Ѳз денесинен уялуу

«Салаӊдаган курсагынан» улам ѳнѳктѳшүнүн алдында чечинүүдѳн коркуу сезими сексуалдуулук менен каалоону жоготуп коёт. Мындай коркуу каяктан чыгары, уялуудан кантип арылып, ишенимдүүлүккѳ ээ болуу мүмкүн экендиги жѳнүндѳ маектешели.

Ѳзүнүн дене-боюна болгон нааразылык кайдан чыгат?

Биринчиден, адам ѳзүнүн денесин эстетикалык идеал менен салыштыра берет. Кѳп кылымдар бою кишилер ар түрдүү сулуулуктарды баалап келген. Ренессанс доорунда сүрѳтчүлѳр толмоч фигураларды тартышкан. Викториандык доордо кум сааттын формасындагы фигуралар мыкты деп эсептелсе, 20-жылдары түзүрѳѳк, эркек балдардыкындай фигуралар модага кирген. Бардык жерде жана ар убак мындай идеалдарга шайкеш келбеген адамдар болгон.  

Бүгүн биз моданын тенденциялары саналуу секунданын ичинде гана бүтүндѳй дүйнѳ жүзүнѳ тараган Instagram, Twitter, «ВКонтакте» доорунда жашап жатабыз. Бул образдар – эстетикалык идеалдар – бизди бардык жерде курчап турат. Кишинин маанайы ушундан улам бузулуп, айрыкча дене-бою белгиленген стандарттарга туура келбеген учурда, анын ѳз денесине болгон мамилеси ѳзгѳрѳт.

Экинчиден, адамдын турмушундагы болгон нерселер менен окуялар да таасирин тийгизет. Кээде мага ѳздѳрүн сулуу, келбеттүү деп эсептебеген 30-45 жаштагы жакшынакай эле эркектер жана аялдар келишет. Бала кезинде алар ата-энелеринен комплимент угушкан эмес, же андан да жаманы – кебетеси бузук деп айтышкан. Ата-эне баланын жеке образына болгон мамилесинин калыптанышына олуттуу таасир тийгизет. Жамансыӊ дей берген баланын чоӊойгондо ѳзүн ѳзү баалоосу абдан тѳмѳн болуп калат. Ал ѳзүн эч нерсеге жарабай турган, түрү суук адам катары эсептейт. 

Адам ѳзүнүн сырткы кебетесинин стандарттарга шайкеш келбѳѳсүнѳ кантип кѳӊүл бурбай койсо болот?

Дени соо адам бул суроого оӊой эле жооп бере алат. Бул болгону бир эле – ишеним деген сѳз. Кишиден карама-каршы жыныстагы адамдын эӊ мыкты он сапатын тизмеден тандап чыгуусу талап кылынган сурамжылоолор бар.

Эркектер тандаганда, дээрлик бардык учурда биринчи орунда ѳзүнѳ карата ишеним турат. Кыздын кебетеси кандай болгон күндѳ да ал ѳзүн кѳрсѳткѳндү билсе, башкача айтканда ишенимдүү кыймыл-аракет жасап, айланасына ишенимдүү караса, ѳзүнѳ тартып турган, жагымдуу аял катары таасир калтыра алат.

Аялдар да тизмеден чымыр булчуӊдар менен сулуу эриндерди эмес, ишенимдүүлүктү тандашат. Ошондуктан, инсандык сапаттарыӊ мыкты жана ѳзүӊдү ѳзүӊ жогору бааласаӊ, болпойгон колдор, кыйшык буттар же чоӊ мурун эч кандай мааниге ээ болбой калат.

Анын үстүнѳ, эстетика мыйзамдары түрдүү маданияттарда ар башка. Мисалы, Латын Америка ѳлкѳлѳрүндѳ толугураак келген аялдарды, Түндүк Еропада бою узун жана арык аялдарды баалашат. Эӊ башкысы жетүү мүмкүн болбогон стандарттарга эмес, соо-саламат денеге умтулуу зарыл.

Киши алгачкы жыныстык катнашта ѳнѳктѳшү үчүн сулуу болбой калуу коркуусунан кантип арыла алат?

Кокусунан болгон байланыш эмес, эки адам бирин бири жакшы тааныган жагдайлар тууралуу айтсак, анда алардын ортосунда биринчи жолку жыныстык катнашка чейин эле бири-бирине болгон ишеними калыптанып калган болот.

