Сепарация: практикалык суроолор

Сепарацияны ишке ашырбай туруп бактылуу болууга мүмкүн? 

Сепарация жөнүндө сөз кылганда, көп учурда адамдарга төмөнкүдөй элес тартылат: чоңоюп, бой тарткан улан же кыз буюмдарын жыйнап, ата-энесинен бөлөк жашоого аттанып жаткан болот. Ал эми идеалдуу жашоодо, ал жакшы төлөнгөн жумушка орношуп, батирине, тамагына, эс алуусуна каражат таба баштайт. Тамактануу режимин сактап, дарыгерге же чачтарачка жазылууну, үй жыйноону, идиш жууганды өздөштүрүп алат. Бирок эң негизгиси, кайсы жакта иштеп, ким менен жолугушат, кантип көңүл ачат сыяктуу башка жагдайларда өзү чечим чыгарганды үйрөнөт. Ал жакын адамдарынын, ата-энесинин ойлорун да угат, бирок чечимди өзү кабыл алат жана жоопкерчиликти да өзүнө жүктөйт. 

 Европалык адамдын көз карашынан алып караганда, бул жакшы көрүнүш. Бирок сепарациясыз бактылуу болууга мүмкүнбү? 

Буга жооп берүү үчүн тарыхка кайрылып көрсөк. 100-200 жыл мурун адамзатты сепарация маселеси такыр түйшөлткөн эмес. Жалгыз жашоо эч мүмкүн болбогондуктан, адамдар үйдөгү тиричилик иштерин ич-ара бөлүштүрүп алышкан. Көпчүлүк учурда бойго жеткен эркек ата-энесинин үйүндө калган жана кийинчерээк аялын алып келген. Ал эми кыздар турмушка чыгышып, күйөөлөрүнүн үйүнө кетишчү. Башкача айтканда, көпчүлүк адамдар өмүр бою ата-энеси менен чогуу жашашкан. Экономикалык өнүгүү жана коомдогу өзгөрүүлөр  Батыш өлкөлөрүндө жашаган адамдардын турмуштук стратегияларын башка нукка бурду: эрезеге жеткен балдар өз алдынча жашоо үчүн ата-энелеринен бөлүнүп жашай башташкан. Бирок Кытай, Индия жана Азиянын, Африканын көпчүлүк өлкөлөрүндө азыркы кезге чейин бир нече муундардын үй-бүлөлөрү бир үйдө чогуу жашашат. 

Бирок кеп адамдардын чогуу жашаганында гана эмес, мындай үй-бүлөлөрдө жоопкерчилик кандай бөлүштүрүлүп, адам өз чечимдеринде канчалык эркин экендигинде. Сепарация процесси - бул жоопкерчиликтин призмасы аркылуу каралган. Миңдеген жылдар бою ар түрдүү маданияттардагы чоңдор бойго жеткен балдар үчүн жооптуу болуп келишкен. Уруу башчысы инилери, балдары, алардын аялдары үчүн чечим кабыл алышы керек болчу - эгерде алынган чечим ага тиешелүү болбосо, анда ал бул чечимдердин кесепеттери менен күрөшүүгө милдеттүү болгон.

Биз сепарацияны батыштын индивидуалдык системасы аркылуу кантип түшүнөбүз? Мисал келтирели. Мындай үй-бүлөдө ымыркай төрөлгөндө ата-энеси толук жоопкерчилик алат, бирок убакыттын өтүшү менен жоопкерчиликтин саны өзгөрө баштайт. Мисалы, жарым жаштагы жаш бала отургучтан кулап кетсе - анда жоопкерчилик толугу менен баланы четке отургузуп, аны унутуп калган ата-эненин моюнунда болот.  Эгерде 5 жаштагы бала отургучтан секирип жатып, чекесин жарып алса - анда балага секирүү коркунучтуу экенин жетиштүү түшүндүрө албаган ата-эне жарым-жартылай жоопкерчилик алат. Анткени 5 жашар бала отургучтан секирүүнүн кооптуу экенин түшүнүшү керек, ал эми чоң киши анын артынан 24/7 бою чуркап жүрө албайт. Ошол себептен, жоопкерчилик бала менен ата-энеге теңме-тең бөлүнөт. Башка жагдай: 15 жашар өспүрүм мелдештен улам, гараждын чатырынан секирип, бутун сындырып алат. Албетте, ата-эне кандайдыр бир жоопкерчиликти сезет: анткени ал  баласына мээде болуп жаткан процесстерден улам өспүрүм куракта баары тобокелдүү жүрүм-турумга жакын экенин түшүндүргөн эмес; курдаштарынын арасында беделин жогорулатуу үчүн ден-соолукка зыяны тийбеген башка ыкмалар да бар экенин айтууну унуткан. Бирок бул жерде негизги жоопкерчилик балага жүктөлөт: 15 жашында ал мындай аракеттин кесепеттерин билүүгө тийиш эле. 

