Сексуалдык макулдук

Макулдук маселеси акыркы  жылдардын ичинде Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө коомдук талкуунун алдыңкы сабына коюлду. Сексуалдык зомбулуктун резонанстуу окуялары жөнүндө көптөгөн билдирүүлөрдөн кийин бир нерсе айкын болуп калды: бизге тез арада көбүрөөк макулдук жөнүндө талкуу жана билим берүү керек.

Макулдук деген эмне?

Сексуалдык макулдук - бул сексуалдык аракетке катышууга макулдук. Кимдир бирөө менен жыныстык катнашка барардан мурун, өнөктөшүңөр силер менен жыныстык катнашта болгусу келеби же жокпу, тактоо керек. Процесс учурунда эмне кылууну каалап каалабай жатканыңар тууралуу дагы чынчыл болуу маанилүү.

  • Макулдукту түшүнүүдө ар кандай көз караштарга орун жок.
  • Баңгизат же спирт ичимдиктерин колдонгон адамдар макулдугун бере алышпайт.
  • Эгерде бардык катышуучулар ачык, ыктыярдуу, ырааттуу жана үзгүлтүксүз макулдук бербесе, бул сексуалдык зомбулук болуп саналат.
  • Макулдукка келгенде бүдөмүк же божомолдорго орун жок.
  • Мурда сексуалдык байланышы болгон адамдар үчүн да эрежелер өзгөрбөйт .
  • Макулдугу жок секс  - зордуктоо болуп саналат.


Макулдук - бул катышуучулардын ортосундагы ыктыярдуу, ачык-айкын, каалоо менен коштолгон сексуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн макулдашуу. Макулдук aйкын жана түшүнүктүү, эң жакшысы оозеки, үн чыгарып айтылышы керек.

  • Унчукпоо - макулдук эмес. Эч качан макулдук бар деп ойлобо -  соссуз түшүнүктүү суроо берип, макулдукту ал.
  • Жыныстык катнаштын ар бир этабында ар бир аракетке уруксатың болушу керек. Макулдукту каалаган убакта алып салса болорун белгилей кетүү маанилүү - баары бир адамдар өз оюн өзгөртүшөт!
  • Сексуалдык активдүүлүктүн ар бир катышуучусу өз макулдугун берүүгө жөндөмдүү болушу керек. Эгер кимдир бирөө өтө мас же баңгизат колдонгон болсо, же ойгонбосо же толук ойгонбосо, алар макулдук бере албайт.
  • Башка адамдын макулдук бере алгыдай алсыз экенин түшүнбөө "мас секс" эмес. Бул сексуалдык зомбулук.
  • Макулдук эркин жана каалоо менен берилиши керек. Кимдир-бирөөнүн жыныстык катнашка баруусун кайра-кайра суранып, акыры ооба деп айтуусуна жеткирүү -  макулдук эмес, бул мажбурлоо.
  • Макулдук ар бир адам үчүн, анын ичинде никеси бар же никедеги адамдар үчүн да талап кылынат. Эч ким каалабаган нерсени кылууга милдеттүү эмес жана мамиледе болуу адамды сексуалдык ишмердүүлүктүн кандайдыр бир түрү менен алектенүүгө милдеттендирбейт.
  • Макулдуксуз сексуалдык аракеттин ар кандай түрү, анын ичинде тийүү, эркелетүү, өбүшүү жана жыныстык катнаш сексуалдык зомбулуктун бир түрү жана кылмыш катары каралышы мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү.



Макулдукту кантип сурайбыз?

Жыныстык катнашка барардан мурун макулдук суроо абдан маанилүү. Каалаган нерсең жөнүндө ачык сүйлөшүү жана жеке чектерди белгилөө - бул ар мамиледе маанилүү.

Дени сак сексуалдык жолугушууда эки тарап тең коркпостон, өз муктаждыктарын айтууга ыңгайлуу болушу керек. Эгер сен жыныстык катнашты баштап жатсаң жана партнеруң кандайдыр бир сексуалдык активдүүлүктөн баш тартканда, сен ачууланып, капаланып же талап кылсаң, бул туура эмес.

