Харассментке кабылгандар мектепте мугалими бутунан сылаганын, коомдук транспортто чоочун адам жамбашын кармалаганын, жумушта жетекчиси кыйытма тамашаларды айтып тийишкенин эстегенде жаман болот. Ал эми бул тууралуу башкаларга айтып берүү андан бетер жагымсыз. Айланасындагы адамдар колдоо кѳрсѳтпѳстѳн, кайра ѳзүн айыптайт же шылдыӊдайт деген коркуу сезиминен улам, үн катпай жүрѳ берген жакшы жана туура деген иллюзия жаралат. Бирок андай эмес. Кѳйгѳй тууралуу канчалык кѳп айтылса, ошончолук ага кѳп кѳӊүл бурулуп, натыйжада харассменттин саны азайышы мүмкүн.
Окуя №1: «Мен автобуста бара жаткам. Алгач автобустун ичинде аз эле адам болгонуна карабастан, мага абдан жакын келип туруп алды. Анан мага сүрүнүп, колдору менен жамбашымды кармалай баштады. Дароо эле туура эмес экенин түшүндүм, бирок алгач жѳн эле сезилип кетти го деп ойлодум. Андан ары чыдап турдум. Жамбашымды колдору менен мыкчыган соӊ гана, автобустун аяк ченине барып, орундукка отуруп алдым. Абдан жийиркендим, уялдым, корктум, ызаландым».
Харассмент эмне экенин социалдык психология жакшы түшүндүрѳт. Анда конструктивдүү жана деструктивдүү типтерди кошкондо, коммуникациянын бир нече тиби бар.
Конструктивдүү коммуникацияда кишилер ѳз ара сый мамилени сакташат. Деструктивдүү коммуникацияда — тараптардын бири кемсинтилет, кысымга алынат же болбосо агрессивдүү аракеттердин курмандыгы болуп калат. Харассмент — мына ушундай деструктивдүү коммуникациянын бир формасы.
Мындан тышкары, харассментти кодулоодон айырмалай билүү маанилүү. «Буллилер» же бейбаштар, эреже катары, ѳздѳрүнүн иш-аракеттеринин себебин толук түшүнѳ беришпейт. Агрессорлор: «Кыжырымды келтирип жатат, аны барып куугунтуктайын» деп ойлошот.
Харассментте болсо, адатта дискриминациянын себеби ачык эле байкалат — агрессор бирѳѳнү гендердик белгиси, социалдык макамы, этностук, диний таандыктыгы, сырткы кѳрүнүшү жана башка белгилери боюнча атайылап кемсинтет.
Бизде харассмент негизинен тарыраак мааниде — сексуалдык асылуу катары түшүндүрүлѳт. Анын үстүнѳ, «харассмент» түшүнүгүн кѳп учурда жумуштагы жыныстык асылуулар тууралуу кеп болгондо колдонушат.
Окуя №2: «Мектепте мага ѳзгѳчѳ лоялдуу мамиле жасаган завуч бар болчу. Кыздар туура эмес иш кылганда ар бирин катуу урушуп, түшүнүк кат жазуусун талап кылчу. Мага болсо, «Экинчи мындай кылбай жүрчү, суранам» дечү. Мектепте окуган мезгил бою ушундай мамиле жасады. Мунун нормалдуу эмес экенин сезип жүрдүм. Баары эле байкашчу, бирок эч ким себебин түшүнчү эмес.
Мектепти аяктаган соӊ окууга тапшырып кеттим. Номеримди кандайча тапканын билбейм. «Салам, кандайсыӊ?» деп жазды. Балким мен анын мындай мамилесин туура эмес түшүнүп жаткандырмын деген да ой кетти. Дароо эле кара тизмеге киргизип койдум. Он сегизге чыкканда түндѳрдүн биринде мени катуу сүйѳѳрүн жазды. Жооп берген жокмун. Эртеӊ менен «Кечирип кой, мас болчумун» деген билдирүү келди. «Макул, түшүнѳм» деп жооп жаздым да, контакттарын ѳчүрүп салдым».
Харассмент ар түрдүү формада: шек жараткан комплименттер, тамашалар, шылдыӊдоолор, асылуулар, жабышып артынан түшүүлѳр, уятсыз ишаралар же коркутуулар түрүндѳ байкалышы мүмкүн.
