Ата-эне менен тил табышуу мүмкүн эмеспи?

Ата-эне көйгөйгө айланганда

Кээде балада олуттуу көйгөйлөр жаралып, бирок ал маселени  ата-энеси менен сүйлөшүп чече албаган учурлар болот. Бала эмне кылбасын, анын маселесин угуп, аны колдоп койгонго жарабаган ата-энелер жок эмес. Мындай жагдайларда көйгөйлөрдүн себеби ата-эненин өзү болот, анткени алар баланын физикалык, психологиялык абалына жана анын өмүрүнө коркунуч туудурушат.

Мындай жагдайлар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, ата-энелер кандайдыр бир көз карандылыктан жапа чегишет, баланын тамак-ашка, уктоого же окууга болгон жөнөкөй муктаждыктарына кам көрүшпөйт. Же балага кол көтөрүшөт, балким баланын кыйналуусуна карабай, ар дайым кемсинтип, ызаланта беришет.

Эгерде мындай мамилелерге чоң адамдар туш келсе, анда бул көйгөйлөрдү чечүүгө аларда мүмкүнчүлүктөр болмок. Мисалы, алар жеке же үй-бүлөлүк терапиядан өтүшү мүмкүн, балким бир аз убакытка башка жакка көчүп кетишет, же алаканы токтотуп кое алышат. Балага, өзгөчө жашы жете элек балага келгенде, баары татаалыраак. Мыйзам боюнча, бала өз алдынча иш-аракет кыла албайт, анткени ал үчүн чоңдор жооп берет. Демек, ата-энесинде жоопкерчилик болбосо, анда баланын тагдырын камкорчулук кызматындагы таптакыр чоочун адамдар чечишет.

Бул аябай оор акыбал. Баланын коопсуздугун жана бейпил жашоосун камсыздоого жоопкер адамдар, тескерисинче, анын тагдырына балта чабышат. Бул абалдан чыгуу аракеттер эч кандай оң натыйжа бербейт. Ал эми баланын барар жери жок. 

Бул жерде эки сценарий орун алышы мүмкүн. Эгерде сенин өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан болсо, өзүңдүн  коопсуздугуңду сактоо  үчүн милиция чакырып жана камкордук кызматына кайрылуу керек. Бейтааныш адамдар канчалык кооптуу сезилбесин, мындай жагдайларда ар бир адам өмүрү үчүн күрөш жүргүзүүгө милдеттүү.

Биз бул макалада жаза турган экинчи сценарий – дал ушул мүнөттөрдө баланын өмүрүнө коркунуч жок, бирок үй-бүлөдө көйгөйлөр жана зомбулук орун алган учурлар. Бала учурда камкордукка алуу органдарына кайрылууга даяр эмес, бирок өз жашоосун үй-бүлө ичинде курууга аракет кылууда.

Белгилей кетчү нерсе, кээде бизге баары абдан жамандай сезилет, бирок чындыгында биздин бир нерсени өзгөрткөнгө күчүбүз жетет. Мисалы, ата-энем мага дайыма сын айтышат, ашыкча көзөмөлдөшөт (мага ушундай сезилет), ал гана эмес бир жолу мени чаап да жиберген- бул, албетте, көйгөй дечи. Бирок сен ата-энең менен бул маселелер боюнча сүйлөшүп, аны чечкенге аракет кылсаң болот (башка макалаларда муну кантип кылуу керектиги жөнүндө жазганбыз). Көбүнчө, эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эместей сезилген жагдайлар кезигет. Бирок бала өз аракети менен өзүнүн абалын жакшыртканга жетишкен учурлар да жок эмес.

Тилекке каршы, “көбүнчө” -“дайыма” дегенди билдирбейт. Ал эми бул текстте биз ата-эне баласынын муктаждыктарына жана каалоолоруна толугу менен дүлөй, сокур жана дудук болгон учурлар жөнүндө сөз кылабыз. 

Мындай жагдайлар бүтпөчүдөй сезилет, бирок үй-бүлөлүк зомбулук убактылуу. Бала чоңоюп, акырында башка адамдардын зордук-зомбулугу жок өз жашоосун өзү кура алат.  Ага чейин өзүңдүн коопсуздугуңа кам көрүү, өзүңдү сыйлоо, өзүңдү колдоо жана сырттан колдоого ээ болуу - сен үчүн маанилүү.

“Сен таяктын тилинен башканы түшүнбөйсүң”

Адам үй-бүлөдө зомбулук коштогон жагдайга туш болгондо эң биринчи кыла турган нерсе – бул көйгөй бар экенин моюнга алуу. Бирок бул кадамды жасоо абдан кыйын болушу мүмкүн. Бул бөлүктө биз көйгөйдү көрүүгө жана түшүнүүгө эмне тоскоол болуп жатканын аныктоого аракет кылабыз.