Коркунучтан, күнөөлүүлүктөн же кысымдан улам пайда болгон сексуалдык же сексуалдык эмес иш - бул мажбурлоо жана бул сексуалдык зомбулуктун бир түрү кирет. Эгер сен сексуалдык активдүүлүк менен алектенип жатсаң жана ал адам андан ары баруудан баш тартса же олку-солку болуп көрүнсө, бир азга токтоп, алардан бул ишти аткаруу ыгайлуубу же тыныгууну каалайбы деп сура.

Сен аларга 100 пайыз ыңгайсыз эч нерсе кылгың келбей турганын жана күтүү  же башка нерсе жасоонун эч кандай зыяны жок экенин билдир.

Кандайдыр бир сексуалдык катнашты баштаган адамдын партнерунун өзүн өзү ыңгайлуу жана коопсуз сезишине милдетүү.

Макулдук суроо жалпы маанайды өлтүрөт деп чочулашың мүмкүн, бирок альтернатива - макулдук сурабоо жана кимдир-бирөөгө сексуалдык зомбулук көрсөтүү - кабыл алынгыс нерсе.

Макулдук зарыл жана олуттуу, бирок бул кандайдыр бир документтерге кол коюуну билдирбейт! Жалпысынан ызы-чуу эмес макулдук суроонун жолдору бар.

Мындан тышкары, эгер сен партнеруң менен жакындашкың келсе, анда сен экөөң каалаган жана керек болгон нерселер жөнүндө ачык сүйлөшүү - эң сонун жана сексуалдуу нерсе!

Макулдук суроонун жолдору:

Сен дароо эле сөзгө келип, сурасаң болот:

Мен сени өпсөм болобу?

Муну чечсем болобу? Булардычы?

Сен сүйүшүүнү каалайсыңбы? Бүгүн секс кыоганга маанайың барбы?

Мен [ бул жерди толтур ] кылсам болобу?


Сен ошондой эле секс жана чек аралар тууралуу ачык баарлашууну алдын ала оюн катары колдонсоң болот:

Мага [ бул жерди толтур ]  жагат, муну кылгың келеби?

[ бул жерди толтур ]  кылганда абдан жакшы сезилет, муну кылгың келеби?

Кийимиңди чечсем болобу?

Мен сени ушул жерден өпсөм болобу?


Же баштаган болсоңор:

Муну кылганым сага жагып жатабы?

Менин улантышымды каалайсыңбы?

Канчалыкка барууга ыңгайлуусуң?


Макулдук үзгүлтүксүз болушу керек экенин унутпа. Кандай болгондо да, кийинки деңгээлге өтүүдөн мурун өнөктөшүң макулдугун бериши керек дегенди билдирет.

Ага ыңгайлуубу, каалайбы жана уланткысы келеби деп суроо берүү маанилүү, андыктан баарлашууну улантып, жөн гана божомолдорду жасаба.

Сексуалдык катнаштын каалаган этабында өнөктөшүң же сен сексти токтотушуңар мүмкүн экенин дагы унутпа.

Алкоголь жана башка заттарды таасиринин астында макулдук

Заттардын таасиринин астында макулдук берүү - бул татаал тема. Эгерде тараптар ичкен болсо, макулдук берүү мүмкүн эмес деп айтуу реалдуу эмес (жана юридикалык жактан так эмес). Көптөгөн адамдар ичикен чакта деле макул болууга жетиштүү ырааттуу бойдон калууда.

Бирок, изилдөөлөр ашыкча спирт ичимдиктерин ичүү менен сексуалдык зордуктоо коркунучунун ортосунда түз байланыш бар экенин көрсөтүп турат. Сексуалдык зомбулуктун жарымына жакыны кылмышкердин, зомбулукка кабылган адамдын же экөөнүн тең спирт ичимдиктерин ичүүсүн камтыйт.

