Оорулуу тема (16+)

Жыныстык шайкештик деген барбы, жана эмне үчүн алгачкы секстен башка учурларда да оору  сезими жаралат

Кээ бир жуптарда секс учурунда эч кандай жагымсыз сезим болбойт. Ал эми айрымдарында дээрлик ар бир катнашта оору ыӊгайсыдык жаратат. Кимдир бирѳѳ бул дискомфорттон улам ортодо сүйүү болгонуна карабастан, ѳнѳктѳшүн алмаштыруу жѳнүндѳ дагы ойлонот. Мындай жагымсыз сезимдердин себеби эмнеде, жана мамилени бузбай туруп алардан кантип арылса боло тургандыгын карап чыгалы.

 Жигитинин жыныс мүчѳсү ѳтѳ чоӊ болгон үчүн ооруйбу?

Кээде секстин оору менен коштолушунун себеби дал ушунда болуп калышы мүмкүн. Чоӊ ѳлчѳмдѳгү пенис — дайыма эле ырахат алып келе бербейт.

Мүчѳнүн орточо узундугун аныктоо боюнча изилдѳѳлѳр кѳптѳн бери жүргүзүлүп келет жана маал-маалы менен кайталанып турат — ар жолкусунда окумуштуулар окшош цифраны беришет. 1996-жылы жасалган масштабдуу изилдѳѳ ишинде берилген маалыматтарга ылайык, эрекция абалындагы пенистин орточо узундугу 12 сантиметрден 16 сантиметрге чейин жетет. 2014-жылы аткарылган дагы бир эмгектин натыйжалары дүүлүккѳн пенистин узундугу 13,12 см түзгѳнүн кѳрсѳткѳн — башкача айтканда, мурунураак белгиленген интервал менен туура келет.

Ал эми кындын орточо тереӊдиги — болжол менен 9,6 см. Эркектер менен аялдардын жыныс органдарынын чоӊдугундагы айырмачылык кѳп учурда эч кандай деле дискомфорт жаратпайт, себеби аялдын жыныс органы бир аз чоюлууга жѳндѳмдүү. Бирок, эгер бул айырма ѳтѳ эле чоӊ болсо, анда жагымсыз сезимдерди пайда кылат.

Эркектин 16 см узун мүчѳсү секс учурунда жатын моюнчасына чейин жетип, анын ичине кирип кетиши мүмкүн жана аялда оору сезими жаралат. Пениси чоӊ эркекте деле оорушу ыктымал. Жыныс мүчѳсү кындын ичине толугу менен батпагандыктан улам, айрым позалар эркек үчүн травма коркунучуна алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, ѳнѳктѳшүнѳ зыян келтирип албаш үчүн эркек кыймылын контролдоп турууга тийиш болот да,  ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳнѳ теӊ секстен ырахат алуу кыйынга туруп калат.

Адатта сексологдордун мындай кѳйгѳйү бар жуптарга берген универсалдуу кеӊештеринде — мүчѳ тереӊ кире турган позалардан (мисалы, «догги стайл», аял тѳрт аяктап турат, эркек — аркасында) баш тартып, аял — үстүнѳ чыгып, мүчѳнүн кирүү тереӊдигин ѳзү башкара алган варианттарды тандоо бар.

Былжыр жетишпегени үчүн ооруйбу?

Оорусуз секстин негизги мүнѳздѳмѳлѳрүнүн бири — пенистин кынга идеалдуу кирүүсү. Ѳнѳктѳштѳрдүн тажрыйбасы менен чеберчилиги абдан маанилүү, ошентсе да эӊ биринчи орунда турбайт. Негизгиси — былжырдын болушу. Ансыз секс ѳтѳ эле оор болот.

Кындын табигый былжыры — кын бездери бѳлүп чыгарган суюктук, ошондой эле жатын моюнчасында бѳлүнүп чыккан цервикалдык былжыр. Былжыр кынды чоюлчаак кылат, жана аялдын жыныстык органынын ѳзүн ѳзү тазалоосуна жардам берип, микрофлоранын тазалыгын сактайт.

Сексуалдык дүүлүгүү учурунда табигый былжыр кѳбүрѳѳк чыга баштайт — жыныс органдарга кандын агып келүүсү бартолин бездерин (кындын кире беришиндеги эки без) активдештирет, алар болсо кошумча суюктукту иштеп чыгарышат. Натыйжада кын былжырайт жана мүчѳнүн кирүүсү үчүн ыӊгайлуу чѳйрѳгѳ айланат.

