Жыныс vs. Гендер

Крокодилдердин кээ бир түрлөрүндө тукумдун жынысына айлана-чөйрөнүн шарттары таасир берет. Натыйжада, эмбриондун жынысы жумурткада өнүккөн температурага жараша болот: эгерде температура жогору болсо, анда ургаачылар көбүрөөк чыгат, ал эми температура төмөн болгондо, эркектер көбүрөөк чыгат. Бирок адамдарда жыныстын калыптанышы экологиялык шарттардан көз каранды эмес, ал гендердик түзүлүшкө байланыштуу. Айырмасы эмнеде? Баарын ирети менен айтып берели.

Жыныс гендерден эмнеси менен айырмаланат?

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун  аныктамасына ылайык, жыныс адамга табиятынан төрөлгөндөн бери берилет. Булар, мисалы, гормондор, хромосомалар жана жыныс органдарын камтыган биологиялык мүнөздөмөлөр. Адамдын жынысы уруктануу учурунда, жумуртка сперматозоид менен кошулганда аныкталат. Бул процесс кантип ишке ашат?

Ар бир сперматозоид X же У жыныстык хромосомага ээ, ал эми бардык жумурткаларда Х жыныстык хромосома бар.Сперматозоид жумуртканы уруктандырганда анын X же У хромосомасы жумуртканын Х хромосомасы менен биригет. Хромосомаларда белок синтезине таасир этүүчү гендер бар. Ал эми белоктор, өз кезегинде, жыныс бездеринин иштешин жөнгө салып, организмдин жыныстык өзгөчөлүгүн аныктайт.

Адатта, XX хромосомалары бар адам репродуктивдүү органдар сыяктуу эле аялга тиешелүү башка өзгөчөлүктөргө ээ болот жана ал адамдын жынысы аял экенин билдирет. Ал эми XY хромосомалары бар адам, адатта, эркектин анатомиясына ээ жана алардын жынысы эркек деп саналат.

Адамдар бул дүйнөгө келгенде, көбүнчө балдар же кыздар деп аталат. Анан аларга жынысына ылайыктуу деп эсептелген жолдор менен өзүн кандай алып жүрүү керектиги айтыла баштайт. Бирок айрым учурда адамдын өз гендерин кабыл ала албай турган учурлар кездешет.  Ар бир адам уникалдуу жана алардын сезимдери жана инсандыгы, адатта, жынысы менен дал келбей калышы мүмкүн. Башка сөз менен айтканда, жыныс жана гендер бир эле нерсе эмес.

Гендер - бул адамдар өзүн кандай алып жүрүшү керек жана алар эркек же аял экендигине жараша кандай мүнөздөмөлөргө ээ болушу керектиги боюнча коом ойлоп тапкан эрежелердин бир түрү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адам төрөлгөндө жынысына байланыштуу куурчакка же оюнчук унаага, кызгылт же көк түскө тубаса сүйүү болбойт. Бул коомдук пикир менен калыптана турган нерселер.

Эркектер менен аялдар өздөрүн кандай алып жүрүшү, кийиниши жана баарлашуусу керектиги жөнүндөгү ойлорубуз биздин гендердик өзгөчөлүктөрүбүздү жана ролубузду калыптандырат. Бул ойлор бизге бала кезибизден бери сиңип калган. Маселен, бала бакчада, балдардын ортосундагы анатомиялык айырмачылык анча байкала электе, биз алардын жынысын кийген кийимине карап аныктай баштайбыз: кызгылт юбка кийген - кыз жана кыска чачтуу, көк шым кийген - бала. Кийинчерээк мектепте бул ролдор өнүгүп, майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыгып, стереотиптерди пайда кылат, мисалы, тынч жана сылык мыкты окуучу -  кыз жана агрессивдүү, тайманбас бейбаш - бала.

Ошентип, биологиялык жыныс адамдын физикалык аспектилери, мисалы, анатомия, гормондор жана хромосомалар менен байланышкан. Ал эми гендер - эркектер менен аялдардын жүрүм-туруму аныктаган коом тарабынан ойлоп табылган стандарттардын жана мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы.

Чынында, "биологиялык жыныс" деп, так аныкталган сыяктуу терминде да дал келишпестиктер бар. Биз салттуу түрдө биологиялык жыныстын эки түрү бар экенин билебиз: "аял" жана "эркек". Бирок хромосомалардын, гормондордун жана репродуктивдүү системанын түзүлүшү - аял жана эркек жынысынын типтүү аныктамаларына туура келбеши мүмкүн.

