Шейминг жѳнүндѳ 5 суроо

Шейминг кантип ишке ашырылат? Адамдар эмне үчүн мындайга барышат?

Психологиялык кѳз караштан алганда, шеймингдин башкы механизми – кишинин белгилүү бир «дүүлүктүргүчтѳргѳ» (кыжырданууну пайда кылуучу нерселерге) карата эмоционалдык сезимталдыгы жана аларга туруштук бере албоочулугу. Шейминг кѳрсѳтүлгѳн адам ѳзүнүн жүрүм-туруму боюнча башкалардын терс, кемсинтүүчү пикирлерине дуушар болуп, ызалануу, ардануу жана уялуу сезимдерине кабылат.

Бул ѳтѳ эле жагымсыз эмоциялар жана кишинин ѳзү аларды башкара албайт. Ушул себептен улам шейминг курмандыкты фрустрациялоочу жана травмалоочу жагдайга айланат. Кишиге таасир этүүнүн мындай ыкмасын колдонуу этикага жатпайт.

Адамдардын шеймингге баруу мотивдеринин эки тобун бѳлүп кѳрсѳтүүгѳ болот.

Биринчи топ — башка бир адамдын баалуулуктарына, кѳз караштарына жана жүрүм-турум стандарттарына карата жеке инсандык макул болбоо. Башкача айтканда, киши бирѳѳнү айыптаганда ѳзүн туура кылып жатам деп ишенет.

Мотивдердин экинчи тобу — ѳзүнүн агрессияга болгон муктаждыгын канааттандыруу зарылчылыгы. Мындай учурда адам аӊ сезимдүү түрдѳ же билип-түшүнбѳстѳн эле башка кишиге зыян келтирүүнү каалайт. Интернеттин ѳнүгүүсү менен шейминг аркылуу агрессияны чыгарып алуу кыйла оӊой болуп калды.

Cүрөт: cottonbro: Pexels

Шейминг –жалаӊ негативдүү маанидеги түшүнүкпү? Же уяткаруунун жакшы жактары да барбы?

Негативдүү шеймингди шарттуу позитивдүү шеймингден айырмалай билүүнү мүмкүн кылган биринчи критерий — бул уяткаруунун зарылдыгы. Сынга алуунун зарыл болуп болбогонун түшүнүш керек. Инсан үчүн анын жүрүм-турумунун негативдүү бааланышы — бул катуу стресс болуп эсептелет жана кишини мындай абалга калтыруу дайыма эле туура боло бербейт.

Мисалы, мектеп окуучусу аябай чарчап, бир маалда окуу процессин ийгиликтүү ишке ашыра албай калды. Бул жерде ал баланы сындоо натыйжалуу болбойт, тескерисинче, эмоционалдык ресурстарын алсыратып коёт.

Уяткаруу зарыл жана негиздүү болгон күндѳ деле, ал конкреттүү бир иш-аракет менен гана чектелип, кодулоого айланбашы керек. Кодулоо – азчылыкка карата кѳпчүлүктүн агрессивдүү жүрүм-туруму. Мындай учурда айыптаган кишинин башка кишинин жан дүйнѳсүн оорутуу үчүн атайы максаты болуууга тийиш.

Позитивдүү шеймингди негативдүүсүнѳн айырмалоонун экинчи критерийи — мазмундун конструктивдүүлүгү. Сын-пикир кандайдыр бир ылайыктуу жүрүм-турум модели сунушталганда же келишүү ыкмасы изделген учурда конструктивдүү деп эсептелет.

Кандай болгон күндѳ да, ар бир инсан жеке чектерин коргоого укуктуу экенин эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан, эгерде бир адамга шейминг кѳрсѳтүлсѳ, жана ал киши ѳзүнѳ карата айтылган кайсы бир сѳздѳрдү жана жасалган кыймыл-аракеттерди туура эмес деп эсептесе, ар дайым жеке кызыкчылыктарын коргой алат.

Сүрөт: Vovan Gord: Pexels

«Конструктивдүү» шеймингге карата мисалдар барбы?

Жыныстык асылууларга байланышкан жаӊжалдардын катары буга ачык мисал боло алат. Ишкананын кѳйгѳйүн талкуулоонун натыйжасында кызматкерлер үчүн жүрүм-турумдун жаӊы стандарттары иштелип чыкты. Кѳпчүлүк үчүн иштѳѳ кыйла комфорттуу болуп калды.

