Сепарация деген эмне?

Бала кезибизде бизге ата-эне же камкорчу кам көрөт. Балдар менен аларга кам көргөн адамдар ортосунда күчтүү эмоционалдык байланыш пайда болот. Эс тарткан сайын, биз көзкарандысыздыкка умтула баштайбыз, ал эми чоңойгондо өз алдынча бөлүнүп чыгабыз. Бул учурда бизди тарбиялаган адамдарга  болгон тартылуу сезимибиз басаңдай баштайт.  Муну психологдор сепарация деп аташат.

Сепарация процесси ымыркай кезде эле башталат, бирок чыңалган учуру өспүрүм мезгилге туш келет. Анткени так ушул убакта иденттүүлүктү калыптандыруу (“мен киммин жана ким болом”) жана жеке инсандыкка ээ болуу (ата-энеге болгон көз карандылыктан кутулуу жана өз алдынча жашоого жетишүү) өспүрүм үчүн өтө маанилүү.

Үй-бүлөсүнөн бөлүнүп жашаган өспүрүм социалдык байланышын кеңейтет, жүрүм-турумдун, ой жүгүртүүнүн башка үлгүлөрүн көрөт, башкача жашоо образдарга күбө болот. Мындай жаңы дүйнө менен таанышуу өспүрүмдүн чыныгы каалоолорун, умтулууларын аныктап, “мен киммин” деген жеке түшүнүгүн аңдап алууга жардам берет. 

Өспүрүм сепарация процессинде жүрүм-турумун өзгөртөт жана жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп баштайт. Окумуштуулар мындай сепарациянын маанилүү учурларын белгилеп көрсөтүшөт:

  • өспүрүм ата-энесин баарын билген, бардык нерсе колунан келген, кудурети күчтүү деп эсептеген ишениминен баш тартат жана реалдуулукка жакын тааный баштайт ( б.а. ата-энелерин идеалдуу деп эсептегенди токтотот);
  • ата-эненин жардамына жана кеп-кеңештерине азыраак муктаж боло баштайт. Ал көбүнчө өзүнө жана теңтуштарынын пикирине ишеним артат;
  • ата-энесин кайталабастан, өз көз караштарын, пикирин жана ишенимин бекемдей баштайт;
  • ата-эне - жеке жашоосу бар кадимки эле адамдар экенин түшүнөт;
  • жеке жашоосун түзө баштайт (жеке чек арасын бекемирээк коргой баштайт, ата-энесине айтпаган жашыруун сырлары пайда болот);
  • ата-эненин функционалдык жана эмоционалдык колдоосуна болгон муктаждыгы азаят;
  • чечилбеген чыр-чатактардан улам (мисалы, күнөөлүү сезим, тынчсыздануу, ишенбөөчүлүк, ачуулануу)  ата-энеге карата пайда болгон терс сезимдерин башкара алат;
  • акырындык менен материалдык жактан көзкарандысыздыкка жетишет (иштеп, акча таба баштайт);
  • ата-энесинен бөлөк жашай баштайт (батирге, жатаканага бөлүнүп кетет). 

Америкалык психологиялык бирикмеси өспүрүм сепарация учурунда үйрөнүп жетишкен көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн анын көзкарандысыздыгы, эркиндиги катары сыпаттайт, алар:

  1. Функционалдык эркиндик - ата-эненин жардамы жок иш кылуу жөндөмү;
  2. Эмоционалдык эркиндик - ата-эненин моралдык колдоосуна жана жылуу мамилесине болгон муктаждыктан арылуу;
  3. Чыр-чатак эркиндиги - ата-энеге болгон таарынуу, ишенбөө, күнөөлүү сезимдерден бошонуу;
  4. Аттитюддук көзкарандысыздык —  өзүн ата-энеден айырмаланган, өз ишенимдери, баалуулуктары жана көз караштары калыптанган  уникалдуу инсан  катары кабылдоо.

