Каалоолор VS реалдуулук

Каалоолор менен чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштыра билүүнү кантип үйрөнүү керек? Ал эми мындай жөндөм кантип адамга бакытты жана кубанычты көбүрөөк сезгенге жардам берет? 

Эмнеге адамга кыялдануу берилген жана кыялдар эмнеси менен пайдалуу? 

Жөнөкөй сөз менен айтканда, адамдын кыймыл-аракети, ойлору жана сезимдери мээнин эки бөлүгү тарабынан башкарылат:

• инстинкттерди, эмоцияларды, сезимдерди, рефлекстерди лимбикалык система жөнгө салат;

• ал эми аң-сезимдүү иш-аракетке, рационализацияга, келечек жөнүндөгү ойлорго жана убакытты сезе билүүгө жаңы кортекс (жаңы мээ кабыгы - көптөгөн жаныбарларда болгону кичине гана чийик менен белгиленген, ал эми адамдарда мээнин негизги бөлүгүн жана көлөмүн түзөт) жооптуу. 

Окумуштуулар жаныбарлардын ой жүгүртүүсү, убакытты кандай сезээри жана кандай сезимдерди башынан өткөрөрү жөнүндө аз билишет. Бирок адамдар жөнүндө көптөгөн маалыматтар чогултулган, ал эми кыялдануу -  мээбиздин биохимиясынын өзгөчөлүктөрүнөн улам адамдарга мүнөздүү деп айта алабыз.

Кыялдар көбүнчө келечекке байланыштуу жана басымдуу учурларда эмоциялар менен коштолот. Бул мээнин эки бөлүгүнүн натыйжасы экенин билдирет: сезимдер үчүн жооптуу лимбикалык система жана ой жүгүртүү үчүн жооптуу болгон неокортекс.

Эгерде адамдар жакшыраак келечек тууралуу кыялдана албаган болсо, башка атаандаштарды сүрүп чыгарып, эволюция жолун ийгиликтүү басып өтө алмак эмес. Мындай кыялдар бизди жашоо шартыбызды жакшыртууга, курчап турган нерселерди ойлоп табууга, жаңылыктарды жаратууга жана өзгөртүүгө түрткү болду.

Кыялдар пайдалуу, анткени алар бизге келечегибизди пландаштырууга жардам берет. Кыялдар позитивдүү эмоцияларды пайда кылгандыктан, биз алардан жашообузду өзгөртүүгө аракет кылууга жана иштөөгө дем-күч алып турабыз. Кыялдануу менен аракетибизге жараша сыйлыкты алдын ала алгандай болобуз, бул дагы бизге алдыга карай умтулуубузга күч берип турат.

Кыйынчылыктан качууга негизделген мотивацияга караганда кыялдануу ырахатынан келип чыккан мотивация көбүнчө күчтүү жана туруктуураак болот. Бирок аларды ишке ашыруу үчүн кыялдардан конкреттүү иш-аракеттерге өтүү дайыма эле оңой боло бербейт.

Кыялдануу этабынан өткөндөн кийин, коюлган максаттарга жетүү үчүн кадамдарыңызды баалоо маанилүү. Бул үчүн сиз өзүңүзгө төмөнкү суроолорду беришиңиз керек:

  • Сиздин кыялыңызды ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек?
  • Буга кантип так жетишүүгө болот?
  • Эмнени курмандыкка чалууга туура келет?
  • Сиздин кыялыңызга жетүү жолунда кандай оң жана терс сценарийлер болушу мүмкүн?

Адамдар дайыма эле мындай баа берүү аракеттерин жасай беришпейт. Бирок көңүл калууларга, өкүнүчтөргө кабылуудан алыс болом десеңиз, муну жасаганыңыз абзел.

Эмне үчүн биздин каалоолорубуз кээде жалган болуп чыгат жана алардын реалдуулугун кантип баалоого болот?

Көбүнчө биз эмнени каалап жатканыбызды толук түшүнбөйбүз. Бул биздин күнөөбүз эмес - биздин психикабыз ушундай иштейт: биз өзүбүздү алдап, когнитивдик тузакка түшүп калабыз. Мисалы, адам: “Мага бул мамиле керек”, “Мага бул жашоо керек”, “Мен аристократиялык үй-бүлөдө төрөлсөм бактылуу болмокмун” деп ойлошу мүмкүн. Мунун баары коопсуздукту, бакытты жана ийгиликти кепилдегендей сезилет. Бирок көбүнчө мындай ой жүгүртүү тышкы факторлордон улам калыптанып калат.

