Аялдын денеси боюнча туториал

Аялдын органдары: энелик бездер

Аял кош бойлуулукту таптакыр пландабаган учурда деле ѳспүрүм курактан баштап менопаузага (айызы толугу менен токтоп, бала тѳрѳѳгѳ жѳндѳмдүү курактан ѳткѳн мезгил) чейинки мезгилде анын организми потенциалдуу бойго бүтүү жана тукумду кѳтѳрүүгѳ даяр болот.

Бул процесстин негизги оюнчулары — репродуктивдик системанын органдары. Атап айтканда, энелик бездер. Мааниси боюнча, алар жумурткаларды чоӊойтуп, сактаган инкубатор сымал. Мындан тышкары, энелик бездер айыз циклин жана кош бойлуулукту кѳзѳмѳлдѳп турган жыныстык гормондорду иштеп чыгат. Мындай гормондордун башкылары болуп, эстроген жана прогестерон эсептелет. Энелик безден экѳѳ болот жана алар кичи жамбаш чарасынын ичинде — жатындын эки тарабында симметриялуу жайгашкан. Алар жатынга жабышып турган байламталар менен кармалып турат. Энелик бездердин ар бири бадам формасында болуп, орточо узундугу 2–4 см, эни болсо 1,5–3 см түзѳт. Бирок этек кир циклинин фазасына жараша ѳлчѳмү бир аз ѳзгѳрүп турат.

Энелик бездерде аял киши тѳрѳлгѳндѳн баштап эле миӊдеген жетиле элек энелик клеткалар болот. Жыныстык жактан жетилген мезгилден тарта, алар кезеги менен ѳрчүп, жатынга барат. Бул ай сайын (ар бир айыз циклинде) болуучу кубулуш жана овуляция деп аталат. Адатта бир овуляцияда бир энелик клетка чыгат. Бирок айрым учурларда энелик бездер энелик клеткадан бир нечени чыгарат же болбосо бирди дагы чыгарбай калышы ыктымал.  Энелик клеткалар — бул эркек жыныс клеткалары (сперматозоиддер) менен биригип, түйүлдүктү пайда кылган ургаачы жыныс клеткалар. Эркектерде ѳмүр бою иштелип чыккан сперматозоиддерден айырмаланып, энелик клеткалар менопаузага чейин гана чыгарылат.

Орто эсеп менен менопауза 49-53 жаштарда башталат. Мунун себеби аялдын жашы ѳткѳн сайын энелик бездерде энелик клеткалардын ѳрчүшү үчүн зарыл болгон гормондордун деӊгээли түшѳ баштаганында. Жыныстык жактан жетилген мезгилден баштап менопаузага чейин энелик бездер болжол менен 400-500 энелик клетка ѳндүрүп чыгат.   

Овуляция, же болбосо энелик клетканын чыгуусу бир нече этапта ишке ашат. Ар бир энелик бездин ичинде фолликулдар — ичинде энелик клеткалар уктап жаткан кокондор бар. Жыныстык гормондор фолликулдарды ѳсүп-жетилүүгѳ стимуляциялайт. Эӊ сезгич энелик клетка баарынан тез ѳсѳ баштайт. Анын ѳлчѳмү чоӊоюп, энелик бездин дубалына жакындайт. Жетилген соӊ, фолликул жарылып, энелик клетканы фаллопий түтүгүнѳ коё берет (бул орган тууралуу кийинчерээк айтып беребиз, образдуу түрдѳ аны энелик безден жатынга барган тоннель катары элестетүүгѳ болот).

Андан ары энелик клетка фаллопий түтүгүнѳн жатынга түшүп, ал жерден негизги эки сценарийди күтѳт: биринчиси — сперматозоид менен биригип, натыйжада түйүлдүк пайда болот да, андан ары кош бойлуулук ѳрчүйт. Ал эми экинчиси —энелик безден чыккан соӊ уруктанбаган энелик клетка 12-24 сааттан кийин ѳлѳт жана организмден этек кир агуулары менен чыгып кетет.

 Чоӊ жана кичи жыныс эриндери

Чоӊ (же сырткы) жыныс эриндери — калган сырткы жыныс органдарын курчап жана коргоп турган тери бүктѳмдѳрү. Алар калтаныкындай эле эмбриологиялык ткандан турат. Ушул себептүү тер жана май бездери, нерв учтары, чач фолликулдары окшош, жана дагы эротикалык стимуляцияга ошондой эле реакция кылат.

