Киргизбестен (16+)

Интимдик катышты андан да жагымдуу кылган амалдар

Прелюдия кынга жыныстык мүчѳнү киргизүү менен болгон сексти алмаштыра алат, же болбосо жыныстык катнаштын максималдуу комфорттуу жана жагымдуу болушу үчүн ага эмоционалдык жана физикалык жактан даярданууга жардам берет. Прелюдия боюнча ар кандай түшүнүктѳр менен сыпаттамалар бар. Эӊ туура жана так аныктаманы издеп отурбастан, ѳбүшүү менен бири-бирин чечиндирүүдѳн тышкары, предлюдиянын популярдуу бир нече сексуалдык амалы жѳнүндѳ айтып берели. 

Фото: Ketut Subiyanto, Pexels

Прелюдия деген эмне жана ал эмне үчүн керек?

Прелюдия — сексуалдык байланыштын киришүү бѳлүгү, бирок анын негизи деле болушу мүмкүн. Ал ар түрдүү формада болот: романтикалуу тамактануу,  секстинг, ѳбүшүүлѳр жана кучакташуулар, эрогендик зоналарды кармалоо, стриптиз же бири-бирин чечиндирүү, массаж, биргелешкен мастурбация ж.б. Мунун баары эки жактын макулдугу жана каалоосу менен болсо ѳтѳ эле сонун.

Прелюдия учурунда ар кандай адамга ар түрдүү сексуалдык амалдар туура келет. Мисалы, кимдир бирѳѳгѳ кучакташуу эч кандай таасир этпейт, бирок ѳнѳктѳшү кулагына шыбыраса катуу дүүлүгүп кетет. Прелюдияда ѳнѳктѳштѳр бири бирин изилдеп, таанып, экѳѳнѳ теӊ ырахат алып келе турган ыкмаларды издешет.

Батыш маданиятында 20-кылымга чейин прелюдиянын керексиз экени, анткени эркек ансыз деле оргазм ала алат, ал эми аял үчүн сексуалдык ырахаттын туу чокусуна жетүү – ашыкча сонундук экени жѳнүндѳгү  пикир популярдуу болчу.

Аялдардын кѳбү алдын-ала сылап-сыйпоосуз оргазмга жете албайт. Америкалык биолог Ричард Джонс Human Reproductive Biology аттуу китебинде жубайлардын катышуусу менен эксперимент жүргүзгѳн. Изилдѳѳнүн натыйжалары боюнча, 10 минутага чейин созулган прелюдиядан кийин экспериментке катышкан аялдардын 40%ы секс учурунда оргазм ала алган. 10 минутадан 20 минутага чейин созулган прелюдияда аялдардын 50%ы ырахаттын туу чокусуна жеткен. Ал эми алдын-ала сылап-сыйпоо 20 минутадан кѳп созулган учурларда – 60%ы жеткен.   

Бирок прелюдия аялдар үчүн гана эмес, эркектер үчүн дагы маанилүү. Жалпысынан 152 гетеросексуалдуу жуп катышкан канадалык сексологдордун изилдѳѳсүнѳ ылайык, эки жыныстын теӊ ѳкүлдѳрү прелюдиянын кѳбүрѳѳк созулушун жактырат. Сурамжылоого тартылган жуптардын дээрлик баарында орточо эсеп менен 13 минутага чейин уланары белгилүү болгон. Ал эми эркелешүү үчүн идеалдуу мезгил — 20 минутанын тегереги.

Прелюдия эки жыныстын теӊ ѳкүлдѳрүнѳ да, бардык курактагы адамдарга да сексуалдык байланыштан максималдуу ырахат алууга жардам берет. Ал кѳп убакыттан бери мындай мамиледе жүргѳндѳр үчүн гана зарыл, себеби секске ар түрдүүлүк кошууга жардам берет, жуптар үчүн жаӊы таасирлерди калтырат, эмоционалдык жакындыкты пайда кылат деген миф бар.

