Gap year — окуудан тыныгуу алуу

Gap year деген эмне?

Ар бир мектеп окуучусу (же студент) өз жашоосунда эртеби-кечпи “Мындан ары эмне кылуу керек” деген суроого туш болот. Жакында 9, 11-класстар/колледж/университетте бүтүрүүчүлөр окууларын аяктап чыгышат. Билим жолун улантуу керекпи же тыныгуу алган туурабы?

Кээ бирөөлөр gap year (бош жыл же тыныгуу жылы) тандашат - бул кийинки билим деңгээлине же карьера кадамына чейинки тыныгуу алган убакыт. Анын үстүнө, gap year дайыма эле 365 күнгө созулушу милдет эмес. Анын мөөнөтүн ар бир адам өзүнө ылайыктап, аныктап алат.

Gap year концепциясы 1960-жылдары АКШда пайда болгон. Тыныгуу жылы ичинде жаштарга ыктыярчы болуп иштөө же саякатка чыгуу сунушталып келет.

Бул багытта иш алып барган алгачкы уюмдардын бири болгон Убактылуу Программалар Борбору (Center for Interim Programs) 1980-жылы АКШда түзүлгөн. Айтмакчы, бул уюм бүгүнкү күнгө чейин бүткүл дүйнө жүзүндөгү gap year алгандар үчүн  бекер 90 мүнөттүк консультацияларды өткөрүп келет.

Убактылуу программалар борбору  - бош жыл (gap year) - бул окуудан же жумуштан пландаштырылган тыныгуу алуу деп аныктама беришет. Бул убакытта адам эс алып,  кесиптик ишмердигинде жаңы көндүмдөргө ээ болуу үчүн жаңы нерселерди үйрөнүүгө аракет кылат.

Анын үстүнө, бош жыл көбүнчө мектеп окуучулары жана студенттер менен байланыштуу болгонуна карабастан, көп убакыттан бери жумушта иштеген адамдар да гаппер болуп калышы мүмкүн (gappers — жумушунан тыныгуу алган адамдарды ушинтип аташат). Мисалы, кесибин алмаштыруу үчүн жумушунан бир жыл тыныгуу алышат.

АКШдагы Gap Year Ассоциациясы бош  жылды максатка ылайык пландаштыруу боюнча атайын нускама иштеп чыккан. Кыскача айтканда, бош жылды алуудан мурун, 6 суроонун үстүндө ойлонуп көрүү керек:

1.    Эмне кылуу керек?

Мотивиңизди жана максаттарыңызды аныктаңыз. Мотив - эмне үчүн мен бош жыл алгым келет, максатым - тыныгуумдун аягында эмнеге жетүүнү каалайм. Мисалы, мотив – чет өлкөлүк университетке окууга тапшыруу максаты – билим алуу үчүн чет тилин керектүү деңгээлде үйрөнүү.

2.    Бош жылды кайсы жерде өткөрүү керек?

Пландарыңызды ишке ашыра турган жерди табыңыз. Мисалы, сиз өз шаарыңызда жүрүп же башка өлкөгө кетип тил үйрөнө аласыз.

3.    Кантип ишке ашыруу керек?

Максатка кантип жетүүгө болот? Мисалы, тил курстарына барсаңыз болот, же окуу китептери жана видеолор аркылуу тилди өз алдыңызча үйрөнсөңүз болот, же болбосо, репетитордун жардамын колдонуу мүмкүндүгү бар.

4.    Кандай конкреттүү кадамдарды жасоо зарыл?

Бош жылдын этаптарын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп, пландаштырыңыз. Мисалы, сентябрь-ноябрь - мен тил курстарына акча табуу үчүн бариста болуп иштейм жана ошол эле учурда репетиторго барам. Декабрь-май – лагердеги тил курстарына барам. Июнь – тил деңгээлимди ырастоо үчүн тест тапшырам. Июнь-август – чет өлкөлүк университетке тапшырам.

5.    Андан кийин эмне болот?

Бош жылды өткөргөндөн кийин кантип жана каякка кайтып келе турганыңызды так ойлонуу маанилүү. Мисалы, бош жылдан кийин, сиз университетте билим алуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетишиңиз ыктымал.

6. Кандай ресурстар бар?

Gap year  берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү тереңирээк изилдөөнү унутпаңыз. Билим берүү гранттары, стипендиялар жана каржылоонун башка түрлөрү тууралуу маалымат издеңиз. Буга чейин бош жыл алган тажрыйбалуу адамдар менен баарлашуу да маанилүү. Учурдагы акысыз жылдык программалар жөнүндө көбүрөөк карап көрүңүз.

