Гинеколог тууралуу топ-5 суроо

Гинекологго баруу - жашообуздагы жагымдуу иштерден эмес экени белгилүү.  Бирок кээде организмде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, андыктан баары жакшы экенине ынануу үчүн, же бир нерсе жүрөгүңүздү өйүп турса, дарыгерге жардам сурап кайрылганыңыз оң.

Алгач ирет гинекологго качан көрүнүү зарыл?

Гинеколог - бул аялдардын ден-соолугуна кам көрүүдө медициналык жардам көрсөтүүчү адис. Гинекологдор аялдардын репродуктивдүү органдарына, анын ичинде жатынга, жатын түтүктөрүнө, энелик бездерге жана көкүрөккө, ошондой эле, ден-соолуктун башка аспектилерине байланыштуу көйгөйлөрдү аныкташат жана дарылашат.

Башка дарыгерге баргандай эле, профилактикалык кароодон өтүү үчүн же ар кандай суроолор, даттануулар, оорунун симптомдору пайда болгон учурларда адамдар гинекологго кайрылышат. Мисалы, кыздар бойго бүтүрбөөчү ыкманы тандоо боюнча кеңеш алуу үчүн же аларда адаттан тыш суюктук же ооруксунуу пайда болсо, гинекологдон жардам алышат.

Ар бир кызда этек кир ар кандай куракта башталат, ал эрте же кеч келиши мүмкүн: бул айлана-чөйрөгө жана өлкөгө жараша болот. Орточо алганда, кыздардын бул жетилүү процесси 12-15 жашында башталат. Дарыгер кабыл алуусунда денеде эмне болуп жаткандыгы жөнүндө сурамжылап, пациенттин жалпы абалын баалайт.

Эгерде эч кандай даттануулар жок болсо жана дарыгер ага көрүнүп туруу боюнча конкреттүү сунуштарды берген эмес болсо, анда оорулардын алдын алуу үчүн жылына бир жолу гинеколог менен байланышуу талапка ылайык. Адатта, мектептерде окуучуларды жыл сайын медициналык кароодон өткөрүшөт, анын алкагында кыздар гинекологго бара алышат.

Дарыгерге кайрылуунун дагы бир маанилүү себеби - профилактикалык иш-чаралардан тышкары, жыныстык активдүүлүктүн башталышы. Муну контрацепция боюнча кеңеш алуу үчүн да эртерээк жасаса болот.

Ошондой эле, пландаштырылган текшерүүнү күтпөстөн, гинекологго кайрылуу маанилүү, эгерде:

  • Жыныс органында  кычышуу, кызаруу, исиркектер пайда болуп, алар жуунуп, ички кийимдерди алмаштыргандан кийин да 2-3 күн бою кетпесе;
  • Заара чыгарууда ачышуу, ооруксунуу болсо же дааратканага бат-баттан баруу күчөсө;
  • Жагымсыз жыты бар, адаттан тыш суюктуктар бөлүнө баштаса;
  • 16 жашка чейин биринчи этек кири келбесе;
  • Биринчи этек кир келгенден бир жыл өткөндөн кийин, сейрек келе баштаса;
  • Менструация ооруксунуу менен коштолсо же өтө узак (7 күндөн ашык) убакытка созулса;
  • Этек кир учурунда же токтогон убактарда деле ичтин ылдый жагында сыздаткан оору пайда болсо;
  • Конкреттүү даттануулар жок, бирок өнөктөшү менен жыныстык катнашта болгон кыз жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды жуктуруп алган болушу мүмкүн деп шектенсе.

Медициналык аспектилердин маанилүүлүгүнө карабастан, оорулуу үчүн психологиялык комфорт маанилүү экенин белгилей кетүү керек. Ошондуктан, бардык көйгөйлөрдү эркин талкуулай турган дарыгерди тандоо сунушталат. Эгерде дарыгер ишенимдүү чөйрө түзбөсө, анда башка адиске кайрылуу оң. Жакшы гинекологду табуу үчүн жакындарыңыздан кеңеш сурап же интернеттен пикирлерди окусаңыз болот.

Гинекологдун кабыл алуусу кандай өтөт? 

Гинекологго баруунун биринчи этабы - диалог. Дарыгер пациенттин ден-соолугунун жалпы абалына кызыгып, этек кир цикли жөнүндө суроолорду берет: этек кир кандай өтөт (оору, ыңгайсыздык барбы), кан канча күн келет, кандай агып жатат, качан акыркы жолу болду жана мезгилдүүлүгү тууралуу маалымат сурашат.

