Урологго көрүнүү

Эркектердин сексуалдык ден-соолугуна кантип кам көрүү керек

"Эркектердин сексуалдык ден-соолугу" деген эмне?

Биологиялык көз караштан алганда, жыныстык катнаш - организмдин гормондор тарабынан башкарыла турган функцияларынын бири, бул аракет тукумду улантууга жана сактоого багытталган.

Башка жагынан алып караганда, адам үчүн секс тукумдун көбөйүшү үчүн гана зарыл болгон иш эмес. Биринчиден, секс адамдын организмине да, анын психикалык абалына көптөгөн пайдалуу таасирин тийгизет. Бул бакыт гормондорун өндүрүүнү шарттайт, жок дегенде эки адамдын ортосундагы байланышты бекемдөөгө жардам берген иш. Экинчиден, жыныстык катнаш учурунда жөн гана жагымдуу сезимдер коштойт.

Секс абдан жагымдуу жана коопсуз болушу үчүн ден-соолукка кам көрүү маанилүү.

"Эркектин сексуалдык ден-соолугу" деген эмне жана ал эмнелерди камтыйт? 

Гарвард медициналык мектебинин маалыматы боюнча, сексуалдык ден-соолук – бул эркектин сексуалдык активдүүлүккө толук катышууга жана ырахат алууга мүмкүндүк берген бейпилдик абалы. Эркектин сексуалдык ден-соолугуна көптөгөн факторлор таасир этет: физикалык, психологиялык, мамиле жана социалдык абалдар.

Эркектердин сексуалдык саламаттыгына жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын (ЖЖБИ) алдын алуу, айыктыруу, ошондой эле, эркектин тукумсуздук (балалуу болуу мүмкүн эместиги) деңгээлин баалоо жана аны дарылоо кирет.

Бирок эркектин сексуалдык ден-соолугу оорунун жоктугунда менен гана чектелбейт. Жыныстык ден-соолугу чың эркектин негизги көрсөткүчтөрү:  сексуалдык каалоосу (либидо) жана эрекция кармап туруу жөндөмдүүлүгү.

Кээде эркектерде эрекциясы боюнча көйгөйлөр пайда болот - бул сексуалдык катнашты бүтүрүү (уруктугун чыгаруу) же сексуалдык муктаждыкты канааттандыруу үчүн эрекциянын алсыздыгы. Мындай көйгөйлөрдүн себептери көп, атап айтканда, стресс, депрессия, мамилелердеги көйгөйлөр, тестостерондун нормадан төмөн деңгээли, урологиялык хирургиянын кесепети, ал тургай, холестерин менен бүтөлүп калган артериялар.

Башка ден-соолук көрсөткүчү катары эякуляцияны кошсок болот. Айрым учурда эркектерде бул жаатта маселе жаралышы ыктымал: мисалы, жыныстык кошулуунун эрте бүтүшү, созулуп кетиши же эякуляция учурунда оргазмды сезе албоо (аноргазмия).

Эркектер кайсы дарыгерге кайрыла алышат же уролог менен андрологдун айырмасы эмнеде? 

Аялдар кайрылган дарыгер - бул гинеколог, муну ар бирибиз билебиз. Бирок эркектерге сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолуктарын чыңдоого жардам берген дарыгерлер жөнүндө бир топ аз айтылат.

Эгер эркекке сексуалдык ден-соолукка адистешкен дарыгерге кайрылуусу керек болсо, анда ал урологго, андрологго же уролог-андрологго жазылуусу керек.

Табарсык, заара чыгаруучу жолдор, урук без оорулары, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды (ЖЖБИ) аныктоо жана дарылоо үчүн урологго кайрылышат. Бирок урологдор эркектердеги репродуктивдүү көйгөйлөр менен гана алектенбестен, эки жыныстагы (аял-эркек дебей) адамдардын сийдик бөлүп чыгарууда кезиккен ооруларын дарылайт. Бирок уролог-андрологдорго эркектер гана кайрыла алышат - булар адистешкен дарыгерлер.

Андролог – гинекологдун эркек эквиваленти, ал толугу менен эркектин репродуктивдүү системасынын көйгөйлөрү менен иш алып барат (мисалы, эркектин тукумсуздугу, эректильдик дисфункция, эркектик гормондордун жетишсиздиги). Ар бир андролог - бул уролог, бирок бул адистик эркектерди гана дарылоого багытталган. Андролог репродуктивдүү системаны дарылоо же импотенция боюнча гана тар чөйрөнү тандап алышы мүмкүн.

Эркектер да, аялдар да урологго кайрылышы керек, эгерде:

  • бөйрөк тушта оору пайда болсо;
  • жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга шектенүү жаралса;
  • заара кылганда ачыштыруу пайда болсо, сийдик тез-тезден чыгып, аны көзөмөлдөө мүмкүн болбой калса.

