Поллюция, же «ным шейшептер»

Эмне себептен болот, бул нормалдуубу жана түшүркѳѳнү контролдоо мүмкүнбү

Бул эмне жана эмне үчүн мындай болот?

Түшүркѳѳ – эркек уктап жатканда жана оргазмга жетүү максатында атайылап жыныс органдарын стимуляциялабаган учурда уругунун агып кетиши. Бул кубулуш күтүлбѳгѳн жерден, ѳзүнѳн-ѳзү келип чыгат. Кээде эротикалуу түштѳрдѳн улам болот, бирок дайыма эле эмес.

Организмдин мындай башкарылгыс «жоругун» поллюция же түнкү эмиссия деп аташат (француз тилиндеги emission — «чыгаруу» сѳзүнѳн).

Адамдын сексуалдуулугун изилдѳѳчүлѳрдүн эӊ атактуусу Альфред Кинсинин  «Отчётторуна» ылайык, эркектердин 13%нын ѳмүрүндѳгү эӊ биринчи эякуляциясы (урук бѳлүп чыгаруу) уктап жатканда болот.

Кѳп учурда поллюция жыныстык жетилүү мезгилинде, пубертатка мүнѳздүү гормондук ѳзгѳрүүлѳрдѳн улам келип чыгат. Бойго жеткенде мындай кѳрүнүштѳр азаят, же болбосо таптакыр токтойт.

Муну менен бирге эле, түнкүсүн, жумасына, айына же жылына болгон поллюциялардын саны канча болсо да, мында коркунучтуу эч нерсе жок экенин түшүнүү абдан маанилүү.

Кээ бир адамдар ар түнү түшүркѳйт, айрымдарда бир түндѳ бир нече жолу уругу ѳзүнѳн ѳзү «куюлат», үчүнчүлѳрү - ѳспүрүм куракта гана эки-үч жолу башынан ѳткѳрсѳ, кимдир-бирѳѳдѳ таптакыр эле болбойт.

Мындай нерсе аялдарда да болобу?

Ооба. Аялдардын «суу болгон» шейшептери жѳнүндѳгү ырастоолор 1950-жылы эле сексолог Альфред Кинсинин эмгегинде орун алган.

Сурамжылоого тартылган 5 628 аялдын ичинен 40 %ы уктап жатканда кынынан ѳзүнѳн ѳзү суюктук агып, оргазмга жеткенин айтышкан. Биринчи жолу мындай кубулушка 13 жаштан 21 жашка чейинки куракта кабылгандары маалым болгон.

1986-жылы Браун университетинин базасындагы колледждин  изилдѳѳсүнѳ катышкан студент кыздардын 37%ы жашоосунда жок дегенде бир жолу уктап жатып оргазм алганын билдиришкен.

Бүгүнкү күндѳ топтолгон маалыматтар аялдардагы поллюцияны сексуалдык дүүлүгүүнүн туу чокусу катары кабыл алган учурда аларды так аныктап чыгуу кыйынга турарын кѳрсѳтүүдѳ.

Уктап жаткандагы оргазмдан баары эле ойгоно бербейт. Эркектерде ырахаттын туу чокусуна жетүүнүн белгиси катары сперманын бѳлүнүп чыгуусу эсептелсе, вагиналдык суюктук — анчалык ишенимдүү далил боло албайт. Себеби, ал оргазм жок деле бѳлүнүп чыга берет.

Уктап жатканда эркектердин да, аялдардын да жыныс органдарында кандын жүрүшү жакшырарын аныктап чыккан илимий эмгектер бар. Демек, түнкүсүн кындан суюктуктун бѳлүнүп чыгышы кадимки эле кѳрүнүш болуусу толук ыктымал.

Аялдардын ѳздѳрү байкап калган поллюциялар — алардын ойгонуп кетүүсүн шарттаган оргазмдар. Бул боюнча Кинси аялдын мындай учурларды эске тутуп калып, кийин аларды кайра элестетүүсү реалдуу секс учурунда ырахаттын туу чокусуна жетүүсүнѳ жардам бере турганын да белгилеген.

