Гигиена тууралуу мифтер

Аларга олуттуу жана акылдуу кишилер да ишенишет

Кишилер тазалыкты сактоо эрежелерин ата-энесинен үйрѳнүшѳт, жоро-жолдошторунун кеӊеши менен же кооз жарнамаларга азгырылып, кам кѳрүүнүн жаӊы каражаттарын пайдаланышат, жаӊылыктар түрмѳгүнѳн лайфхактарды колдонушат. Бирок бул «тазалык кеӊештеринин» баары эле жарай береби? Биз интимдик гигиенага байланышкан популярдуу жаӊылышуулардын тизмесин түзүп чыктык.

Миф 1. Интимдик кам кѳрүү үчүн атайы каражаттарга зарылчылык жок, кадимки эле самын жетиштүүбү?

Кам кѳрүү үчүн каражаттарды тандоодон мурун организмдин кычкылдуу-шелочтуу чѳйрѳсү деген эмне экенин билип алуу зарыл. Кычкылдуу-шелочтуу түзүүчүлѳрдүн катышы — ден соолуктун кѳрсѳткүчү, болгондо да нормалдуу пульс же кан басымы сыяктуу чоӊ мааниге ээ.

Бул катыш суутек иондорунун концентрациясынан кѳз каранды жана суутектик кѳрсѳткүч же болбосо pH (латын тилиндеги pondus Hydrogenii — «суутектин салмагы» деген сѳздѳн) деп аталат. Анын деӊгээлин лакмус кагазы менен (мектептеги бардык химия кабинеттеринде бар) — 0дѳн 14кѳ чейинки шкала боюнча ченесе болот. Эгер кѳрсѳткүч 7ден тѳмѳн болсо, кычкылдуулуктун жогорулугунан (эритмеде суутек иондорунун концентрациясынын жогорулугу), ал эми 7ден жогору болсо — шелочтуулуктан (концентрациянын тѳмѳндүгү) кабар берет.

Адамдын шилекейинин pH чѳйрѳсү 6,5 – 7,5; кандыкы 7,35 – 7,45; муун ичиндеги суюктуктуку 7,3 – 7,7 түзѳт. Орточо эсеп менен кишинин организминин кычкылдуу-шелочтуу балансы 6 менен 8 pH ортосунда болот. Ал эми дененин кээ бир бѳлүктѳрүндѳ pH деӊгээлдери ѳтѳ эле айырмаланат. Мисалы, аялдардын интимдик зонасында кычкылдуу чѳйрѳ кѳбүрѳѳк — болжол менен 3,6–4,5 pH. Эркектерде болсо ушундай эле pH деӊгээли урук чыгаруучу түтүктѳрдѳ болот, эн бездери менен пенистин аймагында болжолдуу 7,6 түзѳт.

Women's health медициналык журналынын серебине коюлган бир нече илимий изилдѳѳдѳгү маалыматтар боюнча, интимдик зонадагы кычкылдуу чѳйрѳнү кошумча кам кѳрүү менен сактап туруш керек.

Илимий иш-чаралардын бирине изилдѳѳ объектиси сыпатында ар кайсы улуттун ѳкүлдѳрү болгон аялдар катышкан. pH кѳрсѳткүчү туура каражаттарды колдонуу алардын жыныс органдарынын микрофлорасына жакшы таасирин тийгизген: инфекцияларга каршы туруктуулук жогорулап, кычышуу жана кургактык азайган, кээ бир учурларда болсо либидонун (сексуалдык каалоо) кѳбѳйгѳнүн да белгилешкен.

Кадимки жѳнѳкѳй самындын жактоочуларынын ишеничи акталбай калды. Изилдѳѳчүлѳрдүн экинчи тобу кадимки самынды колдонуу менен регулярдуу гигиеналык процедуралардын жалпы эле териге жана жыныс мүчѳсүнѳ кандай таасир эте турганын изилдеп чыккан. Натыйжада мындай кам кѳрүү эч кандай пайда алып келбегендиги тууралуу жыйынтык чыгарышкан: аны колдонуудан тери кызарат, ашыкча кургап кетет жана инфекцияларга карата алсыз болуп калат. Себеби, самын –шелочтуулугу жогору ѳнүм. Демек, pH чѳйрѳсүндѳ кычкылдуулукту тѳмѳндѳтѳт.

Миф 2. Жуунуунун туура техникасы жокпу?

