Секс: Адаттан тыш 5 суроо

Эмне үчүн оргазмдан кийин уйку келет?

Сексуалдык активдүүлүктөн кийин - мастурбация болобу же жыныстык катнаш болобу - адамдар ар кандай эмоцияларга жана сезимдерге ээ болушат.

Бири шыктанса, экинчиси эс алгысы келет. Ал эми кээ бирөө чуркагысы келип, марафонго да катышууну каалап калат. Ал эми кимдир бирөө тескерисинче абдан чарчагандыктан, өнөктөшүн кучактоого да күчү жетпей калат. 

Эгерде, жыныстык катнаштан кийин өнөктөшкө болгон илхам күчөп, аны кучактап, өбүү бул түшүнүктүү эле мамиле болсо, жыныстык мамиледен кийинки чарчаңкы абал,

өнөктөштү жактырбоо же андан алыстоо мамиле катары бааланып калат. 

Эмнеге секстен кийин ар ким өзүн ар башкача сезет? Белгилүү түшүндүрмөлөрдөн тышкары - оор күндөн кийинки, түндөгү сексте физиологиялык жана неврологиялык түшүндөрмөлөр бар . Алар тууралуу биз анда кененирээк айтып берели.

Секс - бул физикалык активдүүлүк. Албетте орто эсептеги жыныстык катнашта чуркап машыгууда кетиргендей,калорий жоготпойбуз.

Деген менен жыныстык катнаш учурунда жүрөк тез иштей баштайт, кан басым жогорулап, эндорфиндер бөлүнүп чыгары анык. 

Көпчүлүк спорттун түрүндөй эле, айрыкча, секс активдүү болсо, чарчоо сезиминин пайда болушу бул нормалдуу эле көрүнүш. Ал эми адам спорттон алыс болсо, анда өтө күчтүү эмес секс да аны чарчатып коюшу мүмкүн. Ошондой эле кээ бирөөнүн ден-соолук шарттары, мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары, жыныстык катнаштан кийинки сезимдерге  таасир этиши толук ыктымал. Тагыраагы, оор тил менен айтканда секс учурунда көптөгөн органдар, анын ичинде мээ да активдүү иш алып барып, процесске катышат. Адам жыныстык катнашка барганда мээдеги сезүү жана алдыңкы кыймылдаткыч кабыкчалар ишке кирет – алар дененин сезүүсүнө жана кыймылдарына жооп берет. Алдыңкы гипоталамустун бөлүгүндө тартылуу жана жүрүм-турум реакциялары түзүлөт. Ал эми ортоңку цингулярдуу кабык жана орбитофронттук кабыктын кээ бир бөлүктөрү ырахат алуу үчүн жардам берет.

Нейрология боюнча, оргазм— бул орбитофронталдык кабык бөлүмүндөгү кыска мөөнөттөгү активдүүлүк. Субъективдүү түрдө секс учурунда адамдар эмоционалдык көтөрүлүштөрдү сезишет. Бирок, нейробиологдордун  изилдөөлөрүнө ылайык, дүүлүгү күчөгөн сайын, мээде анын эң эмоционалдык бөлүмдөрү акырындык менен өчүп калат. Башкача айтканда, биз алдын ала ойноо учурунда, ырахаттын туу чокусунда жүргөн убакка салыштырмалуу эмоционалдуу болобуз. Оргазмга жеткенде мээдеги өзүн жана айлана-чөйрөнү кабыл алууга жооптуу болгон аймактардын активдүүлүгү азаят. Мына ошондуктан, оргазмга кабылганда адам өзү менен тышкы дүйнөнүн ортосундагы чек араны жоготот – реалдуулуктан обочолонуу сезими пайда болот. Француздар оргазмды "кичинекей өлүм" деп аташкан. Эгер бул метафораны эмоцияларды кыска мөөнөткө өчүрүү процессине колдонсок, анда оргазмды мындай сыпаттоодо кандайдыр бир негиз бар. Мээнин кээ бир бөлүктөрү иштебей, жыныстык каалоосу басаңдап, мындан улам кимдир бирөөнүн уйкусу келип калат. 

