Максаттарды кантип коюш керек?

Максат жана максат коюу деген эмне?

Биздин айланабыздын баарында — окууда, жумушта, үй-бүлѳдѳ, күнүмдүк жашоодо максаттар бар экени эч кимди таӊ калтырбаса керек. Мисалы, БМСты 80+ баллга тапшырууну, жакшы жана кызыктуу ишке орношууну, жеке турак-жайыбызга ээ болууну, дайыма спорт менен машыгып турууну самайбыз.

Максаттын түрлѳрү ѳтѳ эле кѳп. Алар мѳѳнѳтү (кыска мѳѳнѳттүү, орто мѳѳнѳттүү, узак мѳѳнѳттүү), мазмуну (экономикалык, финансылык, уюштуруу, илимий ж.б.), ченеле тургандыгы (сапаттык жана сандык), масштабы (стратегиялык, тактикалык жана операциялык) жана башка мүнѳздѳрү боюнча бири-бирнен айырмаланып турат. 

Максат — бул адам умтулган объект же натыйжа, ошондой эле ал ѳз ишмердүүлүгүн баалай турган стандарт.

Максат коюу — максатты белгилѳѳ процесси. Эми кызыктын баары ушул жерден башталат. Баары жѳнѳкѳй сезилгени менен, ишмердүүлүгүбүздүн натыйжалуулугу максатты кандай койгонубуздан (деги эле максат коёбузбу) кѳз каранды.

АКШдан Эдвин Локк жана Канададан Гэри Лэтэм — максат коюу боюнча алгачкы эки излдѳѳчү. Алар максат коюу теориясын иштеп чыгышкан. Теория максат коюунун ѳзү натыйжалуулук менен кандайча байланышканын, башкача айтканда, максаттар биздин жүрүм-турумду кандайча жѳнгѳ сала турганын: багыттаганын жана ѳзгѳрткѳнүн кѳрсѳтѳт.  Локк менен Лэтэм изилдѳѳ жүргүзгѳн жылдар аралыгында бир нече практикалык корутунду чыгарышкан. Алардын ичинен негизги экѳѳ тѳмѳнкүлѳр:

1.   Татаал максаттарга жетүү кызыктуураак болот

Арийне, бир эле максатты түрдүү адамдар ар кандай кабыл алышат. Маселен, тажрыйбалуу спортчу үчүн беш километр аралыкка чуркоо — жеӊил нерсе, ал эми жаӊыдан киришкен чуркоочу үчүн — сыноо. Максат канчалык татаал болсо, ага жетүү ошончолук кыйын болот жана изилдѳѳлѳргѳ ишене турган болсок, адам мындай максатка чын кѳӊүлү менен умтулат.

2.   Максат конкреттүү болууга тийиш

Алдыга коюлган максат канчалык конкреттүү болсо, натыйжага жетүү аракеттери да ошончолук күчтүү болот. Мисалы, жайында 30000 рубль иштеп табууга багытталган конкреттүү максат — мүмкүн болушунча кѳп акча табуу боюнча күӊүрт (так эмес) максатка караганда жакшыраак ишке ашат. Анткени экинчи учурда натыйжа кандай баалана турганы түшүнүксүз: конкреттүү маани менен мѳѳнѳт белгиленген эмес. Адам эмнеге багыт ала турганын билбейт. Жыйынтыкта ѳзүнүн натыйжаларына ыраазы болуп жүрѳ берет. Эӊ кызыгы, эгерде максат татаал, бирок конкреттүү болсо, күӊүрт жана татаал, күӊүрт жана жеӊил максатка, же таптакыр максат жок болгонго караганда баары бир жакшыраак ишке ашат.

Эмне үчүн максат коюш керек?

Максат коюунун жашоонун ар кандай чѳйрѳлѳрүндѳ ишмердүүлүктү кандайча жакшырта турганы текшерилип чыккан кызыктуу изилдѳѳлѳр менен бѳлүшѳбүз.

Физикалык активдүүлүк

АКШ жана Канадалык изилдѳѳчүлѳр тарабынан Health Psychology Review илимий журналында жарыяланган “The effectiveness of multi-component goal setting interventions for changing physical activity behaviour” метаанализи максат коюу спорттук натыйжаларды жакшыртууга жардам бергенин кѳрсѳткѳн.