Мастурбация кылганда ѳзүнѳн ѳзү болуучу түнкү оргазмдар азаябы?

Профессор Альфред Кинсинин «Эркек адамдын сексуалдык жүрүм-туруму» аттуу китебинде (мындан мурун белгилеп ѳткѳн белгилүү «Отчётторунун» бир бѳлүгү) поллюция менен мастурбациянын ѳз ара байланышы жѳнүндѳ айтылган.

Илимпоз мындай деп жазган: «Жалпысынан, түнкү эмиссиялары кѳп болгон эркектерде мастурбациянын жыштыгы боюнча кѳрсѳткүчтѳрү кыйла тѳмѳн болушу мүмкүн».

Анткен менен, кийинки аткарылган изилдѳѳлѳр бул ырастоону далилдей алышкан жок. Эркектерде да, аялдарда да түшүркѳѳ индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ. Бат-баттан мастурбация кылып же жыныстык катнашка кѳп кирип, баары бир түнкү оргазмдарды башынан кѳп ѳткѳргѳн кишилер да жок эмес.

Узак убакыт бою сексуалдык жеӊилдѳѳгѳ муктаж болбогон, ѳз алдынча канааттануу менен алектенбеген, ѳзүн эӊ сонун сезген жана поллюцияларга учурабагандар да бар. Мындай айырмачылык либидо деӊгээли (сексуалдык каалоонун күчү) жана адамдын сексуалдык темпераменти менен байланыштуу.

Поллюциялардын саны организмдеги тестостерон («эркек» жыныстык гормон) деӊгээлине жараша болору да кызык. Бирок мындай кѳрүнүш сыноого катышкан эркектерде гана байкалган.

Америкалык медиктер башынан эле тестостерон деӊгээли тѳмѳнүрѳѳк болгон ѳспүрүмдѳрдүн жыныстык ѳрчүүсү менен сексуалдык жүрүм-турумундагы ѳзгѳрүүлѳргѳ байкоо жүргүзүшкѳн.

Балдарга аталган гормондун негизинде даярдалган препараттарды беришкен. Белгилүү бир убакыт ѳткѳн соӊ, илимпоздор сыноого катышкандар ѳзүнѳн-ѳзү болуучу түнкү оргазмдар тууралуу билдире башташканын айтышкан. Препаратты ичкенге чейин бул кѳрүнүш балдардын 17%да болсо, тестостерон деӊгээли жогорулагандан кийин 90%да байкалган.  

Эротикалуу түштѳрдүн ролу кандай?

Американын уйку медицинасы академиясы бир нече миӊ эркек менен аялдын түш кѳрүү боюнча күндѳлүктѳрүн анализдеп чыкканда, эротикалык түштѳр жалпы түштѳрдүн 8%ын түзгѳндүгү белгилүү болгон.

Мындай түштѳрдѳн улам болгон түнкү оргазмдар жѳнүндѳ изилдѳѳгѳ катышкандардын болгону 4%ы гана билдирген.

Тактап айтканда, эгер киши эротикалуу түш кѳрсѳ, анда сѳзсүз эле поллюция боло бербейт.

Ошону менен бирге эле, түшүркѳѳ эч кандай сексуалдуу түш кѳрүүсүз эле боло берет. Мисалы, уктап жатканда жыныстык органдардын аӊ-сезимсиз стимуляциясынын натыйжасында: пижаманын, ич кѳйнѳктүн же шейшептин жыныс мүчѳлѳрүнѳ сүрүлүүсүнѳн улам поллюция болушу ыктымал.

Бирок, албетте, эгер эротикалуу фантазиялар түшкѳ кире турган болсо, анда түнкү оргазмды баштан ѳткѳрүү мүмкүндүгү жогорулайт.

