Айыз учурунда организмде эмне үчүн оорутуучу жана жагымсыз трансформациялар пайда болорун жакшыраак түшүнүү үчүн, этек кир цикли кандай өтөрү жөнүндө билип алуу туура болот.
Адатта, бойго жеткен кыздарда айына бир жолу этек кир келет. Менструалдык циклдин негизги милдети - организмди кош бойлуулукка даярдоо. Ар бир циклде аял гормондору аялдын жумуртка безине жумурткаларды иштеп чыгарууга түрткү берет. Бул учурда түйүлдүктүн өрчүп жетилүүсү үчүн жатындын чел кабыгы (эндометрия) калыңдайт. Ал эми кош бойлуулук болбой калганда, жатын "өзүн-өзү тазалап баштайт" да, этек кир процесси башталат. Бул - жатындагы чел кабыктын бөлүнүшүнө байланыштуу кындан кан агуусу.
Орточо эсеп менен алганда, этек кир цикли 28 күнгө созулат, анын ичинен болжол менен 5 күн этек кир келет. Циклдин узактыгы жана этек киринин созулушу ар кандай кыздарда гана эмес, бир адамда айдан айга чейин айырмаланышы мүмкүн.
Регулярдуу цикл 24 жана 38 күндүн ортосунда деп эсептелет. Ал эми этек кирдин өзү үчүн норма 4,5-8 күн. Алгачкы 2-3 күн аралыгында, адатта, кан көп көлөмдө агып чыгат, ал эми калган күндөрү тартыла баштайт. Циклдин башталышы этек кирдин биринчи күнүнөн тартып эсептелет.
Менструалдык циклдин өзү эки чоң фазага бөлүнөт:
Негизи менструалдык цикл аялдардын жыныстык гормондору - эстроген жана прогестерон тарабынан көзөмөлдөнөт. Менструация учурунда алардын деңгээли төмөндөп кетет. Гормондордун өзгөрүшү денеде жана маанайда жагымсыз симптомдорду жаратышы мүмкүн.
2019-жылы төрөт жана гинекология боюнча тармакты изилдеген голландиялык окумуштуулар ар кайсы улуттагы 42 879 аялдын жоопторуна негизделген этек кирдин жалпы белгилери боюнча отчет жарыялашкан.
Сурамжылоого катышкан аялдардын 85,4% пайызы этек кир учурунда ичтин ылдый жагында оору (дисменорея) пайда болорун айтышкан. Башка белгиленген жалпы симптомдор:
Бул симптомдордон тышкары, кыздар этек кир келер алдында физикалык жана психологиялык ыңгайсыздык жараткан симптомдорго дуушар болушу мүмкүн. Этек киринин башталышына бир нече күн калганда аялда төмөнкүдөй көйгөйлөр жаралышы ыктымал:
Эң кеңири таралган этек кирдин симптому – дисменорея же ичтин алдыңкы бөлүгүндөгү оору. Ичтин мындай оорусу кадимки толгоону элестетет. Кээде оору белдин тегерегине жана жамбашка тарайт. Көптөгөн кыздарда дисменорея этек кирге бир нече күн калганда (1-3 күн) же этек кир келгенде пайда болот. Мындай карыштырган оорууксунуу көбүнчө этек кир башталгандан кийинки 2-3 күн аралыгында кетет.
Жогоруда айткандай, этек кир жатындын жыйрылышынан улам келип чыгат деп айткан элек. Жатын атайын липиддик заттардын – простагландиндердин таасири астында жыйрылат. Ал эми денедеги простагландиндердин деңгээли канчалык жогору болсо, этек кирге байланышкан ооруксунуу ошончолук күчтүү болот.
Кээде катуу оорулар репродуктивдүү системанын патологиясына байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, эндометриоз, аденомиоз же жатын миомасы сыяктуу оорулар.
Мейо клиникасынын адистеринин айтымында, айыз учурунда ооруксунуу көйгөйүндө төмөнкү факторлор көбүрөөк кездешет:
Ушул эле тобокелдик факторлору Мичиган университетинин эпидемиология департаментинин изилдөөсү менен тастыкталган. Кошумчалай кетчү нерсе, изилдөөдө ашыкча салмак менен жабыркаган аялдарда узакка созулган катуу этек кир оорусунун мүмкүнчүлүгү эки эсе көбөйөрү айтылган.
