Аборттук контрацепция

Барбы же жокпу

«Аборттук контрацепция» деген сѳз айкашын ден соолук жѳнүндѳгү форумдардан, диний сайттардан кездештирип, гинекологго барганда да угабыз. Анда эмесе, бул эмне экенин жана кандайча иштегенин карап чыгалы.

«Аборттук контрацепция» жѳнүндѳ мен да уккам. Чындап эле ушундай болобу?

Дээрлик бардык эле диний билимдерде бойдон алдырууга, ал эми кээде - контрацепцияга дагы тыюу салынган. Мисалы, католик чиркѳѳсүндѳ бойго бүтүп калуусунан сактануунун бир гана түрү – календардык ыкмага жол берилет.

Пролайф’ерлердин – бойдон алдырууга толугу менен тыюу салынуусу үчүн күрѳш жүргүзгѳн активисттердин арасында – «аборттук контрацепция» деген сѳз айкашы колдонула баштады.

Контрацепциянын айрым ыкмалары бойго бүтүүнүн алдын албастан, эрте мѳѳнѳттѳрдѳ аны үзгүлтүккѳ учуратышат, башкача айтканда абортко себеп болушат. Сперматозоид уруктандырган энелик клетканын жатындын дубалына бекип, андан ары ѳрчүшүнѳ жол бербеген сактануу ыкмаларын ушундайча аташат.

Мисалы, Орус Православ Чиркѳѳсүндѳ мындай: кээ бир бойго бүтүрбѳѳчү ыкмалар күнѳѳ деп эсептелет, анткени алар «жаӊы башталган жашоону токтотуп коюшат».

Ошону менен бирге, «аборттук контрацепция» деген сѳз айкашы медициналык терминдерге кирбейт. Илимий чѳйрѳдѳ бойго качан: сперматозоид энелик клетканы уруктандырганда, же уруктанган энелик клетка жатындын былжырлуу дубалына бекигенден кийин бүтѳ тургандыгы боюнча жалпы кабыл алынган, документтик негизде тастыкталган так түшүнүк жок.

Контрацептивдердин кѳпчүлүк бѳлүгү сперматозоид тарабынан энелик клетканын уруктанышына жол бербейт. Бирок кээ бир контрацептивдер сейрек учурларда кечирээк этапта таасир эте баштайт: уруктанган энелик клетканын жатындын былжырлуу дубалына бекишине тоскоол болушат.

Ушул себептен улам, эгер кош бойлуулуктун башталышы деп, имплантация эсептеле турган болсо, анда бир да контрацептивдик каражатты аборттук деп атоого болбой калат, анткени алардын бири да имплантацияга жол бербейт. Баштала элек нерсени токтотуу мүмкүн эмес.

Ал эми энелик клетканын сперматозоид тарабынан уруктандырылган мезгил кош бойлуулуктун башталышы деп эсептелсе, анда кечирээк таасир берген контрацептивдер (уруктандырылган энелик клетканын имплантациясына жол бербеген) «аборттук» деп аталат.

Башкача айтканда, аборттук контрацепциянын бар же жок экендиги –биоэтикага байланыштуу маселе. Бул термин кишинин кош бойлуулук эмнеден баштала тургандыгы боюнча пикирине жараша колдонулат.

Бул макалада биз контрацептивдерди түйүлүүгѳ жакындык шкаласы боюнча бѳлүштүрѳбүз: контрацепциянын кайсы ыкмалары бойго бүтүүдѳн бир топ убакыт мурун аракетке кирет, ал эми кайсылары – энелик клетка уруктанган учурда же дароо уруктангандан кийин таасир эте тургандыгы тууралуу айтып беребиз.

Биринчи деӊгээл: контрацепциялык метод жыныстык клеткалардын аларды иштеп чыккан  жыныс органдарынан (урук бездери менен энелик бездерден) чыгуусуна жол бербейт

●     Аялдардын стерилизациясы

●     Вазэктомия

Контрацепциянын кескин методдору — аялдын жана эркектин  стерилизациясы (эркектердикин «вазэктомия» деп да аташат). Мындай хирургиялык операциядан кийин адам балалуу боло албайт. Ал эми эркектин эректилдик функциясына эч кандай таасир этпейт.

Аялдардын стерилизациясы — аялдын жатын түтүкчѳлѳрүн энелик клеткалар жатынга кире албагандай кылып бууп коё турган операция.

Вазэктомия — эркектерге жасала турган жогоркудай эле хирургиялык кийлигишүү: урук чыгаруучу каналдар буулуп, сперматозоиддер эрендикке кошулбай калат.

