Уялчаактык: эмне кылуу керек?

Эмне үчүн кээ бир адамдар башкаларга караганда уялчаак болот?

Мектепте же университетте мугалимдин суроосуна жооп берүү үчүн көтөрүлгөн колдордун саны дайыма эле окуучулардын билим деңгээлине төп келе бербейт. Анткени кээ бирөөлөр билбестиктен эмес, өз оюн айтуудан уялгандыктан кол көтөрбөй коюулары мүмкүн.

Уялуу- бул күчтүү сезим, киши катуу уялганда беттери албырып, жүрөгү дүкүлдөп, алакандары тердеп жана ичи уйгу-туйгу болуп эмоциянын баары денеге чыгат. Эмне үчүн кээ бирөөлөр башкалар менен оңой эле баарлаша берет, ал эми кээ бирлери үчүн мугалимдин туура эмес койгон баасы жөнүндө оюн айтуу толгон-токой эмоциялар менен коштолот?

Америкалык Психологдор Ассоциациянын маалыматы боюнча, уялчаактык - бул адамдын башкалардын, өзгөчө бейтааныш адамдардын чөйрөсүндө өзүн ыңгайсыз сезүүсү. Окумуштуулар адамдагы ыңгайсыздануу, олдоксон болуу жана батынбоо сыяктуу уялчаак сыпаттар тукум кууган гендин натыйжасы деп эсептешет.

Адамдын бою, көзүнүн, терисинин түстөрү жана дене келбети гана ген аркылуу берилбейт, айрым инсандык сапаттарга, анын ичинде уялчаактыкка да тукум куучулук өз  таасирин тийгизет. Изилдөөлөргө ылайык, болжол менен 20% адамга  уялчаактык ген аркылуу өтүшү мүмкүн. Бирок бул генетикалык жактан уялчаак болгон адамдардын баары эле сөзсүз тартынчаак мүнөзгө ээ болот дегенди түшүндүрбөйт.

Уялчаактык тукумунда жок адамдар деле башкалардын жанында өзүн ыңгайсыз сезип, кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Адамдын уялчаак болуп калыптануусуна жашоо тажрыйбасы чоң роль ойнойт: чөйрө, маданият жана жаш курак.

Чөйрөдөн баштайлы. Башкалардын жүрүм- туруму адамдын уялчаак болуусуна таасир бериши мүмкүн. Эгерде тартынчаак баланын ата-энеси этият боло беришсе, же аны ашыкча камкордукка ала беришсе, бул аракеттер баланы ыңгайсыз же тааныш эмес жагдайлардан кача бергенди үйрөтөт. 

Адамдын алгач ирет туш келген ыңгайсыз жана кооптуу кырдаалдан чыга билүүсү, анын мындан кийинки жагдайларга болгон реакцияларына таасир этиши мүмкүн. Эгер адам өзү даяр эмес жаңы кырдаалга туш болуп, бирок чөйрө аны шылдыңга алып койсо, анда адам уялчаак болуп калышы ыктымал.

Ал эми маданият өңүтүнөн алып карасак, адатта эреже катары тартынуу сапаттарын салыштыруу Батыш (АКШ) менен Чыгыштын (Азия өлкөлөрү) ортосунда жүргүзүлөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, батыш маданиятына (болжол менен 40%) караганда чыгыш маданиятында (болжол менен 60%) уялчаактык көбүрөөк байкалат. Изилдөөчүлөр уялчаактык менен байланышкан жеке факторлор (мисалы, өзүн төмөн баалоо жана кабыл алынбоо коркунучу) Азия маданияттарында көбүрөөк сезилет деп эсептешет, анткени Чыгыш маданияты коллективист: адамдар үчүн айлана-чөйрөсү аларды кандай кабыл алаары өтө маанилүү. Ал эми Батыш маданияты көбүрөөк индивидуалдык болгондуктан — жеке адамдын өзүн-өзү алып жүрүүсүнө оңой жана сабырдуулук менен карашат.

Уялчаак болуу тенденциясы менен байланышкан дагы бир фактор - бул жаш курак. Изилдөөлөргө ылайык, тартынуу сапаты өспүрүм курактагылар арасында көп байкалат. Анткени өспүрүмдөр айлана-чөйрөсү аларды кандай кабыл алат деп көп тынчсызданышат.