Gap year боюнча статистика

Бизде бош жыл боюнча түшүнүк кеңири тарала элек. Ошондуктан бул тема боюнча изилдөөлөр жана орус тилдүү булактар ​​аз. Ал эми АКШда бош жыл жөнүндө сурамжылоолор сейрек эмес. "Gap Year Association" америкалык бүтүрүүчүлөрдү сурамжылоонун натйыжасында тыныгуу жылы боюнча изилдөө жарыялаган. Негизги жыйынтыктар болуп төмөнкүлөр саналат:

Респонденттердин 81%ы (баардыгы 558 адам сурамжылоого катышкан) мүмкүнчүлүк  болсо, бир жылдык тыныгуу алууну сунушташат. Бош жыл, алардын ою боюнча, жеке өсүү жана өнүгүү үчүн күчтүү түрткү берет. Гапперлер жумушуна көбүрөөк канааттанышат жана жылдык тыныгуу албагандарга караганда коомдук турмушка көбүрөөк катышышат. Бош жыл окууга да оң таасирин тийгизет: gap year алгандар курсташтарына караганда жогору баа алышат.

Бүтүрүүчүлөрдүн 77%ы колледжге чейин орто мектептен кийин, 16%ы  - жогорку окуу жайында окуп жатканда, 5%ы  - жогорку окуу жайын аяктагандан кийин жана 2%ы мектептен кийин иштегенге чейин (ЖОЖдорго тапшырышкан эмес) бир жылдык тыныгуу алышкан.

Адамдар бир жылдык тыныгуу алуу каалоосунун негизги себептери катары төмөнкүлөрдү аташкан:

· жаңы тажрыйба алуу/жеке өсүү (92%),

· башка маданияттарды изилдөө жана дүйнөнү көрүү үчүн саякаттоо каалоосу (85%)

· эс алууну каалоо – окуудан тыныгуу (81%).

Эркин жыл айлана чөйрөнүн өзгөрүшүн билдирет. Анан, албетте, алгач тыныгуу алуу коркунучтуу болушу мүмкүн. Гапперлер эмнелерден  чоочулашат:

· чоочун чөйрөгө туш болуу (95%),

· жаңы чөйрөдө бейтааныш адамдар менен жаңы мамилелерди түзүү (89%),

-· тобокелдүү иштерге катышуу (81%).

Көпчүлүк респонденттердин айтымында, бир жылдык тыныгуу алуу алардын жеке тармагында олуттуу таасир эткен. Мисалы, өзүн-өзү баалоо жогорулаган, башкалар менен баарлашуу жөндөмдөрү жакшырган.

Андан кийин алгылыктуу натыйжалары боюнча тыныгуу жылынын маданий тармагына тийгизген таасири турат. Мисалы, тыныгуу алган адамдарда жаңы маданияттар менен таанышууга жана жарандык демилгелерге көбүрөөк катышууга стимул өскөн, жарандардын укуктарын коргоо каалоолору пайда болгон.

Тыныгуу жылы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү да ачат: адамдар бош жылдын жардамы менен өз иштеринде керектүү шыктарды өркүндөтүп, кесип тандоо боюнча чечим кабыл алып, алтургай кээ бирлери жумуш таап алышканын айтышат.

Бир аз азыраак, бирок ошентсе да, жыл бою бош жүргөндөрдүн академиялык чөйрөсүндө да өзгөрүүлөр пайда болгону байкалган: кээ бирлери колледжди жана окуу багытын тандап, ал эми айрымдары тил курстарына өтүүнү чечишкен ж.б.у.с.

Сурамжылоо, ошондой эле, тыныгуу жылынын ичинде бош жүргөн адам канчалык көп иш-аракеттерди жасаса, ал бул тыныгууга ошончолук канааттанарын көрсөткөн.

