат, тамак жешет, душка чайканып, үйүнѳн сыртка чыгышат, булардын баары эрдик деп эсептелбейт. Бирок сен муну жеӊип чыгуунун жолун таппайсыӊ.

Натыйжада иш-аракет аз кылып, аз ойлонуп, аз сезип калганымды аӊдадым. Жашап жүргѳнүмдүн ѳзү эле азаптуу сезилгенге чейин жеттим. Бир жолу тѳшѳктѳн тура албай калдым, 4 сааттан кийин телефонума атам чалганда гана болгон күчүмдү жыйнап, жооп бердим жана жардам сурадым. Ошондон бери терапевтке барып, таблеткаларды ичип жүрѳм. Элдер депрессия – жѳн гана капалануу деп ойлошот, бирок ал кайгы-кападан кыйла жаман.  

«Атлас депрессии» китебин жарыялаган жазуучу жана публицист Эндрю Соломон депрессияны ушундайча сыпаттаган. Ал айтып жаткан абалды психомотордук тормоздолуу деп аташат. Адам ѳзүн эӊ жѳнѳкѳй аракеттерди аткаруусу, ал тургай ой жүгүртүүсү да ѳтѳ кыйын болгон даражада чарчагандай сезет.

Бул мезгилде андай кишиге ѳзү эптеп, кыйналып эле күн ѳткѳрүп жаткандай туюлат. Мурда механикалык деп эсептелген кыймыл-аракеттер, маселен, ачкыч менен эшикти ачуу— эӊ эле оор тапшырмага айланат. Баары маанисиз, кѳрксүз, ашыкча болгондой сезилет. Тормоздолуу күчтүү болгон учурда, оорулуу адам ѳзүн-ѳзү карай албай калат жана ооруканага жаткырылат.

Бир караганда, катуу депрессияга түшкѳн адам жѳн гана кайгыга чѳмүлүп, жалкоолонуп жаткандай кѳрүнѳт. Ал эртеден кечке чейин диванда же кроватында эч кандай кызыгуусуз эле предметтерге кѳз чаптырып коюп, же бир чекитти тигиле карап жата берет. Ал эми бардык нерсе ички дүйнѳсүндѳ болот, депрессиянын соматикалык (денеге тиешелүү) белгилери – организмдин катуу стресске карата гипертрофияланган реакциясы.

Ашынып кеткен ѳкүнүү жана күнѳѳ сезими

Кайра студентке кайтып келели. Күндѳгүдѳй эле кечтердин биринде компьютерде отуруп, кокусунан эки саат же эки күн мурун туура эмес иш кылгандыгы тууралуу ойлоно кетет. Катуу берилип ойлонгондуктан, эки жыл мурун болгон ушуга окшош жагдайды эстейт. Ал үчүн студент ѳзүн катуу жемелей баштайт.

Ошентип отурганда мештин үстүндѳгү чайниктин ышкырганын угуп калып, башын кѳтѳрѳ калат, ойлору башка жакка бурулат. Ал «Ооба, кийинки жолу такыр башкача кылышым керек экен» деп ойлоп коёт. Же болбосо, колун серпип, «Ээ, ошону да ойлоп отурайынбы, андан кѳрѳ чай ичип келейин» дейт.

Дени соо ар бир эле адамда ѳзүн бир нерсе үчүн күнѳѳлѳгѳн же ѳкүнгѳн учурлар болот. Адатта мындай капалануу сезими кѳпкѳ чейин созулбай, ал киши башка нерселерге алаксып кетет. Депрессияда болсо, адам эчак ѳтүп кеткен жагымсыз кырдаалды токтоосуз эле эстей берет. Ага дал ошол учурдан тартып, анын жашоосу шорго айлангандай сезилет. 

Негативдүү сезимдер менен эмоциялар ѳтѳ күчѳп кеткен оор абалдарда жѳѳлүгѳн ойлорду да пайда кылат: киши ѳзүнѳ тиешеси жок эле окуя-кырсыктардан ѳзүн күнѳѳлүү деп эсептей баштайт. Же болбосо, ѳзү ички органдарынын баары оорукчан болуп калгыча «бузулуп калганын» ойлойт. Оорулуу ѳзүн эч нерсеге жарабаган жана пайдасыз жандык катары сезет.

Депрессия менен жабыркаган адам ашкере пессимист болуп калат. Сыртынан караганда баары жакшы кѳрүнүп турса да, ички сезимдери жакшы болбойт. Тескерисинче, дүйнѳдѳгү бардык нерсе ар бир минута сайын начарлап, оорлоп бара жаткандай сезилет. 

