Эмне үчүн адамдар кодулашат?

Буллинг, же мектептеги кодулоо — азыркы гана ѳспүрүмдѳрдүн кѳйгѳйү эмес. 1910-жылы Венада атактуу окумуштуу Зигмунд Фрейд жана кесиптештери тарабынан уюштурулган мектеп чѳйрѳсүндѳгү зомбулукка каршы күрѳшүүгѳ арналган конференция болуп ѳткѳн. Фрейд мындай деп жазган: «… балдар зомбулуктун алдында алсыз калбашы үчүн жана жашоону сүйүшү үчүн мектеп бардык күч-аракетин жумшап, жашоосунун ата-энеси менен эмоционалдык байланыштары начарлап, ѳз алдынчалыкка бет алган учурларында аларга колдоо кѳрсѳтүүгѳ тийиш». Тилекке каршы, мектеп азыркыга чейин мунун натыйжалуу жолун таба элек. Эмне үчүн бул кѳйгѳйдү чечүү мынчалык кыйын экендигин, жана эмне себептен кишилер бири-бирин кодулаганын түшүнүүгѳ аракет кылып кѳрѳлү.  

Фото:  RODNAE Productions, Pexels

Буллингге эмне себеп болот?

Буллинг же кодулоо — топтун бир мүчѳсүнѳ карата кѳрсѳтүлгѳн зомбулуктун ар кандай түрү (физикалык жана/же моралдык). Бул кѳрүнүш кишилердин бардык эле топторунда кездешет. Бирок, баарынан кѳп мектептеги кодулоо жѳнүндѳ уга алабыз. 2017-жылдын аяк ченинде билдирилген маалымат боюнча, Россиянын мектеп окуучуларынын 42%ы буллингге кабылган жана булардын үчтѳн эки бѳлүгү — анын курмандыгы болгон.

Кодулап тынчтык бербѳѳ циклинде негизги бир нече компонент бар: тандап алган курмандыгына карата шоктук кѳрсѳтүү (же түздѳн-түз кордоо); курмандыктын реакциясы (оӊтойсуздук, уялуу, жооп иретиндеги агрессия, ыйлоо же анын сезимдерине шек келтирилгенин билдирген башка белги). Ошондой эле топтун калган бѳлүгү тарабынан кубатталышы, же жок дегенде айыпталбашы (кѳбүнчѳ кубатталышы, себеби башында бул жѳн гана кѳӊүлдүү троллинг катары сезилиши мүмкүн).

Агрессор керектүү «колдоого» жеткен соӊ (курмандыгы реакция кылганын кѳргѳндѳ) — буллинг туюк чѳйрѳгѳ ѳтѳт да, кодулоо эпизодунун кайрадан башталуусу толук мүмкүн. Кайталанган бир нече эпизоддон кийин агрессор үчүн курмандыгына үстѳмдүк кылуу сезими кѳбүрѳѳк жага баштайт. Ошону менен бирге эле, алар кѳп учурда топтун ичинде ѳзүнүн макамын жогорулатканга умтулушат.

Кѳп учурда ѳзүн коргой албаган алсыз адамдар кодулоонун курмандыгы болуп калышат деген миф бар. Чындыгында мындай эмес. Топтун бардык эле катышуучусу буллингге дуушар болушу мүмкүн. Шылдыӊдоо үчүн курмандыктын башка классташтарынан ар кандай белгиси боюнча айырмасы: сырткы келбетинин ѳзгѳчѳлүгү, башка этностук топко таандыктыгы, социалдык макамы, башкалардан айырмалап турган окуп-үйрѳнүүсүнүн ылдамдыгы (кээ бирѳѳлѳрдүн кабыл алуусу тез, кээ бирѳѳнүкү жай болот) себеп болушу ыктымал.