Менструалдук цикл тууралуу тагыраак билүү үчүн, этек кирдин башталышын жана аягын, ошондой эле, этек кирдин симптомдору жана процесстин оор өтүшү сыяктуу өзгөчөлүктөргө көңүл буруп, аны эсепке алуу сунушталат. Бул процессте жардам берген Flo, Clue, Period Tracker сыяктуу көптөгөн ыңгайлуу мобилдик тиркемелер бар.

Дарыгер ошондой эле, жыныстык активдүүлүк жана бойго бүтүрбөөчү ыкмалар тууралуу маалыматты тактай алат. Сурамжылоодон кийин дарыгер белден ылдый чечинип, гинекологиялык креслого чыгууну суранат. Ыңгайсыздык пайда болгон учурда, мисалы, мектепте медициналык кароодо пациент процедурадан баш тартууга жана дарыгер менен сүйлөшүүнү тандоого укуктуу.

Эгер кызда жыныстык тажрыйба болгон болсо, дарыгер атайын  аспап - гинекологиялык күзгү аркылуу жыныс органдарын текшерет. Жыныстык активдүүлүк жок болгон учурда кыздык чел кабыкка зыян келтирбөө үчүн дарыгер визуалдык текшерүүнү жүргүзүп, зарыл болгон учурда көтөн чучук аркылуу ички органдардын абалын биле алат.

Медициналык кароолор жыныс органдарынын жетилүүсүн баалоого жана сезгенүүнүн белгилерин аныктоого багытталган. Дарыгер эмчекти да текшериши мүмкүн. Текшерүү аяктагандан кийин дарыгер натыйжалары менен бөлүшөт, медициналык китепчеге белгилейт жана сунуштарды берет.

Бул медициналык процедуралар көнүмүш болбогондуктан, башында уялууну, ыңгайсыздыкты жаратышы ыктымал. Эгерде кыз текшерүү учурунда ооруну сезсе, анда бул тууралуу дарыгерге билдирүү зарыл.

Алгачкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, дарыгер бир нече экспертизаларды сунуш кыла алат. Бул жамбашты УДИ аркылуу тартуу, жыныс суюктугу, кан же заара анализи болушу мүмкүн. Эреже катары, мындай текшерүүлөр, эгерде кыздын даттануусу болсо же дарыгер кандайдыр-бир оорунун белгилерин аныктаса - дайындалат.

Гинекологго айыз учурунда көрүнүү мүмкүнбү жана буга кантип даярданса болот? 

Кээде гинекологго баруу этек кир келген күндөргө туш келип калат. Ал эми мындай жагдайларда, кыздар, көбүнчө дарыгерге баруудан баш тартышат же башка күнгө жылдырышат. Этек кир келгенде гинекологго барууга болобу - бул кыздын дарыгерге кандай маселе менен, кандай максатта барганына жараша болот.

Эгерде кеп жамбаш органдарын текшерүү жөнүндө болсо, анда айыз цикли аяктаганда дарыгерге кайрылган оң. Же, жок дегенде, кандын келиши азыраак болушу шарт. Себеби этек кир каны кээ бир лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларына тоскоол болушу мүмкүн. Бирок, албетте, гинеколог этек кир келген учурда деле текшерүү жүргүзө берет.

Бирок кызды этек кирге байланыштуу маселелер (кандын адаттан тыш агышы, сейрек келиши) же башка көйгөйлөр тынчсыздандырса, анда этек кир келгенде доктурга кайрылганы жакшы. Догдурга барууга даярданууга келгенде, кээ бир негизги кеңештер бар.

Биринчиден, гигиеналык эрежелер боюнча кеңеш. Гинекологко барардын алдында кечинде же эртең менен душка түшсө жакшы болот. Самынсыз жана гель колдонбой, жылуу суу менен жууган жакшы, анткени косметика кындын микрофлорасына таасир этиши мүмкүн жана бул дарыгерге ден-соолуктун абалын объективдүү баалоого тоскоол болушу ыктымал. Ошондой эле, кындын ичине суу чачыратып жууган да болбойт. Өзгөчө анализ тапшырууда кындын микрофлорасы өзгөчө маанилүү болуп саналгандыктан, бул процедураны жасабоо керек.