Немец философу Артур Шопенгауэр мындай деп жазган: «Эгерде азыр оӊдоого мүмкүн болбогон кандайдыр бир жаман окуя болуп ѳтсѳ, анда эми ѳкүнүп, «андай кылса мындай болмок», «жол бербей койсом болмок» сыяктуу ойлорго орун бербей койгон жакшы: мындай ойлор азап чегүүбүздү андан да күчѳтүп, ѳзүн-ѳзү кыйноочуга айланабыз».

Чындап эле, депрессиядагы киши ѳзүн-ѳзү кыйноочуга айланат. Күнѳѳ сезими кѳбѳйѳт: адам ѳзүн баарына ѳзү күнѳѳлүү экенине ынандыргыча кѳйгѳйлѳр биринин артынан бири чыга берет. Бир мезгилде туӊгуюкка түшүп калгандай болот.

Мындай оорулуулар ѳздѳрү үчүн мындан ары жашоонун эч кандай маӊызы жок экени, себеби ѳздѳрү жалаӊ гана жамандыктарга себеп болуп жатканы, эч кандай кубаныч да, адилеттүүлүк да жок экендиги тууралуу жыйынтык чыгарышат. Алар үчүн эми эч нерсени ѳзгѳртүү мүмкүн эмес. Депрессиянын бул симптому кѳп учурда суицид жѳнүндѳ ойлорду жаратат.

Ѳзүнѳ зыян келтирүү, суицид жѳнүндѳ ойлор

Суицид жѳнүндѳ ойлор жана селфхарм депрессиялык бузулуунун ачык-айкын байкалган симптомдору болуп эсептелет. Ырахатты сезүү жѳндѳмдүүлүгүнүн жоголушу да, чекке жетип бара жаткан чарчоо абалы да, күнѳѳ сезими да, айла кетүү дагы ѳзүнѳ зыян келтирүү же жанын кыюу аракеттерине алып келиши мүмкүн. Селфхармга күнѳѳ сезими себеп болгон учурда адам ѳзүн ушундайча жазалап жатканын ойлойт.

Эгер депрессиядагы кишиде мындай симптом байкалса, врач антидепрессанттар менен чогуу кыска мѳѳнѳткѳ транквилизаторлорду — тынчтандыруучу дары-дармектерди жазып берет. Себеби, антидепрессанттар кишинин маанайын дароо эле кѳтѳрүп жибербейт, бирок ага күч-кубат берип, ойлорун топтоо жѳндѳмдүүлүгүн жакшыртат. Ошондуктан, дарылануунун алгачкы жумаларында ѳзүнѳ зыян келтирүү коркунучу жогорулашы ыктымал. Транквилизаторлор аны азайтууга жардам берет. Мындай абалдарда дарылоо врачтын кѳзѳмѳлүндѳ амбулатордук да, стационардык да формада жүргүзүлѳт.

Уйкунун бузулушу

Кайра эле ошол студенттин мисалында депрессия менен бузук маанайды салыштырып кѳрѳлү. Сүйлѳшкѳн кызы менен урушуп кетти дейли. Маанайы бузулуп, капаланып жатат. Бул күнү, негизи эле келе жаткан жума бою уктай албай, ары-бери тоголонуп, качан чарчап уктап калар экенмин деп шыпты тиктеп жатат. Эми кызы менен элдешти, же болбосо аны менен ажырашып, баарын артта калтырган соӊ, башы жаздыкка тиер замат уйкуга кете баштады. Жашоосунда уйкусуз, азаптуу түндѳр жана башка ушуга окшош жагымсыз абалдар али кѳп болсо керек. Бирок алар туруктуу эмес, анда-санда болот жана бул тууралуу ата-энесине же досторуна адатта болуп турчу кѳнүмүш эмес жагдай катары айтып берет.

Депрессия менен жабыркагандардын кѳпчүлүгү уйкуга байланыштуу кѳйгѳйлѳргѳ кабылат жана мындай бузулууларда адатта мыйзам ченемдүүлүк байкалат. Бул кандайдыр бир регулярдуу уйкусуздук, дайыма ойгоно берүү, же болбосо ѳтѳ эле кѳпкѳ созулган уйку, анын ичинде киши кѳнүп калган убактан тышкары мезгилдердеги уйкулар болушу ыктымал. Ооруган киши уктайын деп аракет кылганда, ар кандай азаптуу ойлор, бүдѳмүк чочулоолор ага тоскоол болот. Мындай бузулуулар кадимки кѳрүнүшкѳ айланып, айта берүү дагы кызыксыз болуп калат.

