Биринчи жолу

Жаӊы тажрыйба боюнча кыскача колдонмо

Бардык эле жаӊы тажрыйба — кызыктуу, толкундатуучу, ал тургай коркунучтуу да болушу мүмкүн. Алгачкы сүйүү жана мамилелер, алгачкы ѳбүшүү жана алгачкы секс: эмнелерди күтүүгѳ болот жана кантип даярданыш керек?

Алгачкы сүйүү

Качан күтсѳ болот

Ооба, кээ бир адамдар алгачкы сүйүүсүн бала бакчадан жолуктурат, бирок чыныгы курч жана толкунданткан сезим ѳспүрүм куракка жакын пайда болот. Бул жерде эч кандай деле ченем жок, кимдир бирѳѳ 12 жашында сүйүп калат, кээ бирѳѳлѳр болсо 20 жашында же андан ѳтүп ашык болушат.  

Бул кандай болот

Ашык болуу — бул мээдеги чыныгы биохимиялык бурганак. Сүйгѳн адамды карап же ал тууралуу ойлонор замат, мээнин клеткалары дофамин аттуу затты активдүү иштеп чыгара баштайт. Бул нейромедиатор — мындайча айтканда, «сыйлык системасынын» башкы агенти. Ал, мисалы, сен даамдуу балмуздак жеп жатканда, андан ырахат алууӊду шарттоо менен иштелип чыгат. Ошол эле дофамин бирѳѳнү сүйгѳн учурда да махабат объектисине катуу байланууга жардам берүү үчүн иштей баштайт. Дофамин сүйгѳн адамды жыргалды, ырахатты кайталоо максатында ашыктык объектиси менен жолугууга түртѳт. Булар бирѳѳгѳ карата күчтүү сезим пайда болгон учурда организмибиз учураган абалдын кичинекей гана бѳлүгү. Эӊ кызыктуусу – биз эмне үчүн бир гана адамга ашык болуп, калгандарына кѳӊүл бурбаганыбызды азыркыга чейин окумуштуулар түшүндүрѳ элек.  

Кандай реакция кылуу керек

Алгачкы сүйүү адамдарды мамиле түзүүгѳ түртѳт. Бул - достук мамиле эмес, башкача мамиле. Эгер сезимдер бирдей болсо, анда башка адам менен жакындыктын таптакыр башка, жаӊы тажрыйбасына ѳтүү мүмкүндүгү жаралат. Андай болбогон учурда бул сезим кѳптѳгѳн азаптарды алып келет. Бирок, ошону менен бирге эле, ѳзүн, жеке эмоцияларын жакшылап таанып-билүүгѳ да ѳбѳлгѳ болот.

Алгачкы ѳбүшүү

Качан күтсѳ болот

Эгер бирѳѳ менен ортоӊордо достук мамиледен ѳткѳн жакындык бар болсо, анда дал ушул алгачкы ѳбүшүүдѳн жаӊы этап башталат. Бул жерде курак андай деле маанилүү эмес, бардыгы индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ.

Бул кандай болот

Албетте, мындайды кинодон миллион жолу кѳрсѳӊ керек, бирок ѳзүӊдүн жеке тажрыйбаӊ — таптакыр башкача. Биринчи жолку ѳбүшүү үчүн кандайдыр бир туура же туура эмес ыкма деген болбой турганын унутпа. Жѳн гана бири-бириӊердин эриндериӊерди тийгизесиӊер, же болбосо тилдериӊерди тийиштирүү үчүн бир аз ачасыӊар.

Кандай реакция кылуу керек

Ѳзүӊдү жоготпой, баарын «туура» жасоого аракет кыл. Эгер толкунданып же ѳзүӊѳ ишенбей жатсаӊ, ѳнѳктѳшүӊѳ айт — бул чыӊалууну азайтып, кичине жакыныраак болууга жардам берет. Бир нерсени туура эмес кылгандай же эпсиз болуп калгандай сезилиши мүмкүн. Муну жайбаракат гана ѳзүн ѳзү ирониялоо, бирге күлүү үчүн шылтоо кылып койсоӊор болот. Ырахатты ѳбүшүүнүн ѳзү эмес, эмоцияларыӊар, жакындыгыӊар, бири-бириӊерди сүйүүӊѳр алып келет.