30 жаштагы жигит банди-джампинг аттракциону үчүн Черногорияга барып, аркан байланып жүздөгөн метр бийиктикке секирик жасады. Натыйжада, кырсык болуп, 2 кабыргасын сындырып, башынан жаракат алып, тик учак жалдап ооруканага жетти. Бул үчүн ага жарым миллион акчасын коротконго туура келди. Буга кимдин жоопкерчилиги бар?   

Бул жерде ар түрдүү жооптор айтылышы мүмкүн. Ата-энесинен толугу менен сепарация болгон үй-бүлөлөрдө бул окуядагы бардык жоопкерчилик  жигиттин өзүндө деп эсептелинет. Бирок үй-бүлөлүк система башкача түзүлгөн өлкөлөрдө жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт: “Ата-энеси баласын кырсыктан сактоо үчүн, ага аттракциондон секирүүгө тыюу салышы керек болчу”.

Эми баштаган сурообузга кайтып келсек. Ата-энеден бөлүнбөстөн, өз бактыңды тапса болобу? Сепарация кабыл алынбаган үй-бүлөлүк тутумда жашоо бактылуулукка тоскоол болбойбу? 

Жер шарынын калкынын көпчүлүгүн  жалаң бактысыз адамдар түзбөсө керек? Ал эми миңдеген жылдар бою жана азыр деле көп өлкөлөрдө адамдар сепарациясыз деле бой жетишип, бактылуу жашап келе жатышат. Анын үстүнө, кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, айрым адамдарга жашоосунун өткөөл учурун  ушундай системаларда өткөрүү бир топ жеңил болот. Мисалы, сурамжылоолорго ылайык, мындай өлкөлөрдө жаш балдардын ата-энелери, АКШ же Батыш Европа өлкөлөрүндөгү ата-энелерге караганда чарчоого алда канча аз кабылышат.

Негизинен бактылуулук сепарация процессине көз каранды эместей. Сепарация - эрезеге жетүүнүн жана бакыттын милдеттүү курамы эмес. Маанилүүсү, адамдын өзүнө ал тандаган үй-бүлөлүк система жагуусу шарт. Эгерде бул моделге канааттанбаса, анда андан баш тартуу мүмкүнчүлүгү болобу, кеп ушунда. 

Сепарация жарым-жартылай болушу мүмкүнбү? 

Мурунку макалабызда идеалдуу ишке ашкан сепарацияны сүрөттөөдөн баштаган элек. Анда эрезеге жеткен бала өз алдынча бөлүнүп жашап, өзүн камсыздап, өзү чечим чыгарып, чечимдерине өзү жоопкер болот деп айтылган.

Ушул сүрөттөөдөн эле сепарациянын үч тарабы бар экени билинет:

  • аймактык (өз алдынча жашоо);
  • тиричилик (өзүн-өзү тейлөө),
  • психологиялык (өз алдынча чечим чыгаруу).

Мындан улам, “жарым-жартылай сепарация мүмкүнбү?” деген суроо туулат. Спойлер - ооба, мүмкүн. Бирок, келгиле, буга кененирээк токтолуп көрөлү. 