Кичи (же ички) жыныс эриндери чоӊ жыныс эриндеринин ичинде орун алып, кынды (жатынды дененин тышкы бѳлүгү менен бириктирип турган канал) жана уретраны курчап турат. Кичи жыныс эриндеринин териси пенистин терисине кѳбүрѳѳк окшоп кетет: анда түк жок, бирок чет жактарында ѳтѳ кѳп нерв учтары бар.

Кичи жыныс эриндери сексуалдык жактан ѳтѳ сезгич келет – башкача айтканда, аял дүүлүккѳн учурда тканы кѳѳп, 2-3 эсе калыӊ болуп калат. Мындан тышкары, кичи эриндер клитордун башы менен биригип тургандыктан, жыныстык катнаш же тийип-кармалоо учурунда алардын кыймылы клиторду кошумча стимуляциялай алат. 

Анатомиялык жактан жыныс эриндеринин формасы менен ѳлчѳмү ар түрдүү болушу мүмкүн. Ошону менен бирге эле, айрым маданияттарда жыныс эриндери кандай болушу керек экендигине байланыштуу салттуу түшүнүктѳр да бар.

Маселен, Африканын кээ бир жерлеринде ѳспүрүм кыздар убакыттын ѳтүшү менен чоӊоюусун камсыздоо максатында жыныс эриндерин атайылап чоюшат (бир катар ѳлкѳдѳ процедура ден соолукка зыяндуу деп эсептелип, мыйзам тарабынан тыюу салынган).

АКШда кээ бир жыныс эриндери чоӊ аялдар аларды кичирейтүү максатында операция жасатышат. Бул болсо аталган маданиятта кичине жыныс эриндери кѳбүрѳѳк эстетикалуу деп эсептелгенине байланыштуу болсо керек. Себеби, порнографиялык фильмдерде кѳбүнчѳ дал ушундай кичине жыныс эриндерин кѳрсѳтүшѳт.

Кын

Мындан мурунку постто айтып берген кичи жыныс эриндери уретранын — заара чыгаруучу каналдын жана кындын тешиктерин курчап турат. Андан арыраак, чоӊ жыныс эриндеринин терисинин алдында, бартолин бездери жайгашкан. Алар сексуалдык дүүлүгүүдѳ түссүз илээшкек суюктукту — майлоочу затты бѳлүп чыгарат.

Кын — аялдын бүтүндѳй тышкы жыныс органдарын белгилѳѳ үчүн туура эмес колдонулуп жүргѳн термин. Чынында, жалпы атоо үчүн – вульва терминин колдонуу зарыл. Ал эми кын — вульванын бир бѳлүгү, болгондо да ички бѳлүгү. Мааниси боюнча, бул жатындагы нерселер сыртка чыга турган чоюлуучу түтүк.

Жатындан сыртка этек кирдин каны же болбосо ымыркай чыгышы мүмкүн — баары сперматозоиддин энелик клеткага жетүүсүнѳн кѳз каранды. Тампондор, бармактар, секс-оюнчуктар дагы кындын ичине киргизилет.

Кындын узундугу 8-10 сантиметрге жетет, бирок, аял дүүлүккѳн абалда ал андан да ийкемдүү болуп, 12 сантиметрге чейин узарышы мүмкүн.

Кындын эротикалык кызматы негизинен анын клиторго карата жайгашуусу менен аныкталат. Эгер аял кындын алдыӊкы дубалын стимуляциялоодон ырахат алса, анда буга клитордун ички бѳлүгү жардам берди деп айтууга болот.

G чекитин табуу дагы ушуну менен эле байланыштуу. G чекити – стимуляцияланышы ѳтѳ күчтүү оргазмга алып келе турган кындын алдыӊкы дубалындагы чекит. Изилдѳѳчүлѳр бул баалуу чекиттин орун алган жерин анатомиялык жактан далилдей алган жок. G чекити – клитор ич жагынан кыйла натыйжалуу стимуляциялана турган кындын бир жери деп болжолдоого болот.

Жатын

Жатын – аялдын жамбаш чарасында табарсык менен кѳтѳн чучуктун ортосунда жайгашкан ичи кѳӊдѳй алмурут сымал орган.

