Мастурбация жѳнүндѳ 10 суроо

«Мастурбация» деп эмнени айтууга болот?

Кишилер кѳбүнчѳ мастурбация деп, ѳзүн-ѳзү кармалап, сексуалдык каалоосун кандырууну шарттаган денесин жана сексуалдуулугун изилдѳѳ аракеттерин айтышат. Буга бир гана жыныс органдарын кармалоо эмес, кишиге сексуалдык ырахат алып келген бардык аракеттер кирет. Мисалы, отургучтун бурчуна сѳйкѳнүү же алаасына жаздыкты коюп, катуу кыпчып алуу.  Кээ бир адамдар бадыраӊ же кашыктын башы сыяктуу тегерек келген предметтерди колдонуп, аларды денесине тийгизип ойношот. Ал тургай киши ѳзүн-ѳзү кармалабай, жѳн эле эротикалык материалдарды окуп чыгуусун же сексуалдык фантазияларды жаратышын да кеӊири маанисинде мастурбация деп сыпаттаса болот.  Башкача айтканда, эротикалык стимуляциянын кѳптѳгѳн түрлѳрү, алардын ичинен оргазм менен бүткѳндѳрү дагы мастурбация деп айтылат.

Секске жана мастурбацияга карата кызыгуунун кайсы куракта пайда болушу нормалдуу жана табигый кѳрүнүш болуп эсептелет?

— Сексуалдуу нерсе катары мастурбацияга болгон кызыгуу жана бул ырахаттануу менен аяктоосу керек экендигин ойлонбостон эле аӊ сезимсиз түрдѳ жасалган кыймыл-аракеттер – эки башка нерсе. Жаӊы тѳрѳлгѳн ымыркайлар дагы ѳздѳрүн кармалашат, бирок бул ѳзүн-ѳзү изилдѳѳ аракеттерине жатат.

Жаш балдарда карама-каршы жыныска болгон кызыгуу эрте эле: 5 да, 6 да, 8 жашта да жаралышы мүмкүн. Бирок бул курактагы балдарга жѳн гана жаӊы нерсе кызык: сексуалдык канааттанууну алар биле беришпейт, ѳзүнүн жана башка бирѳѳнүн денесин изилдеп кѳрүүгѳ кызыгышат. Кыздын дене-бою башка, эркек баланыкы -  башкача. Балдарга анык кызык болгон ушул нерсе.  

Кийинирээк, бир аз чоӊойгондо, эркек/кыз бала ѳзүнүн жыныс органдарына кокусунан тийип алып, бул нерсе жагымдуу экенин түшүнѳт да, кээде ѳзүн-ѳзү кармалоо аракеттерин кайталай баштайт. Бирок бул процессте эч кандай эротикалык максат болбойт, тактап айтканда, бала оргазмга жетүү үчүн аӊ сезимсиз эле жасай берет.

Канча жаштан мастурбация кыла баштаса болот?

Бул процессте кандайдыр бир так ченем жок, баары индивидуалдуу мүнѳздѳ. Бирок, адатта, киши жыныстык жетилүү жакындап калган мезгилдерде аздыр-кѳптүр мастурбация менен алектене баштайт. Эгер киши балалык же ѳспүрүм кезинде бул тууралуу мектептен же үй-бүлѳсүнѳн маалымат албаса, анда болжол менен 14-16 жаштарда колуна эротикалык сүрѳт алып, аны кѳргѳндѳ эле эрекция пайда болот. Эрекция абалындагы жыныс мүчѳсүн эмне кылышты билбей, интуиция менен пенисин стимуляциялап, мунун ѳтѳ жагымдуу экенин түшүнѳт. Тинейджер курагына келген балдар да, кыздар дагы дээрлик дайыма мастурбация кылып турушат. Бирок 18 жаштан 60 жашка чейинки чоӊ кишилер ѳспүрүмдѳргѳ салыштырмалуу кѳбүрѳѳк алектенишет. Баса, сексуалдык ѳнѳктѳшү жок адам мастурбацияга кѳп кайрылат дегенди түшүндүрбѳйт. Регулярдуу сексуалдык ѳнѳктѳшү бар кишилер жалгыз кишилерге караганда кыйла кѳп мастурбациялашат. 