Ымыркай кезден мектеп жашына чейин

“Психологиялык сепарация” термини алгач ирет психоаналитик-дарыгер Маргарет Малер тарабынан сунушталган. Ал жаш баланын ата-энеден бөлүнүү процессин сүрөттөп берген. Малер бул процесстин 4 фазасын белгилейт: 

  1. Дифференциация фазасы (9 айга чейин) - бөбөктөр ата-энесинен (камкорчусунан) башка адамдарды, окуяларды жана объекттерди байкай баштайт; 
  2. Тажрыйба фазасы (9-15 ай) - бөбөктөр жөрмөлөй баштаганда, алар айлана чөйрөнү байкай башташат. Алар өз алдынча ары-бери жылып, курчап турган чөйрөсүн активдүү изилдөөгө өтүшөт; 
  3. Жакындоо фазасы (15 ай-2 жаш) — бала өзүнүн, ата-энесинин жана башка кишилердин образын так айырмалап калат. Бул учурда балада келишпестиктер пайда болот: бир жагынан ал өз алдынчалыкка умтулса, экинчи жагынан ата-энесин алыстата баштайт. Мындай мезгилде бала чыргоолонуп, айгай салышы мүмкүн;
  4. Консолидация фазасы (2-3 жаш) - бала апасына болгон көзкарандылыктан арылууга жетишет. Апасы жокто деле өзүн жакшы сезип жүрөт. Башкача айтканда, апасынын жанында да, өз алдынча да теңме-тең жүрө берүүгө көнөт. 

Андан соң, советтик психолог Лев Выготский сүрөттөгөн 3 жаштагы кризис башталат. Выготский бул кризистин 7 белгисин аныктаган:

  1. негативизм — чоңдорго карата тескери аракеттер;
  2. айтканынан кайтпоо - бир нерсе алгысы келсе, ошого жетүү каалоосу. Балага ала турчу нерсеси кызык деле эмес, бирок АЛ айтканы үчүн гана ага каалоосу аткарылышы маанилүү.  
  3. кежирлик  —калыптанып калган тарбия нормаларын, жашоо образын жактырбоо;
  4. өзүн билемдик - өз алдынчалыкка умтулуу; 
  5. каршылык - чоңдорго баш ийбөө жана алар менен келишпестиктер;
  6. маанилүүлүктүн жоголуусу - мурда маанилүү деп эсептеген нерселердин баасын жоготуу (бала ата-энеси менен тил табыша албайт, аларга тил тийгизип баштайт, мурда жакшы көргөн оюнчуктарын баалабай калат).
  7. деспотизм — каалаганын жасоого ата-энени мажбурлаган баланын жүрүм-туруму (туугандарынын үстүнөн башкаруу, оюна келгенин талап кылуу каалоосу).

Бул кризис мезгилинде бала өз алдынча болууга умтулат, чоңдор тарабынан анын дарегине сын айтылса, эмоциясын билдирет. Бул фазанын жыйынтыгында, бала өзү жана ата-энеси “жакшы” жана “жаман” сапаттарга ээ болгон ар башка адамдар экенин аңдап-түшүнөт. 

Мектепке чейинки куракта бала теңтуштары менен көбүрөөк баарлашып, баарлашуу чөйрөсү кеңейе баштаганда, ал ата-эне, тууган-туушкандарынан башка адамдар менен мамиле түзүүгө үйрөнөт. Бул учурда анын жүрүм-туруму бир калыпта болбошу мүмкүн - мисалы, ал бир эле учурда теңтуштары менен тил табышып, ошол эле учурда алар менен атаандашып кетет.  Бала ушинтип баарлашууну үйрөнөт жана жүрүм-турумундагы тең салмактуулукту тапканга аракет кылат. 

Эреже катары,  6-7 жаштагы баланын жашоосунда маанилүү окуя болот - бала мектеп босогосун аттайт. Жоопкерчилик жаңы деңгээлге жогорулайт. Муну менен катар 7 жаштын кризиси башталат.

Советтик психолог Лев Выготскийдин түшүндүрмөсү боюнча, бул кризис маалында бала чоң киши болууну өтө көксөп калат. Анын мындай каалоосу жүрүм-турумунан байкалып турат, ошондой эле, баланын ата-энеси, мугалимдери менен мамилесинде келишпестиктер пайда болушу ыктымал (бала“таңууланган” эрежелерден баш тартышы мүмкүн). Бул учурда ал өзүнө жакын чоң кишилерди идеалдаштырууну токтотот, өзүнүн чөйрөсүндөгү башка адамдардан авторитетти, алардын жүрүм-турумундагы жана дүйнө таанымындагы айырманы көрө баштайт.

Кийинчерээк, 12-13 жашында - эрте өспүрүм куракта - башка адамдар менен алака түзүүдө жашоону түшүнүп, жетишерлик турмуштук тажрыйба топтоп калат. Балада “өзүн табуу”, уникалдуулугун көрсөтүү жана курдаштарынын арасынан орун табуу талабы пайда болот. Мунун таасиринде, ата-эне же башка улуу кишилер менен өспүрүм ортосунда келишпестиктер чыгышы мүмкүн. 

