Сексттер жана секстинг

Бул эмне, эмне үчүн керек, эмнеси менен кооптуу жана пайдалуу боло алабы?

Адам секстин даамын тата элек, бирок толук кандуу секстинг менен алектенет. Муну жасап жатканын ѳзү деле билбеши мүмкүн. Секстинг деген эмне жана эмне үчүн аны менен алектенген учурда дагы сактануу зарыл экенин карап чыгалы.

Секст жана секстинг деген эмне ?

Жеке эротикалык сүрѳттѳр же видеолор, же жыныс органдары ачык кѳрсѳтүлгѳн сүрѳттѳр; жагымдуу жана назик же болбосо ташкындаган  жана жалындуу сексуалдык фантазияларды камтыган тексттер, — булардын баары социалдык тармактарга жарыяланганда же кимдир-бирѳѳгѳ билдирүү иретинде жиберилген соӊ секст деп эсептелип калат. Буларды жарыялоо же билдирүү түрүндѳ жѳнѳтүү процесси секстинг деп аталат. 

Албетте, мындай практика мурда деле бар болчу. Мааниси жагынан, ата-бабаларыбыз почта кѳгүчкѳндѳрү менен бири-бирине жѳнѳткѳн сүйүү жѳнүндѳгү каттар, эротикалык сүрѳттѳр дагы секстингге кирет деп айтууга болот. Бирок, кубулуштун изилдѳѳчүлѳрү аны азыркы мезгилге гана таандык кылышат. Себеби, эми эле — интернет, соцтармактар, мессенджерлер жана смартфондор жашоонун ажырагыс бир бѳлүгү болуп калган убакта, — секстинг менен каалаган учурда жана каалаган жерде алектенүү мүмкүн болуп калды. Белгилүү бир маанисинде секстинг мезгилдин духун белгилейт. Муну 2011-жылы «секст» жана «секстинг» сѳздѳрүн атактуу Оксфорд сѳздүгүнѳ киргизүү фактысы ырастап турат. Аталган сѳздүк мезгилдин башкы тренддерин чагылдырган жаӊы түшүнүктѳр менен дайыма жаӊыланып турат.   

Бул жерде дагы бир кызыктуу учур бар: индимдик мазмундагы тексттерди, сүрѳттѳрдү жана видеолорду жиберүү иш-аракетин «секстинг» термини менен биринчи кезекте психологдор, сексологдор, лингвисттер, андан кийин ЖМКлар аташат. Ал эми муну менен алектенген адамдар ѳздѳрү жѳнѳткѳн нерселерди атоодо секст деп эмес, жѳн гана «жылаӊач селфи», «обнажёнка», «банан сүрѳттѳр» жана башка түрдүү синонимдерди колдонушат. 

Типикалык секстер — бул ким?

Планетардык масштабда орточо статистикалык секстердин портретин түзүп чыгуу мүмкүн эмес. Секс темасы уят деп эсептелген жана тыюу салынган ѳлкѳлѳр менен коомдордо секстинг боюнча так статистика (интимдик сүрѳттѳрдү, видеолорду жана ачык жазылган тексттерди ким, кайсы курактан тарта жана канчалык кѳп жибере турганы) жок. Анткен менен, расмий кѳрсѳткүчтѳр менен изилдѳѳлѳрдүн жоктугу мындай кубулуш жок деген маанини билдирбейт. 

Ал эми секстинг жѳнүндѳ мурдатан бери жана эркин айтылып жүргѳн жерлерде башка кѳйгѳй бар — маалымат ѳтѳ кѳп жана жакшылап системага салынган эмес.

Маселен, АКШ боюнча мындай маалыматтын эӊ беделдүү булагы — Американын психологдор ассоциациясы 2015-жылы мындай деп билдирген: сурамжылоого катышкан 18 жаштан 82 жашка чейинки курактагы жарандардын 80 %дан кѳбү секстинг менен алектенгенин ырасташкан. Бирок мындай түрдүү курактын ѳкүлдѳрү кирген топто секстинг менен алектенүүнү күчтүү эӊсѳѳ бардык эле муундарда болбогонун түшүнүш керек. 

Жашыраак адамдар «жылаӊач селфилерди» жарыялоо жана жѳнѳтүү менен алектенеби?

Ошол эле 2015-жылы австралиялык изилдѳѳчүлѳр жашы жете электердин арасында секстинг жѳнүндѳ сурамжылоолорду анализдеп чыгуу боюнча масштабдуу иш алып барышкан. Алар анализдеп чыккан изилдѳѳлѳрдүн натыйжалары бири-биринен абдан эле айырмаланып тургандыгын белгилешкен. Айрым маалыматтар секстинг менен 13 жаштан 18 жашка чейинкилердин 2% ы гана алектенгенин кѳрсѳтсѳ, кээ бир изилдѳѳлѳр 16 жаштан 18 жашка чейинкилердин 50%га жакыны жана 13-15 жаштагылардын болжолдуу 40%ы алек болгонун аныктаган.

Кыскасы, азырынча илимпоздор бул тема боюнча туура жана так изилдѳѳ методикасын иштеп чыга элек жана кээ бир постимпрессионист сүрѳтчүлѳр сыяктуу ири сүртүмдѳр менен иштешүүдѳ, — типтүү секстердин портрети белгисиз жана чындыкка дал келбеген бойдон кала берет. 

Адамдар эмне үчүн буга барышат?

