Абьюзду кантип билсе болот?

Мамилеӊерде зомбулук бар же жок экенин текшериӊиз.

Автор: Юлия Рузманова, the-village.ru

#MeToo кыймылынын экинчи толкуну абьюз эмне экенин биз али толук түшүнѳ элек экенибизди, эмоционалдык зомбулукту чыр-чатактан дайыма эле ажырата билбей турганыбызды жана баарыбыз башкалардын жеке чектерин сыйлаганды үйрѳнүшүбүз керек экенин кѳрсѳттү. Ушул себептүү зомбулук темасына адистешкен психологдор менен бирге сиз зомбулуктун курмандыгы болуп калганыӊызды кантип билип, ѳзүӊүздү кантип коргой турганыӊызды, ошондой эле зомбулуктун автору оӊолгусу келбеген учурда эмне кылуу керек экенин айтып беребиз.

Коллаж: elum3a

Абьюз — түпкү мааниси боюнча физикалык да, эмоционалдык да зомбулук. Физикалык зомбулукту кѳрүп-сезүү мүмкүн болгондуктан, ал жѳнүндѳ аздыр-кѳптүр билебиз. Ал эми эмоционалдык зомбулук азыркыга чейин так билинбейт. Кѳбүнчѳ ал байкалбаган жана татаал кѳрүнүш. Эмоционалдык зомбулуктун курмандыгы башка адамдын ага кылган мамилесинин – эмоционалдык зомбулук экенин дароо түшүнѳ бербейт, ал эми зомбулуктун авторунун (ооба, «Нисилию нет» эксперттеринин пикири боюнча зордукчуну дал ушундай аташ керек) мындай жүрүм-турумуна анын маанайынын жоктугу же адилеттүү реакция шылтоо боло алат.

Чыр-чатактан айырмаланып, абьюз, катышуучулардын ортосундагы теӊсиздик абалын талап кылат, тактап айтканда, катышуучулардын бири күчтүүрѳѳк позицияны ээлейт. Буга физикалык күч-кубат гана эмес, экономикалык артыкчылык, жогорку макам же тек гана үстѳмдүк кылуучу мүнѳз дагы кирет.  Абьюзивдик мамилелерге карата классикалык мисал – аял киши акча кармабайт, курбулары менен сүйлѳшүп-кезигүүсү чектелген жана толугу менен эркектин чечимдерине кѳз каранды. Бирок, абьюз бир гана эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерге эмес, ошондой эле ЛГБТ-мамилелери, достордун же кесиптештердин ортосундагы мамилелерге да тиешелүү.

Эмоционалдык зомбулукту чыр-чатак менен алмаштырууга болбойт. Эгер сиз ѳнѳктѳшүӊүз, досуӊуз, жетекчиӊиз менен уруша кетсеӊиз, бириӊ экинчиӊе кыйкырсаӊар, жана мындай абал бир эле жолу келип чыкса, анда бул абьюз эмес. «Абьюз, биринчиден, чатакташкандардын биринин күчтүүрѳѳк болушун, экинчиден, системалуулукту талап кылат», — деп түшүндүрѳт психолог, травма, зомбулук жана депрессия менен иштѳѳ боюнча адис Зара Арутюнян. — Эгер кесиптештер бирдей позицияда болсо, анда бул жерде абьюз эмес, начар мамиле тууралуу кеп болууда».

Ошол эле учурда иерархиялык мамилелердеги кѳзѳмѳлдѳп-башкаруу кѳрүнүштѳрүнүн баары эле абьюз менен коштоло бербейт. Кээ бир жерде иерархия керек жана эки тарап үчүн пайдалуу, маселен, жумушта же ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелерде. «Эгер ата-эне баласына: «Кармаба! Ал ысык» десе, анда бул — бала үчүн пайдалуу. Жетекчи кол алдында иштеген кызматкердин аткаруусу керек болгон нерсени айтканда - компания үчүн пайдалуу. Бирок, катышуучулардын баары эле макул боло бербеген максатта бийлик колдонулган учурлар да болот. Мисалы, жетекчи кол алдында иштеген кызматкерлерди кордоп-шылдыӊдоо максатында бийлигин пайдаланса, же болбосо дайыма жумушка тиешеси жок тапшырмаларды берип турса — бул абьюз», — деп белгилейт Татьяна Орлова.