Мисалы, бир адам тез карьералык өсүү же заматта байлыкка ээ болуу мисалдарын көрүп, дал ушул нерсе дагы өзүнө  керек деп ойлой башташы мүмкүн. Бирок бул максаттарга жетүү үчүн көптөгөн факторлор бар экенин унутуп коёт. Кимдир-бирөө байланыштар, ийгилик же кокустук жагдайлар аркылуу тез байып кете алат. Бардык адамдар ар кандай жеке сапаттарга ээ: айрым бирөөлөр үчүн бизнесмен болуу оңой, ал эми башкаларга бул үчүн керектүү көндүмдөрдү калыптандыруу кыйыныраак. Жана мунун эч кандай жаман жери жок – ар бир адамдын өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары бар.

Теориялык жактан алганда, сиз каалаган максатка жете аласыз, бирок ага жетүү ылдамдыгы ар бир адам үчүн ар кандай болот. Башкалардай эле бир нерсе оңунан чыкпай калса, капа болбоо үчүн муну эске алуу маанилүү.

Максатка умтулуудан (же анын кол жеткис экенине капалануудан) мурун, каалооңузду талдап чыгышыңыз керек:

Анын канчалык реалдуу экенин түшүнүңүз. Ар бир адам бай болгусу келет, бирок бул чындап эле сиз каалаган жана умтулган нерсеби?

Конкреттүү параметрлерди аныктоо да маанилүү. Мисалы, “эбегейсиз бай” деген сиз үчүн эмнени билдирет? Бир миллион сом? Миллион доллар? Жүз миллион долларбы? Же жер жүзүндөгү эң бай адам болуп калуубу?

Конкреттүү план түзүңүз. Бул максатка жетүү үчүн кандай кадамдар керек? Алар ар бир адамдын жөндөмүнө, байланышына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ар кандай болот. Эң негизгиси, бул сизге канааттануу жана бакыт алып келерине ишениңиз.

Анткени, кээде, көп акча эңсөөнүн артында жөн гана башка жол менен алынышы мүмкүн болгон урмат-сый жана абройго ээ болуу муктаждыгы болушу мүмкүн. Же белгилүү бир адам менен түгөй болуу каалоосу болгону жакындыкка болгон табигый муктаждыкты билдириши мүмкүн. Мындай каалоону өнөктөш болууга татыктуу башка бирөө деле канааттандыра алат.

Каалооңуздардын чыныгы табиятын түшүнүү жана алардын реалдуулугун баалоо менен, сиз көңүлүңүздү калтырбай, сиз үчүн чындап маанилүү болгон максаттарга кадам таштай аласыз.

Биздин каалоолорубуздун артында эмне жашырылышы мүмкүн?

Жогоруда айтылгандай, кээде биздин каалоолорубуздун артында, мисалы - укмуштуудай бай болуу же белгилүү бир адам менен мамиледе болуу, биздин сүйүктүү ырчыбыз же блоггерибиз тарабынан байкалып калуу сыяктуу терең муктаждыктар жатат. 

Мисалы, бир окуяны алалы. Өспүрүм курактагылар коомдогу белгилүү адамдарга: актёрлорго, ырчыларга, K-pop топторуна, стримерлерге же блогерлерге абдан жакын болуп калышат. Чындап алардын күйөрмандарына айланышат. Мындай ашынган күйөрмандыктын негизинде пайда болгон эң күчтүү каалоолордун бири – бул өзүнүн кумиринин көзүнө түшүү, анын көңүлүн өзүнө буруу  каалоосу. Бирок адатта, мындай каалоонун ишке ашуусу абдан кыйын, анткени адам канчалык популярдуу болсо, ошончолук көп сандагы күйөрмандар ошол эле нерсени каалашат. Мындай учурда атактуу адамдын көңүлүн бурууну каалаган күйөрман өзүнө: “Бул жылдыздын көңүлүн бурдуруу каалоом эмнени билдирет?” деген суроону коюп көрүүсү маанилүү.

