Флирт, же жагуу маданияты

Эмнеге адамдар мамиле түзүүдө флиртке барышат?

Флирт - бул адамдардын бири-бирин жактыруу жана сексуалдык жактан бири-бирине тартылуу сезимдерин аныктоого жардам берген баарлашуунун бир түрү. Биз флиртти кызыктуу адам менен таанышууну же аны менен жакыныраак, романтикалык мамилени өрчүтүүнү каалаганда колдонобуз. Бул жүрүм-турум сексуалдык жана ага байланыштуу сезимдер үчүн жооптуу болгон мээнин байыркы бөлүгү - лимбикалык система тарабынан жөнгө салынат.

Флирт кылганда биз көп учурда жылмайып, көңүлүн бурууга аракет кылабыз, жакындайбыз же кунт коюп угабыз жана маектештин көзүнө көпкө тигилип карайбыз. Кээде жумшак тамашаларды айтып, көз кысып же ага кызыкдар экенибизди  билдирүүгө аракет кылабыз. Флирт кылуу ыкмалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок маданий контекстке карабастан, дээрлик ар бир адам жашоосунун кайсы бир мезгилинде флиртти башынан өткөрөт.

Түндүк Иллинойс университетинин профессору Дэвид Хеннингсен флирттин алты себебин белгилейт:

  1. Сексуалдык: бир адам башкага потенциалдуу сексуалдык өнөктөш катары кызыгуу көрсөтөт.
  2. Көңүл ачуу: флирт жөн гана көңүл ачуу үчүн, бул  олуттуу нерсеге караганда спортко окшош, жөн гана көңүлүн көтөрүү үчүн жасалат.
  3. Изилдөө: флирт кылганда адам башка адам менен мамиледе болуу кандай экенин түшүнүүгө аракет кылат.
  4. Мамиле түзүү: бул учурда адам мурунтан эле тааныган адамына тийишип, мамилени тереңдетүүгө жана аны жакыныраак тартууга аракет кылат.
  5. Өзүнө болгон бааны көтөрүү: адамдар башка адамдын көңүлүн алуу жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу үчүн жөн гана флирт кылышы мүмкүн.
  6. Инструменталдык: бул учурда бир адам башка адам аркылуу өз максаттарына жетүү үчүн флиртти колдонот.

Үй жаныбарлары же Тиндер тиркемеси сыяктуу флирт, көбүнчө жалгыз адамдардын жүрүм-турумун аныктап турат. Анткен менен психологдор мамилеси бар адамдарга да түгөйлөрүнө флирт кылып турууну сунушташат. Бул сергек мамиледе маанилүү ролду ойнойт, флирт - өнөктөшүңүзгө болгон кызыгууңузду билдирүүнүн эң сонун жолу.

Кентукки университетинде 164 үй-бүлөлүү адам катышкан изилдөө көрсөткөндөй, анда катышкандар  шериктерине жылуу сөздөрдү кулактарына шыбырап айтышкан. Алар үчүн флирт - "жубайы менен жеке дүйнө түзүү" жана мамиледеги жакындыкты баса белгилөө мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Бирок мамилеси бар  адамдар кээде өнөктөшү менен гана эмес, башкалар менен да флиртке баруулары мүмкүн. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, эркектер менен аялдар мындай флиртти бири-биринен айырмаланып, башкача кабыл алышат.

2010-жылы МакГилл университетинин илимпоздору 700 студенттин катышуусу менен бир катар эксперименттерди камтыган кызыктуу изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн максаты - олуттуу сүйлөшүп жүргөн кызы же жигити бар студенттин башка жагымдуу адамдарга кандай реакция кыларын  түшүнүү болгон.

Эксперименттердин биринде бейкапар жүргөн 70 эркек баланы алар менен флирт кылган сулуу аял менен тааныштырышат. Эркектердин жарымына жакыны ал аял менен таанышууга кызыгын артышкан. Калган жарымын аларга көңүл бурбаган, “жеткиликтүү эмес” аял менен тааныштырышат.