Мисалы, генотип топтому классикалык XY жана XXден айырмаланып, XXY болгон учурлар катталат. Мындай адамдарды интерсекс адамдар деп аташат. Бул көрүнүш биологиялык жынысты дайыма эки категорияга бөлүү мүмкүн эместигин жана "аял" - "эркек" жыныстарынын салттуу аныктамаларга туура келбеген башка биологиялык мүнөздөмөлөрү бар экенин баса белгилейт.

Ошондуктан, кээ бирөөлөр «биологиялык жыныс» дегендин ордуна «белгиленген жыныс» дешет. Бул кимдир-бирөө (мисалы, дарыгер же ата-эне) башка адам үчүн адамдын жынысын аныктай турган чечим кабыл алат дегенди билдирет.

Эмне үчүн адамдар жыныс адамдын мүнөзүн аныктайт деп эсептешет?

Эркектер менен аялдардын ортосунда физиологиялык айырмачылыктар бар. Алар жыныстык органдардын анатомиясында гана эмес, гормондордун деңгээлинде жана нейробиологиялык мүнөздөмөлөрүндө да көрүнөт. Мисалы, физикалык деңгээлде эркектер, маданий жана географиялык факторлорго карабастан, көбүрөөк булчуң массасына ээ болушат, бул аларды күчтүүрөөк кылат. Ошол эле учурда, аялдын денеси кан жоготуудан натыйжалуураак калыбына келет. Бирок бул физиологиялык айырмачылыктар ар бир инсанды толук аныктай албастыгын, жөндөмдүүлүктөрдүн жана кызыкчылыктардын көп түрдүүлүгү эркектерге да, аялдарга да мүнөздүү экенин эстен чыгарбоо керек.

Албетте, аял менен эркектин организмдериндеги айырмачылыктар эволюциянын жүрүшүндө пайда болгон. Бул үй-бүлөнүн калыптанышына жана ар кандай маданияттардагы “идеалдуу” эркек-аял түшүнүгүнүн пайда болушуна тассир берген. Антропологдор дүйнөнүн дээрлик бардык маданияттарында бирдей эле гендердик ролдорду белгилешет: “сүрдүү” агрессивдүү эркек жана “назик” камкор аял. Эмне үчүн мындай болуп калган, буга жооп табууга аракет кылып көрөлү.

 Эң биринчи себеп - бул ата-эне болуунун кыйындыгы, ага көп күч жумшалган аракеттер. Анткени адамдын баласы өз алдынча жашап кетүүгө ыңгайлашкан эмес. Физикалык жактан толук кандуу бала жаратуу табияттан мүмкүн эмес: чоң мээ чоң башты талап кылат. Адамдын алсыз баласы жыл санап гана торолот, баш мээси көп убакытка барып чоңоет.

Байыркы убактарда мындай өзгөчөлүк моногамдык байланыштардын пайда болуусуна себеп болгон - аялдар менен эркектер биргелешип, үй-бүлө түзө башташкан. Моногамдык үй-бүлөдө эркек анын гендери балдарына берилип жана тукуму уланып жатканына ишенимдүү болгон. Ал эми аялдын кош бойлуу мезгилинде же бала багуу учурунда абалы аярлуу болгондуктан, эркектен колдоо алып турган.

Үй-бүлө курган эркектер менен аялдар эң чоң пайда алып келген иштерге күч-аракетин биргелешип жумшашкан. Мисалы, эркектер мергенчиликте артыкчылыктарга ээ болушса, аялдар тамак-аш чогултууга жана кайра иштетүүгө жөндөмдүү болушкан. Жоопкерчиликти эффективдүү бөлүштүргөн жубайлардын өндүрүмдүүлүгү да жогору болуп, демек, жашоо-шартка мыктыраак болушкан. Мына ошентип,  жашоо үчүн күрөштө аял-эркек өздөрүнө мүнөздүү сапаттарга ээ болушуп, ар кимисине ылайык келген иш- чөйрөлөрү түзүлгөн.

Эмгекти жана милдеттерди бөлүштүрүү, ошондой эле,  нике союздарынын түзүлүшү - жашап кетүү мүмкүнчүлүгүн арттырган жеке жана коомдук сапаттардын калыптанышына таасирин тийгизген. Дал ушул сапаттар эркектерге да, аялдарга да жаккандыктан, биздин мезгилде да бул сапаттардын актуалдуулугу сакталып калган.

