Френдзона

Достук зонасы болушу мүмкүнбү? 

«Hunger Games» китеп трилогиясынын негизинде тартылган белгилүү тасмалар сериясында сюжеттик линия бар: анда достук зонасы эң сонун сүрөттөлгөн. Бала кезинен бери тасманын каармандары Китнисс Эвердин менен Гейл Хоторн мыкты достордон болушат. Бирок бул жерде кыз гана жигитти дос катары көрөт. Ал эми жигит кызды тымызын сүйүп калган жана ал достуктан башка нерсеге үмүт артып жүрөт. 

Гейл Китниссти “Мыймыйым” деп атайт, өзү үй-бүлөсүнөн ажырап калса да, Китнисс оюндарга катышып жүргөн мезгилде дос кызынын жакындарын коргойт жана ал сүйгөн кызы жөн гана эрдинен өөп коюшу үчүн көтөрүлүшкө аттанат.

Китнисс Гейлге кээде көңүл буруп калат, бирок “Мыймыйдын” Гейлге карата романтикалык мамилеси пайда болот деген эч кандай үмүт жок, анткени анын жанында дагы  бир каарман – Пит бар, аны Китнисс романтикалык өнөктөш катары тандайт. Күйөрмандар дагы эле Гейл менен Китнисс бири-бирин сүйгөн түгөйлөр болуп калгандыгы тууралуу таржымалдарды ойлоп табышып, бирок алар жөн гана дос экендигин билдирген күлкүлүү сүрөттөрдү тартып келишет.

"Достук зонасы" жөнүндө биринчи жолу кайдан жана качан айтыла баштаганын эч ким билбейт, бирок  - бул коомдук илимдердин термини эмес, популярдуу маданияттан пайда болгон феномен экени ачык-айкын. Балким, ал тууралуу биринчи жолу 90-жылдардын экинчи жарымында "Достор" сериалында айтылган.

Сериалда Рейчел аттуу кыз дос баласы  Росстун сүйүү мамилесин аңдай албайт, аны көңүл сыртында калтыруу менен ал жигитти “достук зонасына” киргизип коет.  Адатта, бир адамдын экинчисине болгон сезимдери бар экенин жана ал "жөн эле дос" болгусу келбегенин билдирген кырдаалды “достук зонасы” деп түшүнүшөт. Бул феномендин нейтралдуу сүрөттөлүшү ушундай. Ал эми иш жүзүндө бир аз  татаалыраак.

"Достук зонасы" феноменин түшүнүүгө аракет кылган изилдөөчүлөр бул идеянын өзү негизинен гендердик стереотиптерди колдонот деп ишенишет. Биринчиден, дос зонасы жөнүндө сөз болгондо, коом, адатта, "сүйгөн" эркекти жана "кайдыгер" аялды билдирет. Жана алардын мамилесинде көптөгөн суроолор бар: эгерде кыз эркектин мамиле түзүүгө болгон аракеттерин четке кагып, бирок анын жардамын кабыл алса, бул кыздын жигитти манипуляция кылып жатканын билдиреби? Же жигит кыздын анчалык жактырбай жатканын сезип, бирок аны менен мамилесин уланта берсе, бул кыздын тандоосун кабыл албай, ага жигит кысым көрсөтүп жатканын билдиреби?

Бул көрүнүштө гендердик стереотиптер ачык эле көрүнүп турат жана алар ар кандай жолдор менен чагылдырылат. Эгер дагы тереңирээк изилдеп көрсөк,  биологдор аял-эркек достугу жөнүндө эмне дешет? Дискурс изилдөөчүлөр “достук зонасы” феноменин кантип талдашат?

Аял-эркек достугу жаңы көрүнүшпү? 

Башка адамдар менен туруктуу мамилелер адамдар үчүн абдан маанилүү - биз көбүнчө мамилелердин алкагында башкалар менен ич ара мамиле курабыз. Адамдардын ата-энеси, туугандары, романтик өнөктөштөрү жана достору бар. Эволюциялык көз караштан алып караганда, туугандык жана өнөктөштүк мамилелер маанилүү, анткени туугандар тукум куучулук белгилерди алып жүрүшсө,  өнөктөштөр тукумду көбөйтөт.

Антропологдор эркек менен аялдын ортосундагы достук жөнүндө эмне дешет? Хомо сапиенстин  99% тарыхында адамдар аңчылык-жыйноочулук менен алектенип келишкен. Алар негизинен репродуктивдүү өнөктөштөрдөн жана туугандардан турган чакан топтордо жашаган болуш керек. Бүгүнкү күндө адамдар, мисалы, салттуу коомдордо дал ушундай жагдайда жашашат.

