Санарип гигиенасы

Бул эмне жана ал эмне үчүн керек?

Ар бир адам дененин гигиенасын сактоонун маанилүүлүгүн билет. Ошол эле учурда санариптик мейкиндиктин тазалыгын көзөмөлдөө зарылчылыгы жөнүндө дайыма эле ойлоно бербейт.

Онлайн чөйрөдө жана гаджеттерди колдонууда жүрүм-турумдун пайдалуу адаттары санариптик гигиена деп аталат.

App Annie мобилдик колдонмонун аналитикалык агенттигинин маалыматы боюнча, индонезиялыктар 2021-жылы смартфондорунда күнүнө 5,5 саат өткөрүшкөн (Android түзмөктөрү гана). Маалымат колдонуучулардын тиркемелери боюнча статистиканы автоматтык түрдө эсептеп турган жасалма интеллект тарабынан чогултулган.

Эгер сен гаджетиң менен өткөргөн убакытты так билгиң келсе, бул маалыматты атайын трекер тиркемелери аркылуу алсаң болот же аппараттын жөндөөлөрүнөн таба аласың.

5,5 саат сутканын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Бул убакыттын ичинде ар бир адам чоң көлөмдөгү маалыматты иштеп чыгат: сүйкүмдүү мышыктар тартылган видеолордон, ЖМКдагы жана социалдык тармактардагы жаңылыктар ленталарынан тартып, чаттардагы, электрондук почтадагы же электрондук блокноттогу иштөө жана окуу тапшырмаларына чейин.

Бул жерде биринчи көйгөй: өтө көп маалыматтын жүктөлүшү. Бул жүктөлгөн маалыматтын көлөмү биздин психикабыз үчүн абдан көп болуп калган абал. Ашык маалыматтан адам алаксыйт, чечим кабыл алуу кыйындайт, чарчоо жана алсыздык пайда болот.

Биздин когнитивдик системаларыбыз (мисалы, көңүл буруу жана эс тутум системалары) чектелген көлөмдөгү маалыматты иштетүүгө жөндөмдүү. Жана иштетүү үчүн өтө көп маалымат болгондо, система мындан ары туруштук бере албайт. Эгерде компьютерде мындай көйгөйдү чечүү үчүн "ctrl + alt + del" баскычтарын басып, диспетчерди ачып, тапшырманы бүтүрсөңүз болсо, адамдын мээси менен бул оңой иштебейт.

Гаджеттердин биздин жашообузга жана башкалар менен болгон мамилебизге дагы бир жагымсыз таасири – бул фаббинг (англис тилинен – phone – “телефон” жана snubbing – “кабарлоо”) – бул маектеш менен сүйлөшүп жатканда гаджетке алаксып калуу адаты. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, фаббинг романтикалык өнөктөштөрдөгү кызганыч сезимдерин пайда кылып, алардын ортосундагы байланышты алсыратат жана мамиленин канааттануусун азайтат. Адатта фаббинг оройлук, кайдыгерлик жана социалдык нормаларды бузуу катары кабыл алынат. Белгилей кетчү нерсе, бул романтикалык мамилелерге гана эмес, башка коомдук байланыштарга да терс таасирин тийгизет.

Маалымат булактарын кантип тандоо жана фильтрлөө керек?

Негизги көйгөйлөрдүн бири - ашыкча маалымат. Көптөгөн жаңылыктарды окуганда, видеолорду көргөндө, подкасттарды укканда, социалдык медиа каналдарын сыдырып, ашыкча жүктөө сөзсүз болот. Ошондой эле, туура эмес маалыматты кабыл алуу ден соолукка терс таасирин тийгизет. Ашыкча маалыматты фильтрлөө жана өзүн маалыматтык ызы-чуудан коргоого жардам бере турган сунуштардын тизмеси бар.

Фактчеккинг кылуу

Фактчекинг жана медиа сабаттуулук эң маанилүү көндүмдөрдүн бири. Ал тургай, бул көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн атайын курстар бар, мисалы, телередактор Илья Бердин "Фейкти кантип таануу керек" видео курсу.

Интернеттеги маалыматтын баары эле чындыкка дал келбейт. Кээ бир булактар ​​маалыматты атайылап өз максаттары үчүн бурмалап, фейк таратып, колдонуучуларды манипуляциялоого аракет кылышат. Ошондуктан, маалыматты өзүң текшергениң маанилүү.