14-17 жаш куракта сепарация процесси жетер чегине жетет. Өспүрүм акырындап ата-энесинен бөлүнөт, өзүнүн иденттүүлүгүнө ээ болот. 

 Ал эми жаш мезгилде (18-25 жаш), тескерисинче, сепарация процесси акырындап калат. Анткени улан-кыздар ар кандай жаңы жагдайларга туш болушат: университетте же колледжде окуу (жаңы чөйрө), өз алдынча жашоо ж.б.  Мындай көндүм эмес жашоодо жаштардын ата-энесинин же башка чоң кишилердин колдоосуна муктаждыктары артат.  

Ал эми 23-26 жашта сепарация кайрадан күчүнө кирет: негизинен бул мезгил сепарацияны жыйынтыктоочу убакыт болуп саналат. Алар ата-энеден физикалык гана эмес, эмоционалдык жактан да көбүрөөк алыстай башташат жана жеке жашоосун курууга өтүшөт. Бул курактагылар чоң көйгөйлөрүн жакындарынын көмөгүсүз чечүү үчүн жетишерлик турмуштук тажрыйбага ээ болушат. Алар өздөрүн толук кандуу көзкарандысыз жана эркин сезишет.

“Туура эмес” сепарациянын кесепеттери 

Сепарация - ар бир үй-бүлө үчүн уникалдуу процесс. Мисалы, индивидуализм маданиятында  (б.а. жеке жетишкендиктер жана жеке бакубат жашоо жамааттык жыргалчылыкка салыштырмалуу биринчи орунда турат) сепарация процесси жашыраак куракта жүрөт. Мындай үй-бүлөлөрдө ата-энесинен бөлөк жашоо жана жекелигин өнүктүрүү - жашоодогу маанилүү максаттардын бири болуп саналат. Башка өлкөлөрдө (көбүнчө чыгыштагылар) туугандык байланыш жана жамааттык маданият бекем орун алгандыктан, сепарация бир аз кечеңдейт. 

Коомдук-маданий факторлордон сырткары, ар бир инсанды уникалдуу сепарацияга алып келген дагы башка көптөгөн факторлор болот.  Ата-энеден айрылуу же үй-бүлөсүн таштап кеткен ата-энелерден улам айрымдар өтө эрте же күтүлбөгөн сепарацияга мажбур болуп калышы мүмкүн. Же тескерисинче, узакка созулуп кетиши ыктымал (күйөөсүн жоготкон эне узакка чейин балдарынын, ал эми балдары эненин колдоосуна муктаж болуп калуу мүмкүндүгү бар).   Кээде чоң киши үй-бүлө курган соң гана ата-энеге болгон көзкарандылыктан чыгат - бул учурда да сепарация узак мөөнөткө уланып кетет. Ушу сыяктуу узакка созулган же өтө эрте башталган сеперациянын кесепеттеринен улам, адамда менталдык жактан көйгөйлөр жаралат. 

Сепарациянын мындай тескери таасирлери илимий жактан изилденип такталган. Атап айтканда, 2009-жылы American Journal of Public басылмасында жарыяланган кытайлык окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, эрте жашында ата-энеси жумуш издеп миграцияга кеткен балдар мындай ажырашуулар болбогон үй-бүлөдөгү курдаштарына салыштырмалуу тынчсыздануу жана депрессия менен көп жабыркашат. Ошол эле учурда, ажырашуунун мындай тескери таасири энесинен же ата-энесинен бир убакта ажыраган  балдарда өтө күчтүү байкалган.

Ал эми 2018- жылы даниялык өспүрүмдөр боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча, ата-эне менен балдардын ажырым жашоосу зөөкүр жүрүм-турумдун пайда болуу тобокелчилигин арттырат деп аныкталган. 

2022-жылы “Психология илими жана билим” журналында жарык көргөн орусиялык илимий эмгекте айтылгандай,  18 жаштан 27 жашка чейинки жеке иденттүүлүгү калыптана элек адамдар  (б.а. өзүн чоңмун деп эсептебеген) жашоолоруна канааттанышпайт. Алар инсандык ар кандай сапаттарын кабыл ала беришпейт, сезимдерин толук түшүнө алышпайт жана жашоо максаттарын табуу, аныктоо кыйынчылык жаратат.

Мындан сырткары, сепарация туура эмес ишке ашканда (ата-энеде дагы, балада дагы) ажырым коркунучу пайда болот. Бул -  жакын адамы менен узак убакытка бөлүнгөндө,  же ажырым тууралуу ой келгенде катуу кабатырланган абал. 

