Эркектердин контрацептивдери

Идеядан ишке ашырууга чейинки жол

Дүйнөдө эң кеңири таралган жана эффективдүү бойго бүтүрбөө ыкмасы

60-жылдары гормоналдык таблеткалар революциялык түрдө пайда болгондон бери, аялдардын контрацепциясынын түрлөрү дайыма жакшыртылып, өзгөрүүлөргө дуушар болуп келди. Эми аялдарда жыныстык катнашта күтүлбөгөн кош бойлуулук коркунучу жок. Ошондой эле, аялдар контрацепциянын бар же жок экендиги боюнча эркектин чечимине көз каранды эмес жыныстык катнашта болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө аялдарга жеткиликтүү контрацепциянын бардык ыкмалары бар:  гормоналдык таблеткалар, жатын ичиндеги аппараттар, имплантаттар, урукту жок кылуу дарылары, аялдардын презервативдери, диафрагмалар, кындын шакекчелери, инъекциялар жана стерилизация. Бул контрацепция ыкмаларынын кайсынысы дүйнөдө кеңири колдонулат?

Кызыктуусу, бойго бүтүрбөөчү ыкмалардын ар түрдүүлүгүнө карабастан, Бириккен Улуттар Уюмунун 2019-жылдагы баяндамасына ылайык, дүйнөдө аялдар арасында эң кеңири таралган ыкма  - стерилизация болуп саналат. Бул ыкма жумуртка клеткалары менен сперматозоиддердин биригишине жол бербөө үчүн  операция аркылуу аялдын жатын түтүкчөлөрүн бөгөттөө дегенди билдирет. 2019-жылы 23,7% же 219 миллион аял контрацепциянын ушул ыкмасын тандашкан.

Дүйнөдө 100 миллиондон ашык адамдар колдонгон үч эң популярдуу бойго бүтүрбөөчү ыкмалар булар: эркектердин презервативдери (189 миллион), жатын ичиндеги каражаттар (159 миллион) жана гормоналдык таблеткалар (151 миллион). 

Контрацепция каражаттарын колдонуучуларынын 45,2% пайызы аялдар менен эркектердин стерилизациясын, жатын ичиндеги аппараттарды жана имплантаттар сыяктуу туруктуу же узак мөөнөттүү ыкмаларды тандашат. Ал эми 46,1% пайызы эркектердин презервативин, гормоналдык таблеткаларды, инъекциялар сыяктуу башка кыска мөөнөттүү заманбап ыкмаларды колдонушат.

Дагы бир кызык нерсе, контрацепциянын ыкмалары аймакка жараша болот. Мисалы, аялдардын стерилизациясы дүйнөдөгү эң кеңири таралган контрацепция ыкмаларынын бири болгону менен, анын популярдуулугу дүйнө жүзү боюнча бирдей эмес. Репродуктивдүү курактагы аялдардын бештен биринен көбү бул ыкманы сегиз гана өлкөдө колдонушат. Мисалы, Доминикан Республикасында (30,6%) жана Индияда (29%) аялдардын стерилизациясы эң кеңири таралган. Ал эми Европада жана Түндүк Америкада бойго бүтүрбөөчү таблеткалар жана эркектердин презервативдери (17,8% жана 14,6%) көбүрөөк колдонулат. Латын Америкасында жана Кариб деңизинде аялдарды стерилизациялоо жана бойго болтурбоочу таблеткалардын популярдуу жогору (16,0% жана 14,9%). Океанияда болсо, бойго бүтүрбөөчү таблеткалар (16,9%) басымдуулук кылат, ал эми Борбордук жана Түштүк Азиядагы аялдардын 21,8% пайызы жатын түтүкчөлөрүн буудурушат.

Аялдардын бойго бүтүрбөөчү ыкмаларынын ар түрдүүлүгүнө салыштырмалуу, эркектерге бул каражаттар азыраак түрдө сунушталат. Учурда эркектер үчүн контрацепция ыкмасы катары вазэктомия жана презерватив гана бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, эркектер үчүн презервативге караганда эффективдүү жана коопсуз каражат али иштелип чыга элек. Презерватив каалабаган кош бойлуулуктун алдын алуу жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан, анын ичинде ВИЧ-инфекциядан коргойт. Бирок эркектердин контрацептивдеринин чектелген тандоосу ар кандай этикалык жана физиологиялык аспектилерди камтыган көйгөйлөрдү жаратат. Бул көйгөйлөрдүн кээ бирлерин карап көрөлү.