Жакында келген бейтап кыздардын биринен мастурбацияга болгон кызыгуусу качан жаралгандыгы тууралуу сураганымда, күтүлбѳгѳн жерден деп жооп берди. Ажатканага баргысы келиптир, бирок мугалими уруксат бербей жаткан экен. Айласы түгѳнүп, буттарын катуу кыпчып, карманууга аракет кылганда, ѳтѳ жагымдуу сезим пайда болуп кеткен. Кийин чоӊураак болгондо, буттарын катуу кысып, оргазмга жете ала турганын түшүнгѳн. Ошондуктан ар кимде ар кандай болот.

Элдин арасында бул кубулуш кѳп кездешеби? Мастурбация менен кѳп киши алектенеби?

Элдин кѳбү алектенишет. Жыштык ар кандай болот: кээ бир кишилер бир айда бир жолу, кээлери – күнүнѳ бир же эки жолу жасашат. Мастурбация дүйнѳ жүзүндѳгү элдердин баарында эле бар. Мен ар кайсы улуттагы кѳп кардарлар менен иштейм. Ушунча убакыттан бери жана ушунча кишинин ичинен мурун-кийин таптакыр мастурбация кылып кѳрбѳгѳн бир же эки гана киши кайрылды. Бул кѳбүнчѳ динге же маданияттын ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ байланыштуу.

Мастурбация эмне үчүн керек, анын кандайдыр бир пайдасы барбы?

Жалпысынан мастурбация сексуалдык чыӊалуудан арылуу үчүн керек, жана анын физикалык саламаттыкка да, психологиялык саламаттыкка дагы пайдасы чоӊ.

Биринчиден, мастурбациянын жардамы менен стресстен да, чыӊалуудан да арылууга болот. Мисалы, кээ бир кишилер сынактын, кандайдыр бир маанилүү жыйналыштардын алдында катуу толкундануусун басаӊдатуу максатында мастурбация кылышат. Бул сексуалдык эс алууну камсыздайт. 

Экинчиден, бул ѳзүн ѳзү таануунун: эмне жагып, эмне жакпаганын билип алуунун эӊ сонун ыкмасы. Мындан алган билимдин кийин секске пайдасы тиет: ѳнѳктѳшүӊѳ ѳзүӊѳ жаккан жана жакпаган нерселерди айтып бересиӊ. Мындан тышкары, ѳнѳктѳшүӊ менен бирге мастурбацияны да сынап кѳрсѳӊ болот. Мында ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳ теӊ бири-биринин маӊдайында ѳз денелерин сылап-сыйпап, эркелетишет. Мастурбациясынын бул ыкмасында бойго бүтүп калуу же жыныстык жол менен берилүүчү ооруларды жугузуп алуу коркунучу болбойт.  

Башка физиологиялык таасирлери да бар. Айрым кыздарга мастурбация айыз алдындагы симптомдорду азайтууга жардам берет. Кимдир-бирѳѳ андан кийин тез уктайт, дагы бирѳѳ жыныс органдарынын аймагындагы булчуӊдарынын тонусун чыӊдоо үчүн муну жасайт. Булар менен катар эле, мастурбация айрым сексуалдык функциялардын бузулушун дарылоо максатында да калдонулат.

Мастурбация зыяндуу болушу мүмкүнбү? Аны канчалык кѳп жасоого болот?

Киши мастурбацияны чындап эле каалаган учурда жасаганы оӊ. Эч качан ѳзүн зордобош керек. Кандайдыр бир ченем, маселен, бул жумасына үч жолу же күнүнѳ бир ирет сѳзсүз болууга тийиш деп белгилегенге да болбойт. 

Мастурбация күндүн тартибине тоскоолдук жарата баштаган учурдан тарта кѳйгѳйлүү болуп калат. Мисалы, окуучу ушунун айынан мектепке кечиксе, чоӊ киши маанилүү иш-чараларга барбай баштайт. Мындай учурда сѳзсүз түрдѳ кесипкѳй адиске — секс-терапевтке же психотерапевтке кайрылуу зарыл.

