Биз эмнелерге жоопкербиз?

Жоопкерчиликти моюнга алуунун кереги барбы?

Жоопкерчиликтин бир канча түрү бар: юридикалык, социалдык, моралдык жана жеке жоопкерчиликтер ж.б.у.с. Кеңири мааниде караганда, жоопкерчилик бул адамдын өз жүрүм-турумун, сезимдерин жана жеке ойлорун башкара алуу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле жасалган тандоого жана андан алынган социалдык жана жеке жыйынтыктарына жооп берүүгө даярдыгы. Башкача айтканда, өзүнө жоопкерчиликти алган адам, иш-аракетти аткаруу милдетин жана анын жыйынтыктарын өз мойнуна алат.

Жоопкерчилик пайдалуу иш-аракеттерге себепкер болот. Мисалы, Мехмет Акиф университетинин (Түркия) жана Трента университетинин (Канада) психологдору Гёкмен Арслан менен П. Вонг жоопкерчиликти өлчөө ыкмасын иштеп чыгышып, жоопкерчиликтүү аламдарга тийиштүү позитивдүү аспекттердин тизмесин түзүшкөн:

●     жоопкерчиликтүү болуу - бул маңыздуу жашоого түрткү берген сырткы шарттарды кабыл алуу;

●     жоопкерчиликти бийик туткан адамдар башкалардан жардамын аяшпайт, өзгөлөрдү сыйлайт жана коомдун өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет;

●     жоопкерчилик өспүрүм мезгилден бойго жеткен куракка ийгиликтүү өтүүнү камсыздайт, анткени жоопкерчиликтүү болуу социалдык оң жүрүм-турумду өнүктүрөт жана бекемдейт;

●     жоопкерчиликти өзүнө алган адамдар мыкты тандоолорду жасашат жана эң жакшы чечимдерди кабыл алышат;

●     жоопкерчиликтүү адамдар жашоолоруна канааттануу менен жашашат жана психологиялык дистресске азыраак кабыл болушат.                                                   

Эмне үчүн адамдар жоопкерчиликтен качышат же жоопкерчиликти алуудан коркушат?

“Жөргөмүш киши” ааламындагы Бен байке айткандай: “Чоң жоопкерчилик чоң күч менен келет”. Жоопкерчиликтүү болуу бир тараптан алып караганда жакшыдай сезилет, анткени өзүңө жана өз күчүңө көбүрөөк ишенип, өзүңдү “чоң киши” катары сезип баштайсың. Бирок жоопкерчиликтен коркуу эмнеден улам пайда болот? Эмне себептен кээ бир адамдар милдеттүү болууга даяр эмес?

Психолог Ханан Парвез PsychMechanics блогунда бул көрүнүштүн 5 себебин негиздеп берген: 

1. Тажрыйбанын жетишсиздиги

Мисалы, 1-курстун студенти тайпа башчысы болуудан коркот, анткени ал буга чейин лидерлик позицияда болгон эмес.

Эмне кылса болот:

●     Анчалык көп эмес жоопкерчилик алса болот- мисалы, тайпа башчысынын жардамчысы катары бир аз убакытка иш алып баруу. 

●     Коопсуз шарттарда өз күчүн сынап көрүү - мисалы, достор же жакындар үчүн саякат уюштуруп көрсө болот.

 2. Көңүл калтырган тажрыйба

Мындай да вариант болушу мүмкүн - балким ал адам жоопкерчилик алып өз алдынча иш алып барган бир учурда мүчүлүштүк кетирип алган. Мисалы, жакында эле эрезеге жеткен кыз ата-энесинин коштоосуз дарыгерге барууну чечет дейли. Катталган соң, белгиленген убакка дарыгерге келет, бирок ал тийиштүү кагаздарды унутуп калгандыктан, кызды кабыл алуудан баш тартып коюшат. Буга капаланган кыз мындан ары дарыгерге жалгыз келүүдөн заарканып калат. 