Аялдар репродуктивдүү жашоосун эрте башташкан, ал эми эркектер аялдардын репродуктивдүү өнөктөштөрүн башка эркектер менен байланышта болуусуна жол бербей, аларды коргошкон. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эркектер менен аялдар негизинен бир жыныстагы адамдардан же туугандардан турган ар кандай социалдык чөйрөдө болушкан. Ал эми   репродуктивдүү курактагы генетикалык жактан байланышы жок эркектер менен аялдардын  жыныстык эмес мамилелерди — достукту карманышканы күмөн.

Эволюциялык көз караштан алганда, эркек менен аялдын ортосундагы достук - бул жаңы нерсе жана дагы эле чоң табышмак. Окумуштуулар ар кандай жыныстагы адамдар эмне үчүн жана кантип дос болуп калганын түшүнүүгө аракет кылып, көп учурда кызыктуу тыянактарды чыгарышат. Мисалы, бир изилдөөдө, изилдөөчүлөр карама-каршы жыныстагы достук тарыхый жактан түздөн-түз же кыйыр түрдө тукум улоо  менен байланышкан деп айтылат.

Мисалы, достор тамак-аш, баш калкалоочу жай сунушташат же ооруп калганда кам көрүшөт, ошону менен жашоо көйгөйлөрүн чечүүгө жардам беришет. Мындан тышкары, достор сени потенциалдуу өнөктөштөр менен тааныштыра алышат. Негизинен эркектер менен аялдарга мындай достуктун көптөгөн артыкчылыктары бирдей сезилет: эки жыныс тең ачык сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, өзүн-өзү сыйлоо сезими жогорулайт жана башка жыныстагы адамдар жөнүндө маалымат ала алышат.

Бирок айырмачылыктар да бар. Мисалы, эркектер үчүн карама-каршы жыныстагы адамдар менен болгон достуктун артыкчылыктарынын бири - жыныстык катнашка жетүү мүмкүнчүлүгү. Ушул эле изилдөөдө окумуштуулар эркектер өнөктөш катары аны жактырбаса да, дос кызы менен жыныстык катнашта болуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга даяр экенин аныкташкан. Бирок секс эркектер үчүн жалгыз мотивация эмес. Мисалы, эркектер өнөктөштөрдү кантип тартуу боюнча кеңеш алууну абдан баалашат.

Аялдарга келсек, сурамжылоодо алар коргоону -  эркек менен дос болуунун артыкчылыгы катары белгилешкен. Бул архаикалык артыкчылыктай сезилиши мүмкүн, бирок бул мотивациянын тамыры кайрадан өткөн тарыхка кептелет. Мурда биздин ата-бабаларыбыз көп учурда сериялык моногамияны тандашкан — алар эксклюзивдүү мамиледе боло алышкан, бирок милдеттүү түрдө өмүр бою бирге эмес. Башкача айтканда, бир аял ар кандай эркектерден бир нече балалуу болушу мүмкүн.

Бир нече атадан балалуу болуу жана башка эркектерди дос катары тартуу менен аял бир эле убакта бир нече эркектен коргоого жана балдарды тарбиялоо үчүн ресурстарга ээ боло алган. Ал эми эркекти достукка тартуу үчүн аял өзү аңдабастан эркекке жактыруу сигналдарын жиберип  турган.

Жыйынтыктап айтканда, эркек менен аялдын ортосундагы достук - эволюциялык жактан салыштырмалуу жаңы көрүнүш. Бул мамилелердин эволюциясы эркектер менен аялдар үчүн кандайдыр-бир деңгээлде бала төрөө процессиндеги артыкчылыктардан улам башталган болушу мүмкүн.

Эмне себептен көбүнчө эркектер “достук зонасына” кирип калышат? 

Эксперименттердин биринде изилдөөчүлөр эркектер менен аялдардын карама-каршы жыныстагы адам үчүн канчалык жагымдуу экенине баа берүүнү чечишкен. Бири-бири менен кыскача баарлашкандан кийин, эркектер менен аялдардын таасирлери тууралуу сурашкан. Көрсө, эркектер аялдарга канчалык жага турганын ашкере баалашса, аялдар тескерисинче төмөнүрөөк баалашат экен.

