Секс жана жаш курак (18+)

"Мен 10 жаштамын жана ажырашканмын": жыныстык катнаштын башталыш жаш курагы кандайча өзгөр€п келген

Адамдар жыныстык катнашты качан баштоону кантип аныкташат? Бүткүл адамзат тарыхында алар эки факторго: физиологияга жана мыйзамга таянышкан. Физиологиялык жактан “чоң” жашоонун башталышынын чеги – пубертат, же жыныстык жетилүү. Ал эми дүйнөнүн ар кайсы жеринде мыйзам ар кандай дейт: кээ бир өлкөлөрдө макулдук жашы 12 жаштан, башкаларында 16 жаштан, ал эми кайсы бир жерде 21 жаштан башталат.

Бул текстте адамдын сексуалдуулугу өмүр бою кандай өзгөрүп турганы жана бул тууралуу коом кандай ойдо болгону экени тууралуу сөз кылабыз. Келгиле, макулдуктун жашы ар кайсы убакта канча болгондугу тууралуу экенинен баштайлы (эстете кетсек: макулдук жашы бул, адам сексуалдык активдүүлүккө катышууга макулдугун бере ала турган жаш курагы болуп эсептелет).

Уруулук коомдо, кийинчерээк байыркы маданияттарда дагы бардыгы жөн эле чечилчү: сексуалдык дебюттун жашы физиология менен аныкталган. Кыздардын айызы келиши, жана эркек балдардын аласында чачтар өсө башташы керек болчу. Ошентип, байыркы Грецияда жыныстык катнаш үчүн эң ылайыктуу курак 12-14 жашта деп эсептелген. Тактап айтсак, белгиленген нормалар, эрежелер жок болгондуктан, ар кандай пикирлер айтылып келген. Мисалы, байыркы грек акыны Гесиод аялды пубертаттан 5 жыл өткөндөн кийин, башкача айтканда 17-19 жаштагы кыздардан тандоо керек деп жазган.

Убакыттын өтүшү менен нике мамлекеттик маселеге айланып, сексуалдык дебют жашы никеге турган убакка байланыштуу боло баштаган. Европада бул биздин замандын 1-кылымында болгон - Римде пайда болгон үйлөнүү салты Гай Юлий Цезардын аркасында бүт дүйнөгө тараган. Ал муну эки этаптуу процесске айландырды: биринчи кезекте үй-бүлө башчылары балдарды никеге тургузуу боюнча макулдашып, анан нике кыйылышы мүмкүн. Кийинчерээк ушул эле принцип ислам өлкөлөрүндө ишке ашты. Никелешүүнү бойго жеткенге чейин, ал тургай жети жашар балдарга деле сүйлөшүп коюуу мүмкүн болгон. Ошол эле учурда алар экинчи этапка - турмушка чыгууга - кыздын айызы келгенде киришкен.

Болжол менен Жаңы доорго чейин (16-17-кылымга чейин) биздин түшүнүгүбүздөгү балалык такыр болгон эмес экенин түшүнүү керек. Балдар өз укуктары жана милдеттери боюнча чоңдордон дээрлик айырмаланышкан эмес. Аларга өзгөчө мамиле жасалган эмес: аларды маалыматтан сактоого аракет кылышкан эмес, алар чоңдордой эле иштешкен жана алардан чоң адамдардандай эле күтүүлөр болгон. Ошондуктан көп убакыт бою 12-14 жаш курак никеге жана жыныстык катнаштын башталышына ылайыктуу деп эсептелген. Мисалы, 19-кылымдын башында Наполеондук Францияда никеге туруу үчүн мыйзамдуу жаш 13 жаш болгон.

Бул чөйрөдө олуттуу өзгөрүүлөр 19-кылымдын аягында гана болгон. Өмүрдүн узактыгы кескин өстү, адамдын жашоосунда балалык жана өспүрүмдүк мезгилдер бөлүнө баштады. Өмүрдүн узактыгы менен бирге эркектер менен аялдардын биринчи сексуалдык тажрыйбасынын жашы да өстү. Маселен, 19-кылымда Улуу Британияда 1841-жылы туулган адамдын өмүрүнүн узактыгы 43 жаш болсо, 2016-жылы 83 жаш болгон. 20-кылымдын макулдук жашы 13төн 16га чейин өскөн. Ал эми АКШда 1920-жылдары феминисттердин аракети менен нике жашы көтөрүлүп, ар кайсы штаттарда 14төн 18ге чейин өзгөрө баштаган.