Баса, муну киши ѳзүндѳ текшерип кѳрѳ алат. Уктап жатканда дененин абалынын жалпы организмдин табына тийгизген таасири жѳнүндѳ изилдѳѳдѳ кѳмкѳрѳсүнѳн жаткан поза интимдик катнаш жѳнүндѳ түш кѳрүүнү шарттай турганы белгилүү болгон.

Муну токтотууга болобу жана тынчсыздануу жаратса эмне кылыш керек?

Поллюцияларды токтотуунун ишенимдүү жолу жок. Антпесе аларды башкарылгыс жана ѳзүнѳн ѳзү болуучу деп сыпатташпайт болчу да.

Кээ бир учурда уйкунун бузулушунан, жадатма жана ыӊгайсыздык жараткан түш кѳрүүлѳрдѳн кутулууга жардам берген психотерапевт-сомнологдорго кайрылууну сунушташат.

Илимий адабияттарда түш кѳрүүлѳрдү башкара билүүгѳ: кандайдыр бир конкреттүү мазмундагы, маселен эротикалуу түштѳргѳ жол берүү же аларды бѳгѳттѳѳгѳ жардам берген техникалар чагылдырылган. Бирок, мындан мурунку бѳлүмдѳ түнкү эмиссиялардын дайыма эле сексуалдуу фантазиялар жѳнүндѳгү түштѳр менен байланыштуу боло бербегенин айтканбыз.

Ошону менен бирге эле, түштѳрдү башкаруу техникасы сѳзсүз иштеп кетерине эч кандай кепилдик жок. Бул медитация сыяктуу — кээ бирѳѳ үчүн ылайыктуу жана жардамы тиет, кээлери эч кандай натыйжаны сезе алышпайт.

Түшүркѳѳлѳр эмнеси менен тынчсыздандырып жатканын аӊдап түшүнүү зарыл. Айрым кишилер башкалардын (достору же ата-энеси) поллюциялары тууралуу билип калуусунан уялышат. Мисалы, кокусунан булганган шейшепти кѳрүп калышы ыктымал. Бул жердеги тынчсыздануу негиздүү жана кадимки кѳрүнүш, себеби бул жашоонун интимдик бѳлүгү да. Башка бирѳѳ кокусунан же атайылап жеке чектерге кирип кеткен учурда адам жагымсыз абалга түшѳт, коркуп же уялып кетет. 

Поллюциялар — эч кандай илдет эмес жана нормалдуу процесс экенин эстен чыгарбаш керек. Бул, мисалы, дем алуу сыяктуу эле табигый жана ѳзүнѳн ѳзү болуучу кубулуш.

Албетте, дем алуудан шейшеп суу болуп, булганбайт. Бирок, эгер кишиде башкалардын поллюцияны кокусунан байкап калуусу боюнча тынчсыздануу жаралса, анда ал эч кимге билинип калбашы үчүн алдын ала кам кѳрүүсү зарыл. Мисалы, шейшептерди ѳзү жууп, ата-энесинен ѳз бѳлмѳсүнѳ эшикти кагуусуз кирип келбѳѳсүн ѳтүнүүсү, достору келээрден мурун ным болгон шейшептерди алып салуусу керек.

Сексологдор ѳзүнѳн ѳзү урук агып чыгууну шарттаган уктап жаткандагы сексуалдык дүүлүгүүнү жана эротикалуу түштѳрдү кѳрүүнү жеке сексуалдуулугун, фантазияларын жана каалоолорун изилдеп чыгуу мүмкүнчүлүгү катары эсептѳѳнү сунушташат.

Ал эми кишидеги ыӊгайсыздык менен тынчсыздануу анын түшүндѳгү кыялдарынан улам келип чыкса, же болбосо аны поллюциялардын жыштыгы ойлондурса, анда адиске — сексологго же психотерапевтке кайрылуу зарыл. 

Булак: Двор Медиа