Ѳнѳктүн бири чектен чыкканда

Абьюзивдик мамиле деген эмне?

Абьюз» деген сѳз англис тилиндеги «abuse» сѳзүнѳн келип чыккан жана «жаман мамиле кылуу», «кыянаттык кылуу» деген маанилерди билдирет. Абьюзивдик мамилелер кишини жабыркатып, кѳӊүлүн оорутат. Мындай мамилени «уулуктуруучу» деп да аташат, себеби алаканын бул түрүндѳ адам үчүн кубанычтуу учурларга караганда жаман учурлар кыйла кѳп болот.

Абьюзивдик мамилелердин башкы ѳзгѳчѳлүгү – аларда физикалык да, эмоционалдык дагы зомбулуктун орун алышы. Мында теӊ укуктуу ѳнѳктѳр болбойт, анткени алардын бири экинчисин багынтып, дайыма кѳзѳмѳлдѳп турууга умтулат. Уулуктуруучу мамилелерде бирѳѳ – агрессор (абьюзер), экинчиси – анын курмандыгы болот.

Абьюзер ѳнѳгүнүн бардык иш-аракеттерин кѳзѳмѳлдѳѳгѳ аракет кылат: дайыма ѳнөгү эмне менен алектенип жатканын сурап турат, билдирүүлѳр менен чалууларына дароо жооп берүүсүн талап кылат, ѳнѳгү эмнени кийип, эмне тамак жей турганын, кайда барышы керек экени ѳзү чечет. Мындан тышкары, агрессор физикалык жазалоо менен коркутушу же кол кѳтѳрүшү, ѳнѳгүн басмырлап, ар кандай иш-аракеттерге зордошу мүмкүн. Абьюзердин мүнѳздѳмѳсү аталгандар менен гана чектелбейт. 

Изилдѳѳчүлѳр ѳспүрүмдѳрдүн романтикалуу мамилелериндеги абьюз жѳнүндѳ 101 илимий ишти анализдеп чыгып, балдардын кѳпчүлүгү зомбулуктун кайсы бир түрүнүн курмандыгы болуп калуусу мүмкүн экенин аныкташкан. Ѳспүрүмдѳрдүн мамилелеринде физикалык зомбулук кандай жыштыкта кездешээри так белгилүү эмес: зомбулук дээрлик болбойт, же учурлардын жарымынан кѳбүндѳ – 1%дан 61%га чейин байкалат. Ал эми европалык жана америкалык изилдѳѳлѳргѳ жүргүзүлгѳн эл аралык сереп психологиялык зомбулук 17%дан 88%га чейинки учурларда орун алганын кѳрсѳткѳн.

Жакшы жана туура романтикалуу мамилелер ѳспүрүмдѳргѳ ѳзүн ѳзү баалоосун жогорулатууга, баарлашуу, мамиле түзүү жана узак мѳѳнѳттүү ѳнѳктүктү сактоо жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳнүктүрүүгѳ жардам берет. Бирок абьюзивдик мамилелер адамга терс таасирин тийгизет. Зомбулук – физикалык же психологиялык – катуу стресске кабылтат. Ал эми стресс, ѳз кезегинде, ѳспүрүмдүн окуусуна таасир этип, ѳзүн-ѳзү баалоосун тѳмѳндѳтѳт, жакындары менен конфликттерге, тамак сиӊирүүнүн бузулушуна, депрессияга жана башка кѳптѳгѳн кѳйгѳйлѳргѳ жол ачат.

Адамдар эмне үчүн жакын адамынын жүрөгүн оорутканына так жооп берүү мүмкүн эмес. Кээде абьюзер жеке психологиялык көйгөйлөрүнөн же травмаларынан улам, өзүнүн жашоосун контролдоо боюнча иллюзиясын ишке ашыруу үчүн башкалардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүп турушу керек. Ал эми айрым учурларда ал коомдо жана/же үй-бүлөдө калыптанып калган белгилүү бир ишенимдер менен баалуулуктарга таянып, ан сезимдүү түрдө да, башка жолдор бар экенин билбегендиктен, аң сезимсиз түрдө да мындай иш-аракеттерди аткарат.