Мындан тышкары, түктөрдү вульва аймагында кыруунун кереги жок, же жок эле дегенде, дарыгерге барууга чейин 2-3 күн мурун муну жасабаш керек. Жыныстык органдардын түктөрү менен дарыгердин башын айлантуунун кереги жок. Гинекологдун милдети – аялдын ден-соолугунда баары жакшыбы же жокпу, түшүнүү жана ар кандай көйгөйлөр менен күрөшүүгө жардам берүү. Чачтар, түктөр - дененин табигый жана нормалдуу бөлүгү. Эгерде кыз дарыгерге биринчи жолу корүнүп жатса, анда түктөрдү кыруунун эч кандай кажети жок: ушундай жол менен дарыгер кыздын жыныстык жетилүү мезгилиндеги организми кандайча өнүгүп жатканын баалай алат.

Кабыл алуу учурунда дарыгер анализ тапшырууну сунуш кылышы мүмкүн. Андыктан, кындын микрофлорасын өнөктөшүңүздүн микрофлорасына аралаштырбоо үчүн жолугушууга бир күн калганда жыныстык катнаштан баш тартканыңыз оң. Ошондой эле, кындын ичине тампон сыяктуу нерселерди койбош керек.

Экинчиден,  дарыгерге кирерден мурун ага берилүүчү суроолордун тизмесин камдап алган дурус, кээде  күтүлбөгөн жерден бир нерсе түйшөлтүп же түшүнүксүз болуп калат - мисалы, контрацепция ыкмасына байланыштуу суроолор.

Адатта, дарыгердин кабинетинде текшерүү үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар, анын ичинде бир жолу колдонулуучу памперстер жана салфеткалар текшерүү учурунда гинекологиялык креслого коюлат. Бирок эгерде гигиеналык буюмдар жок болуп калат деген кооптонуу бар болсо, анда жеке колдонуу үчүн буюмду, мисалы, сүлгү кошо алып алса болот.

Кыздык бар экенин дарыгер аныктай алабы? 

Адамдар көбүнчө кыздык челдин болушу кыздыктын көрсөткүчү деп эсептешет. Кыздык  – биринчи жыныстык катнаш учурунда жарылып кетүүчү кындагы ичке чел кабыкча. Кыз эркек менен жыныстык катнашка бармайынча кыздык бар деп эсептелет - кыздыгын жоготуу үчүн жыныстык мүчө ошол чел кабыкты жарып өтүшү керек. Кээде кыздар анын жыныстык катнашта болгон-болбогондугун дарыгер кабыл алууда билип калып, бул тууралуу ата-энесине баарын айтып береби деп коркушат. Бирок бул маселеде нюанстар бар.

“Кыздык”, “кыздык чел кабык” сыяктуу түшүнүктөр медициналык термин эмес экенин билүү зарыл. Кыздык чел – былжыр челдин ийкемдүү бөлүгү, илимде “гимен” деп аталат. Кыздык чел кабык ар кандай формада жана өлчөмдө болот. Чел кабыктын кандай формасы бар экенин ар бир кыз гинекологдун кабыл алуусунда биле алат. Бирок бул кындагы чел кабыктын бар же жок болушу “кыздыктын” көрсөткүчү эмес. 

Көбүнчө кыздык чел кабыкта бир нече тешиктер болот, алар аркылуу этек кир каны чыгат жана ал абдан ийкемдүү келет. Өспүрүм куракка чейин кыздык чел кабык жылына орто эсеп менен 1 миллиметрге чоңоет. Жыныстык жетилүү маалында энелик бездер менен бөйрөк үстүндөгү бездер эстроген гормонун бөлүп чыгара баштаганда,  чел кабык серпилгич болуп, бүктөмдөр пайда болот.

Кыздык чел кабыктын тешиктери жок, бүтүн болуп калган учурлар сейрек кездешет. Мындай  учурда врач хирургиялык дефлорацияны сунуштайт, анткени бул абал аялдардын организми үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратат.

Ооба, кээде жыныстык катнашы жок эле кыздык чел кабык айрылып калган учурлар да болот. Себеби гимнастика, велосипед тебүү жана башка көп нерселер болушу мүмкүн. Кыздык челдин айрылышы кыздын жыныстык жактан активдүү экенин билдирбейт. Көбүнчө кыздык чел кабыктын толук жыртылганын аныктоо өтө кыйын же мүмкүн эмес. Көбүнчө кыздык чел кабык айрылбайт – ал жөн эле чоюлуп калат.

Кыздык чел кабык кынга катуу нерселер (мисалы, манжалар, тампондор, оюнчуктар же пенис) киргенде айрылууга дуушар болот. Ал эми кээ бир аялдар кыздык чел кабыгы жок төрөлүшөт. Ошондуктан, гинекологдор да кыздын жыныстык жашоосу тууралуу сүйлөшпөй туруп, кыздын "кыз" экенин аныктай алышпайт.