Биринчиден, аялдар менен эркектердин контрацептивдик ыкмаларынын бирдей эмес болушу - репродуктивдүү маселелер үчүн жоопкерчилик аялдарга көбүрөөк жүктөлөрүн билдирет. Бирок аялдар үчүн контрацепциянын көп сандагы түрдүү ыкмалары бар болгон күндө да, алардын жеткиликтүүлүгүнө кепилдик жок. БУУнун 2019-жылдагы отчетуна ылайык, дүйнөдө репродуктивдүү курактагы (15-49 жаш) 1,9 миллиард аял катталган. Алардын 1,1 миллиарды контрацепцияга муктаж болгон. 842 миллиону контрацепциянын заманбап ыкмаларын колдонуп келсе,  80 миллион аял салттуу ыкмаларды (календарлык ыкма, үзгүлтүккө учураган жыныстык катнаш жана башкалар) тандашкан. Бирок кош бойлуулуктан качкан 190 миллион аялдын контрацепцияга мүмкүнчүлүгү жок же чектелүү болгон. Мындан тышкары, мүмкүн болгон терс таасирлерден улам бардык эле аялдар контрацепциянын учурдагы ыкмаларын колдоно алышпайт.

Экинчиден, бардык эле эркектер үчүн контрацепциянын жеткиликтүү эки ыкмасы тең ылайыктуу келе бербейт. Бардык оң сапаттарына карабастан, презервативдер ыңгайсыздыкты, аллергиялык реакцияларды жаратышы же сезгичтикти төмөндөтүшү мүмкүн. Вазэктомия, өз кезегинде, кайра кайтарылуучу операция болуп саналат, бирок ар бир эле эркек бул операцияны кылдырууга даяр эмес. Дүйнөдөгү эркектердин жарымынан көбү эркектердин контрацепциясынын альтернативдүү ыкмаларына кызыгышкан. Бул контрацепция тармагында жаңы ыкмаларды өркүндөтүү жана өнүктүрүү үчүн олуттуу маселе бар экендигин ачык көрсөтүп турат. 

Бул макалада “Короо” паблиги эркектер үчүн контрацепциянын ар түрдүү ыкмаларын, мисалы, презерватив жана вазэктомия сыяктуу белгилүү ыкмалардан баштап, жылуулукка негизделген ыкма сыяктуу альтернативалуу варианттарга чейин кененирээк айтып берет. Ошондой эле, жакын арада же узак мөөнөттүү келечекте эркектер үчүн инновациялык контрацептивдик каражат ойлоп табуу максатында жүргүзүлүп жаткан эксперименттертууралуу сөз кылабыз.

Эркектер үчүн презервативдер: артыкчылыктары жана кемчиликтери

Презервативди адамдар байыркы замандан бери ар кандай формада колдонуп келишкен. Байыркы египеттиктер аларды биринчилерден болуп бильгарция мите куртунан сактануу үчүн колдонушкан. Байыркы Римде аялдардын жыныстык жол менен жугуучу ооруларын алдын алуу үчүн жаныбарлардын табарсыктарын презерватив катары колдонушканы белгилүү. Бирок байыркы убакта эркектердин презерватив колдонгону тууралуу ишенимдүү далилдер жок. Презервативдин биринчи расмий сүрөттөлүшү 16-кылымга таандык жана ал италиялык дарыгер Габриэль Фаллопиуска таандык. Ал эми заманбап презерватив Америкада каучук өндүрүү процессин патенттеген 19-кылымдын окумуштуусу Чарльз Гудьер тарабынан ойлонуп табылган. Алгачкы резина презервативи 1855-жылы пайда болгон.

Презерватив жаныбарлардын ичегисинен баштап, латекс жана полиуретанга чейин эволюцияланды. Бүгүнкү күндө алардын  кандай түрлөрү бар жана алар кандай артыкчылыктарга ээ, же кемчиликтери бар?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча презервативдер контрацепциянын эң эффективдүү ыкмасы болуп эсептелет, анткени алар корголбогон жыныстык катнаштын эки терс кесепеттерин: пландаштырылбаган кош бойлуулуктун жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын (ЖЖБИ) жайылышын алдын алат. Башка  бойго бүтүрбөөчү каражаттын эч бириси бир эле учурда эки функцияны тең аткара албайт. Туруктуу жана туура колдонууда - презервативдер - ар кандай ЖЖБИнин, анын ичинде жөнөкөй герпес вирусунун алдын-алууда абдан натыйжалуу. Кошумчалай кетсек, алар адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун (ВИЧ) жугуп калуусун 71% дан 80% га чейин азайта алат.