Мындан тышкары, секс учурунда организмден уйкуну келтирүүчү химиялык заттар бөлүнүп чыгат. Мисалы, оргазмдан кийин уйкунун нормалдуу циклдерин кармап турган серотонин, бат уйкуга көмөктөшүүчү норадреналин жана уйкунун сапатын жакшыртуучу вазопрессин бөлүнүп чыгат. Мындан улам жыныстык катнаштан кийин кэээ бир адамдардын жылуу жана жумшак төшөккө туруштук берүүсү кыйынга тураары таң калыштуу деле эмес. Ошондой эле, оргазмдан кийин уйку гормондоруна кошумча окситоцин да бөлүнүп чыгат. Бул эс алдырып, өзүңдү жакшы сезүүгө өбөлгө түзүп жана уйкуну да чакырышы мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, секстен кийин ар ким, кандай адам болбосун, өзүн ар кандай сезет. Жана бул сезимдер белгилүү бир организмдин гормондорго, физикалык активдүүлүккө жана башка көптөгөн нерселерге кандай реакция кылганынан көз каранды болот.

Эмне үчүн секстен кийин дааратканага барган жакшы?

Кээде дарыгерлер жарандарга секстин ар кандай түрүнөн кийин — сактанган же жок — дааратканага барууну сунушташат. Себеби, дааратканага баруу менен заара чыккан жерлердеги инфекцияларды алдын алууга болот.

Ошондой эле көптөгөн изилдөөлөрдө да дааратканага баруу менен секстен кийин зара чыгаруудагы инфекциялардын көбөйүшүн алдын алууга болору айтылат.

Теория боюнча, жыныстык катнаштан кийин заара кылуу менен сийдик үтүндөгү (заараны денеден сыртка чыгара турчу түтүк) бактерияларды  чыгарууга болот. Деген менен мындай изилдөөлөр баары үчүн эмес. Секстен кийин заара чыгаруу менен инфекция коркунучу ортосунда эч кандай байланышты таба албагандар бар. Бирок, изилдөөлөрдүн бири да секстен кийин заара чыгаруу менен андагы пайда болуучу инфекциялардын жогорулатаарын далилдеген эмес. Демек, пайдалуубу же жокпу, жыныстык катнаштан кийин дааратканага баруу ашыкча болбойт. Ал эми Кливленд клиникасы, бактериялар заара чыгуучу түтүктөргө кирип кетпеши үчүн, секстен кийин 30 мүнөт убакыт аралыгында зара кылууну сунуштайт. Анатомиялык өзгөчөлүктөрдөн улам аялдар көбүрөөк заара жолундагы инфекцияга дуушар болушат. Анткени аялдарда сийдик үтү эркектерге караганда кыскараак. Мындан улам микробдор сийдик үтүнө жана табарсыкка жеңил кире алат. Эгер бактериялар жатындын сыртында болсо, мисалы, териде же анустун ичинде болсо алардын көбүнүн эч кандай зыяны жок. Деген менен микробдор  жыныстык катнаш учурунда заара чыгаруучу жолдор аркылуу жайылып, инфекцияларды пайда кылышы ыктымал. 

Ал эми эркектерчи? Алар жөнүндө эмнелерди айтууга болот? 

Эркектер аялдарга караганда заара чыгаруу жолдорунун инфекциясына азыраак дуушар болушат. Анткен эркектердин узун сийдик үтүнөн улам микробдор тиешелүү жерге кире албай калуу ыктамалдыгы бар. 

Мындан тышкары эркектер заара ушаткан жыныстык мүчөсүнүн сийдик үтү жана түтүк аркылуу эякуляция кылышат. Эгерде эркек жыныстык катнаш учурунда эякуляция кылса, бул бактериялардан арылууга жардам берет. Бирок бул теория эркектер жыныстык катнаштан кийин заара ушатпашы керек дегенди билдирбейт, тек гана бул нерсе эркектер үчүн аялдарга салыштырмалуу азыраак пайдалуу дегенди түшүндүрөт. 

