Импостер синдрому

Өзүңдү мыкты эмес сезүүнү кантип токтотуу керек

«Менин ийгилигим – бул бир кокустук. Дагы бир аз убакытта чындыгында мен эч нерсеге арзыбай тургандыгымды бардыгы билип калышат» – мындай ойлор кээде импостер синдром тарабынан козголот. Бул көрүнүш психикалык бузулуу деп эсептелбейт, бирок ал бактылуу жашоого тоскоолдук кылышы мүмкүн.

Эмне үчүн бул синдром ушундай деп аталат?

«Импостер синдрому» термини биринчи жолу 1978-жылы эки америкалык клиникалык психолог Паулина Клэнс жана Сюзанна Аймстын «Ийгиликке жеткен аялдардын импостер синдрому: динамика жана терапиялык кийлигишүү» макаласында кездешкен.

Беш жылдын ичинде алар илимдин ар кайсы тармактарында илимий даражалары бар ийгиликтүү жана кадыр-барктуу аялдар менен 150дөн ашуун жеке психотерапия сеанстарын өткөрүшкөн. Кардарлар өз кесиптештеринин жана студенттеринин арасында суктанууга жана сыйга татыктуу болгонуна карабастан, өздөрүн ийгиликтүү сезишкен эмес.

Алар жетишкендиктеринин себебин сүйкүмдүүлүгү, туура байланыштарынын болгондугу жана ошондой эле өзүлөрүн кыйла компетенттүү кылып көрсөтө алгандыгы деп эсептешкен. Алар өздөрүн imposter (жалганчы) жана fraud (алдамчы, көз боёмочу) сыяктуу сөздөр менен мүнөздөшкөн.

Изилдөөлөр Клэнс тарабынан 1985-жылы басылып чыккан «Импостер феномени: Ийгиликтен коркуу сезимин жоюу» китебине негиз болгон.

Бир жылдан кийин бул китеп «Импостер феномени: ийгилик сизди фейк кылып сездиргенде» деген аталыш менен кайрадан басылып чыккан. Анда Клэнс жалганчы синдромдун бар же жоктугун, ошондой эле анын канчалык деңгээлде оор экендигин өлчөө үчүн универсалдуу баалоо шкаласын камтыган. Двор Медианын даярдаган тестинен өтүп өзүңдү синдромун бар жоктугуна текшере аласың..

Импостер синдромунун белгилери кайсылар?

Импостер синдрому психикалык оору эмес. Эл аралык деңгээлде таанылган ICD-10 жана DSM-5 оорулардын расмий классификаторлорунда жок. Бирок, кээ бир учурларда мындай көрүнүш тынчсыздануу же депрессиялык бузулуу менен ооругандарда кездешет, аны дарыгерлер гана аныктап, дарылай алышат.

Импостер синдромду алгач сүрөттөгөн доктор Паулина Клэнс анын бир нече өзүнчө белгилерин аныктады.

Биринчи белгисин Клэнс «импостердин каардуу чөйрөсү» деп атаган. Анын маңызы эмнеде? Синдрому бар адамга кыйын жана мүмкүн эместей сезилген маселе келгенде, анын тынчсыздануу деңгээли кескин көтөрүлөт.

Ушундай тынчсызданган абалда ал каалаган натыйжага жетишип, алгач өзүн жакшы сезет. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин, ага кайрадан «бул кокустан болуп калды», «сен мынчалык жакшы эмессиң» ж.б.у.с. ойлор келе баштайт.

Натыйжада, өзүн алдамчы деп эсептеген адам өзүнүн ийгилигин баалабай, жаңы дымактуу максатка жетүү менен боштондукту толтурууга аракет кылат – кайрадан катуу стрессти баштан кечирип цикл кайталанат.

Дагы бир белгиси – «импостердин кемчиликсиздиги же перфекционизми». Импостер синдрому бар адамдар өзүн өзгөчө, ал тургай «супер адам» сезиши керек. Эреже катары, алар мектеп жылдарында ушундай болушкан.

Бирок кийинчерээк, университеттин чөйрөсүнө кирип, көптөгөн жаңы (синдрому бар адамдын көз карашы менен) адамдарды көрүп, алар өз таланттарын четке кагып башташат.

Жана кээде алар төмөнкүдөй тыянакка келишет: «Эгерде мен мыкты эмес болсом, анда мен акылсызмын». Синдрому бар адамдар өздөрүнө жогорку талаптарды коюп, өзүн акысыз сезип, ар кандай, ал тургай кичинекей катасын дүйнөнүн акыры деп кабыл алышат.

Мүмкүн болгон ийгиликсиздиктерге жол бербөө жана өздөрүн кыйла компетенттүү сезүү үчүн алар көп учурда ашыкча иштешет. Жаңы бийиктиктерге жетип, андан да бийиктикке көтөрүлөр замат «интеллектуалдык калпы» ачыкка чыгып калабы деп коркуп жашай беришет.

Эркек импостерлер көппү же аял импостерлерби?

Импостер синдрому көбүнчө аялдарда кездешет. Изилдөө муну тастыктайт. Мисалы, 2014-жылы Джефферсон университетинин окумуштуулары эки жыныстагы 2600 жаш кишиге сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Респонденттердин төрттөн бири эркектер жана жарымы аялдар импостер синдром менен жабыркагандыгы аныкталды.

