Адамдардын кѳбү жыныстык катнашка барышат жана бул аларга жагат. Ар ким ар кандай жактырат. Кимдир-бирѳѳ аялдын кызыл ашыгын кѳрѳр замат дүүлүгүп кетет, кимир-бирѳѳнү эротикалуу фильмдин уятсыз кѳрүнүштѳрү менен дагы «кызытуу» кыйын. Биздин мээбиздин кайсы механизмдери сексуалдык каалоону башкарарын, ошондой эле бир жумада канча жолу «каалоо» – туура деп эсептелерин карап чыгалы (спойлер: каалаганча).
Сексуалдык каалоо – бул секске болгон ѳзгѳчѳ психологиялык кѳӊүлдѳнүү. Ал лимбикалык система аркылуу жѳнгѳ салынат, тагыраак айта турган болсок, гипоталамуста – салмагы бир нече гана граммды түзгѳн баш мээнин негизиндеги кичинекей бѳлүктѳ жаралат. Гипоталамус эне сыяктуу эле: бизге жылуу болуусу, ѳз убагында тамактануубуз жана ѳтѳ кеч уктабашыбыз үчүн кам кѳрѳт – кыскасы, организмдин вегетативдик нерв системасы менен байланыштуу бардык нерсени аткарат. Бирок секске келгенде гипоталамус кыйла күчтүү: ал эндокриндик (гормондук) системаны башкарат жана жыныстык жүрүм-турум, гендердик окшоштук, ал тургай жыныстык ориентация үчүн жооп берет.
Сексуалдык каалоодо жыттар, үндѳр, тийүүлѳр жана сүрѳттѳр, маселен, жылаӊач ѳнѳктѳштүн кѳрүнүшү же болбосо порнофильмден кадрлар сыяктуу ѳбѳлгѳлѳр маанилүү роль ойнойт. Натыйжада маалыматтын түрдүү типтеринен сексуалдык образ «чогулат» – мунун баары баш мээнин чыкый жана каракуш кабыгынын чегинде ишке ашат. Аялдар үчүн күчтүү эмоциялар абдан маанилүү. Ал эми эркектердин мээси «кѳрүнүштѳрдү» жактырат. Порнографиялык сюжеттерди кѳргѳндѳ, эркектин мээси анын ээси процесске катышып жаткандай абалга келет.
Баса, сексуалдык каалоону «иштетүү» механизминен (илимпоздор аны SES системасы – sexual excitation system деп аташат) тышкары, биздин мээбизде сексуалдык «тормоздоо» (SIS системасы – sexual inhibition system) механизми дагы бар. Ал каалоо пайда болуп, бирок сиз күтүлбѳгѳн жерден кѳӊүл тилебеген кош бойлуулук, ооздон чыккан жагымсыз жыт, же болбосо сизден кѳзүн албай тигиле карап турган мышык жѳнүндѳ ойлоп кеткен учурда иштеп кетет.
Мындай карасаӊ келбеттүү да, акылдуу да, ак кѳӊүл да, бирок – кѳӊүлүӊѳ жакпайт! Кѳрсѳ, ѳнѳктѳштү тандоодо бир гана акыл-эске таянбайт экенбиз – бизге аӊ сезимден тышкары таасир эткен кандайдыр бир себептер да болот экен. Окумуштуулар бул боюнча кѳптѳгѳн кызыктуу теорияларды жаратып келишет. Мисалы, эволюционисттердин пикири боюнча, биз ѳнѳктѳштүн сырткы келбетинен кѳбѳйтүү үчүн пайдалуу болгон маалыматты окуп чыгууга жѳндѳмдүү экенбиз. Мисалы, бир кыздын жамбашы чоӊ болсо жана ѳӊү жаш кѳрүнсѳ – демек, ал репродуктивдик куракка келген, бирок дени сак балдарды кѳтѳрүп, жарыкка алып келүү үчүн али жаш деп эсептейбиз.
Дагы бир кызыктуу теория жыттарга байланыштуу. Планетанын ар кайсы бурчундагы ар кандай адамдар «башкы гисто шайкештик комплекстери» (ГКГС) деп аталган бири-биринен айырмалануучу гендердин топтомдоруна ээ. Бул гендер белокторду коддойт – организмдеги клеткалардын ар кандай типтери үчүн жеке күбѳлүк сыяктуу. Клетканын жанынан иммунитетибиздин сакчысы Т-лимфоцит ѳткѳндѳ – ал полиция кызматкери сыяктуу эле «Документтериӊизди кѳрсѳтүп коюӊузчу» деп сурайт. Ошондо клетка ѳзүнүн ГКГС молекуласын кѳрсѳтѳт, ал эми мыйзамдын кызматчысы – ѳз жараны же кооптуу тыӊчы экенин текшерет, маселен, жок кылына турган зыяндуу бактерия же вирус экенин аныктайт.