Катуу депрессияда бул мыйзам ченемдүүлүк ачыгыраак байкалат. Киши тынч уктай албайт, кѳнгѳн режиминен 2-3 саат мурун таӊ атпай алы жок болуп ойгонуп алат. Такыр уйкусу канбайт: кайра уктаганда деле, бир аз убакыттан кийин кайра ойгонот. Оорулуу күн сайын ѳзүн жанчылган жана басыӊкы абалда сезип жүрѳт.

Мындай учурларда кишинин уйкусунун структурасы бузулат. Дени сак адамда уйкунун фазалары бири-бирин ырааттуу түрдѳ алмаштырып турат, бардык фазалардан түзүлгѳн толук цикл 90 минутага созулат. Эгер депрессия абалындагы уктап жаткан кишинин мээсинин активдүүлүгүн карап чыга турган болсок, фазалардын тартиби бузулганын кѳрѳ алабыз.

Тамактануу жүрүм-турумуна байланышкан кѳйгѳйлѳр

Кино жана сериалдарда жагымсыз кабардан азап чеккен адамды бир банка балмуздакты кучактатып кѳрсѳткѳн клише бар. Чынында эле, адамдар  «кайгыны жеп» коё алышат, бул болсо кортизолду – стресс гормонун иштеп чыгууну азайтууга жардам берет. Биздин студентибизге деле бир тилим шоколад сынактан алган үчүнѳн улам кайгысынан арылууга жардам бериши мүмкүн.

Депрессия абалындагы кишинин организминдеги да кортизолдун деӊгээли жогорулап, серотониндики – тѳмѳндѳйт. Бирок, анын абалында бул себеп эмес, кесепет болуп саналат. Серотониндин жетишсиздигин  углеводдор менен компенсациялоо мүмкүн эмес. Муну менен бирге эле, депрессиядан жабыркагандардын кѳбү дал ушундай кѳнүмүш ыкма менен: таттуу же даамдуу бир нерсе жеп коюу аркылуу андан арылууга аракет кылышат.

Эч кандай жыйынтык чыкпаганда, маанайы ого бетер бузулат.

Тамактануу кѳндүмдѳрүнүн бузулушунун дагы бир варианты – чала тоюу. Оорулуунун табити жок болот, жана ал атайылап тамак жебейт же тамактануу процессине маани бербей, жегенди «унутуп» коёт. Киши үчүн мындай жүрүм-турум кѳнүмүш болуп калат жана кѳпкѳ чейин улана берет. Чала тоюу анын калган энергиясын түгѳтүп, депрессия мурдагыдан да күчѳйт.

Акырында, киши тек гана ашказанына бир нерсе барсын деп, ачка болуу сезимин жоготуу максатында колуна тийгенди жей баштайт. Депрессия менен жабыркаган адам тамактан ырахат алуу жѳндѳмдүүлүгүнѳн ажырайт, кѳнүмүш тамак даярдоо же сатып алуу үчүн күчү жетпей калышы ыктымал. Убакыттын ѳтүшү менен бул тамак сиӊирүү системасынын бузулушуна алып келет.

Маанилүү!

Кѳпчүлүк симптомдордун айкалышы — оор формадагы депрессиянын кѳрсѳткүчү. Жѳнѳкѳйрѳѳк абалдарда белгилердин бир бѳлүгү болбошу мүмкүн, жеӊил формадагы депрессияда адатта эки же үч эле белги байкалат. Кээде кишинин маанайы деле бузулбайт.

Мындан тышкары, депрессиянын симптомдору башка оорулардын белгилери менен дал келип калышы ыктымал. Так жана туура диагнозду врач гана коё алат, ал эми бул макаладагы маалымат таанышуу үчүн гана берилген. Эгер сени ѳзүӊдүн абалыӊ тынчсыздандырып жатса, «Двор» врачка кайрылууну сунуштайт. Эгер кырдаал шашылыш болсо, анда  8 800 2000 122 номеринде ишеним телефону иштейт.

Депрессияны кантип дарылашат?

Орто жана оор формадагы депрессияны дары-дармектер менен, жана аларга кошумча психотерапиялык ыкмаларды колдонуу аркылуу дарылашат. Медикаментоздук дарылоо үчүн антидепрессанттар колдонулат. Алар синаптикалык жылчыкта серотониндин — «кубаныч гормонунун» концентрациясын жогорулатат. Бул дары-дармектер XX-кылымдын орто ченинен бери колдонулуп келет жана дайыма ѳркүндѳтүлүп турат.  Дарылардын эӊ заманбап массалык классы «серотониндин карама-каршы кармоо селективдик ингибиторлору» (СИОЗС) деп аталат. Бирок илимпоздор мындан да таасирдүү каражаттарды издештирүүнү улантууда. Маселен, нерв клеткаларынын сигналдарын ѳткѳрүүчү башка заттарга – дофамин менен норадреналинге таасир этүүнү сынап кѳрүшүүдѳ. 