Дагы бир мисал – авиакомпанияны стюардессаларга карата лукизм үчүн айыптап, уяткарышкан. Алар жумушка белгилүү сулуулук стандарттарына жооп берген айымдарды гана алышкан. Компания кечирим сурап, учак кызматкерлерин ишке алуунун жаӊы эрежелерин иштеп чыккан.

Жогорудагы мисалдан гуманизация ачык эле кѳрүнүп турат: ар бир адам сырткы кебетесине карабай ѳзүн компетенттүү деп эсептеген жана колунан келе турган кесипте эмгектенүүгѳ укуктуу.  Анын үстүнѳ, адамдын сырткы кебетесине баа берүү ар дайым субъективдүү мааниге ээ, ал эми негативдүү баалоо аны таарынтып, травмага алып келиши ыктымал.

Ошентип конструктивдүү шейминг түрдүү социалдык топторго жеке баалуулуктарын кѳрсѳтүп, жаӊы социалдык ченемдерди жаратууга жардам берет.  

Шейминг кылымдар бою келген кубулуш, ал кандайча ѳзгѳргѳн жана бүгүнкү күндѳ кандай болуп калды?

Уяткаруунун ар кандай формалары ар убак, бардык маданияттарда болуп келген. Коомчулук социалдык ченемдерге ылайык келбегендерди дайыма куугуктуктап келген. Мындан тышкары, байыркы доорлордо социалдык айыптоо менен куугунтук кѳп учурда социалдык дагы, физикалык дагы ѳлүмгѳ алып келген. 

Негизи эле, глобалдуу маанисинде шейминг — баалуулуктары менен кѳз караштары ар башка түрдүү социалдык топтордун ортосундагы талаш-тартыштар. Бирок кээ бир учурда шейминг индивидуалдуу мүнѳздѳ болуп калат, тактап айтканда, конкреттүү бир кишиге багытталат.

Оӊой эле кодулоого ѳтүп кете турган индивидуалдык шеймингге — мектептеги кодулоо же аскердеги дедовщина, абактагы катаал салттар мисал боло алат. Шеймингге кабылбаш үчүн кишинин жогорку деӊгээлдеги социалдык компетенттүүлүккѳ ээ болуусу зарыл.

Бүгүнкү күндѳ, интернеттин ѳнүгүшү менен индивидуалдык шейминг да абдан кѳбѳйдү. Бирѳѳнүн байкоосуз айтылган сѳзү же туура эмес кылык-жоругу кеӊири коомчулукка дароо жайылып кетет. Ошондуктан, ар бир колдонуучу тармактагы жеке коопсуздугуна кам кѳрүүсү зарыл.

Cүрөт: cottonbro: Pexels

Адамдар эмне үчүн онлайн-шейминг менен алектенишет?

Биринчиден, интернет колдонуучуларга, айрыкча техникалык сабаты барларга, анонимдүүлүктү сактоо мүмкүнчүлүгүн берет. Ушундан улам кишиде эч кандай жоопкерчилик сезими болбойт, жүрүм-турумунда олуттуулукка маани бербей, жазасыздык сезими жаралат. Натыйжада макул таппаган жагдайларды оӊой айтып, агерссиясын ѳтѳ катаал формаларда да чагылдыра алат.

Экинчи себеби — интернеттин тарыхта болуп кѳрбѳгѳн санда адамдарды бириктирүү жѳндѳмдүүлүгүндѳ. Коомдук резонанс жараткан кубулуштар абдан кеӊири аудиториянын кѳӊүлүн бурат. Башка бирѳѳнү жалгыз отуруп алып сындап-айыптоо кыйын, ал эми башкалардын тобуна кирип, алар менен чогуу сындоо кыйла жеӊил.

Ошондуктан онлайн-шейминг ѳзгѳчѳ травмалуу болот: комментарийлер менен элдин назардын ашкере кѳптүгүнѳн курмандыкка аны бүткүл дүйнѳ жүзү жек кѳрүп жаткандай сезилет. Тилекке каршы, азырынча коом бул процессти гуманизациялай турган эрежелерди иштеп чыга элек. Бирок кѳйгѳй активдүү каралып жатат жана жакын арада онлайн-шейминг менен күрѳшүү же андан коргонуу боюнча кандайдыр бир чечимдер сунуш кылынары шексиз. Акырындап жүрүм-турум практикалары ѳзгѳрѳт.

Материалды даярдаган: Двор медиа

Тыштагы сүрөт: cottonbro, Pexels