Чоң эле киши ата-энеси менен чогуу жашайт деп элестетип көрөлү. Апасы анын кирин жууйт, пенсионер атасы жумушка ташыйт. Эртең мененки тамагы кошо салынып берилет, ал эми кечкисин аны ашканада ысык тамак күтүп турат. Бул үчүн ал ата-энесинин ден-соолугуна кам көрүп, тиричиликке каржы жактан салымын кошуп турат дейли. Ошол эле убакта, алар бири-биринин жеке чек араларын эч качан бузушпайт: кабыл алынган чечимдерди сыйлашат жана жашоолоруна кийлигишпейт. Мындай жашоо баарынын көңүлүнө төп келиши толук мүмкүн.

Башка мисал. Адамдар чогуу бир үйдө жашашат. Бирок ар ким өз тамагына өзү кам көрөт, балким кандайдыр-бир жумуштарды ич ара бөлүштүрүп жасашат. Мында да эч ким башканын жеке чек арасына баш бакпайт. Бул жерде аймактык сепарация гана жок, бирок эрезеге жеткен баланын толук кандуу өз алдынча жашоосу бар.  

Үчүнчү мисал. Бойго жеткен бала башка континентке көчүп, ал жакта жооптуу кызматта чоң айлык алып, өзүн толук камсыздайт. Бирок ал ар бир чечимин ата-энеси менен талкуулап, алардын көрсөтмөлөрүн аткарат. Же талкуулабаса да, ата-энеси туура деп эсептегендей же алар каалагандай кылууга аракет кылат. Ал ата-эненин пикирине абдан маани берет жана дайыма жардамга муктаж болот. Бул жерде тиричилик жана аймактык сепарация бар, бирок психологиялык түрү жок. 

Белгилей кетчү нерсе, жогоруда айтылган үч учурда тең жаш курагына жараша өзүн-өзү багып кете алган  балдар-кыздар жөнүндө сөз болуп жатат. Бул убакка чейин толук сепарация мүмкүн эмес. Ооба, ата-эне менен жашап, бирок өзүң үчүн жоопкерчиликтүү болууга, бардык үй-бүлөлүк маселелерди өз алдынча чечүүгө жана чечимдериңе, иш-аракеттериңе да жоопкерчиликтүү болууга үйрөнсө болот. Бирок бул нерселерди баарын аткаруу 18 ге толо элек балага татаал болот.   Анткени мунун баары ата-эне баланы канчалык деңгээлде көзөмөлдөп, анын көз карандысыз болушуна канчалык мүмкүнчүлүк бергенинен көз каранды. Бала кандай кийинүү, кандай музыка угуу, кантип тамактануу, үйгө саат канчада келүү, кимдер менен достошуу, ким менен таанышуу, эмнени үйрөнүү боюнча эркин боло алат, же тескерисинче, ушул жана башка көптөгөн нерселер ал үчүн чектелүү болушу ыктымал.

Негизинен, сепарация - өтө табигый процесс. Бул процесс ымыркай эненин курсагынан бөлүнүп чыккан соң, өз алдынча башталат. Чоңойгон сайын, балада жекелик сапаттар ойгонуп, өз алдынча кетүүгө талаптарын күчөтөт. Кичинекей кезинде эле кайсы өңдөгү топу киет, даярдалган боткону жейби, кайсы мултьфильмди көрүп, кайсы ырды ырдайт - мунун баарын өзү тандоого умтулат. Ал кийингенди үйрөнөт, дааратканага барганды өздөштүрөт, кээ бир учурларда жалгыздыкты каалайт. Өспүрүм куракка келгенде, адамда ата-энеден бөлүнүү каалоосу күчөй баштайт. Биз өзүбүздү жеке инсан катары сезе баштайбыз, ата-энебиз менен бир нерсе боюнча келишпей, талашып-тартышабыз.  Анткени бизде башка баалуулуктар, кыялдар жана пландар болушу мүмкүндүгүн түшүнөбүз.  

Иш жүзүнө келгенде, бул табигый процесске тоскоолдуктар жарала баштаганда жана бизди түйшөлткөн нерселер пайда болгондо гана сепарация тууралуу ойлоно баштайбыз.

Өз алдынча жашоого умтулууга эмнелер түрткү болот? 