Абьюз кантип байкалат?

Ар түрдүү абьюзивдик стратегиялар бар, жана зомбулуктун автору алардын бирин гана колдонуп, башкаларына таптакыр жолобошу мүмкүн. Мисалы, бир абьюзер ѳнѳктѳшү андан кетип калат деп коркуп, себепсиз кызганыч жаӊжалдарын чыгара бериши ыктымал, бирок башка жактан эч кандай дооматы болбойт. Экинчи абьюзер андан кетип калат деп коркпойт, бирок дайыма ѳнѳктѳшүн ѳзгѳртүүгѳ аракет кылып, анын мыкты болушун каалайт.

Мамиледе эмоционалдык зомбулуктун бар экенин кѳрсѳткѳн негизги белгилер:


Ѳнѳктѳштү сындоо/жакшыртуу

Сындоонун ѳзүндѳ эч кандай жаман нерсе жок, ошентсе да баары экинчи киши «жакшы болууну» каалап-каалабаганына, жана дагы сын-пикирдин масштабына жараша болот. Башка бир адам ѳзү даяр болгон же суранган учурда ал жѳнүндѳ ѳз пикирин билдирүү кадимки кѳрүнүш болуп эсептелет. Ал тургай курбусуна (анын суроосуна жооп катары) чачы коркунучтуу болуп калганын айтуу  — бул «оройлук, бирок абьюзга жатпайт», деп түшүндүрүшѳт психологдор.

Ал эми абьюзерлер эч кандай себепсиз, уруксатсыз, системалуу түрдѳ, ар кандай жааттарда: экинчи кишини анын тышкы кѳрүнүшү, кызыгуулары жана табити боюнча деле сындай беришет. Муну менен катар эле, дээрлик бардык учурларда абьюзерлер кандай кылганда жакшы болорун биле тургандыгын кошумчалай беришет. «Бирѳѳнү тандаганда, аны толугу менен тандайбыз. Биз адамга «мындай кийин, тигиндей жаса ж.б.» деп айта баштаганда, аны ѳзүбүздүн кыялыбыздагы сонундук деӊгээлине зордоп түрткѳндѳй болобуз. Ал эми буларга дагы шантаж менен манипуляция кошулса («атырыӊды алмаштырбасаӊ, сени менен жатпайм»), анда бул психосадизм болуп саналат», — деп кошумчалайт Зара Арутюнян.

Кээде абьюзивдүү ѳнѳктѳш кайдан-жайдан бир атаандаштыкты ойлоп чыгарып, экинчи бир киши менен жарыша баштагандай болот. Бул үчүн абьюзер натыйжаларды тѳмѳндѳтүп, экинчи адам жасаган нерселердин сапатынан күмѳн санайт. Мындайча абьюзер башка бирѳѳнүн эсебинен ѳзүн ѳзү бекемдеп, ырастайт. Мүмкүн, сиз нарцисс бузулуусуна (адам башкалардан ѳзүн мыкты, уникалдуу же ѳзгѳчѳ деп эсептеген бузулуу; алардын ѳз кадыр-баркын жогору баалоосу кѳп учурда башкалардын маанилүүлүгүн жана жетишкендиктерин тѳмѳндѳтүүсүн билдирет. — Ред.түшүндүрмѳсү) кабылган адамга жолугуп калгансыз.


Неглект

Бул термин жакында эле пайда болгон, бирок ал аныктаган кѳрүнүш жуптардын ортосунда кѳп эле учурайт. Мааниси боюнча, бул – ѳнѳктѳшүнүн кызыкчылыктарын тоотпоо, байкамаксан болуу. Мындай мамиледе ѳкүмчүл ѳнѳктѳшү атайылап эле экинчисинин кызыкчылыктарын орундатуудан баш тартат. Мисалы, эс алууга кайда бара тургандары тууралуу анын пикирин сурабайт, же болбосо тиричилик маселелерин чечпейт. «Дурус мамиледе ѳнѳктѳшүӊүздѳн кранды оӊдоп берүүсүн ѳтүнгѳнүӊүздѳ, анын колунан келбесе, «Мен азыр оӊдой албайм, кел андан кѳрѳ акча берейин да сантехник чакыралы» деп айтышы керек. Башкача айтканда, маселелер чечилет, эч ким чыр чыгарбайт, эч ким жинди болбойт», — деп мисал келтирет  Зара Арутюнян.