Көбүнчө, өзү менен чынчыл диалогдо жылдыздын көңүл буруу зарылчылыгы адамдын өзүнүн маанилүүлүгүн тастыктоого жардам берет экен: “Мени таанымал блогер байкап калганы -  бул мен кандайдыр-бир деңгээлде башкалардан айырмаланып турганымды жана өзгөчө экенимди билдирет”. Адатта, анын башка ойлору да ушул мааниде болот.

Өспүрүм куракта адамдар өзгөчө беделдүү адамдардын таануусуна муктаж. Бул ага өзүнө болгон ишенимге ээ болууга жардам берет. Бирок жаш курагына же социалдык статусуна карабастан, ар бир адам туулгандыгы менен гана маанилүү экенин эстен чыгарбашы керек жана бул тууралуу дайыма өзүнүн эсине салып туруусу шарт. Ар бир адам маанилүү жана сүйүүгө, кабыл алууга жана ишенимге татыктуу.

Өзүн маанилүү сезүү үчүн атактуулардын көңүлүн буруу кажет эмес. Ар бир адам өз алдынча маанилүү. Муну түшүнгөндөн кийин, өспүрүмдо кумирдин көңүлүн бурууга болгон каалоосу чукул өзгөрүшү же таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн.

Адам өзүнүн маанилүү экенин сырткы ырастоосуз түшүнгөндө, ички гармонияны таба алат. Эгерде анын чоң амбициялары бар болсо, ал өзүнүн ишенимин жана өзгөчөлүгүн дүйнө менен бөлүшкүсү келет, балким, ийгиликтүү блоггер же музыкант сыяктуу атактуу адам болуп калышы мүмкүн.

Адамдын каалоолорун чынчыл жана ачык талдоо адамдарга өздөрү менен тең салмактуулукту жана гармонияны табууга жардам берет. Бул кыялдарды жана умтулууларды убактылуу гана ички боштуктарды толтурбастан, иш жүзүндө пайда алып келип, өнүгүүгө салым кошо тургандай кылып өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

Атактуулардан көңүл буруу каалоосу  - убактылуу өзүн маанилүү адам катары сезүүнү камсыздай алат, бирок узак мөөнөттүү канааттануу үчүн чыныгы муктаждыктарыңызды түшүнүү жана аларга жетүү үчүн иштөө маанилүү.

Чоң максатка кантип кадам шилтөө керек? 

Биринчи кадам - ​​бул максатка азыркы шартта жана каалаган мөөнөттө жетүү мүмкүнбү деген баа берүү.

Ой жүгүртүү абстрактуу болбошу үчүн, муну мектептеги жөнөкөй мисал менен карап көрөлү. Элестеткиле, окуучу, адатта, сабактарда С жана В баасын алат, бирок кээде сейрек А жана В бааларына да ээ болот. Экзамендерге саналуу гана айлар, ал тургай жумалар калды жана ал мурда түшүнүүгө аракет кылбаган предметтен эң жакшы деген баага сынак тапшырууну чечет. Бирок азыркы шартта мындай максатты ишке ашыруу  реалдуу эмес.

Дагы бир мисал, окуучу 10-класска өткөнү жатат, анын баалары деле ушундай, кээде С, кээде В, кээде татыктуу коюлган А жана D баалары да болот. Ошентип, ал төмөнкүдөй чечим кабыл алат: “Азыр тийштүү сабактарымдын бааларын жакшыртам. Кошумча упайларды кантип алуу керектигин чечем. Олимпиадага катышканга аракет кылам. Ал эми 11-классты аяктаганга чейин мен өзүмө керектүү бардык сынактарды жакшы тапшырам деп ойлойм”. Бул максатка жетүүгө карай багытталган туура кадамдар — жагдай сергек ой менен реалдуу бааланып жатат.

Андан кийин кийинки кадам  - бул максатка жетүү үчүн эмне кылуу керек экенин аныктоо жана кагазга түшүрүү (план түрүндө жазуу). Бирок бул этапта көптөгөн адамдар кыйынчылыкка дуушар болушат. Адамдар көбүнчө планда көрсөтүлгөн жалпы иш-аракеттерди  ("Мен бардык керектүү предметтерди кууп жетем", "Бааларды жогорулатуу үчүн эмне кылышты чечип алам"), алыскы жана жакынкы келечекте тиешеси жок нерсе деп эсептешет.

