Тешиги бар бүктѳм

Кыз чели деген эмне, анын эмне кереги бар, ал таптакыр жок болгон учурлар болот деген чынбы?

Аял кишиде кындын кире беришинде бир же бир нече тешиги бар былжырлуу бүктѳм, кыз чели, болот. Илимий сѳз менен аны гимен, ал эми эл арасында «кыздык белгиси» деп аташат. Буга байланыштуу суроолор ѳтѳ эле кѳп, бирок эволюция аны муундан муунга ѳткѳрүп келе жатканын эске ала турган болсок, анда анын бир зарылдыгы болсо керек?  Келгиле, карап чыгалы.

Гимен кандай болот?

Дагы бир жолу кайталайлы, гимен — бул кындын кире беришин жаап турган жука жана ийкемдүү былжырлуу чел кабык. Ал бир гана аял кишиде эмес, айрым сүт эмүүчү жаныбарларда да: маймылда, жылкыда, пилде, ал тургай китте да бар.   

Гименди кээде «жыныстык чел» деп да аташат — мындан ал кынды баштан аяк жана герметикалуу жаап турат деп ойлосо болот. Бирок кѳбүнчѳ андай эмес. Ѳзүӊѳр ойлоп кѳргүлѳчү: гимен кынды толугу менен жаап турса, анда кыздарда этек кир биринчи жыныстык катнашка чейин келбейт болчу да? Айыз учурундагы кындан чыккан кан агуулар баарында — секси боло элек кыздарда да, жыныстык катнашка баргандарда да болот.

Гимен вагинанын кире беришин бир же бир нече тешик калтыруу менен алкак түрүндѳ жаап турат. Челдин ар кандай түрлѳрү бар: алкак сымал, түтүк сымал, кил сымал, жарым ай сымал, эрин сымал, валик сымал, воронка сымал жана башкалар. Жалпысынан 18 ге жакын түрүн белгилешет.

Ар бир эрежеде, албетте, бѳтѳнчѳлүктѳрү болот эмеспи — сейрек болсо да, айрым кыздарда челинин тешиги жок болбойт. Бул тек гана физиологиялык ѳзгѳчѳлүк жана мында эч кандай коркунучтуу нерсе жок. Челдин мындай түрүн перфорацияланбаган чел деп аташат. Ал чындап эле айыздын табигый жүрүшүнѳ тоскоол болуп, этек кир келгенде ооруларга себеп жаратат.

Кыздар гимендин кандай формада экенин гинекологго кѳрүнүп эле билип алса болот. Эгерде гименде тешик жок болсо, врач аны тешүү боюнча жеӊил операция жасатууну сунуштайт же ѳзү жасап коёт.

Адамдын денесинин башка органдары сыяктуу эле курактын ѳтүшү менен чел да ѳзгѳрѳт. Ѳспүрүм куракка чейин андагы тешик жылына орто эсеп менен 1 мм чоӊойот. Ал эми энелик бездер менен бѳйрѳк үстүндѳгү бездер эстроген гормонун бѳлүп чыгара баштаган жыныстык жетилүү мезгилинде гимен чоюлчаак жана бүктѳмдүү боло баштайт. 

Ал эмне үчүн керек?

Адам баласынын он миӊдеген жылдык эволюциясы боюнча айрым жандыктар тубаса гимени жок жаралган. Бирок, эмнегедир ага ээ болгондору гана жашап кете алган. Бул боюнча илимпоздор ар кандай божомолдоолорду келтиришкен. Мисалы, 1960-жылдардын аягында «Жылаӊач маймыл» китебинен алынган мындай версия популярдуу болгон: «Биринчи жупташууну татаалдаштырган, ал тургай оорута турган кыздык челинин бар болуусу бул аракетке жоопкерчиликсиз мамиле жасабай тургандыгынын кепилдиги», — деп жазат бестселлердин автору британиялык биолог жана илимдин популяризатору Десмонд Моррис.

Бирок кийинчерээк илимпоздор гимендин болушун морализмди кошпой эле түшүндүрүүгѳ ѳтүшкѳн. Мааниси боюнча жука чел кындын аялуу жана назик ички чѳйрѳсү менен инфекциялар кѳп болгон тышкы чѳйрѳнүн ортосунда коргоочу тосмонун кызматын аткарат. Гимендин бул функциясы иммунитети толук калыптана эле жаш балдардын организми үчүн абдан маанилүү. Организм ѳсүп, жыныстык жетилүү процессинде ѳзгѳргѳн учурда иммунитет да чыӊдалат — кыздардын жыныс кыны кыздык чел түрүндѳгү кошумча коргоого муктаж болбой калат. Ошентсе да жыныстык катнаш аркылуу жуккан айрым инфекциялардан (ВИЧ, сифилис ж.б.) эч кандай, ал тургай эӊ күчтүү иммунитет да коргой албай тургандыгын унутпаш керек.

Гимени жок тѳрѳлгѳндѳр барбы жана бул кооптуу эмеспи?