Таанышуудан соң, дароо эле эркектер кадимки өнөктөшү менен болгон мамилеси жөнүндө сурамжылоону толтурушкан. Көрсө, эркектерде сүйкүмдүү, бойдок аял менен сүйлөшкөндөн кийин өз өнөктөшүнө карата терс көз караштар пайда болуп калат экен.

Ал эми аялдар, тескерисинче, жеткиликтүү, жагымдуу эркекке жолуккандан кийин азыркы мамилелерин бекемдөөгө көбүрөөк аракет кылышары белгилүү болду. Ошол эле учурда, эркектер, аларга жаккан аял менен флирт жасоо - мамилеге коркунуч алып келбейт деп эсептешсе,  аялдардын бул боюнча ойлору эркектердикине таптакыр карама-каршы келет.



“Мага ошондой сезилдиби, же бул флирт беле?” - эмне себептен биз кыйытма ишараттарды жакшы түшүнбөйбүз?

Адатта, флирттин негизги элементи - ойду ачык билдирбөө болуп саналат. Ошондуктан, биз көп учурда ал адам биз менен ойноп жатабы же ал жөн эле сылык мамиле кылып жатабы деген шектенүү менен өзүбүздү кыйнап алабыз. Флирт – бул оюнга окшош, андагы оюнчулардын негизги милдети- бири-биринин оюн билип алуу.  Мындай интрига кээде адамдарга жылуу сезимдерди тартуулайт.

Адамдар көбүнчө кыйыр флирт стратегияларын тандашат. Тамашага салуу, тийишүү, жылмаюу, көз караштар - мунун баары флирт же достук мамиленин эле көрүнүшү болушу мүмкүн. Ооба, балким, адамдар бири-бирине болгон сезимдерин ачык эле айтышса, баары жөнөкөй болмок. Бирок флирт сунуштардын четке кагылуусунун коопсуз жолу болуп саналат. Көпчүлүгүбүз түздөн-түз баш тартууларды кабыл алгыбыз келбейт, ошондуктан адамдар башка адамга болгон жактыруу сезимин билдирүү үчүн ачык эмес кыйытмалар менен сынап көрүүнү жактырышат.

Окумуштуулар Холл, Ксин жана Брукс адамдардын флиртти канчалык деңгээлде байкай алышарын изилдешкен. Бул үчүн изилдөөчүлөр бейтааныш адамдарды чогултуп, лабораторияга алып келишип, алардан "биринчи таасир" тапшырмасы үчүн 10 мүнөткө бири-бири менен жакын баарлашууну суранышкан. Адан кийин ар биринен башка адам менен болгон мамилеси жөнүндө сурашкан. Эксперименттин жүрүшүндө алар төмөнкүлөрдү аныкташкан:

а) Сырткы келбет маанилүү роль ойнойт. Адамга чоочун адамдар сырткы келбети аркылуу канчалык көп тартылса, ошончолук флиртке барышат. Бирок эгерде адамга башканын сырткы көрүнүшү жакса, анда бул ал автоматтык түрдө нейтралдуу сөздөрдү флирт катары кабыл алат дегенди билдирбейт.

б) Эркектер да, аялдар да флиртти жакшы айырмалай алышпайт. Бейтааныш адам менен баарлашканда, изилдөөнүн катышуучуларынын көбү флирт болгон учурда аны байкай алышкан эмес. Аялдардын 18% гана флиртти туура тааныган. Ал эми эркектер бир аз жакшыраак натыйжа көрсөтө алышкан, алардын 36%ы кыйытма ишараларды тагыраак түшүнүшкөн.

в) Флирттин жогун адамдар жакшыраак түшүнөт. Изилдөөдө аялдардын 83% флирттин жоктугун туура аныктаса, эркектер арасында 84% катышуучу тапшырманы так аткарышкан.