Психологдор муну биринчи кезекте аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрү чектелген батыш маданиятындагы узак жылдар бою катаал патриархаттын таасирине байланыштырышат.

Америкалык социологдор Джессика Коллетт менен Джейд Авелистин байкоолоруна караганда, импостер синдрому аялдардын карьералык өсүш жолуна дагы деле күчтүү таасирин тийгизет.

Тактап айтканда, аялдар эркектерге караганда ийгиликке жетпей калышат деп илимий карьерадан баш тартышат. Ал эми кээ бирлери өзүлөрүнө чындыкка дал келбеген максаттарды коюп, ошол эле учурда өздөрүн жалкоо деп эсептешет.

Белгилүү адамдардагы импостер синдрому

Белгилүү актерлор, саясатчылар, жазуучулар, ишкерлер мезгил-мезгили менен аларга жөндөмсүз жана «жасалма» сезүү жат эмес экендигин моюнга алышат.

Мисалы, маектеринин биринде америкалык жазуучу жана Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Майя Анджелу төмөнкүдөй ою менен бөлүшкөн: «Мен он бир китеп жаздым, бирок ар бир жолу «Азыр мени ачыкка чыгарышат!», – деп баары менен жашынмак ойноп келем».

Ал эми Оскардын үч статуэткасынын ээси Мерил Стриптин айтканы: «Мен көп учурда «Эмне үчүн адамдар мени дагы бир тасмада көргүсү келиши керек? Мен дагы кандай ойнош керектигин билбейм. Эмне үчүн мен муну кылып жатам?», – деп ойлоном».

Голливуд жылдыздарынын арасында мындай ачылыштар сейрек эмес – Натали Портман менен Эмма Уотсон дагы импостер синдрому жөнүндө айтып беришкен.

Белгилүү англис жазуучусу Нил Гейман өзүндө импостер синдромун белгилеген. Аны менен күрөшүү үчүн психолог Эми Каддинин "Presence" китебин сунуш кылган.

Баса, Эми Каддинин дене тили жана анын таасири боюнча сүйлөгөн сөзү TED.com сайтында 54,5 миллиондон ашык көрүүгө ээ болуп, TED тарыхындагы эң көп көрүлгөн экинчи сүйлөшүүгө айланды.

Синдромдон кантип арылууга болот?

Эгерде импостер синдрому кандайдыр бир психикалык оорулар менен коштолбосо, мисалы, тынчсыздануу же депрессиялык бузулуу (синдром өзү оору деп эсептелбейт), анын ишмердүүлүгүн баарына жеткиликтүү ыкмалар менен төмөндөтсө болот.

Мисалы, менеджмент жана лидерлик боюнча макалалардын автору, англиялык бизнес-тренер Джил Коркиндэйл бир катар пайдалуу сунуштарды берет.

  1. Сенде синдром бар экендигин моюнга алып, ал өзгөчө курч болуп жаткан кырдаалды байкап турууга аракет кыл.
  2. Ички жөндөөлөрүңдү өзгөрткөнгө аракет кыл – өзүңдү дайыма урушкандын ордуна, бир нерсени билбөө жана бир нерсеге жөндөмсүз болуу кадимки нерсе экенин унутпа.
  3. Сезимдериңди жакындарың менен талкуула, аларды өзүңдө сактаба.
  4. Контекстке кара. Көпчүлүк адамдар, жок дегенде, кээде өзүн ишенимсиз сезишет. Эч нерсеге жарабайм деген ой кайрадан эске түшкөндө, кырдаалды башка тараптан карап көрүү пайдалуу. Жана өзүңө мындай деп айт: «Ооба, мындай шартта мен анчалык деле пайдалуу болбой калышым мүмкүн, бирок бул башка учурларда менин пайдалуу эмес экенимди билдирбейт».
  5. Каталарыңдан сабак алып, аларды пайдалуу тажрыйба катары кабыл ал.
  6. Каталарың үчүн өзүңдү урушпа.
  7. Өзүңдүн ийгилигиңди элестетүү – бул практика кимдир бирөөгө көңүлүн стресске эмес, максатка бурууга жардам берет (бирок, албетте, тескерисинче да болушу мүмкүн).
  8. Керек болсо, башкалардан жардам суроодон коркпо. Баса, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча колдоо издөө импостер синдрому менен күрөшүүнүн эффективдүү стратегиясы катары таанылган. Бирок, адам кайсы социалдык топтон жардам сурап кайрылганы маанилүү ролду ойнойт.

Мисалы, Лас-Вегастагы Невада университетинин окумуштуулары бухгалтердик эсеп интенсивдик курсуна катышкан импостер синдрому катталган 213 студенттен сурамжылоо жүргүзүштү.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ошол эле программада чогуу окуган курсташтарынын колдоосу импостер синдромдун кысымын жеңилдетпестен, тескерисинче, тынчсызданууну күчөткөн.

Ал эми профессорлордун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, достордун катышуусу чыңалууну, эч нерсеге жараксыздык ойлорду жоюуга жана адамдарды өзүнө ишендирүүгө жардам берет.

Материалды даярдагандар: Двор Медиа.