Журналистикада “үч булактын эрежеси” деген эреже бар. Эгерде бир эле маалымат үч көз карандысыз булакта болсо, анда мындай маалыматка ишенсе болот. Анын үстүнө мындай булактарга бир нече талаптар коюлат: биринчиден, алар бири-бирин көчүрбөшү, бири-бирине шилтеме кылбашы керек; экинчиден, аларда көрсөтүлгөн маалыматтар ар кандай адамдардан алынышы керек.

Маалымат жөнөтмөлөрүнө (рассылка) жана жыйнактарга катталуу

Жаңылыктарды тынымсыз карап чыгуунун ордуна, атайын жыйнактарга жана почта жөнөтмөлөрүнө жазылсаң болот. Көптөгөн басылмаларда мындай опция бар. Электрондук почта дарегиңди же байланыштын башка ыкмасына шилтемени бер - жана жумасына бир жолу тема боюнча башкы жаңылыктарды же атайын жыйнактарды аласың.

Бир жагынан бул жаңылыкка болгон көз карашты бир аз бурмалайт. Анткени, аларды окуй электе эксперттер тандап алып, бир жыйнакка түзөт. Белгилүү бир жаңылыктын сен үчүн маанилүүлүгүн өз алдынча баалоо мүмкүнчүлүгү жок. Экинчи жагынан, коллекцияларды жана жөнөтүүлөрдү колдонуу жаңылыктарды окуу убактысын бир топ кыскартат жана маалыматтык ызы-чууну жок кылат.

Маалымат тыныгуу сааттарын уюштур

Күнүң кандай башталып, кантип бүтөт? Гаджетти колдонууданбы? Бул анча деле жакшы эмес жана номофобиянын (англис тилинен которгондо nomophobia, no mobile phone-fobia дегенди билдирет) белгиси - бул телефондун жакында болбогондон же аны колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенинен улам келип чыккан коркуу. Өзүңө гаджетсиз убакыт бөлүү маанилүү. Мисалы, тамактанып жатканда телефонду/планшетти/ноутбукту алыс кой.

Кечиктирип окуу көндөмү

Окугуң келген материал чындыгында сен үчүн маанилүү жана кызыктуу экенин кантип түшүнсө болот? Аны кыстармаларыңа (закладка) сактап кой. Эгер бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы эле бул материалды окугуң келсе, анда бул сага чындап керектүү нерсе.

Жоготуудан коркуу

Убактыңдын көбүн социалдык тармактарда же жаңылыктарды сыдырып отуруп өткөргөндө өзүңдү ыңгайсыз сезе баштайсың. Эмне үчүн муну токтотуу ушунчалык кыйын?

Бул белгилүү FOMO (Fear of Missing Out) деген терминге ээ болгон маанилүү жана кызыктуу нерсени өткөрүп жиберүүдөн башкарылгыс коркуудан улам келип чыгат.

Социалдык тармактарды колдонууда FOMO кандайдыр бир билимди, башка адамдардын тажрыйбасын колдон чыгарып жибергениңден улам, сени бүтүндөй курчап алган тынчсыздануу сезими катары көрсөтөт - бул билимди же тажрыйбаны өткөрүп жиберсең ал сөзсүз түрдө жашоодо пайдалуу болуп калышы мүмкүн деген сезим.

Психологиялык денгээлде, FOMO прокрастинация, чечкинсиздик сезимдери жана убакыттын жетишсиздиги катары көрүнүшү мүмкүн.

Кээде бул тынчсыздануу дене аркылуу да өзүн көрсөтөт - мисалы, дем алуу жана жүрөктүн кагышы көбөйөт. FOMO-су бар адам тынчсыздануу учурунда тырмактарын тиштеп, чачын бурушу мүмкүн.

2013-жылы "Computers in human behavior" журналында жарыяланган АКШ жана Улуу Британиянын окумуштууларынын изилдөөсү адамдын маанайы канчалык төмөн болсо, ал жашоодон  канчалык аз канааттануу алса жана анын негизги психологиялык керектөөлөрүн канааттандыруу канчалык кыйынга турса - мисалы өзүнүн компетенттүүлүк сезиминде же башка адамдар менен болгон жакындыгында - ал ошончолук көп социалдык тармактарга көп убакыт бөлүп, FOMOну башынан өткөрөт.