Депрессиянын жеӊил формаларында бир курс психотерапия жетиштүү. Депрессияны дарылоо боюнча эӊ мыкты психотерапиялык методдор — бул когнитивдик-жүрүм-турумдук жана инсан аралык психотерапиялык ыкмалар. Биринчи методдун максаты — кишинин оор кырдаалдарга карата жүрүм-турум реакцияларын ѳзгѳртүү, пессимисттик ой жүгүртүү жана ѳзүн негативдүү баалоо адатынан арылтуу. Инсан аралык терапияда депрессия башка кишилер менен мамиледеги кѳйгѳйлѳрдүн кесепети катары каралат. Ошондуктан бейтап адис менен чогуу бузулуунун симптомдорунан кутулуш үчүн бузук мамилелерди кантип жана канча убакыттын ичинде оӊдоо керек экендиги боюнча план түзүп чыгышат. Психотерапия менен медикаментоздук дарылоону айкалыштырып жүргүзүүнүн натыйжалуулугу кыйла жогору болот.

Тилекке каршы, ѳтѳ оор жагдайларда дарылоонун бул методдорунун эч кайсынысы натыйжалуу болбой да калышы ыктымал. Мындай учурда  – электрошок терапиясы колдонулат.

Таанышыма депрессия дигнозу коюлуптур, ага кантип жана эмне кылып жардам берсе болот?

Депрессия — бул маанайдын бузулушу эмес, анын такыр жок болушу. Мында физиологиялык себептер дагы роль ойношу мүмкүн. Досуӊду «баары жакшы болот», «жашоо керемет», же болбосо «ушул да кѳйгѳйбү», «эптеп ѳткѳрүп жибер» сыяктуу шаблондук фразалар менен «кубаттоонун» кереги жок. Депрессиянын физиологиялык себептер, кишинин организминде болуп жаткан химиялык процесстер менен шартталганын түшүнүү зарыл. Бул жѳн гана ойдон чыгарылган бузук маанай эмес. 

Эгер досуӊ начар абалга түшсѳ, аны ого бетер кейитүүнүн кереги жок. Тек гана достук мамиле менен кѳбүрѳѳк кѳӊүл буруу жетиштүү. Муктаждык келип чыкса, ар дайым жардам берүүгѳ даяр экениӊди кѳргѳзүүгѳ аракет кыл. Ошону менен бирге эле, досуӊду ал үчүн ыӊгайсыздык жарата турган темада сүйлѳшүүгѳ зордобошуӊ керек. «Чын дилден» баарлашуу дайыма эле пайдалуу боло бербейт. Кишини оӊдоого же дарылоого умтулбай эле кой. Тилекке каршы, клиникалык депрессия балмуздак менен дарыланбайт. Адиске: психиатрга же психотерапевтке кайрылууну сунуштап кѳрсѳ болот.

Фото: Brett Sayles, Pexels

Ѳспүрүмдѳрдүн депрессиясы жѳнүндѳ азыноолак сѳз

Пубертат —бала бой жете баштаган мезгил, жана ѳспүрүмдѳрдүн депрессиясы жаш балдардыкына (ооба, депрессия жашы жете электерде гана эмес, он үч жаштан кичине балдарда да болушу мүмкүн) караганда чоӊдордогу депрессияга кѳбүрѳѳк окшош.

Мисалы, кишинин жашы канчалык улуу болсо, анда «чочулоо депрессиясына» кабылуу мүмкүндүгү ошончолук жогору болот, жана бузулуунун симптомдоруна улануучу нервоздук, тынчсыздануу, ѳзү жана жакындары үчүн коркуу сезими дагы кошулат. Мындан тышкары, ѳспүрүмдүн коомдогу жашоосуна байланышкан кѳйгѳйлѳр менен кыйынчылыктар дагы депрессиянын себеби болуп калышы ыктымал. Маселен, кодулоо, курдаштары тарабынан тѳмѳн бааланышы, ата-энесинин биринин жок болушу же стресстин кѳп болушу депрессиялык бузулууга кабылуу коркунучун жогорулатат.

Булак: Двор Медиа.