Биринчиден, муну моюнга алуу оор нерсе. Биз көйгөй бар экенин жана ал олуттуу экенин түшүнгөндө, кырдаалдын оорчулугун жон терибиз менен сезе баштайбыз. Мисалы, мен атамдын мени желкеден ары чаап, дайыма кемсинте беришин кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, ал жөн гана башкача сүйлөшкөндү билбесе керек деп ойлоп жүргөм дейли. Анан мен атамдын бул кылыгы "эч нерсе болбойт" эмес жана эч ким башка адамдарга мындай мамиле кылбашы керектигин аңдадым. Эми мен бул билгеним менен бир нерсе кылышым керек, бул адилетсиздиктен кантип кутулууну ойлонушум зарыл. Бул аракеттер, албетте,  "менде баары жакшы" деп өзүн алдагандан алда канча оор болушу мүмкүн.

Ооба, өз абалыңдын оордугун аңдап-түшүнүү - сенин кыйналганыңды ого бетер күчөтөт, бирок ошол эле учурда иш-аракетиңе эркиндик берет, мына ушуну түшүнүү абдан маанилүү. Болуп жаткан нерсе мен үчүн кабыл алынгыс экенин түшүнгөндө, мен өз кызыкчылыгым үчүн чечимдерди кабыл ала баштайм. Мен болгон дитимди жана күч-аракетимди алдыга койгон максаттарыма жумшайм.

Экинчиден, көп учурда өзүн күнөөлүү сезгенден улам адамдын көйгөйдү кабыл алуусу кыйынчылык жаратат. Себеби башкаларга агрессивдүү мамиле кылган адамдардын көбү жабырлануучуну күнөөлөшөт: "Биз сени бөлмөгө камап, бардык нерселериңди алып, нан менен сууга отургузуп койдук! Билесиңби эмнеге? Анткени сага башка жол менен бир нерсени түшүндүрүү мүмкүн эмес!" Ушул себептен зомбулукка көп кабылган балдар өздөрүн ушундай мамилеге татыктуумун деп ойлошу мүмкүн. Эгер адам зомбулукка кабылып жатса, бул эч качан анын күнөөсү эмес экенин түшүнүү маанилүү. Кандай гана болбосун зордук-зомбулук кылган адам ар дайым күнөөлүү болоорун эске тутуу зарыл.

Зордук-зомбулуктун курмандыктары - чоңдор болобу, же балдарбы - идеалдуу жүрүм-турумга ээ эмес. Ошондуктан, бала өзүн объективдүү түрдө туура эмес алып жүрсө, мисалы, ата-энесинин капчыгынан акча уурдап, сөгүнсө, өзү кимдир-бирөөнү сабаса – бул үчүн башкалардын ага карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбеши керек.  Бала тарабынан да, чоңдор тарабынан да зөөкүрлүк болбош керек, бирок баланын көйгөйүн ушинтип чечет деп чоңдордун агрессиясын актоого эч кимдин акысы жок.

Үчүнчүдөн, көйгөйдү моюнга алуу төмөнкүдөй учурларда да кыйын болушу мүмкүн: балага жасалып жаткан мамилени сырттан адамдар кадыресе көрүнүш катары кабылдашат, же зомбулукту башка жол менен актоого аракет кылышат. “Ата-энең сага тамак-ашка, кийим-кечеге акча бербейт жана алар үйгө такыр турушпайбы? Бирок сенин жашыңда мен заводдо токарь болуп иштеп, өзүмдү багып, адам болуп калгам!”

Мындай реакцияны көргөндө, бизде сезимдер алмашып, көйгөйүбүздөн күмөн санап же аны такыр эле четке кага баштайбыз. Бул учурда ойлорубуз ойрондолот: мен болуп жаткан окуяларды нормалдуу эмес деп эсептейм, бирок ошол эле учурда башкалар үчүн мунун баары жакшы эле көрүнүш турбайбы? Бул жерде эстен чыгарбоо керек: адам өзүнүн абалын башкаларга караганда өзү гана жакшыраак түшүнөт. Эгерде баланын тегерегинде болуп жаткан окуялар ага жакпаса, ал өзүн начар сезип, бул нерселер нормага сыйбай турганын аңдаса - анда көйгөй бар экенин дароо кабылдап, аны чечүү шарт. 

Кыйын кырдаалга туш болгон адамдын жашоосунда азап, жек көрүү, жамандыктын айлампасы бүтпөй тургандай, андан чыгуунун жолу да туюктай сезиле берет. Көбүнчө мындай кырдаалдарда чоңдор да, балдар да, көйгөйдү чечүү жөнүндө ойлонбостон, аны "унутууга" умтулабыз. Бирок көйгөйгө көңүл бурбоо ансыз деле оор эмоционалдык абалыбызды начарлатат.  Кээ бир учурларда маселени көңүл сыртына чыгарып коюу - өмүргө коркунуч туудурушу да мүмкүн. Кийинки бөлүмдө биз өзүңдүн коопсуздугуңа кантип кам көрүү жөнүндө сүйлөшөбүз.