Бирок адамдын жашоосу олуттуу өзгөрүүлөргө туш келди, бир кезде маанилүү көрүнгөн сапаттар жана жөндөмдүүлүктөр кылымдар бою өзгөрүүгө дуушар болду. Мисалы, эркектерде атаандашын жеңүү жөндөмү мындан ары сөзсүз түрдө анын күчү аркылуу көрүнбөйт; ал, мисалы, дебат учурунда жакшы сүйлөй алгандыгы үчүн артыкчылыкка ээ болуп калышы мүмкүн. Мурда байыркы жамааттарда жашоо үчүн зарыл деп эсептелген нерселер дайыма эле заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп бере бербейт же такыр колдонулбашы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар жыныс адамдын жекелигин аныктайт деп эсептеп, аял-эркек деп бөлүнгөн ролдорду карманууну артык көрүшөт. Бирок "сүрдүү" жана агрессивдүү эркектер, ошондой эле "назик" жана камкор аялдар адамдагы мүмкүн болгон жалгыз вариант деп эсептебегендер да кездешет. Кийинки макалада эмне себептен изилдөөчүлөр жыныс менен гендердин ортосундагы айырмачылыктарды талкуулай баштаганын карап чыгабыз.

Гендердик абалды түшүнүү же гендердик иденттүүлүк деген эмне?

Биологиялык детерминизм теориясы коомдо көптөн бери популярдуу болуп келген. Ага ылайык, эркектер менен аялдардын жүрүм-турум башкача, укуктары, жөндөмдөрү жана мүмкүнчүлүктөрү да ар башка, анткени алардын табияты ушундай жаралган деп эсептешет.

Бирок социалдык конструктивизм бул теорияга каршы чыгып, “эркек” менен “аял” ортосундагы айырмачылыктардын биология менен байланышы жоктугун жана алар коомчулук тарабынан ойлонуп табылган деп ырастайт.


Заманбап изилдөөчүлөр гендердик иденттүүлүк адамдын сезимдерин жана өз гендерик абалын кантип түшүнгөнүнө жараша аныкталат деген ойду барган сайын колдоп жатышат. Кийим-кече, сырткы көрүнүш жана жүрүм-турум гендердик өзгөчөлүктү көрсөтүүнүн жолдору болушу мүмкүн. Заманбап илим боюнча, гендердик иденттүүлүккө болгон эмоциялар адамда 2-3 жаштан баштап калыптана баштайт.

Дүйнөдөгү көптөгөн адамдар өздөрүн эркек же аял экенин сезишет. Ал эми бул гендерге өздөрүн тиешелүү сезе албагандар үчүн заманбап илим жаңы аныктама берүүгө далалат кылып келет. Иденттүүлүк категорияларга бөлүнөт: бинардык (аял-эркек), бинардык эмес (мисалы, гендерквир, гендер-флюид) жана бөлүнбөс (жынысы жок). Адамдар бул сөздөрдү такыр башка мааниде колдонушу мүмкүн жана бул кадыресе нерсе: анткени гендердик изилдөөлөр илимдеги жаңы тармак жана ал колдонгон терминдердин мааниси өзгөрүп, кайра жаңы аныктамалар берилип турат.

Кээ бир терминдер адамдын биологиялык жынысы менен анын ички жыныстык сезиминин дал келүүсүн сүрөттөө үчүн колдонулат. Гендердик иденттүүлүк төрөлгөндө дайындалган биологиялык жыныска дал келсе, ал цисгендер деп аталат. Башка адамдар гендердик ички сезими алардын биологиялык (же дайындалган) жынысына дал келбешин байкашы мүмкүн. Мисалы, бир адам "аял" деп дайындалган жыныска ээ болушу мүмкүн, бирок анын гендердик идентификациясы "эркек" болушу мүмкүн. Мындай адамдарды көбүнчө трансгендер деп аташат.

Күнүмдүк жашоодо адамдар көбүнчө гендердик иденттүүлүк менен сексуалдык ориентацияны чаташтырышат, бирок инсандын бул эки аспектиси бири-биринен айырмаланып турат, бирок бири-бирине байланыштуу. Гендер - бул жеке нерсе, адамдын өзүн аял же эркек деп  кабыл алуусу, ал эми сексуалдык ориентация адамдын физикалык, эмоционалдык жана/же романтикалык жактан кимге тартыларын аныктайт.