Туура колдонулганда, презерватив кош бойлуулуктун алдын алууда болжол менен 98% натыйжалуу болушу шарт. Бирок кадыресе жашоодо  бул көрсөткүч болжол менен 87% га чейин төмөндөйт. Жылдын жыйынтыгы боюнча, контрацепциянын жалгыз ыкмасы катары презервативди колдонгон 100 адамдын болжол менен 15и кош бойлуу болуп калат. Бул презервативдин жыртылуу, агып кетүү же шыпырылып калуу кемчилигине байланыштуу. Ошондуктан, көптөгөн адамдар презервативди контрацепциянын башка каражаттары менен айкалыштыруу аркылуу анын эффективдүүлүгүн жогорулатууну каалашат. Презервативге кошумча спермициддер, оралдык контрацептивдер же диафрагма колдонулат.

Презервативдер кичинеден чоңго чейин ар кандай өлчөмдө болоорун эстен чыгарбоо керек жана анын өлчөмүн туура тандоо маанилүү. Туура эмес кийгизилген презерватив ыңгайсыздыкты гана жаратпастан, анын эффективдүүлүгүн төмөндөтүп, кош бойлуулуктун жана инфекциялардын жугуу коркунучун жогорулатат.

Контрацепциянын башка көптөгөн ыкмаларына салыштырмалуу презервативдер жеткиликтүү: алар арзан, колдонууга жеңил жана дээрлик эч кандай терс таасирлери жок. Кээ бир адамдардын латекске аллергиясы болушу мүмкүн жана мунун алдын алуу үчүн полиуретан презервативдерин колдонсо болот.

Бүгүнкү күндө презервативдердин кандай гана түрлөрү жок: алар өлчөмү, түсү, жыты, даамы, материалы жана үстүңкү катмары боюнча ар кандай болушу мүмкүн. Алардын курамында майлоочу май болушу ыктымал, ал секс учурунда сүрүлүүнү азайтууга жардам берет. Мындай учурда презервативди жыртып алуу коркунучун жогорулап, эки өнөктөш үчүн тең ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Эгерде презервативдин майлоочу майы жок болсо же майлоочу май жетишсиз болсо, анда кошумча май каражатын  колдонсо болот. Бирок майлоочу майлар латекс резинасын алсыратып, жыртылуу же агып кетүү коркунучун жогорулатат. Ал эми кээ бир презервативдер спермицид каражаты менен капталган, ал сперматозоидди жумуртка клеткага жете албагыдай кылып, ылдамдыгын жайлатат. Бирок кээ бир адамдарда спермициддерден улам, кытышуу пайда болуусу мүмкүн.

Презервативдердин жарактуулук мөөнөтү бар, ал таңгагында көрсөтүлгөн. Презерватив жасалган материалдын түрүнө жараша бир жылдан беш жылга чейин сакталышы мүмкүн. Мөөнөтү өтүп кеткен контрацептивдерди колдонбоо маанилүү. Аларды туура сактоо да маанилүү: презервативди капчыгыңызда же чөнтөгүңүздө сактабаңыз – алар бырышып, бүктөлүп  калышы мүмкүн, бул учурда алардын эффективдүүлүгү бир топ төмөндөйт.

Вазэктомия деген эмне?

Вазэктомия – сперматозоиддердин уруктук суюктукка кошулуусун бөгөттөө үчүн жасалган хирургиялык операция. Бул вазэктомиядан кийин эркектин суюктугунда сперматозоид жок болот дегенди билдирет. Операцияда эркектин урук безинен жыныстык мүчөсүнө сперматозоиддер өтүүчү түтүкчөлөр жабылат. Мындай учурда эркектин жыныстык катнаш жасоо жөндөмдүүлүгү өзгөрүүсүз бойдон калат - операция тестостерондун иштелип чыгуусуна таасир этпейт. Жалпысынан, эркектин маанилүү функциялары өзгөрүүсүз калат. Бир гана айырмасы, уруктун курамында сперматозоид болбойт.