Эгер оору катуу болсо, дарыгерге кайрылган оң. Кээ бир учурларда ооруну басаңдатуучу дарыларды ичсе болот (бирок муну адис менен кеңешкенден кийин жасоо керек). Ошондой эле, Майо клиникасынын айтымында, сиз ооруган симптомдорду төмөнкү жагдайларда бир аз азайта аласыз:
Дагы бир жагымсыз симптом - дааратканага бат-баттан баруу. Бул простагландиндердин липиддик заттарына байланыштуу, алардын деңгээли айыздын алдында жогорулайт.
Простагландиндер жатындын жылмакай булчуңдарына таасирин тийгизүү менен былжыр челди – эндометрийди кетирүүгө жардам берет. Бирок жатын менен бирге бул заттар ичегилерди да кыймылга келтирет. Бул дааратканга бат-баттан барууга, кээде ич өткөккө алып келет. Мындай учурларда ичтин жыйрылуусу же айыздын келиши ажатканага “чакырып” жатканын түшүнүү кыйын.
Менструация учурунда ич өткөккө карама-каршы келген дагы бир жагдай бар - бул ич катуу. Мындай жагымсыз абал айыз учурунда концентрациясы өзгөргөн гормондордун таасири астында пайда болот. Менструация учурунда кээ бир кыздарда простагландиндердин деңгээли төмөн жана прогестерон гормонунун деңгээли жогору болушу мүмкүн - бул комбинация тамак сиңирүүнү жайлатып, дааратканага үзгүлтүксүз жана көйгөйсүз барууну кыйындатат.
Айыз учурунда тамактанууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мисалы, кофе ичти жумшартуучу таасирге ээ, аны ичкенден кийин дааратканага бат-баттан каттап калуу мүмкүн. Андыктан айыз учурунда кофени минималдаштыруу же таптакыр ичпей турган жакшы. Ал эми бүкүлү дан нанында, дандарда, көк-сакта, жашылчаларда кездешүүчү була бул мезгилде өзгөчө пайдалуу жана тамак сиңирүүнү жакшыртат.
Ошондой эле, эки жагдайда тең - диарея жана ич катуу учурунда - көбүрөөк суу ичүү сунушталат. Сууну көп көлөмдө колдонуу менен сиз,биринчиден, организмдеги жоголгон суюктукту толуктайсыз, экинчиден, организмге заңдын кадимкидей бөлүнүп чыгышына жардам бересиз.
Эстрогендер аялдардын негизги жыныстык гормондору экенин эсибизге салалы (бирок алар эркектерде да аз-маз санда кездешет). Гормондордун бул тобуна башка гормондор менен катар табитке таасир этүүчү эстрадиол гормону да кирет. Менструалдык циклдин лютеиндик фазасында эстрадиолдун деңгээли жогорулайт, бул учурда кыздардын көбүндө тамак-ашка жана шам-шум тамактарга болгон каалоолору күчөйт.
“Менструалдык цикл үчүн диета жана тамактануу боюнча колдонмо” китебине ылайык, циклдин ар кандай мезгилдеринде белгилүү бир тамак-ашка артыкчылык берүү, эңсөөлөр боюнча физиологиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары карама-каршы келет. Кээ бир илимий эмгектерде циклдин ар кайсы мезгилдеринде кыздар жана аялдар жөн гана көбүрөөк жана бат-баттан тамактанышат, бирок конкреттүү бир тамак-ашка артыкчылык деле беришпейт деп айтылат. Башка изилдөөлөр боюнча, кыздардын кандайдыр-бир тамак-аштын түрлөрүнө табиттери ачылат - көбүнчө алар таттуу жана майлуу нерсени жегиси келишет.
Япониянын Токусима университети 2020-жылы 311 студент кызга изилдөө жүргүзгөн. Окумуштуулар менструалдык циклдин фазасына жараша табит жана тамак-ашка болгон каалоолор кантип өзгөрөөрүн түшүнгүсү келген. Катышуучулар бир ай бою өздөрүнүн абалын күндөлүк кылып жазышкан. Студент кыздардын 70,4% алардын табити чындыгында айыз циклинде өзгөргөнүн айтышкан. Алардын ичинен 85,8%да айыз келгенге 3-10 күн калганда тамакка болгон табиттери жогорулаган. Изилдөөнүн авторлору, ошондой эле, кыздардын айызга чейин, айыз учурунда жана айыз аяктаганда тамак-ашка болгон каалоолору тууралуу сурамжылоо жүргүзүшкөн:
Окумуштуулар бул боюнча берген түшүндүрмөлөрдүн бири боюнча - таттууларды, жогорку углеводдуу тамактарды (макарон) жана ароматизаторлор кошулган азыктарды (чипсыларды) колдонуу - серотонинди (маанайга таасир этүүчү нейромедиатор) көбөйтөт жана натыйжада эмоционалдык абалды жакшыртат.