Абъюзга кабылган адамдын бул мамиледен баш тартуусу абдан кыйын экенин түшүнүү маанилүү. Бул көбүнчө агрессордон коркуу, туура эмес аракет жасап/сүйлөп алуудан чочулоо, кээде болсо жагдайдын келип чыгышына өзүн күнөөлүү деп эсептөө жана кордукчуну актоо аракеттери менен байланыштуу.

Зомбулукка кабылган кишилер мындай негативдүү мамилеге өздөрүн күнөөлүү деп эсептеши мүмкүн. Бирок андай эмес. Абьюзер – жагымсыз аракеттерге барууну чечкен киши өзүнүн жүрүм-туруму жана келтирген зыяндары үчүн  жооп берүүгө тийиш. Абьюзивдик мамилеге бардык адамдар кабылышы ыктымал. Ал канча жашта экени, аялбы же эркекпи, сексуалдык ориентациясы кандай, мамилелердин узактыгы жана олуттуулугу маанилүү эмес.

Посттордун бул сериясында «Двор» романтикалуу мамилелерде кандай зомбулуктар боло турганы, кордукчудан кетип калуу эмне үчүн оңойго турбаганы, эмоционалдык абъюзду кантип аныктоо мүмкүн экендиги, жана абьюзивдик мамилеге кабылган учурда кандай аракеттерди көрүү зарыл экендиги тууралуу айтып берет.

«Сени түртүп жибергеним үчүн өзүң күнөөлүүсүң!»

Абьюзивдик мамилелерде киши зомбулуктун ар кандай формаларына кабылышы ыктымал. Алардын бири – физикалык зомбулук. Физикалык зомбулук уруп-согуулар жана түртүп жиберүүлөр менен гана чектелбейт. Мында буюмдарды талкалоо, туш-тушка ыргытуу, муунтуу, чаап жиберүү жана залал келтирүүчү же келтирүүсү мүмкүн болгон башка аракеттер болот. Натыйжада денесин көгөрткөн же из калтырган аракеттер гана эмес, физикалык жазалоо менен коркутуу, же болбосо өнөгү чыгып кетүүгө аракет кылган учурда эшикти бекитип коюу дагы физикалык зомбулукка кирет. 

Кишини көп таарынтып, көңүлүн ооруткан мамилелерде өнөк көп учурда же дайыма жигитинин/кызынын реакциясынан чочулап турат - бир нерсе айтуудан же жасоодон коркот. Өзүнө карата ишеними төмөндөп, өнөгүнүн ачуулануусуна же каардануусуна дуушар болгондуктан, баарын туура эмес жасап жатам деп ойлойт. 

Ал эми кордукчу болсо өзүнүн күнөөсүн сезбей, башка бирөөнү – көбүнчө өнөгүн – агрессияга «жол ачкан» сөздөрү же аракеттери үчүн айыптайт. Мисалы, «Менин мындай жүрүш-турушума сен себеп болуп жатасың, анткени мен суранганды аткарбайсың!» деп айтышы мүмкүн. Кээде абьюзер өзүнүн жүрүм-турумун башка факторлор менен да актоого аракет кылат: «Менин агрессияма катуу стресс/алкоголь/көңүл калуу себеп болууда!».

Ал эми курмандык зомбулукка зомбулук менен жооп кайтарган учурларда өзүн күнөөлөө сезими андан да курчуйт. Мисалы, аны урган жок, жуптар бири-бири менен согушуп кетишти жана «экөө тең күнөөлүү» сыяктуу ойлор пайда болот. Курмандык үчүн дагы бир оор абал — зомбулук «орточо даражада» болгон учур. Мисалы, өнөгү анда-санда жаакка чаап, бөлмөсүнө камап коюушу мүмкүн, же болбосо ден соолукка зыян келтирбей жана из калтырбай турган «коркунучтуу эмес» аракеттерди аткарышы ыктымал. «Двор» бир-эки жолу жаакка чабуу — бул дагы зомбулук экенин белгилейт. Өнөгүн жолотпой койгону үчүн жаакка чабуу — бул да зомбулук. Өмүргө коркунуч жаралган учурлардан тышкары, зомбулукка зомбулук менен жооп бербөөгө аракет кылыш керек. Бирок курмандыктын жооп иретиндеги аракеттери биринчи урган кишиден жоопкерчиликти алып салбайт.