Ошондой эле заара чыгаруу, жатынга кирген сперматозоидтерге таасирин тийгизе албарын билүү зарыл. Андыктан, мындай каалабаган кош бойлуулуктан коргонуу үчүн сактанбаган жыныстык катнаштан кийин дааратканага чуркоонун мааниси жок. Мындан тышкары, жыныстык катнаштан кийин дааратканага баруу жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан (ЖЖБИ) коргой албайт. Экөөнүн тең алдын алуунун эң ишенимдүү жолу - презервативди туура колдонуу болуп саналат.

Эмне үчүн, оргазмдан кийин, кээде аябай дааратканага баргыбыз келет жана/же эмне  үчүн чындап эле дааратканага баралбай калабыз?

Заара чыгаруу үтүндөгү инфекциялардын эң кеңири таралган белгилеринин бири - тез-тез заара ушатуу. Эгерде жыныстык катнаштан кийин адам дааратканага баргысы келсе, бул адам дароо инфекцияны жуктуруп алды же заараны кармай албай калды дегенди билдирбейт. Жыныстык катнаштан кийин, атүгүл процессте заара ушатууну каалоонун бир нече себептери болушу мүмкүн.

Демек, жыныстык катнаш учурунда же андан кийин аялдардын заара кылуу каалоосун эмне пайда кылат? Кээде оргазм учурунда денедеги бардык булчуңдар жыйрылып жаткандай сезилет. Бирок чындыгында эле ошондой болот - ырахаттын туу чокусуна жеткенде көптөгөн булчуңдар, анын ичинде жатын да жыйрылат. Табарсык анатомиялык жактан жатынга (сийдик чогулуучу жай)жакын жайгашкандыктан жыйрылуу процесси табарсыкка таасир этип, заара чыгарууга үндөйт.

Мындан тышкары, жыныстык кындагы секс учурунда эркек кишинин жыныстык мүчөсү аялдын сийдик топтолуучу жайына басым жасай алат. Мындан тышкары кошумча кан агымы кошулуп, оргазмдан кийин жатындын/сийдик топтолуучу жайдын толуп кетиши кошулуп, табарсыкка кандайдыр бир басым келген жагдай пайда болот.

 Ошондой эле аялдарда табарсык спазмы болуп кетиши мүмкүн —булчуңдардын өзүнөн өзү жыйрылышы. Эгер табарсык жарым жартылай бош болсо деле мүмкүн сизди спазм дааратканага чуркатат. Мындан улам жыныстык катнаштан кийин дааратканага баргыңыз келип, бирок заара ушата албай калсаңыз, ага кабатыр болуунун кереги жок. Андай учурда табарсык жөн эле бош болушу мүмкүн. 

Жыныстык активдүүлүктүн алдында дааратканага баруу менен секс учурунда же андан кийин заара чыгарууну алдын алса болот. Жыныстык катнаштын алдында гана эмес, андан кийин да ажатканага баруу ашыкча болбойт. Анткени  —  бул заара чыгаруу жолдорундагы инфекциялардан алдын алууга жардам берет.

Эгер секс учурунда же андан кийин эч кандай себепсиз (мисалы, табарсыгы бошоп калса) бирок, дааратканага дайыма баруу каалоо боло берсе, анда адиске кайрылуу керек.

Ал эми эркектер болсо, алар деле кээде эякуляциядан кийин заара чыгарууга муктаж болушат. Бул муктаждык заара чыгаруучу каналда бир аз урук суюктугу калып калгандыктан зара толуп калгандай сезим пайда кылышы мүмкүн. Деген менен эрекция менен дааратканага барууда кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Себеби: биринчиден, бул жөн гана ыңгайсыздык. Анткени тик туруп калган жыныстык мүчөнү даараткананын тешигине буруу керек болот. Экинчиден, эрекция менен туалетке баруу ушунчалык жагымсыз болушу мүмкүн. Ага ылайык ар кандай форумдарда бул процессти бала төрөө процессине теңештирип тамашалап калышат. Бул, албетте, аша чапкандык болуп саналат. Анткени ал процессте катуу оору жаралбашы керек. Бирок катуу оруксунтуп алгандардын өз себептери болот.