Вазэктомия биринчи жолу 19-кылымдын башында Британияда сүрөттөлгөн жана алгач бул процедураны иттерге колдонушкан. Ошол кылымдын аягында бул ыкма эркектерде ар кандай ооруларды дарылоо үчүн колдонула баштаган. Вазэктомия простатит оорусу менен байланышкан көйгөйлөр үчүн кастрацияга альтернатива катары каралган. Бирок убакыттын өтүшү менен, вазэктомия бул ооруну дарылоодо эч кандай практикалык пайда бербегени айкын болуп, аны колдонуудан чыгарышкан. Кийинчерээк эпидидимо-орхитти дарылоо үчүн вазэктомияны колдонуп башташкан. Бирок 1970-жылдары гана бул түрдөгү операциялар токтотулган.

 Вазэктомия контрацепция ыкмасы катары биринчи жолу клиникалык практикада 1897-жылы америкалык дарыгер тарабынан сунушталган. Бирок алгач бул операцияны  кылмышкерлерге карата мажбурлап жасоо сунушталган. 20-кылымдын биринчи жарымында АКШ менен Европада мажбурлаган стерилизация кеңири колдонула баштаган. Бактыга жараша, 20-кылымдын экинчи жарымында мажбурлап жасалган вазэктомия актуалдуулугун жоготуп,  жеке тандоо менен вазэктомия кеңири жайыла баштаган.

Контрацепция ыкмасы катары ваэктомиянын натыйжалуулугу 100% га жакын. Статистикалык маалыматтарга ылайык, эркектердин стерилизациясынан өткөн 2000 адамдын ичинен 1 адам гана жашоосунда пландан тышкары кош бойлуулукка кабылышы мүмкүн. 

Аялдардын стерилизациясы менен салыштырганда, вазэктомия азыраак жасалуучу процедура.Аялдар стерилизациясында терс таасирлерге, көбүрөөк чыгымдарга жана анестезиянын көбүрөөк колдонулушуна карабастан,  дүйнөдө аялдардын стерилизациясы эркектердин вазэктомиясына караганда 5 эсе көп жасалат. 

Вазэктомиянын көбүрөөк кезиге турган терс таасирлери: болжол менен 1%дан 2%ке чейин симптоматикалык гематома, 3,4%га жакыны инфекция, 15%тен 52%ке чейин калтанын оорушу менен коштолушу мүмкүн. Бирок бул процедуранын эч кандай олуттуу жана узак мөөнөттүү кесепеттери жок экенин белгилей кетүү маанилүү. Рак оорусунун пайда болуу ыктымалдуулугуна байланыштуу изилдөөлөр көрсөткөндөй, вазэктомиянын өзү простата безинин же урук безинин шишигин пайда болуу коркунучун арттырбайт. 

Эреже катары, жашоосунда балалуу болуудан баш тарткан адамдар контрацепциянын эң радикалдуу ыкмасы болгон вазэктомияга кайрылышат. Теориялык жактан бул операция кайтарымдуу деп эсептелген күндө  да, олуттуу чектөөлөр бар экенин белгилей кетүү маанилүү. Эгерде эркек вазэктомия операциясынан кийин кайра балалуу болуу жөндөмүн калыбына келтирүүнү чечсе, анда вазэктомиядан кийинки алгачкы 10 жылдын ичинде бул жөндөмүн ийгиликтүү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бул учурда мүмкүнчүлүк болжол менен 55% түзөт. Бирок вазэктомиядан кийин 10 жылдан ашык убакыт өтүп кетсе, бул ыктымалдык 25% га чейин төмөндөйт. Хирург тарабынан түтүкчөлөр ийгиликтүү туташтырылган болсо да, кош бойлуулук мүмкүнчүлүгү төмөн бойдон калышы мүмкүн.

Презервативдерден айырмаланып, вазэктомияны ар бир эркек колдоно бербейт. Мисалы, Орусияда медициналык көрсөтмөсү же экиден кем эмес баласы болбосо, 35 жашка чейинки эркектерге бул операция  жасалбайт.



Эркектин урук жумурткаларын жылытса эмне болот?

Жаратылыш сперматозоиддерди өндүрүү үчүн эркектин урук безин дененин сыртына жайгаштырган. Урук бездери сперматозоиддерди иштеп чыгуусу үчүн жайлуу шарттар керек. Бирок эмне үчүн жумурткалар сыртта жайгашып калды экен?