Физикалык зомбулукка учурагандардын көбү анын арзыбаган чаап же түртүп жиберүүдөн башталып, бара-бара интенсивдүү болуп калганын айтышат.  Чынында эле, абьюзивдик мамилелерде белгилүү мыйзам ченемдүүлүктөр бар.

Эреже катары, алгач чыңалуу көбөйөт – мамиле акырындап бузула баштайт, өнөк нааразы болгон, маанайы бузулган учурлар тез-тезден боло баштайт. Анан кульминациялык чекке чыгат – абьюз кырдаалы жаралат  (мисалы, кыйкырыктар, кемсинтүүлөр, коркутуп-үркүтүү, ал тургай муштумдар менен коштолгон катаал уруштар).

Андан кийин, эреже катары, абьюзер курмандыгынан кечирим сурайт, ал тургай кээде күнөөсүн да моюнга алып жиберет. Ал кылгандары үчүн чындап өкүнүп жатканын айтып, экинчи мындай кайталанбай жана сөзсүз оңоло турганына убада берет. Дал ушул себептен улам көп учурда абьюзер менен мамилени үзүү кыйын болуп калат.    

Мамиледе баары эң сонун болгон «бал айы» башталып, бир нече жума, жада калса бир нече айга, кээде болсо, бир нече күнгө гана созулат. Тилекке каршы, эртеби-кечпи бир күнү аягына чыгып, абьюз кайра кайталана баштайт – болгондо да абьюздун градусу бир топ жогорулашы ыктымал. Далилдер канчалык ишенимдүү сезилип жатса да зомбулукту эч качан актоого болбойт. Зомбулукка жол берилбеши керек. Бир кишинин экинчисине карата ырайымсыз мамилеси – бул кордоо көрсөтүп, залал келтирген кишинин жоопкерчилиги.

Эгер адам өнөгү тарабынан көрсөтүлгөн физикалык зомбулукка дуушар болсо, анда сөзсүз бирөөгө жардам же колдоо сурап кайрылуу зарыл. Мындай жардамды жана колдоону ата-энесинен, бир туугандарынан, досторунан, өзү ишенген башка адамдардан ала алат. Ал эми жанында жардам берчү, абалын айтып берчү кишиси жок болсо, анда психологиялык колдоо кызматына (номерлер менен шилтемелер комментарийлерде) же турмуштук оор абалга түшкөн жарандарга жардам берүүчү коммерциялык эмес уюмга кайрылуу сунушталат.

Туура, туура эмес жана абьюзивдик мамилелер

Изилдөөчүлөр романтикалуу мамилелерде бийликтин үч түрү: тең (power-sharing), атаандаштык (power-struggling) жана жеке  бийлик (over-power) болуп, кишилердин өз ара аракеттешүүсү жана конфликттик кырдаалдарды чечүүсү аларга жараша ишке ашат деп  эсептешет.

Туура мамилелер — кишилер бийликти тең бөлүшкөн мамилелер. Өнөктөр жеке тажрыйбасы жөнүндө эркин айтып, бири экинчисинин тажрыйбасына тилектеш экенин көрсөтөт. Мындай мамилелерде конфликттер сүйлөшүүлөр жана компромисске баруу жолу менен чечилет. Экөө пикир келишпестиктерге карабастан бири-бирин угат, сыйлайт. Алар сезимдери тууралуу, физикалык жана сексуалдык сезимдери жөнүндө чын жүрөктөн жана ачык айта аларын билишет, бири-бирин колдошот, бири-бирине ишенишет жана чогуу убакыт өткөрүүгө умтулушат. 

Туура мамилелердин карама-каршысы болуп, туура эмес (атаандаштык) жана абьюзивдик мамилелер эсептелет. Мамиленин бул эки түрүндө тең уулуктуруучулук элементтери бар, ал эми уулуктуруучу мамилелердин баары эле абьюзивдик мамиле боло бербейт, бирок абьюзивдик мамилелердин баары уулуктуруучу болуп саналат. Алгач атаандаштык мамилелерин карап чыгалы.