Ошондой эле ГКГС тердин жытына дагы таасирин тийгизет. Жаныбарлардын кѳбү ГКГС ѳздѳрүнүкүнѳн максималдуу түрдѳ айырмаланган жаныбарлар менен жупташууну кѳбүрѳѳк жактырганын кѳрсѳткѳн изилдѳѳлѳр да бар. Бул жерде логика жѳнѳкѳй эле: уулуӊдун же кызыӊдын ГКГСнин ар түрдүүлүк даражасы канчалык жогору болсо – алардын иммундук системасы ошончолук кѳп бактерия менен вирустарды аныктап, жок кыла алат.
Бул теорияны кишилерге да колдонуп кѳрүшкѳн: кыздарды ар кайсы эркектин футболкасын жыттоого кѳндүрүшкѳн (ѳтѳ жаман!). Чынын айтканда бул нерсе кѳбүнѳ жаккан, ал тургай ГКГС топтому айырмаланып турган жигиттердин тер жыттанган кийимдери кѳбүрѳѳк кызыгуу жаратканы маалым болгон. Анткен менен, оралдык контрацептивдерди колдонгон катышуучуларда карама-каршы таасир болсо, африкалык жуптарда теория эч кандай натыйжа берген эмес. Аларда ѳнѳктѳштү тандоодо ГКГС эч кандай роль ойнобогондугу аныкталган. Кыскасы, ыкма андай деле универсалдуу эмес, ал эми махабат «химиясындагы» кѳп нерсе илим үчүн дагы да болсо табышмак бойдон калууда.
Сексуалдык темперамент ар түрдүү болот: кимдир-бирѳѳ үчүн айына бир жолу секс жетиштүү, ал эми дагы бирѳѳ күн сайын болуусун каалайт. Мунун себеби, түрдүү адамдарда сексуалдык каалоону «иштетүү» (SES) жана «тормоздоо» (SIS) системалары ар кандай сезгичтикке ээ. Бирѳѳлѳр оӊой эле дүүлүксѳ, экинчилери үчүн «тормоздоо» кыйыныраак болот, ал эми үчүнчүлѳрүнүн «делебесин козгоо» үчүн таптакыр башкача шарттар талап кылынат. Жашоонун жүрүшүндѳ SES жана SIS дээрлик ѳзгѳрбѳй турганын түшүнүш керек, ошондуктан ар бир киши ѳзүнѳ канча жолу секс керек экендигин ѳзү сезүүгѳ тийиш.
Жеке сексуалдык темпераментинин ѳзгѳчѳлүктѳрүн жакшы билүү абдан пайдалуу – ал ѳзүн жакшыраак түшүнүүгѳ гана эмес, ѳнѳктѳш менен гармониялуу мамиле түзүүгѳ да жардам берет. Сексуалдык жактан канчалык «кызуу кандуу» экениӊизди биздин темпераментометрдин жардамы менен биле аласыз.
Либидого байланыштуу кѳйгѳйлѳр ар түрдүү себептерден: стресстен, зыяндуу адаттардан, ал тургай эӊ жѳнѳкѳй эле уйкусуздуктан дагы келип чыгышы мүмкүн. Аз уктоо тестостерон гормонунун азайышына алып келет. Ал эми бул гормон сексуалдык каалоонун пайда болуусунда маанилүү роль ойнойт. Дагы бир себеп – физикалык жүктѳмдүн ашыкча болуусу. Мунун натыйжасында кортизол – организмдин жашоосун камсыздоо үчүн ашыкча нерселердин баарын, анын ичинде сексуалдык чакырыктарды дагы убактылуу «ѳчүрѳ турууга» арналган стресс гормону кѳбѳйүп кетет. Ошондой эле темпераментти «суутуунун» кѳптѳгѳн психологиялык факторлору дагы бар. Алар жѳнүндѳ бул жерден окуй аласыз.
Ар кандай психикалык оорулар дагы либидонун ѳзгѳрүүсүнѳ себеп болушу мүмкүн: тынчсыздануу же депрессияда секске болгон кызыгуу кѳп учурда азаят, ал эми биполярдык бузулуунун айрым фазаларында – тескерисинче, жогорулайт. Ошондуктан «жалындуу» жана «муздак» темпераменттен тынчсызданбай, анын кескин ѳзгѳрүүсүн кѳзѳмѳлдѳп туруу абдан маанилүү.
Сексуалдык каалоонун жоктугу жѳнүндѳ сүйлѳшүүдѳ асексуалдарды – таптакыр секске кызыкпаган жана бул абалы ѳздѳрүнѳ жакканын билдирген адамдарды кѳз жаздымда калтырууга болбойт. Бүгүнкү күндѳ асексуалдуулук жетишерлик деӊгээлде изилденип чыга элек жана изилдѳѳчүлѳрдүн бул боюнча: ориентациянын түрүбү, кандайдыр бир кѳйгѳйбү же ченемдин вариантыбы, кандайдыр бир жалпы пикири жок. Бирок ар кайсы куракта сексуалдуулук ар түрдүүчѳ байкала тургандыгы белгилүү. Негизинен сексуалдык каалоо жыныстык жетилүү мезгилинде пайда боло баштайт. Бул мезгил индивидуалдуу мүнѳздѳ болот жана орточо 10 жаштан 17 жашка чейинки курактык мезгилди камтыйт.