Прелюдия сексуалдык тажрыйбасы аз же болбосо таптакыр жоктор үчүн дагы абдан пайдалуу. Ал:

- ѳнѳктѳшүн жакшы таанууга,

- анын жана ѳзүнүн денесинин чектерин аныктоого,

- биринчи же жаӊы сексуалдык байланыштын алдында толкундоону азайтууга жардам берет.

Прелюдия психологиялык жактан да, физиологиялык жактан да жакындашууга мүмкүндүк түзѳт.

Прелюдия учурунда мээ окситоцин, дофамин жана серотонин бѳлүп чыгарат. Бул биохимиялык коктейль «стресс гормону» - кортизолдун деӊгээлин түшүрѳт жана сексуалдык дүүлүгүүнү күчѳтѳт. Организм комфорттуу жана оорусуз жыныстык катнашка даярданат: жыныс органдарынын аймагында кандын жүрүшү кѳбѳйѳт, жыныстык мүчѳ эрекция абалына келет жана кындын ичи сууланып калат.

Cексологдор прелюдияга маани берип, ага кѳбүрѳѳк убакыт бѳлүүнү,  ѳзгѳчѳ, киши сексуалдык байланыштын алдында толкунданып жаткан болсо, бул процессти узакка созууну сунушташат. Ал ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳнү теӊ тынчсыздануу жараткан ойлордон алыстатып, жыныстык катнашка жакшылап, туура кѳӊүлдѳнүүгѳ жардам берет. Айрым учурларда болсо, ал эӊ башкы бѳлүмгѳ айланып, мүчѳнү кынга киргизген секстей эле ырахат алып келе алат.   

Тиклинг, же эротикалык кытыгылоо

Прелюдиянын сексуалдык амалдарынын бири — тиклинг (англис тилиндеги tickle — «кытыгылоо» деген сѳздѳн). Албетте, кытыгылоо дайыма эле сексуалдык мүнѳздѳ боло бербейт. Кээде ал ата-энеси балдарын, же болбосо бир туугандар бирин бири кытыгылаган туугандык жакындык менен ишенимди чыӊдоочу социалдык оюндун ролун аткарат.

Бир катар илимий сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, таман кишинин денесиндеги эӊ кытыгылуу жер болуп саналат. Андан кийин колтуктар, капталдар, моюн, тизелер, курсак, кѳчүк, алаа, кѳкүрѳк кетет.

Сексуалдык энергиянын чыгышына жана дүүлүгүүгѳ алып келген кытыгылоо эротикалык тиклинг болуп эсептелет. Кээде мындай аракет флирттин формасы же жактырганын билдирүү ыкмасы болушу ыктымал.

Эгерде флирт учурунда кытыгылоо ата-эне менен баланын оюну сыяктуу болсо,  прелюдия катары тиклинг интимдик зоналарга: эмчектердин үрптѳрүнѳ, киндикке, жыныс органдарынын аймагына, ануска жасалат.

Тиклингдин аспабы катары, бармактар, тил, чач, канаттуулардын же жаныбарлардын жүндѳрү, жумшак кездеме, суунун тамчысы — кыскасы, ѳнѳктѳштѳ жеӊил тактилдик туюмдарды жаратып, терисинде майда бүдүрлѳрдү пайда кылып, ырахат тартуулай турган бардык нерсе колдонулат.

Тиклинг үчүн учтуу же курч буюмдарды колдонууга, ошондой эле катуу басууга болбойт. Мындай аракеттер ѳнѳктѳшкѳ дискомфорт же оору алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, катуу кытыгылоо бир маалда жагымсыз болуп калышы мүмкүн. Ушул себептүү ѳнѳктѳштѳр аракетти токтотуу үчүн алдын ала стоп-сѳздү (аны safeword деп да аташат) белгилеп алгандары жакшы. Кытыгылап жатканда, ал сѳздү айтар замат тиклинг токтойт.

Кээде киши бир гана тиклингден дүүлүккѳн учурлар да болот. Бирѳѳ аны кытыгылап жатабы же ал ѳзү кытыгылап жатабы – бул жерде маанилүү эмес.

