Секстеги келишүү кандай болот?

Секс жѳнүндѳ кантип сүйлѳшүү керек?

Ѳнѳктѳшүӊ менен сексуалдык жашоого байланышкан маселелерди сүйлѳшкѳндү билишиӊ керек — адамдардын секс тууралуу ар кандай түшүнүктѳрү, тилектери жана чектери бар. Бул кокусунан болгон байланышты да, кѳптѳн бери келе жаткан мамиледе дагы бирдей актуалдуу.  

Сексуалдык мамилени баштоодон мурун негизги учурларды талкуулап алуу абдан маанилүү: оорулар жана сен артыкчылык берген сактануу ыкмаларын макулдашып, ѳнѳктѳшүӊѳн ЖЖБИ жѳнүндѳ справка сураганыӊ, же болбосо бирге дарыгерге барганыӊар оӊ.

Диалог курууну каалабаган, эки жыныстын теӊ дене ѳзгѳчѳлүктѳрүн билбеген жана үйрѳнүүнү каалабаган адам менен жыныстык байланышка кирбей эле койгон туура.  Мындай ѳнѳктѳш менен негативдүү сексуалдык тажрыйбаны баштан ѳткѳрүү коркунучу бар.

Фото: Helena Lopes, Pexels

Секске макулдук кандай болууга тийиш?

Секске макулдук эки жактан теӊ, кабардар кылынган жана ыктыярдуу мүнѳздѳ болууга тийиш. Ѳнѳктѳштѳрдүн экѳѳ теӊ кабыл алынган чечимге таасир эте турган бири-биринин ѳзгѳчѳлѳлүктѳрү, ар кандай оорулары, берген артыкчылыктары, статусу жана башка учурлары тууралуу билип туруп, жыныстык катнашка барышат.

Манипуляциялар, сунушту четке каккандыгы үчүн санкциялар же коркутуп-үркүтүүлѳр — ыктыярдуу эмес, эрксиз мамиленин белгилери. Ошондой эле, ѳнѳктѳштѳрдүн бири каалаган учурда «токто» («стоп») деп айтып, кетип калууга  укуктуу экенин эстен чыгарбаш керек. Эгер ѳнѳктѳшүӊ сенин арзууӊа, каалоо-тилегиӊе кѳӊүл бурбаса, анда процессти улантпай эле койгон туура.

Жыныстык катнашка кирүү жѳнүндѳгү чечим аӊ сезимдүү түрдѳ кабыл алынууга тийиш. Эгер ѳнѳктѳштѳрдүн биринин курагы ѳтѳ жаш же акыл-эс жагынан ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болсо, ал кылган иш-аракеттерине жооп бере албайт.

Жыныстык катнашка кирүү жѳнүндѳгү чечим сексуалдык мүнѳздѳ болууга тийиш. Адам башка бир нерсени: кѳӊүл бурууну, баарлашууну, жашоосун куткарып калууну ж.б. эмес, бир гана сексти каалоосу зарыл.

Чечим кабыл алууда эркиндик  келишүүнүн дагы бир сыпаттамасы. Бул болсо, адамдар мамиледе болгондо теӊ укуктуу болушат жана биринин үстѳмдүгүнѳн экинчиси кѳз каранды эмес дегенди түшүндүрѳт. Бул жерде бузулбашы керек болгон этикалык принциптер маанилүү.

Ѳнѳктѳштѳрдүн жогорудагы пункттардын баарын талкуулап чыгуусу шарт эмес. Баштапкы кыймыл-аракетке, мамилеге карата ѳнѳктѳштүн реакциясын кѳрѳ билүү зарыл. Дүүлүгүүнүн белгилерин имитациялоо мүмкүн эмес.

Фото: cottonbro, Pexels

Эмне үчүн секс жѳнүндѳ сүйлѳшүүдѳн коркобуз?

Секске чейин да, секс учурунда да ѳнѳктѳштѳрдүн ортосундагы коммуникация чоӊ мааниге ээ.  Бул эрежелерди макулдашууга, каталарды оӊдоого жана процессти жакшыртууга жардам берет.

Туура эмес ой жаратуудан коркуп, кишилер секс тууралуу сүйлѳшпѳйт же каалоолорун билдире алышпайт. Бул жуптардын ортосундагы секс кандай боло тургандыгы жѳнүндѳ түшүнүктүн адамдын каалоосунан айырмаланып тургандыгы менен байланыштуу. Бирок эч кандай эталон жок: ѳнѳктѳштѳрдүн келишүү эрежелерине жооп берген жана башка адамдардын чектерин бузбаган учурда бардык эле секс нормалдуу деп эсептелет.

Эгер адам сексти каалабаса же башка бирѳѳнү кѳбүрѳѳк/азыраак кааласа, мындай абал комплекстер үчүн себеп болбоого тийиш. 

Ѳнѳктѳштѳрдүн ортосунда секс жѳнүндѳ сүйлѳшүү учурунда таарынтып же кѳӊүлүнѳ тийип алуу коркунучу бар. Сүйлѳшүп, чечишип алуунун ордуна жагымсыз кыймыл-аракеттерге чыдап жүрѳ берүү сексуалдык жашоонун бузулушуна гана жол ачпастан, ѳнѳктѳштү зордукчуга айлантып коюшу ыктымал. Мындайды болтурбаш үчүн жеке каалоолорун билдирип туруу зарыл. 

Фото: Tiến Trần, Pexels

Бир нерсени туура эмес жасап алган учурда эмне кылуу керек?

Ар бир эле адам ѳнѳктѳшүнүн айткандарын же берген белгилерин туура эмес түшүнүп алуусу ыктымал. Мындай учурлар арбын эле.

Дал ушул себептен улам секстен кийин болгондор туурасында ѳнѳктѳштүн пикирин сурап-билүү маанилүү. Маселен, контрацепция тууралуу (жѳн эле презерватив айрылып кетпептирби деп сурап коюу), же туура эмес нерсе кылып алган жокмунбу деп сураса болот.

Маал-маалы менен макулдашууларды жаӊылап туруу зарыл. Убакыттын ѳтүшү менен ортоӊордогу мамиленин статусу, каалоо-тилектер менен артыкчылыктар ѳзгѳрүшү мүмкүн, жаӊы оорулар пайда болуп же болгондору айыгышы ыктымал. Мындай учурларды ѳз убагында кабарлап туруу абдан маанилүү.

Булак: Такие дела