"Комфорт зонаңдан чык!" - бул өзүн-өзү натыйжалуу өнүктүрүүгө жана жеке өсүүгө алып баруучу жападан-жалгыз жол экенин билдирген мотивациялык ураандар. Бирок комфорт зонадан чыгуу чындап эле зарылбы? Зарыл болсо, анда кантип чыкса болот? Тескерисинче, комфорт зонаны качан түзүү маанилүү?
Британдык менеджмент теоретиги жана жүрүм-турум экономикасынын профессору Аласдейр Уайт өзүнүн “Комфорт зонасынан эффективдүү башкарууга чейин” аттуу китебинде комфорт зонасы эмне экенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Анын жазганы боюнча, комфорт зонасы – бул адамдын өзүн тынчсыздандырбай, тобокелчиликке барбай, натыйжалуу жана туруктуу көрсөткүчтү сактоо үчүн көнүмүш түрдө иш кылган абалы.
Башкача айтканда, комфорт зонасында жашообуз тынч, түйшүксүз жана кемчилиги жок өтөт. Ооба, жашоодо кескин өзгөрүүлөр болбойт жана бул өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан стресс дагы жок. Бирок анда эч кандай алдыга карай өнүгүү да орун алган эмес. Комфорттук зонада адам туруктуу абалда бир орунда “катып калат”.
Комфорт зонасы дайыма тааныш нерселерден жана күнүмдүк кайталанган аракеттерден турат. Бул жеке жана карьералык өсүш болбогон туруктуу бир жумуш болушу мүмкүн, ошол эле коомдук чөйрө, жылдар бою өзгөрбөгөн ошол эле музыкалык тректер, тасмалар, китептер, үйрөнгөн жолдор, көп жолу жашаган күнүмдүк тартип - бир сөз менен айтканда, бардык нерсе биз үчүн ыңгайлуу жана буга эмнеге көнүп калганыбыз да түшүнүктүү.
Бирок эң негизгиси, чыныгы жана субъективдүү комфортту чаташтырбоо керек.
Кээде комфорт зонасындагы шарттар адам үчүн объективдүү жагымсыз болуп саналат. Мисалы, зомбулук коштолгон мамиле же чарчаткан жумуш. Бирок булар адамдын жашоосуна ушунчалык турукташып калгандыктан, алардан баш тартуу кыйын болуп калат. Адам жакпаган жумушунан кетүүнү же абьюзивдик мамилени токтотууну чечсе, ага анын жашоосу азыркыдан да жаман абалга кептелип калчудай сезиле берет (мындан жакшыраак жумуш таба албайт, же өмүр бою жалгыз өтөт ж.б.у.с.). Ал эртеңки бүдөмүктүү жыргал жашоодон начар болсо да, ишенимдүү бүгүнкү күнүн тандай берет.
Ар кимдин комфорт зонасы ар башка болот. Кээ бири үчүн мектепке күнүмдүк барып-келүү, үй ташырмаларын аткаруу жана кечкисин Netflix тасамаларын көрүү комфорт зонасы болсо, айрымдары үчүн бул - олимпиадаларга жана сынактарга катышуу, көргөзмө жана музейлерге баруу, жаңы тааныштарды күтүү.
Адам өзүнүн комфорт зонасынан чыгууга канчалык даяр экендиги анын канча жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна таасир этет. Бирок биз бир комфорт зонасы башкасына караганда жакшыраак же жаман деп айта албайбыз - алар жөн гана айырмаланып турат.
Адамдын комфорт зонасы канчалык кең болгону анын жеке сапаттарынан, мотивациясынан жана баалуулуктарынан көз каранды. Мисалы, жаңы тажрыйбаны башынан кечирүүнү каалаган адамдар жаңы нерселерге жана таанышууларга кызыгышат, алардын кызыкчылыктары да көп түрдүү болот жана дайыма жаңы нерселерди татып көрүүгө умтулушат. Аларга комфорт зонасын кеңейтүү оңой.
Экинчи жагынан, эмоционалдык туруксуздугу (же невротизми) бар адамдар көбүнчө кыжалат болуп жүрүшөт, тез эле капа болушат жана терс окуяларга каршы турууда кыйынчылык тартышат. Алар үчүн кадимки комфорт зонасынан чыгып кетүү жана жашоосунда жаңы нерсени кабыл алуу кыйыныраак.
Комфорт зонадан чыгууда сырткы жагдайлар да маанилүү роль ойнойт, анын ичинде физикалык чектөөлөр (мисалы, ресурстардын же убакыттын бар же жок болушу ж.б.). Мисалы, биз саякаттоону жана жаңы маданияттар менен таанышууну каалашыбыз мүмкүн, бирок бизде эң негизги муктаждыктарыбыз үчүн гана жетиштүү жеке каражатыбыз бар. Албетте, мындай жагдайда каалоолорубузду ишке ашыруу кыйын.