Биринчи айыз

Качан күтсѳ болот

Орточо курак — 13 жаш. Бирок чыныгы жашоодо 10 жаш менен 16 жаштын ортосунда башталат. 10 жаштан мурун келген учурлар ѳтѳ сейрек, ал эми 16 жаштагы кызда алгачкы айыз (менархе) келе элек болсо, анда врач текшерүүдѳн ѳтүүнү сунуштайт.

Бул кандай болот

Аялдын репродуктивдик системасы циклдүү иштейт. Ар бир айда (тагыраагы ар бир 28 күндѳ — айыз циклинин стандарттуу узактыгы ушундай) организм түйүлдүктүн пайда болушуна даярданат. Бойго бүтпѳсѳ, ткандар ѳлүп, организмден чыгарылат. Кыз кан жоготот, аны менен эндометрийдин (жатынды каптап турган катмар) бѳлүктѳрү да чыгышы мүмкүн. Башында айыз регулярдуу келбеши ыктымал, анткени гормондук фон турукташа элек болот. Бир жылдын тегерегинде цикл оӊолот — адатта ошол учурга болжолдонот. Бирок анын регулярдуу келе башташына ишенүүгѳ болбойт. Кээде тышкы факторлордун (стресс, спорт, начар тамактануу ж.б.) таасири менен цикл бузулушу мүмкүн (28 күндѳн аз же андан кѳп болот). Кѳбүнчѳ бул ченемдерге ылайык жүрүп, организм ѳз алдынча калыбына келип калат. Айрым учурларда болсо врач-гинекологго кайрылуу зарылчылыгы келип чыгат.

Кандай реакция кылуу керек

Эч кабатыр болбо. Канды кѳргѳндѳ коркуп кетүү мүмкүн, бирок бул айыз — кадимки физиологиялык процесс экенин эстен чыгарбаш керек. Ошол учурда кыздын милдети — максималдуу ыӊгайлуу каражаттарды тандоо менен жеке гигиенасына кам кѳрүү. Айыз алдындагы жана анын алгачкы күндѳрүндѳгү ичтин тѳмѳн жагында тартуучу мүнѳздѳгү ѳтѳ катуу эмес оорулар, маанайдын тез-тез ѳзгѳрүүсү нормалдуу кѳрүнүш. Бирок, эгер кыз ооруларды ѳтѳ эле катуу деп эсептеп, канды ашыкча кѳп жоготуп жатам деп ойлосо, анда врачка кѳрүнүп коюусу зарыл. Айыз — кыздын организминин жыныстык жактан жетиле баштаганынын, репродуктивдик куракка келгенинин белгиси. Демек, секс учурунда контрацепция жѳнүндѳ унутпаш керек.  

Алгачкы поллюция

Качан күтсѳ болот

«Поллюция» деген сѳз жаш жигиттерге таандык - адатта уктап жатканда уруктун ѳзүнѳн ѳзү бѳлүнүп чыгышы. Кѳбүнчѳ бул кубулуш алгачкы жолу 14-16 жаштарда болот жана эркек баланын жыныстык жактан жетилүүсүнүн белгилеринин бири. Ошону менен бирге эле, кээ бир изилдѳѳчүлѳр аялдарга карата, уктап жаткандагы оргазма байланыштуу «түнкү поллюция» деген терминди дагы колдонушат.

