Алгачкы жумуш

Жайында иштеп акча табуу кандай пайда берет? 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, 14 жаштан баштап ишке кирүүгө болот, бул үчүн ата-эненин биринин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат жана жумуш ден соолукка зыян келтирбеши жана окууга тоскоол болбошу керек. Жай мезгили жогорку класстын окуучулары жана студенттер үчүн иштеп, каражат таап алуу үчүн аябай ыңгайлуу. Бул макалалар түрмөгүндө алгачкы ирет  жумушка аттанууда эмнелерди эске алуу керектиги тууралуу айтып беребиз. 

Ал эми жаш өспүрүмдөрдүн эс алуу айларын эмгекке алмаштырып, иштөө  демилгелерине эмнелер түрткү берет? Бул боюнча психолог Светлана Манухина 5 жагдайды белгилейт: 

  1. Эрезеге жетилүү - орто курактагы мектеп окуучусу (11-15 жаш) жеке-интимдик баарлашууга умтулса, өспүрүм курактагы окуучу (15-17 жаш) окуу-кесиптик иш-аракеттерге басым жасай баштайт. Бул мезгилде адам өзүнүн жеке социалдык тармагын түзгүсү келет - ал теңтуштары же таасирдүү, бедели чоң кишилер менен  көбүрөөк баарлашканды каалайт. Өзүн чоң киши катары сезип, кесиптик жолуна чыйыр салууну көздөй баштайт.
  2. Эмгек акы - жаш балдар ата-энесине каржы жактан көз каранды болбоону жана өз каражатына ээ болууну каалашат. Айрым учурларда, иштеп акча табуу менен алар башкаларга  (же жеке өзүнө) эрезеге жеткенин, өз алдынчалыгын жана эч кимден көз каранды эместигин далилдегиси келишет. Алар мындай бийик беделин дайыма карманып жүрүүгө умтулушат.  Зарплата.ру сервисинин изилдөөлөрүнө ылайык, 46% өспүрүмдөр күнүмдүк чөнтөк каражаты үчүн жумушка чыгышса, 30 пайызы керектүү нерсесин алуу үчүн каражат топтоо максатында иштешет. Ал эми 12% - жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүү, 8% - өз каржысын башкарууну үйрөнүү, калган 2% иш тажрыйбасын топтоо үчүн жумушка орношушат. 
  3. Башкача жашоо - жумуш адамдын күнүмдүк турмушуна өзгөчөлүк киргизүүгө жана өзүн ар тараптуу өнүктүрүүгө жардам берет. Жумушта иштөө менен, өспүрүм окуусунан, хоббисинен жана үй тиричилигинен тышкары,  мектепте же үйдө ала албаган жаңы көндүмдөрдү үйрөнө алат.
  4. Муктаждык - иштөөгө мажбур болгон жагдайлар баарында эле кездеше бербейт. Айрым учурларда, турмуштук кырдаалдарга байланыштуу (мисалы, ата-энесин жоготкон учурларда) өспүрүмдөр өзүн багуу, тиричилигин улантуу үчүн жумушка орношууга мажбур болушат.
  5. Күчтүү каалоо - бир нерсеге ээ болуу үчүн алдына максат койгон өспүрүм жумушка орношууга кызыкдар болот. Адамдар көп акча табууну жана керектөөсүнө жараша ошончолук көп каражат короткулары келет. Эгерде, силерде дагы тапкан акчаңарды арзыбаган нерселерге коротуу каалоосу күч болсо, анда ой токтотуп, өзүңөргө бул суроону берсеңер болот: “Бул мага узак мөөнөттүү максаттарымдын ишке ашырылышына пайдасын тийгизеби?”  Бир нерсенин  артынан кубалап жетүү сезими күчтүү болсо - бул көйгөй жаратышы мүмкүн. Мисалы, окуучу окуусуна көңүл бурбай, убактылуу жумушу үчүн келечектеги билимине кедергисин тийгизип алышы ыктымал.