Адамдар бир жерде чогуу баш кечиришкенде, алар бири-бири менен өз ара аракеттенүү эрежелерин белгилеп алышат. Адатта, ата-энелер биргеликте эрежелерди иштеп чыгышат, ал эми алардын балдарына бул эрежелерге ыңгайлашууга туура келет. Бул бир жагынан туура – анткени ата-эне бала үчүн жооптуу, алар ага коопсуз балалыкты камсыздап, ага жашоо үчүн маанилүү көндүмдөрдү үйрөтүшү керек. Бирок  бала эс тарткан сайын бул эрежелер көңүлүнө жакпай калат, ал гана эмес  ата-эненин тарбиясын да жактырбай баштайт.  

Мына ушундай жагдайда, б. а. ата-эне менен чогуу жашоодо кандайдыр-бир ыңгайсыздыктар жаралган учурда улан-кыздар бөлүнүп чыгууну ойлоно башташат. Бирок сепарация тууралуу ойлоно берүү эч жыйынтык жаратпайт. Андыктан, кайсы маселе көйгөй жаратып жатканын так аныктап алуу туура. Бул үчүн өзүңө бир катар суроолорду узатышың керек. Сепарацияга умтулууга эмне түрткү болууда? Мага эмне жана кандай деңгээлде тоскоол жаратууда? 

Биринчиден,  көйгөйлөр ыңгайлуураак шартта жашоону каалоодон улам келип чыгышы мүмкүн (“Биз бир бөлмөлүү батирде жашайбыз, мен ашканада уктагым келбейт!”) же үй-тиричилик эрежелери жакпайт (“Таңкы 5 те туруп, итти күнүнө беш жолу сейилдетүү жалгыз гана менин милдетим эмес деп эсептейм!” Экономикалык кыйынчылыктар да бир топ ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн (“Мен бир жылдан бери телефон сатып бер деп сурандым, эч нерсе жок!”). Бул көйгөйлөр кээде тынымсыз чыр-чатактын булагына айланат, ошол эле учурда баланын бул кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Мындай учурларда, ата-эне менен сүйлөшүүгө аракет кылса болот, бирок эрежелерди өзгөртүү далалатынан майнап чыкпашына даяр болуу керек. Көйгөйдөн чыгуунун бир жолу - акча тапканды үйрөнүп, өзүнчө бөлүнүп кетүү. 

Экинчиден, ата-эне менен баланын ортосундагы келишпестиктер сепарациянын психологиялык аспектилери менен байланыштуу: пикирлерди колдоо, жеке чектерди түзүү, өз баалуулуктарын аныктоо, үй-бүлөдө жоопкерчиликти бөлүштүрүү маселелери. Мисалы, мен өзүм досторду тандоого укугум бар деп эсептейм, бирок ата-энем “алар менен достошпо” дейт. Мен таң аткыча чейин сериал көрсө болот деп эсептейм, бирок ата-энем интернетти өчүрүп, телефонумду катып салышат. Мындай көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу кийинки материалда кеп кылабыз. 

Үчүнчүдөн, сепарацияга умтулуунун артында жашырылган эң олуттуу көйгөйлөр - бул ата-энеси баланы коркунучка кептеген жагдайлар. Буга мисал катары, физикалык жана сексуалдык зомбулук, эксплуатация, алкогол жана баңги көзкарандылыгынын кесепетинен ата-энелик милдетти аткарбоо сыяктуу маселелерди бөлүп көрсөтсөк болот.  Мындай жагдайда бала үчүн эң маанилүү тапшырма - өзүнүн коопсуздугуна кам көрүү. Мындай ата-энелерден болушунча тез бөлүнүп кетүү зарыл. Тилекке каршы, бала 18 ге чыга элек болсо, анда ал балдар үйүнө жиберилет. Ошондуктан, бул маселени терең ойлонуп чечүү керек. Дагы кандай жолдор менен бул көйгөйдү чечсе болору тууралуу “Ата-эне менен келише албаганда эмне кылуу керек?” аттуу макалада кеңири айтып бергенбиз. 

