Презервативди кантип колдонуу

Эчак эле берилиши керек болгон нускама

Презерватив — туура колдонулган учурда, жүз пайыз болбосо да, кѳӊүл тилебеген кош бойлуулуктан жана жыныстык жол менен берилүүчү оорулардан (мисалы, ВИЧ-инфекциядан жана В гепатитинен) жакшы сактай турган ишенимдүү метод. Идеалдуу шарттарда анын Перль индекси экиге барабар (бул болсо, бир жыл бою контрацепциянын ушул гана ыкмасын колдонгон 100 аялдын ичинен экѳѳнүн эле боюна бүтүп калуусу мүмкүн дегенди түшүндүрѳт). Бирок кадимкидей колдонгондо Перль индекси 13кѳ барабар. Эмнеге? Анткени кѳп кишилер презервативди туура колдонууну билишпейт. Айрымдары сактануунун барьердик ыкмаларын такыр эле колдонушпайт. Россияда бул жагдай олуттуу коркунуч жаратууда. Себеби ѳлкѳ Европага ВИЧ-инфекциясын жайылтуу темпи боюнча лидерлик позицияда турат.  MeduzaCare презервативдерди максималдуу натыйжалуу колдонуу боюнча нускама даярдап чыкты.

Презервативди туура тандагыла…

Дүкѳндѳр менен дарыканаларда сатылган презервативдердин кѳпчүлүгү латекстен жасалган. Ѳзүӊѳрдѳ (же ѳнѳктѳшүӊѳрдѳ) латекске карата аллергия жок болсо, анда ойлонбой эле ала бергиле. Ал эми аллергия бар болсо, анда полиуретан презервативдерди тандаш керек (алар бир аз кымбатыраак турат, бирок ошончолук эффективдүү).

Рынокко койдун ичегисинен жасалган «табигый» презервативдер да чыгарылат. Контрацепция боюнча колдонмолордун кѳбүндѳ алардын жыныстык жол менен берилүүчү оорулардан (ЖЖБО; бирок бул маселе тийиштүү деӊгээлде толук изилденип чыга элек) жакшы коргой албагандыгы белгиленген. Сперматозоиддерди ѳлтүрүүчү спермициддүү майы (nonoxynol-9) бар презервативдерди пайдаланбагыла. Спермициддер кында дүүлүгүп-кычышууну пайда кылып, инфекцияларга туруштук берүү жѳндѳмдүүлүгүн азайтышы мүмкүн (аналдык секс учурунда эч кандай пайдасыз экендиги анык).

Презервативдин ѳлчѳмүн туура тандагыла (узундугу менен диаметри таӊгакта кѳрсѳтүлгѳн). Ѳтѳ чоӊ болсо, жыныстык катнаш учурунда чечилип калат, ѳтѳ кичинеси – айрылып кетет. Эгер кадимки дүкѳндѳрдѳ сатылган стандарттуу ѳлчѳмдѳгү презервативдер силерге ылайыктуу болбосо, анда ѳлчѳмдѳрдүн линейкасы жазыраак болгон нишалык маркаларды карап кѳргүлѳ.

майлоочу каражатты дагы….

Эгер силер латекс презерватив колдонсоӊор, май негиздүү майлоочу каражаттарды унуткула – андай нерселер латексти жабыркатат. Вазелин, май, майлуу кремдер — булардын баары теӊ презервативдин айрылып кетүүсүн шарттайт. Суу же силикон негиздүү майлоочу каражаттарды тандагыла. Полиуретан презервативдер үчүн май негиздүү лубриканттар деле жарай берет.

Майлоочу каражаттарды кошумча пайдалануу презервативдин зыянга учуроо мүмкүндүгүн азайтат!

Балким силерге аялдардын презервативи кѳбүрѳѳк ылайыктуу болот (мындайлар да бар)…

Аялдардын презервативдеринин эркектердикинен айырмасы – пениске кийгизилбей, кындын ичине салынганында. Бул - учтарында эки шакекчеси бар жумшак цилиндр.  Шакекчелердин бири жабык болот жана кындын ичине киргизилет (шакекче презервативдин кындын ичинде калуусун камсыздайт). Экинчиси — ачык болот жана кындын сырт жагына жайгашып, презервативдин ичине кирип кетпѳѳсүн камсыздайт.