Кызыктуусу, башка изилдөөлөр көрсөткөндөй, гетеросексуал эркектер көбүнчө аялдардын аларга болгон сексуалдык кызыгуусун ашыкча баалашат, ал эми аялдар аны, тескерисинче, төмөн баалашат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эркектер көбүнчө аялдын андай ниети жок болгон учурда да, алар ага тийишип жатат деп ойлошот. Тескерисинче, аялдар эркек чындап тийишип жатканда да, аны  достук мамиле деп кабыл алышат.

Техас университетинин психологдору Марти Хаселтон жана Басс бул ачылышка бир нече түшүндүрмөлөрдү беришкен. Түшүнүктөрдүн мындай айырмачылыгы маданият жана тарбия менен шартталган. Эркектер көбүнчө сексуалдык жактан эркин болууга, ал эми аялдар жөнөкөй болууга тарбияланат. Бирок психологдор дагы эле бул  байкоолору үчүн идеалдуу түшүндүрмө таба элек.

Биз жөн гана доспузбу, же ал мага чындап эле тийишип жатабы?

Достукту  флирттен айырмалоо үчүн башка адамдын жүрүм-турумуна  кунт коюп, байкоо салуу керек.

Биринчиден, ишарат белгилерин байкагыла 

Дене ишараттары көп нерсени билдирип турат.  Изилдөөлөр көрсөткөндөй, айрым жүрүм-турумдар, ишараттар романтикалык кызыгууну көрсөтөт. Кээ бир учурларда, жылмайуу, алдыга жүткүнүү, жеңил кучактоо жана денеге кол тийгизүү флирттин бир бөлүгү болушу мүмкүн.

Психологдор көбүнчө көз караштарга көңүл бурууга кеңеш беришет, анткени "достук" көз караш менен "флирт" көз караштын ортосунда айырма бар. Достук маанайда караган көздөр дайыма тынч абалда болушат жана баш ийкөөлөр менен коштолушу мүмкүн.

Ал эми "флирттик көрүнүш" - тик карай албаган көздөр менен тымызын кароо, бул учурда чачты кармалап же кийимди түзөп жаткан аракеттерди байкаса болот.  Достук - бул жөн гана жай, бош отуруу, чын жүрөктөн жакындыкты билдирет, ал эми флирт интимдикке кызыгуу бар экенинен кабар берет.

Экинчиден, флирттик сөздөргө кулак төшөгүлө 

Эркектер да, аялдар да баарлашуу учурунда флирт катары айтылган сөздөрдү жакшы айырмалай алышат. Ошентип, достук баарлашуулар жайбаракат жагдайда эле тынч абалда болот, ал эми флирт учурунда сени менен жакындан таанышууга жана жакындашууга болгон кызыгууну байкай аласың.

Достук маанидеги суроолор жөн гана адамдын ал-ахыбалын сураган маанайда  болушу мүмкүн, ал эми флирт учурунда жеке адамга тиешелүү суроолор берилиши ыктымал. Мисалы, сенин кимдир-бирөө менен сүйлөшүп жатканың тууралуу же өнөктөшүңдүн бары-жоктугуна кызыккан суроолор.

Оозеки флирт көбүнчө вербалдык эмес флирт менен айкалышат. Эгер адам сага комплимент айтса, бул сөзсүз түрдө анын тийишип жатканын билдирбейт. Бирок ал сага жакшы нерсе айтса, жакыныраак отурса, дене-мүчөлөрүн акырын тийиштирсе, анда бул ачык эле флирт болуп саналат.

Үчүнчүдөн, өзгөчө аракеттерине байкоо салгыла

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, флирт кылгысы келген адамдар өздөрүн ыңгайлуу сезген жана оңой баарлаша алган жерлерде бири-бирине көбүрөөк кызыгуу көрсөтөт. Мисалы, кечелерде же алар эс алуучу жайларда.