Тыныгуу алууга каршы аргументтер

Gap year — бул жогорку окуу жайына тапшыруу сыяктуу эле маанилүү кадам. Буга дагы даярдык көрүү зарыл. Биринчи иретте бул тандоонун оң жана терс жактарын аныктап алган туура болот. Тыныгуу жылына каршы аргументтерди карап көрөлү:

Каржы кыйынчылыктары 

Бир жылдык тыныгуу ичинде сиз көп сандагы иш-аракеттер менен алектене аласыз, бирок алардын айрымдары киреше алып келбейт, ал тургай кээде каржылык салымдарды талап кылат. Эгерде адамдын аманаты, туруктуу кирешеси же демөөрчүсү (каржылоочу: ата-энеси, өнөктөшү, достору ж.б.у.с.) болсо абдан жакшы. Бирок бул дайыма эле боло бербейт. Бош жылды алаардан мурун, анын баасы канча болорун жана акчаны кайдан жана кантип тапса болорун ойлонуп көрүңүз.

Колдогон адамдардын жоктугу 

Көбүнчө жаштар тыныгуу жылын алышат. Булар 11-классты бүтүргөн мектеп окуучулары, же бакалавр даражасын алган студенттер. Алар мыйзамдуу түрдө (жашы жете элек же ар кандай себептерден улам аракетке жөндөмсүз болгон учурда) жана башка адамдарга, мисалы, ата-энелерге же камкорчуларга материалдык жактан көз каранды болушу мүмкүн. Ал эми gap year  алуу чечимин ал адамдар жана алардын тегерегиндегилер дайыма эле колдой бербеши ыктымал.

Кээде бул тандоо менен жөнөкөй пикир келишпестик болушу мүмкүн (пикир билдирүү катары). Бирок жакындары тарабынан адам үчүн өтө зарыл болгон колдоодон баш тартылган учурлар да болот. Эң ачык мисал, ата-эне жашы жете элек балага шарт коюшат: “Эгер окууга барбасаң, биз сага акча бербейбиз”. Ошентип, бош жылды алууну пландаштырып жатканда, сиздин чечимиңиз, тилекке каршы, колдоого алынбай калуу коркунучун эске алыңыз.

Башкалар менен өзүн салыштыруу

"Баары билим алып жатышат, бирок мен окуган жокмун" - мындай ойлор кээде бир жылдык тынуугу алган адамдарга келип турат. Мезгил-мезгили менен "баары" бир нерсеге жетишкендей жана ошол эле "баары" бой жеткен жашоо менен жашап жаткандай сезилиши мүмкүн. Ошол эле учурда адамга теңтуштарынан жалгыз өзү артта калгандай туюла берет.  Мындай ойлор бош жылыңызды пайдалуу өткөрүүгө жолтоо болушу мүмкүн. Бул коркуулар сизди артка чегиндирүүгө жол бербөөсү үчүн бош жылдык планга аң-сезимдүү мамиле жасоо маанилүү: максаттарды коюу, деталдуу иш-чараларды пландаштыруу, финансылык компонентти эсептөө, бош жылдыктан кайтып келүү мезгили жөнүндө ойлонуу ж.б.у.с. Чечимиңизди майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп көргөндөн кийин, сиз кандайдыр-бир нерсеге жетишпей жатасыз же "нормалдуу" жолду карманбай жатасыз деген ойлор азыраак тынчсыңызды ала  баштайт. Жылдын маанисин жана маңызын табуу - сиздин гана колуңузда.

Алган билимдерди “жоготуу”

Эгерде кээ бир билимдер жана көндүмдөр көп убакыт бою колдонулбаса (жаңыртылбаса), анда убакыттын өтүшү менен алар "жок боло баштайт". Бул окууну бүтүргөндөн кийин бир жылдык тыныгуудан соң, баарын, жада калса, көбөйтүү таблицасы да унутулуп калат дегенди билдирбейт. Бирок кээ бир нерселерди эстеп калуу кыйыныраак болушу мүмкүн. Ийгиликтүү окууга өтүү жана андан ары билим алуу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын кайталоого үлгүрүү үчүн, бош жыл ичинде даярданууга убакыт калтыруу маанилүү.

Аскердик мөөнөттү кийинкиге калтыруу

Кыргызстанда 18 жаштан 25жашка чейинки ар бир эркек Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик кызмат өтөшү керек. Колледжде же университетте окуган студенттер жана  кош бойлуу (22 жумалык) жубайы бар эркектер үчүн аскердик мөөнөтү жылдырылат.

Ооба, кээ бирөөлөр аскердик кызмат үчүн бир жылдык тыныгуусун атайын колдонушу мүмкүн. Бирок баары эле бул үчүн бош жылын өткөргүсү келбейт. Бош жылды пландаштырууда аскердик мөөнөттү кантип жылдыруу керектигин изилдеп көрүү туура.