Ошентип, айыз алдында же учурунда кыжырданткан абалда өзүн шоколад менен сооротуу - кээ бир учурларда пайдалуу вариант болуп саналат.
Көп учурда айыз келгенге чейин бет териде май бездеринин сезгениши жана бузулушу менен байланышкан өзгөрүүлөр пайда болот - акне (жөнөкөй сөз менен айтканда, безетки).
Алардын пайда болушу, адатта, гормондордун деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу болот. Чындыгында, менструалдык цикл учурунда "аялдык" жыныстык гормондор - эстроген жана прогестерон - акырындык менен төмөндөйт, бирок тестостерон (ал аялдарда да бар) бүткүл цикл бою бирдей деңгээлде кала берет.
Циклдин ортосунда прогестерондун деңгээли жогорулайт - бул гормон беттеги майларды көбөйтүп, теридеги тешикчелерди бүтөп салышы мүмкүн. Ал эми бул, өз кезегинде, сезгенүүгө жана безеткинин пайда болушуна алып келет.
Менструалдык циклдин аягында (айыздын башталышына чейин), тестостерондун деңгээли башка гормондорго салыштырмалуу жогорулаганда, бетте безетки күчөшү мүмкүн.
Мындай безеткилер көбүнчө беттин ылдый жагында пайда болот: жаактын түбүндө, ылдыйкы жаактын сызыгында, ээгинде, моюнунда, кээде көкүрөктө жана аркада да пайда болот. Алар көбүнчө ириңсиз кызыл жарага окшош.
Эгерде безетки көп болбосо, теринин абалын атайын каражаттарды колдонуу, терини таза сүлгү менен кургатуу жана кир колду тийгизбөө сыяктуу гигиеналык процедуралар менен жакшырта аласыз.
Безетки күчөп кеткен учурда дерматологго кайрылган туура. Ал керектүү дарылоону тандап берет. Кээде адистер безеткилерди дарылоо үчүн гормондорду калыбына келтирүү максатында эстроген жана прогестерон гормондорун камтыган дарыларды жазып беришет.
Айыз келгенге бир жума калганда кээ бир кыздардын маанайы жана жүрүм-туруму өзгөрүшү мүмкүн:
Бул көрүнүштөрдүн баары айыздын белгилеринин пайда болуусу. Кээ бир кыздарда бул белгилер такыр болбошу мүмкүн. Ал эми айрымдарда бул тизмедеги бардык белгилер бир эле учурда сезилбейт. Адатта, бул көрүнүштөр жашоого таасирин тийгизбейт - алар окууга, иштөөгө, адамдар менен мамиле түзүүгө жана коомдук жашоого аралашууга тоскоолдук кылбайт.
Бирок маанайдын жана жүрүм-турумдун өзгөрүүсү өтө кыйынчылык менен өтүп, жашоонун кадыресе жүрүшүн бузган учурлар болот. Мисалы, бул симптомдор сабакты же жумушту калтырууга, мамилелердин начарлашына себеп болушу мүмкүн. Мындай жагдайда дисфорикалык бузулуу (күнүмдүк жашоодо олуттуу кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон жагымсыз маанай же нааразычылык сезим) болушу ыктымал. Мындай учурда адиске кайрылуу зарыл.
Эгерде жогоруда саналган симптомдор анчалык күчтүү болбосо, алар менен өзалдынча күрөшүү мүмкүн. Бул белгилерди аз да болсо жеңилдетүү үчүн төмөнкү сунуштарды колдонсо болот:
Толук кандуу тамактаныңыз - мурунку посттордо кээ бир кыздар циклдин айрым фазаларында углеводду өзгөчө эңсешет деп жазганбыз. Мындай жагдайда эң жакшы тандоо - татаал углеводдор болуп саналат, алар бүкүлү дан азыктарынын, күрөң күрүчтүн, буурчактын жана жасмыктын курамында бар. Йогурт жана жаңы чыккан көк-сактар сыяктуу кальцийге бай тамактарды жеген да пайдалуу.
Булак: Двор медиа