«Жок» деп айтуу укугу

Жыныстык макулдук деген эмне, ал качан керек, макулдук кимге жана кандай жагдайда берилет. Биз баарын түрдүү жагдайлар чагылдырылган: ашыкча бир-эки бокал шараптан кийинки секстен баштап «Түнү аныкында калууга макул болгонуӊда эмне жѳнүндѳ ойлондуӊ эле?» абалына чейинки тѳрт мисал менен карап чыгабыз.

Ѳнѳктѳшү кызып калганда

«А» достору менен алча ликёрун ичип, кѳӊүлдүү отурушат. Бир нече чѳйчѳктѳн кийин «Б» колдорун «А»нын тизесине коюп, башка бѳлмѳгѳ бѳлүнүп кетүү сунушун киргизет. «А» «Б»ны жактырат, бирок азырынча интимге, болгондо да отуруш учурунда, даяр эмес экенин сезет. Ошондуктан «Б»нын сунушун четке кагып, андан ары кѳӊүл ачууну улантат. Отуруштун башынан аягына чейин «Б» жабышып, жанынан чыкпайт: флирттейт, ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурат. «А»нын маанайы жакшы болгондуктан, ага да флирт менен жооп берип, жакшы сүйлѳшѳ берет. Отуруш кызыган мезгилде «А» телефонун башка бѳлмѳдѳ калтырганын эстеп, аны алуу үчүн кетет. «Б» дароо байкап, артынан барат. Ал жерде «А»нын жалгыз экендигинен пайдаланып, эшикти бекитип коюп, «А»ны жыныстык катнашка барууга кѳндүрѳ баштайт. Ал учурда «А»нын жүрүм-турумунан ал ѳзү сексти каалап жатканы белгилүү болгонун да айта кетет. Кызып калган «А» былдырыктап бир нерселерди айтат, башы тегеренип, ѳзүн башкара албай калат. Денеси болсо эрогендик зоналарды кармалоого дүүлүгүү менен жооп берет…

  1. Эгер киши ѳзү каалабаса, аны секске мажбурлоого болбой турганы баарына маалым. Бирок ал макул же макул эмес экени айкын болбогон абалда эмне кылуу керек?
  2. Макулдук ачык билдирилүүгѳ жана эркин берилүүгѳ тийиш. Биринчиден, секске макул болуу — бул адамдын ачык билдирилген аӊ сезимдүү чечими экени түшүнүлүшү керек. Экинчиден, ал макулдук эч кандай кысымсыз жана манипуляциясыз алынуусу зарыл. Жана дагы эӊ маанилүүсү — алкоголдук ичимдиктин жана башка аӊ сезимди ѳзгѳртүүчү ар кандай заттардын таасири менен мажбурлоого болбойт.
  3. Жогорудагы мисалда макулдук алынган эмес.
  4. Бирок, кээде ачык эле макул болгон учурларда деле, секстин ѳнѳктѳштѳрдүн бири үчүн жагымсыз болгон күтүлбѳгѳн юридикалык кесепеттери келип чыгышы ыктымал. Мыйзам ѳзү үчүн толук жооп бере албаган кишилерди коргойт. Ошондуктан мындай адамдар менен болгон жыныстык катнаш эки жактын теӊ макулдугу менен болгон секс катары эсептелбейт.
  5. Биринчи кезекте бул курактык ѳзгѳчѳлүк менен байланыштуу. Эгер ѳнѳктѳштѳрдүн бири он сегиз жаштан ѳткѳн, ал эми экинчиси он алты жашка чыга элек болсо, анда экѳѳнүн ортосундагы жыныстык байланыштын бардык түрү КР ЖК 134-беренесине ылайык каралып чыгат.
  6. Бирок, эгер киши бул берене боюнча мурда соттолбосо, анда ал ѳнѳктѳшүнѳ үйлѳнүп/турмушка чыгып, кылмыш жазасынан кутулуп кете алат.
  7. Кырдаалдардын экинчи топтому адамды алсыз абалга түшүргѳн факторлор менен байланыштуу. Башкача айтканда, чоӊ киши да секс менен алектенүүнү каалабаган учурда деле ѳзүнѳ эмне болуп жатканын түшүнүүгѳ, жана/же каршылык кѳрсѳтүүгѳ жѳндѳмсүз болуп калышы ыктымал.
  8. Бул психикалык бузулуулардан же физикалык кемчиликтерден жабыркаган, ошондой эле уктап жаткан, эс-учун жоготкон же алкоголдук ичимдиктердин, баӊгизат жана башка психоактивдүү заттардын таасирине кабылган адам болушу мүмкүн. 
  9. Бул жерде психоактивдүү заттар киши болуп жаткан нерселерди дурус кабылдап, түшүнбѳй жана каршылык кѳрсѳтѳ албагандай абалга түшүүсүн шарттаган дозада болушу керек. Ошондуктан романтикалуу кечки тамактанууда ичкен шарап, эс-учун жоготкуча ичилбеген учурда, эч кандай кѳйгѳй жаратпайт.  Ал эми аны ичүү демилгесин ким кѳтѳрүп чыкканы мыйзам үчүн маанилүү эмес.
  10. Эгер экинчи киши анын ѳнѳктѳшү кандай абалда экенин түшүнүп-билип туруп, баары бир жыныстык катнашка барган болсо, анда аны КР ЖК 161-беренеси («Зордуктоо») жана/же 162-беренеси («Сексуалдык мүнѳздѳгү зомбулук аракеттери») боюнча укук бузуу менен айыптоого болот.