Окумуштуулар муну балалыктан өспүрүм куракка өтүп жатканда болуучу ири өзгөрүүлөр менен байланыштырышат. Өспүрүмдөр жыныстык жетилүү мезгилинде бир убакта 3 өзгөрүүгө дуушар болушат: дене жана когнитивдик жөндөмдүүлүктөрдүн өзгөрүшү, социалдык ролдордун жана мамилелердин өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы муктаждыктар жана мүмкүнчүлүктөрдүн пайда болушу.

Тартынчаак болуу деген эмнени түшүндүрөт, же изилдөөчүлөр өтүмү жок адамдардын жүрүм-турумун кантип сыпатташат

Адатта, адамдар өздөрүн социалдык жактан үлгүлүү алып жүрүүгө жана колдоо таап кетүүгө аракет кылышат. Бирок бул эрежеге сыйбаган бирөө бар - ал тартынчаак адам.

Кээ бир изилдөөчүлөр эсептешкендей,  тартынчаак адамдар башкалардын колдоосуна деле умтулушпайт, алар болгону кабыл алынбай калуудан качышат, ошондуктан көп учурда коомдук мамилелерден четтеп калышат. Андай адамдар өз оюн чанда гана билгизишет же нейтралдуу позицияны карманышат, алар жөнөкөй келишет жана өздөрүн чектеп турушат.

Дагы башка иликтөөлөргө ылайык, тартынуу көрсөткүчү боюнча жогорку баа алган студент кездешүүлөргө чанда барат. Ушу сыяктуу эле тартынчаак адамдар башкалар менен эмес, өз алдынча жеке иштөөнү жактырышат. 

Эң кызыгы, адамдын уялчаактыгы боюнча көптөгөн башка изилдөөлөргө таянсак, тартынчаак адам социалдык чөйрөдө жогото турган эч нерсеси жок экенине ишенип, өзүн башкача алып жүрөт - каалаган натыйжага жетүү үчүн айлана-чөйрөгө ыңгайлашып алат.

Уялчаак адамдар коомдук өз ара алака беришүүдөн четтеп кетишет. Анткени аралыкта туруп, алар коомдогу алака-бериштин жүрүшүн жана анын жыйынтыгын жакшыраак жөнгө сала алышат. Мисалы, изилдөөчүлөр Дайкман жана Рейс өтө тартынчаак студенттер эреже катары, аудиториядагы же алдыңкы, болбосо арткы  орундарды ээлешет деп аныкташкан.

Бир жагынан, мындай позиция - акыркы парта- алар үчүн пайдалуу, анткени керек учурда жашырынып калууга жана "коркунучсуз" абалын сактап калууга жардам берет. Башка жагынан алганда, окуучулар сабактан четтетилген эмес жана алар даяр учурларда класстык иш-аракеттердин агымына кирип кете алышат.

Маекке тартылган уялчаак адамдар сүйлөшүүнү башташпайт жана диалог түзүүнү каалашпайт. Бир нече изилдөөлөр көрсөткөндөй, тартынчаак адамдар бир аз гана убакыт сүйлөшөт. Ал эми маек токтоп, ыңгайсыздык жаралган учурларда көңүл чордонуна түшпөө үчүн сөз баштап жибербейт. Уялчаак адамдар сүйлөшүүгө жигердүү катышуунун ордуна, жылмаюу, баш ийкеп коюу же башка көңүл буруунун вербалдык байланыштарын тандашат.

Кээ бир изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде айтылгандай, тартынчаак адамдар эч кимге зыянын тийгизбей убакыт өткөрүү менен, өздөрү үчүн ыңгайлуу учурду күтүшөт. Алар өздөрүн коопсуз сезгенде гана баарлашууга толук кандуу аралашып, атүгүл маекке үстөмдүк кылуучу катышуучу катары кириши мүмкүн.

 Тартынчаак адам ийгилик коштобой калган жагдайларда ар дайым өзүн коргойт, ал эми ийгиликке кепилдик бар болгондо гана башкалардын колдоосуна ээ болуу стратегиясын колдонот.  Жыйынтыгында уялчаак адам өзүн татыктуу баалай албайт, көбүнчө өзүнөн жана жөндөмүнөн күмөн санай берет.