Адамдар секс, гендер жана сексуалдык ориентацияны чаташтырганда, бул чындыкка дал келбеген туура эмес божомолдорго алып келиши мүмкүн. Адатта, гендердик стереотиптерге байланыштуу  коомдо калыптанган түшүнүктөр менен белгилүү бир жыныстагы адамдардын өзүн кандай алып жүрүүсү дал келбейт. Мисалы, куурчактар ​​менен ойногонду жактырган баланы "гей" деп жаңылыш эсептеп алышат, ал эми "балдар" бөлүмүнөн кийим тандап, чачын кыска алып жүргөн кызды “лесбиянкалардын” катарына кошуп коюулары толук мүмкүн.

Негизи адамдын кийими, жүрүм-туруму анын жеке каалоосуна жараша болот. Бул мүнөздөмөлөрдүн негизинде анын жынысы жана сексуалдык ориентациясы жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүн эмес, анткени белгилүү бир гендер тууралуу ойлорубуз ар кимдики  ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан, бул тууралуу билгибиз келсе, жөн гана сурап алышыбыз керек.

Интерсексуалдуулук деген эмне?

Интерсексуалдуулук - “эркек-аял” бинардык тутумуна ылайык келбеген адамдын организминдеги өзгөчөлүктөрдү сүрөттөө үчүн колдонулган жалпы термин.

Адамдар кандай себептерден улам интерсекс-адамдар болушу мүмкүн. Кээде бул алардын ички же тышкы жыныс органдарында аномалиялардын болушу менен шартталган, бул алардын жынысын так аныктоону кыйындатат. Мисалы, адамда бир эле учурда аялдын энелик бези жана эркектин урук бези болушу мүмкүн.

Же, эгерде адамда хромосомалардын башка айкалышы бар болсо, жана классикалык XY же XX ордуна, генотип XXY болуп саналат. Айрым интерсекс адамдар, адатта, эркек же аялга тийиштүү тышкы жыныс органдары менен төрөлүшөт, бирок гормондор же ички органдар ал категорияларга туура келбей калат.

Жаңы төрөлгөн баланын жыныс органы дарыгерлер күткөндөй көрүнбөсө, анда ал адам төрөлгөндөн баштап эле интерсекс катары аныкталышы мүмкүн. Башка учурларда, адамдар кийинчерээк, мисалы, жыныстык жетилүү учурунда, өздөрүн интерсекс экенин билиши мүмкүн. Кээде адамдар өмүр бою интерсекс экенин билбей жашай беришет.

Көпчүлүк учурларда, бала интерсекс болуп төрөлгөндө, дарыгерлер жана ата-энелер баланын жынысын эркек же аял кылып тандашат . Анан балага дайындалган жынысына жараша тарбия жана билим берилет.

Ошондой эле, баланын сырткы жыныстык органдарына операция жасалып, кийин жыныстык жетилүүгө жеткенде, денени эркек же аял категориясына ылайыкташтыруу үчүн гормондорду берүү кеңири таралган.

Бирок адамдын интерсексине медициналык көйгөй катары мамиле кылууну баары эле туура көрө бербейт. Кээ бир изилдөөчүлөр интерсекс адамдын денесиндеги өзгөчөлүктөрдү табигый деп ырасташат.

Барган сайын көбүрөөк адамдар наристелерге жана балдарга медициналык кийлигишүүнү туура эмес деп эсептешет. Тескерисинче, интерсексуалдарга бойго жеткенде дарылануу же операция тууралуу өздөрү чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк берүү керектиги айтылат.

Дүйнөдө канча интерсекс адамдар жашаарын эч ким билбейт. 1993-жылы жазган эссесинде биолог Энн Фаусто-Стерлинг интерсекс адамдардын санын эсептөө өтө кыйын экенин жазган жана адамдардын болжол менен 1,7% интерсекс экенин болжолдогон. Ошентип, интерсекс адамдардын саны кызыл чачтуу адамдардын санына туура келет деп эсептесе болот.

Бирок изилдөөчүнүн эмгегине сын көз менен карагандар, анын интерсекс адамдар деген аныктамасында медицина интерсекс деп эсептебегендерди да камтылганын айтышат. Алар интерсекс адамдар 0,018% пайызды түзөт деп, төмөн көрсөткүчтү белгилешет. Бирок интерсексти кантип так аныктоо туура, бул талаш-тартыш маселеси бойдон калууда жана учурда бирдиктүү пикир жок. Ал эми көптөгөн маалымат булактары Фаусто-Стерлингдин атактуу эмгегине шилтеме берүүнү улантып келет.