1.   Бул жерде максаттын спецификасы маанилүү эмес. Абсолюттук мааниге ээ (күнүнѳ 10000 кадам басуу), салыштырмалуу мааниге ээ (кадамдардын санын учурдагы деӊгээлден 10%га кѳбѳйтүү), ал тургай күӊүрт мааниде (физикалык активдүүлүк менен кѳбүрѳѳк аракеттенүү) да болушу мүмкүн. Ооба, максаттын бардык түрү ишмердүүлүктүн жакшырышына ѳбѳлгѳ болот.

2.   Максатты ким — машыктыруучу, машыгуучунун ѳзү же биргелешип койгону да маанилүү эмес. Бардык учурда теӊ физикалык активдүүлүктүн кѳрсѳткүчтѳрү жакшырат.

3.   Күнүмдүк иш-аракеттерди камтыган максат абдан маанилүү. Күнүмдүк, жумалык иш-аракеттерди жана алардын айкалышын салыштырып кѳргѳндѳ, күнүмдүк физикалык активдүүлүккѳ карата талаптарды камтыган максаттар кыйла натыйжалуу болуп чыккан.

Окуу

2012-жылы Линкольндогу (АКШ) Небраски университетинин окумуштууларынын тобу лонгитюддук (узакка созулган) изилдѳѳ жүргүзгѳн. Анда испан тилин окуп үйрѳнүү менен максат коюунун ортосундагы байланыш изилденген. Студенттер беш жыл бою ѳздѳрү үчүн максат коюп, жетишкендиктерин белгилеп турган атайы портфолио  жүргүзүшкѳн. Изилдѳѳчүлѳр максаттан максатка карай умтулган студенттердин жаӊы тилди кыйла ийгиликтүү ѳздѳштүргѳнүн аныктап чыгышкан.

Субъективдүү жыргалчылык

Лондон университетинин психологдору тарабынан жүргүзүлүп, Journal of Happiness Studies илимий басылмасында жарыяланган изилдѳѳдѳ максат коюу — жеке жыргалчылык менен менталдык саламаттыктын маанилүү фактору экени белгиленген. Эксперименттин катышуучуларынын бир бѳлүгү максат коюу боюнча бир саатка созулган сессияга катышкан. Экинчи бѳлүгү болсо мындай иш-чарага келген эмес. Кийин эки топту субъективдүү жыргалчылык (бакыт) деӊгээли боюнча салыштырышкан. Алдына максат койгон катышуучулар экинчи топтогуларга караганда ѳздѳрүн бактылуумун деп кѳбүрѳѳк айтышкан.

Максат коюунун мыкты ыкмаларынын бири

Максат коюунун SMART аттуу ыкмасы бар. Бул — натыйжалуу максаттын критерийлерин камтыган аббревиатура. Алардын ар бирин мисалдар аркылуу карап чыгалы:

• S (specific) — конкреттүү жана так максат

Максатты ишке ашыруунун жыйынтыгында алууну каалаган натыйжалар так жана ачык туюндурулууга тийиш (кѳп сандаган түшүндүрүүлѳрсүз). Бул критерийди аткарууга ѳзүӊүзгѳ жардам бериш үчүн «Конкреттүү эмнеге жетишим керек?» деген суроого жооп берүүӊүз талап кылынат.

Мисалы, велосипедке акча чогулткуӊуз келип жатат дейли, — бул максат конкреттүү жана так максат.

• M (measurable) — максаттын ченеле тургандыгы

Натыйжа ченеле турган болушу керек. Натыйжаны ченѳѳ мүмкүн болгон учурда максатка жетип-жетпегенибизди аныктай алабыз. Мындагы жардамчы суроо: «Кайсы критерийлер натыйжаны баалоого жардам берет?».

Ченѳѳ мүмкүндүгү сандык гана эмес, сапаттык да болот. Велосипедге байланыштуу учурда биз анын наркын (сандык ченелгендик), ошондой эле моделин (сапаттык ченелгендик) баалай алабыз. Мисалы, Десна Вояж Gent шаар велосипедин алууну кѳздѳп жатасыз дейли. Анын баасы 20000 рублдин тегерегинде — бул параметрлер ченелгендиктин критерийлери болуп саналат.

• A (achievable) — максаттын жетишилгендиги

Учурдагы мүмкүнчүлүктѳрдү (ички жана тышкы) эске алуу менен максатка чындап жетүү канчалык даражада мүмкүн экенинин бааланышы.