Албетте, ар кандай болуп калышы мүмкүн. Бирок кишини сексуалдык контактка чейин эле ѳнѳктѳшүнѳ бир жери жакпай кала тургандыгы тууралуу ойлор тынчсыздандырса, анда бул кѳйгѳйдүн үстүнѳн эрте эле иштей башташы керек. Тынчсызданууларын секске чейин кармоонун кереги жок.  

Эгер кишини сүйүп, жылуу сезим менен мамиле кылышса, анда аны угуп, жардам беришет. Негизи эле сексуалдык контакт кошулуп, бардык эле байланыштар ѳнѳктѳштѳрдүн ортосунда сүйлѳшүү болгон учурда ийгиликтүү боло алат.

Бирок, киши сүйлѳшсѳ деле жардам берген жок, же таптакыр эле сүйлѳшкѳн жок деп элестетели. Жыныстык байланыш учурунда анда дискомфорт жана чочулоо сезими болот. Мындай абалда кѳйгѳй кайра эле сүйлѳшүүнүн жардамы менен чечилет.

Ачыгын эле айтыш керек, маселен мындай деп: «Мен уялып жатам, чыӊалуудан арылуума жардам берчи?». Ѳзүӊдү жайлуу сезе алышыӊ үчүн эмне кыла ала турганын да айтсаӊ болот: колуӊду сыласын, ѳпсүн ж.б.

Мындан башка, тереӊ дем алып, негативге эмес, жагымдуу нерселерге ой топтоо дагы жакшы жардам берет. Мисалы, сезим жана туюмдарга: тери эмнелерди сезип жатат, кандай жыт келип жатат; музыканы угуп, кѳӊүлдү сонун тийген жарыкка да бурса болот.  

Ѳнѳктѳшү кишини жактырбай, анын дене-бою тууралуу жагымсыз сѳздѳрдү айтты дейли. Адам мындай   оор эмоциялар менен эскерүүлѳрдѳн кантип арыла алат?

Ар бир адамдын табити ар башка болот эмеспи. Эгер мага бирѳѳ визуалдык, тактилдик жактан жакпаса, ал кишини башкалар да жактырбайт дегенди түшүндүрбѳйт. Аны жакшы кѳрүп, жогору баалаган бирѳѳ бар экенин унутпашыбыз керек.

Жыныстык байланыш учурунда менин дене түзүлүшүм жѳнүндѳ негативдүү пикирин айткан кишинин кѳпчүлүктүн пикирин чагылдырбаганын түшүнүү зарыл. Албетте, бул ѳтѳ эле жагымсыз, кишинин маанайы бузулат, кѳӊүлү чѳгѳт. Бирок жаман пикир айтылганда, сѳзсүз эле кандайдыр бир комплекс пайда боло калбайт да. Эгер киши башынан эле ѳзүн ѳзү тѳмѳн баалап келсе, же болбосо ашыкча сезимтал жана аялуу болсо, ошондо ѳксүк комплекси пайда болушу мүмкүн. Ушул себептен улам, ѳзүнѳ карата ишенимдин болуусу абдан маанилүү.

Ал эми кѳйгѳйгѳ башка ѳӊүттѳн карасакчы? Мисалы, мага сексуалдык контакт учурунда адамдын кандайдыр бир ѳзгѳчѳлүгү эстетикалуу эместей сезилип жатат дейли. Бул жагдайда кантип туура аракет аткара алам?

Бири-биринин маӊдайында кийимчен турганда деле, кийимдин ичи кандай экенин болжолдоп биле алабыз. Укмуштуудай таӊ калтыра турган нерсе деле чыгып кетпейт. Ал эми жуп сексуалдык катнашка даярданып, аӊ сезимдүү түрдѳ чечинип жатышса, анда кандайдыр бир эстетикалык шайкешсиздик кѳӊүлдү калтыруучу же жийиркеничтүү фактор боло калат деп ойлобойм. Негизи эле, менимче, ѳнѳктѳшүнүн денесинин кайсы бир бѳлүгү боюнча нааразылыгын билдире тургандай эстетикалык жактан идеалдуу адам деле кѳп болбосо керек.

Эгерде сага адамдын кайсы бир физикалык сапаты жакпаса, ал тууралуу ачык айтуунун, айрыкча интимдик учурларда, кажети жок. Мындайча адамды травмага учуратып алуу мүмкүн.