Атаандаштык мамилелерде өнөктөр дайыма бийлик үчүн атаандашып турат. Мындай мамилелерде конфликттер көп болот. Пикир келишпестиктер катуу жаңжалдарга алып келет. Тараптардын экөө тең бийлик үчүн күрөшүп, жеңип чыгуу же өз максатына жетүү үчүн ар кандай тактикаларды колдонушат. Мындай мамилелерде «уулуктуруучулук» сөзсүз болот. Адамдар бири-биринин сезимдери менен муктаждыктарына тоотпостук менен мамиле кылып, шылдыңдашат, басынтышат. Мындан тышкары кызганыч менен тынчсыздануулар да көп болот. Алар өздөрүнүн сезимдери жана эмоциялары жөнүндө көп учурда эркин сүйлөшө албайт, анткени үнү жетпей калат жана түшүнбөйт деп коркушат.

Туура эмес мамилелер абьюзивдик мамилелерден өнөктөрдүн бири кайсы чектерден чыгып жатканына, ал өз өнөгүнө канчалык көп жана кандай максат менен кордоочу мамиле көрсөткөнү боюнча айырмаланат. Эгерде туура жана атаандаштык мамилелерде эки катышуучу болсо, абьюзивдик мамилелерде «өнөктөр» деген түшүнүк жок, бул жерде абьюзер жана курмандык гана болот. Абьюз – бул «уулуктуруучулук» эмес, бул – зомбулук. Абьюзивдик мамилелерде бир киши экинчисине кол салат, анын жеке чектерин бузуп, аларга таасир этүүгө аракет кылат.

Абьюзивдик мамилелерде өнөктүн ырайымсыздыгы – бул жеке бийлигин жана көзөмөлүн орнотуу ыкмасы. Ал баарын: өнөгүнүн иш-аракеттеринен баштап ой-пикирине чейин көзөмөлдөөгө умтулат. Абьюзер өнөгүн тоотпойт, опаасыздык менен күнөөлөйт, сыйлабайт, басынтат, коркутууларды жаадырат, аны тегерегиндегилерден ажыратууга аракет кылат, башка кишинин идеяларына, ойлоруна жана сезимдерине жек көрүү менен мамиле жасайт, же болбосо физикалык зомбулук көрсөтөт. Мында зомбулуктун автору жогоруда аталган аракеттердин баарын колдонбошу мүмкүн. Мисалы, абьюзер өнөгүнө өзгөчө көңүл бөлүп, ага жакшы кам көрүп, бирок конфликттүү кырдаалдарда кол көтөрүшү ыктымал.

Абьюзивдик мамилелерде өнөктөрдүн бири экинчисинен коркот: ал өз оюн айта албайт, анткени каарына калгысы келбейт. Алардын бири өзүн кем баалуу, тең укуктуу эмес, дайыма күнөөлүү сезет (себеби, абьюзер өзүнүн катасын чанда гана моюнга алат) жана басынтылган абалда болот. Ал эми курмандык абьюзерге каршы чыгууга же жардам алууга аракет кылган учурда, кордоочу көзөмөл менен бийликти кайтаруу максатында болгон күчүн эки эселеп колдонот.

Мамилелерде кандай сезимдер менен эмоциялар пайда болорун аңдаш үчүн өзүнүн ички туюмун сезе билүү маанилүү. Эгерде өнөктөрдүн ар бири мамилелерде өзүн сындай алса, анда бул жерде кеп абьюз тууралуу болбошу мүмкүн. Атаандаштык мамиледе кишилер аны жакшыртуу үчүн көйгөйлөрү менен иштеп, уулуктуруучулукту азайтууга аракет кылышат.