Мында максаттын жѳнѳкѳй эмес, амбициялуу болуусу маанилүү.

Мисалы, «ата-энеден велосипед алып берүүсүн ѳтүнүү» — ишке аша турган, бирок амбициялуу эмес иш-аракет. Эгерде ѳзүӊүзгѳ велосипед алуу үчүн каражат иштеп табуу максатында биринчи жолу жумушка орношуп жатсаӊыз, — вакансияны ѳзүӊүз таап, ишке орношуу үчүн документтерди чогултуп, эмгек акыӊызга велосипед сатып алсаӊыз — сиз жетишилген жана амбициялуу максатты орду-орду менен пландаган болосуз.

• R (relevant) — максаттын ылайык келүүсү жана маанилүүлүгү

Максат жашооӊуздун контекстинен суурулуп алынбашы керек. Ал сиз үчүн чындап маанилүү жана башка максаттар менен ылайык келүүсү зарыл.

«Бул максат дагы кандай максаттарга ылайык келет?», «Эмне үчүн бул максатка жетүү маанилүү?» —максат коюуда мына ушул суроолорду ѳзүӊүзгѳ узатыӊыз.

Велосипед жѳнүндѳ мисалды андан ары уланталы. Сиз кѳптѳн бери таза абада кѳбүрѳѳк болуп, спорт менен машыгууну самап келесиз.  Веложүрүштѳр — тилегиӊизди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктѳрүнүн бири. Максат башка муктаждыктарыӊызга ылайык келет.

• T (time bound) — максат убакыт боюнча чектелген

Максатты ишке ашыруунун мѳѳнѳтү болушу керек. Болгондо да, акыркы мѳѳнѳттү да, аралык мѳѳнѳттѳрдү да белгилѳѳ маанилүү. Конкреттүү даталарды жазып койгон туура. Жардамчы суроо: «Максатка кайсы мѳѳнѳттѳ жетилиши керек?»

Иштеген учурда айына 20000 рубль аласыз дейли. Ооба, велосипед да дал ушунча турат. Бирок велосипедден тышкары тиричилик кылуу жана кѳӊүл ачуулар үчүн да каражат керек. Мисалы, ай сайын 5000 рублдан катып коюп, тѳрт ай иштегенден кийин каткан акчалардан 20000 рубль чогулуп калат. Максатка жетүү мѳѳнѳтү ошол тѳрт айды түзѳт.

Бардык пункттарды жалпылай турган болсок, SMART боюнча жыйынтык максат мындай болот: Десна Вояж Gent велосипедин 4 айда алуу үчүн 20000 рубль иштеп табуу. Жетишилгендик менен релеванттуулукту сѳзсүз жазуу талап кылынбайт, бирок эстен чыгарбоо маанилүү.

Максатка жетүү үчүн ѳзүнѳ ѳзү кантип жардам берсе болот?

Максат коюлуп, бирок ишке ашпай жаткан учурлар кездешет. Убакыт же ал-күч жетпей жатышы, же болбосо мотивация жок болушу мүмкүн. Мындай абалда ѳзүнѳ ѳзү кантип жардам берсе болот? Тѳмѳндѳ ѳз-ѳзүнчѳ эмес, чогуу — комплекстүү ишке ашыра турган сунуштар берилген.

1. Толук план түз

«Пилди бүтүндѳй эмес, бѳлүктѳргѳ бѳлүп жегенге болот» деген сѳз бар. Максат — бул «пил». Максатты регулярдуу аткарып турууга боло турган майда милдеттерге ажыратуу керек. Маселен, окуу жайга кирүү үчүн сынакка чейин күнүнѳ тесттин 2 вариантын аткарып, 4-5 айдын ичинде түшүнүксүз болгон учурлардын үстүнѳн иштѳѳ зарыл. «ЖОЖго ѳтүү» деген глобалдуу максатка караганда анча коркунучтуу сезилбейт. Бирок мындай план жакшылап даярданып, майда кадамдар менен башкы максатка жетүүгѳ жардам берет.  