Ошондой эле, конкреттүү кырдаалдарда достук мамилеге да көңүл буруу зарыл. Мисалы, кимдир-бирөө мектепте же жумушта сага өзгөчө кызыгуу көрсөтсө, анда бул анын сага тийишип жатканынын белгиси болушу мүмкүн. Мыдай жагдайда ал адамдын башкаларга кылган мамилесине байкоо салуу менен анын сага канчалык кызыкдар экенин жакшыраак түшүнүүгө болот.

Эмне себептен флирт боюнча атайын жалпы нускама жок? 

Флирт көбүнчө вербалдык эмес сигналдардан көз каранды: көз караштар, кокустуктай көрүнгөн кыймыл-аракеттер. Эгер ошондой болсо, анда эмне үчүн бизде дагы эле ар бир адамга  иштей турган универсалдуу флирт стратегиясы жок?

Австралиядагы Жеймс Кук университетинин изилдөөчүлөрү адамдар романтикалык мамиледе кантип сүйлөшөрүн изилдешкен. Алар сезимдерди билдирүүнүн беш түрдүү жолун аныкташкан. Окумуштуулар романтикалык сезимдерди билдирүүнүн жолу да маанилүү деп эсептешет. Башкача айтканда, адамдын сезимдерин кантип көрсөткөнү анын кандай мааниде кабыл алынуусуна таасир этет. Ар ким ар кандай тийишет, бирок кимдир-бирөөнүн жүрүм-туруму белгилүү болсо, анда анын тийишип жатканын же флирттин жоктугу оңой эле аныкталат.

Биринчи стиль — кадыресе

Флирттин бул стили менен эркектер менен аялдар салттуу гендердик ролдорду карманышат. Эркектер сөздү баштап, кызыгуу көрсөтүшөт, ал эми аялдар жооп беришет. Эркек биринчи кадамды жасап, мисалы, суусундук же шоколад сатып берүүнү сунуштайт, андан кийин процессти дагы ал улантат - ал аялдын көңүлүн буруу үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Салттуу стилде флирт кылган айымдар өздөрү алгач флирт баштай алышпайт, бирок алар үчүн башкалардын көңүл буруусу маанилүү жана жагымдуу.

Окумуштуулар белгилегендей, бул сценарийде айлампа мамиле түзүлөт: аялдар пассивдүү ролду ойношот жана өнөктөштү өзүнө тартып алышпайт. Анткени алар ар дайым эркектин биринчи кадам жасашын жана алардын көңүл буруусун күтүшөт, бирок эч качан өздөрү башташпайт. “Салттуу” флирт кылган эркектер, адатта, алар тийишип жаткан аялды көптөн бери билишет. Мындай формадагы флирт менен адамдардын ортосундагы мамилелер өтө жай өнүгөт.

Экинчи стиль — физикалык

Бул стилде оозеки билдирүүлөр, ошондой эле денеге кол  тийгизүү аркылуу жыныстык мамилеге жол ачууга аракет жасалат. Мындай стилде флирт кылган адамдар, адатта, тамашага салып ар кандай сөздөрдү айтып, жеке суроолорду берип, сексуалдык кызыгуусун ар кандай жолдор менен кыйытышат.

Ушундай жол менен флирт кылгандар башкалардын кызыгуусун жакшы түшүнө алышарын айтышат. Алар ачык сүйлөшөт, романтикалык ниеттерин ишенимдүү билдиришет жана тез эле адамга тартылып, жеке баарлашууга өтүшөт. Мындай флирттен келип чыккан мамилелер, адатта, тез өнүгөт.

Үчүнчү стиль — таза ниеттүү, чынчыл

Флирттин бул стили - адамдын потенциалдуу өнөктөшү менен терең эмоционалдык байланыш түзүүгө умтулуусун билдирет. Ал мында жеке маалыматтар менен бөлүшүп, башка адамдын ички дүйнөсүнө кызыгуусун билдирет. Мындай мамиледе эң негизгиси сексуалдык кызыгуу эмес, күчтүү эмоционалдык байланыш түзүү болуп саналат. Бул флирт стилиндеги адамдар биринчи кадамды чанда гана жасашат, бирок флирт кылуу жагымдуу жана пайдалуу деп эсептешет. Сексуалдык кызыгууну билдирүү үчүн импульсивдүү аракеттер аларга мүнөздүү эмес. Алар туруктуу эмоционалдык байланыштар аркылуу ийгиликтүү романтикалык мамилелер бекемделет деп эсептешет.