Жыйынтык чыгарабыз. Сепарация - бул табигый процесс -  чечимдер, баалуулуктар жана эмоционалдык туруктуулук үчүн жеке жоопкерчиликти алуу, ошондой эле ата-энени жетилген, реалдуу жана тең салмактуу көзкарашта  кабыл алуу. Сепарациянын өзү  көйгөй эмес. Биз бөлүнүү тууралуу ата-эне менен болгон мамиледе кандайдыр-бир кыйынчылыктар жаралганда гана ойлоно баштайбыз. Ошондуктан, жаралган  көйгөйдү аныктоо жана аны чечүү үчүн аракет кылуу маанилүү. Бирок мүмкүн болушунча тезирээк үйдөн кантип чыгып кетүүнү пландоо менен көйгөйдү чечип коюу мүмкүн эмес.18 жашка чейин ата-эне мыйзам боюнча биз үчүн жоопкерчиликтүү болот жана экономикалык жактан алардан көз карандыбыз. Бул абалда ата-энеден бөлүнүп, башка жакка көчүп кетүү дээрлик мүмкүн эмес же өтө оор. Баланын өмүрүнө, ден соолугуна жана кадыр-баркына түздөн-түз коркунуч келтирген учурлар гана өзгөчө болуп саналат.



Эгерде ата-эне баласын бөлүүнү каалабаса, эмне кылуу керек? 

Сепарация — бул чоңойгон сайын көбүрөөк жоопкерчилик алууну жана жеке чектерди курууну үйрөнө турган узак мөөнөттүү процесс. Бирок жоопкерчилик жана чек аралар тууралуу менин көз караштарым ата-энемдикине дал келбей калса,  эмне кылуу керек?  Мен көргөн көйгөй аларга байкалбай жатсачы? 

Келгиле, бул суроого ачык-айкын нерсеге жооп берүүдөн баштайлы. Албетте, ата-энелер кырдаалды көбүрөөк көзөмөлдөйт. Алардын жашы улуу, тажрыйбасы мол, үй-бүлөнү турак-жай, акча менен камсыздап, үй-бүлөлүк тиричиликти жүргүзүшөт. Ал эми 18 жашка чыга элек балдары үчүн мыйзам алдында жоопкерчиликтүү болушат. Алардын мамиледе бир нерсени өзгөртүү каалоосу болбосо, бала бир тараптуу эч нерсе кыла албайт.

Бирок мүмкүнчүлүктөр табылат. Негизи мамиле бир нече адамдын катышуусу менен түзүлөт, жакса да, жакпаса да ата-энеге баланын ою жана каалоолору менен эсептешкенге туура келет. Ал эми мамиле куруу боюнча жоопкерчиликтин көбү ата-энелерде болгон күндө да, балдар көйгөйлөрдү чечүүдө демилгени колго алып, чоң өзгөрүүлөрдү жасай алышат. Бирок бул иште терең ой жүгүртүп, маселени чечүүгө кылдат мамиле кылуу зарыл.

Биринчи маселе - ата-эне менен болгон мамиледе эмнелер терс эмоцияларды пайда кыларын аныктап алуу. Бул максатта өзүңө суроо берсең болот: “Ата-энем менен чогуу жашоого эмне тоскоол болуп жатат? Мени өзгөчө эмне түйшөлтөт?” Биз жогоруда жазгандай, сепарация маселеси ата-эне түзгөн жагдайда өзүбүздү ыңгайсыз сезип баштаганда жаралат. Ошондуктан, эмне тоскоолдук болуп жатканын билип алуу өтө маанилүү. Мисалы, менин кыжырыма тийгени - мага апам өзү жарашыктуу жана ыңгайлуу деп эсептеген кийимдерди сатып берет , ал эми өзүмө жаккан кийимдерди алууга тыюу салынган. Андан да кыжырдантканы  - кимдер менен баарлашууну, кат алышууну жана ким менен сейилдөөнү өзүм чечүүгө жол беришпейт. Же, ата-энем телефонумду такай текшерип турушат, алар бул аракеттерин менин коопсуздугума кабатырлануу катары түшүндүрүшөт. Же, менин дарегиме кемсинткен же ызаланткан сөздөрдү колдонушат. Мына, ушунун баары - жалпысынан алганда - сепарация, анын чар-тараптары жөнүндө маселелер.