Бир жылдык тыныгууну пайдалуу деп санаган аргументтер

Кана, бош жыл үчүн ынанымдуу аргументтер кайсылар экенин карап көрөлү:

Өзгөчө тажрыйба

Мектепте/университетте жасап көрө албаган жана балким, келечекте убакыттын жетишсиздигинен улам аракет кыла албай турган нерселердин баардыгын бош жылда аткарса болот. Баарынан мурда,  жылдык тыныгуу өзүнүн ким экендигин аныктап алуу үчүн керек. Бош жыл тыныгууга мүмкүнчүлүк берет: эс алып, өзүңүздү ар кандай чөйрөлөрдө сынап көрүңүз, дүйнөнү көрүп, тааныңыз. Бул жерде бош жыл ичинде эмне менен алектенсе болору тууралуу варианттар бар (тизме толук эмес):

· Саякат. Тыныгуу жылында өзүңүздү башка маданияттарды жана жерлерди изилдөөгө толугу менен арнаганга мүмкүнчүлүк болот.

· Ыктыярчылык. Башка адамдар аркылуу, муктаж болгондорго жардам берүү аркылуу өзүңүздү түшүнүүгө аракет кылуу мүмкүндүгү бар

· Билим берүү. Эгер сиз чындап эле университетке барууну каалабасаңыз, бирок дагы эле билимге жана көндүмгө ээ болгуңуз келсе, альтернатива таба аласыз. Бул атайын курстар же өз алдынча билим берүү болушу мүмкүн.

·  Тил үйрөнүү. Өзүн өнүктүрүү, саякат, окуу, жумуш же көчүп кетүү үчүн кээ бир адамдарга чет тилин үйрөнүүгө бир жыл керек болот.

· Такшалма. Кесиптик чөйрө жана кесип, компания, долбоор, команда сизге ылайыктуубу - мунун баарын аңдап-түшүнүү  үчүн сиз такшалмадан өтсөңүз болот. Практикадан өтүү дайыма эле төлөнбөйт, бирок алар абдан пайдалуу. Биринчиден, сиз башка жерлерде жана тармактарда кийинчерээк сизге пайдалуу болушу мүмкүн болгон түздөн-түз билимдерге жана көндүмдөргө ээ боло аласыз. Экинчиден, кагазга “жазылган” иш- тажрыйбаңыз болот. Сиз резюмеңизге / портфолиоңузга такшалманы  кошуп коесуз - эми сиз рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүсүз.

· Жумуш. Кээ бир адамдар колледжге барганга чейин иштөөнү тандап алышат. Айрымдар ушундай жол менен каржылык көз карандысыздыкка ээ болушса, башкалары алгачкы иш тажрыйбасына ээ болушат.  Дагы башкалары өздөрүнө ылайыктуу ар кандай жумуштарды караштырышат.

Көз карандысыздыкты жана жоопкерчиликти өнүктүрүү

Бир жылдык тыныгуу алып, анан аны пландаштыруу чечиминин өзү - жоопкерчиликтин биринчи сабагы болуп саналат. Адам артыкчылыктарды коюуну, көйгөйлөрдү чечүүнү жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчиликтүү болууну үйрөнөт.

Түрдүү тармактарды байкап көрүү

Gap year - тыныгуу жылы чоңдор үчүн репетициянын бир түрү сыяктуу. Келечектеги профессионалдык жол тууралуу маанилүү чечим кабыл алуудан мурун адам өзүн ар кандай чөйрөдө сынап көрүп, өзүнө көбүрөөк жакканын тандап алат. Мисалы, келечектеги студент дарыгерлик кесип тууралуу ойлонуп жатат дейли. Билими жок эле ооруканага медайым болуп орношушу күмөн. Бирок ал ар дайым биринчи жардам көрсөтүү курстарынан өтүп, ар кандай куткаруу уюмдарына ыктыярчы катары жазыла алат. Анын үстүнө, мындай тажрыйба келечекте окутууда жана иштөөдө артыкчылык болот.

Менин жакындарым каршы - мен эмне кылышым керек?

Эң кыйыны - эгерде сиздин жакындарыңыз каршы болсо, тыныгуу жылын алуу жөнүндө чечим кабыл алуу. Эмне үчүн кээ бир адамдар бир жылдык тыныгуу алуудан этият болуп, башкаларды бул жолдон баш тартууга көндүрүшөт? Ал эми жакындарыӊыз сизди тыныгуудан баш тартышыңыз үчүн, манипуляция, атүгүл  шантаж колдонуп жатышса, эмне кылуу керек?