Эгер адам абьюзер болсо, анда аны менен дурус мамиле түзүү дээрлик мүмкүн болбойт. Психологиялык жардам менен чечимсиз абьюзер башка кишинин жеке чектерин сыйлоону жана тең укуктуу мамиле курууну үйрөнө албайт. Кийинки бөлүктөрдөн туура эмес мамилелерде да, абьюзивдик мамилелерде да кездешүүчү зомбулуктун түрлөрү тууралуу айтып беребиз. Алардын ортосундагы айырмачылык агрессиянын көлөмүндө, ырааттуулугунда жана улануу мезгилинде. Мындан тышкары, агрессия багытталган адамда өзүн коргоо жана келишүү үчүн кандайдыр бир мейкиндиктин болуп-болбошу менен да айырмаланышы мүмкүн. 

Вербалдык жана эмоционалдык зомбулук

Эмоционалдык же вербалдык зомбулук деген эмне? Ал төмөнкү иш-аракеттерден байкалат:

  • сый-урматсыз мамиле - абьюзер топтун ичинде жана/же өнөгүнүн аркасынан жагымсыз жана кемсинтүүчү сөздөрдү айтат;
  • жекече сүйлөшүү менен башка кишилердин жанында сүйлөшүүдөгү айырмачылык (мисалы, өнөк башка кишилердин көзүнчө мамиледе баары сонун экенин көрсөтөт, ал эми тет-а-тет калганда орой жана катаал мамиле жасайт);
  • өнөгү баарын туура эмес кылып жатканы менен күнөөлөө, үзгүлтүксүз нааразылыктар менен сындоолор;
  • бардык соцтармактардагы сырсөздөрү менен бөлүшүүнү талап кылуу;
  • өнөгүнүн кызыкчылыктары менен каалоо-тилегине көңүл бурбоо;
  • өнөгү мамилени токтотуу же ажырашуу тууралуу сөз козгогондо өзүн өзү өлтүрө/зыян келтире же жүрөгүн оорута тургандыгы менен коркутуу;
  • өнөгүн чөйрөсүнөн обочолоо, анын ким менен дос болуп, ким менен сүйлөшө турганын чечүү, кишини досторуна жана/же туугандарына каршы чыгаруу аракети;
  • сталкинг – өнөгүн дайыма аңдып туруу, анын социалдык тармактарда эмне менен алектенгенин көзөмөлдөө.

Эмоционалдык зомбулук көп учурда “Дагы чыны сындырдыңбы, колуң кыйшыкпы? Этият кыймылдабасаң, жумуштан кууп жиберишет” же “Мындай кыйшык колдоруң менен, кымбаттуум, терезенин алдында бет аарчың менен булгаалап эле отурганың жакшы. Дени-карды соо аялга сендей эркектин кереги жок, мен эле чыдап жүрөм. Бирок канчага чейин түтөөрүмдү билбейм” сыяктуу сүйүүсүн билдирүү же тамаша сөздөрдүн ичине жашырылат.

Мындай жүрүм-турум дайыма эле кемсинтүү катары кабыл алынбайт. Кишиге өнөгү жакшы ниет менен мындай аракетке барып жаткандай сезилип, «Ал мага ушинтип кам көрүп жатат» же «Жалгыз болуп турсун» деген ойлор пайда болушу мүмкүн.

Муну менен катар эле, катуу айтылган сөздүн баары эле абьюз эмес. Өнөгүнүн туура сезилген жана чындап туура аракеттерин туура сезилген, бирок багынтуу же көзөмөлгө алууга багытталган аракеттеринен айырмалай билүү зарыл. Бул жерде ички туюмга кайрылуу маанилүү: өнөгүмдүн алдында канчалык уят болдум, канчалык көп мен өзүмдү өнөгүмдүн сөздөрүнөн улам сүйүктүү эмес, бааланбаган, начар, алсыз жана дайыма көзөмөл астында болгон адам сезем? Бул көрүнүш канчалык көп кайталанат жана бир эле тарапка багытталат?

Эмоционалдык зомбулукка дуушар болгон өнөк көп учурда өзүн күнөөлүү сезет. Абьюзерлер адамды манипуляциялап, аны өзүнүн адекваттуулугунан шектенүүгө түртүшөт (бул «газлайтинг» деп аталат). Газлайтинг — абьюзердин бийликти орнотуу же сактап калуу ыкмасы. Кордукчу өзүн эч нерсе болбогондой алып жүрөт жана өнөгү жөн жерден таарынып калды деп эсептейт. Алар кишини жинди же өтө сезимтал деп аташат, же болбосо окуяны курмандыктын эсиндегиден таптакыр башка нукта баяндап же сүрөттөп беришет.