Ѳзүӊѳн алыстатуу реакциясы абдан эле күчтүү болгон учурда бүгүн секс менен алектенүүгѳ оюӊду ѳзгѳрткѳнүӊдү айтып, муну башка себептерге шылтап койсоӊ болот.

Ѳнѳктѳшүӊѳ дене-боюӊ жакпай калуусуна байланыштуу коркуудан кантип кутула аласыӊ? Ѳз денеӊди болгон турпатында кабыл алууну кантип үйрѳнѳсүӊ?

Эгер жакын адамыӊ сенин дискомфортуӊ тууралуу билүүсүн каласаӊ, аны менен бул жѳнүндѳ сүйлѳшүшүӊ керек. Ѳнѳктѳшүӊдѳн ѳзүӊдү ыӊгайлуу сезе алууӊ үчүн жардам сурасаӊ болот: кѳбүрѳѳк комплимент айтуусун, келбетиӊдин жакшы сапаттарына кѳӊүл буруусун, аларды угуза айтып туруусун ѳтүнсѳӊ болот. Чогуу кийим-кече саткан дүкѳнгѳ барып, дене-боюӊдун сулуулугун белгилеп кѳрсѳтүп турган кийимдерди тандап алгыла. Ѳзүбүзгѳ берген баабызды ѳзгѳртүшүбүз үчүн жакын адамдарыбыздын колдоосу жана жакшы сапаттарыбызды кѳрсѳтүп туруусу абдан маанилүү.

Экинчиден, ѳзүн ѳзү жакшы кѳрүш үчүн денесин изилдеп чыгып, аны кармалап, карап чыкса болот. Денебиз болгон үчүн биз чуркайбыз, сууда сүзѳбүз, бийлейбиз, махабат кумарына батабыз, башка кѳптѳгѳн иш-аракеттерди аткарабыз, жалпы эле жашоонун ырахатын сезе алабыз. Башкача айтканда, эстетика – денеге карата сый-урматтын болуусун шарттаган жалгыз нерсе эмес.

Үчүнчүдѳн, ѳзүнѳ карата ишенимин кѳбѳйтүп, болгон турпатында кабыл алуу зарыл. Албетте, ѳзүн баалоону жогорулатыш үчүн анын үстүнѳн иштѳѳ талап кылынат. Ишеним дароо келип чыкпайт, ошентсе да ага умтулуу абдан маанилүү. 

Бир кыз: «Мен эӊ чырайлуу жана сүйкүмдүүмүн» деп айта берген кинофильм эсиӊдеби? Кардарга ѳзүн ѳзү баалоосун жогорулатуу үчүн жардам берүүдѳ позитивдүү кѳрсѳтмѳлѳр менен кѳп иштейм.

Кѳнүгүүлѳрдүн бири – күнүнѳ жок дегенде эки жолу күзгүнүн маӊдайында аткарыла турган иш-аракет. Кишиден ѳзү үчүн мааниге ээ жана ишенгиси келген багыттарды камтыган эки кыска, бирок мазмундуу фразаны айтуусун ѳтүнѳм. Ал күзгүнүн алдына туруп, ѳзүн карап, ошол фразаларды кайталайт. Мисалы: «Мен эӊ сонун кѳрүнѳм» же «Мени сүйүшѳт/жакшы кѳрүшѳт жана мен да сүйѳм/жакшы кѳрѳм».

Ѳзүн туура кабыл алуу үчүн азыркы маданияттын кѳз карашында эталондук дене-бойго ээ болуунун зарылдыгы жок. Эӊ башкысы – ден соолук, жакшы организм, ал эми эстетикалык артыкчылыктар менен каалоолор адамдарга жана маданияттарга жараша ѳзгѳрѳ берет.

Муну аӊдап түшүнүү абдан маанилүү. Антпесе, ѳзүӊчѳ күӊгүрѳнүп сүйлѳнүп, башты жерге салып жүрѳ бересиӊ. Бул кѳнүгүү аны аткарып жаткан адам ѳзү айтып жаткандарга ѳзү ишенген учурда жакшы жардам берет. Мен аны жок дегенде бир ай бою, кѳнүмүш адатка айлангыча жасап турууну сунуш кылам. 

Булак: Двор Медиа