Эгер адам туура эмес жуунса, эӊ сапаттуу жана рН жагынан туура тандалган интимдик гигиенанын каражаттары дагы жакшы натыйжа бере албайт. Эӊ башкы эреже — колду алдыдан артты карай, кындан (же жыныс мүчѳсүнѳн) анусту кѳздѳй багыттоо. Себеби, кындын микрофолорасынын бактериялары коӊшу жайгашкан «арткы база» үчүн коркунуч туудурбайт. Бирок, тескерисинче, анустан кынга зыян келиши мүмкүн.

Арткы тешиктен кынды кѳздѳй багытта туура эмес жуунган учурда ичеги таякчасы (Escherichia coli) кирип кетиши мүмкүн. Анын штаммдарынын кѳпчүлүгү зыяндуу эмес: алар нормалдуу ичеги микрофлорасынын бир бѳлүгү болуу менен, анда патогендүү микроорганизмдердин ѳрчүшүнѳ жол бербейт. Бирок кын менен заара чыгаруучу каналга жакын чоочун кычкыл чѳйрѳдѳ кѳйгѳй чыгарышы — табарсыктын сезгенүүсүнѳ же циститке жол ачышы мүмкүн.

Эркектер анатомиялык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳн улам мындай илдетке аялдарга караганда азыраак кабылат — алардын заара чыгаруучу каналы узунураак болгондуктан, бактериялар ал аркылуу табарсыкка жетип, сезгенүү процессин пайда кылууга үлгүрбѳй калат.

«Алдыдан артты кѳздѳй» эрежеси бир гана жыныс органдарын жууганга эмес, даарат кагазын колдонууга да, ошондой эле жыныстык катнашка да тиешелүү  — аналдык секстен кийин дароо кындык секске ѳтпѳш керек.

Миф 3. Прокладкалар аба ѳткѳрѳбү?

«Дем алуу» ѳзгѳчѳлүгү кѳп учурда соода бренддери тарабынан прокладканын - этек кир келип жатканда колдонула турган популярдуу гигиеналык каражаттын жогорку сапатынын далили катары колдонулат.

Бирок, тилекке каршы, бул кадимки эле маркетинг ыкмасы. «Роскачество» (Россия) коммерциялык эмес эксперттик уюму жүргүзгѳн изилдѳѳнүн жыйынтыктарына ылайык, «дем алуучу» же аба ѳткѳрүүчү прокладка болбойт.

Алардын аба ѳткѳрүүчү жѳндѳмдүүлүгү нѳлгѳ барабар. Эгерде чындап эле аба ѳткѳрүүчү касиетке ээ болсо, анда нымды кармап туруусу мүмкүн болбой калат.

Прокладканын ич кийимге жабышкан астыӊкы катмары — полимер материалдардан жасалган жука плёнка. Дал ошол катмар аба ѳткѳрбѳйт жана интимдик зонада айрым зыяндуу бактериялардын кѳбѳйүүсү үчүн ыӊгайлуу анаэробдук чѳйрѳнү пайда кылат.  Ушул себептүү прокладканы жок дегенде 4 саатта бир алмаштырып туруу зарыл.  

Баса, дагы бир кѳнүмүш жарнама «кѳзүрү» — прокладканын ѳтѳ кѳп ѳлчѳмдѳ суюктукту сиӊирип алуу жѳндѳмдүүлүгү: канчалык кѳп болсо, ошончолук жакшы. Бирок бул дагы зыяндуу — прокладканын суперабсорбенти жыныс органдарынын аймагы үчүн кычкылдуулуктун жогору болушу норма деп эсептелсе дагы, интимдик зонадагы pH деӊгээлин щелочтуу тарапка кѳбѳйтѳт.  

Бул жагдай дагы прокладканын суюктукту кѳп сиӊиргендерин сатып алууга умтулбай, аны тез-тезден алмаштырып туруу зарыл экенин кѳрсѳтүп турат.

Миф 4. Ич кийим репродуктивдүүлүккѳ таасирин тийгизбейби?

Эркектердин ич кийими тууралуу кеп кыла турган болсок, бул жерде ѳлчѳм чындап эле мааниге ээ. Башкача айтканда, ал канчалык кенен болсо, ден соолук үчүн ошончолук жакшы.

Европанын Адам репродукциясы жана эмбриология коомунун (ESHRE) билдирүүсү боюнча, кенен үй-бүлѳлүк ич-кийим кийген эркектерде уруктагы сперматозоиддердин концентрациясы жогору болот. Мындай ич кийим кенен болгондуктан, эн бездеринде оптималдуу температура (дененин температурасынан бир-эки градус тѳмѳн) сакталып турат, демек, сперматозоиддер жакшы ѳрчүйт. Эн бездери кысылып калса, алар жылый баштайт жана эркек жыныс клеткаларын ѳндүрүү процесси начарлайт. 