Эгер адам экинчи бир адам тарабынан аткарылган иш-аракеттер ага жакпай турганын билдиргенине же түшүндүргѳнүнѳ карабастан, алар улана берсе, анда бул харассмент болуп эсептелет.
Кээде харассмент кѳрсѳткѳндѳр жыныстык асылууларга карата негативдүү реакцияга же ѳз ара байланышты четке кагууга олуттуу маани беришпейт. Кийин алар ѳздѳрүн «жок» деген сѳздү «ооба» деген жооптун назданган варианты катары түшүнгѳнүн, ошондуктан башка кишинин жеке мейкиндигин бузууну улантканын айтып актанышат. Айрым учурларда «чындап четке кагуу» эмне экендиги жѳнүндѳ талкууларды жаратат. Тилекке каршы, мындай талкуулар таптакыр башка натыйжага алып келиши ыктымал: харассменттин курмандыгын провокатор деп да айыптап чыгышы мүмкүн . Мындай учурда бир нерсени унутпаш керек — асылууну жактырбаганын демонстрациялоо чындап четке кагуу же бул аракеттердин токтотулушу үчүн белги болот.
Дагы бир кѳйгѳй бар: кээ бир адамдар жыныстык жактан ыдык кѳрсѳтүүлѳрдү ѳз убагында четке кагып токтото алышпайт. Жыныстык жетилүү курагында бул сексуалдык дүүлүгүүнүн жана дененин таасирленүү деӊгээлинин жогору болушу менен шартталышы мүмкүн. Дененин таасирленүүсүн токтотуу үчүн, изилдѳѳлѳр боюнча, функциясы 20–30 жаштарда толугу менен жѳнгѳ салынып бүткѳн баш мээнин маӊдайкы бѳлүгү жооп берет. Тактап айтканда, адамдын мээси ѳспүрүм куракта кѳп учурда дүүлүгүүнү башкарууга жана токтотууга алы келбей калат.
Ошондуктан үй-бүлѳдѳ уулу же кызы жыныстык жактан жетилгенге чейин эле жеке мейкиндик тууралуу сүйлѳшүп, башка адамдар тарабынан аткарылган кандай аракеттер бул мейкиндикти бузууга жатары жана кандай зыянга алып келиши мүмкүн экени түшүндүрүлүүсү зарыл.
Окуя №3. «Бул тай эжемдин үйүндѳ бѳлѳмдүн бѳлмѳсүндѳ болгон. Келечекте сѳзсүз үйлѳнѳрүбүздү, балдарыбыз боло турганын айтты. Эркиме каршы денемди кармалады. Анын бул аракеттеринен жана жеке мейкиндигимди бузгандыгы үчүн ѳзүмдү ыӊгайсыз сездим.
Ал учурда бул туура эмес кѳрүнүш экенин деле билген эмесмин. Флирт жана кармалоолор эки тарап теӊ буга макул болгон учурда гана нормалдуу деп эсептелерин кийин гана билдим. Ал эми ошол кырдаалда мен анын аракеттерине макул эмес болчумун жана абдан эле жагымсыз сезилген. Бирок эч нерсе болбогондой мамиле кылып койдум. Кийин бул тууралуу апама айтып бердим».
Мындай жагдайда биринчи эле кезекте жасалган аракеттердин кѳӊүлүнѳ жагып же жакпаганын аӊдап түшүнүү зарыл. Эгер алар жагымсыз болуп, ыӊгайсыздык жаратса, анда чындап эле жеке мейкиндикти бузуу аракетине жатат жана аны дароо токтотуу зарыл.
Эгер сезимиӊизди түшүнүү кыйын болуп жатса, анда окуя тууралуу ѳзүӊүз ишенген жакын адамыӊызга айтып берсеӊиз болот. Биргелешип чечүү процессинде сезимдериӊизди жакшыраак аныктап, түшүнѳ аласыз.
Ошондой эле чѳйрѳдѳгүлѳргѳ кайрылсаӊыз, мисалы, соцтармактарга «Мындай окуя — бул, силердин оюӊар боюнча, аша чапкандыкпы же ага жетпейби?» деген суроо берсеӊиз болот. Бул үчүн сѳзсүз эле ѳзүӊүз жѳнүндѳ кеп болуп жатканын айтууга кажет жок, суроону жаксыз формада берүү мүмкүн. Башкалардан келген жооптор менен комментарийлер аркылуу жагдай такталып, толукталат — мына ушундай шарттарда сиз окуяга карата мамилеӊизди белгилей аласыз.