Адамдар ортосунда түзүлгөн мамиледе  кандайдыр бир тобокелчилик сөзсүз болот. Кубаныч жана ырахат тартуулаган мамилелер кысынуу, жакпай калуу, социалдык статусун жоготуу сыяктуу ийгиликсиз натыйжаларга да алып келиши мүмкүн.  Уялчаак адамдар баарлашуунун оң жыйынтыктарына эмес, мүмкүн болгон терс натыйжаларга көбүрөөк көңүл бурушат. Изилдөөлөрдүн биринде уялчаак адамды Вуди Аллендин каарманы Леонард Зелигге салыштырышкан: «Коопсуздукта болуу, бирок сүйүктүү да болуу» – бул өзүнөн дайыма күмөн санаган уялчаак каармандын каалоосу. 

Застенчивость: кто виноват и что делать?, изображение №3

Класстын алдында презентация жасашым керек, бирок уялчаактыгымдан арыла албай жатам

Психологдор эл алдында сүйлөөдөн коркуу көйгөйү менен күрөшкөн адамдардын маселеси - алар өздөрүнө өтө жогорку талаптарды коюп алышат деп эсептешет. Тартына берген окуучу презентация жасоо же тарых сабагынан тапшырма айтып берүү керек болсо, “чаташып кетем, же аңгемени жандуу айтып бере албай, кызыксыз болуп калат” деп кооптоно берет.

Эгер бирөөнүн жакын арада эл алдына чыгып сүйлөй турганы белгилүү болсо , анда көпчүлүктүн сынынан коркпоо үчүн, биринчиден, үнүн катуу чыгарып, атүгүл күзгүнүн алдында репетиция кылса болот. Бул ага бир аз болсо да өзүнө болгон ишенимин арттырат.

 Мындан тышкары, психологдор көндүм кырдаалга жаңыча көз караш менен карап, сценарийди өзгөртүп көрүүгө  кеңеш беришет. Бул үчүн адам өзүнө кайрылып, ал үчүн чечилгис жана коркунучтуу маселе эмне экенин өзүнөн сурашы керек: кызыксыз болуп көрүнүүбү, айтар сөзүн унутуп калуубу, же эч нерсе айта албай калуудан коркуубу? Адам өзүнүн тынчсыздануусу жөнүндө канчалык көп билсе, аны менен күрөшүү ошончолук жеңил болот.

Экинчиден, эл алдында чыгып сүйлөө учурунда демигип калбаш үчүн аз-маз тыныгып сүйлөө керек болот. Капысынан адам алдын- ала даярдалган сөздөн алыстап кетсе, анда кынтыксыз сүйлөй албай калдым деп тынчсызданбашы кажет.

Өзүнө ишенген классташтарыңдын презентациясын да идеалдуу деп айтууга мүмкүн эмес. Өзүңдү аракетиң, эр жүрөктүгүң жана чечкиндүүлүгүң үчүн мактоо маанилүү, мунун баары кийинкиде жеңил болорун унутпа. Өтүмү жок адамдар кыйын кырдаалдарга канчалык көп аралашса, ошончолук өзүнө болгон ишеним жогорулай баштайт.

Сүрдөөнү жеңүүгө жардам бере турган дагы бир нерсе -көңүлүңдү ичтеги уйгу-туйгу сезимдерге эмес, айланаңда болуп жаткан нерселерге буруу керек. Өзүңө дагы, ички сезимдериңе дагы эмес, аудиторияга назар буруп баштасаң, аткарууң репетицияңа канчалык дал келбей калганы жөнүндө азыраак ойлонуп каласың.

Бирок дайым эле адамдар тынчсызданууну, кыжаалат боло берүүнү өз алдынча жеңип кете алышпайт, анткени бул уялчаактыктын кесепети деле болбошу ыктымал. Кээде адамдар коомчулуктан сүрдөө симптомун (социофобия) уялчаактык менен алмаштырып алышат.