Ушинтип создуктуруу жана максатка жетүү үчүн реалдуу аракеттерди кийинкиге калтыруу башталат. Адам максаттарын ишке ашыруу мөөнөтүн белгилебейт жана планды тактабайт, аны жалпылаштырып жана бүдөмүк бойдон калтырат.

Майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыккан план ай боюнча гана эмес, күн боюнча да түзүлүшү керек - ал күн сайын максатка карай жылдыра турган кичинекей кадамдарды камтышы абдан маанилүү. Ооба, күнүмдүк эффект анча байкалбашы мүмкүн, өзгөчө сапардын башталышында. Бирок дал ушул планды кичинекей бөлүктөргө бөлүп, ишке ашыруу - бир эле учурда иш-аракеттерди жасоого жана бул аракеттерден чарчап калбоого мүмкүндүк берет. Жалпы республикалык сынактарга даярданууда болобу, чет тилин үйрөнүүдө же жаңы чуркоо ыкмасын үйрөнүүдө болобу, системалуу машыгуу – бул ар кандай максаттарды ишке ашырууга жардам берген негизги өзөк.

Муну бир адам түшүнүп, деталдуу план түздү дейли. Андан кийин эмне болушу мүмкүн? Андан кийин көп учурда тынчсыздануу, шектенүү же коркуу сезимдери жаралышы мүмкүн. Мындан тышкары, адамды  чоң жана маанилүү максатка карай узак мөөнөттүү келечек тынчсыздандырбайт. Аны бардык күч-аракетин жумшоого жана тынымсыз аракеттерди кылууга азыр туура келерин түшүнгөнү көбүрөөк кыжаалат кылат. 

Бул ыңгайсыздыктын абдан жөнөкөй жана объективдүү түшүндүрмөсү бар: иштөөгө жана аракет кылууга караганда эч кандай иш кылбай отуруу адамга көбүрөөк жагымдуу. Адам сейилдеп, велосипед же скутер тээп, киного баргысы келген учурларда кандайдыр-бир татаал иш-аракеттерди жасагысы келбейт. 

Мындай учурда, адамда кээде адашуу пайда болот. Адам: "Эгер мен бүгүн планымдын бир пунктун аткарбай калсам, мындан чоң көйгөй болбойт, мен программаны кууп жетем!" Ооба, чынында, эч кандай чоң көйгөй жаралбайт. Бирок сиз өзүңүзгө мындай индульгенцияларды өтө көп бере баштасаңыз, анда  алдыда жагдайлардын начарлашы күтүлөт.

Бул үчүн өзүңүздү күнөөлөөнүн кереги жок. Бул биздин табиятыбыз экенин түшүнүү маанилүү. Анын негизин психологияда көптөн бери белгилүү болгон көйгөй - кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективаларды туура эмес баалоо түзөт. Кыска мөөнөттүү жана тез пайдалар (чындыгында кичинекей) узак мөөнөттүү пайдаларга караганда алда канча жагымдуу көрүнөт. Башкача айтканда, азыр биз үчүн узагыраак убакытта көбүрөөк канааттанууга караганда, аз мөөнөттө, кичине болсо да, ырахат алуу жакшыраак көрүнөт.

Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке туура баа берүү жана эмне маанилүүрөөк экенин түшүнүү - бул өтө зарыл жөндөм. Бул өзүн-өзү башкарууну жана өзүн-өзү көзөмөлдөөнү жакшы өнүктүрөт. Кээде бул үчүн жардамчы керек болот. Эгерде адам мындай пландаштыруу жана келечекти баалоо менен өз алдынча иш алып бара албастыгын түшүнсө, бул боюнча туугандарынан жардам сурап кайрылса болот: мисалы, камкорчулары; мындай планды түзүүгө кызыкдар курдаштары; же буга жардам бере турган тарбиячынын же репетитордун акы төлөй турган кызматы.

Мотивацияны ара жолдо кантип жоготуп албоо керек? 

Түшүнүү жана кабыл алуу үчүн эң маанилүү нерсе - узак мөөнөттүү максатка жетүү жолунда дайыма эле мотивациянын күчү боло бербейт. Мотивация сөзсүз түрдө төмөндөп, кээде тескери да болуп калышы ыктымал. Мунун эч кандай жаман жери жок. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул тууралуу дайыма эсиңизде сактап жүргөнүңүз оң, максатка жетүү үчүн аракет кылышыңыз керек, башкача айтканда, мотивация жок болгон күндө да деталдуу планыңызды ишке ашыра бериңиз.