Аялдардын презервативи кимдерге кѳбүрѳѳк ылайыктуу? Ѳнѳктѳшүнүн же ѳнѳктѳштѳрүнүн (мисалы, топтук сексте) кыймыл-аракеттерине карабастан, процессти ѳздѳрү башкарууну каалаган аялдар үчүн ылайыктуу. Секске чейин презерватив менен убаралангысы келбегендер үчүн ыӊгайлуу (аялдардын презервативин секске чейин бир нече саат мурун салып койсо болот). Эрекцияда кыйынчылыгы бар эркектер да колдонсо болот (эркектердин презервативин эрекция абалына келбеген мүчѳгѳ кийгизүү кооптуу болуп эсептелет). Аялдардын презервативин секс-оюнчуктарга, фингеринг ж.б. пайдалануу мүмкүн. Кээ бирѳѳлѳр үчүн презервативдин бул түрү этек кир келип жаткан мезгил үчүн ыӊгайлуу.

Анткен менен, аялдардын презервативинин эффективдүүлүгү эркектердикине караганда кыйла тѳмѳн. Идеалдуу колдонууда аялдардын презервативинин эффективдүүлүгү 95%, ал эми эркектердики – 98% түзѳт. Типтүү колдонууда (күтүүсүз жагдай пайда болгондо) аялдардын презервативинин эффективдүүлүгү болжолдуу 79%, эркектердики — 87% түзѳт. Мындан тышкары, аялдардын презервативдерин Россиядан издеп табуу азырынча кыйыныраак: чет ѳлкѳдѳн тапшырык кылуу талап кылынат, баасы да кымбатка туруп калат. Ошондой эле аялдардын презервативдерин аналдык секс үчүн колдонуу сунушталбайт. 

…ал тургай латекс мээлейлер да керек болуп калышы мүмкүн

Фингерингде дагы (мүмкүндүк ѳтѳ эле аз болсо да) ѳнѳктѳшүнѳ ЖЖБО жугузуп алуу ыктымалдыгы бар. Тобокелге салбай, латекс мээлейлерди колдонгула. Дарыканада сатылган кадимки мээлейлер жарай берет — тек гана майлоочу каражат пайдалангыла.

Презервативди чѳнтѳктѳ сактабагыла. Колдонуунун алдында таӊгакты текшерип койгула

Презервативди чѳнтѳккѳ же капчыкка салып жүргѳндѳ сактоо температурасы жогору болгондуктан, бузулуп калышы мүмкүн. Аларды салкын, кургак жерде сактагыла.

Презервативди колдонуудан мурун жарамдуулук мѳѳнѳтүн текшерип, алдын ала нускамасы менен таанышып чыккыла.  

Ар бир жыныстык катнашта презерватив колдонгула

Ѳзүӊѳр жана туруктуу ѳнѳктѳшүӊѳр жакында эле жыныстык жол менен берилүүчү ооруларга бардык анализдерди тапшырып, баары жакшы экендигине ынанган соӊ гана презерватив колдонбой жыныстык катнашта боло аласыӊар (ал эми анализдерди тапшыргандан кийин башка бирѳѳ менен катнашка кирген болсоӊор, анда анализдер пайдасыз). Моногамдык мамиледе презервативден баш тарткыӊар келеби? Анда анализ тапшырып тургула (бир эле жолу эмес, дайыма). Калган бардык учурларда презерватив сѳзсүз керек. Жыныстык жол менен берилүүчү оорулардын симптомдору жок болуп калышы мүмкүн экенин эч качан эсиӊерден чыгарбагыла.