Башка изилдөөлөр көрсөткөндөй, өзүн жагымдуу деп эсептеген адамдар башка адамдардын өзүнө болгон сексуалдык кызыгуусун ашыкча баалашат. Эркектерде бул эффект аялдарга караганда көбүрөөк байкалат, бирок эмне үчүн? Изилдөөчүлөрдүн так жообу жок, бирок көптөгөн версиялары бар.

Биринчиден, бул гендердик стереотиптерге байланыштуу болушу мүмкүн. Окумуштуулар "таанышуу сценарийлерин" —кийинчерээк романтикалык кызыгууну жаратуучу адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдешет.  Бул сценарийлер ийгиликтүү же ийгиликсиз романтикага алып келген окуялардын ырааттуулугун ачууга жардам берет. Жана аларда адамдардын алдын-ала белгиленген ролдору бар.

Мисалы, эркектер көбүрөөк көңүл буруунун белгилерин издөөгө басым жасашат: сексуалдык кызыгуунун бар-жоктугун чечмелөө аракеттенишет. Чындыгында, салттуу гендердик ролдор эркектер демилгени колго алышы керек экенин көрсөтүп турат: жолугууга чакыруу, кечки тамакка төлөө ж.б.у.с. Ал эми аялдарда анын эркекке болгон кызыгуусун так билдирүүнүн жолдору азыраак. Мындан тышкары, коомчулукта аял жакса да, жакпаса да аялдарга кам көрүү милдеттүү түрдө кабыл алынган: эсепти төлөө, эшикти ачуу ж.б.у.с. Ушул себептерден улам, аял эркектин ага “жетүүгө” аракет кылып жатканын түшүнбөй, анын мамилесин сылыктык жана достук катары кабыл алышы мүмкүн.

Мындан тышкары, сексуалдык жана романтикалык кызыгуу ортосундагы айырма да себеп болушу мүмкүн. 2007-жылы Мексикада жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, эркектер көбүнчө сексуалдык кызыкчылык жок болсо да, аны бар деп байкашат, ал эми аялдарда тескерисинче болот – бирок бул эреже романтикалык сезимдерге тиешелүү эмес. Башкача айтканда, балким, адамдар узак мөөнөттүү мамилелерге эмес, кыска мөөнөттүү максаттарга көңүл бурганда, сигналдарды  туура эмес чечмелөө  пайда болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адамдар романтикалык өнөктөш болууга караганда секске көбүрөөк көңүл бурушса, достук зонага чыгып калышат.

Ырас, башка жагдайлар да бар. Мисалы, эркек көптөн бери достошуп жүргөн дос кызын сүйүп калган учурлар бар. Психологдор бул боюнча мындай түшүндүрмө беришет - адамдар аң-сезимсиз түрдө жагымдуу досторду издешет. Башкача айтканда, адамда романтикалык сезимдер пайда болушу мүмкүн, анткени анын жигитинде ага жаккан нерсе бар. Гетеросексуал эркектердин аялдар менен достошуу жолу алардын өнөктөштөрү менен мамилесин баштоо жолуна абдан окшош деп эсептелет. Башкача айтканда, эркектер физикалык жана эмоционалдык жактан өздөрүнө жаккан адамдарга ыкташат.

Дагы бир  биологиялык себеби бар. Ырас, анын адамдарга тиешелүү экенин эч ким далилдей элек. Бейтмандын принциби боюнча, кайсы бир жандыктын түрү эки башка жыныстан турганда (бир организмде сперматозоид, экинчисинде жумуртка бар), бир жыныс экинчисине караганда тукум көбөйтүүдө көбүрөөк каражат сарпташы керек болот. Ошентип, ургаачы сүт эмүүчүлөр, адатта, чектелген сандагы тукумду көбөйтө алышат, ал эми эркектери - алар каалагандай. Демек, эркектер бири-бири менен атаандашышы керек, бирок аялдар өнөктөштү тандай алышат. Бул көз караштан алганда, аял үчүн учурда бир репродуктивдүү өнөктөштүн болушу жана резерв үчүн башка эркектердин да бир нече варианттарынын болушу пайдалуу.

Бирок биз бул теорияны адамдарга колдонсок, карама-каршы жыныстагы заманбап адамдардын ортосундагы мамиле - болгону өнөктөштөрдү издөө менен гана чектелип калат - албетте, андай эмес. Эволюциялык механизмдер бир жолу адамдардын ортосундагы мамилелердин тигил же бул үлгүсүн түзүүгө жардам берген күндө да, азыркы коом алда канча татаал жана адамдар бири-бири менен такыр башка себептерден улам достукта болушат. Гендердик стереотиптер бул мамилелерге кандай таасир этет - бул башка маселе.



