Аялдын эмчеги

Бала эмизүүдѳн башка эмне үчүн маанилүү? Бюстгальтерди кантип туура тандоо жана бюсттун саламаттыгы менен сырткы кѳрүнүшүнѳ кантип кам кѳрүү керек?

Сүт бездеринин ѳрчүү цикли: балалык, ѳспүрүм чак, бойго жетүү

Илимий жактан аялдын эмчегинин ѳрчүү баскычтарын сыпаттоону  телархе мезгилинен – аялдын жыныстык жетилүүсүнүн эӊ биринчи стадиясынан баштоо керек. Байыркы грек тилинен сѳзмѳ-сѳз которгондо, «телархе» - «үрптүн пайда болушу» дегенди билдирет.

Мааниси боюнча, сүт бездери үрптѳр пайда болгондон тарта ѳсѳ баштайт. Алгач үрптѳр гана бир аз кѳтѳрүлүп, дѳмпѳйүп чыгып калат. Адатта телархе 8 жаштан 13 жашка чейинки куракта башталат. Адистер бул этапты кээде ѳспүрүм чактын алдындагы мезгил деп да аташат.

Эки-үч айдан кийин эмчектер менен кыз баланын мыйзамдуу ѳспүрүм чагы башталат — бир же эки тарабындагы үрптүн тегерегиндеги каралжын (же ачык күрѳӊ) түстѳгү аймактар (ареолалар) чоӊоюп, алардын алдында кармаганда ооруксунуп турган майда катуу бѳлтѳкчѳлѳр пайда болот. 

Дагы жарым же бир жылдан кийин эки жагындагы теӊ бѳлтѳкчѳлѳр чоӊоюп, ареолалардын тышына чыга баштайт. Мында бир эмчек экинчисине караганда тезирээк ѳсүшү мүмкүн, жана бул кѳбүнчѳ сол эмчек болот. 

Кээде сүт бездериндеги кичине айырмачылык сакталып, кыз бала жыныстык жактан жетилгенде деле ошол бойдон калышы мүмкүн. Кѳкүрѳк асимметриясы бар (ал ѳлчѳмгѳ гана эмес, формасына, үрптѳрдүн жайгашуусуна дагы байланыштуу болушу мүмкүн) аялдардын болжол менен 62 %да оӊ эмчегине караганда сол эмчеги чоӊураак болот.

Кѳкүрѳктүн ѳрчүшүнүн хронологиясына кайтып келсек, телархе мезгили башталгандан эки жылга жакын убакыттан кийин алгачкы этек кир келет. Аны байыркы грек тилиндеги аталышы менен «менархе» деп коюшат. Бул мезгилде сүт бездери андан да чоӊоюп, ареолалар менен үрптѳр кѳп учурда дѳмпѳйүп чыгат. Алар кошумча дѳӊсѳѳлѳргѳ окшошуп калат.

Дагы бир убакыттан кийин эмчектер толугу менен калыптанат — ареолалар алдыны кѳздѳй чыкпай, томпойгон эмчектен үрптѳрү гана чыгып калат. Бул сүт бездеринин ѳрчүүсүнүн акыркы этабы жана жыныстык жактан жетилгендиктин белгиси.  

Аялдын кѳкүрѳгүнүн ѳрчүүсүнүн бул беш этабы орточо эсеп менен 4 жылды камтып, кишинин жыныстык ѳрчүүсүнүн стадияларын аныктоо үчүн иштелип чыккан белгилүү  Таннер шкаласы менен сыпатталат.

Бой жеткен аялдын калыптанып бүткѳн эмчектери деле ѳзгѳрүп турат. Бир айыз циклинен экинчисине чейин чоӊоюп, кичирейе берет. Кош бойлуулукта жана бала эмизген мезгилде сүт бездери бир гана ѳлчѳмү жагынан эмес, формасы жагынан да ѳзгѳрѳт. Ал эми менопауза (айыз токтоп, репродуктивдик курак аяктаган учур) башталганда бириктирүүчү ткандардын саны азайып, сүт бездери жумшарып, шалбырай түшѳт.

Фото: ArtHouse Studio, Pexels

Эмчектер эмне үчүн керек?