Бирок бул жерде тең салмактуулукту табышыбыз керек. Бул иш, иштөөгө каалоо жок болгон учурда, өзүнө карата зордук-зомбулукка айланып кетпеши маанилүү. Мунун алдын алуу үчүн, сиз өзүңүздү колдоп турушуңуз керек болот. Мисалы, сиз өзүңүздүн максатыңызга жетүү үчүн абдан оор мезгилди башыңыздан өткөрүп жатканыңызды жана чындап эле досторуңуздун же үй-бүлөңүздүн колдоосуна жана дем-күчүнө муктаж экениңизди аларга  билдириңиз. Жакындарыңыз тарабынан берилген шоколад же китеп, ошондой эле,  иш кандай болуп жаткандыгы жөнүндө мезгил-мезгили менен маектешүү, кубаттаган сөздөр сизге дем берип турарын билгендери туура.

Эгер үй-бүлөңүздөн колдоо сурай албасаңыз, анда жалпы максатка умтулган адамдар чогулган жамааттарды издесеңиз болот. Мындай жамааттарда адамдар бири-бирин колдоп, ийгиликке жетүү үчүн биригишет. Мисалы, мындай топтор машыгуу, арыктоо же чет тилдерди үйрөнүү үчүн бир бирикмеге топтолушу мүмкүн.

Бирок жалпылап айта турган болсок, ар бир адам өзүнө өзү колдоо көрсөтө алат. Бул үчүн, сиз жөн гана өзүңүзгө ыраазычылык билдирип, жасалган иш үчүн өзүңүздү мактоону унутпашыңыз керек. Анан дагы болбой жаткан нерсе үчүн урушпаңыз. Күндөлүк жазуу да чоң жардам берет, бул жерде адам күн сайын кайсы нерселерге  ыраазы экенин жана  эмнелерди жакшырткысы келерин жазат.

Албетте, адамдын өз максатына карай кадам таштоого моралдык күчү жетпей калган жагдайлар да болот. Мисалы, ал көп иштеди, өзүнө тыным берген жок, аябай чаалыкты, же  катуу стресстик жагдайга туш болду. Бул учурда, өзүңүзгө тыныгуу берүү маанилүү. Эч кандай шартта эч нерсеге өзүңүздү күнөөлөбөшүңүз керек. Тыныгуудан кийин, сиз өзүңүздүн иш планыңызды жаңыртуу туура болот ага убактылуу артка жылдырып койгон нерселериңизди кошуп, бирок өзүңүзгө ашыкча жүк келтирбегенге аракет кылыңыз.

Тыныгуу учурунда сиз максатты жана аны ишке ашыруу үчүн аткарылышы керек болгон милдеттерди ойлобостон, сизге кубаныч алып келе турган нерселер менен алек болгонуңуз туура. Өзүңүздү алаксытканга аракет кылыңыз. Бирок андан майнап чыкпаса жана тынчсыздануу сезими көпкө кетпесе, психолог же психотерапевтке кайрылсаңыз болот.

Мотивацияңыздын күчү кетип калса, аны кайтаруунун дагы бир жолу - маанилүү максатыңыздын үстүндө иштеп жатып, өзүңүздүн айланаңызды жагымдуу нерселер менен курчаңыз. Мисалы, сүйүктүү музыкаңызды ойнотсоңуз болот, эгерде ал алаксытбаса, денеге жагымдуу эс алуу кийимин кийиңиз же тапшырмаларды аткарып жатканда сүйүктүү ичимдигиңизди жасап (же буюртма кылсаңыз) ичсеңиз болот.

Мотивацияны сактоонун дагы бир жолу - максатыңызга жетүү үчүн кызыктуу жана пайдалуу жолдорду издөө. Мисалы, эгер сиз англис тилин үйрөнүп жатсаңыз, анда англис тилинде стол үстүндөгү ролдук оюндарды ойной аласыз. Албетте, мындай оюндар менен окууну толук алмаштыруу мүмкүн эмес. Бирок грамматика жана лексика боюнча кадимки сабактарды жумасына эки жолу ушундай оюндарга алмаштырсаңыз, бул окуу процессин кызыктуу жана жагымдуу кылат. Бул сиздин максатыңызга оңой жана ырахат менен жакындашыңызга жардам берет.


Булак: Двор медиа