Жалпысынан, табигый былжырдын жетиштүү ѳлчѳмдѳ бѳлүнүп чыгуусу — аялдын жыныстык системасынын саламаттыгынын бир белгиси. Бирок орточо эсеп менен 18 жаштан 50 жашка чейинки аялдардын 17%ы кындагы кургактыкка байланыштуу кѳйгѳйгѳ учурайт. Мунун себептери ар түрдүү болушу мүмкүн: жыныстык каалоонун тѳмѳндүгү жана стресс же кандайдыр бир башка психологиялык проблемалардан улам дүүлүгүүнүн начарлашы, гормоналдык бузулуулар, микрофлорадагы дисбаланс, инфекциялык оорулар ж.б.

Жуптардын кээ бирлери табигый суулануу жетишпегенде, лубриканттарды — суу же май негиздүү жасалма майлоочу каражаттарды пайдаланышат (алар дарыканаларда, +18 атайы дүкѳндѳрдѳ жана кадимки супермаркеттерде сатылат). Бул кѳйгѳй үчүн убактылуу чечим болуп эсептелет, оору жана дискомфортко чыдоонун кереги жок. Бирок, баары бир эртерээк гинекологго кайрылып, былжыр суюктуктун аз чыгуусунун себебин аныктап алуу зарыл.

Оору менен коштолгон секс — жыныстык инфекциянын симптомубу?

Инфекциялык оорулар чындап эле секс учурунда оору сезиминин жаралышына себеп болушу мүмкүн. Жыныстык инфекциянын козгогучтары ар түрдүү болот: грибоктор, патогендүү бактериялар жана вирустар. Ошону менен бирге эле, илдеттердин кѳбүнүн жалпы базалык симптомдору бар: жыныс органдарынын кызаруусу жана сезгенүүсү, кычышуу, ачышуу, жагымсыз жыты бар суюктуктун бѳлүнүп чыгышы. Мындай абалдар жыныстык катнаш учурунда олуттуу дискомфортту пайда кылат.

Грибок ооруларынын ичинен кеӊири жайылганы — кандидоз же молочница. Аны  Candida түркүмүнѳ кирген ачыткы сымал грибоктор пайда кылат. Статистикага таянсак, дүйнѳ жүзү боюнча аялдардын 75 %га жакыны ѳмүрүндѳ жок дегенде бир жолу молочница кѳйгѳйүнѳ учурайт. Эркектерде бул илдет сейрегирээк кездешет — грибок кындын жылуу жана кычкыл чѳйрѳсүндѳ (pH деӊгээли боюнча) жакшы ѳрчүйт, бул жерден ал так эле «ачыткы менен ачыгандай» тез ѳсѳт да, кычкыл быштак сымал суюктуктун пайда болушуна жол ачат. Ал эми эркектердин чурайында абал такыр башкача. 

Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2016-жылдагы маалыматы боюнча, бактериялар пайда кылган оорулардын ичинен трихомониаз (156 млн адам), хламидиоз (127 млн), гонорея (87 млн) жана сифилис (6,3 млн) алдыӊкы катарда.

Жыныстык жол менен берилүүчү жана секс учурунда дискомфорт (ошондой эле жалпы эле ден соолукка байланыштуу кыйла олуттуу кѳйгѳйлѳрдү) жараткан вирустарга биринчи эле кезекте чурай аймагында жараларды пайда кылган жыныс мүчѳлѳрүндѳгү учук (герпес), кандиломалардын ѳрчүшүнѳ - жыныс органдарында же кѳтѳндѳ эттердин ѳсүп чыгышына жол ачкан адамдын папиллома вирусу (АПВ) кирет. Мындан тышкары, АПВ жатын моюнчасынын рагынын ѳрчүшүнѳ себеп болушу мүмкүн.

Жыныстык инфекцияга шектенген учурда тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл.

Оору психологиялык себептерден улам келип чыгышы мүмкүнбү?

 

Кээде жыныстык катнаш учурунда пайда болгон оору жана дискомфорт физиологиялык же инфекциялык проблемаларга эмес, психологиялык факторлордон улам жаралышы ыктымал. Чарчоо, стресс, депрессия, травмадан кийинки коркуу сезими (мисалы, зордуктоо же зомбулукка коркутуп-үркүтүү менен байланыштуу) секске таасирин тийгизген учурлар кѳп эле болот.