Бир жагынан, бул суроонун жообу ачык-айкындай эле сезилет — аялга эмчек бала эмизүү үчүн керек.

Экинчи жагынан, жер жүзүндѳ сүт эмүүчүлѳр абдан эле кѳп, бирок эмнегедир аялдарда гана эмчектер туруктуу болот. Калган приматтардыкы туруктуу эмес — овуляция учурунда, бооз болгон жана эмчек эмизген мезгилдерде гана чыгат.

Буга байланыштуу туруктуу эмчектин эволюциялык мааниси тѳѳнүн ѳркѳчүнүн функциясына окшош деген гипотеза бар. Тактап айтканда, аялдын кѳкүрѳгү ачкачылык мезгилдеринде организм сарптай турган кѳп ѳлчѳмдѳ май ткандары топтолгон энергия сактагыч катары кызмат кылат.

Бирок кѳбүрѳѳк ишенимдүү жана бул гипотезага кайчы келбеген дагы бир гипотеза Чарльз Дарвинге таандык. Кийин аны кѳптѳгѳн изилдѳѳчүлѳр, алардын ичинен «Жылаңач маймыл» китебинин автору белгилүү зоолог жана илимдин популяризатору Десмонд Моррис да ырастаган.

Бул гипотезага ылайык, аялдарда туруктуу эмчек жыныстык жактан жетилгендигин кѳрсѳтүү, ошондой эле карама-каршы жыныстын ѳкүлдѳрүнѳ жупташууга жана тукум улоого даяр экендиги жѳнүндѳ белги берүү үчүн ѳрчүйт.

Эмчектердин калыптануусу бекеринен интимдик жерлерде түктѳрдүн пайда болуусу сыяктуу экинчи даражадагы жыныстык белгилерге таандык болбосо керек. Бул белгилер бир гана пубертат мезгилинде ѳрчүп, организм кѳбѳйүүгѳ жѳндѳмдүү болуп калганын кѳрсѳтѳт.

Калган приматтардын кѳпчүлүгү үчүн туруктуу эмчек сыяктуу мындай сигналдык механизмдин зарылдыгы жок, аларда түйүлдүктү кѳтѳрүүгѳ даярдык жѳнүндѳ белги берүүчү башка ѳзгѳчѳлүктѳрү бар. Тагыраагы— ачык байкалган овуляция: жыныс органдарынын кѳѳп, кызарып чыгышы, эркек жандыктардын кѳӊүлүн буруучу секретти бѳлүп чыгаруу.

Айрым эволюциялык психологдор ѳнѳктѳштѳрү аялдар жупташууга даяр болгон учурду так аныктай албай, аларга дайыма кѳӊүл буруп, кам кѳрүп туруусун шарттоо үчүн аялдарда овуляция жашыруун, ал эми эмчектери - туруктуу болуп калган деп болжошот.

Ак кандай ѳлчѳмдѳрдүн жакшы жана начар жактары

Эмчектин идеалдуу ѳлчѳмү жок. Тек гана модага жараша ѳзгѳргѳн индивидуалдуу артыкчылыктар болот.

Ошондой эле аялдын тѳшүнүн орто статистикалык ѳлчѳмү да жок. Адатта мындай ѳлчѳм деп табигый эмчектердин параметрлери эсептелет. Ошентсе да, орточо ѳлчѳмдү аныктоого багытталган бардык аракеттерде табигый бюсттар жана жасалма жол менен чоӊойтулган же кичирейтилген эмчектер ѳзүнчѳ эсептелбейт.

Ал эми азыркы жашоодо мындай модификациялар кѳп эле болгон. Кѳбүнчѳ буларга эмчектерди чоӊойтуу боюнча операциялар кирет. Алардын саны чындап эле аябагандай кѳп. Мисалы, 2018-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча, АКШд  313 миӊ аял бюстун чоӊойткон.

Анткен менен, табигый чоӊ кѳкүрѳккѳ ээ аялдардын баарына эле ѳзүнүн ѳлчѳмү жага бербейт. Американын пластикалык хирургдарынын ошол эле отчётунда бир жылдын ичинде 43 миӊден ашуун аял эмчектерин кичирейтүү үчүн операция жасатышканы айтылат.