Т. Х. Чан атындагы Гарвард коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин окумуштуулары муну конкреттүү маалыматтар менен ырасташкан: плавки же ушул сыяктуу чапташкан ич кийимдерди кийип жүргѳн катышуучулардын спермаларынын үлгүлѳрүндѳ сперматозоиддердин концентрациясы үй-бүлѳлүк ич-кийим кийген катышуучулардыкынан орто эсеп менен 25%га тѳмѳн болгон. Ошондой эле тар ич кийим кийгендерде беркилерине караганда фолликулдарды стимуляциялоочу гормондун (фоллитропин, же ФСГ) деӊгээли 14%га тѳмѳн болгондугу аныкталган. Бул гормон гипофиз тарабынан иштелип чыгат жана сперматогенезди (эркек жыныс клеткаларын ѳрчүтүү процессин) баштатуу үчүн зарыл.

Миф 5. Спринцовкалоо кындын микрофлорасын чыӊдайбы?

Кээ бир аялдар жыныс органдарын сыртынан гана эмес, ичинен дагы жууп туруш керек деп эсептешет. Ушул себептен улам кээ кезде спринцовкалоо – кындын ичин дары-дармектик эритмелер менен чайкоо ыкмасын колдонушат. Айрымдары спринцовкалоо жыныстык жол менен берилген инфекциялардан коргойт деп да ишенишет. Бирок бул дагы миф.

Ѳзү билип (башкача айтканда врач тарабынан берилген дары-дармек каражаты, анын концентрациясы жана колдонуу жыштыгы боюнча кѳрсѳтмѳсүз) спринцовкалоо кындын табигый коргоочу барьеринин алсызданышына алып келет. Кындын былжырлуу катмарынын микрофлорасы толугу менен жуулуп калып, ар кандай сезгенүүлѳрдүн пайда болуу коркунучу жогорулайт.

Кын жатындын моюнчасында бѳлүнүп чыккан цервикалдык былжырлуу суюктуктун жардамы менен ѳзүн ѳзү тазалоочу система болуп саналат. Былжырлуу суюктук менен чогуу ѳлгѳн клеткалар сыртка чыгып, микрофлоранын туура балансы сакталып турат.

Миф 6. Чурайдагы түктѳрдү тазалап туруу инфекциялар менен венерикалык ооруларды жугузуп алуу коркунучун азайтабы?

Кырып-тазалоо туурабы же туура эмеспи? Кээ бир кишилер интимдик зонаны дайыма кырып туруу эстетикалык себептерден тышкары, инфекциялардан, ал тургай венерикалык оорулардан сактайт деп эсептешет. Адатта логика мындай — түк азыраак болсо, тер да аз болот, демек — бактериялар анчалык активдүү кѳбѳйѳ албайт.

Анткен менен, Калифорния университетинин урология департаментинин илимпоздору тарабынан берилген маалыматтарга ылайык,  кырынуудан кѳбүнчѳ карама-каршы натыйжа келип чыгат. Алардын изилдѳѳсүнѳ 18 жаштан 65 жашка чейинки 7580 эркек катышкан. Катышуучулардын 74%ы ѳмүрүндѳ жок дегенде бир жолу чатындагы түктѳрдү кырган. Жылына 11 жолудан кѳп кырынган 17% эркек таптакыр кырынбаган же чатындагы түктѳрдү сейрек тазалаган эркектерге караганда 4 эсе кѳп венерикалык ооруларга кабылганын билдиришкен.  

Мунун башкы себеби жѳнѳкѳй эле — кырынып жатканда териде майда тиликтер калып калат жана түрдүү инфекциялык оорулардын козгоочулары алар аркылуу оӊой эле кирип кетет.

Албетте, интимдик зонаны кырып-тазалап туруу — жаман деп айтуудан алыспыз. Тек гана устараны абайлап колдонбогон учурда илдетке чалдыгуу коркунучу жаралат.

Дагы эмнелерди окуса болот?

1. https://www.theguardian.com/society/2018/sep/04/the-vagina-is-self-cleaning-so-why-does-the-feminine-hygiene-industry-exist

2. https://www.healthline.com/health/ph-of-blood

3. https://www.medicalnewstoday.com/articles/320514.php

4. https://www.nhs.uk/common-health-questions/mens-health/what-should-my-testicles-look-and-feel-like/

5.https://www.researchgate.net/publication/311790691_The_Problem_with_Soap_and_the_Intact_Penis

6. https://books.google.ru/books?id=wagNAgAAQBAJ&pg=PA144&redir_esc=y#v=onepage&q&f=false