Мындай учурда эмне кылса болот:

●     Башка ийгиликтүү тажрыйбаларына көңүл чордонун буруу керек - мисалы, буга чейин ал кыз өз алдынча билет сатып алып, башка шаарга жалгыз эле барып турчу;

●     Ийгиликсиз тажрыйбасын ой элегинен өткөрүп, кетирген каталарын аңдап түшүнүү зарыл. Келечекте каталарын кайра кантип кайталабоо ыкмалары тууралуу ойлонушу керек;

●     Ийгиликтүү тажрыйба алуу - мисалы, дагы бир жолу дарыгерге баруу аракетин көрүү. Бул жолкусунда керектүү документтер менен кайрылуу.

 3. Перфекционизм жана ката кетирип алуу коркунучу

Перфекционист адамдар жоопкерчилик алууда, “баардыгы идеалдуу болсун, болбосо такыр жок болсун”деген пикирди карманышат. Мындай адамдар аракет кылбай туруп эле, бир нерсе кылгандан корко беришет. Мисалы, абитуриент өз кыялындагы окуу жайга тапшыруудан тартынат, анткени ал өзүн буга татыксыз сезет.

Эмне кылса болот:

●     өзүндөгү перфекционизм боюнча психолог/психотерапевт менен же өз алдынча ишөө керек;

●     өзүнө болгон талаптарды азайтуу зарыл- мисалы, кыялындагы окуу жайга баары бир тапшырып көрүү керек.

 4. Терс эмоцияларга болгон сабырсыздык

Жоопкерчилик алуу - демек, ыңгайлуу көндүм жашоодон чыгуу, мындай кадам коркуу, кооптонуу сезимдери менен коштолот. Мисалы, жаш жигит тайпалаш кызына болгон жылуу сезимдерин билдиргенден коркуп жүрөт дейли. Ал сунушту кыз кабыл албай коет деп жүрө берет, бул болсо ага капа гана алып келери бышык. 

Эмне кылса болот:

●     Мындай учурда ойлорду жана сезимдерди аныктап алууга аракет кылуу керек. Кайгы-капалуу ойлорду жакшы ойлорго алмаштыруу зарыл;

●     Эмоцияларды башкарууну үйрөнүү керек, бул үчүн негативдүү эмоциялар боюнча тренингге катышса болот; кыз тарабынан ар кандай күтүлбөгөн реакцияларына даяр туруусу шарт.

 5. Олдоксон көрүнүүдөн коркуу

Жоопкерчиликтен коркуунун артында башка адамдардын ишеничин актабай калуу коркунучу турушу мүмкүн. Мисалы, сени мектептеги концертке алып баруучу кылып дайындашты дейли. Сен көпчүлүк алдына сүрдөбөй чыгасың, бирок мынчалык чоң аудиторияга чыга элек болчусуң. Сенде мугалимдерди жана мектеп жетекчилигин оңтойсуз абалга кептеп коем деген коркунуч боло берет.

Эмне кылуу керек:

●     Жакындарыңдын колдоосуна ээ бол - мисалы, досторуңдун колдоп турууларын суран.

●     Сендеги коркуу сезимдериң тууралуу айланадагылар менен бөлүш - толкунданып жатканыңды мугалимдерге ачык айт.

Жамааттык жоопкерчилик кандай болот?

Жамааттык иштер жөнүндө мем көрдүң беле? Ар бир жамаатта төмөнкүлөр бар:

●     иштердин 99 пайызын кылат,

●     эмне болуп жатканы менен иши жок,

●     жардам берем деп коюп, эч кандай жардам бербейт,

●     иш башталганда жок болуп, иш аяктаганда пайда болот.

Бул мем эмнеликтен чындыкка жакын? Социалдык психологдор биргелешкен жамааттык иш-аракеттердин өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берүүгө аракет жасап келишет. Мисалы, алар жамааттык жоопкерчиликке байланыштуу эки эффект ачышкан: күбө жана социалдык жалкоолук эффектилери.

