Менструалдык стигма жана табу

Эмнеге айызды анын аты менен атабайбыз?

Сүрөт: Sora Shimazaki

Эвфемизмдер бизге маданий жактан тыюу салынган нерселер жөнүндө сүйлөшүүө мүмкүндүк беришет. Мисалы, күнүмдүк тилде менструацияны ачк айтй албай "кызыл аскерлер", "Кызыл-Кыядан коноктор" деп атайбыз. Айызга болгон тыюуларынын таасирлери ачык көрүнүп турат: айыз саламаттыгы менен байланышкан олуттуу көйгөйлөргө, репродуктивдик ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ошондой эле социалдык остракизмге, ооруларга, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Менструациянын стигмасы - мизогиниянын бир түрү. Тыюулар айыздын функциясын жашыруун, уят нерсе катары кабыл алууга шарт түзөт. Ал эми бир нерсени атабоо менен биз анын аталышы болбошу керек деген ойду бекемдейбиз.

Айызга код сөздөр сөздөр кайдан келип чыккан жана алар кантип пайда болгон? Менструация ар дайым терс тажрыйба деп эсептелчүбү?

Менструалдык эвфемизмдер жана тыюулар байыркы убактан келген.  Бирок бардык эле коомдор айызга терс көз карашта эмес.

Менструацияны эскерүү биринчи Латын энциклопедиясында (73 BC) кездешет:

«[Айызга] тийгенде жаңы шарап кычкыл болот, ага тийген эгин куурап калат, кыйыштыруулар өлөт, бакчадагы уруктар куурайт, бак-дарактардын мөмөлөрү куурап, болоттун чети жана пил сөөгүнүн жалтылдаганы күңүрт болот. Аарылар өлөт, атүгүл коло менен темирди да дат басып калат, абаны коркунучтуу жыт каптайт; даамын татып көрүү иттерди жинди кылып, чаккан жерине айыккыс ууну жугат».

Айызга табу айыл-чарба дооруна жана тилдин пайда болгонуна чейинки түшүнүк.

Сүрөт: Cliff Booth

Менструация тилден канча мурун келген. Эң алгачкы эволюциялашкан адамдар катары биздин жашообуз тирүү калуу, көбөйүү жана биологиялык функциялардын айланасында топтолгон: төрөлүү, өлүм, жыныс, аңчылык. Бул элементтер тилди калыптандырууда негизги нерсе болгон. Антропологдор эволюциянын, жүрүм-турумдун жана биологиянын кесилишкен жерлеринде айыз келүүнүн тыйылышын изилдешет.

Бирок менструалдык табулар дээрлик универсалдуу болгону менен, өзгөчөлүктөрү бар. Кээбир коомдор айыздын оң ассоциацияларын жана эвфемизмдерин колдонушат. Мисалы, кээ бир азыркы мергенчи-жыйноочу коомдор айызды күчтүү, айыктыруучу, коргоочу жана ыйык деп түшүнүшөт. Бул топтор дагы бир даражада гендердик теңчиликке ээ болушат.

Кээ бир айыз каада-салттары аялдардын автономиясын күчөтүүчү, коомдук көзөмөлдү жана жумуштан жеңилдетүүнү камсыз кылуучу курал катары иштей алат. Мисалы, Борбордук Африкадагы Мбенджеле уруусу дагы эле "менин эң чоң күйөөм - ай" сыяктуу сөздөрдү колдонушат. Заирдеги Мбути уруусунун эң чоң чөп алачыгы - бул айыз алачык, ал жерге аялдар биринчи этек кири келгенде, башка кыздардын жана аял туугандарынын коштоосунда барышат. Ал жерде айызы келген айдын колдоосун алып жана берекелүү деп эсептелет.

Атүгүл байыркы Египеттин медициналык тексттери, анын ичинде Кахун Гинекологиялык папирусу, ~ 1800 BC жана папирус Эберс; ~1500 б.з.ч., айыз үчүн hsmn деген сөздү колдонгон, кээ бироолор бул сөзду «тазалануу» дегенди да билдирген деп айтышат. Бул тексттерде этек кир жакшы көрүнүшту көрсөтөт. Аменореяга каршы дарылар сунушталат жана айыз каны майлардын курамында колдонулат, мисалы, эмчектери салбырап кеткенге каршы майларда. 

Менструалдык табулардын жаралышы ар кандай элдерде жана географияларда өз алдынча жана көп жолу болгон.

Сүрөт: Karolina Grabowska

Терс айыз табусунун кайдан пайда болушу (жана кантип иштеши) дагы эле талаш-тартыштуу. З. Фрейд бул биздин кандан коркуубуз деп айткан. Аллан Корт бул тыюу алгачкы адамдар айыз канды булгаган деп тапкандыктан башталган деп ырастады Антрополог Ширли Линденбаум 1972-жылы «булгануу» табусу менен жыныстык катнашты чектеп, табигый популяцияны көзөмөлдөөнүн бир түрү экенин теория кылган. 2000-жылы тарыхчы Роберт С.Макэлвейн *менструалдык эмес синдром* деген терминди киргизип, эркектердин айызды стигматизациялоого жана аялдарга социалдык жактан үстөмдүк кылуусуна алып келген репродуктивдик көрө албастыкты "эркектер биологиялык жактан кыла албаган нерселер үчүн психологиялык компенсация" катары сүрөттөгөн.