Экинчи маселе - мен өзүм эмне каалап жатканымды ата-энеме так жеткирүү үчүн алдын-ала кебимди даярдап алам. Мүмкүн болушунча, айтар сөздө доомат, талаптар жок болгону оң. Башкача айтканда, “ мени силердин көзөмөлүңөр тажатты” эмес, “мен өзүм тандагым келет”, же “сураныч, менин уруксатымсыз телефонумду текшербегилечи”, же болбосо, “мени ачуу сөздөр менен тилдебегилечи. Мага аябай оор тиет” деп сылык түрдө кайрылуу керек.  Айтар сөзүңөргө ата-энени кабатыр кылбоо үчүн далилдерди кошсоңор андан жакшы. Мисалы, “ооба, апа, сиз менин кийген кийимиме кыжаалат болуп турасыз. Бирок чогуу дүкөн кыдырып келсек жакшы болмок. Мен өзүмө жаккан кийимдерди көрсөтмөкмүн”. 

Үчүнчү маселе - аткарылышы мүмкүн болгон маселени көтөрүп жатканыңа ишенүү. Бул үчүн өзүңө суроо берип көрсөң болот: “Эгерде менин жашымдагы балам болсо, аны жалгыз узак жолго жиберет белем?” Бул көнүгүүнүн максаты - абалды ар кандай өңүттөн карап көрүү жана ата-эненин аргументтерин түшүнүүгө аракет кылуу. Балким алар деле жөндөн-жөн эле сага каршы чыгып жатышпаса керек? Мындан сырткары, ата-эненин баласы өзүнө жоопкерчиликты алып кетерине көздөрү жетиши керек. Ошондуктан, сүйлөшүү учурунда жоопкерчилик маселесин да кыстаруу керек: “Мен ит баккым келет. Бирок силер  өз алдымча итке кам көрөрүмө ишенбейсиздер. Келгиле, кошунанын итин убактылуу багып көрөлү. Мен итти багып көрөйүн, аны багып кете аларымды текшеребиз”. 

 Төртүнчү маселе - бир же эки жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин эле көйгөйлөр чечиле калбайт, буга даяр болушуң керек. Адатта, буга көбүрөөк убакыт жана сабырдуулук талап кылынат. Эске тутчу нерсе - ата-энелер жекелиги калыптанган инсандар, алардын баалуулуктары, табити, ишенимдери биздикинен айырмаланышы мүмкүн. Биз аларды өзгөртө албайбыз, биздин маселе аларды өзгөртүү эмес, өз көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат (“ооба, сага бул кийимдер эч качан жакпайт; мага өзүмө жаккан нерсени сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу маанилүү”).

Бешинчи - канчалык аракет кылбайлы, бул көйгөйлөрдү чечүү колубуздан келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз өзүбүздү буга даярдашыбыз керек. Айрыкча, ата-эне балага дайыма зордук-зомбулук көрсөтүп, аны токтотууга баланын күчү жетпесе, мындай көңүл ооруткан маселе чечилбей калса - бул абдан кыйын. Бул жерде өзүңдү карманып, өзүңө колдоо көрсөтүү зарыл, ошондой эле, ата-энең менен бир үйдө жашоо түбөлүк эмес экендигин унутпоо керек. Эрезеге жеткенден кийин, адамда өз жашоосун каалагандай куруу жөндөмдүүлүгү артып, мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт.

Тилекке каршы, ата-энелердин аракеттери баланын өмүрүнө, ден соолугуна жана беделине коркунуч келтирген акыбалдардан улам, толук сепарация зарыл  болгон жагдайлар бар. 

Ата-энени кечирүү керекпи? 

Бой жеткенге чейин аймактык, тиричилик жана психологиялык толук сепарация тууралуу сөз кылуу оор. Бирок биз өз алдынча жашап кеткенде абал өзгөрөт. Үйдөн кетип, аймактык жана тиричилик сепарациясы толук ишке ашканда, адамдар психологиялык сепарация тууралуу ойлоно башташат. Адатта, ата-энебиз менен болгон мамиле жашообузда ыңгайсыздык жаратып, жанга жай бербей баштаганда психологиялык сепарация тууралуу ойлоно баштайт экенбиз. Биз өз алдынча чечим чыгарууда канчалык деңгээлде көзкарандысызбыз, иш-аракеттерибиз үчүн канчалык жоопкерчиликтүү экенибиз жөнүндө көбүрөөк ойлоно алабыз.