Эмчектерди кичирейтүү боюнча операциялардын себеби — далыга күч келип, анын катуу оорушу. Бюсттагы май тканынын бир бѳлүгү алынган соӊ, бул оорулар чындап эле жоголот.

Кичинекей кѳкүрѳк менен физиологиялык жактан эч кандай спецификалуу кѳйгѳй жок. Бирок айрым кыздар жана аялдар психологиялык ыӊгайсыздык сезишет.

Кѳбүнчѳ бул алардын дене параметрлеринин массалык маданият чагылдырган эталондорго шайкеш келбѳѳсү менен байланыштуу. Кээде болсо ыӊгайсыздык, мисалы, кѳкүрѳгү кичинекей аял тѳрѳгѳндѳн кийин баласын эмчектеги сүтү менен тойгуза албайт сыяктуу мифтердин негизинде да пайда болот.

Албетте, бул чындыкка дал келбейт. Бардык ѳлчѳмдѳгү жана бардык формадагы кѳкүрѳк ээлери ымыркайларын эӊ сонун эмизип, тойгуза алышат. Эмчекте сүт түрдүү себептерге байланыштуу аз болушу мүмкүн, бирок кѳкүрѳктүн ѳлчѳмүнүн эч кандай тиешеси жок.

Бюсттун чоӊдугу сүт бѳлүп чыгаруучу сүт бездеринен эмес, андагы майлардын кѳлѳмүнѳн кѳз каранды. Ошентип, жыныстык жактан жетилген аялдарда кѳкүрѳктүн параметрлери майдын кѳлѳмүнѳ жараша болот, ал эми сүт бездеринин параметри бардык аялдарда дээрлик бирдей.

Фото: Sora Shimazaki, Pexels

Аялдардын кѳпчүлүгү туура эмес ѳлчѳмдѳгү бюстгальтерлерди тагынышат. Туура ѳлчѳмдү кантип тандаса болот?

Аялдардын 80%ы туура эмес ѳлчѳмдѳгү ич кийимдерди тандап алышат. Алардын 70%ы ѳздѳрүнѳ тар бюстгальтерлерди, ал эми 10%ы болсо, тескерисинче, чоӊ лифчиктерди тагынышат.

Кээ бирлери эмчектеринин ѳлчѳмүн туура аныктай алышпайт. Айрымдары баарын билет, бирок баары бир бюсттун тышкы кѳрүнүшүн визуалдуу түрдѳ ѳз алдынча аныктап алышат же башкалардын: апасынын, курбуларынын, ѳнѳктѳшүнүн, ич кийим саткан дүкѳндѳгү консультанттын пикирине таянышат.

Эгер бюстгальтер тагынганда эч кандай ыӊгайсыздык сезилбесе, анда мурункудай эле ыкма менен тандоону улантса болот. Ал эми, эгер лифчиктен улам кѳкүрѳк клеткасы же далы ооруса, лямкалары кысып же жоорутуп салса, анда ѳлчѳмдү так жана туура аныктоо талап кылынат.

Тѳмѳнкү үч параметрди ченеп чыгуу зарыл:

- кѳкүрѳктүн курчоосун (үрптѳрдүн линиясы менен бюсттун ѳзүнүн)

- кѳкүрѳктүн алдыӊкы курчоосун (бюсттун алдындагы кѳкүрѳк клеткасынын)

- бюстгальтердин чѳйчѳкчѳсүнүн индексин

Биринчи эки параметрди кадимки эле ченѳѳчү тасманын жардамы менен аныктаса болот. Чѳйчѳкчѳнүн индексин табуу деле кыйын эмес. Бул үчүн кѳкүрѳктүн курчоосунан кѳкүрѳктүн алдыӊкы курчоосун кемитет.

Мисалы, эгер кѳкүрѳктүн курчоосу 85 см, ал эми алдыӊкы курчоосу 71 см болсо, анда чѳйчѳкчѳнүн индекси 14кѳ барабар жана В категориясына  туура келет (аялдардын ич кийимин ченѳѳнүн эл аралык системасы боюнча). Чѳйчѳкчѳнү тез аныктап чыгууга тѳмѳнкү таблица жардам берет:

Эмчектердин саламаттыгына кантип кам кѳрүү зарыл жана спорт үчүн атайы лифчик керекпи?