Туура мамилелерде адам өзүн дээрлик бардык учурда комфорттуу жана коопсуз сезип, алдыда эмне болорун болжолдой алат. Маал-маалы менен өнөктөрдүн ортосунда уруштар, түшүнбөстүктөр келип чыгат, бирок мындай учурларда алар дароо ошол учурда же кийинчерээк сүйлөшүп, компромисске келишет.   

Туура эмес мамилелерде бул кыйла татаалыраак болсо да, үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болот. Ал эми абьюзивдик мамилелерде диалог жана компромисс болбойт: дайыма туура кылган жана кандай жол менен болсо да өзүнүкүн таңуулаган абьюзер гана бар.

Албетте, эмоционалдык зомбулукка көп эле мисалдарды келтирсе болот. Эң башкысы жеке эмоцияларын аныктап, достор менен тааныштардын «Өзүң татаалдаштырып жатасың го», «Эми урбай эле да», «Ал сонун адам го», «Өзүң баштасаң керек!» сыяктуу ынандырууларына моюн бербөө зарыл.

Көбүнчө зомбулук тегеректегилерге байкатпай көрсөтүлөт. Андыктан алар үчүн абьюзер жакшы адам, ал эми туура эмес мамилелер — жакшы мамиле болуп көрүнө берет.

Сексуалдаштырылган зомбулук

Абьюзивдик мамилелерде адам сексуалдык абьюз сыяктуу зомбулук формасына кабылышы ыктымал. Буга киши макулдугун бербеген сексуалдык активдүүлүктүн бардык түрү кирет.

Кечинде өнөгүнүн үйүнө барып чогуу фильм көрүү, отурушка баруу, бир жерде экөө жалгыз калуу, мында алкоголдук ичимдик ичеби же жокпу – мунун баары секске, денесинин интимдүү жерлерин кармалоого, аларды көрсөтүүгө жана башка ар кандай сексуалдык активдүүлүккө автоматтык түрдө макул болгонду билдирбейт.

Иш-аракет өз эрки менен макул болгон, ачык көрсөтүлгөн жана өнөктөрдүн экөө тең нюанстарын, эмнеге барып жатканын аң сезимдүү түшүнгөн учурда гана мүмкүн.

Бул жерде мамилелердин канча айга же жылга созулганы маанилүү эмес, секске бир жолу макулдук берүү өмүр бою каалаган учурда макул болуу дегенди түшүндүрбөйт. Тизеси көрүнгөн, ийиндери ачык, боору чечилип калган көйнөк, көз караш, сөздөр дагы башка ар кандай көрүнүштөр зомбулукка себеп болбоого тийиш. Адам макул эмеспи – демек, аны менен секске кирүүгө жол берилбеши керек.

Мамилелердеги сексуалдык зомбулук обочолонгон жана бир жолку көрүнүш катары өтө сейрек кездешет. Ал физикалык жана эмоционалдык зомбулукту кошкондо, көп учурда абьюздун башка формалары менен да коштолот.

Сексуалдык абьюз өз ичине зордуктоонун юридикалык аныктамасына туура келген жүрүм-турумду камтыйт. Секске же сексуалдык аракеттерге коркутуп-үркүтүү, манипуляциялоо же физикалык күч колдонуу жолу менен мажбурлоо – бул сексуалдык зомбулук.

Сексуалдык активдүүлүктүн түрүнө жараша, абьюзер зордуктоо (вагиналдык жыныстык катнаш, РФ КК 131-беренеси) же болбосо сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери (калган бардык аракеттер, РФ КК 132-берене) менен айыпталат.

Өнөгүнүн кабары жок же анын эркине каршы бойго бүтүүнү болтурбоочу каражаттарды же презерватив колдонуудан баш тартуу – бул дагы сексуалдык абьюзга кирет. Мындан тышкары, башка кишинин ЖЖБО жугузуп алуу коркунучун жараткан жагдайларды жаратуу — РФ КК 121-беренесин (жалпы ЖЖБО) же 122-беренесин (ВИЧ-инфекция) бузууга жатат.