Орусияда, расмий нике курагы Европага караганда ар дайым жогору болуп келген. Мисалы, Улуу Пётрдин убагында эркек 20 жашта, аял 17 жашында үйлөнсө болот.Бирок, дыйкандардын арасында нике бир топ эрте куракта түзүлчү: чиркөөнүн эрежелери боюнча эркектер 15 жашында үйлөнсө болгон, ал эми кыздар 13 жылдан кийин турмушка чыга алышкан. Екатеринанын убагында үйлөнүү үчүн балагатка жеткенин тастыктай турган медициналык текшерүүдөн өтүп, ата-энесинин жана камкорчуларынын да макулдугу керек болчу.

Бүгүнкү күндө сексуалдык макулдуктун жашы дүйнө жүзү боюнча ар кандай: 12 жаштан 21 жашка чейин. Кыргызстанда сексуалдык макулдуктун жашы 16 жаш, ал эми мамилени мыйзамдаштырууну кааласаңар 18 жашка чейин күтүшүңөр керек. Филиппин Республикасында 12 жаштан сексуалдык мамилелерди баштоо нормалдуу деп эсептелет, ал эми Бахрейн Королдугунда - 21-жыл. Ошол эле учурда, ошол эле Бахрейнде никеге туруу үчүн минималдуу жаш курак 15 жашты түзөт жана мыйзамдар андан дагы мурда никеге турган учурларды жокко чыгарбайт.

Мындай эрте турмушка чыгуулар Бахрейнде гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да кездешет, мисалы, Ооганстан, Йемен, Нигерия, Бангладеш ж.б. Макаланын бул бөлүгүнүн аты "Мен 10 жаштамын жана ажырашканмым" Дельфин Минуи менен Али Нужуддун 9 жашында турмушка чыгууга мажбурланган кыз жөнүндө жазган китебине шилтеме. Эрте жана мажбурлап никеге туруу, тилекке каршы, адамдын негизги укуктарын бузуп жатканына карабастан, дүйнөдө дагы эле кездешет. Эгерде физиологиянын көз карашы боюнча, адамдын организми формалдуу түрдө жыныстык катнаштарга эрте жашында даяр болсо да, бул адам жалпысынан аларга даяр дегенди билдирбейт. Кийинки бөлүмдө илимпоздор жыныстык катнашка даярдыгын кантип аныктаары жана ал качан пайда болоору тууралуу сөз кылабыз.

Жыныстык жашоону качан баштаса болот?

Окумуштуулардын айтымында, адамдар жыныстык жетилүүгө өз иштеринин натыйжаларын баалоо жөндөмүнө караганда эрте жетишет. Бул биздин денебиз жыныстык катнашка формалдуу түрдө пубертаттын башталышы менен даяр болсо да, бул куракта биз бул мамилелердин бардык аспектилерин жана алардын кесепеттерин эске алуу менен мындай чечим кабыл ала албайбыз дегенди билдирет. Психологиялык жактан биз буга даяр эмеспиз.

Кеп кандай аспектилер жана кесепеттер жөнүндө болуп жатат?

Биринчиден, ден соолук жөнүндө билимдин жетишсиздигинен улам, өспүрүмдөр чоңдорго караганда ЖЖЖИ (жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар) менен көп кездешет. ЖЖЖИ ар бир төртүнчү (!) сексуалдык активдүү өспүрүмдө аныкталат.

Ушул эле себептен улам өспүрүмдөр арасында пландаштырылбаган кош бойлуулуктар көп кездешет.

Экинчиден, мажбурлап жыныстык катнаш бул куракта көбүрөөк кездешет. Ошентип, сурамжылоолор көрсөткөндөй, кыз биринчи жыныстык катнашка барганда канчалык жаш болсо, жыныстык катнаш анын активдүү сексуалдык макулдугусуз же алтургай мажбурлоонун астында болгону ыктымалдуулугу жогорулайт.