Дарыгердин кабыл алуусунда кыз жыныстык катнаш боло электигин айтса, эреже боюнча, гинекологиялык аспаптар менен текшеришпейт. Бирок кээде зарыл болгон жагдайлар бар: мисалы, этек кир өтө көп убакытка созулса (10 күндөн ашык) же катуу оору пайда болсо.

Дарыгер пациент-кыздын сексуалдык тажрыйбасы бар-жогун өзү айтса гана аныктай алат. Же башка себептер боюнча билинет: мисалы, анализдер жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын бар экенин көрсөткөн учурлар. Бирок пациент менен сүйлөшпөй туруп, гинекологиялык креслодон кыздыкты аныктоо мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, Россияда жашы жете элек өспүрүмдүн ден-соолугунун абалы тууралуу анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү биле алышат. 15 жаштан 18 жашка чейинкилер мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусуз эле дарыгерге кайрыла алышат. Бирок 2020-жылдын августунан тарта ата-энелер же камкорчулар баланын макулдугусуз алардын ден соолугу, анализдин жыйынтыктары жана медициналык процедуралар тууралуу маалымат алуу укугуна ээ болушкан.

Эмне себептен дарыгерге көрүнүү толкундоону жаратат? 

Гинекологго барганга чейин кыздар аябай толкунданышат, коркуу сезими пайда болот, бул нормалдуу көрүнүш. Чындыгында, муну көйгөй катары көрбөгөндөр аз. Адамдардын дарыгерге барардан мурун кабатыр абалга түшүүлөрү кадыресе көрүнүш. Ал эми дененин интимдик бөлүктөрүн текшерүүгө жана жыныстык жашоо жөнүндө сүйлөшүүгө келгенде толкундоолор эки эсе күчөйт.

Гинекологиялык текшерүүлөр жана ага болгон мамилени изилдөөнүн биринде изилдөөчүлөр аялдарда ыңгайсыздык жараткан негизги себептерин аныкташкан. Сурамжылоого катышкан 433 аялдын дээрлик үчтөн экиси гинекологдун жынысы жөнүндө тынчсызданышат экен: аялдардын 45,5%ы аял гинекологду жактырышат жана 4,2%ы гана эркек гинекологго көбүрөөк канааттанаарын айтышкан.

Окумуштуулар, ошондой эле, аялдар дарыгердин алдында чечинүүдөн уялышат, жеке чек аралардын бузулушун жактырышпай, ошондой эле, текшерүү учурунда рак сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдүн табылып калуусунан кооптонушат.

Аялдар үчүн гинекологиялык текшерүү учурунда дарыгер эмне максатта кандай  процедура жасап жатканын билүү абдан маанилүү болгон. Көпчүлүк аялдар (62,1%) дарыгер текшерүүдөн кийин ден соолугунун абалы жөнүндө айтып берет деп күтүшкөн. Ал эми аялдардын 71,8% дарыгер түшүнүктүү жана сезимтал болушу керек деп айтышкан.

Көпчүлүк аялдар гинекологго ыңгайсыздык же уялып жатышканы жөнүндө билдиришкен эмес, буга көбүнчө дарыгерлердин “кайдыгер жана бой көтөргөн” мамилелери себеп болгон. Ал эми  коркуу, уялуу сезимдери менен бөлүшкөн аялдарга гинекологдор өзүн бош кармоосун айтышкан же күлүп жооп узатышкан. Жалпысынан алганда, изилдөөчүлөр гинекологиялык текшерүү учурунда аялдарга гинекологдор тарабынан урмат-сый жана позитивдүү мамиле кылуу маанилүү деген жыйынтыкка келишкен.

Дарыгерден адамгерчиликтүү мамиле күтүү ар бир адамдын укугу. Тилекке каршы, биздин өлкөдө гинекологдордун бейтаптарга одоно мамилеси дагы эле кеңири жайылган.Эгерде дарыгерге барар алдында психологиялык ыңгайсыздык ушундан келип чыкса, анда кемсинтүү, орунсуз тамашалар, атайылап одоно манипуляциялар - норма эмес экенин түшүнүү керек. Дарыгер тарабынан мындай мамилеге кабыл болгон аялдар мамилени жөнгө салуу талабын кое билиши керек. Эгер андай болбосо, анда мындай дарыгерди алмаштыруу керек. Эгер бул таптакыр мүмкүн болбосо, анда сиз жакын адамыңыздан  дарыгердин кабыл алуусуна чогуу баруусун сурансаңыз болот.


Булак: Двор Медиа.