Төртүнчү стиль — сылык

Бул стилди колдонгон адамдар абдан этият болушат. Алар дене тилин колдонбогонду жакшы көрүшөт жана өздөрү флирт баштоону жактырышпайт. Алар "чынчыл" стилдеги адамдар сыяктуу эле күчтүү жана узакка созулган эмоционалдык байланышка кызыгышат.

Бешинчи стиль — ойноок 

Мындай баарлашуу узак мөөнөттүү романтикалык мамилелердин өнүгүшүнө алып келбейт.  Бул стилде флирт кылгандар жөн гана аракеттин өзүнөн ырахат алышат. Алар тийишүү үчүн флирт кылганды жакшы көрүшөт, бул өзүнө болгон бааны жогорулатууга жардам берет.

Бир гана стилдеги флирт кылган адам жолугары күмөн. Ооба, белгилүү бир стиль үстөмдүк кылышы мүмкүн, бирок аны башкалар менен айкалыштырса болот. Мисалы, физикалык менен чынчыл же сылык менен салттуу стилдери үндөшүп турат. Ал эми ойноок стили менен ак ниет, чынчыл стилдер бири-бирине айкалышпайт.

Флирт менен ыдык көрсөтүүнү кантип айырмаласа болот?

Мектепте, университетте же жумушта эки адам бир долбоордун үстүндө иштегенде, алар бири-бирине вербалдык эмес сигналдарды көп жөнөтүшөт: ачык, эркин поза, бири-биринин кыймылын көчүрүү, көз менен сүйлөшүү. Бул сигналдар адамдарга бири-бирине кызыкдар болуп, кызматташуу мамилелерин түзүүгө жардам берет.

Ар бир адам бул сигналдарды колдонот: атүгүл сатуучулар да ушундай жол менен потенциалдуу кардарларын товарын сатып алууга ынандырат. Бирок кээде бул вербалдык эмес сигналдар экинчи адам тарабынан туура эмес түшүнүүгө алып келиши мүмкүн. Сигналдар кайсы учурда флирт катары кабыл алынат жана качан чектен чыгып ыдык көрсөтүүлөргө жол ачат?

Флирт деген эмне экенин эстеп көрөлү. Флирт – бул жөн гана кызыгуу көрсөтүү эмес, адамдын сексуалдык жактан жагымдуу экенин билдирүү. Флирт процессинде көп нерселер аң-сезимсиз болот: адамдар бири-биринин ойлорун, белгилерин байкап көрүшөт, анан флиртти андан ары интимдик деңгээлге өткөрүшөт. Бирок сигналды туура эмес чечмелөөдөн же ага көңүл бурбоодон улам чектен чыгып кетүү жана башка адамдын жеке чектерин бузуу коркунучу бар. Анын жеке мейкиндигин бузбоо үчүн башка адам жөнөтүп жаткан сигналдарга кунт коюп жана аларга урматтоо менен мамиле кылуу маанилүү.

Кээде адамдар бири-бири менен флирт кылышат, анткени бул аларга жөн эле жагат, өзүнө болгон бааны жакшыртат, бирок алар олуттуу эч нерсе билдирбейт. Келгиле, флирт кокусунан көзөмөлдөн чыгып кеткен жагдайды карап көрөлү.

Көбүнчө флирт эки этапта өтөт:

Биринчи стадия: вербалдык эмес сигналдар

Качан адам өзүн сулуулап, жымсалдап баштаганда, мисалы, чачын сылап же денесинин айрым бөлүктөрүнө көңүл бурганда, бул көбүнчө флирттин ачык белгиси. Аялдар сандарына колун тийгизүү, моюнун көрсөтүү, же төшүн чыгаруу сыяктуу кыймылдарын жасашы мүмкүн. Ал эми эркектерде ээгин алдыга созуу же көкүрөк булчуңдарын көрсөтүү кадимки көрүнүш.