Аласдейр Уайттын "Comfort Zone From Performance Management" китебинде комфорттук мейкиндикти түзүү модели сүрөттөлөт:
Адам комфорт зонасында да, дүрбөлөң зонасында да өнүгүп кете албайт. Ошондуктан бир жагынан ашыкча тынчсызданууну жаратпай турган, ал эми экинчи жагынан "жайыты жарашкан шарттар" болбой турган оптималдуу абалды табуу маанилүү. Чындыгында, ошол окуу жана өсүү зонасында болуу бизге кадимки жайлуу зонабызды акырындык менен кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Адамда эң натыйжалуу иштеген мотивациянын оптималдуу деңгээли бар. Бул идея Йеркес-Додсон мыйзамы менен түшүндүрүлөт. Бул мыйзам боюнча, эгерде мотивация өтө күчтүү толкунданууну жаратса, тынчсыздануу кошо көбөйүп, адам тапшырмаларды жакшы аткара албай калат дейт. Ал эми мотивациянын таасири төмөнүрөөк болсо, адам зеригип, кызыгуусун жоготот, ошондуктан ал бул жагдайда да эффективдүү иштей албайт. Татаалдыгы ар кандай милдеттер ар түрдүү деңгээлдеги мотивацияны талап кылаарын эстен чыгарбоо керек. Жөнөкөй тапшырмалар үчүн бир аз стимул жетиштүү болушу мүмкүн, бирок татаал тапшырмалар үчүн мотивациянын жогорку, бирок ашыкча эмес деңгээли талап кылынат.
1908-жылы психологдор Роберт Йеркес жана Джон Додсон атактуу экспериментин жүргүзүшкөн. Алар чычкандарды ар кандай татаалдыктагы лабиринттерге киргизишкен. Чычкандарды лабиринттен жол таап чыгууга "мотивациялоо" үчүн ар кандай кубаттагы электр тогун колдонушкан. Авторлор орто татаалдыктагы лабиринт үчүн орточо интенсивдүү "мотивация" керек экенин аныкташкан. Качан соккулар өтө күчтүү берилгенде же жетишсиз болгондо, чычкандардын лабиринттен чыгуусу натыйжалуу болгон эмес. Кызыктуусу, татаалдыгы жогору лабиринттен эффективдүү өтүү үчүн чычкандарга алсыз мотивация гана керек болсо, жеңил лабиринттен өтүү үчүн, тескерисинче, электр тогунун соккусу менен күчтүү мотивация керек болгон. Бул эффект чычкандарда табылганы менен, адамдарын жашоосунда да кездешет.
Келгиле, бир жагдайды карап көрөлү. Бир жумадан кийин өтө маанилүү предмет боюнча тест болот дейли. Бизде А жана Б аттуу эки студент бар деп коелу. А студенти предметке кызыкпайт, текшерүү ишине даярданууну тууралуу камаарабайт деле – эң көп дегенде сынакка бара жатып, автобуста бир-эки барак китеп окуп коет.
Кийинки Б аттуу студент, тескерисинче, бааларына өзгөчө көңүл бурат, текшерүү ишинен эң көп упай алгысы келет. Ал тестке окуу жылы баштала электе эле даярдана баштайт жана мугалим тапшырмаларды тараткан 10 секунддун ичинде темаларды кайталап баштайт.
Мына, сынак тапшырчу күн да келди. А аттуу студент аз жерден уктап кала жаздап, сынактын жооптору өздөрү келчүдөй болуп, эптеп текшерүү ишти жазарынан үмүт кылып келет. Б аттуу студент колундагы калем сабын кармалап, тезирээк текшерүү ишти жазып бүтүргүсү келет. Көздөрүнөн тынчыздануу байкалып турат.
Бир жарым саат убакыт өттү - мугалим студенттердин жооптору жазылган барактарды чогултат. Арадан бир жума өтүп, сынактын жыйынтыктары чыгарылат: А студенти да, В студенти да тесттен жакшы жыйынтык көрсөтүшө алышкан эмес. Билими менен баарын багындырууну пландаган В студенти 20 баллдан 11 гана упайга ээ болсо, эч нерседен камаарабай жүргөн А студенти 20дан 9 упай алат.
Буга эмне себеп болду? Эмне үчүн китеп бетин ачпаган студент менен бардык убактысын окуу менен өткөргөн студенттин упайлары 2 гана санга айырмаланып калган?
Йеркес жана Додсон мотивациянын орточо интенсивдүүлүгү гана эң мыкты жыйынтыктарга жеткирет деген мыйзам ачышкан. Белгилүү бир чек бар, андан ары мотивациянын төмөндөшү же көбөйүшү тескери натыйжаларга алып келет.
Башкача айтканда, А студенти да, В студенти да текшерүү иштерин анча ийгиликтүү жаза алышкан жок - алар тапшырманы натыйжалуу аткарышкан эмес, анткени биринчисинде мотивация өтө төмөн болсо, экинчисинде өтө жогору болгон.