Ѳнѳктѳш оюнан кайтканда

«А» менен «Б» кѳптѳн бери сүйлѳшүп жүрүшѳт. Экѳѳ теӊ сексти каалап жаткандарын эчак түшүнгѳн жана баарын алдын-ала пландаштырышкан. Ошентип ал кеч да келди. Жолугушуудан кийин «Б» «А»нын үйүнѳ барат. Үйүнѳ кирип, жалындуу ѳбүшүүнүн артынан бири-бирин чечиндире баштайт. «А» бир аз күтѳ турууну ѳтүнүп, презерватив алып келүү үчүн башка бѳлмѳгѳ багыт алат. «Б» күтүүсүздѳн ѳзүн ыӊгайсыз сезип, анда дал ошол учурда жыныстык катнашка барууну чындап каалаганынан шек жаралат. «А» кайтып келгенде, «Б»нын кийинип жатканын кѳрѳт: «Эй! Мындай болбойт! Экѳѳбүз сүйлѳшпѳдүк беле, сен ѳзүн макул болгонсуӊ! Эгер азыр кете турган болсоӊ, анда мен сени таштап кетем». «А» «Б»га жакын келип, аны ѳпкүлѳп, сылап-сыйпай баштайт. «Б» ѳзүн күнѳѳлүү сезип, эмне кылышты билбей калат. Чынында эле макулдук берилген, анын үстүнѳ «Б» «А»дан ажырагысы келген жок…

  1. Формалдуу түрдѳ, мыйзам боюнча, оозеки макулдуктун берилбеши  — кылмышка кирбейт. Бир адам экинчиси менен ѳзүн күнѳѳлүү сезгендиги үчүн же аны таштап кетет деп корккондон улам жыныстык катнашка барган учурда, мындай чечимди ал ѳзү кабыл алган деп эсептелет.
  2. Бирок, эгер адам ѳнѳктѳшү сексти каалабаганына карабастан аны менен жыныстык катнашка барып жатса, жана муну ѳзү аӊдап-түшүнүп турса, анда алардын ортосунда жакшы мамиле түзүлбѳйт.
  3. Биринчиден, эгер киши ѳнѳктѳшү менен манипуляциянын: эмоционалдык кысым кѳрсѳтүүнүн («секс болбосо – сенден кетем») жана акидей асылып кѳндүрүүнүн натыйжасында жыныстык катнашка барса, макулдук ѳз ыктыяры менен жана эркин берилди деп эсептелбейт. Ѳнѳктѳш «макул эми, сен каалагандай болсун» деп да айтышы мүмкүн, бирок бул баары бир кааланбаган секс болуп саналат.
  4. Ал эми ѳнѳктѳшүн шантаждоо («жылаӊач сүрѳттѳрүӊдү элге жайып жиберем!»), мүлкүн талкалап салуу же тартып алуу менен коркутуу, же болбосо финансылык кѳз карандылыгынан пайдалануу аркылуу жыныстык катнашка мажбурлоо КР ЖК 133-беренесине («Сексуалдык мүнѳздѳгү аракеттерге мажбурлоо») туура келет.
  5. Бир минута мурун ѳнѳктѳшү сексти каалабай жатканы эч нерсени билдирбейт: киши бир эле секунданын ичинде оюн ѳзгѳртүшү мүмкүн.
  6. Адамдын маанайы ѳзгѳрүп кетет, бир нерседен чочулайт, кандайдыр бир себептерден улам жагымсыз сезимдер пайда болот. Булардын баары теӊ секстен баш тартуу же аны токтотуу үчүн нормалдуу себептер болуп эсептелет.
  7. Ѳнѳктѳш менен секс эки тараптын теӊ каалоосунун негизинде болушу керек. Ал тургай жылаӊач тѳшѳктѳ жатканда деле каалаган учурда баш тартууга болот.