Мындай белгилер ачык флирттин белгиси болушу мүмкүн, бирок  түздөн-түз денеге тийүү пайда болмоюнча, кимдир-бирөө мамилени улантууга канчалык кызыкдар экени дайыма эле ачык-айкын боло бербейт. 

Ошондуктан, флирт учурунда түшүнбөстүктөрдү жаратпоо үчүн өнөктөшүңдүн өз ара мамилесине жана сигналдарына этият болуу маанилүү.

Экинчи стадия: дененин денеге тийүүсү

Айталы, ал адам чындап эле тийишип жүрдү, бирок ал бул аракети менен мамиленин башка деңгээлге чыгаруу ниети болгон эмес. Кокусунан денелер тийишип кетсе, мамилени улантууга кызыкдар адам муну сигнал катары кабыл алат. Ушул убакка чейин алар бири-бирине жөн гана тийишип ойноп жүрүшкөн. Бирок денелер тийишип кеткен учурда алардын бири флирттин чектен чыгып кеткенин түшүнөт.

Ошону менен флирт токтойт, алардын бирөөсү ачык эле мамилени токтотот же кайтарым жооп бербейт. Кээ бир адамдар флиртти токтотуу боюнча берилген сигналдарга карабастан, тийишүүнү уланта берет. Мына ушул учурда флирт ыдык көрсөтүүгө айланат.

Сексуалдык ыдык көрсөтүү адам башка адамдын сигналдарын жана өтүнүчтөрүн сыйлабаганда, же эң начар учурда флирттин бардык этаптарын этибарга албаганда, ачык макулдуксуз түздөн-түз сексуалдык аракеттерге өткөндө пайда болот. Бул жеке чектердин бузулушун жана этап-этабы менен макулдукка жетишүүнүн жоктугун билдирет.

Ошондой эле, башка адам каалабаганда, электрондук почта же социалдык баракча аркылуу ачык-айкын сексуалдык билдирүүлөрдү жөнөтүү да сексуалдык асылуунун бир түрү болуп эсептелет. Жеке мейкиндикке каалагандай кол салуу, орунсуз комментарийлер, тамашалар же кармалоо - мунун баары ыдык көрсөтүү болуп саналаарын жана бул көйгөйдү олуттуу кабыл алуу керектигин биле жүрүү маанилүү. Сексуалдык асылууну ажырата билүү жана ага каршы күрөшүү адамдар ортосунда мамилелерди сактоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Оффлайн флирт: адамдар менен  таанышуу, сүйлөшүүнү кантип баштоо жана өзүн кандай алып жүрүү керек?

Биз флирттик мамилелер флиртке  ылайыктуу жерлерде (кафе, кече, оюн-зоок залдары ж.б.) болот деп айтып кеткенбиз. Жалпысынан адамдар эркин баарлашып, эс алган жерлерде флирт пайда болот.

Башкалар сиз менен таанышкысы келиши үчүн бөлмөдө же көчөдө эң жагымдуу адам болушуңуз керек деген пикирлер бар. Бирок барларда, соода борборлорунда жана жаштар жолуккан башка жерлерде флирттин жүрүм-турумун изилдеген Вебстер университетинин психологунун изилдөөсүнө ылайык, сулуу көрүнгөндөргө караганда жылмайуу менен тигилип караган аялдарга көбүрөөк кайрылышкан.

Айтмакчы, көз караштар чынында эле маанилүү ролду ойнойт. Бир изилдөөдө 48 жуп карама-каршы жыныстагы бейтааныш адамдарга 6 мүнөттүн ичинде бир нече тапшырмаларды аткарууну талап кылышкан: 1) өнөктөшүнүн көздөрүнө кароо, 2) өнөктөшүнүн колдоруна кароо жана 3) өнөктөштүн канча жолу көз ирмегенин саноо. Эки түгөй тең көзүн кароо тапшырмасы учурунда башка тапшырмаларды аткарганга салыштырмалуу жактыруу сезимдерин көбүрөөк билдиришкен.