Бул кандай болот

Уктап жатканда же түш кѳрүүдѳ сексуалдык дүүлүгүүнүн натыйжасында пенис кѳѳп, чоӊоюп, сперманы чыгарат. Бошонуу ушундайча ишке ашат. Ушул эле процесс секс учурунда болот. Демек, поллюцияны организмдин жыныстык катнаштарга «даярдануусу» деп да эсептесе болот. Кээ бир жигиттерде поллюция 2-3 айда бир болсо, айрымдарында жумасына бир нече жолу болот.

Кандай реакция кылуу керек

Бул нормалдуу кѳрүнүш экенин жана эч кандай бузулуу болбогонун билүү зарыл. Жаш жигит түнкү дүүлүгүүлѳрү менен түштѳрүн эстеп калбай, эртеӊ менен ойгонгондо гана шейшептеги сперманын тактарын кѳрүшү мүмкүн. Убакыттын ѳтүшү менен поллюция азайып, ал тургай жоголуп кетиши ыктымал. Жыныстык катнашка барган же мастурбация кылган балдарда поллюция азыраак байкалат.

Алгачкы мастурбация

Качан күтсѳ болот

Биринчи мастурбация бала чакта, ал эми кээде эненин жатынында жаткан кезде эле болушу мүмкүн. Окумуштуулар бул куракта мастурбация сексуалдык дүүлүгүү менен эч кандай байланышпаганын: ымыркай ѳзүнүн денесин таанып-билип жатканда, жыныс органдарынын тегерегин кармалап кѳрүп, аларды стимуляциялоо жагымдуу сезимди пайда кылып, тынчтыкты жаратарын белгилешет. 13–18 жаштагы эркек балдар жана кыздар ѳзүнүн дене түзүлүшүн изилдей баштап, мастурбациянын жардамы менен сексуалдык чыӊалуудан арылышат. Бирок муну баары эле жасай бербегенин, жана сенде мындай кызыгуу жок болсо — бул нормалдуу экенин да түшүнүү зарыл.

Бул кандай болот

Мастурбация —сексуалдык максатта ѳзүнүн жыныс органдарын стимуляциялоо. Кыздар да, балдар да секс жѳнүндѳ кыялданып, эротикалык сүрѳттѳрдү же видеолорду кѳрүп жатып, же болбосо жѳн гана ѳз денесин изилдеп жатып дүүлүгүүгѳ кабылышат, андан соӊ оргазм алышат.

Кандай реакция кылуу керек

Эгер муну сынап кѳрүүнү чечсеӊ, ѳзүӊ үчүн коопсуз жана тынч шарттарды түзүп алышыӊ керек. Мастурбация интимдик процесс, ошондуктан ичинен бекилген бѳлмѳ же душ ылайыктуу. Кээде мастурбация кишинин оюнун баарын ээлеп алат. Эгер ушундай болуп, ага кѳп убакыт корой баштаса, анда ѳзүн чектѳѳ зарыл. Ал эми күнүмдүк жашоого тоскоол боло баштаса, анда врачка же гинекологго кайрылуу сунуш кылынат.

Алгачкы секс

Качан күтсѳ болот

Бардыгы индивидуалдуу — бул сексуалдык темпераментке да, ѳнѳктѳш менен болгон мамилеге да кѳз каранды. Биринчи секске физиологиялык даярдыкты жыныстык жетилүүнүн белгилери аркылуу аныктаса болот — мисалы, кыздарда этек кирдин келип башташы, эркек балдарда түнкү поллюциялар.  Ал эми психологиялык даярдык адатта бир нече жылдан кийин пайда болот.

Бул кандай болот

Чыныгы секске — пенис кынга кирген ѳнѳктѳштѳрдүн аракеттешүүсүнѳ чейин жуптардын кѳбү ѳбүшүүдѳн баштап петтингге (ѳз ара бири-биринин эрогендик зоналарын стимуляциялоо) чейинки бир нече этаптан ѳтүшѳт.