Көрсө, сперматозоид температуранын кичине өзгөрүүлөрүнө өтө сезгич болот экен. Айлана-чөйрө дене температурасына чейин жылыганда, сперматозоид кыймылдуу болуп калат. Бирок алардын жогорку активдүүлүгү аз убакытка гана сакталат, анткени көп өтпөй алардын күчү кетип калат. Сперма беш күн бою дене температурасында жашоого жөндөмдүү бойдон кала алат, бул аялдардын жыныс органдарын аралап, жумуртканы уруктандыруу үчүн жетиштүү убакыт. Сперматозоиддердин температурасы 37°Сден жогору көтөрүлгөндө, ийгиликтүү кош бойлуулуктун мүмкүнчүлүктөрү бир топ азаят. Башкача айтканда, жыныстык катнаштан тышкары, сперматозоид кыймылдуу жана активдүү болушу үчүн салыштырмалуу салкын чөйрөсүндө жакшы сакталат.

Ал эми урук безин бир аз жылытуу -  бул контрацептивдик таасирге ээ болобу же эркектин тукум улоо жөндөмүн жоготууга алып келеби? Окумуштуулар температуранын өзгөрүшүнө негизделген контрацепция мүмкүндүгүн билүү үчүн эксперименттерди жүргүзүп көрүшкөн. Көрсө, төрөт жөндөмдүүлүгү нормалдуу эркектерде дене температурасынын бир аз көтөрүлүшү чындыгында сперматозоиддердин өндүрүшүн азайтат экен. Бирок 1941 жана 1984-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндө олуттуу жогорулатылган температураны колдонушкан. Анын үстүнө, бул кыска мөөнөттүү болгон (күнүнө бир сааттан аз) жана ыңгайсыз жылуулук булактарын талап кылган. Чыныгы жашоодо контрацепциянын мындай ыкмасын колдонуу кыйын жана натыйжасыз болмок.

1994-жылы Роджер Муссет менен Луи Бужандын изилдөөлөрүндө жылуулук булагы катары өз денесин колдонуу менен урук безинин температурасын жогорулатуунун жаңы ыкмасы сүрөттөлгөн. Экспериментке тогуз түгөй, анын ичинде дени сак жана балалуу болууга жөндөмү бар эркектер катышкан. Эркектер 6 айдан 24 айга чейин күн сайын урук бездерин эки башка ыкма менен жылытып турушкан. Жыныс безинин температурасынын жогорулашы анча деле байкалбаган эмес– болгону 1-2°С. Натыйжада, бардык субъекттерде сперматозоиддердин өлчөмү жана кыймылдуулугу азайып, бирок  адаттан тыш формадагы сперматозоиддердин пайызы көбөйгөн.

Эксперимент учурунда бир гана түгөй күтүлбөгөн кош бойлуулукка туш болгон. Бирок буга  эркектин 7 жума бою изилдөөгө катышууну убактылуу токтоткондугу, анын жүрүшүндө урук жумуркаларын жылытуу ыкмасын колдонбогондугу себеп болгон. Изилдөөнүн жалпы жыйынтыгында жумуртка бездеринин температурасын жогорулатуу ыкмасы коопсуз, оорутпаган, кайра кайтарылуучу жана өтө натыйжалуу экендигин аныкталган. Субъекттердин чектелген санына карабастан, алдын ала маалыматтар тестикулярдык температуранын күн сайын бир аз жогорулашы - эркектер үчүн контрацепциянын потенциалдуу ыкмасы болушу мүмкүн экенин көрсөттү.

Учурда урук безинин температурасын көтөрүүгө негизделген эркектин контрацепция ыкмасы кеңири тарала элек, бирок француз изилдөөчүсү Пьер Колин сыяктуу айрым энтузиасттар аны активдүү жайылтып жатышат. Жергиликтүү дарыгер менен бирге ал эркектердин контрацепциясынын табигый "температура ыкмасын" иштеп чыккан, ал үчүн урук бездерин жылытуучу бандаж кийүү сунушталат. Бандаж жумурткалардын температурасын 34°Cден 37°Cге чейин көтөрөт, бул сперматозоиддердин иштелип чыгуусун токтотуу үчүн жетиштүү. Эркектерге бул аппаратты суткасына 15 саат кийүү сунушталат, ал эми ишенимдүү эффект үчүн бандажды  кеминде үч ай катары менен колдонуу шарт. Колиндин айтымында, ал  2019-жылга чейин бул аппараттын 200дөн ашык жуптарын саткан.