Буга чейинки макалада жакшы мамиле түзө алган ата-эне менен болгон психологиялык сепарацияны ички дүйнөсү жабыр тартпагыдай кылып, жеңил ишке ашыруу тууралуу кеңештерди айтканбыз. Анда жардам берүүнүн варианттарынын бири - бул ата-энеңиз менен болгон кырдаалды  кечирим аркылуу жөнгө салуу туура деп жазганбыз. Бул постто биз кечирүүнү милдеттүү кадам эмес экенин кошумчалайбыз. Ар бир адамдын ата-эне менен болгон мамилесинин өзүнүн уникалдуу тарыхы бар, демек, ар бир адам үчүн универсалдуу болбосо да, өз алдынча чечими табылат.

Тилекке каршы, ата-энелер баланы ур-токмокко алып, сексуалдык зомбулукка дуушар кылып, эксплуатациялап, ата-энелик милдетти такыр аткарбай, балдардын психикасына терең жаракат калтырган учурлар бар. Мындан тышкары, ата-энелер балдар менен болгон мамиледе атайын же аңдабай  эмоционалдык зомбулукка барышы мүмкүн. Мындай учурларда бойго жеткен бала өзүнүн жан дүйнөсүнө көңүл буруусу маанилүү.

Кээ бирөөлөр ата-эне менен мамиледе чектерди коюу менен маселесин чечип алат. Айрымдарга психотерапия жардам берет. Ал эми кимдир-бирөө жапа чеккен адамын жашоосунан өчүрүп салып, жан-дүйнөсүн тынчытат. Сепарациянын мааниси -  бала кезде ата-энеден көргөн кордуктар чоңойгондо баланын чечимдерине жана тандоосуна таасир этип, анын жашоосун азап жана оор сезимдерге толтурбашы керек. Ата-эненин кээ бир аракеттери же сөздөрү баланын инсандык касиеттерине дал келбестигин түшүнүү үчүн бала өзүнөн күч табышы керек. Мисалы, адамга бала кезинде эч нерсеге жөндөмүң жок деп ынандырып келишкен дейли. Бирок ата-эненин пикири туура эмес экенин түшүнүү үчүн адам өзүнүн үстүнөн көп иштөөсү керек. Мындай  тескери берилген баа менен аны уккан баланын эч кандай тиешеси жок. Баласын эч нерсеге татыксыз, жөндөмсүз деп ынандырган ата-эненин акылдары жетилген эмес.

Кээде коомчулук адамга басым жасап турат: “Сага ата-энең сага кандай жамандык кылышпасын, аларды кечирүүгө милдеттүүсүң”.  Бирок баласын сабап, зордуктап, бир нече күн үйүндө жалгыз калтырып, нечен жылдап  кемсинтип, ызаланткан адамды кечирүүгө эч ким милдеттүү эмес. 

Кечирүү - бул татаал жана жеке нерсе. Кечирим эмне экенин ар ким өзү аныктайт. Кечирим сепарациянын милдеттүү курамына да кирбейт. Дагы кайталайбыз: эң негизги маселе бул - ата-энеме болгон нараазылык менин жашоомо кедергисин тийгизеби жана бул нараазылык менен кантип жашайм? Бул дагы сепарациянын маанилүү суроосу. 

Жыйынтыктай келгенде, ата-энеден бөлүнүү - өз алдынчалыктын жалгыз көрсөткүчү эмес. Ата-энеден бөлүнүү сөзсүз эле бизди  өз алдынча, тың жашап кетти дегенди билдирбейт. Бала өзүнчө жашаганы менен, аны башкалар толугу менен каржылап, анын тиричилик маселесин чечип келген учурлар да бар.  Бөлөк жашоо - өз алдынчалыктын кепили боло албайт. Эгерде адам кылган иштерине, чечимине жоопкерчилик ала албаса, ал ата-энеси мененби, же өзүнчө жашайбы, айырмасы жок - ага өз алдынча болуу оор болот. Ошондуктан, сезимдериң, чечимдериң тууралуу терең ойлонуп, өз алдынчалыкка акырындап кадам шилтөө керек. 

Булак: Двор медиа