Күбө эффектиси - бул феномен. Мында кыйынчылык убактарда муктаждарга жардам берүү көрсөткүчү күбөлөрдүн саны көбөйгөн сайын ошончолук төмөндөйт. Бирок бул коопсуз жагдайларда, мисалы, окуучулардын же студенттердин долбоорлору үзгүлтүккө учураганда же жумушта келишпестиктер болгон учурларда иштейт. Эгерде чукул абал (жол кырсыгы сыяктуу) жаралса, эксперименттер көрсөткөндөй, күбөлөрдүн санына карабай адамдарга жардам көрсөтүлөт. 

Эмне себептерден улам байкоочулар жардамга келбей коерун америкалык изилдөөчүлөр Бибб Латане жана Стив Нида 3 психологиялык процесстер аркылуу түшүндүрүп беришкен:

1.Аудитория токтотот:(audience inhibition): байкоочу абалды туура эмес түшүнүп алуу коркунучунан улам болуп жаткан жагдайга кирише албай калат. Ал өз аракети чоочун адамдар тарабынан туура эмес кабыл алынып калабы деп чоочулайт. 

2. Коомчулуктун таасири: (social influence): качан адам бир жагдайга туш болгондо, алгач андагы абалга баа бериши керек болот. Бул баа ошол ситуациядагы башка адамдардын жүрүм-турумунан улам келип чыгат. Башкалар жардам бербей жатканын көргөн күбө абал анчалык деле коркунучтуу эмес экен деп түшүнүп, ал дагы жардам берүүдөн баш тартат.

3. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү (диффузия) (diffusion of responsibility): Эгер байкоочу түзүлгөн абалда жардам бере алган башка адамдардын бар экенин билсе, анда ал жоопкерчиликти аларга арта салат.

Социалдык жалкоолук эффектиси — бул феноменде командада катышуучулардын саны өскөн сайын ар бир катышуучунун орток ишке кошкон жеке салымы да азаят. Социалдык жалкоолук төмөнкү учурларда күчтүүрөөк байкалат:

●     орток маселени чечүүдө жеке салымдарды баалоо мүмкүн эмес учурларда;

●     чечилүүчү маселе адам үчүн анчалык мааниге ээ болбосо;

●     чала тааныш адамдар менен иштөө туура келсе жана жалпы ишке салым кошуу нормасын билбеген учурларда; 

●     кесиптештери андан мыкты жана көбүрөөк иштейт деп күткөн учурларда;

●     бардык жамаатка салыштырмалуу адамдын жалпы ишке кошкон жеке салымы анчейин бааланбаса.

Социалдык жалкоолук феноменинде жыныстык жана маданий айырмачылыктар өзгөчөлөнбөсө да, аялдар жана чыгыш маланиятынын өкүлдөрү арасында мындай жалкоолуктун төмөндүгү байкалат. Ошондой эле мындай көрүнүш төмөнкү учурларда азаят:

●     жалпы маселени чечүүдө ар бир жеке эмгек бааланса;

●     эгерде адам жакшы тааныштарынын же досторунун арасында иштесе;

●     орток тапшырма абдан чоң мааниге ээ болсо.

Жеке жоопкерчиликтин чеги: мага тиешелүү/мага тиешеси жок

Мен эмнелерге жоопкер экенимди кантип түшүнөм? Эгерде бул күнүмдүк турмуштагы жоопкерчилик жөнүндө сөз болсо, анда жооп жөнөкөй: сен өзүңө (жүрүм-турумга) гана жоопкерчилик аласыз. Ал эми жашы жете элек балдарың болсо, аларга сен жоопкерсиң. Сен өзүң эрезеге жете элек болсоң, анда ата-энең же сагае дайындалган камкор адам сага жоопкерчилик алышат. 

Сеенин иш-аракеттериңдин алынган жыйынтыктарга тийгизген таасирин канчалык эрте түшүнсөң, ошончолук тезирээк аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү адам болосуң. Бул болсо башка маселе.