2.   Башкы себепти  муну эмне үчүн жасап жатканыӊызды эсиӊизден чыгарба

Гомер Симпсондун «Do it for her?» жазуусу менен кызынын фотосүрѳтүн жумуш ордуна илип койгонун эстеп кѳргүлѳчү. Бул максатка эмне үчүн жетүүгѳ аракет кылып жатканыӊызды ѳзүӊүзгѳ эскертип туруунун эӊ мыкты мисалы. Максатты койгон учурдан баштап эле анын сизге эмне зарылдыгы бар экенин жакшылап ойлонуп чыгышыӊыз керек. Бул сиз үчүн кыйын болушу жана кѳп убакытты талап кылышы ыктымал. Ошентсе да сизди максатка жетүү жолунда коштоп, колдой турган мотивацияны белгилѳѳ үчүн керек. Анын кѳрүнүктүү жерде турганы да маанилүү. Даярдыктын бул пунктун кѳз жаздымда калтырбоо зарыл, антпесе максатка жетүү аракетин жарым жолдон таштап салуу коркунучу жаралат. Мотивацияны аныктоо үчүн тѳмѳнкүдѳй таяныч суроолорду берүүгѳ болот:

  • Максатка жеткен соӊ кандай натыйжа ала алам?
  • Максатка жеткенде сезимдерим кандай болот?
  • Максатка жетүү инсан катары мени кандайча ѳзгѳртѳ алат?

3.   Ѳзүӊүздү сыйла

Максатка карай жасалган кадамдар үчүн ѳзүӊүзгѳ ыраазы болуунун жолдорун ойлоп табыӊыз. Мындайча ѳзүӊүзгѳ кубат берип турган болосуз — иш-аракет аткарганды, максатка карай ишенимдүү багыт алууну үйрѳнѳсүз. Ошентип отуруп, күнүмдүк адатка айланат. Мисалы, спорт менен машыгууну чечтиӊиз дейли, бирок эртеӊ менен эрте чуркоого тургандан жалкоолоносуз, кечинде болсо ага алыӊыз келбей калат. Башынан эле ѳзүӊүзгѳ дем бериӊиз — жаӊы мыкты кроссовка сатып алыӊыз, аны кѳргѳндѳ кѳӊүлүӊүз кѳтѳрүлүп турушу керек, анын үстүнѳ спортко чѳмүлүүнүн алгачкы күндѳрүн бут кийимиӊизди кийип ѳткѳрүү кыйла жеӊил болот. Бир-эки жумадан кийин үзгүлтүксүз машыгып келе жатканыӊыз үчүн ѳзүӊүздү мактап, мындай аракет үчүн жаккан нерсеӊизди ѳзүӊүзгѳ белек кылыӊыз.  

4.   Прогрессти кѳзѳмѳлдѳ

Жетишкен нерсеӊизди визуалдаштырсаӊыз жакшы болот. Айрым адамдар адаттардын трекерин колдонушат. Бул, бир жагынан, прогрессти кѳзѳмѳлдѳѳгѳ мүмкүндүк берсе, экинчи жагынан — максаттын ѳзү жана анын алкагындагы милдеттер жѳнүндѳ эскертип турат. Прогресс толугу менен жүрүп жатканын кѳргѳнүӊүздѳ, жарым жолдон таштап салуу ниетиӊиз жоголот. Мисалы, саякатка акча чогултууну чечтиӊиз. Бир убакта топтоп жаткан каражаттарыӊыздын бир бѳлүгүн алып, кѳӊүл ачууга жумшоо жѳнүндѳ ой келди дейли. Топтоонун тарыхчасын карап чыгыӊыз — сиз регулярдуу түрдѳ аз-аздан чогултуп келгениӊизди кѳрѳсүз. Чогулган акча — кѳп эмгек менен тырышып отуруп топтогон каражаттар, дагы бир аз кошсоӊуз, кѳптѳн күткѳн натыйжага алып келет — саякатка барасыз. Мындан сиз импульстуу сатып алуудан баш тартып, максатка жетүү үчүн болгон күч-аракетиӊизди жумшоону улантышыӊыз толук ыктымал.

Максат коюудагы негизги каталар

Максат коюуда биринчи эле кезекте аткара турган нерсе — анын SMART (конкреттүүлүк,ченеле тургандык, жетишилгендик, маанилүүлүк, убакыт боюнча чектелгендик) критерийлерине шайкеш келүүсүн карап кѳрүү. Балким кайсы бир критерий кѳз жаздымда калгандыр: мисалы, убакыт боюнча чектѳѳ жок, анда максат «чексиз» болуп калат.