Коомчулуктан заарканган адамдар эл алдында роль аткаруу алдында гана кыжаалат болушпайт. Алар боло элек иш-чара боюнча бир нече жума же бир нече ай мурун тынчсыздана беришип, анын айынан уйкуларын жоготуп коюулары да мүмкүн. Ал эми корккон кырдаал учурунда аларда тынчсыздануунун соматикалык белгилери ачыкка чыгат: жүрөктүн тез кагышы, ынтыгуу, тердөө же титирөө. Уялчаактык менен коомчулуктан кооптонуу ортосундагы айырма кийинки макалада талкууланат.

Уялчаактык v.s коомчулуктан кооптонуу же коркуу

Адамдын коомчулуктан коркуусу, зааркануусу же социофобия бул- башкалардын көңүл буруусунан же сынга кабылуудан корко берген адамдын психикалык абалы. Социофобиядан айырмаланып, уялчаактык Эл аралык оорулардын тизмесине кирбейт

Коомчулуктан кооптонгон адамда башка адамдар менен аралашкан төмөнкүдөй жагдайларда социофобиянын симптомдору байкалат: бирөөлөр менен жаңы таанышканда, жолугушуу учурунда, маектешүүдө, класста мугалимдин суроосуна жооп берүүдө же дүкөндө кассирге кайрылуу муктаждыгы пайда болгон учурда. Башкалардын көзүнчө күнүмдүк жасалчу иштерди аткаруу, мисалы, тамак ичүү же суу ичүү да адамда тынчсызданууну жана чоң коркунучту жаратат.  Мындай адам аны башкалар урушуп, кагып же таарынтып коюшат деген сыяктуу терс натыйжаларды күтө берет

Социофобия менен жабыркаган адамдарда коркуу сезими ушунчалык күчтүү болгондуктан, бул эмоция менен күрөшүүдө өздөрүн алсыз сезишет. Жыйынтыгында, жумушка барууда, мектепте окууда, же дүкөнгө, чач тарачка баруу, бирөөлөргө телефон чалуу сыяктуу күнүмдүк иштерге тоскоолдук жаралат. 

Башкалар менен сүйлөшүү учурунда уялуу же өзүн ыңгайсыз сезүү, айрыкча жаш балдарда, сөзсүз эле социофобиянын белгилерин билдирбейт. Коомдук жерлерде адамдардын өздөрүн ыңгайлуу сезе билүүсү алардын жеке сапаттарына жана турмуштук тажрыйбасына жараша болот. Кээ бир адамдар табиятынан токтоо болушса, башкалары ачык-айрым келишет. Уялчаактык бул адамдын кулк- мүнөзү болушу мүмкүн. Бирок тартына берген адам коркуусун жеңип, бир аз эс ала турган жерде, социофоб адамды дайыма коркуу менен стресс коштоп жүрөт жана бул сезимдерден кутулуу мүмкүн эмес.

Уялуу же тартынуу менен социофобиянын негизги 3 айырмачылыгы болот: а) коркуу сезими канчалык күчтүү; б) коомдук алакадан качуунун деңгээли канча; в) күнүмдүк жашоого тийгизген кесепеттери боюнча.  

Коомчулуктан корккон адамдар алдыда боло турчу окуя жөнүндө бир нече жума бою тынчсызданышы мүмкүн. Ошондой эле, алар эрксизден же атайылап уятка калтырчу бир нерселерди айтып же жасап жиберем деп корко беришет. Мындай учурларда алар кызарып, тердеп, өтө тынчсызданып, аңкоо же одоно көрүнүшөт. Адатта бул оору менен ооруган адамдар өздөрүн ыңгайсыз абалга келтирип коем деп эсептеген жерлерден же жагдайлардан оолак качышат.

Коомдон коркунучу бар кээ бир адамдар коомдук кырдаалдарда тынчсызданууну сезишпейт, бирок эл алдында роль аткаруу учурунда катуу толкунданышат. Мисалы, спорт оюндарында, сценада музыкалык аспапта ойноо учурунда жана эл алдында бийлеп жатканда сүрдөө сезими күчөп, анын физикалык белгилери сезиле баштайт.  