Трансгендердик

Адамдардын жынысы жана гендердик өзгөчөлүгү бирдей болгондо, алар цисгендер деп аталат. Бирок төрөлгөндө дайындалган жынысы алардын гендердик абалына дал келбегенин сезгендер да бар. Мисалы, бала кезинде кыз деп таанылган адам өзүн эркектей сезиши мүмкүн. Мындай адамдарды трансгендерлер деп аташат.

Трансгендерлер өздөрүнө аныктама берүү үчүн ар кандай терминдерди колдонушат, мисалы, транс аял/транс эркек, транс*, транс адамдар, бинардык эмес транс адам жана башкалар. Бул өзгөчөлүктү аныктаган туура термин жок болгондуктан, сезимтал маселеде сылык болуп, трансгендерлердин өздөрү жактырган аталыштарын урматтоо жана аларды  колдонуу маанилүү.

Эркектер менен аялдар цисгендер же трансгендер болушу мүмкүн. Ошондой эле, бинардык эмес адамдар болот, алар өздөрүн аял дагы, эркек дагы деп эсептешпейт: трансгендерлерди бул категорияга кошууга болот, бирок милдеттүү эмес. Бинардуу эмес адамдар ар кандай гендердик идентификацияга ээ болушу мүмкүн, мисалы, бигендер, агендер, гендерквер ж.б. Алардын айрымдары өздөрүн жөн эле "бинардык эмес адамдар" деп аташат.

Жакынкы убактарга чейин эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму транссексуалдуулукту психикалык оору деп эсептеп келген. Бирок 2019-жылы алар трансгендердүүлүктү мындай оорулардын тизмесинен алып салышкан. Окумуштуулар азырынча эмне үчүн кээ бир адамдардын биологиялык жынысы адамдын гендердик абалына дал келбей турганын так айта алышпайт.

Окумуштуулар буга ар кандай нерселер таасир этет деп эсептешет: биринчи кезекте биологиялык факторлор (генетика, гормондордун деңгээли жана башка физикалык мүнөздөмөлөр). Экинчиден, социалдык факторлор да маанилүү (балалык жана өспүрүм курактагы баштан кечирген окуялар). 

Транс адамдар ар кандай болушу мүмкүн: алардын гендери (өздөрүн ичтен кандай кабыл алышат), ар кандай жүрүм-туруму (кыймыл-аракети жана сырткы келбети) жана ар кандай сексуалдык ориентациялары боюнча айырмаланып турушат.

Көптөгөн трансгендерлер гендердик дисфорияга дуушар болушат, башкача айтканда, алар гендердик иденттүүлүгү менен жынысы дал келбей турганын, сырткы көрүнүштөрүн жана аларды айланадагылар кандай кабыл алганын оор кабыл алышат. Кээде айрым адамдардын шылдыңдоолору жана коюлган лакап ысымдар мындай абалдарын ого бетер татаалдаштырып, зордук-зомбулукка чейин жеткирет. Мындай кыйынчылыктарды башынан өткөргөндөрдө тынчсыздануу жаралып, жалгызсырап, өздөрүн төмөн сезип, көбүнчө депрессияга кабылышы мүмкүн. 

Кээ бир транс адамдар жашоолорун гендердик өзгөчөлүгүнө шайкеш келтирүү жана өзүн ыңгайлуураак сезүү үчүн ар кандай аракеттерди жасашат. Ар бир транссексуал адам гендердик дисфория менен аздыр-көптүр ийгиликтүү күрөшүү үчүн өзүнө ылайыктуу комбинацияны өзү аныктайт. Бирок бардык трансгендерлер "толугу менен гендерин өзгөртүүгө" умтулат деген ой туура эмес экенин түшүнүү керек.

Мисалы, кээ бирөөлөр үчүн жакындарына сырын ачып, жаңы ат менен өзүн тааныштыруу жетиштүү болот. Кээ бирлери гормоналдык терапияны колдонуп, документтерди өзгөртүүнү талап кылышат. Ал эми кимдир-бирөө косметикалык операцияны - мисалы, мастэктомия (сүт бездерин алып салуу) - тандап, ага акча чогулта баштайт.