Кандай реакция кылуу керек

Албетте, биринчи эле кезекте, муну чындап каалап жатканыӊа ынанышыӊ керек: жѳн гана эл кѳзүнѳ эмес — досторуӊдун баары жыныстык катнашка барып, сен болсо азыркыга чейин муну кѳрѳ элек болгондугуӊ үчүн эмес. Жыныстык жашоону баштоого эч качан кеч болбойт. Кыздардагы алгачкы секс кѳп учурда кыздык челинин айрылышы менен коштолорун, андыктан бул процесс башында оорута турганын эстен чыгарбаш керек. Ал эми мындай ишке биринчи жолу барып жаткан эркек балдар үчүн ѳздѳрүнүн дүүлүгүү абалын башкаруу кыйын болгондуктан, ѳздѳрү күткѳндѳн кыйла эрте бүтүп коюшу ыктымал.  Кандай болсо да, секс — бул ѳнѳктѳштѳрдүн ѳз ара аракеттешүүсү, жана бул процессте кандайдыр бир ѳзгѳчѳ эрежелер болбойт. Сезимдерге багытталып, баарын эки жактуу макулдуктун негизинде аткаруу керек. Эгер жагымсыз сезим же ыӊгайсыздык жарала турган болсо, дароо токтотуп, кийинирээк кайра кайталаса болот.  

Алгачкы оргазм

Качан күтсѳ болот

Адатта эркек балдар биринчи эле секстен же мастурбациядан оргазм алышат. Эркектерде ырахатка батуунун туу чокусу түздѳн-түз эякуляция учуру менен байланыштуу эмеспи. Аялдардын оргазмы татаалыраак жана ар кандай факторлорго кѳз каранды. Кѳптѳгѳн кыздар сексуалдык тажрыйба топтогондо гана оргазмга жете баштаса, айрымдары эч качан буга жете албайт. Ошону менен катар эле, оргазмга жетпѳѳ – секстен ырахат албоо дегенди түшүндүрбѳйт.

Бул кандай болот

Негизи сексологдор жыныстык сезимдердин негизги тѳрт фазасын: дүүлүгүү, плато, оргазм жана дененин бошоӊдоп, жай алуусун белгилешет. Эркектерде да, аялдарда да оргазм денедеги окшош реакцияларды пайда кылат. Бирок анын узактыгы менен интенсивдүүлүгү адамдын жекече ѳзгѳчѳлүктѳрү менен сексуалдык тажрыйбасына жараша болот. Оргазмдын ѳзү эле — укмуштуудай күчтүү эмоционалдык сезим жана чыӊалуудан арылууну денеси менен туюу. 

Эркектерде алгач жыныс мүчѳсүнѳ сперма тез чогулат, андан соӊ сыртты кѳздѳй атылып чыгат. Аялдар кынды курчап турган жамбаш булчуӊдарынын катуу жыйрылуусун, дүүлүгүүнүн ѳсүшүн, андан соӊ бошоӊдоп, жай алуусун сезе алышат. Аялдарда оргазмдын эки тибин белгилешет:  клитордук жана кындык (вагиналык) оргазм. Бирок оргазм бир эле экенин, дененин абалына, кыймыл-аракетке, психологиялык контекстке жараша айырмаланарын жана куракка жараша ѳзгѳрүп турарын окумуштуулар айтышат. Кээ бир зоналар (маселен, клитор) жыныстык катнаш учурунда жетиштүү деӊгээлде стимуляцияланбайт, ошондуктан кѳп аялдар алгачкы оргазмды мастурбация же петтинг учурунда ала алышат.

Кандай реакция кылуу керек

Ойду бир гана оргазмга жетүүгѳ топтоодон натыйжа чыкпайт, эӊ жакшысы – ошол учурдагы сезимдерге топтолуп, алардан ырахат алуу зарыл. Секс учурунда ѳнѳктѳшүӊ катуу кыйкырышы, онтошу, ал тургай ыйлашы да мүмкүн — кандай реакция болбосун, баары нормалдуу деп эсептелет. Себеби, бул — эмоциялардын ташкыны.

 Булак: Двор Медиа