Эгер харассментке коошкон окуя мектепте болуп, классташтарыӊыздын арасында досторуӊуз бар болсо, аларга да «Болуп жаткан нерсе жеке мейкиндикти бузууга жатабы же жокпу?» деген суроо менен кайрылып, досторуӊуздун колдоосун жана кайтарым жообун ала аласыз. Ал эми бул да жетишсиз болгон учурда мугалимдердин бирине же мектеп жетекчилигине, жана албетте, ишенимдүү мамиле болсо, ата-энеӊизге айтып беришиӊиз керек.
Тилекке каршы, айрым ата-энелер мындай темада сүйлѳшүүгѳ даяр болбой калышы ыктымал. Маселен, колдоо кѳрсѳтүп, маселени чечүүнүн ордуна «Ой ким тийишмек эле? Мындай болушу мүмкүн эмес. Ѳзүӊ эле ойлоп чыгардыӊ» сыяктуу жооп берип коюшу мүмкүн. Жакындардын мындай реакциясы кѳп учурда ѳздѳрүнүн негативдүү сезимдери жана тынчсызданууларын жеӊе албай, четке кагууну туура деп эсептѳѳсү менен байланыштуу.
Эгер сиз ата-энеӊиз жактан конструктивдүү реакция болбой турганын билсеӊиз, анда маселе тууралуу ѳзүӊүз ишенген башка киши менен сүйлѳшүп кѳрүӊүз. Же болбосо, күнү-түнү иштеген 111 номерлүү акысыз ишеним телефонуна чалып кайрылыӊыз. Ал жерде бардык жагдайлар жѳнүндѳ анонимдүү негизде сүйлѳшүүгѳ боло турган квалификациялуу психологдор иштейт.
Окуя №4: «Анда 17 жашта болчумун. Курбум экѳѳбүз паркта отурганбыз. Күтүүсүз жерден катуу жамгыр жаай баштады. Жай болгондуктан, жеӊил кийимчен болчубуз. Суу болбойлу деп, кол чатырдын астында отурганбыз. Бир аз убакыттан кийин бактын алдында бир эркек киши кызыктай позада отурганын байкадым. Бирок ага маани деле берген жокмун. Акырындан бизге жакындап келе жатты. Бир-эки метр калганда, мастурбация кылып жатканын кѳрүп калдык. Коркуп кетип, качып жѳнѳдүк. Коркконумдан денем калтырап, аркабыздан аӊдып жүргѳндѳй сезилип жатты. Бул тууралуу тааныштарыма жана апама айтып бердим».
Мындай кырдаалда негизги максат — ар кандай мүнѳздѳгү далилдерди: фотосүрѳттѳрдү, видео жазууларды, жазышуулардын скриншотторун, документтерди, окуяны ѳз кѳзү менен кѳргѳндѳрдүн кѳрсѳтмѳлѳрүн чогултуу.
Физикалык зомбулукка кабылган учурда дароо травмпунктка кайрылып, травмаларды каттоодон ѳткѳрүү зарыл. Жеке мүлккѳ зыян келтирилген болсо, аны сүрѳткѳ тартып, мүлктүн ѳзүн кийин милицияга далил катары берүү үчүн сактап коюш керек.
Харассментке мектептен кабылган болсо, бул тууралуу ата-энесине, камкорчусуна же жашы жеткен туугандарына жана мектеп жетекчилигине: завучка же директорго билдирүү зарыл. Бул маселени мектеп чечиши керек. Бирок, процесс тез илгерилеши үчүн үй-бүлѳнүн активдүү позициясы маанилүү.
Харассмент иштеген жерде болуп жатса (расмий түрдѳ он тѳрт жаштан баштап иштѳѳгѳ уруксат берилет), иш берүүчүнүн персонал боюнча менеджери жана жетекчилердин бири менен сүйлѳшүү сунушталат.
Харассментти далилдей турган материалдар болгон учурда дароо милицияга кайрылып, «сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттерге мажбурлоо» (КР ЖК 163) жѳнүндѳ арыз жазуу керек.