Бул учурда адам кызарат, тердейт, жүрөгү тез-тезден кагып, денесин калтырак басат, башы тегеренет, ичи ооруп, жүрөгү айланышы мүмкүн, булчуңдары тырышып, аба жетпей думугат, ошондой эле башына эч нерсе кирбей калат. 

Социофобия же коомчулуктан коркуу, эреже катары, өспүрүм курак жаңы башталганда же ортолоп калганда пайда болот. Бирок бул илдеттин белгилери кээде жаш балдарда же чоңдордо да байкалышы мүмкүн. Бул диагнозду адистер аныкташат, психотерапиянын же дарынын жардамы менен, болбосо эки багытта чогуу дарылашат.

Адамдын эң жаман сынчысы – бул өзү, же эл эмне дейт деп тынчсызданууну кантип токтотуу керек? 

Ал эми уялчаактык тууралуу сөз кылсак, адам өзү жөнүндө кандай ойлонсо, анын ойлорунун уялчаактыгына тийгизген таасири ошончолук чоң. Өзүнө болгон ишенимди төмөндөткөн жана социалдык коркунучту күчөткөн пикирлердин эң көп тараган түрлөрү төмөнкүлөр:

  • өзүнүн өзгөлөргө окшобогонуна, өзгөчөлүгү жоктугуна жана кызыктай инсан экенине ишенүү;
  • башка адамдар кандай жагдай болбосун (сахнага чыгуу болобу, же нан сатып алып жатканда деле), сөзсүз түрдө сын тагып жана сөз кылышат деген ишеним;
  • башкалар кичине катасы үчүн аны жеришет же сынга алышат деген ишеним;
  • коомчулуктан четке бөлүнүп калуу - жашоонун бүткөнү деген ишеним;
  • башкалардын ал жөнүндө пикири кандай болсо, адамдын бедели ошого жараша болот деген ишеним.

Эгерде адам ушундай ишенимдер менен жашаса, анда ар бир социалдык жагдайлар ал үчүн коркунучтуу көрүнүштөр экендиги таң калыштуу эмес. Бирок чындыгында адамдар ортосунда түзүлгөн мамилелер дайыма бир калыпта ысык, же бир калыпта муздак боло бербейт. Башкалар кандай карап койду жана алар эмне деп ойлоп калды  деп тынчсызданбоо үчүн психологдор төмөнкү нерселерди түшүнүү керектигин айтышат:

Биринчиден, адамдар башкалар жөнүндө көп ойлонушпайт — ойлосо да уялчаак адам ойлогондой деңгээлде эмес. Көпчүлүк адамдар өз турмушу жана түйшүктөрү менен алек. Уялчаак адам өзүн жана өзүнүн социалдык көйгөйлөрүн ойлогондой эле, башка адамдар да өз тирилигинин камын көрүшөт.

Экинчиден, көп адамдар адаттан тыш жагдайларда толкунданышып, өздөрүн ыңгайсыз сезишип, тынчы кетип баштайт. Адам уялчаак болгондо, ага айланасындагылар өзүнө ишенген экстраверт адамдардай сезилиши мүмкүн. Бирок мындай адамдар өтө сейрек кездешет. Жөн гана кээ бир адамдар уялчаак адамдардан айырмаланып, күмөн санаган ишенимсиз абалын бир аз жакшыраак жашыра алышат. Уялчаак адам менен маектеше баштаган жаңы классташы деле ал жөнүндө кандай ойдо калды деп кабатырланышы мүмкүн.

Үчүнчүдөн, адамдар биз ойлогондон алда канча сабырдуу келишет. Уялчаак адамдын пикиринде, эл алдында уят нерсе кылуу же айтуунун өзү коркунучтуу, ар бир адам мындай кадамды айыптайт деп ишенет. Чындыгында, адамдар бир адамдын болбогон калпыс иши үчүн ага каршы олуттуу агрессивдүү аракеттерди жасашы күмөн - мисалы, уялчаак адам классташтарынын бири менен таанышуу учурунда обу жок тамаша айтып койсо, аны бүт класс жектеп ийбейт. Ар бир адам мындай окуяны башынан өткөргөн, андыктан көпчүлүк ага көңүл деле бурбайт.