Ѳнѳктѳш башка шартка макул болгондо

Мындай бир кырдаалды элестетип кѳрѳлү: «А» менен «Б» жыныстык катнашка барууну чечишти. Секс учурунда презерватив жылышып кетет, контрацептивди оӊдоп кийүүнүн ордуна «Б» аны таптакыр эле чечип ыргытат. Бир нече секундадан кийин «А» сактануу каражаты жок экенин байкап, «Б»дан токтоосун ѳтүнѳт. «Бул жѳн гана чечилип калган резинка. Сен мурункудай эле мени каалап жатасыӊ да?», — дейт «Б». «Ооба, каалап жатам… Бирок бул ишеним менен ден соолук үчүн кооптуу да», — дейт «А». Бирок абдан катуу дүүлүгүп калган, жана улантууну каалайт, «Б» дагы кумарга батууну токтоткусу келген жок…

  1. Бул окуяда сексуалдык макулдуктун дагы бир айырмалоочу ѳзгѳчѳлүгү байкалат: макулдук бардык нюанстарды эске алуу менен берилиши керек. Жагдайды толук түшүнбѳй, жакшылап элестетпей туруп ага макул болууга болбойт.
  2. Мисалы, секске макул болуп, бирок катнаш учурунда анын кайсы бир түрлѳрүнѳн баш тартууга болот.
  3. Же болбосо, ѳнѳктѳшү презерватив колдонууга убада берип, андан соӊ аны чечип сала турган болсо, экинчисинин макулдугу эсепке кирбейт, себеби бул тууралуу ал билген эмес.
  4. Секстин нюанстары тууралуу кеп кылганда, эки жактын теӊ каалоолору менен жыныстык катнаштын коопсуздугун да сүйлѳшүп алуу зарыл. Ѳнѳктѳшүнүн ден соолугуна ишенбесе, сактануусуз катнашка эч ким деле макул болбойт.
  5. Анын үстүнѳ, эгер адамда жыныстык жол менен бериле турган оорусу бар болсо, анда сактануусуз секс үчүн кылмыш жазасына тартылат.
  6. Ѳнѳктѳшүнѳ айыкпас венерикалык ооруну жугуза турган кырдаалды жаратуу — бул КР ЖК 149-беренесине туура келет.

Ѳнѳктѳшү «азгырганда»

Түндѳ, жолугушуудан кийин, «Б» «А»ны бирге чай ичүүгѳ үйүнѳ чакырат. Сүйлѳшүп отурганда «Б» «А»га комплименттерди айтып, конуп калуусун сунуштайт: түндүн бир убагы болуп кетти, үйгѳ кантип барат. «А» калып, конок бѳлмѳсүндѳгү диванга жатат. Уктап жатып, «Б»нын кармалаганынан улам ойгонуп кетет. «А» аны түртѳ баштайт. «Б» таарынып, «анда эмнеге конуп калдыӊ, флирттедиӊ, диванга ич кийимчен жаттыӊ?» сыяктуу суроолорду берип, нааразы болот. «А»да «мунун баарын секске макулдук катары кабыл алдыбы?» деген суроо жаралат.

  1. Бул мисалда сексуалдык макулдуктун дагы бир маанилүү элементи чагылдырылган. Макулдук конкреттүү түрдѳ, ачык-айкын айтылганда гана күчкѳ ээ. 
  2. Башка бирѳѳнүн бѳлмѳсүнѳ кирүүгѳ, отурушка барууга, анын үйүндѳ конуп калууга макул болуу — секске макул болуу дегенди билдирбейт.
  3. Кандай кыйытмалар айтылганы жана канча флирт болгону, же болбосо киши ѳнѳктѳшүн канчалык деӊгээлде «азгырганы» маанилүү эмес. Бул жагдайда кишиге жыныстык катнашты таӊуулоо жана ага мажбурлоо — кылмышка кирет. Мындай жорук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
  4. Сексуалдык иш-аракеттин түрүнѳ жараша киши зордуктоо (вагиналдык жыныстык катнаш, КР ЖК 161-беренеси) же сексуалдык мүнѳздѳгү зомбулук аракеттери (калган бардык түрлѳрү, КР ЖК 162-беренеси) боюнча айыпталат .
  5. Ошону менен бирге эле, эгер жабырлануучу бир нече иш-аракетке мажбурланган болсо, шектүү жыныстык катнаштардын ортосунда тыныгуу болуп-болбогонуна карабастан эки берене боюнча теӊ күнѳѳлүү деп табылат.
  6. Зордуктоо жана сексуалдык мүнѳздѳгү зомбулук аракеттери мыйзам боюнча жыныстык катнаш же башка сексуалдык аракет башталган учурдан тарта ишке ашырылды деп эсептелет. Башталар замат кайра аяктаган учурда деле мындай аракетке кирет.
  7. Айыптоо ѳкүмүн чыгаруу үчүн зордукчунун жабырлануучунун алсыз абалда болгондугун моюнга алуусу маанилүү.
  8. Албетте, сексуалдык макулдук сыяктуу маанилүү теманын бардык ѳӊүттѳрүн бир эле берененин негизинде карап чыгуу мүмкүн эмес.
  9. Башкы максат — жалпы жонунан сексуалдык макулдук жѳнүндѳ түшүнүк пайда кылуу жана макулдашууда «жок» деген жооп ар дайым «жок», ал эми «ооба» болсо - «ооба» экенин эскертүү. Ѳнѳктѳшүӊѳргѳ абайлап мамиле кылгыла жана аны сыйлагыла. Катуу кумардануудан улам акылдан адашып, түбү жаман ката кетирип алууга жол бербегиле. 

Булак: Двор Медиа