Эмоционалдык зомбулук

Абьюзерден кетүү мүмкүн болбосо, ага кантип каршы турууга болот

КѲП УЧУРДА БИЗ АБЬЮЗДУ ҮЙДѲГҮ ЗОМБУЛУК менен байланыштырып карайбыз. Статистика боюнча, баарынан кѳп аялдар жабыркайт. Ошентсе да, бул эки кѳрүнүштүн ортосуна барабар  белгисин койгонго болбойт. Эмоционалдык зомбулук тааныштар, жетекчилер же кесиптештер тарабынан кѳрсѳтүлүшү мүмкүн. Дароо бардык байланыштарды үзүп, мындай мамиледен качып кетүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт — кээде мындай «уулуктуруучу» адам менен үзгүлтүксүз жолугууга туура келет. Мындай абалда кантип ѳзүн максималдуу коопсуздандырууга жана психикасын сактап калууга боло тургандыгын карап чыгабыз.

Абьюз деген эмне жана ал эмнеси менен кооптуу

Абьюз — бул кеӊири маанисинде зомбулук, ал эми абьюзер — ал зомбулукту ишке ашырган киши, жана бул жерде кандай - физикалык, психологиялык же финансылык зомбулук экенинин айырмасы жок. Абьюз жылдар бою улана берет, жана ошол мезгил бою курмандык зордукчу ойлоп чыгарган эрежелерге баш ийип жашоого аргасыз болот. Абьюздун кооптуулугу физикалык зыян менен гана байланыштуу эмес. Кысымдын бардык түрү психикага таасир этет жана бул жерден зыянга учурабай туруп кутулуу дээрлик мүмкүн эмес. Эмоционалдык зомбулуктан денеде эч кандай так калбагандыктан, аны далилдѳѳ кыйын. Зомбулуктун бул түрү мына ушунусу менен коркунучтуу.

Кесепеттер абдан эле оор болуп чыгышы ыктымал. Алардын ичинен ачык-айкын байкалгандары — ѳзүн ѳзү баалоонун тѳмѳндѳшү, жеке кадыр-барк сезиминин жоголушу, ѳзүнүн эч нерсеге жарабай турганына ишене баштоо. Эмоционалдык зомбулуктун курмандыктары бара-бара депрессияга түшүп, патологиялык чочулоого дуушар болушат. Ал тургай абьюзерге баш ийүү травмадан кийинки бузулууга окшош стресстик бузулууга жол ача турганы жѳнүндѳ теория дагы бар.  

Достор менен кесиптештердин ичинен абьюзерди кантип аныктаса болот

Абьюзердин иш-аракеттеринин схемасы анын курмандыгы менен болгон мамилеси кандай экенине карабастан, дайыма окшош болот. Алгач адам курмандыгынын ишенимине кирет, андан кийин гана анын идеалдуулукка «жетпей жатканын» шылтоолоп, сындап жана кемсинте баштайт. Ата-эне жалгыз бир «тѳрт» деген баа үчүн урушса, досу «мамиленин жылуу болбой» жатканына таарынат, жетекчи — жумуштагы майда-чүйдѳ каталар үчүн кекетет. Бардык эле кишилердин ортосунда уруш-талаштар, таарынычтар же сындаган учурлар чыга берет — жана зомбулук ушундай кадимки түшүнбѳстүктѳр менен жамынып жүрѳт. Бул жерде айырмачылык чыр-чатак канчалык кѳп чыкканында жана тараптар кандай жыйынтыкка барганында: эгерде дайыма бир эле киши күнѳѳлүү боло берсе, анда ойлонуу үчүн себеп бар деп түшүнүш керек.

Абьюзер курмандыгын обочолонууга түртѳт, анын тегерегинде коргоочу алкакты пайда кылат —  мисалы, түз же кыйыр түрдѳ достору менен сүйлѳшүп-жолугууга тыюу салат, айланадагылардан кызганат. Акыры курмандыгы мындай уулуктуруучу мамилени эч нерсе менен салыштыра албай жана эч кимге да даттана албай калат. Абьюзер болсо, бардык кыйынчылыктар — бул ойдон чыгарылган нерселер экенин, майда-чүйдѳ нерселерге кѳӊүл бура берген курмандык ѳзү күнѳѳлүү экенин далилдей баштайт. Мындай кѳрүнүш газлайтинг деп аталат. Бул — курмандыгынын кѳйгѳйлѳрү менен сезимдерин толугу менен тоготпоо, ал тургай психикалык бузулууга кабылганына ынандырууга чейин жетет. Курмандыкта күнѳѳ сезими ушунчалык күчтүү болуп кеткендиктен, ал үчүн абьюзердин жүрүм-туруму нормалдуу жана табигый, ал эми жазалоолору менен кордоолору — адилеттүү сезилип калат. Ушул себептен улам, уулуктуруучу мамиледен жабыркаган адамдар кээде муну ѳтѳ эле кеч – зомбулук психикага таасир эткенден кийин түшүнүп калышат.