Адам анын ар бир кыймылын, сөзүн, ишин башкалар изилдебей турганын түшүнсө, адамдар менен баарлашуусу жеңилдейт. Бирок бул маселенин бир гана бөлүгү, анткени адамдын эң жаман сынчысы – өзү. Бир түн ичинде өзүңдү кабыл алууну үйрөнүү мүмкүн эмес - бул узак жана терең эмгекти талап кылат. Психологдор өзүңдү өзүң сынга ала бербөө үчүн айрым кеңештерин сунушташат.

Мисалы, башкаларга жагуу үчүн периште болуунун кереги жоктугун түшүнүү маанилүү. Чынында, биз кемчиликтерибиз жана өзгөчөлүктөрүбүз менен башкаларга жагып, ал эми алсыз жагыбыз кээ бирөөлөр менен бириктириши мүмкүн. Адамдар бири-бири менен өздөрүнүн аялуу жактары жөнүндө чындыкты жашырбай ачык сүйлөшкөндө - бул аларды жакындатат. Ошондой эле ката кетирүү - кадыресе көрүнүш экенин түшүнүү да өтө маанилүү.

Ар бир адам ката кетирет, бул адам болуунун бир бөлүгү. Адамдын баалуулугу анын кемчиликсиз болуусунда эмес. Эгерде өзүңө-өзүң жан тартуу кыйын болуп жатса, анда психологдор өз катаңды досуңдун катасы катары карап көрүүгө кеңеш беришет – жакын досуңдун кетирген катасы үчүн ага эмне айтат элең?

Тартынчаак мүнөз менен чоочун адамдарга кантип сүйлөп, кантип дос күтсө болот? 

Кээ бир адамдар тубаса таанышуу жөндөмү бардай эле башкалар менен оңой эле таанышып алышат. Бирок биз башка адамдар менен баарлашууну өмүр бою үйрөнүп жашайбыз, кээ бирөөлөр үчүн бул жеңил нерсе, ал эми башкалар үчүн - мисалы, уялчаак адамдарга бул бир аз кыйыныраак болот.

Жаңы таанышкан адам менен баарлашууда эң кыйын нерсе - бул сүйлөшүүнү баштоо. Психологдор бейтааныш кишиге жакындап, сүйлөшүүнү баштоо үчүн алдын- ала даярданууга кеңеш беришет. Адам эмне деп сүйлөөнү билсе, ага бирөөгө кайрылуу ошончолук оңой болот. Сүйлөшүүнү төмөнкүдөй баштоого болот: "Салам, менин атым Сагын, биз бир мектепте окуйт окшойбуз!" Же комплимент айтуу  менен: "Бул күрмө сага абдан жарашат экен!"  Ал эми кечеде - музыка же тамак жөнүндө сөз кылса болот. 

Маек улансын десең, анда аны суроо менен баштоо керек, анткени көпчүлүк адамдар өздөрү жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. “Ооба” жана “жок” деген эки гана жооп албагыдай ачык суроолорду берген жакшы. Жабык суроонун ордуна: “ким, кайда, качан, эмне, эмне үчүн же кантип” деген сөздөр менен башталган суроолорду берүү керек. Мисалы, “Бул жерде кимди билесиң?”, “Дем алыш күндөрү кайда барасың?”, “Жаңы мектепке качан которулуп келдиң?”, “Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?”, “Эмне үчүн эттен баш тарттың?", "Сага кандай музыка жагат?” Мындан тышкары, экөөңөрдүн кээ бир окшоштуктарыңарды белгилеп кетсең болот: «Мен дагы сериалдарды жакшы көрөм! Эң жакшы көргөн сериалың кайсы?”

Биринчи жолукканда саясат жана дин сыяктуу курч темалардан оолак болуп, кино, мектеп, саякат, китептер жана комикстер, же айлана-чөйрө сыяктуу нейтралдуу нерселер жөнүндө сүйлөшүү туура болот.