Эрте куракта иштөөнүн пайдасы жана тобокелчилиги

Өспүрүм курактан тарта  иштеп баштоонун күңгөй-тескей жактары бар. Бир тараптан алып караганда, эмгек жолун эрте баштоо - бул:

  • Өз алдынчалыкка жетишүү - бала жоопкерчиликтүү болууну тез үйрөнөт. Ал чыгарган чечимдерине жана иш-аракеттерине жараша кандайдыр-бир жыйынтык жаратарын түшүнүп баштайт. Мисалы, жумушка себепсиз чыкпай койсо, анда анын айлыгы кемип каларын аңдап калат.
  • Тажрыйба - жумуш аркылуу өспүрүм мектепте ала албаган жана келечегине пайда тийгизчү билим, көндүм, тажрыйба топтой алат. Мындай иш тажрыйбасын кийин резюмеге кошуп койсо болот.
  • Жеке киреше -өз каражатына ээ болуу, ата-энеге финансы жактан көз каранды болбоо, күнүмдүк муктаждыктарына каражат табуу же бир кыялын ишке ашыруу - өспүрүмдүн жумушка чыккан негизги себептери ушулар болуп саналат.
  • Кесипти туура тандоо мүмкүнчүлүгү - өспүрүмдүн алгачкы жумушу анын кесип тандоосуна туура багыт бериши мүмкүн: ал белгилүү көндүмдөрдү жасап көрөт, индустриянын ички ашканасына баш багат, тажрыйбалуу адистер менен баарлашат. 

Бирок жумуштун пайдасы гана тийбестен,  тескери таасирлери дагы жок эмес:

  • Жумуш билим алуудан алагды кылышы мүмкүн - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде “эмгек билим алууга тоскоол жаратпашы керек” деп жазылганына карабастан, кээ бир жашы жете элек балдар жумуш менен алек болуп, окууну экинчи планга жылдырып коюшу мүмкүн. Мындан улам, баланын билим деңгээли аябай төмөндөп кетиши ыктымал.
  • Катуу чарчоо - адам күнүмдүк жумуш иштегенге көнүш керек. Алгачкы жумуш күндөрү ал катуу чарчашы ыктымал. Өзгөчө жумушту окуу, үй тиричилиги жана хобби менен айкалыштырып алып кетүү өтө татаал болот. Жай мезгилинде иштөө жеңил болгондуктан, өспүрүмдөр бул мезгил аралыгында иштеп алууга көп умтулушат. Бирок канчалык ыңгайлуу болбосун, баары бир иштеген адам чарчайт жана күч-кубатты калыбына келтирип турууну унутпоо зарыл.
  • Коркунучтуу кырдаалдар - өлкөнүн эмгек кодексинде жазылгандай, жашы жете электер үчүн жумуштар физикалык жана менталдык жактан оор жана кооптуу болбоого тийиш. Бирок жумуш ордунда ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар болушу толук мүмкүн. Мисалы, жумуш учурунда өспүрүм менен кардардын ортосунда чыр-чатак чыгып кетиши ыктымал. Же, жумуш берүүчү, эмгек кодексин көз жаздымда калтырып, өспүрүмгө оор жана убактысы созулган жумуш берип койгон учурлар да кездешет.

Ушул себептерден улам, ишке орношуудан мурун жумуштун оош-кыйышын таразага салып ойлонуу зарыл.  Ошондой эле, төмөнкү суроолорго ачык жооп берүү туура: жумуштун шарттары жашооңдун тартибине туура келеби? Жумушка орношуудагы эң маанилүү максатың кайсы: акча, тажрыйба же башка нерсеби? Жумуш сенин жашооңо кандай таасирин тийгизет? Бул суроолорго жооп берүү кыйынчылык жаратса, анда өзүң ишенген жакындарың менен (ата-эне же сага жоопкер чоң кишилер) кеңешип көргөнүң туура болот. Айрым шаарларда жумуш боюнча атайын борборлор иштейт, анда атайын даярдыктан өткөн адистер жумуш таап берүүгө көмөк көрсөтүшөт.