Жамааттык жоопкерчилик жөнүндө эмне айтууга болот? Эгерде сен бир нече адам менен жалпы иш кылып жатсаң (достор менен пикник же классташтар менен акыркы коңгуроо уюштуруу болобу) алдын-ала жоопкерчилик багыттарын белгилеп алуу абдан маанилүү.

Жоопкерчилик чеги бул - жамаат ичинде бир адам милдетин алып аткаруучу иштердин чеги. Иштерди мындай бөлүштүрүү натыйжалуу болот, анткени:

●     Жамааттын катышуучуларына жумуштар ич-ара бөлүнүп берилет. Мындай учурда кимдин жумушу көп, кимдики аз экени байкалып турат.

●     Жооптуу адамдар дароо дайындалат. Ар ким өзүнө тийиштүү иштерге өзү жооп берет.

●     Иштин жүрүшүндө жоопкерчиликти башкага түртө салуу мүмкүн болбойт. Аткарылчу иштер боюнча алдын-ала келишип аласыз. 

Жеке жоопкерчилик чеги боюнча алдын-ала сүйлөшүлбөй калса эмне болот? Же сүйлөшүлгөн күндө дагы иштин жүрүшүндө күтүлбөгөн жагдайлар чыгып, дагы башка тапшырмалар чыгып калды дейли?

Жооп - кептешип, бир мунасага келүү зарыл. Дагы кайсы маселе калды, ким кайсы мөөнөттө бүтүрөт, эмне эсепке алынбай калганын белгилеп алуу шарт. Андан соң жооптуу кишини төмөнкү принциптерге таянып, тандап алуу керек:

●     Колу боштугу боюнча (кимде аз иш болсо, ошол алат;

●     Көрөгөчтүгү боюнча (кимдин иш-билгилиги жогору болсо, ошол алат);

●     Каалоосу боюнча (кимдин каалоосу күч болсо, ошол алат).

Кимдир бирөө тапшырманы сага өткөрүп берүүгө аракет кылат. Ооба, бул чындап эле мындай жагдайлар форс-мажордук учурларда түзүлүп калышы мүмкүн. Бирок кээде адам эч кандай себепсиз жоопкерчиликтен баш тарткан учурлар да жолукпай койбойт.

Сага башкага тийиштүү жумуштун бир бөлүгүн аткарып коюу кыйынга турбашы мүмкүн. Бирок макул боло электе, анын кесепеттери жөнүндө ойлонуп көр. Башка бирөөнүн жоопкерчилигин алганыңда:

●     Сен алган иштин натыйжалары үчүн жооптуу болосуң;

●     Өз ишин сага тапшырган адам сенин боорукерлигиңе көнүп алып, кийинки жолу дагы жоопкерчиликти сага жүктөй берет;

●     Өз жумушуңду аткарууга сенин убакыт жана ресурстарың кемийт.

Эгер сен башкалардын жумушун аткаруудан баш тартуу чечимин кабыл алган болсоң, анда биз бул үчүн сылык жана ынанымдуу коммуникация ыкмаларын сунуштайбыз. Мисалы: “Мага ишенгениң үчүн рахмат. Бирок азыр башка иштерди кылууга даяр эмесмин”, “Мени жакшы аткаруучу катары эсептегениңе кубанычтамын. Бирок азыр өз милдеттериме гана убактым жана күчүм бар”. Бирок башкалар суранбаса да, мен өзүм жоопкерчилик ала берсемчи? Анда сен гипер-жоопкерчиликке дуушар болушуң мүмкүн. Бул тууралуу кийинки посттордон оку.

Аткарылчу милдеттер боюнча кантип макулдашуу керек?

 Биргелешкен ишти баштоодон мурун - бул окуучулук, студенттик же жумуш долбоору болобу - жоопкерчиликтин бөлүнүшү боюнча өзүнчө убакыт таап сүйлөшүү керек. Ким иштин кайсы бөлүгүн канча убакытта аткара алары боюнча келишип алуу зарыл.

Сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгаруу үчүн, төмөнкү алгоритм менен иш алып баруу керек:

1. Биринчиден, силер каалаган натыйжага жетүү үчүн максаттарды аныктап алгыла.