Мындай кабатыр абал толук кандуу жашоого тоскоол болсо жана белгилүү бир симптомдор менен коштолсо, анда адис сепарацияга байланышкан тынчыздануу диагнозун  аныктай алат. Мындай дарт менен жабыркаган адамдарда кабатырлануу, депрессия күчөп,  окуусу начарлап, коомдон обочолонуп кетүү коркунучу жогору болот.  Сепарациялык ажырымдан улам кабатырлануу төмөнкү себептерден улам пайда болушу мүмкүн:

  • бала кезде ата-энени жоготуу же алар менен ажырым жашоо;
  • баланы кооптонткон жагдайлардан коргоп тарбия берүү;
  • ата-эне тарабынан балага жетишсиз мээрим төгүү жана башка себептер.

Эреже боюнча, сепарациялык ажырым коркунучуна кабылган адам бөлмөдө жалгыз калгандан коркот; жакындарынын бакубат жашоосу үчүн кабатырлана берет; анын өзүн  уурдап кетишет же жалгыз калтырып коюшат деген коркуу менен жашайт.

Эмне себептен сепарация ишке ашпай калат? 

Сепарация — керектүү, ошол эле кезде өтө татаал процесс. Анын ишке ашышына эки тарап тең, б.а. балдар да, ата-эне да тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Келгиле, алардын ордуна өзүбүздү коюп көрөлү.

Балдар тарабынан бул процесске төмөнкү факторлор тоскоол болушу ыктымал: 

  • бала үчүн ата-эне менен жашоо ыңгайлуу; үй-бүлөдө балага “кызмат көрсөтүү” маданияты иштейт; бала үчүн ата-эне баарын жасайт; 
  • келечекке болгон кооптонуу жана ийгилик жарата албоо коркунучу - “Мен өзүм жалгыз бул коркунучтуу дүйнөдө жашай аламбы?”;
  • Бала эрезеге толо баштаган мезгилде ата-эне менен “орду алмашып” калган учурлар да кездешет.  Ата-энесине кам көрүп чоңойгон өспүрүм өз алдынча кетүү чечимин чыгарууга эрки жетпейт. Ал гана эмес, бөлүнүп жашоо тууралуу ойлор да баланы күнөөлүү сезимге батырып турат; 
  • Айрым учурларда бала ата-эненин көңүлүн өзүнө бурдуруп, мээрим алышы үчүн алардын көңүлүнө төп келүү аракеттерин жасап көнүп калат. Ушундан улам,  балада ата-эненин көңүл чордонунда болуунун бирден-бир жолу - аларга ыңгайлуу болуу деген ишеним пайда болот. Бирок баладагы тубаса жөндөмдөрдөн жана чыныгы сезимдерден турган ички “Мен” деген дүйнөсү арткы планга жылып кетет.  Бул учурда адам сырттан  таңууланган сценарий менен жашап калат дагы, сепарация процесси жай өтүп калат. 

Ата-эне тарабынан сепарация процессин эмнелер токтотот жана узакка создурат?

  • баланын келечеги тууралуу ашыкча кооптонуу жана ага ылайык баланы обу жок коргой берүү.  Ушундай көрүнүштөрдөн улам, балдарда өз алдынча чечим чыгарууда жана жашоосуна жоопкерчилик алууда кыйынчылык жаралат;
  • башка тармактарда ордун таба албаган ата-энелер да сепарация процессин татаалдаштырып алышат - мисалы, үй-бүлө жаатында гана ордун тапкан энеге баласын кое берүү кыйын болот. Анткени ал баласы жок өз жашоосун элестете албайт; 
  •  эмоционалдык жактан жетилбеген ата-энелер. Мындай ата-энелер өздөрүн балдары менен бир бүтүндүк деп эсептешет. Алар баланын инсандыгын коркунуч катары кабыл алышат, анткени ал ата-эненин аң-сезиминде каралбай калуу коркунучун күчөтөт. Мындай ата-энелер, эреже катары, балдарынын жеке чек арасын бузушат, аларга чечилбеген көйгөйлөрүн арта салышат жана алардын жашоосуна тынбай кийлигишет; 
  • Үй-бүлөдөгү диктатура, улууларга баш ийүү жана “ата-эне баарын билет” деген тартип көп учурда баланын өз алдынча кадамдарына тоскоол жаратат. 