Неглектордун дагы тѳмѳнкүдѳй типтүү белгилери бар:

·    ал сизге пландарынын ѳзгѳргѳндүгү тууралуу кабар бербейт;

·    сиз сыркоолоп калганда сизге кам кѳрбѳйт;

·    себеби бар экенине карабастан, анын ѳтүнүчүн аткарбаганыӊыз үчүн сизге таарынат;

·    сиздин туугандарыӊызга жардам берүүдѳн баш тартат;

·    бала багуу милдети толугу менен сизге ѳтүп, ѳнѳктѳшүӊүз мындан алыстайт.

Ѳнѳктѳштүн активдүү макулдугу жок эле ага карата жасалган ар кандай сексуалдык иш-аракет  — бул зомбулук


 Сексуалдык жана сексуалдаштырылган зомбулук

ДСУнун аныктамасында «сексуалдык зомбулук — бул курмандыгы менен кандай мамиледе жана кайсы жерде экенине карабастан ишке ашырылган ар кандай сексуалдык акт, аны аткаруу аракети же зордоо жолу менен адамдын сексуалдуулугуна багытталган башка аракеттер экени айтылат. Сексуалдык зомбулукка пенис, дененин башка мүчѳлѳрү же башка предметтерди колдонуу менен вульванын же анустун ичине зордук менен же башка мажбурлоочу жол аркылуу кирүү мүнѳздүү».

Бул аныктамадан узак убакытка созулган мамиледе дагы макулдугу жок секс — бул зомбулук, активдүү макулдугун бербеген ѳнѳктѳшкѳ карата ар түрдүү сексуалдык аракеттер — бул зомбулук экенин эске түйүп коюш керек. 

Сексуалдаштырылган зомбулук кемсинтүү максатында жасалган сексуалдык мүнѳздѳгү бардык аракеттер менен кылык-жоруктар дегенди түшүндүрѳт. Эгерде сизди макулдугуӊуз жок эле сылап-сыйпап, кучактаса, интимдик фотосүрѳттѳрдү жиберишсе же секс жѳнүндѳ тамашалашса — мунун баары сексуалдык зомбулук катары сыпатталбайт, бирок сексуалдаштырылган зомбулук деп атаса болот.


Газлайтинг

Бул кѳйгѳйлѳрдү тануу жана курмандыктын сезимдерин баалабоо, ошондой эле ага дүйнѳгѳ кѳз карашы башкача жана психикалык жактан оорулуу экени жѳнүндѳгү ойду таӊуулоо. Газлайтингдин типтүү белгилерине, «сен адекваттуу эмессиӊ», «сен оорукчансыӊ», «сен истеричкасыӊ», «муну баары эле кѳрүп турат» сыяктуу сѳздѳрдү киргизе алабыз. Кѳп учурда газлайтингдин курмандыгы бара-бара чындап эле реакциялары адекваттуу жана туура эмес экенине ѳзү ишенип, эмоцияларын кѳрсѳтүүдѳн корко баштайт.

Ушул эле нерсе кеӊседеги жумушка байланыштуу дагы болот: эгерде жетекчилик менен кѳйгѳйдү чечүү ниетиӊиз үчүн сизди ушакчы деп айтып, ѳзүӊүздү күнѳѳлүү сезүүгѳ мажбурлашса, анда бул да газлайтинг болуп эсептелет.