Эгер адамдар менен көчөдө таанышууну кааласаңар, анда аба-ырайы сыяктуу жагдай да эске алынышы керек. Эксперименттердин биринде 20 жаштагы жигит Франциянын көчөлөрүндө кыздар менен таанышат. Жыйынтыктар көрсөткөндөй,  сыртта күн ачык болуп турганда көбүрөөк кыздар телефон номерлерин калтырышкан.

Жактырган адам менен флирт кылуу сүйлөшүүдөн башталат. Бирок бул сүйлөшүүнү кантип баштоо керек: тажрыйбалуу, кыз жандуу жигиттин сөзү мененби, же кадыресе суроо бериппи, балким, комплимент менен баштоо керектир?

Дагы бир изилдөө боюнча,  Аляска университетинин психологу Крис Л. Клейнке 600 респонденттен таасирдүү үч флирттик фразаны баалап берүүнү суранган:

• "Чоң кыз, жүрөгүңө жетүү жолун айта аласыңбы?" - пикапердун сөздөрү;

• "Бул топ жөнүндө кандай ойдосуз?" же "Кайсы команданы колдоп жатасың?" - кадыресе, жөнөкөй суроолор;

•"Сен жакшынакай кыз экенсиң, мен сени балмуздак менен сыйласам болобу?" - тике суроолор.

Жооптор респонденттердин жынысы боюнча айырмаланган. Изилдөөгө катышкан эркектер түз мамилени жактырса, аялдар ачык, зыянсыз суроолорду жактырышкан. Ал эми өтө аз сандагы адамдар пикап мамилени артык көрүшкөнүн билдиришкен, бул таң калыштуу эмес. 

Аялдар менен эркектердин тандоосундагы дагы башка айырмачылыктар Никосия университетинин академиктери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө көрсөтүлгөн.

Алар флирттин ийгилигин кепилдеген 47 сапатты аныкташып, 9 категорияга бөлүшкөн. Алардын арасында: акылдуулук, жумшактык, кунт коюучулук, кайраттуулук жана чечкиндүүлүк, сырдуулук, боорукердик, романтика, жалпы кызыкчылыктардын болушу, ошондой эле сүйкүмдүүлүк. Мисалы, аялдар сылыктыкка, адаттан тыш хоббиге жана сырдуулукка көбүрөөк тартылышат. Ал эми эркектер сүйкүмдүүлүктү көбүрөөк баалашат.

Адам менен баарлашууну улантуу үчүн, ага кызыкдар экениңизди көрсөтүүнүн эң жакшы жолу - суроо берүү. Нью-Йорк мамлекеттик университетинин психологу Артур Арондун 1997-жылы кеңири тараган изилдөөсүнө ылайык, адамдар бири-биринен жеке нерселер жөнүндө сураганда, эмоционалдык байланыш сезилет.

Жеке, мисалы, "Сүйүү сиздин жашооңузда кандай роль ойнойт?" же "Сиздин оюңузча, кайсы нерселерге күлүүгө болбойт?" Алты ай өткөндөн кийин, эки катышуучу (баштапкы изилдөө тобунун кичинекей бөлүгү) бири-бирин сүйүп калышкан - бул кичинекей болсо да, кызыктуу натыйжа.

Онлайн флирт: чыныгы жашоодон бекинүү, каармандык жана эмодзи

Жакшы жаңылык - онлайн режимде бардык нерсе оффлайн режиминде иштегендей иштейт. Жаман жери, интернет биздин вербалдык эмес сигналдарды көрсөтпөйт: чачын сылап же маектештин көзүнө тигиле кароону элестетүү кыйын. Бул флиртти ажырата билүүнү ого бетер кыйындатат дегенди билдирет.