Кээ бир изилдөөчүлөр нанобөлүкчөлөрдү колдонууга өтүшкөн. "Наноконтрацепция" деп аталган ыкма аркылуу 100 нанометрге жакын нанобөлүкчөлөр урук безин ысытуу үчүн жеткирилиши мүмкүн. Бирок температурага көңүл буруу маанилүү, анткени урук безинин ысып кетиши ткандардын туруктуу бузулушуна алып келиши мүмкүн жана алар нормалдуу температурага келгенден кийин да сперматозоиддерди чыгара албай калат. Бул ыкма мүмкүн болуучу тобокелдиктерге байланыштуу өзгөчө этият болууну талап кылат.

2013-жылы алкачкылардан болуп  биолог Фей Сун урук бездерин жылытуу үчүн нанотехнологияны колдонууну изилдей баштаган. Ал бул үчүн чычкандарды колдонгон. Алгачкы сыноолордо нанобөлүкчөлөрдү иньекция аркылуу түздөн-түз жаныбарлардын урук безине киргизишкен. Бул нанобөлүкчөлөр - түктүү узун бактерияларга окшош, бетинде полимер чынжырлары менен капталган алтын атомдорунун узун наноддору болгон. Нанобөлүкчөлөрдү ысытуу үчүн инфракызыл нурлануу колдонулуп, нанобөлүкчөлөрдүн температурасы болжол менен 30°Сден 37-45°Сге чейин жогорулаган. Так температура киргизилген нанобөлүкчөлөрдүн концентрациясына жана нурлануунун интенсивдүүлүгүнө жараша болгон. Бирок бул ыкма урук безинин айланасындагы териге ысыктан зыян келтирип, жаныбарларга ооруксунуу жараткан. Окумуштуулар нанобөлүкчөлөрдү киргизүүнүн натыйжалуу ыкмаларын изилдөө иштерин улантышууда.

Контрацепциянын жылытуу ыкмасынын эффективдүүлүгү кошумча изилдөөлөрдү талап кылат жана анын натыйжалуулугун баалоого али эрте. Кээ бир чектелген изилдөөлөр, анын ичинде 2022-жылы чыккан макала боюнча, эркектер контрацепциянын термикалык ыкмасын, ошондой эле, башка жаңы ыкмаларды колдонуп көрүүгө кызыгууларын билдиришкен. Албетте, бул ыкма биринчи иретте коопсуз болушу шарт. Көптөгөн эркектер аялдардын контрацепция боюнча жүгүн жеңилдетүү жана балалуу болууда жеке жоопкерчиликти өзүнө алуу максатын көздөшөт.

Окумуштуулар эркектин гормоналдык эмес контрацепциясын жакынкы арада ойлоп табышабы?

Изилдөөчүлөр эркектер үчүн контрацепциянын гормоналдык эмес ыкмаларын иштеп чыгууну активдүү издеп жатышат. Жогоруда айтылган ыкмалардын бири - урук бездерин жылытуу, жылуулук ыкмасын колдонуу. 2022-жылдын март айында Америка химиялык коомунун жыйынында изилдөөчүлөрдүн биринин презентациясы коомдо кызуу талаш жараткан. ACS 'Journal of Medicinal Chemistry журналында кош бойлуулуктун алдын алууда эффективдүү болгон жана ачык терс таасирин тийгизбеген гормоналдык эмес эркек үчүн контрацептивдер тууралуу макала жарык көргөн. Ырас, андагы эксперименттер чычкандарга жасалган.

Окумуштуулардын көңүлү А витамини менен байланыштырган RAR-α деп аталган протеинге бурулган. Бул витамин клетканын өсүшү, сперматозоиддердин түзүлүшү жана эмбриондун өнүгүүсү үчүн маанилүү. Чычкандарда RAR-α гени жок кылынганда, алар эч кандай айкын терс таасирлери жок тукумсуз болуп калышкан.

Окумуштуулар YCT529 деп аталган кошулманы табышкан, ал эркек чычкандарга 4 жума бою оозу аркылуу берилип турган, натыйжада, сперматозоиддердин саны бир топ кыскарган. Бул ыкмада эч кандай терс таасирлер байкалган эмес жана кош бойлуулуктун алдын алууда 99% натыйжалуу болгон. Контрацепция кайра кайтарылуучу болгон: YCT529 берүү токтоткотулган соң, чычкандарга 4-6 жумадан кийин кайра тукум улоо жөндөмдүүлүгү кайтып келген. Окумуштуулар бул ыкманы андан ары өнүктүрүү үчүн изилдөөлөрдү улантууда.