Муну менен бирге эле, эгер киши тиклингден башка жол менен дүүлүгѳ албаганынан улам азап тартса, анда бул — сексуалдык артыкчылыктын бузулуусу болушу ыктымал. Мындай учурда психотерапевттен же психиатрдан жардам алса болот.

Фингеринг же тоинг, же болбосо бармактар менен ойноо

Фингеринг (англис тилиндеги finger — «бармак» деген сѳздѳн) — колдун бармактары менен ѳнѳктѳшүнүн денесиндеги эрогендик зоналарды стимуляциялоо менен мүнѳздѳлгѳн сексуалдык амал. Кѳбүнчѳ бармактар менен жыныс органдары жана анусту стимуляциялашат. Тоинг «toe» деген сѳздѳн келип чыккан жана «буттун бармагы» деп которулат. Бул фингеринг сыяктуу эле оюн, бирок мында буттун бармактары аркылуу жасалат. Эки ыкма теӊ жыныстык катнаштын алдында ѳнѳктѳшүн жибитүү үчүн каражат катары да, сексуалдык контакттын негизги бѳлүгү катары да колдонула алат.  

Фингеринг менен тоингдин ар кандай ыкмалары бар: эрогендик зоналарга акырын, жеӊил тийүүлѳр жана бармактын башы менен басуу; вибрациялык кыймылдар менен клиторду стимуляциялоо; бармактардын учу менен жыныстык мүчѳнү, вульваны, жыныс эриндерин, чатты назик жана акырындан ургулоо; анусту айлануучу кыймылдар менен сылоо ж.б.

Бул кыймыл-аракеттердин баарын теӊ бир эле бармак менен, же бир учурда бир нечеси менен аткарууга болот - ѳнѳктѳшкѳ кандай жага турганына жараша. Албетте, «Киргизбестен» деп аталган текстте биз фингеринг жана тоинг жѳнүндѳ жазып жатсак да, эки амал теӊ ичине киргизүү үчүн колдонула берет. Айрым кишилерге бармак менен кындын ичин же кѳтѳн чучукту стимуляциялаган жагат.

Фингеринг менен тоингдин туура техникасынын башкы критерийи — ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳ үчүн теӊ эч кандай дискомфорттун жоктугу жана жагымдуу сезимдердин гана болушу. Прелюдия жана жыныстык катнаш — бул эксперименттердин талаасы, ошондуктан сексологдор ар кандай ыкмаларды колдонуп кѳрүүнү, жаккандарын жана колдонууга жарабагандарын бирге талкуулоону сунушташат.

Бул сексуалдык амалдар эки жыныстын теӊ ѳкүлдѳрүнѳ ырахат алып келет. Аялдарды эӊ кѳп клиторду стимуляциялоо дүүлүктүрсѳ, эркектер анусуна жана простата бездерине (эрекция, сперманын иштелип чыгуусу жана сперматозоиддердин сапатына жооп берген бездер) таасир этүүдѳн ырахат алышат.

Шеффилд университетинин физиологдору, эркектердин оргазмы жѳнүндѳ кѳптѳгѳн изилдѳѳлѳрдү иликтеп чыгып, простата бездерин кѳтѳн чучук аркылуу стимуляциялоо чекити (простата безин бармакты арткы тешикке бир аз киргизип туруп тапса болот) – эркектердин денесиндеги негизги эрогендик зоналардын бири экенин аныктап чыгышкан. G чекити менен аналогия боюнча аны P чекити деп аташкан (латын тилиндеги простата безинин — Prostāta биринчи тамгасы боюнча).

Фингеринг жана тоингди баштоодон мурун ѳнѳктѳштүн уруксатын алуу менен бирге эле, коопсуздук техникасына да кѳӊүл буруу зарыл. Ал бир нече жѳнѳкѳй шартты камтыйт:

- таза бармактар — прелюдиядан мурун колу-бутту жууган жакшы

- ѳнѳктѳшүнѳ травма жаратып албаш үчүн кыска жана таза тырмактар

- инфекция киргизип алуу коркунучуна жол бербѳѳ үчүн бармактарда кесик же жабыркоолордун болбошу

- жагымсыз сүрүнүүгѳ жол бербѳѳ үчүн майлоочу каражаттарды колдонуу

- бармактарды алмаштыруу — аналдык тешикти стимуляциялоодон кийин кынга фингеринг же тоинг жасоого таза бармактар менен гана ѳтүү зарыл.