 Сталкинг

Бир адамдын экинчи адамга жагымсыз, ашыкча эле кѳӊүл бура берүүсү. Романтикалуу жана кумардуу мамилелер дээрлик бардык учурда эле абьюзду түшүндүрѳт, анткени бир тарап ѳзүн интенсивдүү сунуштап, артынан түшүп алган, экинчиси болсо тайсалдап, кѳнбѳгѳн схема боюнча түзүлѳт, деп эсептейт Зара Арутюнян. Мында терс жооп чыныгы макулсуздук эмес, оюн түрүндѳ кабыл алынат. Баса, романтика тууралуу айта кетсек: таанышкандан кийин эркек тез эле баш кошуу сунушун киргизсе — бул анын залимдикке жакын экенинин белгиси болушу мүмкүн.

 

Контроль

Контроль — абьюздун эӊ эле кѳрүнүктүү белгиси. Эгер ѳнѳктѳшүӊүз ар 15 мүнѳт сайын чалып, эмне кылып жатканыӊызды текшерип турса, фотоотчёт сураса, анда ортоӊордогу мамиледе абьюз бар экени шексиз. Эгер сизге досторуӊуз жана туугандарыӊыз менен кѳрүшүүгѳ тыюу салса, анда бул эркиндигиӊизди чектѳѳ болуп эсептелет. Натыйжа катары, кѳп учурда абьюзивдик мамиледе курмандыктын чѳйрѳсү тарып отуруп, ѳнѳктѳшү менен эле калат. Тышкы чѳйрѳ менен байланыш үзүлѳт, жана курмандык абьюзер менен мамилесин токтотуудан коркуусунун бирден бир себеби ушул  — андан башка эч кимиси калган жок.

Ошентип, ѳнѳктѳшүнүн кызыкчылыктарын чектѳѳ менен абьюзер ѳз тынчтыгын камсыздоого умтулат. Ачык мисал — ата-эненин контролу, алар корккондуктан баласын достору менен сейилдѳѳгѳ жибербейт жана баланы ага керектүү социалдашуудан ажыратуу аркылуу ѳз тынчтыгын камсыздайт.


Патологиялык кызганыч

Эгерде бир киши дайыма жана негизсиз эле анын кѳзүнѳ чѳп салганыӊызды тамаша-чындан айтып, башкалар менен жазышкандарыӊызды текшере берсе — абдан чарчатып жиберет жана бул нормалдуу кѳрүнүшкѳ жатпайт. Бектик боюнча конкреттүү жагдайда (дайыма жана ар кимге карата эмес) тынчсыздануу, ачык-айкын сүйлѳшүүгѳ чакыруу жана бирге отуруп, ѳнѳктѳштѳрдүн биринин жүрүм-туруму экинчисинин кѳӊүлүн оорутпай тургандай чечим кабыл алуу зарыл. 


 Шантаж жана үндѳбѳѳ

Сизден курман болууну талап кылат, макул болбосоӊуз, таарынат. Классикалык жолу — «эгер сен … кылбасаӊ (тийиштүүсүн коюӊуз), анда мени сүйбѳйсүӊ» деп айтуу. Мындай шантажга ѳзгѳчѳ коркунучтуу мисал — презерватив колдонбостон жыныстык катншта болууну же бойго бүтүүдѳн сактоочу каражаттардан баш тартууну талап кылуу. Мында абьюзер ѳнѳктѳшүнүн физикалык саламаттыгын жана ѳмүрүн тобокелге салат.  

Жумуштагы мамилелерде жетекчи кызматкерди шантаждашы мүмкүн. Мисалы, эгер кызматкер ченемден ашык иштебесе, сый акы берилбей турганын айтып коркутат. «Жумуш мамилелеринде алдын ала сүйлѳшүлгѳн ченемдер бар, маселен, жумуш убактысы. Бул ченемден тышкары аткарылган бардык иштер макулдашуунун негизинде гана болууга тийиш. Эгер кызматкерге кошумча акы тѳлѳнсѳ, анда ал ченемден ашык иштѳѳгѳ ѳзү кызыктар болушу ыктымал. Ал эми буга коркутуп-үркүтүү, шантаждоо жолу менен мажбурласа, же болбосо кызматкерге сен жамансыӊ деп ишара кылышса, анда бул - абьюз», — дейт  Орлова.