Өз коопсуздугуңа кам көрүү - № 1 маселе 

Качан адам өзүнүн абалы оор экенин түшүнгөндө, анда кырдаалды оңдоо ниети пайда болушу мүмкүн. Бирок, тилекке каршы,  үй-бүлөдө чоңдор тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жаткан жаш баланын кордукка каршы туруу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бала көп нерселерди өз алдынча ишке ашыра албайт, анткени коом жашы жете элек балдарга кам көрүү чоңдордун мойнунда деп эсептейт. Көптөгөн маанилүү чечимдерди, анын ичинде баланын кайда уктаарын, эмне жей турганын, кайда окуйт деген чечимдерди чоң кишилер кабыл алышат. Бирок баланын кыймыл-аракети чектелген болсо, бул аны эч нерсе кыла албайт дегенди билдирбейт. Анда эмне кылса болот жана эмне кылуу керек?

Биринчи жана эң негизги маселе – дене коопсуздугуңа кам көрүү. Бул кыска мөөнөттүү максатка жетишүү маанилүү, анткени адамдын өмүрү анын дене-боюнун күч-кубатына түздөн-түз көз каранды. Адамдын ден-соолугу  канчалык чың болсо, анын жашоосундагы түрдүү соккуларга туруштук берүүсү ошончолук бекем болот.

Ата-эне физикалык жактан зордук-зомбулук көрсөткөн оор кырдаалдарда, бала ур-токмоктон коргонуу үчүн жасай ала турган бардык иш-аракеттери туура болуп саналат. Өзүңө кам көрүү бул нормалдуу жана керектүү нерсе. Мисалы, зомбулуктан оолак болуу максатында сен сабактан кийин мектепте көбүрөөк калсаң болот, ийримге жазылып, досуңдун  үйүндө кала аласың, паркта сейилдеп, китепканада отурсаң болот. Эгер үйдө азыраак болуу үчүн коопсуз жерде убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда аны колдонгон туура. 

Мындан тышкары, зордук-зомбулуктун бар экенин ачып көрсөтүү абдан маанилүү. Ал үчүн бөлөк адамдарга болуп жаткан окуялар тууралуу айтып берүү керек. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук катышкан абалды бала жалгыз жөндөй албайт. Ал эми үйдөгүнү сыртка ташыбайт деген түшүнүк болбогон кеп экенин билүү керек. Бала сабалып жатса, үй-бүлөнүн аброюн коргоого аракет кылуунун кажети жок. Жабык эшик артында, эч кимге угулбаган зордук-зомбулук уланбашы үчүн көйгөйдү эл алдына алып чыгуу зарыл.

Зордук-зомбулук жасап көнгөн зөөкүргө айланадагылардын  эч кимиси  эмне болуп жатканын билбегени пайдалуу. Бул жерде эл билсе, зордук-зомбулуктун абалы бир заматта оңолот дегенди билдирбейт. Бирок зордук-зомбулукту башкалар билип турганда ишке ашыруу кыйыныраак болот. Мектепке бир жериң көгөрүп келип, тепкичтен жыгылдым десең, анда башкалар, албетте, адамдын калп айтып жатканын түшүнөт, бирок алар кийлигишпейт. Ал эми класс жетекчисине үйдөн ур-токмокко алынганыңды айтсаң, мунун ата-энеңе кесепети тиет. Эмкисинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө кимдир-бирөө билет деген ой ата-эненин ур-токмогун токтото алышы мүмкүн.

Эгерде, ата-энеси ичип же баңги заттарын колдонуп алган болсо, анда бул тууралуу дароо чоң энеге, чоң атасына, таякесине, таежесине же башка туугандарына, болбосо бала өзү ишенген башка адамына айтуу керек. Атасы жокто апасынын бир тууганы мас болуп келсе,  атасына сөзсүз билдирүү кажет.

Кээде адам болуп жаткан окуялар тууралуу кимдир бирөөгө айтса, андан да көп кыйынчылыктар жаралат деп жазганат. «Эч кимге айтпасам, ата-энемден азыраак жаза алам» деп ойлошу да ыктымал. Тескерисинче, зордук-зомбулук фактысын жашырса  ого бетер жагдай оорлой берет, анткени ага жардам бере турган эч ким болбойт. Балким кимдир-бирөөгө зомбулук тууралуу айтуунун аягы эмне менен бүтөт деп кыжаалат болуудан улам да, бул кадамдарды жасоо кыйын болушу мүмкүн.

Эгерде шектенип жатсаң, психологиялык колдоо кызматына же ишеним телефонуна чалсаң болот. Чалуулар анонимдүү, күнү-түнү жана акысыз кабыл алынат.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн ишеним телефону: 111.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдик ишеним телефону: 112.

Үй-бүлөлүк зомбулук учурларында ишеним телефону: 117.

Онлайн психологиялык жардам көрсөтүү: https://teenergizer.org/consultations/.

Эгерде адам ата-энесинин же жакындарынын жүрүм-туруму анын өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалга туш болсо, анда эч тартынбастан милицияга чалышы керек - 102. Акыр-аягы, сен бардык кесепеттер менен бир гана физикалык жактан жөндөмдүү болгондо гана күрөшө аласың.