Абьюздун башкы симптому — бири-бирин колдоо керек болгон жерде паниканын келип чыгышы. Куугунтуктоочу кам кѳрүмүш болуп, контролдой берет.

Кээде эмне туура эмес болуп жатканын түшүнүү ѳтѳ эле кыйын. Зордукчунун аракеттери туура жана акылга негизделгендей сезилет, бирок мамиледеги башкы эмоциялар катары, кооптонуу жана чочулоо, бир нерсени туура эмес кылып алуу коркуусу келип чыгат. Абьюздун негизги симптому мына ушул — бири-бирин колдоо боло турган жерде паниканын келип чыгышы. Куугунтуктоочу кам кѳрүмүш болуп, контролдой берет. Мындай «дос», маселен, дайыма эле ѳнѳктѳшүӊүздүн кемчилигин айта берет же болбосо «сизди жакшы кылам деген аракет менен» ѳзүнүн ырайымсыздыгын актап, кебетеӊиз үчүн уяткара берет. Эмоционалдык зордукчу сизге жардам бергендей түр кѳрсѳтѳт. Чындыгында анын бардык аракеттери сизди баш ийдирүүгѳ багытталат: абьюзер курмандыгы чечим кабыл алууга жана тандоого жѳндѳмсүз экенин, ошондуктан дайыма туура кеӊеш берүүгѳ муктаж экенин далилдѳѳгѳ умтулат (бул кеӊешти ким бере турганы белгилүү).

Абьюзердин негизги белгилеринин бири — жеке чектерди тоготпоо, аларды маанисиз деп эсептѳѳ. Мисалы, андай деле зарылчылык болбосо да, жетекчи жекшемби күнү жумушка чыгууну суранды дейли. Буга «жок» деп жооп берсе, эмнеге болбой турганын, кандай пландар тоскоол болгонун, жана башка ушуга окшош суроолорду жаадыра баштайт. Натыйжада абьюзер курмандыгын бүтүн бул жеке пландардын маанилүү эмес, мында маанилүү болгон жумуш экенине ынандырат. Курмандыкта эмгекчил болбогону үчүн күнѳѳ сезими жаралат да, жекшемби күнү жумушка чыгат. Абьюзер-жетекчи кызмат абалынан пайдаланат. Албетте, жумушка берилгендик – бул жакшы сапат, жана ишке байланыштуу бардык манипуляцияларды жумушуна болгон сүйүү менен, кол алдында иштегендерди кордоону – компаниянын ѳнүгүүсү жѳнүндѳ кам кѳрүү менен актап койсо болот. Бирок, абьюзерге туш болгон абалда идеалдуу кызматкер, дос же уул-кыз болууга аракет кылуу – пайдасыз. Абьюзерге мыкты адамдын кереги жок, анын максаты башка — курмандыгына азап тарттыруу.

Уулуктуруучу доско кантип туруштук берсе болот

Абьюзерден ѳз алдынча качып кетүү мүмкүн эмес, жана бул жерде абьюзер сизге ким болору - ѳнѳктѳшүӊүзбү же досуӊузбу – маанилүү эмес. Бирок мындай мамиледен тезирээк кутулуу – ѳзүӊүздү сактап калуунун эӊ жакшы жолу. Бул үчүн сѳзсүз эле достуктан таптакыр кечип коюш керек эмес, кээде жѳн гана байланышты азайтуу жетиштүү болот. Абьюзерди алысыраак кармап, жеке окуяларды айтып бербей эле койгон оӊ. Эгерде куугунтуктоочу манипуляциялоого умтулса, анда алкактарды орнотуш: кѳбүнчѳ буйруктарга окшошуп кеткен ѳтүнүчтѳргѳ «жок» деп айтканды, жеке мейкиндигин коргогонду жана досунун жүрүм-туруму жакпай жатканын ачык айтканды үйрѳнүш керек. Айрым учурларда курмандыкка ѳтѳ эле катуу таасир кѳрсѳтүлгѳндүктѳн, ал туруштук берүүгѳ жѳндѳмсүз болуп калат. мындай абалда тийиштүү кишилерден жардам сурап кайрылуу жана жок дегенде эмоционалдык зомбулукка туруштук бергенди үйрѳнгѳнгѳ чейин абьюзер менен мамилени таптакыр токтотуп коюу зарыл.  Мындай кѳндүм бир эле күндѳ ѳздѳштүрүлбѳйт жана кѳп учурда курмандык жардамга муктаж болот.