Сексуалдык зомбулук, алкоголдук ичимдиктерди ичкен чакта да, эч качан жабырлануучунун күнөөсү эмес. Эгер сен жана башкалар алкоголдун таасиринин астында болсоң, жыныстык катнашка барууга  макулдугуң бар-жогун баалоонун тобокелдиктерин түшүнүшүң керек.

Эгерде тараптардын бири болсо да баңгизаттын же алкоголдук ичимдиктердин таасиринин астында болсо, анда өз чектериңди билдирүү жана өнөктөшүңдүн чектерине өзгөчө сезимталдык менен мамиле кылуу андан да маанилүү.


Бул жерде кээ бир жакшы көрсөтмөлөр бар:

  • Эгер жыныстык катнашты баштап жатсаң, макулдук алуу үчүн сен жооптуусуң. Эгерде кандайдыр бир адам заттардын таасири астында болсо, макулдуктун аныктамасы мурдагыдай эле маанилүү.
  • Эгер кимдир бирөө мүдүрүлүп же бир нерсеге таянбай туруп тура албаса, сөзүн бурмалап, уктап кетсе же кусуп калса, ал жөндөмсүз жана макул боло албайт.
  • Эгерде кимдир-бирөө жогоруда айтылган белгилердин бирин да көрсөтпөсө, бирок сен анын ичимдик  ичип же баңги затын колдонгонун билсең, мындай суроо бер: "Сен жыныстык катнашка байланыштуу чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү эсиңдебисиң?" Өнөктөшүңдүн буга жооп катары эмне деп айтканына карабастан, СЕН алар жетиштүү деңгээлде так эмес деп ойлосоң, анда токтот.

Макулдук  кандай угулат жана көрүнөт?

Башка адам эч кандай кысымга алынбастан “ооба” деп ачык айтканда жана сага бир нерсе кылууга уруксат бергенде, макул экениңди билесиң.

Бул жерде макулдук кандай болоруна мисалдар келтирилген:

  • Ар бир адам жыныстык катнашка макул болгондон кийин шыктануу менен сексуалдык активдүүлүк менен алектенет.
  • Секстинг, кошуулу же ишенимдүү мамиледе болгон учурда деле ар бир кадамда үзгүлтүксүз байланышта болуу маанилүү.
  • Башка адам жок дегениби же башка нерседен күмөн санаганда аны урматтоо менен кабыл алуу маанилүү. Бул секстинг учурунда сүрөттөрдү жөнөтүүдөн баштап, сексуалдык активдүүлүккө чейин кирет.
  • Башка адам негизделген чечимдерди кабыл алууга эс-тутуму жарайт болбосо мас же аракетке жөндөмсүз, же мажбурланган эмес. Макулдук эркин жана ачык-айкын көрсөтүлүшү керек.
  • "Жок" дегендин жоктугу "ооба" дегенди билдирбейт. Ошол эле "балким", унчукпоо же жооп бербөө үчүн да тиешелүү.


Кайсы убакта сенде башка бирөөнүн макулдугу жок, эгерде:

  • Өнөктөшүң уктап же эсин жоготуп койсо;
  • Кимдир бирөөнү бир нерсеге мажбурлоо үчүн коркутуулар колдонулса;
  • Өнөктөшүң баңгизат же алкоголдук ичимдиктердин таасиринде болсо
  • Мугалим же иш берүүчү сыяктуу ыйгарым укуктарды же ишенимди колдонгон болсоң; 
  • Мурунку берилген макулдук убакыт өткөндөн кийин макулдук катары эсептелбейт;
  • Сен өнөктөшүңдүн каалоолорун же вербалдык эмес сигналдарды четке каксаң, баш тартуу же түртүү сыяктуу;
  • Сенде бир жыныстык акт үчүн макулдугуң бар, бирок башкасына/кийинкисине эмес;
  • Сен өнөктөшүңдү кысымга алып, ооба деттирсең.