Презервативди туура кийгиле

Таӊгагын абайлап ачып (тиш менен эмес), презервативди алып чыккыла. Зыянга учураган жерлеринин жок экенин текшергиле. Аны туура тарабынан кийгизип жатканыӊарга кѳӊүл бургула (түрүлгѳн жээги жеӊил жылышы керек). Презервативди эрекция абалындагы жыныс мүчѳнүн башына кийгизип (учундагы терини бир аз тартып туруп),  ашыкча абаны чыгарыш үчүн презервативдин учун бир колуӊар менен чымчып туруп (анын айрылып кетүү мүмкүндүгүн ушундайча азайтасыӊар), аны пенистин түбүнѳ чейин жазып барасыӊар. Жыныстык жол менен берилүүчү ооруларга жол ачкан вирустар менен бактерияларды жугузуп албаш үчүн, ошондой эле кѳӊүл тилебеген кош бойлуулукка жол бербѳѳ максатында презервативди жыныстык катнаштын аягына чейин чечпегиле.

Аялдардын презервативин пайдалануу үчүн аны ачып, калыӊ жабык шакекчесин табыш керек (ал кындын ичине салынат). Ичке ачык шакекчеси сыртында калат. Калыӊ шакекчени бармак жана сѳѳмѳй менен кысып туруп, презервативди ичине салгыла (тампон сыяктуу кылып). Анан калыӊ шакекчесин бармагыӊар менен мүмкүн болушунча тереӊирээк кылып түрткүлѳ (ичке шакекчеси  сыртында калууга тийиш, аны кармап туруш керек). Пенис, бармактар же секс-оюнчук презерватив жана кындын дубалдарынын ортосунда, ал эми ичиндеги шакекче сыртка чыгып калбоосун текшерип койгула.

Бир презервативди эки жолу колдонууга болбойт. Контрацепция боюнча колдонмолордун кѳпчүлүгүндѳ бир эле учурда эки презерватив пайдаланууга болбой турганы да айтылат.

Жаӊы сексуалдык практика — жаӊы презерватив

Аналдык секстен вагиналдык секске, же тескерисинче вагиналдыктан аналдыкка ѳтүүнү чечтиӊерби? Дайыма жаӊы презерватив пайдалангыла! Кѳтѳн чучуктагы бактериялар кындын ичине кирип кетпеши керек. Ошондой эле, бир секс-оюнчукту экѳѳӊѳр колдонгон учурда да презерватив керек.

Оралдык сексте да сактануу керек

Оралдык секс учурунда герпес (биринчи жана экинчи типтеги), гонорея, гепатит (А, B жана C), ВИЧ ж.б. ооруларды жугузуп алуу коркунучу жогору болот. Ошондуктан, минет жасаган учурда презерватив, ал эми куннилингус менен анилингуста — латекс салфетка колдонуу абзел. Алар секс-шоптордо сатылат, же болбосо ѳз алдынча жасаса да болот (презервативди кайчы менен кесип жасап койгула). Салфетканы ѳнѳктѳшүӊѳрдүн жыныс органдарына коюп,  бир жолу гана пайдалангыла. Башка латекс ѳнүмдѳр сыяктуу эле май негиздүү майлоочу каражаттарды колдонуу сунушталбайт.

Презервативди туура чечкиле

Эякуляциядан кийин презервативди мүмкүн болушунча тезирээк чечкенге аракет кылуу зарыл (пенис жатып кала элегинде), антпесе сперма сыртка агып калат. Презервативди түп жагынан кармап (шакекчеси жагынан), ылдый кѳздѳй тарткыла. 

Аялдардын презервативин жатып алып чечүү керек. Акырын тышкы шакекчесин бурап (ичиндегиси куюлуп кетпеши үчүн), аны чыгаргыла.

Күтүлбѳгѳн жагдай жаралса

Секстен кийин презервативдин бүтүндүгүн текшергиле. Эгер ал айрылып (же процесс учурунда чечилип) калган болсо, чукул контрацепция колдонууга болот (андан коркпош керек) жана дарыгерден ВИЧке каршы катнаштан кийинки профилактика үчүн кайрылуу сунушталат. Мүмкүн болушунча тезирээк аракетке ѳтүү зарыл!

Колдонулган презервативди ажатканага таштабагыла

Колдонулган презервативди таштанды чакасына ыргыткыла, эч качан унитазга таштабагыла. Бул канализацияда кѳйгѳй жаратуусу менен катар эле, айлана-чѳйрѳгѳ да зыян келтирет.

Булак: Meduza