Эркектер эрекция болгондо заара ушатуу үтүнүн (табарсык) түбүндөгү сфинктер жабылат. Бул заара ушатуу үтүнө уруктун киришине жол бербейт. Ошондой эле эрекция жана эякуляция учурунда зааранын табарсыка өтүшүнө жол берилбейт. Ошондуктан, эксперттер заара кылууну каалап жатсаңыз дагы эрекциянын бүтүшүн күтүп турууну сунушташат. Эгерде эркек заара чыгарууда кыйналып жатканын байкаса, же заара кылып жатканда ооруп же катуу ыңгайсыздыкты сезсе, анда ал дарыгерге кайрылуусу керек. 



Аялдардын сексуалдуулугу 30 жаштан кийин өнүгүп, эркектердин сексуалдуулугу өспүрүм куракта өсөбү?

Аялдардын сексуалдуулугу улуу куракта ойгонот деген ой толугу менен миф эмес. Мунун баары сексуалдык байланышка кайсы тарап аркылуу мамиле кылуудан көз каранды. Эгер жыныстык катнаштын саны жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда статистика боюнча, эркектер да, аялдар да жаш кезинде эң активдүү болушат. Эгерде оргазмга жетүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө айта турган болсок, анда, албетте, 20 жана 30 жаштагы аялдар деле ырахаттын туу чокусуна жете алышат. Маселе, ким көбүрөөк дегенде гана. 

Америкалык психологдор Ким Уоллен менен Элизабет Ллойд башка изилдөөлөрдөн алынган көптөгөн маалыматтарды топтошуп атайын таблица түзүшкөн. Анда авторлор 20 жаштагы аялдардын оргазмга кабылуу мүмкүнчүлүгү 50%, ал эми 30 жашында бул көрсөткүч 80% га, жетерин көрсөтүшкөн. Кызыгы, бул көрсөткүч аялдардын оргазмынын жыштыгына карата 90% дан жогору көтөрүлбөйт. Ал эми эркектер болсо, 15 жашка жакын 90% ыктымалдык менен жыныстык катнаш учурунда оргазмды сезишет.

Сексуалдуулуктун гүлдөшү бир гана оргазмды сезүү жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу эмес, ага катар секске болгон жалпы кызыгуу дагы болушу керек. 

Эволюционист психолог Дэвид Басс окуучулары менен биргеликте 30-40 жаштагы аялдар сексуалдык жашоого көбүрөөк кызыкдар деген теорияны баяндаган макала жазган. Алар бул теория сексуалдык бай фантазиялар, этек кир учурунда жыныстык катнашка баруу каалоосу, ошондой эле кокусунан жыныстык катнашка баруу каалоолор аркылуу билдирилерин аныкташкан. Ошондой эле Басс, маселе эволюциялык механизмде экенин айткан. Мурда ымыркайлардын өлүмү көп болгон. Мындан улам 30 жашка чыккан аялдардын балдарынын кээ бирлери каза болуп калчу. Мунун ордун толтуруу үчүн, калган убакытта аялдар мүмкүн болушунча көп балалуу болууга аракет кылышкан. Бардык изилдөөлөр сыяктуу эле, бул изилдөөнүн да өзүнүн чектөөлөрү бар: психолог респондент аялдарды адатта адамдар эч кимге милдеттүү эмес сексуалдык окуяларды издеген сайттан издеген.

Мындан тышкары 30 жаштан ашкан аялдар эмне үчүн сексуалдык жашоого көбүрөөк кызыкдар экендигинин түшүндүрчү башка да негиздер бар. Мүмкүн, 30 жашка келгенде аял өз денесин жакшыраак түшүнүп, каалоосун жакшыртып, турмуштук тажрыйбасы көбүрөөк болуп, сексуалдык ырахат алуусу оңой болот.

Эркектерге келсек, алардын сексуалдык туу чокусу чынында өспүрүм куракка туура келет. Операциянын же дарылоонун натыйжасында генетикалык вариациясы жок же кандайдыр бир медициналык өзгөрүүсү жок эркектерде, адатта, 20 жашка чейин күчтүү сексуалдык каалоо болот.