Мисалы, америкалык өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумун изилдөө көрсөткөндөй, 14 жашка чейин биринчи тажрыйбага ээ болгон кыздардын 74% катнашка өз ыктыяры менен барышкан эмес. Бул көрүнүш биринчи жыныстык катнашка кирген кыздардын акылы жетпегендиктен эмес бул жөн гана адам канчалык жаш болсо, ал зордуктоо деген эмне экенин так билбегенинен же “жок” деп айтуудан коркушканынан болот.

Үчүнчү аспект - психологиялык даярдык. Адам канчалык жаш болсо, өзүнүн жана башкалардын каалоолорун таанып, дени сак мамилелерди куруу үчүн билими жана тажрыйбасы ошончолук аз болот. Кээ бир изилдөөлөргө ылайык, эрте жыныстык жашоо менталдык саламаттыгына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Мисалы, 12-17 жаштагы сексуалдык активдүү өспүрүм кыздар теңтуштарына караганда эки эсе көп депрессияга кабылышат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, активдүү сексуалдык макулдук берүү үчүн адам кеминде 16 жашта болушу керек. Кызыгы, Улуу Британиянын сексуалдык жүрүм-турум боюнча изилдөөгө ылайык, бул куракта көптөгөн адамдар биринчи жыныстык катнашка даяр эмес болгонун айтышты. Сурамжылоого катышкан 3000 адамдын ичинен жаш аялдардын 40% жана жигиттердин 26% биринчи сексуалдык тажрыйбасы "өз убагында" болгонуна ишенишкен эмес. Аларды кененирээк сурамжылаганда, көпчүлүгү күтө турушса жакшы болоорун айтышты.

Эксперттер адамдын сексуалдык жашоону баштоого даяр экендигин түшүнүү үчүн Planned Parenthood порталынын анкетасын толтурууну сунушташат:

·       Биз экөөбүз тең секс нике же башка олуттуу мамилелер үчүн гана деп ишенебизби?

·       Экөөбүз тең жыныстык катнашка барардан мурун эки адам бири-бирине ашык болушу керек деп ойлойбузбу?

·       Экөөбүз тең адам жыныстык катнашка барардан мурун белгилүү бир жашка чыгышы керек деп ойлойбузбу?

·       Экөөбүз тең каалабаган кош бойлуулукту жана жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды кантип алдын алуу керек экенин билебизби?

·       Бойго бүткөн же ЖЖЖИ жуккан учурда, экөөбүз тең анын кесепеттери менен беттешүүгө даярбызбы?

·       Экөөбүз тең мамилебиздин өзгөрө турганына даярбызбы?

Бул суроолорго туура же туура эмес жооп жок. Сексуалдык чечимдер жеке ишенимдердин жана баалуулуктардын маселеси, болгону сексуалдык жашоону баштоодон мурун аларды бир ойлонуп чыгыш керек.

Эркектерде сексуалдык активдүүлүктүн туу чокусу 18 жаштабы?

Илимий-популярдуу адабиятта мындай билдирүү көп кездешет: эркектер сексуалдык активдүүлүктүн туу чокусуна 18 жашта, ал эми аялдар 35 жашта жетет. Бул сандар кайдан пайда болгон? Алардын булагы америкалык биолог жана сексолог Альфред Кинсинин макалалары. 1940-жылдары ал адамдын сексуалдуулугу боюнча биринчи изилдөө жүргүзгөн. Ал өз сурамжылоолорунун катышуучуларына берген суроолордун бири: “Бир жумада канча оргазм аласыз?”. Жыйынтыктарды эсептеп чыкканда, эркектер эң көп оргазмды 18 жашта, ал эми аялдар 35 жашында көрүшөт экен.

Эмнеге андай? Бул жерде жаш жигиттерде кандай сексуалдык адаттар кеңири таралганы жөнүндө ойлонуу керек: 18 жашында жигиттер көбүнчө мастурбация кылышат, ошондон көп оргазм саны келип чыгып жатат. Бирок сексуалдык жашоодон канааттанууну жана анын активдүүлүгүнүн туу чокусун баалоо үчүн оргазмдардын саны жетиштүүбү? Заманбап изилдөөчүлөр андай эмес деп эсептешет.