2. Андан кийин бул максатка жетүү үчүн аткарыла турган бардык тапшырмаларды жазгыла. Алар мүмкүн болушунча так түзүлүшү керек.

 3.Андан кийин команданын ар бир мүчөсүнүн компетенттүүлүгүн баалагыла - ким кайсы ишти мыкты жасай алат?

4. Андан кийин, команданын ар бир мүчөсүнө тапшырма бергиле. Бир эле учурда бир нече адам бир ишти аткара алары сыяктуу эле, бир нече тапшырманы бир эле адам аткарып коерун эстен чыгарбагыла. Команданын ар бир мүчөсүнүн шыктануусун жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу да маанилүү. Адам өзүнө жүктөлгөн ишти бүтүргөнгө кудурети жетсе да, аткаргысы келбейт же убактысы жок болгон учурлар да бар.

5. Кийинки кадам - ишти бүтүрүү мөөнөттөрүн белгилеп алуу керек. Дагы бир ойлоно турган нерсе, бир иштин жыйынтыгын күтүп, анан аткарылчу тапшырма барбы? Эгер бар болсо, анда мөөнөттөрдү белгилөөдө бул жагдайды да эске алабыз.

6. Долбоордун менеджери сыяктуу команданын ишин көзөмөлдөй турган атайын бир адамды тандап алуу керек. Ал тапшырмалардын аткарылышын, бүтүрүү мөөнөттөрүн жана сапатын көзөмөлдөйт, катышуучулардын ортосундагы иш-чараларды багыттап турат.

Гипер-жоопкерчилик: сен баарын жана баардыгын көзөмөлдөгүң келгенде

Ар бир жеке сапатка жана жүрүм-турумга өзгөчө маани берилгенде адамда чындыкка коошпогон сапаттар пайда болот. Мына ушинтип, бардык нерсени көзөмөлдөө каалоосунан гипер-жоопкерчилик келип чыгат.

Бир жагынан алганда, мындай адам абдан натыйжалуу жана коом үчүн пайдалуу. Анткени дайыма идиш-аяк жуулган, сабактар өз убагында даярдалган, ит таза абага чыгарылып келген дейли. Бирок узак мөөнөткө созулган мындай гипер-жоопкерчилик бул адамга зыян келтириши толук ыктымал. Адамда аябай чарчоо, тынчсыздануу пайда болуп, депрессияга тушугушу мүмкүн.

Психолог Эллен Хендриксен гипер-жоопкерчиликтин 4 белгисин сүрөттөйт:

  1. Өзүн күнөөлүү сезүү — гипер-жоопкерчиликтүү адам бардык нерсени өз көзөмөлүнө ала албаганынан улам, өзүн айыпкер сезет. Ага өзүнүн иштерине гана эмес, айланадагылардын кылганына да ал жооптуу сыяктуу туюла берет.
  2. Чыр-чатактан качуу- Жоопкерчилик тууралуу талкуулап, башка адам менен чыр-чатакка баргандан көрө гипер-жоопкерчиликтүү адам үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу оңойго турат.
  3. Башкалар аны колдонуп жаткандай сезүү - гипер-жоопкерчиликтүү адам, эреже катары, ал өзүнө тийиштүү эмес кошумча жоопкерчиликти өзүнө жүктөйт. Ал эми милдеттенме кабыл алуу чечими ыктыярдуу болгон күндө да, адам көп учурда башына үйүлгөн көп сандагы иштерден улам чарчайт. Ал айланадагылардын баары аны колдонуп жаткандай сезимге ээ болот.
  4. Өзүн керектүү сезүү каалоосу - адамдардын гипер-жоопкерчиликтүү болушунун себептеринин бири - кабыл алынууга, өзүн көрсөтүүгө болгон муктаждык. Мындай адамдар башкалар аларды жөндөмдүү жана керектүү адам катары эсептешсе деп каалашат. Эгер гипер-жоопкерчиликтүү адамдын аракеттери жакындарына жагып, мактоого арзый баштаса, анда ал чындап эле ошол жүрүм-турумга ээ болот. Анткени ал каалаган натыйжасына жете алды.