Биргелешкен мастурбация: жакындатат, дүүлүктүрѳт жана үйрѳтѳт

1960-жылдары кишинин сексуалдык реакцияларынын алгачкы изилдѳѳчүлѳрү — гинеколог Уильям Мастерс менен сексолог Вирджиния Джонсон, жуптарга жыныстык катнаштын алдындагы толкундоону азайтып, прелюдия менен секстен ырахат алууну күчѳтүүгѳ жардам берүү максатында ѳнѳктѳштѳргѳ бири-бирине сезимтал фокусталууну сунуш кылышкан.

Мында сезимтал фокусталуунун амалдарынын бири болуп, биргелешкен мастурбация эсептелген. Бул жерде ѳнѳктѳштѳр бири-бирине ѳздѳрүнүн денесиндеги эӊ дүүлүктүрүүчү чекиттерин жана аларга кандай мамиле кылуу керек экенин кѳрсѳтүшѳт.

Биргелешкен мастурбацияны ар түрдүүчѳ аткарууга болот:

- ѳнѳктѳшүнүн кѳзүнчѳ ѳзүнүн эрогендик зоналарын жана жыныс органдарын стимуляциялоо,

- ѳнѳктѳшүнүн денесине фокусталып, кармалоо же энергиялуу кыймылдар менен анын жыныс органдарын стимуляциялоо

-  бир эле учурда бири-бирин сылап-сыйпоо.

Кадимки мастурбацияда болгондой эле, баарын кол менен кылса болот, секс-оюнчуктарды (вибраторлор, жыныс мүчѳсү үчүн массаждоочу шакекче ж.б.) да, колдо болгон каражаттарды да, маселен, дирилдеп аккан душ суусун да колдонуу мүмкүн.

Биргелешкен мастурбация үчүн ыкмаларды тандоодо ѳнѳктѳштү таӊ калтыра турган нерсеге эмес, текшерүүдѳн ѳткѳн жана обочолонуп ѳзүн ѳзү кандыруу шарттарында экѳѳнѳ теӊ жаккан, экѳѳнѳ бирдей ырахат тартуулаган амалдарга багытталуу зарыл. Эгер кишинин ѳзүн ѳзү кандырууда тажрыйбасы бар болсо, демек ал ѳзүнүн денесин изилдеп чыккан, реакцияларын жакшы билет жана кандай кыймылдар эӊ кѳп кумарга батыра турганын жакшы билет (жок дегенде болжолдойт). Биргелешкен маструбация дүүлүгүүнү күчѳтүп, канааттанууну камсыздоо менен катар эле, ѳнѳктѳштѳрдүн бири-бирин жакшыраак таануусуна дагы ѳбѳлгѳ болот.

Киши ѳнѳктѳшүнүн алдында биринчи жолу мастурбация кылганда абдан эле уялышы мүмкүн. Бул кадимки кѳрүнүш. Кантсе да бул – ѳтѳ жекече процесс эмеспи. Ошентсе да бул сексуалдык практиканы колдонуп кѳрүү тилеги коркуудан күчтүү болуп чыга келсе, ыӊгайлуулук үчүн ѳзүн сылап-сыйпоону кѳздѳрүн жумуп, ал тургай таӊуу байлап алып баштаса болот. Кээ бирѳѳлѳргѳ бул тынчтанып, жай алууга жардам берет.

Прелюдиянын бул ыкмасы жаккан жана ѳзүн-ѳзү кандырууда ѳнѳктѳшү менен кѳз контакты ыӊгайсыздык алып келбеген кишилер дагы бир баскычка кѳтѳрүлсѳ болот — процесстин жүрүшүндѳ бири-бири менен ачык-айкын сексуалдык фантазиялары менен бѳлүшѳ алат.