Практикамда мындай окуя болгон: бир жигит бирѳѳ менен таанышканда чочулоо сезими жарала бергендиктен, таанышуулардан качып калат. Кѳп убактысын үйдѳ отуруп, мастурбация менен алектенет. Акыры, бул кѳйгѳйгѳ айланат. Компьютердин алдында порнография кѳрүү менен кырк минутадан бир жарым саатка чейин отура берчү экен. Эркектин жыныс мүчѳсүнѳ тез-тезден жана катуу басым жасай берүүсү - кадимкидей эле зыянга алып келет, ал тургай ооруканага дагы түшүп калышы ыктымал.

Ушуга окшош учурларда сексолог таанышууулар жана мамилелерге байланышкан чочулоо сезиминен арылууга жардам берет. Киши тынчтанып, жай алып калганда кѳптѳн жана тез-тезден мастурбация жасоого муктаждык деле жоголуп кетиши мүмкүн.

Муну кантип жакшы жасаса боло тургандыгына байланыштуу кеӊештер барбы?

Кээ бир адамдар үчүн шарт менен чѳйрѳ абдан маанилүү. Киши кандайдыр бир музыканын угулуп туруусу, тегерек-четинин жакшынакай болуп иреттелиши, жумшак, жеӊил тѳшѳккѳ же кооз шейшепке жатуусу ѳзү үчүн кандай мааниге ээ экенин аныктап алышы керек. Кимдир-бирѳѳлѳр үчүн булардын эч кандай мааниси жок.

 

Киши мастурбациялап жатканда бир учурда эки роль ойногонун унутпаш керек: ѳзүнѳ ырахат тартуулайт жана ырахат алат. Жеке туюмдарын: кайсы учурда батыраак, кайсы учурда жайыраак, качан катуу кыймыл-аракет керек экенин билип алуусу абзел.

Клитор жѳнүндѳ кеп кыла турган болсок, анын үстүнѳн бармакты ар кайсы багытта ойнотсо: бармактын учу менен «8» санын же айлана тартып, же болбосо бармакты ѳйдѳ-ылдый, оӊго-солго жылдырып кѳрсѳ болот. Бул ыкмаларды колдонуп кѳрүп, кайсынысы кѳбүрѳѳк жагымдуу таасир берерин аныктоо мүмкүн.

Эркектин жыныс мүчѳсүнѳ келсек, ага баштан аяк лубрикант сүйкѳп, колу менен ылдый-ѳйдѳ жүрѳ баштайт. Мүчѳнү кармоонун интенсивдүүлүгүн дагы качан жагымдуу сезим, качан дискомфорт жараларын байкаштырып, анан аныктап алса болот.

Эгер адам кандайдыр бир сексуалдык оюнчуктарды, вибраторду пайдаланса, аларга презерватив кийгизүү сунушталат. Кѳбүрѳѳк ырахат алуу жана процесстин жеӊилдигин камсыздоо максатында лубрикант колдонсо болот. Лубриканттын суу негиздүүсүн тандаш керек. Жашыраак жигиттерге крем деле жарайт. Ал эми аялдын кыны боюнча айта турган болсок, крем, май жана курамында май бар башка бардык каражаттардын кындын ичине кирип кетүүсүнѳ жол берилбѳѳгѳ тийиш. Жашылча жана мѳмѳ-жемиштерди кынга киргизгенге болбойт.

Мастурбация секске караганда кѳбүрѳѳк ырахат алып келе алабы?

Мастурбация жана секс — эки башка ырахат. Албетте, эркек аял менен мамиледе болгон учурда деле ѳзүн-ѳзү сексуалдык жактан кандырууну артык кѳрүшү ыктымал. Бул оӊой жана тез деп ойлойт. Кызы менен жыныстык катнашка барганда аны эс алдырып, делебесин козгоп, анан ырахатка жеткирүү үчүн 30-60 минутасы кетет. Душка кирип алып, жалгыз эле бир-эки минутанын ичинде сексуалдык жактан бошонуп алат. Бирок секс – бул укмуштуудай сонун сезимдер менен эмоциялар. Эгер ѳнѳктѳштѳрдүн ортосунда жакшы эмоционалдык жана физикалык байланыш бар болсо, анда, менин кардарларым сыпаттагандай, секс – бул мээӊде түркүн түстүү асан-үсѳндүн, салюттун пайда болушу.