Табигый былжыр суюктуктун азайышы — бул психологиялык дүүлүктүргүчтѳргѳ карата реакциянын жеӊил варианты. Оор варианты — вагинизм — кын булчуӊдарынын эрксиз карышуусу. Бул абалда секс учурунда да, гинекологдун текшерүүсүндѳ да кындын ичине киргенде жагымсыз оору сезими пайда болот. Мындан тышкары, күтүлбѳгѳн карышуу жыныстык катнаш учурунда да келип чыгышы ыктымал жана ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳнүн теӊ жыныс органдары ооруйт.

Ар кандай изилдѳѳлѳрдүн натыйжаларына ылайык, вагинизмге планетадагы аял кишилердин  5%дан 47%га чейинки бѳлүгү кабылат. Аталган илдет Оорулардын эл аралык классификаторуна (МКБ-10) «органикалык эмес вагинизм» деген аталыш жана F52.2 коду менен киргизилген. Бул жерде «органикалык эмес» деген сѳз – физиологиялык бузулуулардан эмес, психологиялык себептерден улам келип чыккан дегенди түшүндүрѳт.

Анткен менен, оорулардын классификаторунда органикалык вагинизм дагы орун алган. Бирок ал кеӊири жайылбаган себептер (кын булчуӊдарынын тубаса патологиясы, шишиктер, инфекциялык жабыркоолор ж.б.) менен шартталгандыктан, сейрегирээк кездешет.

Мындай кѳйгѳй келип чыккан учурда, биринчи эле кезекте гинекологдон консультация алуу сунушталат. Эгер физиологиялык проблемалар аныкталбаса, анда врач-психиатрга кайрылуу зарыл.

Секстин оору менен коштолушуна себеп болгон тубаса аномалиялар болобу?

Тилекке каршы, бар. Кичи жамбаш чарасынын булчуӊдарынын ѳрчүшүндѳгү бузулуулар же кындын аймагында тубаса шишиктер органикалык вагинизмди – кын булчуӊдарынын эрксиз карышуусун жана ага кирген учурда оорунун жаралышын пайда кылат. Кыйла экзотикалуу аномалиялар да бар. Маселен,  Майер-Рокитанский-Кастер-Хаузер синдрому — кындын толук ѳрчүбѳй калышына же таптакыр жок болушуна себеп болгон жыныстык жетилүү кемтиги. Мындай кемтик орто эсеп менен 4-5 миӊ аялдын ичинен бирѳѳндѳ кездешет. Бул абалда жыныстык катнаш абдан эле оор болот. Кѳйгѳйдү хирургиялык жол менен  — жаӊы толук кандуу кынды калыптандыруу аркылуу чечүүгѳ болот.

Эркектер үчүн секс азапка айланат, мисалы, фимоздон — жыныс мүчѳсүнүн башынын ачылышына тоскоол болгон уч терисинин ичкерүүсүнѳн улам жыныстык катнаш кѳйгѳйлүү болот. Сексуалдык дүүлүгүү учурунда аталган илдет катуу ооруну пайда кылат, анткени уч теринин тканы катуу тартылып, кээде айрылып да кетиши ыктымал. Кѳбүнчѳ фимоз тубаса формада болот. Анткен менен, кийин пайда болгон фимоз оорусу деле кездешет. Мисалы, жыныс мүчѳнүн уч териси чоюлбаган тырык тканынан пайда болгон жыныс органдарынын травмасынан же инфекциялык оорусунан кийин.

Балким, баарына презерватив күнѳѳлүүдүр?

Ѳнѳктѳштѳр бардык параметрлери боюнча бири-бирине дал келген учурда да, жыныстык катнашта жагымсыз жана оору сезимдери презерватив жасалуучу латекске аллергиядан улам келип чыгышы мүмкүн. Бирок мунун үлүшү ѳтѳ эле аз: 2016-жылга карата берилген маалыматтар боюнча, аталган материалга болгон ашыкча сезимталдык дүйнѳ жүзүнүн калкынын 4,3%да гана байкалат. Аллергиялык реакциянын белгилери ар түрдүү болушу мүмкүн: кындын сезгенүүсү жана шишиши, эркектин жыныс мүчѳсүнѳ исиркектердин чыгып кетиши, ачышуу, кычышуу, кургактык — жана булардын кесептинен секстин оору сезими менен коштолушу.

Аллергияга шек жаралган учурда дароо гинеколог же урологдон консультация алып, кѳйгѳй чындап эле латекске байланыштуу экенин аныктоо үчүн анализ тапшыруу зарыл.

Булак: Двор медиа.