Жыныстык жашоодон канааттануу физиологиялык өзгөчөлүктөрдөн гана эмес, социалдык жана психологиялык факторлордон да турат. Ошентип, мисалы, эркектерде, тестостерондун -сексуалдык дүүлүктүрүүнү пайда кылган гормондун, жана ошондой эле жалпысынан сексуалдык каалоонун деңгээли, адатта 20 жашта абдан жогору. Бирок, бул куракта көптөгөн эркектер тажрыйбасыздыктан тынчсыздануу сезиши мүмкүн. Бул 20 жаштагы эркектердин 8% (балким андан да көп) эректильдик дисфункцияны - эрекцияга жетише албай жатканын билдиришинин бир себеби болушу мүмкүн.

Ал эми аялдардын оргазм алуу жөндөмдүүлүгү жаш өткөн сайын жогорулайт. Көптөгөн изилдөөлөргө ылайык, аялдын 20 жашында оргазмга ээ болуу шансы 50% болсо, 30 жашында 80% болот. Мындан тышкары, кыязы, Кинси менен маектешкен аялдар туруктуу мамиледе болгон, бул сексуалдык жашоодон канааттануу үчүн бонустарды кошот. Акыр-аягы, жашы өткөн сайын, аялдар өз денесин жана жыныстык каалоолорун жакшыраак түшүнүнө башташат.

Техас университетинин илимпоздору жүргүзгөн кызыктуу изилдөөлөрдүн бири аялдардын сексуалдык жактан 30 жаштан кийин жана менопауза башталганга чейин эң активдүү болоорун көрсөттү. Изилдөөнүн авторлору мунун себебин биологиялык деп эсептешет: аялдар эволюциялык жактан жаш өткөн  сайын тез-тез жыныстык катнаштан пайда көрүшөт, анткени бул тукумдуу болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Чындыгында, бойго бүтүү фертилдүүлүктүн туу чокусунда (авторлор бул 27 жашка чейинки курак деп эсептешет) салыштырмалуу оңой жана менопаузага жакындаган сайын татаалдашат. Менопауза канчалык жакындаса, аялдын боюна бүтүү убактысы ошончолук аз болот жана эволюциялык (жана, демек, психологиялык) басым ошончолук көбөйөт. Ар кайсы курактагы 1000ге жакын аялдардын катышуусунда жүргүзүлгөн сурамжылоолор бул теорияны колдойт: фертилдүүлүгү төмөндөп бараткан аялдар секс жөнүндө көбүрөөк ойлонушчу, сексуалдык кыялдары интенсивдүүрөөк жана сексуалдык мамилелерге катышууга каалоосу көбүрөөк болгон.

Кандай болбосун, илимде "сексуалдык чоку" деген аныктама жок. Жыныстык каалоо ушунчалык татаал жана көп кырдуу болгондуктан, бардыгын гормоналдык өзгөрүүлөргө, оргазмдын санына же секске чейин кыскартуу туура эмес. Ар кандай курактагы адамдар сексуалдык жашоодон ырахат ала алышат жана ар биринин өзүнүн нюанстары бар. Эң негизгиси, процесс эки өнөктөшкө тең ырахат тартуулаш керек.

 

Аялдар улуу эркектерди, эркектер жаш аялдарды жактырабы?

Аял өнөктөшүнөн улуу болгон дүйнөгө белгилүү түгөйлөр - мисалы, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Брижит Макрон - жалпы эрежеден өзгөчө катары кабыл алынат. Негизинен медиада теңтуш өнөктөштөр же эркек аялдан улуу болгон жубайлар көрсөтүлөт. Статистика стереотиптерди актайбы?

2013-жылы АКШда илимпоздор гетеросексуалдык жубайлар арасында изилдөө жүргүзүп, анда башка суроолор менен катар жаш курагы тууралуу да сурашкан. Көрсө, респонденттердин үчтөн бир бөлүгү бирдей курактагылар экен, 20% учурда күйөөсү аялынан эки-үч жаш, 13%ында алты-тогуз жаш улуу экен. Аял күйөөсүнөн эки же үч жаш улуу болгон жубайлар болжол менен 7%, төрт же беш жаш улуу - 3%, алтыдан тогузга чейин - ошондой эле 3%.