Жана, албетте, бул жерде өнөктүн курагы да маанилүү роль ойнойт. Эгерде өнөктөрдүн бири он сегиз жаштан жогору, ал эми экинчиси он алтыга толо элек болсо, анда алардын ортосундагы жыныстык катнаштын бардык түрлөрүнө РФ КК 134-беренесине ылайык текшерилип, баа берилет. Бул болсо мыйзам өзү үчүн толук жооп берүүгө жөндөмсүз жарандарды коргоого арналганы менен түшүндүрүлөт. 16 жаштан кичүү жашы жете элек адам менен секс эки жактын тең макулдугу менен ишке ашкан аракет деп эсептелбейт.

Финансылык же экономикалык зомбулук

Эгер өнөктөрдүн бири экинчисинин бардык сарптоолорун көзөмөлдөп, аны каражаттар менен мүмкүнчүлүктөр жагынан чектесе, же болбосо топтогон каражаттары менен ресурстарын берүүсүн талап кылса, анда бул финансылык же экономикалык зомбулук болуп сыпатталат.

Изилдөөчүлөр финансылык зомбулукту эмоционалдык зомбулуктун подкатегориясы катары карашат: ал ошол эле функциялардын көбүн камтып, адамга ошондой эле эмоционалдык таасир тийгизет. Экономикалык же финансылык абьюздун максаты өнөктү багынтуу же көзөмөлдөө жана/же аны чөйрөсүнөн толугу менен обочолоо аракети менен байланыштуу.

Экономикалык абьюз өнөгүнүн материалдык жактан көз карандысыз болушуна жол бербөөгө багытталган. Бири экинчисинин мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, анын эмне жеп, эмне кийип жатканын, кайда жашаганын, эмне сатып алып жатканын толук көзөмөлгө алат.

Мындан тышкары, абьюзер өнөгүнүн өзүн өзү камсыз кылууну үйрөнүүсүнө тоскоол болот – билим берүү курстарына, колледжге, университетке барууга тыюу салат. Натыйжада киши жеке муктаждыктарынын канааттандырылышы толугу менен абьюзерден көз каранды болгон абалга түшөт.

Экономикалык зомбулукка төмөнкүдөй абалдар мисал боло алат:

  • өнөктөрдүн бири экөөнө тең таасир эте турган акча же инвестиция боюнча чечимдерди экинчиси менен талкуулабастан же анын эркине жана каалоо-тилегине каршы өз алдынча кабыл алат;
  • жалпы бюджет бир гана кишинин көзөмөлүндө болуп, ал каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн өзүнө коротот да, азыраагын тамак-ашка жана эсептерди төлөөгө калтырат;
  • киши өнөгүнүн иштөөсүнө шарт түзүү үчүн үй жумуштарын же балдарды багуу милдетин аткаруудан баш тартат;
  • киши өнөгүнүн автоунаа жана башка транспорттук каражаттарды колдонуусун чектейт;
  • киши өнөгүнүн үйдөн жалгыз чыгуусуна уруксат бербейт;
  • киши өнөгүнүн иштөөсүнө тоскоол болот, дайыма аңдып турат жана чалууларын, жумушка барууларын көзөмөлдөйт, жумуштан чыгарып алуу үчүн бардык аракеттерин жумшайт.

Мамилелердеги экономикалык зомбулук адамды өзүн туңгуюкка түшүп калгандай – алсыз жана толугу менен көз каранды сезүүгө түртөт. Мындай абалга түшкөн адам аны тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып салгандыктан, абьюзивдик мамилелерден оңой менен чыга албайт же таптакыр кол үзө албайт.

Абьюзивдик мамилелерден кантип кутулса болот

Адам абьюзивдик мамилеге кабылганын түшүнсө (муну моюнга алуу да кыйын), мындагы эң туура чечим – абьюзерден кол үзүү. Жакын жана бекем мамилелерде өнөктөр бири-бирин сыйлап, бири-бирине ишеним көрсөтөт. Тилекке каршы, абьюзерге башкалардын чектерин сыйлоону квалификациялуу психологдор да үйрөтө албаган учурлар кездешет.