Оралдык эркелетүүлѳр: минет, куннилингус жана анилингус

Үч амал теӊ жыныс органдарынын аймагындагы эрогендик чекиттер менен арткы тешикти тили, эриндери, тиши же алкымы менен козгоп, дүүлүктүрүүгѳ байланыштуу. Ошондуктан баарын бириктирип оралдык секс деп аташат (латын тилиндеги «oris» - «ооз»).

Булар ѳнѳктѳштү жыныстык катнаштын алдында жибитүүнүн каражаты да, оргазмга алып келген толук кандуу сексуалдык контакт да боло алат.

Минет — бул эркектин жыныс мүчѳсүн жана эн бездерин стимуляциялоо.  Куннилингус — клиторду дүүлүктүрүү, клитордук капюшонго, кичи жана чоӊ жыныс эриндерине таасир этүү. Аннилингус — анусту жана кѳчүктүн ички бетин стимуляциялоо.

Оралдык секстин кѳптѳгѳн техникалары бар: соруу, жутуу (пенисти), ѳбүү, жеӊил тиштегилѳѳ, жалоо, конкреттүү чекиттерге тили менен басуу ж.б. Эӊ ылайыктуусун тажрыйба жолу менен аныкташат: ар кандай ыкмаларды байкаштырып кѳрүп, эӊ комфорттуу жана жагымдуусуна токтошот.

Оралдык сексте жыныстык жол менен берилүүчү ооруларды (ЖЖБО), ВИЧ жана башка инфекцияларды жугузуп алуу мүмкүндүгү мүчѳнү кынга киргизүү аркылуу болгон жыныстык катнашка караганда азыраак. Ошентсе да, коркунуч бар. Ѳзүнѳ жана ѳнѳктѳшүнѳ зыян келтирип албаш үчүн бир нече эрежени сактоо талап кылынат:

Ооздо же эриндерде жаралар же тытык-кесиктер болсо, бүйлѳлѳр канаса же дарыланбаган ачык кариес бар болсо, активдүү ролдо, тактап айтканда, эркелетүүчүнүн позициясында оралдык секс менен алектенбѳѳ.

Жыныстык органдардын жана аналдык тешиктин тегерегиндеги тери же былжырлуу чел жабыркаган болсо, же болбосо сезгенүү процесси бар болсо, пассивдүү ролдо, тактап айтканда, эркеленип жаткан ѳнѳктѳштүн позициясында оралдык секс менен алектенбѳѳ. Ѳзгѳчѳ белгилей кетчү нерсе - тамак сиӊирүү системасы жагынан ден соолукта кѳйгѳйлѳр болгон учурда (жел туруу, ич катуу же диарея) анилингустан баш тартуу зарыл.

Эгер ѳнѳктѳштѳр бири-биринин ВИЧ-статусун билбесе жана венерикалык оорулардын жок экендигине толук ишене албаса, анда барьердик коргоо каражаттарын: минет үчүн презерватив, жана куннилингус менен анилингус үчүн коффердам колдонууга тийиш.

Коффердам латекстин кичинекей ѳѳнү түрүндѳ болот. Башынан бери ал стоматологияда тиш дарылоо учурунда бир тишти экинчисинен бѳлүп туруу үчүн колдонулат.

Презервативди бардык эле дарыканалардан сатып алуу мүмкүн болсо, оралдык секс үчүн коффердамды атайын дүкѳндѳрдѳн гана табууга болот. Бирок аны стерилдүү резина мээлейден же презервативден ѳз алдынча жасоого болот (нускаманы карап чык).


Куннилингус же аннилингус учурунда коффердамды жыныс эриндерине же аналдык зонага жабыштырып кармоо зарыл. Эгер латекстин ѳѳнү айрылып калса, ал дароо жаӊы стерилдүү коффердам менен алмаштырылууга тийиш. Колдонуп бүткѳн соӊ - ыргытылат.  

Булак: Двор Медиа