Репродуктивдүү гормондор ырахаттын туу чокусунда жайгашкан. Адамдардын көбү бул жылдарда физикалык жактан дени сак жана секске кызыкдар болушат. Сексуалдык каалоосу жогору жаш эркектер жөнүндө айтуу — стереотип сыяктуу. Бирок теорияда  көбүнчө чындык катары кабыл алынат. Ал эми 20 жаштан кийин эркектердеги тестостерондун деңгээли акырындап төмөндөй баштайт. Тестостерондун акырындык менен төмөндөшү жыныстык кумарга таасир этип, эркектин жыныстык органынын сезгичтигин азайтат. Ошондой эле оргазмды азыраак интенсивдүү кылып, оргазмдан кийин эрекциянын калыбына келүү убактысын жогорулатат. 

Негизинен алганда, адамдардын сексуалдуулуктун туу чокусуна жеткенин аныктаган так белги жок. Анткени бул процесске өтө көп факторлор таасир этет. Баары абдан индивидуалдуу. Адамдын сексуалдык жашоосу боюнча заманбап изилдөөлөр: сексуалдык каалоолордун, сексуалдык активдүүлүктүн жана сексуалдык канааттануунун көп түрдүүлүгүнү менен түшундүрөт.

 Жалпысынан алганда, жаш, дени сак адамдарда гормондор эң жогору жана жыныстык катнаш көбүрөөк болот деген тыянак чыгарууга болот. Жыныстык каалоо жана жүрүм-турум адамдардын жаш курагына жараша өзгөрөт. Бирок бул өзгөрүүлөргө карабай сексуалдык канааттануу көп учурда өсө берет.

Сперма аялдардын ден соолугуна чын эле пайдалуубу?

Эркектин спермасы аял кишини ден соолугу үчүн шыпаа болуп саналат деген маалыматты ар кандай форумдарда көп кезиктирүүгө болот.  Сперманын курамында ар кандай пайдалуу микроэлементтер жана белок бар имиш. 

«Секс: жыныстык кумардын нейробиологиясынан виртуалдык порного чейин» китебинде авторлор атүгүл белгилүү бир Пол Фотенгауэр аттуу ашпозчу китебинен мисал келтиришет. Анда сперматозоид кошулган тамактардын, соустардын, десерттердин жана суусундуктардын рецепттери берилген. 

Ырас, адамдар канчалык каалабасын, эркек уруктун аялдардын ден соолугуна пайдасын тастыктаган илимий далилдер жок. Ооба, эркектин сперматозоидинде пайдалуу микроэлементтер бар. Бирок ал микроэлементтердин пайдасы адамдын ден соолугун чыңдайт деп айтууга жетишерлик эмес. 

Спермадан химиялык жол менен спермидиндин кошулмасы бөлүнүп чыгат. Окумуштуулардын айтымында, бул зат кээ бир жандыктардын: (адамдардын эмес) нематод курттар, мөмө чымындардын  өмүрүн узарта алат. Изилденген жандыктарга таза сперманы эмес, сырда, козу карындарда, буурчак өсүмдүктөрүндө жана жүгөрүнүн курамында бар затты беришет. 

Мындан тышкары, интернеттен спермадан бетке маска жасоо тууралуу ар кандай кеңештерди табууга болот. Сперма маскаларынын рецепттерин ойлоп табуучулар мындай маска теринин жашаруусуна салым кошоорун айтышат. Ал эми кээ бирөөлөр айран, бал же алоэ ширеси менен урукту да аралаштырып маска жасашат. 

Бирок окумуштуулар мындай маскалардын косметикалык касиеттерин тастыктаган эксперименттерди жүргүзүшө элек. Ал эми дерматологдор болсо, мындай маскаларды такыр эле колдонууну сунуштабайт. Себеби, сперма — бул курамында щелоч бар суюктук жана курамында суутектин көрсөткүчү абдан жогору болгондуктан,терини кургатып жибериши ыктымал. Ошондой эле терини катытып, жылмакайлыктан арылтып жана терини өтө эле сезгич кылып салат. Андан тышкары, кээ бир адамдардын уруктан аллергиясы болушу мүмкүн. Ага ылайык, спермада уруктук инфекциялар да болушу ыктымал. Демек териңизге кам көрүүнү кааласаңыз, ал үчүн атайын арналган кремдерди эле колдонгонуңуз жакшы. 

Булак: Двор медиа