Аял менен эркектин ортосунда достук болушу мүмкүнбү?

Изилдөөчүлөр гендердик достукка жакында эле кызыгып калышты, ошондуктан мындай изилдөөлөрдүн тарыхы кыска. Балким, бул эркек менен аялдын ортосундагы достуктун өзү тарыхый жаңылык катары эсептелгендиктен, ошондой эле өмүр бою карама-каршы жыныстагы адамдардын достугу бир жыныстуулардын достугуна караганда азыраак кездешкенидигинен улам болсо керек.

Эркектер менен аялдардын ортосундагы достук гетеросексуалдык коомдо айкын орун алган бир жыныстуу достукка жана романтикалык өнөктөштүккө караганда татаалыраак көрүнөт. 1989-жылы кайчылаш-жыныстык достукка арналган алгачкы макалалардын биринде изилдөөчү О'Мира ар кандай жыныстагы достор төрт негизги көйгөйгө туш болушарын айткан.

Биринчиден, адамдарга эмоционалдык байланыштын түрүн аныктоо кыйын болушу мүмкүн. Экинчиден, тигил же бул жол менен, адамдар мамилелерде сексуалдык маселени чечип алышы керек: эмнеге уруксат берилет жана эмнеге болбойт. Үчүнчүдөн, достор башкаларга чыныгы достугун далилдеши керек. Көпчүлүк адамдарга романтикалык өнөктөштөрүн алардын достору мамилеге коркунуч туудурбайт деп ынандырыш керек болот. Төртүнчүдөн, достуктун ичиндеги гендердик теңсиздикти чечүү көйгөйлөрү.

Ар кандай изилдөөлөрдүн натыйжалары карама-каршы тыянактарды алып келет. Кээ бир изилдөөлөрдө эркектердин жарымынан көбү жана кээ бир аялдар өздөрүнүн досторуна сексуалдык жактан тартылып калганын айтышат жана эки жыныс тең карама-каршы жыныстагы адамдар менен достук мамиледе сексуалдык чектерге байланыштуу белгисиздик жаралып калган учурлар бар. Башка изилдөөлөр карама-каршы жыныстагы достор сейрек сексуалдык жактан бири-бирине тартыларын белгилешет.

Анткен менен изилдөөчүлөр аялдар менен эркектер карама-каршы жыныстагы адамдар менен болгон достугуна башкача мамиле кылышат деген пикирге кошулат.

Бир изилдөөдө окумуштуулар 88 жуп карама-каршы жыныстагы достору менен сүйлөшүп, эркектер менен аялдардын достукту кабыл алуусунда чоң айырма бар экенин аныкташкан. Эркектер дос кыздарына көбүрөөк тартылышары аныкталган. Кошумчалай кетсек, алар көп учурда жаңылып калышкан. Анткени эркектер ар бир романтикалык мамилени  дос кызы тараптан да кабыл алынат деп ойлошкон жана алардын дос кыздарынын чыныгы романтикалык кызыгууларын байкай алышкан эмес.

Натыйжада, эркектер үчүн аялдарга караганда “жөн эле дос” болуу кыйыныраак. Ал эми аялдар дагы, эркектер дагы эки жыныстагы достордун ортосунда пайда болгон жылуу мамилени терс көрүнүш катары эсептешсе дагы, эркектер аялдарга караганда мындай көз карашты сейрек карманышат. Бирок эмне үчүн эркектер менен аялдардын бири-бири менен достукка болгон мамилеси ар кандай болушу мүмкүн экендиги жөнүндө изилдөөчүлөр арасында бирдиктүү пикир жок.

Изилдөөчүлөр белгилегендей,  массалык маалымат каражаттары эркектер менен аялдарга карама-каршы жыныстагы достордун ортосунда милдеттүү түрдө ысык мамиле жаралышы керек деген түшүнүктү сиңирип келет. ЖМКлар эркектер менен аялдардын ортосундагы сексуалдык мамилелерди “нормалдуу” , ал эми сексуалдык эмес, достук мамилелерди “кызыктай, чындыкка коошпогон, реалдуу эмес” көрүнүш катары чагылдырышат.