Ал эми эркектер бир гана жыныстык катнаш учурунда кезигүүчү көйгөйлөр пайда болгондо эмес (мисалы, эрекция көйгөйлөрү, өтө эрте эякуляция, либидо бузулушу ж.б. боюнча), башка учурларда да коркунучтуу симптомдор же дискомфорт жаралса, уролог-андрологго кайрыла алышат.

Кайсы жашта, кандай симптомдор пайда болсо, урологго кайрылуу зарыл жана урологдон кандай жардам күтсө болот? 

Эгер ден-соолукта эч нерсе тынчсыздандырбаса, анда эркек бала биринчи жолу урологго же уролог-андрологго 13-15 жашында барып, денеси жана сексуалдык ден-соолугуна байланыштуу суроолорду берсе болот.

Эгерде адам жыныстык жетилүү процессинде бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатса - мисалы, жыныс органдарынын жетилүүсүндөгү кемчиликтер (жыныстык мүчөнүн башын ачыкка чыгара албай калуу), жыныстык мүчөдөн адаттан тыш суюктуктардын бөлүнүүсү - урологго дароо кайрылуу керек. Же болбосо, мастурбация же секс учурунда ооруксунуу пайда болгондо да дарыгерге кайрылуу шарт.

Адатта, уролог-андрологдун кабыл алуусу мындайча өтөт: дарыгер суроолорду берет, даттанууларды (эгер бар болсо) тактайт жана текшерет, андан кийин ал кабыл алуу тууралуу медициналык китепчеге түшүрөт жана керектүү сунуштарды берет. Дарыгер бейтапты жаткырып же турган абалда бөйрөгүн жана ички органдарын текшере  алат.

Дарыгер эркек балдардын тышкы жыныс органдарынын абалын текшерет (жыныс бези, жыныстык мүчө), урук бездерин жана чаттагы лимфа бездерин изилдейт. Дарыгер текшерип жатканда, ооруксунуу пайда болсо,  бул тууралуу дарыгерге дароо айтыш керек, анткени оору - кандайдыр-бир көйгөйдүн бар экенинен кабар берип турат.

Зарыл болгон учурда, дарыгер арткы тешикке манжаларын колдонуу менен  простата безинин (простата) абалын текшере алат. Бул органдардын абалын баалоого жана олуттуу оорулардын алдын-алууга мүмкүндүк берген стандарттуу медициналык процедура.

Мындан тышкары, кабыл алуу учурунда уролог жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтуу керектигин жана төрөттү көзөмөлдөөдө жана кош бойлуулуктун алдын алууда эркектердин ролу тууралуу айтып бере алат. Маанилүү көрүнгөн нерсе жөнүндө дарыгерден сурагандан уялбоо керек: мисалы, сексуалдык ден-соолуктун "нормасы" эмне деген суроолорду берсе болот.

Дарыгерге барар алдында атайын даярдык талап кылынбайт. Бирок бир сунуш бар: дарыгерге барардан бир күн мурун жыныстык катнаштан же мастурбациядан баш тартуу шарт. Ошондой эле, душка түшүп (самынсыз же гельсиз), ич кийимдерди алмаштырып алуу зарыл. Эгерде жыныс органдарында жагымсыз жыт пайда болсо, аны жашырууга болбойт, бул тууралуу дарыгерге билдирген оң.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эркектер ооруса да, аялдарга караганда дарыгерлерге азыраак кайрылышат. Бирок айрым медициналык текшерүүлөр (мисалы, ЖЖБИге анализ) адамдын жынысына карабастан, үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турушу керек.

Уролог - бул башка даргерлер сыяктуу эле, ден-соолукка байланыштуу  көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берген адис. Көйгөйдү жаап-жашырып же көңүл сыртында калтырып коюу туура эмес. Эгерде ден-соолукта бир нерсе кооптонтуп жатса, анда жардам алуу же профилактика үчүн сөзсүз дарыгерге кайрылуу туура.

Уролог-андролог эркекте жыныстык катнаш болгонун аныктай алабы? “Эркектин нормалдуу дарамети, же кадыресе либидо” кандай болот? 

Текшерүү учурунда уролог-дарыгер бейтаптын жыныстык катнашта болгон-болбогонун аныктай албайт. Физиологиялык жактан эркектерде кыздык чел кабык сыяктуу кыздыкты аныктап тургандай, эч кандай өзгөчөлүк жок. Кыздык чел кабыктын бүтүндүгү аркылуу адамдар кыздарга баа берип келишет. Бирок чел кабык бүтүн болгон күндө да, мындай баа берүү таптакыр туура эмес.

Эгерде жигит буга чейин сексуалдык жактан активдүү болсо же биринчи жолу жыныстык катнашта болгон болсо, анда бул тууралуу кабыл алуу учурунда дарыгерге  билдирүү сунушталат. Бул маалыматтардын негизинде, дарыгер тиешелүү экспертиза жүргүзөт жана зарыл болсо, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын бар экендигин аныктоо же аларды жокко чыгаруу үчүн анализ дайындайт.

Эркектердин сексуалдык ден-соолугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири - сексуалдык каалоо, же либидо. Бирок бул каалоо үчүн белгиленген ченем жок, анткени жынысына карабастан, ар бир адамдын жеке либидо деңгээли бар.