Ал эми максат бардык критерийлерди камтып, ошентсе да бир нерсе жетишпегендей сезилип жатсачы? Максат коюуда кездешүүсү мүмкүн болгон типтүү каталар жѳнүндѳ окуп чыгыӊыз.

1.   Максат сиз үчүн реалдуу эмес

Учурдагы мүмкүнчүлүктѳрүӊүздү максат менен салыштырып кѳрүӊүз. Максаттын ѳзү адекваттуу, бирок сиздин абалыӊызга карата чындыкка дал келбеши ыктымал. Маселен, мектеп бүтүрүүчүсү дароо эле миллиондорду табууну самайт. Ал баарын SMART боюнча кылдат пландап чыкты дейли. Анткен менен кечээги эле мектеп окуучусу бул максатын жакынкы мезгилдерде ишке ашырары дээрлик мүмкүн эмес. Албетте, бирин-серин болсо да, күтүүсүздѳн «колуна карга чычкан» ийгиликтүү учурлар да кездешет. Бирок бул массалык статистика эмес.

2.   Убакытты туура эмес эсептеп алгансың

Кээде адамдар конгитивдик четтѳѳгѳ — пландоо катасына кабылышат. Бул милдетти аткаруу мѳѳнѳтүн туура эмес болжолдоо жана белгиленген мѳѳнѳткѳ карата ѳтѳ эле оптимисттик мамиле кылуу тенденциясы. Жаӊылыштык биринчи учур — максаттын реалдуу эместиги менен тыгыз байланышта. Айрым кишилер белгилүү бир мѳѳнѳттѳ максатка жетүү боюнча жеке мүмкүнчүлүктѳрү менен күч-аракеттерин ашыкча жогору баалап алышат. Мисалы, кээ бир чет тилдерин тереӊдетип окутуучу мектептер студенттерди азгырма сунуштар менен ѳздѳрүнѳ тартышат — бир жуманын/күндүн/сааттын ичинде нѳлдѳн баштап идеалдуу англисче. Бирок убада кылган натыйжаны бере алышпайт, себеби англис тилин ѳздѳштүрүү үчүн белгиленген мѳѳнѳттѳр реалдуу эмес.  

3.   Максаттардын саны ѳтѳ кѳп

Кишинин ресурстары чектелүү. Максаттардын саны кѳп болгон учурда, же  алардын ар бирине аз-аздан аракет жумшайт (бардык максаттарга натыйжалуу жете албоого жол ачат), же болбосо алардын арасында адашып, жетүү үчүн аракеттерин токтотуп коёт. Мындай катага жол бербеш үчүн артыкчылыктарды белгилеӊиз: азыр кайсы максат баарынан маанилүү, кайсы максатты идея катары кийинкиге калтыра туруп, шашпай ишке ашырса болот?

4.   Максат негативдүү туюндурулган

«Бир ай бою кечки саат 10дон кийин тамак жебѳѳ» — негативдүү туюндурулган максатка мисал. Мындай максат терс эмоцияларды жаратып, аны ишке ашырууга кѳӊүл келбейт. Мындан тышкары бул максат жетүү маанилүү болгон натыйжаны да чагылдырбайт. Ал эми натыйжа – арыктоо. Аны башкача формада, маселен, «3 айда салмакты 65 кг дан 60 кг га түшүрүү» деп туюндурган туура болот.  

5.   Прогресс кѳзѳмѳлдѳнбѳйт

Сиз алдыӊызга максат койдуӊуз, «балким ѳзүнѳн-ѳзү эле ишке ашып калар» деген ой менен конкреттүү иш-аракеттерди аткарбай туруп, натыйжа күтүп отурасыз дейли. Максатка жетүү — бул активдүү процесс. Максатты майда милдеттерге бѳлүп, аларды акырындап аткаруу менен мындай аралык максаттарга жетүүнү жана натыйжаларды каттап туруу зарыл. Маал-маалы менен учурдагы прогрессти да белгилеп туруш керек. Кайсы бир учурда башкы максатты коррекциялоо зарылдыгы да келип чыгышы ыктымал. Мисалы, убакытты жылдыруу же ченелгендик критерийин ѳзгѳртүү керек болушу мүмкүн. 

Булак: Двор медиа