Биздин маданиятта жашоонун тааныш тартиби бар: адегенде бала бакча, анан мектеп, андан кийин университет, жумуш жана акырында үй-бүлө куруу. Бул жол белгилүү жана убакыт сынагынан өткөн. Бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө, ар кандай карьераларды изилдөө же кызыкчылыктарды көздөгөн тыныгууларга караганда анча кызыксыз көрүнсө да, бул тартип туруктуулукту жана коопсуздук сезимин камсыздап турат.

Буга кошумча, бизде жана коңшу өлкөлөрдө gap year практикасы анча кеңири таралган эмес. Эл арасында мындай тыныгууну туура пландаштыруу, иштеп жаткан программалар жана гапперлердин чыныгы тажрыйбасы тууралуу маалыматтар өтө аз. Бул белгисиз, түшүнүксүз практика анын  натыйжасына шектенүү жаратат жана тынчсызданууну пайда кылат.

"Двор" долбоорунун жана "Не проблема" блогунун психолог-кенешчиси Саша Маркова жакындарыбыз бир жылдык тыныгууну тандоону кабыл албашынын дагы бир нече себептерин баса белгилейт:

· жакын адамы «жаман чөйрөгө» түшүп калып, анын жашоосу бузулуп кетет деп коркушат;

· окубагандарды жана иштебегендерди мите жана жалкоо адамдар деп эсептешет, алар жакындарына мындай тагдырды каалабайт;

· жакын адамы бир жыл эс алса, убактысын жана мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып жиберет деп тынчсызданышат;

· алар жакынкы жыл аяктагандан кийин бардык билимин жана окууга болгон мотивациясын жоготуп коебу деп кооптонушат.

Эгер сиз окуудан тыныгуу чечимине бекем ишенсеңиз, бирок жакындарыңыз ага каршы болсо, эмне кылышыңыз керек?

Биринчиден, адегенде өзүңүзгө кам көрүп, каршылык көрсөтүүгө даярданыңыз. Бул кадимкидей эле иш. Жакындарыңыз сизди колдойт деген күтүүлөрүңүз менен чындык карама-каршы келет, андыктан бул стрессти жана тынчсызданууну жаратышы мүмкүн. Балким, бир жылдык тыныгуу жылын алуу жөнүндө кызуу талкууга кирүүдөн мурун, моралдык күчтү чогултуу (ресурстук абалга келүү) керек. Эсиңизде болсун, эгер сиз "жакындар менен баарлашуу" сиздин күчүңүздү алып жатат деп ойлосоңуз, анда калыбыңызга келүү үчүн ар дайым тыныгуу алса болорун унутпаңыз.

Экинчиден, сиз өз аргументтериңизди ачык айтышыңыз керек. Башкаларды ынандырууга аракет кылаардан мурун, бош жыл эмне үчүн сиз үчүн маанилүү экенин жана андан эмнени күтөөрүңүздү дагы бир жолу ачык айтыңыз. Жакын адамдарыңыз менен сүйлөшүүдөн мурун, ушул бош жылдыкка пландарыңызды даярдап алсаңыз, жакшы болот. Бул чечимдин маанилүүлүгүн жана олуттуулугун түшүнүү сиз үчүн маанилүү.

Үчүнчүдөн, бош жыл ичинде жакындарыңызды эмнелер чоочутуп жана коркутуп жатканын билүү керек. Анан ушул өзгөчө коркууларды жок кылуу менен иш алып барыңыз: аргументтерди жана мисалдарды келтириңиз. Сиз толук кандуу презентацияны деталдуу планы менен даярдасаңыз болот, анда сиз бош жыл ичинде эмнени, кайда жана кантип кыла турганыңызды кеңири айтып бересиз.

Төртүнчүдөн, жок дегенде бир адамдын колдоосуна ээ болсоңуз,  жакшы болот. Албетте, айланаңызда сиздин чечимиңизди колдогон адамдар бар. Мындай колдоо менен сизге психологиялык жактан карама-каршы пикирлер менен күрөшүү оңой болот жана жалпысынан, өзүңүзгө жана каршылаштарыңызды жеңе аларыңызга ишеним пайда кылат. Ал эми сиз тарапта болгон кимдир-бирөө жакындарыңызды аргументтери жана сырттан караган көз карашы менен ишендирүүгө жардам берет.


Булак: Двор Медиа