Төмөнкү либидо жыныстык катнашка жана сексуалдык активдүүлүккө болгон каалоонун төмөндөшүн билдирет, ал эми жогорку либидо, тескерисинче, жыныстык каалоонун жогорулаганынан кабар берет.

Жогорку либидо ар кандай себептерден улам болушу мүмкүн, анын ичинде физикалык активдүүлүк (спорт менен алектенген адамдарда либидо жогору болушу мүмкүн) жана тестостерондун деңгээли (кээ бир изилдөөлөр эркектерде тестостерондун деңгээли менен жыныстык каалоонун жогорулашынын ортосундагы байланышты тастыкташат).

Ал эми төмөнкү деңгээлдеги  либидо ар кандай себептерден, анын ичинде маданий жана социалдык аспектилерден, мисалы, диний адамдардын жыныстык катнашка болгон мамилесинен, ошондой эле, физиологиялык факторлордон келип чыгышы мүмкүн. Депрессия же тынчсыздануу менен жабыркаган адамдар (эркек-аял айырмасы жок) да сексуалдык каалоонун төмөндөшүнө дуушар болушат.

Либидо ар бир адам үчүн ар башка, бирөөлөр үчүн нормалдуу деп эсептелген нерсе экинчиси үчүн анормалдуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, дары-дармектер, улгайган жаш (өзгөчө 60 жаштан ашкан адамдар), өнөкөт оорулар жана адамдын психикалык абалы сыяктуу көптөгөн башка факторлор адамдын сексуалдык каалоосуна таасир тийгизет. 

Либидону жогорулатуунун бир нече жолдору бар, анын ичинде көнүгүү, секс терапиясы жана уйкуну кандыруу. Эгерде адамда либидонун өзгөрүшү жөнүндө кооптонуу пайда болсо, мүмкүн болгон себептерди аныктоо жана тийиштүү дарылоо планын иштеп чыгуу үчүн аны дарыгер менен талкуулоо маанилүү.

Жыныстык жол менен берилүүчү инфекцияларга (ЖЖБИ) качан анализ тапшыруу керек?

Көпчүлүк учурларда, ЖЖБИ белгилери байкалбайт. Инфекциянын бар экендигин аныктоонун бирден-бир ишенимдүү жолу - тестирлөө.

Жыныстык жактан активдүү болгондор үчүн, адам узак мөөнөттүү моногамдык мамиледе болсо да, жок дегенде жылына бир жолу текшерүүдөн өтүү сунушталат. Эгерде адамдын бир нече сексуалдык өнөктөшү бар болсо, же өнөктөш алмашкан сайын, тестирлөөдөн тез-тез өтүп туруу керек —үч айдан алты айга чейин. Бул эреже эркектерге да, аялдарга да тиешелүү.

ЖЖБИге текшерүүдөн өтүү сунуш кылынган дагы бир нече жагдайлар бар, анын ичинде корголбогон жыныстык катнаш (кын аркылуу, анал же оралдык), презервативдин жыртылып кетиши жана кандайдыр-бир симптомдордун болушу. Белгилеп кетсек, симптомдордун жоктугу да инфекциянын жугуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт, андыктан үзгүлтүксүз текшерүү ден-соолукка кам көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Ар кандай ЖЖБИ түрдүү симптомдор менен коштолушу мүмкүн. Эгерде адамда инфекциянын белгилери байкалса, мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылуу маанилүү. Байкоого ала турган симптомдор төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

  • жыныстык органдардын, сандын же жамбаштын үстүндө жана айланасында жаралар, катуу бүдүрчөлөр;
  • жыныс органдарынан адаттан тыш суюктуктардын бөлүнүп чыгуусу;
  • тез-тез заара кылуу жана ачышуу;
  • жыныс органдарынын шишип кетүүсү, кычышуу, оорутуу;
  • сасык тумоонун белгилери сыяктуу, дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, сөөктөрдүн зыркырашы жана чарчоо.

Медициналык текшерүүдө дарыгер пациенттин жыныстык жашоосуна, анын ичинде өнөктөштөрдүн санына, сексуалдык активдүүлүктүн түрлөрүнө, симптомдордун болушуна жана башка тиешелүү аспектилерге байланыштуу сурамжылайт. Бул дарыгерге так диагноз коюу жана натыйжалуу дарылоо үчүн керектүү маалыматты алууга мүмкүндүк берет.

Кандай инфекция текшерилип жатканына жараша ар кандай ыкмалар колдонулат. ЖЖБИ тести төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • заара анализи;
  • уретрадан же анустан кебез менен үлгү алуу;
  • жыныс органдарын текшерүү жана пальпациялоо;
  • кан анализи.

Кичинекей сунуш: эркектер анализ тапшыраардан эки саат мурун дааратканага барбай, бир күн мурун жыныстык катнаштан баш тарта туруусу жакшы. Бул анализдин так жыйынтыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл.

Булак: Двор Медиа.