Кыздар менен 40 жашка чейинки аялдар үчүн жыл сайын эмчектерин текшертип туруунун зарылдыгы жок. Ошентсе да, ѳзүнүн бюсту менен таанышып чыгуу жана кандай ѳзгѳрүүлѳр нормалдуу деп эсептелерин, ал эми кайсы учурда врачка кѳрүнүш керек экенин түшүнүү эч качан ашыктык кылбайт. 

Айызга жакын эмчектер бир аз чоӊоюп, ооруксунуп жана сезимтал болуп калганы  — бул табигый кѳрүнүш. Бул жаӊы циклдин башталышына карата гормондук фондун ѳзгѳрүүсүнѳ байланыштуу.

Фото: Karolina Grabowska, Pexels

Эгер тѳмѳнкү симптомдордун бири же бир нечеси тынчсыздануу жаратса, анда сѳзсүз адиске кайрылуу сунушталат:

- эмчектерде мурда болбогон катуу бѳлтѳктѳр пайда болсо

- эмчектин тегереги, акырек же колтуктардын аймагынын шишүүсү

- эмчектердин ысышы же кычышуусу

- үрптүн тегерегинин кургашы, кызарышы, терисинин калыӊдашы

- үрптѳрдѳн кан же башка суюктуктун чыгышы (сүт эмес)

- үрптүн ичине тартылып кирип, же, тескерисинче, ашыкча чыгып кетиши.

Бирок дароо коркуунун кереги жок. Бул ѳзгѳрүүлѳр коопсуз болушу мүмкүн. Мисалы, кээ бир ѳзгѳрүүлѳр суук тийгенден же инфекциядан улам пайда болуп, оӊой эле дарыланат.  Эмчектин рак оорусу бардык аялдарды ойлондурат, бирок анын пайда болуусунун негизги фактору— курак. Американын онкология коомунун маалыматтарына ылайык, бул оорунун реалдуу коркунучу 40 жаштан кийин келип чыгат.

Кливленд клиникасы тарабынан сунуш кылынган тѳмѳнкүдѳй беш жѳнѳкѳй кѳндүм кѳкүрѳктүн саламаттыгын жана жакшы тышкы кѳрүнүшүн сактоого жардам берет: 

1. Дурус салмакты кармап жүрүү.

2. Теӊдемдүү тамактануу (белок, май, углевод жана клетчатканын оптималдуу катышы менен).

3. Алкоголдук ичимдиктерди кѳп пайдаланбоо.

4. D витамининин жетишсиздигине жол бербѳѳ (ал күн нурлары менен териде ѳзү эле иштелип чыгат).

5. Физикалык жактан активдүү болуу.

Эмчектеринин формасынын эрте бузулушуна жол бергиси келбегендер үчүн окумуштуулар менен медиктер дагы бир кеӊеш беришет. Ал  — бюстгальтерди туура тандап тагынуу, айрыкча эмчектери чоӊ аялдар бул эрежеге кѳбүрѳѳк кѳӊүл бурууга тийиш. Ал эми физикалык кѳнүгүүлѳрдү жасаган учурда кѳкүрѳгүнүн ѳлчѳмдѳрүнѳ карабастан, бардык эле аялдар спорттук лифчиктерди кийгени жакшы. Себеби, интенсивдүү кыймыл-аракет учурундагы силкилдѳѳлѳрдѳн эмчектер ооруйт, ошондой эле бюсттун формасынын эрте бузулушуна алып келет.

Жакшы спорттук лифчитердин эки тиби болот: эмчектердин алдын кѳтѳрүп кармап турган капсуласы бар лифчиктер — йога машыгуулары үчүн кѳбүрѳѳк ылайыктуу, ал эми эмчектерди кѳкүрѳккѳ кысып туруучу компрессиондук бюстгальтерлер — чуркоо жана кардио-машыгуулар үчүн жарамдуу. Буларды сатып алуудан мурда денесине ченеп кѳрүп, бюст үчүн жайлуу сезилгенин тандап алуу зарыл.  

Булак: Двор Медиа

Фото автора Sunsetoned, Pexels