Ооба, бар. Американын педиатрлар академиясынын берген маалыматы боюнча, гимени жок тѳрѳлгѳн кыз балдардын үлүшү болжол менен 0,03 % түзѳт. Гимендин тубаса жоктугу гимен аплазиясы деп аталат жана педиатр тарабынан кыз бѳбѳктү жалпы текшерүүдѳн ѳткѳрүү учурунда аныкталат. Мында корко турган эч нерсе жок. Гимени жок тѳрѳлгѳн кыз баланын жыныс органдарынын гигиенасына ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу талап кылынат. Жалпысынан, ѳсүп-жетилүүсү жагынан бүктѳмү бар кыздардан эч кандай айырма болбойт.

Чел биринчи жолку катнашта сѳзсүз айрылабы? Ооруйбу?

Кѳбү дайыма ошондой деп эсептешет. Бирок андай эмес! Статистика боюнча, биринчи жыныстык катнаштан кийин 52% учурда гимен бүтүн бойдон калат. Гимен абдан чоюлчаак болгондуктан, секс учурунда жѳн эле чоюлуп, айрылбай калышы ыктымал. Аял активдүү жыныстык жашоо менен жашап жүрүп, гинекологго кѳрүнгѳндѳ гана дээрлик кыз бойдон экенин билген учурлар да кездешет — башкача айтканда, кыздык чели айрылган эмес, же болбосо, илимий тилде — дефлорация болгон эмес.  

Адатта чел айрылганда сезилет — баары бир денеге келтирилген жаракат болуп эсептелет да. Биринчи секс болгон күнү жана андан кийин бир-эки күн бир аз канашы мүмкүн. Ошол учурда жыныс органдарынын тазалыгына жакшылап кѳӊүл бѳлүү зарыл.

Ооруйбу? Калп айтпайлы: жагымсыз, бирок андай деле коркунучтуу эмес. Албетте, баары индивидуалдуу оору босогосуна жараша болот. Челде аз санда нерв учтары бар, алар одоно мамиле жасалганда дароо бул тууралуу сигнал беришет. Бирок, ѳз каалоосу менен барган алгачкы секс учурунда мээде эндорфиндер (эл ичинде аларды «бакыт гормондору» деп аташат) жана башка заттар бѳлүнүп чыгат да, оору сезимин дароо басып коюшат. Организм оорудан ѳзүн ушундайча коргойт. Кыскасы, гимендин айрылышы— ооруга анча маани бербей коюуга боло турган жагдай: жѳн гана эс алып, ырахатка батуу керек.

Эгер оорудан коркуп, чыӊалуудан арыла албаса, анда эндорфиндерди бѳлүп чыгаруу сыяктуу мээнин табигый ооруну басаӊдатуучу функциясы таасирлүү болбой калышы ыктымал. Мындай абалда ѳнѳктѳшүнѳ коркуусу жѳнүндѳ ачык айтып, маселени мүмкүн болушунча жайбаракат, назик жана этияттык менен чечүүгѳ аракет жасаш керек. Мисалы, кыздык белгиси айрылгандан кийин кайра жыныстык катнашка барууда ооруса, бир-эки күн коё туруп, анан улантса болот. Кыскасы, ашыкча кѳз жашсыз болууга тийиш ;)

Гимен секс болбогон учурда деле ѳзүнѳн ѳзү айрылышы мүмкүнбү?

Секс болбогондо деле айрылышы мүмкүн, бирок кандайдыр бир себеп менен. Негизи, мындай учурлар кѳп эле кездешет. Кѳбүнчѳ шпагатка отуруу, буттарды чоюу сыяктуу кѳнүгүүлѳр аткарылган спорт же бий менен алектенген кыздарда болот. Кээде гимен травмадан улам, маселен, этек кир келип жатканда тампонду катуу тыгып жибергенде; туура эмес жыгылганда; оор нерселерди кѳтѳргѳндѳ айрылып кетет.

Кыздык челинин айрылып кеткенине байланыштуу күмѳн жаралса: эгер кындын тегереги ооруп, кан аралаш суюктук чыгып жатса — аялдардын форумдарында берилген кеӊеш боюнча «ѳз алдынча күзгү менен кароого» болбойт. Инфекция кирип кетиши ыктымал. Эӊ мыкты чечим — гинеколог врачка кайрылуу.

Эгерде узак убакыт бою жыныстык катнаш жок болсо, кыздык чели кайра бүтѳлүп калабы?

Жок. Интернетте ошондой болгонун баяндаган кѳп окуялар бар. Бирок алардын баары теӊ күмѳндүү жана врачтар тарабынан тастыкталган эмес. Ошону менен бирге эле, кээде чел айрылбай, жѳн эле чоюлуп кала турганын да эскерте кетмекчибиз. Кээ бир аялдар бир нече жыл бою активдүү жыныстык жашоо менен жүрүп, кийин гана кыздык белгисинин бүтүн экенин аныктап чыккан учурлар бар. Бирок, бул - чел айрылган соӊ кайра бүтѳлүп калды деген маанини билдирбейт.

Булак: Двор Медиа