Андыктан, киши өзгөрө тургандыгы жөнүндө ишендирүүлөр да келечеги жок мамилени улантуу үчүн себеп боло албайт. Себеби абьюз улана берет жана баары: чыңалуу, чыр-чатактар, кечирим суроолор, кыска убакытка созулган бактылуу көз ирмемдер, акырында зомбулук кайталана берет.

Дагы бир жолу кайталайбыз: абьюзга кабылган адамдын өз башына келгендерде күнөөсү жок. Эч ким зомбулук, болгондо да эң жакын адамы – абьюзер тарабынан көрсөтүлгөн кордук менен жашабашы керек.

Абьюзерден кетип жатканда токтоолук жана чечкиндүүлүк талап кылынат, андыктан өзүн абьюзивдик мамилелер эч кандай жакшылыкка алып келбей турганына, андан качуу керек экендигине ынандыруу зарыл. Бул жерде өзүнүн эмоционалдык абалы менен коопсуздугун биринчи орунга коюш керек.

Абьюзерлер манипуляцияны жакшы колдонушат: алар өнөгүн кетирбеш үчүн бардык амалдарга: оңолуу убадасынан, ый менен боорду ачытуу же өнөгүн күнөөлүү сездирүүдөн баштап өнөгүнө же өзүнө зыян келтирүү менен коркутууга чейин барышат. Эгер ушундай абал жаралса, ишене алган башка кишиге кайрылуу абзел. Жакындарынан жардам сураса же психологго кайрылса да болот.

Бул жерде абьюзер менен байланышты чектөө маанилүү – соцтармактардан жазышпоо, аны менен сүйлөшпөө жана таптакыр көрүшпөө сунушталат. Кордукчуну соцтармактардагы достордун тизмесинен чыгарып, ал тургай бөгөттөп салган оң. Балким телефондун номерин, электрондук почтанын дарегин, социалдык тармактардагы сырсөздөрүн алмаштырып, жада калса аккаунттарын да өчүрүп салуу зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн. Абьюзер мамилени улантуу, жок дегенде «дос катарында сүйлөшүп туруу» жөнүндө жалбарышы да ыктымал, бирок көнүмүш адаты калбай, эмоционалдык басым менен манипуляцияларды уланта берет.

Эгер адам өнөгү анын артынан түшүп, беймаза кыла тургандыгынан (абьюзерлердин мындайга баруусу толук ыктымал) тынчсызданса, анда белгилүү бир убакыт бардык жерлерде досторунан же тааныштарынан бирөө менен чогуу жүрө турганы оң. Киши жеке коопсуздугу үчүн коркуп жатса, анда кризистик борборго кайрылуу боюнча вариантты да караштырып көрсө болот.

Адам канчалык узак убакыт  абьюзивдик мамиледе болсо, анын физикалык жана эмоционалдык жоготуулары ошончолук көп болот. Ал депрессияга жана чочулоого кабылышы мүмкүн, же болбосо өзүнө өзү кам көрүү жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санай баштайт. Курмандык өзүн алсыз же бошоңку, эч нерсеге көңүлсүз жана жөндөмсүз сезе башташы ыктымал.  

Айрым учурларда абьюзер өнөгүн социалдык обочолоого да жетишет. Бул болсо кордукчунун бийлигин бекемдеп, ага «коргоочу» абал камсыздайт. Курмандыгы башка кишилер менен байланышпаса, абьюзер жүрүм-турумунун укуктук же социалдык кесепеттери үчүн жоопко тартылбай, ал эми курмандыгы жардам ала албай калышы мүмкүн.

Ушул себептүү, адам абьюздун белгилерин байкап, досу/курбусу чөйрөсүнөн алыстап бара жатканын баамдаса, анда сөзсүз кийлигишүүгө аракет кылууга тийиш. Абьюзерден өз алдынча кол үзүү кыйла оор, жана бул жерде тыштан: жакындарынын же адистин жардамы талап кылынат. 

Булак: Двор медиа.