Гендердик стереотиптер

Коомдо эркектер менен аялдар өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу белгилүү бир калыптанган түшүнүктөр бар. Гендердик ролдор деп аталган бул идеялар адамдын жынысына жараша кандай иш-аракет кылуу, сүйлөө, кийинүү жана өзүнө кам көрүү керек экенин көрсөтөт. Мисалы, коом көбүнчө кыздардан жана аялдардан аялдык, адептүү, жардамга даяр жана тарбиялуу сапаттарды күтсө, эркектерден күчтүү болушу күтүлөт. Бул күтүүлөр гендердик маселелерде маанилүү роль ойногон стереотиптерге негизделген.

Стереотип - бул бир адамга же топко карата кеңири таралган ишеним же бейкалыс пикирлер. Гендердик стереотиптер көбүнчө туура эмес жана объективдүү чындыкты чагылдырбайт. Алар адамдын жынысына жараша белгилүү бир мүнөздөрдү, жүрүм-турумдарды, кыялдарды жана умтулууларды таңуулайт. Бул стереотиптер сексизм деп аталган теңсиздикке жана адилетсиздикке алып келиши мүмкүн. Гендердик стереотиптердин төрт негизги түрү бар.

Биринчиден, инсандык сапаттарга байланыштуу стереотиптер. Аялдар көбүнчө жумшак жана эмоционалдуу болушат, ал эми эркектер өздөрүнө ишенген, агрессивдүү болушат деген туура эмес ишенимдер жолугат.

Экинчиден, үй-тиричилигиндеги милдеттер тууралуу стереотиптер. Мисалы, кээ бир адамдар аялдарды очоктун куту деп билишет: аялдарга балдар үчүн кам көрүү, тамак жасоо, үй жыйноо, жалпысынан үйдү жайлуу жана кооз кылуу милдети жүктөлөт. Эркектерди каражат табуучу жана колунан баары келген уста катары элестетишет: алар айлык алышат, каржы маселесине кам көрүшөт, ошондой эле жабдууларга - машине кароого жана үйдөгү буюмдарды оңдоого жооп беришет.

Үчүнчүдөн, кесип-кызматтарга байланышкан стереотиптер. Мисалы, биздин коомдо айрым кесиптер жалаң эркектерге гана тиешелүү деген түшүнүк бар. Эркектерди так илимдерге, аскердик кызматка же оор физикалык эмгекке жөндөмдүү деп эсептешет . Дарыгерлердин, инженерлердин, жүк ташуучулардын, учкучтардын жана мунайчылардын кесиптери көбүнчө “эркектик” деп саналат.

Экинчи жагынан, аялдар үчүн башка адамдарга кам көрүшү керек болгон "чыныгы аялдык" кесиптер бар. Алардын арасында мугалимдер, медайымдар, тарбиячылар, косметологдор, катчылар. Айрым өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда мурда аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси бар болчу. Бул тизмеге 400гө жакын кесип кирген, анткени алар аялдардын репродуктивдүү функцияларына терс таасирин тийгизет деп эсептелген. Бирок 2019-жылга карата мындай кесиптердин саны 100гө чейин кыскарган.

Төртүнчүдөн, сырткы көрүнүш боюнча стереотиптер. Коом көбүнчө эркектер менен аялдардын сырткы көрүнүшүн жана жүрүм-турумун белгилүү бир алкакка киргизип койгон. Бул стандарт боюнча, аялдар сымбаттуу жана чырайлуу келип, ал эми эркектердин узун бойлуу жана булчуңдуу болушу шарт. Мындан тышкары, кийим-кече жана сырткы көрүнүш боюнча стандарттар бар: аялдар боёнуп, узун көйнөк жана такалуу бут кийим кийүүгө милдеттүү, ал эми эркектер кыска чач жана шым кийиши керек.


Бул гендердик стереотиптер адамдарга көбүнчө терс таасирин тийгизет, анткени алар индивидуалдуулукту жана эмоцияны билдирүү эркиндигин чектеп коет. Мисалы, изилдөөлөр көрсөткөндөй, эркекти күчтүү деп эсептеген стереотип менен тарбияланган эркектер (мисалы, алсыздыгын көрсөтүүдөн коркуу) жүрөк-кан тамыр ооруларына, алкоголдук ичимдиктерге же депрессияга көбүрөөк дуушар болушат.

Ошондой эле, STEMге ылайыксыз деп тарбия көргөн аялдар көп учурда өзүн төмөн баалашат жана математика, инженерия жана технология сыяктуу тармактарда карьера жасоого азыраак умтулушат. Коомдогу стереотиптердин натыйжасында, биз эмоциясын жашырган эркектерди жана ишеними төмөн аялдарды көп кезиктиребиз.

Булак: Двор Медиа.