2023-жылдын 14-февралында Nature Communications журналында Weill Cornell Medicine фармакологдорунун тобунан дагы бир кызыктуу изилдөөлөр жарыяланган. Окумуштуулар эркектин бойго бүтүрбөөчү каражатын иштеп чыгышканын жарыялашкан, анын жыйынтыгы боюнча,  чычкандарда 100 пайыз кош бойлуулук ишке ашкан эмес. Мындан тышкары, дары берилген чычкандарда 30 мүнөттөн кийин жыныстык катнашка жөндөмдүүлүгү калыбына келген. Организмдеги гормондордун деңгээлин өзгөртүүдөн айырмаланып, бул зат сперматозоиддерди шал кылып, уруктук органдарга киргенде алардын активдүүлүгүн жок кылат. Ошентип, бул зат жылуулук ыкмасы сыяктуу сперматозоиддердин иштелип чыгуу процессине эч кандай таасир этпейт жана аны керектүү учурда жана терс таасирлери жок кыска мөөнөткө колдонсо болот.

Изилдөөчүлөр дагы бир кошулма затты ойлоп табышкан. Бул фермент дененин дээрлик бардык клеткаларында бар, ал спермазотоидди кыймылга келтирген куйрукча үчүн өтө маанилүү.

Лабораторияда окумуштуулар адамдын жана чычкандын сперматозоиддерин жогоруда соз кылган ингибитор (биологиялык процессти жайлатуучу же бөгөттөөчү зат) бар же жок чөйрөдө сынап көрүшкөн. Алар ингибитордун таасири астында сперматозоиддер куйрукчаларын азыраак кыймылдатарын аныкташкан. Дарыланган сперматозоид ингибитору жок эритмеге көчүрүлгөндөн кийин да кыймылын токтоткон.

Андан кийин окумуштуулар 50 чычканга кошулманы берип, 30 мүнөт күтүшкөн. Андан соң ар бир чычканды ургаачы чычкан менен бир  капаска салышкан. Ушул эле эксперимент кошулма зат берилбеген чычкандардын башка тобу менен жүргүзүлгөн. Натыйжада экинчи топтогу ургаачы чычкандардын 30% уруктанып калган. Ал эми биринчи топтогу дарыланган чычкандар менен жупташкандардын эч кимиси уруктанган эмес.

Дагы бир таң калыштуу жагдай, илимпоздор дары берилген чычкандардагы сперматозоиддердин деңгээли эртеси эле нормалдуу деңгээлге жеткенин аныкташкан. Ал гана эмес, дары бир нече жума бою кайра-кайра сайылгандан кийин да, чычкандар эч кандай терс таасирге дуушар болушкан эмес. Окумуштуулар дары-дармекти ооз аркылуу берүүгө да аракет кылышкан, бул учурда да чычкандардын уругунда сперматозоиддердин активдүүлүгүнүн төмөндөшүн байкашкан. Изилдөөчүлөр клиникалык сыноолорду баштоо үчүн бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн экенин айтышат.  Балким, жакынкы келечекте аялдардын бойго бүтүрбөөчү таблеткалары 60-жылдары пайда болгон сыяктуу, эркектердин контрацепциясынын эффективдүү каражаты да пайда болот.

Эмне үчүн адамзат дагы эле эркектер үчүн гормоналдык контрацепцияны ойлоп таба элек?

Бир караганда, эркектердин гормоналдык контрацепциясы адамдар арасында анчалык деле кызыгууну туудурбайт окшойт, бирок бул туура эмес пикир. Чынында, эркектер үчүн гормоналдык контрацепция учурда жигердүү изилденип жатат. Окумуштуулар импланттарды,  дарыларды, гелдерди жана инъекцияларды иштеп чыгууда. Бирок бул ыкмалар кеңири колдонуу үчүн жеткиликтүү эмес. Эмнеге? Эркектер үчүн гормоналдык контрацептивдердин потенциалы 1930-жылдардан бери белгилүү жана алар 1970-жылдардан бери активдүү түрдө иштелип чыгууда. Бирок эмне үчүн бул өнүмдөр рынокко чыга элек? Бул суроонун жообу көптөгөн татаал нюанстарды камтыйт, бирок анын негизги себептеринин бири - репродуктивдүү жоопкерчилик маселелерине коомчулуктун оңой эмес көз караштары.