Экинчи деӊгээл: контрацепциялык метод овуляцияны бѳгѳттѳп, цервикалдык былжырлуу суюктукту коюлтат

●     Левоноргестрел камтыган жатындын ичине салынуучу каражаттар

●     Гормондук вагиналдык алкактар

●     Комбинацияланган пластырь

●     Ай сайын сайылуучу гормондук инъекциялар

●     Прогестиндик топтогу инъекциялык контрацептивдер

●     Комбинацияланган оралдык контрацептивдер

●     Имплантаттар

●     Прогестиндик топтогу бойго бүтүрбѳгѳн таблеткалар

Бойго бүтүрбѳѳнүн стерилизацияга караганда кескиндүүлүгү азыраак ыкмасы — аялдардын жыныстык гормондорунун синтетикалык аналогдорун камтыган ар түрдүү каражаттар. Бул заттар кош бойлуулукту имитациялайт, жана овуляцияны болтурбайт, тагыраагы энелик клетка энелик бездеринен сыртка чыкпайт.

Прогестиндик топтогу имплантаттар менен бойго бүтүрбѳѳчү таблеткалар цервикалдык былжырлуу суюктукту дагы коюлтушат. Адатта бул суюктук овуляция учурунда суюлуп, сперматозоиддин энелик клеткага жетүүсүн жеӊилдетет. Контрацептивдер бул процесске тоскоол болот, натыйжада суюктук коюуланып, сперматозоиддердин жүрүүсү үчүн ыӊгайлуу болбой калат.

Жогорудагы каражаттардын баары бойго бүтүүгѳ – сперматозоиддин энелик клетканы уруктандыруусуна жол бербейт. Анткени сперматозоиддер менен энелик клетканын кошулуусу ишке ашпайт, демек аборттук деп да аталбайт.

Үчүнчү деӊгээл: контрацепциялык метод сперматозоиддердин жатынга кирүүсүнѳ жол бербейт

●     Моюнча капкактары

●     Диафрагмалар

●     Эркектердин жана аялдардын презервативдери

Диафрагмалар менен моюнча капкактары – сперматозоиддердин жатынга кирип кетүүсүнѳ жол бербей, жатын моюнчасына кирүү жерин тосуп турган латекстен ѳндүрүлгѳн каражаттар. Ушул эле принцип боюнча жана болжолдуу ошол эле жерде - кындын ичинде - эркектердин да, аялдардын да презервативдери «иштейт».  

Латекс каптар сперманы кармап калат — ошентип эки жыныстык клетка жолукпайт. Мурунку эки деӊгээлге кирген контрацепциялык методдор сыяктуу эле, бул каражаттарды дагы аборттук деп атоого болбойт.

Тѳртүнчү деӊгээл: контрацептив сперматозоидди жатынга бара жаткан жолдон ѳлтүрѳт

Спермициддер

Спермициддер — аял жыныстык катнаштын алдында кынына колдонуучу атайы заттар. Алар сперматозоиддердин мембраналарын зыянга учураткандыктан, энелик клеткага жетпей калышат. Бул ыкма түйүлдүк пайда болгонго чейин таасир этет, ушул себептүү аны аборттук деп атоого болбойт.  Анын үстүнѳ, бул бойго бүтүүдѳн сактануунун ишенимдүүлүгү тѳмѳнүрѳѳк ыкмаларынын бири болуп эсептелет жана адистер башка ыкмалар менен айкалыштырууну сунушташат.

Бешинчи деӊгээл: контрацептив жатындагы жыныстык клеткалардын кошулуусуна тоскоол болуп, аларды тормоздойт жана жабыркатат, же болбосо эмбриондун жатынга бекүүсүнѳ жол бербейт

Жез кошулган жатынга салынуучу каражат

Жатынга салынуучу спиралдардын бир түрү - жез кошулган жатынга салынуучу каражат «түйүлүү чекитине» баарынан жакыныраак орун алат. Жез сперматозоиддердин активдүүлүгү менен жашап кетүү жѳндѳмдүүлүгүн азайтып, энелик клеткалардын ѳмүрүн кыскартат. Натыйжада уруктануу мүмкүндүгү тѳмѳндѳйт. Контрацепциянын дал ушул методун кѳбүнчѳ аборттук деп аташат. Себеби, сперматозоиддер менен энелик клеткалардын баары жабыркабай калышы ыктымал. Эгер жыныстык клеткалар акырында бири-бирине жолугуп, уруктануу ишке ашкан болсо, спираль уруктанган энелик клетканын жатындын дубалына бекүүсүнѳ тоскоол болот. Башкача айтканда, сактануунун бул ыкмасы бойго бүтүүгѳ чейин да, андан кийин да иштеши мүмкүн.

Алтынчы деӊгээл: чукул контрацепция

Чукул контрацепция – аборттуулук жагынан эӊ талаштуу метод болуп эсептелет. Мында же шашылыш түрдѳ спираль салынат, же болбосо гормондуу таблеткалар колдонулат. Спираль жѳнүндѳ жогоруда жазганбыз. Азыр таблеткалар тууралуу айтып берели.