Жатындын капталы ичинен сыртты кѳздѳй үч: былжырлуу (эндометрий), булчуӊдуу (миометрий) жана сероздуу (периметрий) катмардан турат. Акыркы катмар – органдын мембраналуу кабыгы болуп саналат.

Анатомиялык жана функциялык жактан жатын: жатын түбү, тулкусу жана жатын моюнчасы деп үч бѳлүккѳ бѳлүнѳт. Тулку – жатындын алмурут сымал бѳлүгү. Энелик клетка фаллопий түтүктѳрүнѳн дал ушул жерге түшүп, эндометрийге жабышат – натыйжада бойго бүтѳт.

Жатындын түбү – жатындын тулкусу менен моюнчасынын ортосундагы ичкерип кеткен жер. Ал тѳрѳт учурунда гана анатомиялык-функционалдык роль ойнойт. Ал эми жатын моюнчасын туурасынан кесип карай турган болсок, ал ортосунда кичинекей тешиги бар пончикке окшош. Тешик ѳтѳ эле кичине болгондуктан, тампон же секс-оюнчуктар сымал предметтердин жатындын ичине кирүүсү мүмкүн эмес. Жатын моюнчасы тѳрѳт учурунда гана ачылат.

Жатында түйүлдүк ѳрчүбѳй турганда ал аялдын муштумундай ѳлчѳмдѳ болот: болжол менен узуну 6 см, туурасы – 4 см. Ал эми кош бойлуулук мезгилинде жатын дарбыздын кѳлѳмүнѳ чейин чоюлат.

Сексуалдык дүүлүгүү учурунда жатындын алдыӊкы бѳлүгү киндикке карай кѳтѳрүлѳт. Аял дүүлүккѳндѳ кындын узарып калышынын себеби да ушунда. Ал эми жатындын ырахатка батуудагы ролу тууралуу эч кандай илимий далил жок. Ошондуктан «жатын оргазмы» клитордун ичинен стимуляциялануусу менен гана байланыштуу деп айтууга болот.

Кызыктуусу, ѳтѳ сейрек учурларда аял киши жатынсыз же болбосо кош жатын менен тѳрѳлүшү мүмкүн. Кош жатындуу тѳрѳлгѳн аялда эки кын болуп калышы ыктымал.

Клитор

Клитор да аялдын репродуктивдик системасынын бир бѳлүгү. Бирок, мисалы, кын же пенис сыяктуу бойго бүтүү процессине катышпайт. Ал эми секстен ырахат алууда аялдын организминдеги эӊ башкы ролду дал ушул клитор ойнойт.

Негизинен ички орган болуп эсептелгени менен, клитордун бир бѳлүгү сыртта жайгашкан. Анын да пенистикиндей эле башы бар. Башы кичи жыныс эриндерден турган клитор капюшонунун астында болот. Эркектин жыныс мүчѳсүнѳн айырмаланып клитордо нерв учтары эки эсе кѳп болот: эркектин жыныс мүчѳсүндѳ 4000 болсо, клитордо – 8000. 

Клитордун сырткы бѳлүгү буурчак чоӊдугунда да, баш бармактай да болушу мүмкүн. Ички бѳлүгүнүн, үӊкүрлүү телонун узундугу — 8 сантиметрден 20 сантиметрге чейин жетет.

Ич жагынан клитор мүйүзчѳлѳрдү элестеткен эки үӊкүрлүү телого ажырап кетет. Дүүлүгүү учурунда клитордун бул телолоруна кан толуп, кынды мурункудан да катуу курчап алат. Ошол үчүн эркектин жыныс мүчѳсү киргенде жагымдуу сезимдер пайда болот. Кичи жыныс эриндеринин астындагы клитордун баштары да дүүлүгүү учурунда канга толуп, кындын кириш жерин курчап калат.  

Дүүлүгүү учурунда клитордун үӊкүрлүү телолоруна кан толуусунан улам, ал кѳѳп, чоӊоюп чыгат. Айрым аялдарда клитор үч эсе чоӊоюп кетсе, кээ бирлеринде эч кандай ѳзгѳрүүгѳ учурабайт. Бул кубулуш клитордун эрекциясы деп аталат.  

Булак: Двор Медиа