Эмне үчүн адамдар билдирүүлөр аркылуу флирт кылышат? Бул суроого изилдөөчүлөр Нариссара Пунанунт-Картер жана Томас Вагнер жооп издеп көрүшкөн.

Окумуштуулар жарымына жакыны романтикалык мамиледе турган 400 студентти чогултуп, смс билдирүүлөр аркылуу флирт кылуу себептерин сурашкан. Натыйжада, изилдөөчүлөр жазышуу аркылуу жасалган флирттин алты себебин аныкташкан:

Ырахат алуу үчүн. Флирт - бул кызыктуу, көңүлдүү жана жөн гана жагымдуу.

Эс алуу үчүн. Эс алуу максатында баарлашуу катары флирт.

Көзөмөл үчүн. Бирөөнү баш ийдирүү же бир нерсе алуу үчүн флирт кылуу.

Чындыктан качуу аракети. Флирт кылуу башка иштерден жана көйгөйлөрдөн алыстоого жардам берет.

Баарлашуу үчүн. Башка адамдар менен маектешип, өзүн жалгыз сезбөө үчүн флирт.

Жакындык үчүн. Колдоо жана ыраазычылык көрсөтүү.

Окумуштуулар эркектер аялдарга караганда чын жашоодогу көйгөйлөрдөн качуу үчүн оффлайн режиминде, ал эми көзөмөлдөө жана эс алуу үчүн онлайнда флиртке көбүрөөк барарын аныкташкан. Ал эми аялдар  оффлайн режиминде да, онлайн режиминде флиртти көңүл ачуу максатында жасашкан.

Эркектердин СМС аркылуу баарлашууну жактырышынын бир себеби - балким, аялдар вербалдык баарлашууну жана маалыматты эркектерге караганда жакшыраак түшүнө алышат.

Дагы бир изилдөө көрсөткөндөй, онлайн флирт эркектер үчүн оңой болушу мүмкүн, анткени коомдо романтикалык мамиледе эркек биринчи кадамды жасашы керек деген пикир калыптанып калган. Ошол эле учурда, эркек баш тартууга дуушар болуп калганда, көңүлү чөгүп, эмоционалдык алсыздыгын көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Ал эми өз сезимдерин ачык билдирүү - эркектик сапат тууралуу көнүмүш түшүнүккө карама-каршы келет. Түз байланыштын жоктугунан улам, социалдык тармактар аркылуу баарлашуу - флирт ийгиликсиз болуп калганда, адамдарга оңтойсуз абалдан качууга жардам берет. Мындан тышкары, жеке жолугушууларга караганда онлайн баарлашууда эмне жазуу жөнүндө ойлонууга көбүрөөк убакыт табабыз.

Онлайнда биз оюбузду жазууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок биз вербалдык эмес сигналдарды көрсөтө албайбыз. Канткенде флирттин маанисин жоготпостон, адамга болгон кызыгууну билдирсе болот? Изилдөөлөр көрсөткөндөй, буга эмодзилер жардам бере алат. Тагыраак айтканда, кээ бир эмодзилердин тамашалуу жана/же флирттик түрдө колдонулушу - адамдардын бири-биринин ниетин сыноо боюнча оюндарынын бир бөлүгү. Бир өнөктөш эмодзилерди жактыруу сезимин билдирүү үчүн колдоно алат, мисалы, сексуалдык мүнөздөгү быйтыкчаларды жөнөтөт, экинчи өнөктөш да ушундай жооп кайтарып, өз ара сексуалдык кызыгууну ырастай алат. Ал эми андай мамилени каалабаса,  бул эмодзилерди этибарга албай коюу менен, же башка эмодзилерди колдонуп, анда кызыгуунун жоктугун билдире алат. Эгерде эки өнөктөш тең ​​бири-бирине окшош эмодзилер менен жооп берсе, анда өнөктөштөр ортосунда эмоциялар күчөп, мамиленин андан ары позитивдүү нукта өнүгүшүнө жол ачат.

Булак: Двор Медиа