Бул теориялардын баары алар иштелип чыккан убакытка жана жерге байланыштуу жана алардын көбү айыздын терс көрүнүшү презумпциясы менен түзүлгөн. Клеллан Форд айызга тыюу салуу алгачкы коомдор анын «уулуу, ооруну пайда кылуучу таасирин» билгендиктен иштелип чыккан деп болжолдогон. Албетте, биз азыр айыз кан уулуу эмес экенин билебиз. Бирок бул көз караш илимде 20-кылымга чейин сакталып калган. 1920-жылы доктор Бела Шик айызы келген медайым кармаган гүлдөр тез соолуп калат деген жыйынтыкка келген соң менотоксин деген терминди киргизген. Гарвард изилдөөчүлөрү Олив жана Джордж Смит 1952-жылы жаныбарларга бактерия жуктурулган айыз канын сайып, өлтүрүп алышкан. Олив Смит бир нече жыл бою атүгүл экинчи изилдөөчү жаныбарлар кандын өзүнөн эмес, кандын бактериялык булгануусунан өлгөнүн тапкандан кийин да, өлүмдөрдү менотоксинге байланыштырууну уланткан. Менструалдык кандын уулуулугу 1950-жылдардын аягында жокко чыгарылган.

Лондон университетинин социалдык антропологу, профессор Крис Найт айыз келүүгө тыюу салуунун терең тарыхый тамырларын изилдеп 1991-жылы ал «Кан мамилелери: айыз жана маданияттын келип чыгышы» аттуу китебин жарыялаган. Найттын теориялары талаштуу, бирок ойлондурарлык жана айыз стигмасынын тарыхый тамырларын аныктоонун татаалдыгы жөнүндө сүйлөйт.

Найт алгач айыз менен байланыштуу тыюу салуулар адамдын алгачкы мезгилиндеги аялдардын өзүнөн келип чыккан деп эсептейт, б.а. аялдардын өздөрүнүн айызда денесине тийүүгө болбой турган мезгил катары белгилөө үчүн жүйөлүү себептери бар жана өздөрүнүн тыюусун жаратышкан. Кийинчерээк бул тыюу аялдардын автономиясын бекемдегендин ордуна буза баштаган.

Найттын моделинде биздин Хомо хабилис ата-бабаларыбыздын ургаачылары эркектер олжолорун өздөрү бөлүп жеп салбай лагерге алып келиши үчүн айызды алардын жүрүм-турумун калыптандыруунун инструменти катары колдонгон. Ургаачылары ай жаңырганда (караңгылыкта, аң уулоо коркунучтуу болгон) бир нече убакытка чейин эркектерден обочолонуп чогулушкан. Эркектер бул убакта аялдардын айызы чогуу келет деп ишенишкен. Толгон айда мергенчилик кылгандан кийин, эгерде эркектер тамак-аш менен кайтып келишсе жана жыныстык обочолонуу мезгили аяктап, той жана жыныстык катнаш убактысы башталчу

Чогулуп, «жок» деп белгилөө менен аялдар кандын күчкө ээ экенин, күчтүү маданий символду жана биринчи менструалдык «табусун» жаратаарын аныкташкан болушу мүмкүн. Менструация күчкө, мергенчиликтин ийгилигине жана аңчылыктын каны менен байланыштуу болгон.

Албетте, бул окуялардын тегерегинде кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат жана көптөгөн элементтер азырынча чечмелене элек. Менструалдык синхрониянын да, асинхрониянын да ыңгайлашуучу эволюциялык артыкчылыгы болушу мүмкүн — кээ бир изилдөөлөргө караганда айыздык синхрония аялдар ортосунда жубай үчүн атаандаштыкты азайтат жана генетикалык ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Бирок, адамдардагы жана адам эмес популяциялардагы эстроздук синхрониянын далилдеринин сапаты шек жаратып, кызуу талкууга алынууда.

Найттын теориясы "адамдын коомдук түзүлүшүнүн эволюциясында эң маанилүү" деп аталды. Бүгүнкү күнгө чейин айыз табусунун тарыхы тууралуу жалгыз теориялык негиз болуп саналат.

Албетте, биз айыз жөнүндө кантип сөз кылып жатканыбыз акырындык менен өзгөрүп жатат. Ал биздин маданиятыбызга, ишенимибизге жана тарыхыбызга терең тамыр жайган. Денебизди түшүнүүбүздү калыптандырган коомдорубуз ушул табулардын жана тыюулардын айланасында курулган. Табуларды өзгөртүү системаларды өзгөртүүнү талап кылат.


Маалымат helloclue.com сайтынан алынган.