Башкаларды тыңдай билүү жөндөм боюнча дагы бир кеңеш. Психологдор уялчаак адамдардын күчтүүлүгү - башка адамдын айткандарын кунт коюп угуу жөндөмүндө деп эсептешет. Бирок кээде толкундангандыктан, адамдар маектешинин сөзүнө көңүл бурбай, кийинки айтчу сөзүн ичинен даярдап башташат. Баарлашуу өз ара кызыктуу жана эффективдүү болушу үчүн маектешинин айткандарына көңүл буруу жана анын айтып жаткан окуясына кызыгуусун арттыруу кажет. Сүйлөп жаткан адамды угуп жатканыңды көрсөтүү үчүн, маал-маалы менен жылмайып, башыңды ийкеп, "анан?", "ай-ий!" деген репликалар менен коштоп туруу керек.

Бирок баарлашуу дайыма эле ойдогудай жүрбөшү мүмкүн, андыктан башка адам сени менен таанышууга кызыкдар эмес жана баш тарта турган болсо, мындай акыбалга даяр болушуң керек. Сунушуң четке кагылса, албетте, бул жагымсыз, бирок бул жашоонун кадыресе көрүнүшү экенин эстен чыгарбоо зарыл. Сен кайрылган адамдардын баары эле достошмок түгүл, сүйлөшүүгө дагы  даяр эмес болушу мүмкүн.

Психологдор ийгиликсиз аяктаган коомдук алакаларды кадыресе кабыл алуу үчүн, биринчиден, жүрөккө жакын албоону сунушташат. Анткени ал адам оор күн кечирип жатышы мүмкүн, балким башка көйгөйлөрү бар чыгар, же жөн эле сүйлөшө турган маанайы жок болушу мүмкүн. Сага сүйлөшүүдөн баш тартылса, сенин гана эмес башкалардын деле сунуштары кабыл алынбай каларын эстен чыгарбоо керек.

Экинчиден, кырдаалды келер чактагы көз караш менен кароо маанилүү. Башка бирөөнүн пикири адамдын жеке сапаттарын аныктабайт, бирөө сени менен баарлашуудан баш тартса, мындан ары сен эч кимге кызык эмессиң  дегенди билдирбейт. Дайыма аракет кылуу жана тажрыйбадан сабак алуу маанилүү.

Үчүнчүдөн, кетирген каталарың жөнүндө ойлонбо. Адам өкүнгөнүн башкага айткан күндө да, экинчиси ал жөнүндө эстеп калышы күмөн. Өзүңө жаңылыштык кетирүү мүмкүнчүлүгүн бер, өзүңдү чектебе жана эч ким менен достошо албайм деп айтпа. Эң уялчаак адамдар деле белгисиз номерге акыры жооп берүүгө күчү жетет, дос күтүшөт, ал гана эмес мектептин алдында сахнага чыгып концерт коюуга да жетишет. Тажрыйба жана андан алган сабактар адамдарга уялчаактык менен күрөшүүгө жардам берет.


Булак:

https://link.springer.com/book/10.1007/978-1-4899-0525-3

https://kidshealth.org/en/teens/shyness.html

https://www.apa.org/topics/shyness#:~:text=Shyness%20is%20the%20tendency%20to,encounters%2C%20especially%20with%20unfamiliar%20people.

https://www.sciencedirect.com/science/article/pii/B9780123970459002226

https://link.springer.com/chapter/10.1007/978-1-4899-0525-3_9

Shyness. Perspectives on Research and Treatment, Editors: Jones, Warren H., Cheek, Jonathan M., Briggs, Stephen R. (Eds.). Глава 15 Shyness and Self-Presentation

https://link.springer.com/book/10.1007/978-1-4899-0525-3#about

https://www.bbc.com/future/article/20190604-the-science-behind-why-some-of-us-are-shy

https://kidshealth.org/en/teens/shy-tips.html?WT.ac=t-ra

https://www.nimh.nih.gov/health/publications/social-anxiety-disorder-more-than-just-shyness/index.shtml

https://www.ncbi.nlm.nih.gov/books/NBK327674/#

https://infocenter.nimh.nih.gov/pubstatic/19-MH-8083/19-MH-8083.pdf

https://www.mayoclinic.org/diseases-conditions/social-anxiety-disorder/symptoms-causes/syc-20353561

https://link.springer.com/book/10.1007/978-1-4899-0525-3

https://www.helpguide.org/articles/relationships-communication/dealing-with-loneliness-and-shyness.htm