Жакында эле жүргүзүлгѳн изилдѳѳлѳрдүн бир бѳлүгү ар түрдүү гормондук заттарды камтыган чукул контрацептивдердин таасир этүү механизми аялдын айыз циклинин фазасынан кѳз каранды боло турганын кѳрсѳткѳн.

Эгер таблетканы иче турган мезгилде овуляция болбосо, анда анын организмге тийгизген таасири башка гормондук каражаттардыкынан айырмаланбайт. Прогестин, кош бойлуулукту имитациялоо менен, овуляцияны бѳгѳттѳп же токтотуп салат, башкача айтканда энелик клетканын беш-жети күн бою энелик бездерден чыгуусуна жол бербейт. Бул мезгилде кындын жана жатындын ичине кирген сперматозоиддер ѳлүшѳт. Мында контрацептив бойго бүтүүгѳ чейин таасир этет.

Ал эми овуляция болуп, уруктандыруу ишке ашкан болсо, анда препарат жатындын былжырлуу катмарынын абалына таасирин тийгизип, эмбриондун жатын дубалына кармалуусуна тоскоол болот. Бул жерде бойго уруктанган энелик клетка жатындын былжыр челине имплантацияланган учурда эмес, уруктануу учурунда бүтүп калганын эске алсак, анда контрацептивди аборттук деп эсептѳѳ мүмкүн.  

Кош бойлуулукту эмбрион былжыр челге жабышкан учурда жаралган процесс катары чечмелей турган болсок, анда чукул контрацепцияны аборттук деп атоого болбойт. Себеби, препараттардын таасири имплантацияга чейин берилет.

Медициналык кѳз караш боюнча аборт – жатынга бекиген эмбрионду алып салуу. Эгер имплантация препарат таасир бергенге чейин ишке ашкан болсо, анда чукул контрацепция натыйжа бере албайт: препарат жатындын дубалына бекип калган эмбриондун андан бѳлүнүп түшүүсүн шарттай албай калат. Башкача айтканда, препаратты нускамасына ылайык колдонгон учурда да, медициналык жактан бул ыкма менен бойдон түшүрүү мүмкүн болбойт.

Препараттын таасирдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле анын бойго бүтүүдѳн мурун иштей башташын шарттоо үчүн таблетканы жыныстык катнаштан кийин мүмкүн болушунча эртерээк – 3-5 күндүн ичинде ичүү зарыл (каражаттын түрүнѳ жараша). Мында ар кандай чукул контрацепция каражаттарынын эффективдүүлүгү менен таасир этүү ѳзгѳчѳлүктѳрү ар түрдүүчѳ болот. Бул тууралуу ѳзүнчѳ макалада айтып беребиз.

Контрацепция жана аборт

Коопсуз  аборт – бул квалификациялуу адистин катышуусунда медикаментоздук ыкмалар (мифепрестонду мизопростол менен айкалыштырып колдонуу менен) же ДСУ тарабынан сунушталган хирургиялык ыкмалар аркылуу жасалма жол менен бойдон түшүрүү. Жатындын былжыр челине бекип калган эмбрионду алып салуу процесси аборт деп аталат.

Контрацепция – бул бойго бүтүүнүн алдын алуучу жана жыныстык жол менен берилүүчү илдеттерден коргоочу ыкмалардын жыйындысы.

Медициналык түшүнүк боюнча, контрацепцияны аборттон айырмалоочу ѳзгѳчѳлүгү – анын эмбрион жатынга бекигенге чейин таасир этүүсү. Эмбриондун имплантациясынан кийин эч кандай контрацептив натыйжалуу боло албайт.

Пролайферлердин түшүнүгүндѳ, аборттук контрацепция – бул контрацепция менен аборттун ортосундагы кубулуш. Себеби, бул каражаттар эмбрион жатынга бекигенге чейин, бирок энелик клетка сперматозоид тарабынан уруктангандан кийин, тактап айтканда бойго бүткѳндѳн кийин таасир этишет.

Бул жагынан караганда, аборттук контрацепциянын каражаттары - бул жез кошулган жатынга салынуучу спираль жана чукул контрацепциялык препараттар.

Муну менен бирге эле, бул медицинанын расмий позициясы эмес, этика маселеси экенин дагы эстен чыгарбаш керек. Мисалы, АКШда акушер-гинекологдордун катышуусу менен жүргүзүлгѳн сурамжылоого ылайык, кош бойлуулуктун так башталуу мезгили тууралуу адистердин пикири кишинин абортко карата кѳз карашынан, ошондой эле анын диний ишенимдеринен кѳз карандылыгы менен байланыштуу.

Булак: Двор Медиа