Үндѳбѳѳ — кѳп учурда экинчи кишини жазалоо үчүн инструмент катары колдонулат. Мындай ыкмалар ата-эне менен балдардын ортосунда кездешет. Мисалы, бала эмне үчүн жазаланып жатканын ѳзү ойлонсун деп, апасы аны менен сүйлѳшпѳй жүрѳ берет. Жетекчи кесиптештердин бирин таптакыр эле кѳрмѳксѳн боло берсе, анын жасаган иштерин баалабаса — бул дагы абьюзга ишара кылуу болуп эсептелет.

БИРОК, БУЛ МАРКЕРЛЕРДИН БААРЫН БИЛБЕЙ ТУРУП ДЕЛЕ, МАМИЛЕҢЕРДЕ БИР НЕРСЕ ТУУРА ЭМЕС БОЛУП ЖАТКАНЫН жѳн гана сезимдериӊизге байкоо жүргүзүү аркылуу ТҮШҮНѲ АЛАСЫЗ. Сезимдериӊизге ишениӊиз. Кам кѳрүү менен жамынган контролдон айырмаланып, чын жүрѳктѳн кѳӊүл буруу эч кимге дискомфорт жаратпайт. Курмандык, эреже катары, болуп жаткан нерселер ага жакпаганын сезет, бирок ѳнѳктѳшүнүн аракеттерин же коомдук пикирди классификациялоону билбеши, сезимдерине ишенбѳѳсүнѳ себеп болот.  

Бул жерде маанилүү нерсе — «жѳн эле ошондой ойлоп атасыӊ», «негизгиси ичпейт жана урбайт да», «ал эӊ сонун адам го» сыяктуу досторуӊуз менен тааныштарыӊыздын сѳздѳрүнѳ моюн бербеӊиз. Эксперттер кѳбүнчѳ абьюз кѳшѳгѳнүн артында болгондуктан, башкаларга зомбулуктун автору ѳтѳ эле жагымдуу адам болуп кѳрүнүшү мүмкүн деген ойду айтышат.

Курмандык үчүн абьюз эмнеси менен кооптуу?

Абьюзивдик мамиледе тараптардын бири экинчисинен корко баштайт, жасагандары же сѳздѳрүнѳ карата реакциясы кандай болот деген паника жаралат. Кишинин кѳӊүлүн оорутуп албаш үчүн бир нерсени атайы жасаган абалдар белги боло алат. Мисалы, кандайдыр бир буюмду тандап же тамак даярдап жатып, ага жагып-жакпаганын гана ойлойсуз, ал эми ѳзүӊүздүн каалооӊуз менен табитиӊизге маани бербейсиз (бул жерде кеп системалуу аракеттер жѳнүндѳ болуп жатканын эсиӊизден чыгарбаӊыз).

Мындай мамилелерде дискомфорт колдоо жана коопсуздук сезимдерин ашып түшѳт. Андан ары эмоционалдык чыӊалуу депрессияга ѳтүп, курмандыкта нервдик бузулуулар келип чыгат. Кызыктуусу, абьюзивдик жуптарда кѳп учурда күйѳѳсү аялын «истеричка» жана «жинди болуп жатат» деген себеп менен ѳзү психологго алып барат, деп баяндайт Зара Арутюнян. Бирок терапиянын жүрүшүндѳ аялдын ѳнѳктѳшү такыр сыйлабагандыгы же дайыма кысым кѳрсѳтүп тургандыгы үчүн ушул абалга түшкѳнү белгилүү болот. «Эгер эркек аялдын ѳтүнүчүн такыр аткарбаса, анда эки-үч айдан кийин «биз ресторанга бардык, мен ага гүл бердим, ал болсо чыр чыгарды» сыяктуу абалдар чыга баштайт. Ал эми мындай кырдаал кыз жинди болуп калгандыктан чыкпайт, кѳп убакыт бою анын ичине жагымсыз нерселер топтоло бергендиктен чыгат», — деп түшүндүрѳт психолог.

Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюму абьюздун кооптуу кесепеттерине ѳмүрүнѳ кол салуу жана ѳзүнүн жанын кыюу, травма, жасалма аборт, депрессия, травмадан кийинки стресстик бузулуу жана башка чочулоо жараткан бузулуулар, тамак-аш жүрүм-турумунун бузулушу, уйкунун бузулушу, баш оору, далынын оорушу сыяктуу жагымсыз кѳрүнүштѳрдү дагы киргизет. 

Абьюзер эмне үчүн мындайга барат?

«Кээ бир учурларда абьюзер мурда травмалуу окуяны башынан ѳткѳргѳнүн, ал эми зомбулукчу жүрүм-туруму — качандыр бир учурда алсыздык жана кордук кѳргѳн окуялардан качуу аракети деп божомолдосо болот», - дейт психолог Татьяна Орлова. «Бир жагынан, ал зомбулуктун жардамы менен алсыздык абалдарынан качып, жагымсыз тажрыйбага туш болбоо үчүн ѳзүнѳ ѳзү жардам берет, экинчи жагынан – ѳнѳктѳшү менен мамиле үзүлүп калбасын деп, аны зордоп кармап турат. Адатта мындай адамдар ѳздѳрүнѳ деле жакшы мамиле кылбайт», — деп түшүндүрѳт психолог.

Ата-эне менен сүйлѳшүүдѳн чѳйрѳ менен ѳз ара аракеттешүүнүн алгачкы сценарийи түзүлгѳндүктѳн, абьюзердин ата-энеси ѳкүмчүл болгонун, гиперкамкордук кѳрсѳткѳнүн, ката кылууга жол бербегенин, ѳз алдынча болууга шарт түзбѳгѳнүн божомолдосо болот, деп кошумчалайт эксперт. 

Бирок бардык эле нерсени татаал ѳтмүш менен түшүндүрүүгѳ болбойт. Социалдык детерминациялангандыктын ролун ашыкча баалоого да болбойт. «Жѳн гана акмактар бар. Генетикалык детерминациялангандык чоӊ роль ойнойт, балким тээ сегизинчи аталарынан бир сапаты ѳткѳндүр, — деп түшүндүрѳт Зара Арутюнян. — Бир контекстте ар түрдүү кишилер чыгат. Зомбулук болгон бир үй-бүлѳнүн ичинде бала катаал жана күчтүү болуп чоӊойот, анткени үстѳмдүк кылбоо — бул коркунучтуу экенин, кѳк алалар, уруп-сабоолор экенин кѳрѳт. Ушуга окшош эле башка бир үй-бүлѳдѳ бала ѳтѳ коркок жана жалтак болуп чоӊойот, негатив жаратпайын деп үнүн дагы чыгаргандан коркот. Үчүнчү үй-бүлѳдѳ бала кѳргѳндѳрүнүн баарын таразалап, аӊдап түшүнѳт жана башкаларга сый мамиле жасоого аракет кылат. Бул жагынан чынында эле баарыбыз ар башкабыз».

Бүгүнкү күндѳ абьюзга кѳп кабылуунун дагы бир себеби — бул адамдардын ортосунда бири-бирине карата сый-урматтын жоктугу, анын ордуна патриархалдык маданият басымдуулук кылат, деп эсептейт Зара Арутюнян. Чынында эле, абьюздун бардык түрлѳрү башка адамга карата сый-урматтын жоктугун чагылдырат да.

Абьюздун курмандыгы эмне кылышы керек?

Эӊ кыска жооп — мындай мамиледен качуу. Алгач, эгер абьюзер кѳйгѳйдү түшүнүп, аны чечүүнү кааласа, аны менен сүйлѳшүп кѳрүүгѳ болот. Бирок кѳп учурда, тилекке каршы, мындан эч кандай майнап чыкпайт.  «Анткени, абьюзер ѳнѳктѳшүнѳн ажыраганга чейин ѳзүнүн стратегиясын ѳзгѳртпѳйт. Мамилесинде бир нерсени ѳзгѳртүүгѳ мотивациясы болбойт. Абьюз — бул алардын мамиле түзүү, аны жѳнгѳ салуу ыкмасы, жана ѳнѳктѳшү жанында болгон мезгилде баары натыйжалуу сезилет», — дейт Татьяна Орлова.