Кишинин сексуалдык жүрүм-турумун изилдеген психологдор эротикалык мазмундагы билдирүүлѳрдү жѳнѳтүүнүн жана алуунун пайдалуу болушу мүмкүн экенин белгилешет. 

Индиана университетинин изилдѳѳчүлѳрүнүн версиясы боюнча, жаӊыдан башталган мамилелерде секстинг коопсуз жана кылдаттык менен жакындоого, бири биринин фантазиялары тууралуу жакшыраак билүүгѳ, бири биринин жанында ѳзүн эркин сезүүгѳ ѳбѳлгѳ түзѳт. 

Ошондой эле секстинг азырынча чыныгы жыныстык байланышка кирүүнү каалабагандар үчүн сексуалдык каалоолорун канааттандырууга жардам берет. Балким, жеке сексуалдуулугун кѳрсѳтүү жана башкасыныкын кабылдоо боюнча мындай кибермашыгуу кийин чыныгы мамиле түзүүдѳ пайдалуу болуп калышы ыктымал. 

Ал эми Кентуки университетинин илимпоздорунун пикири боюнча, мындай мамиледеги (платоникалык гана эмес) адамдардын ортосундагы секстинг жуптардын чыныгы секстен канааттанганын жана бири бирине ишеними жогору болгондугун кѳрсѳтѳт. 

Кандайдыр бир кооптуулугу барбы?

Жылаӊач селфи жагымсыз нерселерге жол ача турган типтүү кырдаалдардын бири Sex Education сериалында кѳрсѳтүлсѳ керек. Ал жерде каармандардын биринин интимдик сүрѳтү классташтардын арасында тарап кетет. Мугалимдер менен мектеп жетекчилиги бул тууралуу билип калганда, сүрѳттү жайган адам катуу жаза алган.  

Сүрѳттѳр тез эле ѳзүнѳн ѳзү жок болуп кеткен Snapchat дагы секстинг үчүн кѳбүрѳѳк ылайыктуу болгону менен, мындай кесепеттерден сактануунун мыкты каражаты деп эсептеле албайт. Эгерде кимдир-бирѳѳ купуялуулукту бузуп, сүрѳттү жайып жибергиси келсе, сүрѳт кѳрүнүп турган учурда деле скриншот кылып алышы ыктымал.

Негизи эле секстинг менен эки жактын теӊ макулдугунун негизинде бойго жеткен адамдар алек болгон учурда, бул иш-аракет мыйзамсыз деп эсептелбейт. Кѳп ѳлкѳлѳрдѳ кимдир-бирѳѳ тарабынан башкасынын интимдик сүрѳтү шантаждоо максатында колдонулган; же болбосо кѳрүүнү каалабаган кишиге ѳзүнүн секс-сүрѳттѳрүн жиберүү менен жыныстык асылуу болгон учурлар мыйзам бузуу катары эсептелет. 

Жашы жете электердин арасында секстингге байланыштуу жагдай кыйыныраак. Эгер бир балага сүйлѳшкѳн кызы интимдик сүрѳтүн жиберип, ал сүрѳттү башка эч кимге кѳрсѳтпѳстѳн, ѳз телефонунда сактап жүрсѳ деле балдар порнографиясын сактоо боюнча айыпталышы ыктымал.  Бул жерде анын ѳзү деле жаш бала экени эске алынбайт. АКШда мындай айыптоо коюлган учурлар болгон. Россияда ушуга чейин аныктала элек, же болбосо элге жарыя кылынган эмес. Бирок Россияда жана мурдагы КМШ ѳлкѳлѳрүнүн кѳбүндѳ деле балдар порнографиясы жѳнүндѳ мыйзам  катуу иштейт. 

Кээ бир ѳлкѳлѳрдѳ секстинг менен алек болгон кишилер чыныгы секс-кылмышкер катары айыпталышы мүмкүнбү?

 

Ооба. АКШда жана Австралияда мындай прецеденттер кѳп эле болгон. Кѳбүнчѳ алар тѳмѳнкү мазмундагы талкууларды жаратышкан:

«15 жашар балдарды бири-биринин интимдик сүрѳттѳрүн сактагандыгы үчүн кылмышкер деп айыптоого болобу?»

«Болбойт го. Бирок мыйзам боюнча алардын жасаган аракеттери кылмыштуу мүнѳзгѳ киргендиктен, мыйзамсыз деп сыпатталышы керек».

Бул моралдык дилемма акыркы жылдарда илимий чѳйрѳдѳ кѳп талкууларды жаратууда. Секстингди изилдѳѳ тармагындагы кѳрүнүктүү фигуралардын бири — Жаӊы Түштүк Уэльс университетинин илимий кызматкери, Массачусетс университетине караштуу Жарандык медиалар борборунун профессору Кейт Кроуфорд мектеп окуучулары арасында секстингге тыюу салуу саясатын эски жана зыяндуу деп эсептейт.  Анын пикиринде, жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдү мыйзам бузууга айыптагандар «жылаӊачтанган балдар» деген сѳзгѳ кызыл чүпѳрѳккѳ реакция кылгандай мамиле жасашат жана 18 жашка чейинки балдар эч кандай жаман ою жок жана кимдир-бирѳѳгѳ зыян келишин каалабай туруп эле, эки жактуу макулдуктун негизинде ѳздѳрүнүн интимдик сүрѳттѳрү менен бѳлүшѳ алат.

Материалды даярдаган: Двор Медиа