Курмандык дайыма абьюзерден кандайдыр бир деӊгээлде, ал тургай кээде финансылык жактан да кѳз каранды болот. Ошондуктан, эмоционалдык зомбулуктан кийин деле андан кол үзүүнү туура эмес деп эсептейт: ѳзүн ѳзү баалоосу ѳтѳ эле тѳмѳндѳп кеткен жана жакшы досуна/ѳнѳктѳшүнѳ ишенген адам андан ары кантип жашай турганын элестете албайт. Үйдѳгү зомбулуктун курмандыктарын коргоо үчүн атайы борборлор менен психологиялык кызматтар иштейт. Бирок азырынча алардын саны ѳтѳ эле аз. Абьюзерлердин башка түрлѳрүнѳн жапа чеккен адамдар үчүн ѳзүнчѳ кызматтар жок.   Ошентсе да, психологго, адиске же психотерапевтке кайрылуу келип чыккан жагдайды талдап чыгууга жана уулуктуруучу мамилелерди ѳз убагында токтотууга жардам берет. Жакын адамдарына жардам сурап жана абьюзер менен кезектеги чыр-чатак учурунда курмандыктын таламын талашуусун, аны колдоп коюусун жана зордукчуга баш ийүү шаблонун бузууга жардам берүүсүн ѳтүнүп кайрылса болот. Ал эми зордукчуну кѳргѳндѳ курмандык ѳзүн жоготуп, сѳз сүйлѳй албай калса, анда башка кишилер ортомчу катары аракет кылса болот.  

Уулуктуруучу жетекчиге кантип туруштук берсе болот

Жетекчи менен күрѳшүү үчүн маанилүү бир каражат — документтер бар. Эгер жетекчи кызматкерин кордосо, колунан келбей турган нерселерди аткаруусун талап кылса жана кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатса, анда окуя болгон күндү жана окуянын жүрүшүн жаздырып алса болот. Бул үчүн аудиожазуу да жарайт. Муну менен укук бузуучу жүрүм-турумдун далилин камсыздаган болосуз. Бирок, абьюзер кыйкыруу же кемсинтүүгѳ карата агрессия менен реакция кылган учурда бул таасирдүү болбойт. Эч кандай себепсиз эле кордогон жана сиз болсо кандайдыр бир себепке байланыштуу кызматтан кете албай турган абалда натыйжа бере алат.   

Изилдѳѳлѳрдѳн белгилүү болгондой, жетекчиден жашынуу же ага каршы туруу аракеттери катаал мамилени андан дагы күчѳтѳт. Бул туура: эгер жетекчиӊиз сизге карата негативдүү маанайда багыт алса, анда ага каршы туруу анын кыжырын ого бетер күчѳтѳт. Ошол эле учурда зомбулукка позитивдүү мамиле кылуу менен дагы каршы туруу мүмкүн эмес. Ушул эле изилдѳѳлѳрдѳн уулуктуруучу жетекчилердин баарынан кѳбүрѳѳк аракеттенген жана иштеген кызматкерлерге деле мамилесин ѳзгѳртпѳй турганы белгилүү болгон. Кол алдында иштегендердин бардык аракеттери ѳзгѳчѳ кѳӊүлгѳ татыбаган, милдеттүү нерсе катары кабыл алынат. Эгер жетекчи абьюзер болсо кандай кылуу керек экендигине байланыштуу маселе чечилбеген бойдон калууда, себеби, каршы туруу – эч кандай майнап бербейт, ал эми ал үчүн мыкты болуу – мүмкүн эмес.     

Каршы туруунун натыйжалуу, бирок эӊ татаал жолу — бул кѳӊүл бурбоо. Манипуляцияга башында эле жол бербей, абьюзерди жеке жашоого киргизбегенге аракет кылган оӊ.