Курмандык болуп калуу коркунучун жогорулаткан бир нече фактор бар. Алардын баары топтун мүчѳлѳрүнүн тамашаларына же шылдыӊдоолоруна реакция кылуу стратегиялары менен байланыштуу. Курмандык «күтүлгѳндѳй» реакция кылып, сезимин билдирсе эле — буллингдин паззлы дароо чогулуп калат. Ошондуктан үй-бүлѳсүндѳ агрессиялуу мамилеге туш болгондордо кодулоонун курмандыгы болуп калуу мүмкүндүгү жогору болот деп айтылат. Мындай балдарда, эреже катары, туруктуу ѳзүн ѳзү сыйлоо сезими жана агрессияга жооп кайтаруунун натыйжалуу стратегиялары болбойт — аларды калыптандыруу үчүн мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Кемсинтүү теориясы: ѳч алуу тилеги кандайча жаралат жана эмне үчүн күбѳлѳр курмандыкка жардам беришпейт?

Кемсинтүү теориясы деген аталышта илимий концепция бар. Теория кодулоонун курмандыгы менен күбѳлѳрү кандай абалда болорун жакшы түшүндүрүп берет. Бул теорияга ылайык, кемсинтүү кишинин алсыздыгын же топтун ичинде кабыл алынган ченемдерге ылайык келбѳѳсүн элдин кѳзүнчѳ ачык кѳрсѳтүү аракети катары түшүнүлѳт.  Кордоо кѳрсѳтүлгѳн адамда (буллингдин курмандыгы) адилетсиздик жана кыжырдануу сезими жаралып, ѳч алууну эӊсей баштайт [3]. Эгер бул сезимдерди курмандык туура аӊдабаса жана психологиялык жактан иштеп чыкпаса, кесепеттер тѳмѳнкүдѳй болушу мүмкүн:

Биринчиден, аны ыза кылгандарга карата агрессия чыкпай калып, аутоагрессияга, ѳзүн жек кѳрүүгѳ, басынуу, туталануу сезимине айланышы же депрессияга жол ачышы мүмкүн.

Экинчиден, кодулоого дуушар болгон адамда дагы агрессор болуп, буллинг үчүн курмандыгын тандоо тилеги келип чыгышы ыктымал — мына ушундайча зомбулук чынжыры улана берет.

Кодулоонун күбѳлѳрүнѳ келе турган болсок, булар — кемсинтүү менен буллингге түздѳн-түз кабылбаган, бирок кѳп учурда курмандык учураган абалга окшош жагдайларга туш болгон адамдар. Демек, алар дагы агрессорлордун зомбулугуна дуушар болуудан чочулашат. Дал ушул себептен улам, буллинг аракетин карап тургандар курмандыкка болушуп, ага жардам берүүдѳн коркушат.  

Үстѳмдүк кылуу теориясы: эмне үчүн буллингди токтотуу кыйын?

Бул суроого Үстѳмдүк кылуу теориясынын жардам менен жооп берүүгѳ болот. Теория кишилердин эмне үчүн топтун ичинде тигил же бул макамга умтулгандыгынын себебин түшүндүрѳт. Теорияга ылайык, бийликке умтулуу — агрессорлор үчүн кѳбүрѳѳк мааниге ээ мотивация. Алар топтун иерархиясында үстѳмдүк кылуучу позицияга жетүү үчүн, башкача айтканда лидердик макамга ээ болуу максатында кемсинтүү менен коркутууну колдонуп, кырдаалды жана курмандыкты башкарып алууну кѳздѳшѳт [4].

Буллинг — бул дайыма топтун ичинде болуучу процесс. Жамаатта (мисалы, мектептеги класстын ичинде) кодулоого жол берүүнү же болтурбоону дал ошол топ чечет.

Эгер классташтары агрессорду жана анын жүрүм-турумун колдошсо, анда ал ѳз максатына жеткен болот — лидерлик позицияны ээлейт. Классташтары болсо анын «улуу» фигурасына ѳздѳрүнүн да катышы бар деп сезишет.

Ошентип, «башкалардын сый-урматына татыктуу болгуӊ келсе — бирѳѳнү кемсинтүү керек» деген принциптеги жүрүм-турум модели пайда болот.

Адамдар ѳздѳрү үчүн ыӊгайлуу болгон иерархияны кармап тургусу келет, ушул себептүү кодулоо эпизоддору узак убакыт бою кайталана бериши мүмкүн.

Фото: freepik.com

Социалдык капитал теориясы: буллингге карата алсыздыкты азайтууга эмне жардам берет?