Пайданы көрбөй калуудан (FOMO) катуу корккон адамдар ойгонгондон кийин жана жатар алдында, ошондой эле тамактануу учурунда телефондорунда көбүрөөк отурушат. Алар окуу жайларында болгондо дагы социалдык тармактарда убакыт өткөршү мүмкүн. Бул изилдөөнүн дагы бир натыйжасы FOMO эркектерде көбүрөөк кездешет.

Өзүн-өзү тартипке салуу (гаджеттер менен убакытты аң-сезимдүү чектөө) жана негизги муктаждыктарды канааттандыруу бул коркуудан жана социалдык тармактарда ашыкча отуруудан арылууга жардам берет. Эгерде социалдык жакындык жетишсиз болсо, достор же жакын адамдар менен тез-тез жолугушуп туруу же алар менен убакыт өткөрүү. Компетентсиздик сезими каптап жатса - сен күчтүү болгон кесипти таап, ошол жерден бийиктиктерге жетүү, же сени кызыктырган кандайдыр бир тармак боюнча билимиңди өркүндөтө баштасаң - компетенттүүлүк акырындык менен топтолот,  бир нерседе компетенттүү эмес болсоң, аны үйрөнүп билип алуу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт.

Эгерде сен FOMOдан жана социалдык тармактардан өз алдынча арыла албасаң, психолог же психотерапевттин кеңеши жардам берет.

Социалдык тармактардагы жасалма образ

Кээде соцтармактардын лентасын карасаң, баары сенден жакшыраак жашап жаткандай сезилет. Сүрөттөр дагы кооз, посттор дагы көп. Бардыгы өздөрүнүн укмуштуудай жетишкендиктери менен бөлүшкөн "жылдын жыйынтыктары" өзгөчө кыжырдантат. 

Башкалардын барактарына баа берип, жаңылышуу оңой. Анткени адамдардын интернетте көрсөткөн жана жазгандарынын баары эле алардын жашоосунун толук жана объективдүү сүрөтүн көрсөтө бербейт. Кимдир-бирөө социалдык тармактарга жарыялаган укмуштуу окуяларга толгон саякатка чыгаардан мурун, көпкө чейин төшөктөн туруш үчүн күчүн чогултууга аракет кылышы мүмкүн. Лентадагы сүрөттөгү укмуштуудай сулуу кыздар жана келбеттүү эркектер идеалдуу сүрөттү түзүү үчүн фильтрлерге көп убакыт короткондур. Быйыл чет өлкөдө болуп, эс алуу күндөрүндөгү эң жаркын сүрөттөрдү бөлүшкөн адам бул сапарга бир нече жыл акча топтогон болуп чыгат. Мунун баары интернеттин экинчи тарабы.

Психологдор бул көрүнүштү “Фейсбук*-адам” (Facebook-self) деп аташкан. Бул интернет мейкиндигинде биз өзүбүз жараткан адам. Мындай образ биздин чыныгы “мен” менен дал келиши да, анын өркүндөтүлгөн варианты да болушу мүмкүн. 2015-жылы АКШ менен Израилден келген изилдөөчүлөр жалган Facebook* адамды жараткан адамдын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктоону чечишкен.

Биринчиден, мындай адамдар көбүнчө тынчсызданган же качкан мамиле куруу түрүнө ээ. Бул  бала кезинде эне менен болгон мамиленин негизинде калыптанган башка адамдар менен өз ара аракеттенүү ыкмасы. Тынчсызданган мамиле куруу түрүнө ээ адам тынымсыз эмоционалдык колдоону издейт, ал акыры эмоционалдык көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Качкан мамиле куруу түрүнө ээ адамдар болсо жакын мамиледен коркушат жана алардан качышат.

Экинчиден, “жалган адамдарды” жаратуучуларда өзүн өзү баалоо жана аутенттик төмөн болот (аутенттик - кырдаалга карабастан, өз сезимдерине, баалуулуктарына, көз караштарына ж.б. ылайык жүрүм-туруму).

Демек, социалдык тармактарды сыдырып жүрүп, бул өзгөчөлүктөрдү эске алып, интернетте тартылган сүрөттөргө караганда жашоо кеңири, татаал жана кызыктуу экенин түшүнүү керек.