Башка өлкөлөрдөн - Австралиядан, Кениядан, Британиядан жана башка өлкөлөрдөн изилдөөлөр окшош көрсөткүчтөргө ээ: аялдар улуураак же өз курактагы эркектерди, ал эми эркектер - жашыраак же өз курактагыларды аялдарды артык көрүшөт.

Кээ бир изилдөөчүлөр эркектердин жаш аялдарга артыкчылык берүүсү эволюциялык стратегия деп эсептешет, анткени эркектер фертилдүүлүгү жогорку деңгээлдеги түгөйлөргө тартылышат. Ал эми аялдардын эң фертилдүү курагы 20 жаштан 30 жашка чейин. Ырас, бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр аялдар улуу куракта да кош бойлуу боло аларын так билишет, жөн гана ай ичинде бойго бүтүү ыктымалдыгы азыраак болот.

Дагы бир түшүндүрмө, аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жашашат жана аларга кам көрүшөт. Стокгольм университетинин демографы Свен Дрефал жаш аялдарга болгон кызыгууну жаш аялга никеге туруу эркектин өмүрүн узартат, ал эми анын жубайына тескерисинче таасир этет деп болжолдойт.

Аялдардын эмне үчүн улуураак өнөктөштөрдү тандаганы тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгынын дагы бир мүмкүн болгон түшүндүрмөсүн социологиядан табууга болот. Аялдар эркектерге караганда көбүрөөк социалдык байланыштарда болушат. Бул аялдар эркектерге караганда кичүү жубайынын социалдык жана ден соолук жактан колдоосуна азыраак көз каранды экенин көрсөтүп турат. Демек жаш жубайлар эркектерге салыштырмалуу аялдардын жашоосу үчүн пайдасы азыраак дегенди билдирет.

Дагы бирөөлөр мунун баары бийликтин дисбалансында деп эсептешет, анткени өнөктөш үчүн тандалып алынган жаш курактын айырмасы коом тарабынан аныкталган гендердик ролдордун кесепети болушу мүмкүн. Эркек багуучу, аял үй кожойкеси үлгүсүнө негизделген коомдо аялдар экономикалык ресурстары бар “багуучу”, ал эми эркектер ийилчээк жана көбөйүүгө даяр “үй кожойкесин” издешет.

Бирок, ар бир адам өзүнүн критерийлери боюнча өнөктөш издейт: чындап эле кимдир бирөө үчүн үй-бүлө курууга жана тукум улоого ылайыктуу өнөктөштү издөө маанилүү, бирок кимдир бирөө үчүн бул критерийлер биринчи орунда эмес же такыр кызык эмес. Акыр-аягы, адамдар жөн гана биологиялык машиналар эмес, бүгүнкү күндө адамдын инсандыгы биз үчүн анын жашынын ченемдик мүнөзүнө караганда алда канча маанилүү жана кызыктуу.

65 жаштан кийин сексуалдык жашоо барбы?

"Либидо нейробиологиясы" китебинен кызыктуу факт: кээ бир америкалык карылар үйүнүн эрежелеринде бейтаптар арасында жыныстык катнашка расмий түрдө тыюу салынганы айтылат. Мындай тыюу салуулардын себеби так белгилүү эмес, бирок бул эрежелер мезгил-мезгили менен бузулуп жатканы кызык. Жыныстык жашоо бардык курактагы адамдарды кызыктырат. Ал эми кээ бир куракта адамдар белгилүү бир курактык чекти өткөндүктөн гана жыныстык катнашты токтотот деп айтуу туура эмес.