Практикамда эркек жыныс мүчѳсүн катуу мыкчып алып мастурбациялаган учурлар кѳп эле болгон. Алардын биринде бир жигит кѳп жыл бою дал ушундай жол менен ырахаттын туу чокусуна жетип келген. Ал эми кызы менен жыныстык катнаштан мынчалык кумарга бата алган эмес, сезимдер такыр башка болчу, себеби кыздын кыны ал каалагандай ичке эмес эле.

Эгер мастурбация секске караганда кѳбүрѳѳк ырахат алып келсе, эркек ушундайча жашай алат жана муну уланткысы келет дегенди билдирбейт. Жѳн гана ал жаш кезинде буга кѳнүп калган. Кыздар менен сүйлѳшѳ баштаганда, анын бул адаты сексуалдык кѳйгѳй жаратышы ыктымал. Себеби, ал секстен кѳбүрѳѳк ырахат алуунун жолун билбейт. Ошондуктан, бул жерде терапевттин жардамы керек.

Дагы бир кардарым азыр 36 жашта. 14 жашынан баштап сары чач сулуу кыздардын гана сүрѳтүн карап, жана бир эле абалда: сүлгүгѳ жатып алып ойдолоп мастурбация кылчу экен. Эми болсо, кыздар менен жыныстык катнаштан эч кандай ырахат ала албайт, физикалык жана эмоционалдык контакттарды кантип пайда кылуунун дагы жолун билбейт. Аны бул абалы тынчсыздандырууда. Бир гана мастурбациядан ырахат ала алган кишилер мындай адатынан арылып, дурус сексуалдык мамиле түзүүнү каалашат.

Мастурбацияга карата эркектер менен аялдардын мамилеси ар башкабы?

Ооба, айырма бар. Мастурбация — бул жакшы, коопсуз жана табигый процесс экендигине карабастан, аялдар эркектерге салыштырмалуу, аны жийиркеничтүү, күнѳѳ сезимин, ишенбестикти жана кѳӊүл коштукту пайда кылуучу терс кѳрүнүш катары кабыл алышат. Муну ар кандай изилдѳѳлѳр ырастап турат. Бул болсо, бир жагынан, мастурбация – бир гана эркектерге таандык жүрүм-турум экендиги тууралуу тарыхый түшүнүктѳр менен байланыштуу болсо, экинчи жагынан, илгери секс – тукум улоо үчүн гана зарыл деп эсептелгенине байланыштуу. 

Эгер кыз бала сексти тукум улоонун ыкмасы катары эсептеген салттуу үй-бүлѳдѳн чыкса, анда ал мастурбация, сексуалдык ырахат жана жалпы эле аялдын денеси жѳнүндѳ туура эмес түшүнүккѳ ээ болушу күтүлѳт. Мындай аялга ѳз ѳнѳктѳшү менен секс тууралуу сүйлѳшүү ыӊгайсыздык жаратат, ѳзүнѳ эмне жана кандай болгон учурда жагарын, кайсы нерселер ырахат алып келе турганын билбейт. Секске жана сексуалдуулукка карата мамилеси ѳзгѳргѳн учурда деле бул улана берет. Бүгүнкү күндѳ ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ мастурбация моралсыз жана адепсиз жүрүм-турум деп эсептелбейт.  

Ата-энелер мастурбация тууралуу ар кандай мифтерди, маселен, кийин балдары сокур болуп калышы же колдорун түк каптап  тѳрѳлүшү мүмкүн экендиги жѳнүндѳ айтып берген учурлар бар. Ата-эненин мындай мамилеси ѳспүрүмдүн мастурбациясына кандайча таасир этет?

Албетте, негативдүү таасир этет. 1812-жылы доктор Бенджамин Ракс мастурбацияны кѳп жасоо же секс менен кѳп алектенүү импотенция, сокурдук, баш айлануу, ѳсүүнүн жайлашы, талма, эстутумду жоготуу сыяктуу илдеттерге, ал тургай ѳлүмгѳ чейин алып келерин жазган. Бул 200 жыл мурун берилген маалымат жана андан бери кѳп нерсе ѳзгѳрдү. Мындай мифтер чындыкка дал келбесе да, айрым ата-энелер балдарына ушул сыяктуу коркунучтуу нерселерди айтып беришет. Жаштардын мифти чындыктан айырмалай билүүсү абдан маанилүү. 

Булак: Двор медиа