Анын пикирин Зара Арутюнян дагы ырастайт: «Абьюзивдик мамиле ичинде жылдап жашагандар бар, анткен менен калган күчүн мындай мамиледен кутулууга жумшаган жакшы. Бул эт туурагычтай эле».

Абьюзивдик мамиледен кантип кутулса болот

·    Абьюзерди актаганды токтотуу. Зомбулук үчүн жоопкерчилик зомбулуктун авторуна таандык экенин түшүнүү.

·    Жеке чектерин белгилѳѳ. Провокацияларга жооп берүүнү токтотуу жана абьюзер менен чыр-чатакка кирбѳѳ.

·    Мындай мамиледен же жагдайдан чыгып кетүү. Балким, чыгардын алдында ѳзүӊүзгѳ плацдарм түзүп алуу — жумуш табуу, мурдагы байланыштарды калыбына келтирүү зарыл болот.

·    Ѳткѳнгѳ жабышып, зордукчуга кезектеги мүмкүнчүлүктү берүүгѳ аракет кылбоо.

·    Ѳзүӊүздүн абалыӊызды калыбына келтирүү үчүн убакыт таануу. Үй-бүлѳнүздѳн

 же досторуӊуздан жардам суроо. Жакшы психологду табуу.

Абьюзер ѳзүн кантип оӊдой алат?

Сиз - абьюзер экениӊизди түшүнүүӊүз — жүрүм-турумду оӊдоо багытында эӊ биринчи жана маанилүү кадам, анткени кѳп учурда абьюзер ѳзүнүн кѳйгѳйүн түшүнѳ бербейт жана күнѳѳнүн баарын ѳнѳктѳшүнүн жүрүм-турумуна шылтай калат.

Алгач кѳйгѳйдү түшүнүп, андан кийин кылык-жоруктарыӊыз качан пайда болорун, кандай триггерлериӊиз бар экенин аныктоо зарыл

Эгерде сиз ѳзүӊүздүн жүрүм-турумуӊузду ѳз алдынча оӊдоону кааласаӊыз, анда тѳмѳнкүлѳрдү сунуштай алабыз:

«Алгач кѳйгѳйдү түшүнүп, андан кийин кылык-жоруктарыӊыз качан пайда болорун, кандай триггерлериӊиз бар экенин, эмне себептен мындай абалга түшѳ турганыӊызды аныктоо зарыл. Эгерде нормативдүү эмес каардануу байкалса, анда психологго барасыз, анын алдында гормондоруӊузду да текшертүү зарыл», — дейт Зара Арутюнян. Башкача айтканда, баштан ѳткѳргѳн травмалуу окуялар менен иштѳѳ, жеке стратегияларына байкоо жүргүзүү, байланыш түзүүнүн башка ыкмаларын иштеп чыгуу жана стресстик кырдаалдарды жеӊе билүү кѳндүмү талап кылынат.

Психологдор адистин жардамы жок абьюзерге ѳтѳ эле кыйын болорун, ал эми ѳз алдынча иштѳѳ – маанилүү натыйжага алып келбей турганын айтышат. Себеби, киши ѳзүнүн кѳйгѳйүнүн масштабын толук кѳрѳ албайт.

Чынында абьюз менен жакында эле иштей башташты, жана үйдѳгү зомбулук жѳнүндѳ мыйзамдар иштеген ѳлкѳлѳрдѳ жакшы натыйжаларга жетилүүдѳ. Ал жерлерде абьюзерлерге терапияга сѳзсүз катышуу тууралуу кѳрсѳтмѳ берилет жана мыйзамдын негизинде иш алып барышат. Бул абдан маанилүү учур, анткени абьюзер мындай иштен тез эле качып кетет. Ал ѳзүндѳ эч кандай кѳйгѳй жок деп ойлойт, бир-эки жолу барган соӊ кыйнала баштайт жана баарын таштап салгысы келет. Мындагы негизги кѳйгѳй  — мотивация: эгер абьюзерде мотивация бар болсо, анда жүрүм-турумунун маанисин түшүнѳ алат жана ага жардам берүү мүмкүн.  

ТАТЬЯНА ОРЛОВА

психолог