Мына, биз эки позицияны тең карап чыктык. Балким, силер ата-энеңер менен болгон мамилелериңерди кайра карап чыгасыңар. Топтогон ойлоруңар көйгөйлөрүңөрдү чечүүгө багытталышы үчүн, жакшы китептерди сунуштайбыз. Алар сепарация процессин жеңил ишке ашырууга жардам берет: «Взрослые дети эмоционально незрелых родителей: как научиться ценить себя и наладить отношения с родителями», Линдси К. Гибсон.

«Токсичные родители», Сюзан Форвард.

Эмне себептен кээ бир ата-энелер балдарын кое беришпейт?

Балдары бөлүнгүсү келген жагдайларда деле ата-эне аларды өз алдынча кое бергиси келбеген себептерди кененирээк карап көрөлү. Бул тууралуу “Танграм” бирикмесинин психолог-кеңешчиси Михаил Варенов айтып берет. 

1. Баланын коопсуздугуна кам көрүү 

Ата-эне үчүн баласына кооптонуу нормалдуу көрүнүш болуп саналат.  Бала чоңойгон күндө деле, ата-энеси анын жашоосуна жана ден-соолугуна кабатырланып турушат. Бирок ашыкча кооптонуу жана тынчсыздана берүү (адамдын мүнөзү катары) баланы кое бербөөнүн себеби болушу мүмкүн: баланын башка жашоого аттанышын ата-эне чоң коркунуч катары кабыл алат. Аларга баласын өзүнчө жашоого кетиргенден көрө,  анын коопсуздугун жана бейкуттугун жакындан көзөмөлдөө оңойдой сезилет.

2. Бала - жашоонун маңызы  

Бала ата-эненин жашоосунда маанилүү, кээ бир учурда эң маанилүү орун ээлейт. Мындай жагдайда сепарациянын ишке ашышы менен ата-эне үчүн жашоонун маңызы жоголот. Бала үчүн жашаган ата-энени баладан “ажыратуу”  алар үчүн өтө оор.Ушул себептен, жашоонун маанисин жоготпоо жана аны сактап калуу максатында, ата-эне сепарацияга тоскоол жаратышы мүмкүн.   

3.Бала - ата-эненин бир бөлүгү 

Кээ бир ата-энелер балдарын өздөрүнүн уландысы катары көрүшөт (психологияда бул көрүнүш нарциссизмдин түрүнө кирет). Бул типтеги ата-эненин сөздөрүнөн мисал: “Башыңа топу кий. Суук экенин мен сезип жатам. Мени үшүтпө!”  Алар  баланы долбоор катары көрүшөт жана баланын ийгиликтерин өздөрүнө ыйгарып алышат. Бала ата-энесинин айткандарын аткарып, аларга керек нерселерди кылып жатканда, бала мээримге бөлөнүп турат. Мындай жагдайда балада ата-эненин сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн, аларга жаккандай өзүн алып жүрүү керек деген ишеним бекемделет. Ал эми ата-эне үчүн сепарация - өзүнүн бир бөлүгүн жоготуу дегенди түшүндүрөт. 

4. Бала мамилени бекемдейт 

Бала гана  ата-эненин никесин сактап турган жагдайлар да учурайт. Мындай абалда баланын сепарациясы, чоң турмушка аттанышы жана ата-эненин үйүнөн кетиши үй-бүлөнүн бузулушун билдирет. Анткени балага чогуу камкордук көрүү милдети да аяктайт. Бул жерде баланы кое бергиси келбегендиктин себеби - никени сактап калуу (же өнөктөшүн кетирбөө) аракети.   

5. Баланын бөлүнүшү - жашоонун бүтүшү

Ата-эненин экзистенциалдык абалын (жалгыздык, коркуу, көңүлсүздүк) да унутпоо керек: баланын чоңоюшу жана өз алдынчалыкка умтулуусу ата-энени өз жашоосу тууралуу ойго түртө баштайт.  Алар өлүм жакындап, карып баратканын түшүнүшөт. Ал эми баласын жанынан чыгарбай коюу менен, өтүп кеткен жаштыгын сактап калуу аракети кылынат. Алар бул максатта баланын көйгөйлөрүн чечүүгө жана ага кам көрүүгө активдүү киришет. Муну менен ата-эне өз көйгөйлөрүн унутуп жашоого умтулушат.   

Белгилей кетчү нерсе, сепарацияны кыйынчылыктарга карабай ишке ашырса болот.  Негизи ата-эне балага жардам бериши керек. Бирок ойдогудай болбосо, бул процессти баштоого жана алгачкы кадамдарды жасоого бала өзү аракет кылышы керек. Бир кадам жасалган соң, кийинкилер жеңил болот. 

Булак: Двор медиа