Вербалдык жана вербалдык эмес сигналдар

Адамдар сөз (вербалдык) жана жест, мимика (вербалдык эмес) колдонуу менен баарлашышат. Кээ бир адамдар бул каналдардын бирин экинчисине артык көрөт. Бул макулдукка келгенде кандайдыр бир баш аламандыктарды жаратышы мүмкүн.

Вербалдык сигналдар - бул адам каалаганын же каалабаганын билдирүү үчүн сөздөрдү колдонсо, ал эми бейвербалдык сигналдар дене тили, интонация, мимика ж.б. иш-аракеттери менен берилет.

Оозеки макулдугун көрсөткөн сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын мисалдары:

  • Ооба
  • Мен каалайм
  • Токтобо
  • Улант
  • Мени өп

Макулдуктун жоктугун көрсөткөн сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын кээ бир мисалдары:

  • Жок
  • Токто
  • Мен каалабайм
  • Билбейм
  • Бул мени ыңгайсыз кылат
  • Мен мындан ары муну кылгым келбейт
  • Бул туура эмес сезилет
  • Балким күтүшүбүз керек
  • Теманы өзгөртүү

Бир адам иш-аракеттери жана дене тили менен макул эместигин билдириши мүмкүн. Бул макулдук жок экенин көрсөткөн мүмкүн болгон бейвербалдык сигналдар:

  • Түртүү
  • Колун тартып алуу
  • Көзгө карабоо
  • Башын чайкашы 
  • Унчукпоо
  • Жооп бербөө - кыймылсыз эле жатып алуу
  • Ыйлоо
  • Коркуп же кайгылуу караганы
  • Өз кийимдерин чечпегени

Эгер адам вербалдык эмес сигналдарды берип жаткандай сезилип жатса, улантуудан мурун оозеки макулдугун ал. Ишенимдүү жана так жооп ал, андан жакшысы токтоп, чынында каалап каалабаганыңарды сүйлөшкүлө.

Кээде адамдар сексуалдык акт учурунда макул болгондугу үчүн ЭМЕС, өзүнө  зыян келтирүүдөн коркуп же болбосо анын бүтүшүн каалагандыктан унчукпай калышат. 

Сексуалдык зомбулукту түшүнүү

Сексуалдык зомбулуктун аныктамасы булакка жараша дайыма эле так боло бербейт.

Сексуалдык зомбулук – адамдын эркине каршы жыныстык катнашка барууга мажбурлоочу каалоосуз сексуалдык, физикалык, оозеки же визуалдык аракеттердин ар кандай түрү. Сексуалдык зомбулуктун ар кандай түрлөрү бар. Кээбир мисалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Зордуктоо;
  • Ыдык;
  • Кийимдин астынан же үстүнөн керексиз тийүү;
  • Макулдуксуз жылаңачтануу же жылаңач сүрөттөрүн көрсөтүү;
  • Бирөөнү сексуалдык сүрөткө же видеого тартууга мажбурлоо;
  • Макулдуксуз жылаңач сүрөттөрдү бөлүшүү (алар сага макулдугу менен берилген болсо да).

Сен сексуалдык зомбулукка кабылган болсоң, эмне кылуу керек

Эгер сен сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган болсоң, кайда кайрылууну же кандай кадамдарды жасоону билүү кыйын болушу мүмкүн. Сен жалгыз эмес экениңди жана сен менен болгон окуя сенин күнөөң эмес экенин билип ал.

  • Эгер сен коркунучта болсоң же жаракат алсаң, 103 номуруна чал.
  • Ишенген адамыңа кайрыл. Сен муну жалгыз өтүшүң керек эмес.
  • Сексуалдык зомбулук тууралуу билдирүү үчүн кризистик борборлорго кайрыл.
  • Эгер зордукталган болсоң, дароо ооруканага барып зордуктоо фактын медициналык жактан күбөлөндүр.
  • Кеңеш жана жардам алуу үчүн жергиликтүү кризистик борборлоруна кайрыл.