Кошумчалай кетсек, эркектер менен аялдардын ортосундагы достук салыштырмалуу жаңы көрүнүш болгондуктан, белгилүү бир өз ара аракеттенүү стратегияларына көнүп калган мээ аларды кабыл алууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Маданий нормалар жана бир жыныстагы достор боюнча  калыптанган түшүнүктөр  карама-каршы жыныстагы достордун мамилелерине да таасир этиши мүмкүн.

Бирок изилдөөчүлөрдүн айтымында, нике жаатындагы иштелип чыккан стратегиялар жана каалоолор калыптанган достук схемаларын “чаташтырып”  коюшу мүмкүн. Туугандыгы жок достун жанында турганда, автоматтык түрдө үй-бүлө куруу  каалоолордун ойгонуп кетүүсү ыктымал,  бул эркек менен аялдын мамилесине аң-сезимсиз түрдө таасир этиши мүмкүн. Кээ бир адамдар эркек менен аялдын ортосундагы достукту кабыл алуу жана түшүнүү кыйынга турган себептеринин бири ушул болушу ыктымал.

Мени дос катары гана кабыл алган адамдын жанында  өзүмдү кандай алып жүрсөм болот? 

Эгерде адам өзүнүн сезимдерин туура эмес жеткирип, өзүн "достук  зонасында" калганын түшүнсө, анда анын учурдагы абалын өзгөртүүгө каалоосу пайда болот. Адегенде адамдар өз ниетин ачык айтуудан, четке кагылып калуудан коркуп, жигердүү  кадамдарга барбай жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар кимдир-бирөө менен жолугуу үчүн ийгиликсиз же ыңгайсыз аракеттерине караганда, өткөрүп жиберилген романтикалык мүмкүнчүлүктөр үчүн көбүрөөк өкүнүшөт.

Бир изилдөөдө адамдарга потенциалдуу таанышууга мүмкүн өнөктөштөрүнүн профилдери көрсөтүлүп, андан кийин алардын жолугушуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып беришет. Кимдир-бирөөнүн жолугушууга макул болушуна 45% гана шансы бар деп айтышканда, 83% адамдар тобокелчиликке салышып, жолугушууну суранышкан.

Ал эми алардын мүмкүнчүлүгү  5% пайызга төмөндөсө да, 41% пайыз адамдар, баш тартуу коркунучунун жогору экенине карабай, жолугушууга чакырышкан. Андыктан, романтикалык мамилелерге келгенде, адамдар тобокелчиликке барганга даяр келишет.

Балким, достук зонасында сезимдер жөнүндө билдирүү кыйыныраак, анткени адам досун жоготуп алуудан коркот. Бирок бул жерде эч кандай жашыруун нааразычылык же көйгөйлөр жок таза мамилелер ден-соолукка пайдалуу экенин эстен чыгарбоо керек. Достукта да, сүйүүдө да сезимдериң жана эмоцияларың жөнүндө ачык айтуу маанилүү - ишеним жок жана чын ыкласы менен түзүлбөгөн мамиле күтүү, чынында,  кыйын.

Албетте, бирөөнү сүйүүгө мажбурлай албайсың. Ал эми мамилеге убакыт жана энергия жумшасаң, анда башка адамды дал ушундай жооп бериши керек деп күтүү туура эмес. Ар бирибиз дос бойдон калууга укуктуубуз. Кээде адамдар бири-бирине көп жагынан тартылып калган учурлар болот, бирок сексуалдык тартылуу деңгээлинде эмес. Бул нормалдуу көрүнүш.

Башка жагынан алганда, сезимдерин билдирүүгө жооп катары, досу же дос кызы андан романтикалык мамилени күтпөгөнүн түшүнүшү мүмкүн. Ал тургай жөн гана көңүл буруунун белгилерин байкабай калышы да толук ыктымал. Балким, алар мамиле идеясын жактырып калышы ыктымал. Достордун ортосундагы мамилелер кээде өзгөрүп, убакыттын өтүшү менен романтикалык кызыгуу пайда болушун күтсө да болот.

Жалпысынан алганда, "достук зонасы" адам үчүн жагымсыз абал болушу мүмкүн. Эгер сен ушундай кырдаалга туш болуп калсаң, аны өзгөртүүгө аракет кылуу керек: сезимдериң менен ачык бөлүш жана романтикалык кызыгууну баса белгилөө үчүн жүрүм-турумуңду бир аз өзгөртсөң болот. Эң негизгиси, чектен чыкпоо жана башка адамдын оң же терс жоопторун урматтоо менен кабыл алуу зарыл.

Источник: Двор Медиа