Тамактануу адаттарынын бузулушун (ТАБ) сергек жашоо образынан кантип айырмалоого болот? Эмоциялар менен тамактануунун ортосунда кандай байланыш бар? Буллимия тамак ичүү тартибинин бузулушуна алып келиши мүмкүнбү? Россияда бул теманы чагылдыруу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө? Биз бул маселелерди тамактануу адаттарынын бузулушуна кабылган адамдардын жеке окуяларына жана психологдордун пикирлерине таянуу менен талдоо жүргүзөбүз.
1-окуя. Аноним, 21 жашта
Эсимден чыкпаса, менде тамактануу боюнча олуттуу көйгөйлөр 2016-жылы пайда боло баштаган. Менин диагнозум цибофобия. Ал коомчулук арасында анорексия же буллимия сыяктуу кеңири белгилүү эмес. Бул оору кармаган учурда тамагыман такыр эч нерсе өтпөй калат. Анткени тамактын даамы сезилбейт, же потенциалдуу даамдуу нерсени карап, анын баары пластик же кебез сыяктуудай элестей берет. Денедеги чайнап-жутуу жана сиңирүү көндүмдөрү иштебей калгандай сезим боло бергендиктен, көңүлүмө эч нерсе чаппайт. Кээде бир нече күн катарынан тамак иче албай калам, ачкалыктан эсимди жоготуп кулаганга чейин барам. Ал эми тамак ичүү тууралуу ойлор ичиме кадимкидей дүрбөлөң түшүрөт.
Өспүрүм кезимде мага бул адаттарымды жөн эле эркелик деп айтышчу... “Тамактан ырахат алса болот” деген ойдон мен кадимкидей жийиркенчүмүн, ал эми жакындарым ырахаттануу менен тамактанып жатышканда, аларды көрүп мен уялчумун. Мендеги мындай жүрүм-турум биздин үй-бүлөлүк мамилебизге да таасирин тийгизди.
2019-жылы мен психотерапевтке тамактануунун бузулушуна байланышпаган себеп менен баргам, ал мени психиатрга жиберди. Мени депрессиядан дарылап башташты, дарылануу учурунда менде тамактануу фобиясы бар экени да ачык болду.
Ойлонуп отуруп анын себебин таптым: окуучулук жылдарымда ата-энем менен болгон уруш-талаштар дайыма ашканада өтчү. Ошондуктан, мен бул жерди жалаң стресс менен байланыштыра баштадым. Мындан тышкары, апам дасторконго отурар замат мага жумуштарды тапшырып баштачу. Мени ары-бери жумшай беришкендиктен, жай отуруп тамак жей алчу эмесмин. Мындан сырткары мен “шалаакы” жана “маданиятсыз” тамактанып жатканым үчүн көп уруш укчумун, ушул себептен туура эмес иш кылып алуудан аябай коркчумун.
Учурда абалым салыштырмалуу жакшырды - мен бир нече жума бою көйгөй жок жүрө алам, бирок стресстик кырдаалдарда оорунун белгилери кайра кайтып келет. Жалпысынан алганда, психикадагы жана тамактануудагы маселелер боюнча дароо адиске кайрылган жакшы. Эгерде сиз тамактанууда кандайдыр-бир кыйынчылыктарды байкасаңыз, анда кечиктирбестен, психотерапевтке барганыңыз оң - дарыгерге барып көрүнүүдөн абалыңыз начарлап кетпейт.
Кеңеш берүүчү- психолог Полина Шорохованын комментарийи
Тамактануу адаттарынын бузулуусу - бул жөн гана анорексия же буллимия эмес. ТАБ дартынын дагы башка көптөгөн түрлөрү белгилүү, алар Бүткүл Дүйнөлүк оорулардын тизмесинде камтылган: патологиялык (компульсивдүү) ашыкча тамактануу - тамак-ашты колдонуу боюнча көзөмөлдү жоготуу; парарексия - жегенге болбой турган нерселерди азык катары колдонуу; ылгап-чектеп тамак-аш керектөө; патологиялык чайноо жана түкүрүү. Ошондой эле, так классификациясы жок, же оорулардын тизмесине киргизиле элек, бирок медициналык коомчулукта талкууланып жаткан бул оорунун башка түрлөрү да бар. Мисалы, орторексия – “туура” жана “ден-соолукка пайдалуу” гана тамак-ашка басым жасап, бул жашоо образына ашкере берилүү.