Ошентип, өтө жоопкерчиликтүү адамдар көбүнчө жоопкерчилик чөйрөсүн бөлүштүрүүдө көйгөйлөргө туш болушат. Төмөнкү суроолордун тизмеси бул чектерди так аныктоого жардам берет:

●     Менин жеке жоопкерчилигим кимге пайдалуу?

●     Мен бул жоопкерчиликтен кандай пайда алам?

●     Милдеттерди өз мойнума алып, кимди жоопкерчиликтен бошотом?

●     Бул жеке жоопкерчиликти албоо үчүн эмне кылсам болот?

●     Эгер бул дагы эле менин жеке жоопкерчилигим болсо, күнөөлүү жана башка терс сезимдерди баштан кечирбеш үчүн кандай иш-аракет кылышым керек?

Гипер-жоопкерчилик менен өз алдынча күрөшүү татаал болот. Эгерде сен өзүңдөн бул өзгөчөлүктөрдү байкасаң жана бул сенин жашооңду кыйындатып жатканын түшүнсөң, анда психотерапевттин жардамына кайрылуу жакшы чечим болуп саналат.

Гипержоопкерчилик кантип калыптанат?

1999-жылы Пол М.Салковскис жетектеген англиялык-канадалык илимпоздор тобу бийик жоопкерчилик сезимин калыптандырууга алып келүүчү 5 шартты аныкташкан.

1. Үй-бүлөлүк тарбия

Кээ бир балдар түзүлгөн жагдайдан же ата-энелердин туура эмес тарбияларынан улам жоопкерчиликти өтө эле эрте алышат. Маселен, ата-эне баланы өзүнө эмес, бир туугандарына кам көрүүгө мажбурлашат. Же ата-эне өздөрүнө кам көрө албагандыктан, балдары аларды кароого жана тиричиликке аралашууга аргасыз. Мындай кырдаалда балдарда бийик жоопкерчилик өтө маанилүү деген ишеним бекемделет.

2. Жүрүм-турумга болгон катуу талаптар

Кээ бир балдар милдетти аткаруу жана катуу эрежелерди сактоо жогору бааланган чөйрөдө чоңоюшат. Мындай балдардын ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму ошондой калыптангандыктан, алар үчүн ой деңгээлинде да көрсөтмөлөрдү бузуу өтө коркунучтуу.

3. Жоопкерчиликти чектөө

Үй-бүлө баланын жоопкерчилигин чектеген тескери жагдайлар бар. Ата-эне балага "кыла албайсың", "айлана-чөйрө кооптуу", "текшерип туруу керек" деген ойлорду таңуулашат. Адамда айлана-чөйрөнүн кыйынчылыктарына туруштук бере албайм деген ишеним пайда болуп, ал кылган ишине өтө кылдат мамиле кылып калат.

4. Адамдын иш-аракеттери натыйжага таасир эткен конкреттүү бир окуя

Гипер-жоопкерчиликтин дагы бир пайда болуу жолу - ошол адамдын жоопкерчиликтүү же, тескерисинче, жоопкерчиликсиз мамилеси бир жагдайда таасирдүү роль ойногон. Эки вариантын карап көрөлү. Биринчиси, адам жоопкерчилигин мыкты аткарып, жакшы натыйжаларга жетишкен. Айталы, бир жөө адам башка жүргүнчүнүн кызыл жарыктан өтүп баратканын көрдү. Ал анын колунан тартып токтоткондо, бир машина өтүп кетти. Чынында мындай жоопкерчиликтүү аракети менен биринчи жөө жүргүнчү экинчисинин өмүрүн сактап калган. Дагы бир вариант - адам жоопкерчиликти албаганда, бул терс натыйжага алып келди. Мисалы, абитуриент мамлекеттик сынакта жооп бланкасын кунт койбой толтургандыктан, керектүү упай топтой албай калган. Ошондон бери ал мындай иштерге кылдаттык менен мамиле жасай баштады.