Социалдык капитал теориясы айланадагы адамдардын колдоосуна кантип жетүүгѳ боло турганын түшүндүрѳт. Теория боюнча, кишилер ар кандай пайда табуу максатында ѳнѳктѳш, жоро-жолдош болушат же достук мамилелерин түзүшѳт. Башкача айтканда, киши ѳзү үчүн баалуу нерсеге жалгыз аракеттенгенге караганда башка бирѳѳ менен аракеттешүү аркылуу оӊой жете алат.

Кишилердин ортосунда түзүлгѳн байланыштын негизги эки түрү бар:

  1. Ѳз ара мамиле кызыкчылыктары менен макамдары окшош кишилердин ортосунда түзүлѳт. Мисалы, бир класста окуган ата-энеси бай окуучулардын ортосундагы мамиле. Мындай байланыштар окшоштук, максаттар менен баалуулуктардын жалпылык сезимдерин калыптандырат.
  2. Байланыш түрдүү социалдык топторго кирген кишилердин (макамдары жана кызыкчылыктары ар түрдүү) ортосунда түзүлѳт. Мисалы, ата-энеси бай балдардын тобуна кирген кыз окуучулар кеӊешиндеги бир окуучу менен мамиле түзѳ баштады. Бул ѳз ара аракеттешүү чѳйрѳсүн жана эки топтун бири-бирине таасирин кеӊейтет.

Киши башка адамдар жана кишилердин топтору менен мамиле (социалдык байланыш) түзүү аркылуу анын буллингге карата алсыздыгын азайта турган маанилүү бонустарга ээ боло алат. 

Биринчи бонус — маалымат. Мектепте, мисалы, бул кѳӊүл ачуу кечелери жана башка маанилүү окуялар тууралуу маалыматтар. Булар тууралуу билген окуучу социалдык макамы «жогору» болгон, таанымал окуучулар менен качан жана кайсы жерде жолугууга жана алар менен байланыш түзүүгѳ боло турганын түшүнѳ алат.

Экинчи бонус — таасир. Мектептеги эӊ популярдуу киши буллингди токтото алат — ал агрессордун жаӊы бутасы болуудан коркпойт, себеби анын колдоочулары кѳп. Мектептин «жылдызы» менен дос болгон киши дагы күчтүү таасирге ээ боло алат.

Үчүнчү бонус — ресурстарга жетүү мүмкүндүгү. Эреже катары, бирѳѳ мектеп жылдызы менен сүйлѳшѳ баштаганда, автоматтык түрдѳ популярдуу окуучу ээ болгон артыкчылыктарга жете алат. Мындай артыкчылыктардын ичинде башка популярдуу окуучулардын тобуна кошулуу мүмкүндүгү да кирет.

Тѳртүнчү бонус — ѳзүнѳ болгон ишенимдин жогорулашы. Кишиде ынанымдары менен баалуулуктары окшош досторунун болуусу анын ѳзүн ѳзү баалоосун жогорулатуу менен катар эле, буллингден коргоочу кызмат аткара алат [2].

Албетте, дароо эле бардык бонустарга жетүүгѳ умтулуунун зарылчылыгы жок. Ошондой эле аларды иш-аракетке багыттоочу колдонмо катары дагы кабыл албаш керек. Бул жѳн гана натыйжалуу механизмдердин сыпаттамасы.

Кодулоо аркылуу агрессорлор ѳздѳрүнүн социалдык капиталын кыйла кеӊейте алышат. Буллилер кѳп учурда айланасындагы адамдарга жакпай турганын изилдѳѳлѳр кѳрсѳтүп турат. Ошентсе да, алар башкаларды бийлеген лидер катары кабылдангандыктан, кѳбү аларга кошулуп калат.  

Натыйжада агрессорлордун ѳздѳрүнѳ болгон ишеними андан да кѳбѳйѳт, башка жактан келген шылдыӊдоолордон коргойт. Мунун натыйжасында башка топтордун лидерлери менен мамиле түзүп, бедели менен социалдык капиталын андан ары ѳстүрүүнү улантышат.

Булак: Двор Медиа