Эркектердин гормоналдык контрацепциясы, кээде "предестикулярдык контрацепция" деп аталат -  сперматозоиддердин иштелип чыгуусун басаңдатууга багытталган. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эркектер үчүн гормоналдык контрацептивдер организмдеги кээ бир гормондордун көлөмүн азайтып, сперматозоиддердин өндүрүшүн токтотот.

Гормоналдык контрацепция эффективдүү деп табылышы үчүн төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек: жыныстык катнашка карабастан колдонуу, либидого, потенцияга жана сексуалдык активдүүлүккө эч кандай таасири жок, кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү терс таасирлери жок, келечектеги төрөткө таасирин тийгизбеген, кайтарымдуу, презервативдерден артыкчылыгы бар, ошондой эле эки өнөктөш үчүн тең жеткиликтүү болушу шарт. Мындай продукт учурда рынокто барбы?

Азырынча жок. Учурдагы көйгөй - бул контрацептивдик каражаттардын бири да бардык макулдук этаптарынан өтө алган эмес. Бул каражаттарды эркин сатып алуу үчүн алар Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги, АКШдагы FDA же Европадагы Дары-дармек боюнча Европа Агенттиги (EMA) сыяктуу тиешелүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюму тарабынан макулдашылышы керек. Бул уюмдардын ар бири өз эрежелерин белгилейт жана дарылар коомчулукка чыгарылганга чейин жаныбарлар менен адамдардын сыноосунун татаал жана кымбат баскычтарынан өтүшөт. Учурда эркектердин гормоналдык контрацептивдери бул процесстин бардык баскычтарынан өтө элек, бирок бул эркектердин каражаттары аялдардын контрацептивдерине салыштырмалуу кооптуу дегенди билдирбейт.

Мисал келтирели. 2016-жылы эркектер үчүн инъекциялык контрацептивдер боюнча көп өлкөнүн изилдөөсүнүн экинчи этабынын жыйынтыктары жарыяланган. Мында кээ бир катышуучулар каражаттардын терс таасирлерин белгилешкен: маанайдын бузулушу, тери көйгөйлөрү, ийне саюуда оору, либидонун төмөндөшү, ал тургай, депрессия пайда болгон. Экспериментти токтотушкан. Балким, коомчулук эркектер үчүн бойго бүтүрбөөчү каражаттардын такыр терс таасирлери болбошу керек деген жыйынтыкты күтүп жатышкан чыгар?  Бирок аялдар үчүн гормоналдык каражаттар көбүнчө ар кандай терс таасирлери менен коштолот,  бул боюнча дарыканаларда сатылып жаткан контрацептивдердин нускамасындагы терс таасирлер тууралуу окуп коюу жетиштүү.

Пландаштырылбаган кош бойлуулук аялдын ден-соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн, мисалы, кандын уюшу жана башка олуттуу кыйынчылыктар менен коштолору белгилүү. Бойго болтурбоочу таблеткалардын, өз кезегинде, кош бойлуулукка караганда олуттуу терс таасирлери азыраак. Ал эми эркектерде каалабаган кош бойлуулук коркунучу жок, аларды болгону каражаттын терс таасирлери гана тынчсыздандырат. Ушундан улам, коомчулук эркектер үчүн бойго бүтүрбөө каражаты дээрлик кемчиликсиз болушу керек деп эсептейт. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө дары үчүн коопсуздук стандарттары абдан катуу болуп саналат. Кээ бир эксперттер 60-жылдары революциялык мүнөзгө ээ болгон аялдар үчүн гормоналдык контрацептивдер бүгүнкү күндө сыноодон өтө алмак эмес деп эсептешет. Мисал келтирели. 

Репродуктивдүү биологдордун арасында күлкүлүү эмес тамаша бар: "Эркектердин бойго бүтүрбөөчү таблеткалары беш жылдан кийин чыгат" жана бул тууралуу акыркы алтымыш жылдан бери айтылып келе жатат. Буга карабастан, БУУнун сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолук агенттигинин статистикасы дүйнөдөгү кош бойлуулуктун жарымы пландан тышкары экенин көрсөтүп турат. Бул эркектер менен аялдар үчүн контрацепциянын жаңы, арзан жана натыйжалуу ыкмаларын тез арада иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтөт. Окумуштуулар изилдөөлөрдү токтотпой, бойго бүтүүдөн сактануунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга аракет кылышууда жана бул үчүн аларга каражат бөлүнүп жатканы кубандырат.

Булак: Двор Медиа