«Башка жумуш таап кетүү» варианты баарына эле туура келе бербейт, анын үстүнѳ бирѳѳнүн эмпатия жана жүйѳлүү ойго байланыштуу кѳйгѳйү үчүн ѳзүӊүздүн жеке жашооӊуз менен карьераӊызды зыянга учуратуунун кереги жок. Каршы туруунун натыйжалуу, бирок эӊ татаал жолу – кѳӊүл бурбоо. Манипуляцияга башында эле жол бербей, абьюзерди жеке жашоого киргизбегенге аракет кылган оӊ. Тек гана жекшемби күнгѳ башка пландар бар экенин айтып, майда-чүйдѳ нерселерден кабардар кылбай койгон жетиштүү. Бул эмоционалдык зордукчунун адаттарын калтырбайт, бирок сизди курмандык болуп калуудан сактайт. Абьюзер жетекчиден эмоционалдык жактан алыстай алган кызматкерлер абалды ѳздѳрү башкара алганын жана негативдүү аракеттерди кѳзѳмѳлдѳй ала турганын сезишкен.

Ѳзүнѳ дайыма жумуш – бул жашоонун маӊызы эмес экенин эстетип туруу, ѳзүн жана кызматтык милдеттерди ажырата билүү абдан маанилүү. Бул ѳтѳ татаал процесс жана бардык эле кишилердин, ѳзгѳчѳ ѳзүн-ѳзүн анализдѳѳгѳ же перфекционизмге жакын адамдардын колунан келе бербейт. Аталган адамдар эмнени туура эмес кылып жатканын талдап чыгууга аракет кыла берет. Бирок ѳзүнүн кемчиликтерин микроскоп менен кылдат изилдей берүүдѳн абал ѳзгѳрбѳйт, жѳн гана ѳз күчүнѳ ишенбѳѳчүлүк менен ѳзүн-ѳзү баалоонун тѳмѳндѳшүнѳ жол ачат. Ал эми жумуштун ѳзүнѳ келе турган болсок, аны кѳнгѳн багытта уланта берүү зарыл: бирок, жетекчиге жагыш үчүн эмес, кесиптик жактан ѳсүп-ѳнүгүү максатында мыктыны кѳздѳй умтулуш керек. Ашыкча жүктѳм менен иштѳѳдѳн баш тартыӊыз, биринчи кезекте жеке ден соолугуӊуз (анын ичинде психикалык саламаттык) жѳнүндѳ кам кѳрүӊүз, андан кийин гана кызматтык милдеттериӊизди ойлоӊуз. Бул италиялык забастовканын жеӊил варианты: кызматкер керектүү кѳлѳмдѳгү гана ишти аткарат, андан ашык аткарбайт. 

Абьюзердин таасирине кабылбаш үчүн эмнелерди билүү зарыл

Ѳкүнүчтүүсү – бизде «курмандык-абьюзер» дисбалансын ѳзгѳртѳ алган каражаттар жокко эсе. Анткени, зордукчуну башкача кылып ѳзгѳртүү мүмкүн эмес. Колубуздан келе турганы — уулуктуруучу мамиленин таасирин минимумга түшүрүү. Дурус эгоизм — коргонуунун эӊ мыкты жолу. Бул сапатты ѳзүндѳ калыптандыруу кыйын. Айрыкча, ички сезимиӊизде баарына жагуу, уламыштагы «мыкты адам» болуу жана чѳйрѳдѳгүлѳр тарабынан таанылуу тилеги орун алса, анда ѳтѳ эле татаал. Дал ушундай умтулуу бизди абьюзерге жагынууга түртѳт. Бирок, баары бир ага эч ким жага албайт.

Ошентсе да, зордукчуга кѳӊүл бурбай коюу — эӊ мыкты жол. Күнѳѳ сезими жана ѳзүн ѳзү тѳмѳн баалоо сезими менен манипуляциялар эч кандай натыйжа бербеген соӊ, абьюзер үчүн кемсинтип кордоо аракеттери кызыксыз боло баштайт. Уулуктуруучу мамилеге кѳз каранды болуп калбаш үчүн ѳз алдынчалыктын болуусу зарыл. Абьюзердин максаты — курмандыкка карата ѳзүнүн үстѳмдүгү менен бийлигин чыӊдоо жана ѳзүнѳ кѳз каранды кылып алуу. Ошондуктан мындай кордоочу аракеттер ѳз алдынча, ѳзүнѳ ишенген  адамдарга карата сейрек багытталат. Тилекке каршы, ѳз алдынчалык менен кайраттуулукту кепилдик менен ѳнүктүрѳ турган рецепттер жок. Бирок биз жок дегенде мамилени ѳз убагында токтотуп коюш үчүн абьюзерди аныктоонун жолдорун эске тутуп кала алабыз.  


Булак: wonderzine.com