Секссиз кош бойлуулук (16+)

жана бойго бүтүүнүн башка жолдору

Бойго бүтүү — жакшы изилденип чыккан процесс. Эркекте эякуляция болот, сперма жатынга түшѳт, сперматозоид энелик клетканы уруктандырат. Негизи бул вагиналдык секстин, башкача айтканда пенисти кынга киргизүү менен ишке ашкан жыныстык катнаштын натыйжасы. Бирок дайыма эле мындай боло бербейт.

«Бойго бүтүүнүн ѳзгѳчѳ жолу» деген эмнени түшүндүрѳт?

Вагиналдык жыныстык катнашсыз аялдын боюна бүткѳн абалдарды ушундайча атайбыз. Башкача айтканда, эркек кынга мүчѳсүн киргизген эмес жана формалдуу түрдѳ жыныстык катнаш болгон эмес, ал эми кындын ичине сперма же эякуляцияга чейинки суюктук (предэякулят) кирип кеткен.  Эякуляцияга чейинки суюктук — бульбоуретралык бездер тарабынан бѳлүнүп чыккан түссүз иллээшкек суюктук. Анда да сперматозоиддер болуп калышы ыктымал.

Кантип мындай болот?

Мындай жол менен бойго бүтүп калышы үчүн сперма жатынга түшүшү керек. Жасалма жол менен уруктандырууну коё туруп, аялдар пландан тышкары кош бойлуу болуп калган жагдайларды карап чыгалы:

●     ѳнѳктѳштѳрдүн биринин бармактарында сперма калып, маселен, петтинг учурунда кынга кирип кетет

●     жуп пайдаланган секс-оюнчуктарда сперма же эякуляцияга чейинки суюктук калып калат

●     эркектин бел суусу кынга жакын түшѳт да, вульвага кирип, андан ары вагинага агып барат

●     эрекция абалындагы пенис кындын киришине жакын болуп, эякуляцияга чейинки суюктугу ичине кирип кетет

Эмесе, петтинг жѳнүндѳ кененирээк айтып берели. Кантип эле колдо калып калган сперма энелик клетканы уруктандырсын?

Бардыгы сперманын канча убакыт жана кандай шарттарда тирүү каларына байланыштуу суроого келип такалат. Эгер сперматозоиддер ыӊгайлуу чѳйрѳдѳ, маселен кындын ичинде болсо, анда алар беш күнгѳ чейин активдүү бойдон кала алышат. Кургак жана муздак жерде, мисалы кафелдин үстүндѳ, тезирээк ѳлѳт. Бирок сперма кургап калгыча бир нече минута жашайт. Активдүү сперма ѳнѳктѳштүн бармактарында калды, анан ал бармактарын аялдын кынына киргизди дейли. Бул абалда бойго бүтүү мүмкүндүгү бар. Сперма бармактар менен кынга кирип, кындын каналына түшѳт да, андан ары жатынга агып жѳнѳйт. 

Бирок секс-оюнчуктар — жылуу жана нымдуу чѳйрѳ эмес да?

Сперма үчүн «кошумча инвентардагы» шарттар чындап эле жагымдуу боло албайт, жана секс-оюнчуктарды бойго бүтүп калуу коркунучунан улам эмес, гигиенага кам кѳрүү максатында жууп-тазалоо зарыл. Ошентсе да, фаллоимитаторду кынга киргизерден бир минута мурун ага сперма тамып кетти деп элестетели. Албетте, мында түйүлдүк пайда болуу коркунучу ѳтѳ эле тѳмѳн, бирок, баары бир эске алып коюу ашыктык кылбайт. Анын үстүнѳ, секс-оюнчуктардын бетинде аялдын организминен бѳлүнүп чыккан суюктук болуп калышы ыктымал, ал эми анын ичинде сперматозоиддердин жашап кетүү мүмкүндүгү кыйла эле жогорулайт.

Ваннадан бойго бүтүп калуусу мүмкүнбү?

Сперматозоиддер толтура суунун ичинен ѳтүп барып, аялдын денесине кирип кетет дегенге ишенүү ѳтѳ кыйын. Жылуу ваннада алар болгону бир нече минута гана жашайт. Ал эми уруктандыруу үчүн активдүү сперма алгач кынга кирип, жатын моюнчасынан ѳтүп, анан гана жатынга түшүүсү зарыл.  Ошончо суунун ичинен мындай болуп кетүү мүмкүндүгү ѳтѳ эле аз, ошентсе да аны божомолдоого болот.

Секстин башка түрлѳрү, аналдык жана оралдык секс коопсузбу?

Бир жагынан алганда, ооба, себеби кѳтѳн чучук дагы, кызыл ѳӊгѳч дагы жатын менен туташпайт, демек, сперматозоид энелик клеткага жете албайт. Экинчи жагынан, сперманын бир бѳлүгү сыртта – жыныс органдарында, колдо же башка дене мүчѳлѳрүндѳ калып калат да, ал жерден кынга түшүп калышы ыктымал.  Булар биз мурда сүрѳттѳп ѳткѳн абалдардын ошол эле варианттары. Мындай жолдор менен бойго бүтүп калуу мүмкүндүгү ѳтѳ эле тѳмѳн, бирок интимдик гигиена ден соолук үчүн абдан маанилүү жана ага ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурулууга тийиш.  

Дисклеймер

Ѳспүрүм курактагы кош бойлуулук ѳтѳ кооптуу экендигин эскертебиз. Кыз бала 12-13 жашында келген биринчи этек киринен кийин эле кош бойлуу болуп калышы мүмкүн. Бирок баланы кѳтѳрүп, жарык дүйнѳгѳ алып келүү — чоӊ кишинин организми үчүн дагы абдан эле оор жүк. Эгер дене-бой толугу менен ѳрчүй элек болсо, кошумча ооруларга жана бала менен эненин ѳлүмүнѳ чейин жеткен ѳтѳ жаман кесепеттерге алып келиши ыктымал. 

Булак: Двор медиа.