Чикаго университетинин окумуштуулары көптөгөн эркектер 70 жаштан кийин да сексуалдык активдүү бойдон калаарын аныкташкан. Аялдар менопаузадан кийин жыныстык катнашка азыраак барышат. Гендердик айырмачылыктар 75-80 жаш курагында андан дагы айкын көрүнө баштайт: эркектердин 38,9%, аялдардын 16,8% дагы эле секске кызыгышат. Кошумчалай кетсек, 75 жаштан кийин сексуалдык активдүү эркектердин 70,8%, ал эми ошол эле курактагы аялдардын 50,9%ы гана интимдик жашоосуна канааттанышат. Башка далилдер да бар: Манчестер университетинин окумуштуулары 60 жаштан кийин эркектер да, аялдар да болжол менен бирдей - 80-90% деңгээлинде - өздөрүнүн жыныстык жашоосуна канааттанышат экенин аныкташкан.

Эгерде улуу курактагы жыныстык мамилелерди кабыл алууда гендердик айырмачылык болсо, анын себептери эмнеде? 2014-жылы АКШнын сурамжылоосуна ылайык, көйгөй өзүн-өзү баалоо менен байланыштуу болушу мүмкүн. 2000ден ашык адамдын ичинен эркектердин 34%ы гана карылыктын физикалык өзгөчөлүктөрүнө тынчсызданышат, ал эми аялдарда бул көрсөткүч жогору – 56%. Кызыгы, сурамжылоого ылайык, эркектер төшөктө эң чоң ишенимге 50-69 жашта жетет, ал эми аялдар - 18 жаштан 29 жашка чейин. Бул көрсөткүч ал тургай жаш курактагы көйгөйлөр (50-60 жаштагы эркектер үчүн эң актуалдуу болгон эрте эякуляция) кайтып келиши мүмкүн экендигине карабастан ошондой болушу кызыктырат. Эрте эякуляциянын мүмкүн болгон себептеринин бири тынчсыздануу жана аялдын секстен ырахат алуусу толугу менен пенистин абалына көз каранды деген ой менен байланыштуу. Эркектер эрекция жөнүндө тынчсызданганда, аларда дагы бир көйгөй пайда болушу мүмкүн - эректильдик дисфункция.

Аялдар да өнөктөшүндө эрекциянын бар экендиги жөнүндө тынчсызданышы мүмкүн, анткени эгерде андай болбосо, анда алар өздөрүн жагымдуу эмес деп ойлошу мүмкүн. Ал эми менопаузадан кийинки аялдар смазканын бөлүнүүп чыгуусу менен кыйналышы мүмкүн, ошондуктан эркектер да муну аялдарда тартылуунун жоктугунун далили катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок, бул үчүн чечимдер бар - мисалы, лубриканттар.

Бирок, жыныстык каалоонун өзгөрүшү жана эркектердин да, аялдардын да жыныстык жашоодон ырахат алуу жөндөмдүүлүгү, албетте, курактык факторлор менен - ​​мисалы, гормондордун деңгээлинин өзгөрүшү, ар кандай ден-соолук шарттары менен байланышкан.

Эксперттер бойго жеткен жана улгайган курактагы адамдарга пенетрациялык жыныстык катнашка гана эмес, сексуалдык активдүүлүктүн башка түрлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууну кеңеш беришет. Айтмакчы, изилдөөлөр секс кызыктуу иш болушу үчүн оргазмга ээ болуунун да кереги жок экенин тастыктайт.

Укмуш секс - бул жыныстык катнаш жөнүндө гана эмес, өнөктөштү сезе билүү, аны түшүнүү жана ага ачылууну билүү. Канадалык илимпоздор: "Кандай сексти жөн гана жакшы эмес, укмуш деп атоого болот?" деген суроого жооп табууга аракет кылышты. Алар укмуштуудай жыныстык катнашта экенине ишенген адамдарды чогултуп, алар менен терең маектерди өткөрүштү. Кызыктуусу, изилдөөчүлөр мамилеси 25 жылдан ашык убакытка созулган 59 жаштан 82 жашка чейинки курактагы адамдар менен маектешкен.

Оргазм маанилүү, бирок анчалык деле зарыл эмес факторлордун категориясына түштү. Мисалы, өнөктөшүңдү жана өзүңдү ыраазы кылуу үчүн эрекциянын кереги жок. Адамдар өнөктөшү менен сөз, тил, эриндер, манжалар, ал тургай кирпиктер менен сүйө алышат.

Текст: Марина Калашникова