5. Капысынан төп келип калган кокустуктардын катары

Адам өзүнүн ойлору жана/же аракеттери (аракетсиздиги) калпыс окуянын себепкери болду деген жаңылыш ойлорунан улам гипер-жоопкерчиликтүү болуп калышы мүмкүн. Мисалы, мектеп окуучусу аны ызаланткан бейбашка ичинен жамандык каалап койду дейли. Күтүлбөгөн жерден ал жаракат алып калат. Албетте, ойлор аркылуу башка адамдын абалын оорлотуп коюу мүмкүн эмес. Бирок когнитивдик катага жакын адамдар бул эки байланышсыз окуяны бир себептик чынжырга бириктирип коюшат.

 Жоопкерчилик алганга кантип үйрөнүү керек?

Эгер кандайдыр бир жоопкерчиликтен баш тарткың келсе, эмне кылуу керек? Бирок жоопкер болуудан качуунун кереги жок. Жөн гана аны сабырдуулук менен кабыл алууну үйрөнүшүң керек.

Кризистик психолог Ольга Литвякова төмөнкү кеңештерди сунуштайт:

 ●     Өзүңдүн жана башкалардын алдында жасаган иштериң жана алардын жыйынтыктары үчүн жооп бергенге көн

Мисалы, эгер сен убада берип, бирок аны аткарбасаң - бул тууралуу жашырбай чынын айт. Алдын ала эскертип коюуга мүмкүн болсо, эскерткен оң. Терс кесепеттерди кабыл алууга даяр бол. Аткара албай калып, жоопкерчиликтен качкандан көрө, кесепети болсо дагы жоопкерчиликти моюнга алган жакшы. Ошондо сен аброюңду жоготпойсуң.

●     Жоопкерчиликти сырткы шарттарга оодарганды токтот

Мисалы, сынакты жакшы балл менен тапшыра албай калганың үчүн мектепти/мугалимди күнөөлөгөндү токтот. Кырдаалды талдоодон мурда өз каталарыңды аныктап ал.

 ●     Көңүл чордонун жашоого тоскоол болгон тышкы жагдайларга эмес өзүңө, ойлоруңга, сезимдериңе, эмоцияларыңа, аракеттериңе бур

Ооба, сенин жашооңдо оор жагдайлар болушу мүмкүн. Мисалы, сен көзөмөл катуу үй-бүлөдө чоңойдуң, анда сен үчүн чечимдер кабыл алынган болчу. Бирок азыр тигил же бул кырдаалда кандай иш-аракет кылуу керек экенин сен тандайсың - өзүңдүн иш-аракеттериңе, каалоолоруңа, иштериңдин артында турган кесепеттерге көңүл бур.

  ●     Эч кандай шарт койбой туруп, аракетти баштоо керек.

Бул “Бейшемби күнкү жаандан соң” классикалык көрүнүш. Көпчүлүк дүйшөмбү күндөн баштап спорт менен машыгууга убадаларын берет. Бирок кеп дүйшөмбүдө эместигин баары эске ала беришпейт. Маанилүү сааттарда толкундануудан улам шыктануу төмөндөп кетиши ыктымал. Ошондуктан, дүйшөмбү күн келсе да, кыймылдаганга каалоо жок болсо, “кыймыл-аракет мотивациядан биринчи турат” деген концепцияны кармануу керек.

 ●     Аракетиңдин жоктугун актап, өзүңдү жана жөндөмүңдү төмөн баалаба.

Адамдар мамиле курууда биринчи кадамды жасашпайт, анткени алар өздөрүн сүйүктүүсүнө "татыксыз" деп ойлошот. Же каалаган университетке тапшыруу үчүн арыз беришпейт, анткени алар алдын-ала эле окууга өтө албайм, өтсөм да окуп кете албайм деп ишенип алышып, аракет кылып дагы көрүшпөйт.

 

Булак: двор медиа